Китеп окуганда аудиосу менен электрондук вариантын биргеликте окусаң жыйынтык жакшы болот экен. Мага азыр ушул усул жагып калды.
Иш кылганча, жолдо жүргөнчө, жөө басканча аудиосун угасың. Кийин токтогон жериңден китептен улантасың, анан кайра аудиосун)
Силерге бул усул жагабы жокпу билбейм, бирок колдонуп көргүлө.
“1984” романын ошентип аяктадым.
Азыр досумдун сунушу менен “Атомные привычки” китебин баштадым.
Буйруса пдф форматын жана аудиосун силерге да жөнөтөм.
"Ой санаасы, руханий дүйнөсү,табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан ашкан бакыт жок!"
#Ч.Айтматов
Кельн собору дүйнөдөгү эң бийик чиркөөлөрдүн катарына кирип, 3-орунду ээлейт.
Билбейм, мен үчүн аябай коркунучтуу көрүндү. Ошентсе да туристтерди тарткан, көрбөй кетсе болбой турган жерлердин катарында.
Тапшырмалар үйүлүп турат, бирок сен китеп окуп отурасың.
Кээде дүкөнгө нан алганы бара жатып, сүт алып келген кыздай элестетем өзүмдү…
Футбол ойноп жаткан балдарды карап, айылымда кичине жерде жыгачтан дарбаза 🥅 жасап алып, ары-бери чуркап ойногон боз улан жеткинчектер көз алдыма тартылды.
Ичимден эгерде силердикиндей (Германиядагылар) шарт бизде да болгондо качан эле Месси, Роналдолор чыкмак дедим.
Булар атайын убакыт бөлүшүп оюнга келишет. А бизде бош убактысында ойношот. Айырмасы чоң))
Жокчулактан барды жараткан, бар нерсени колдонгондон көрө алда канча үстүн турат.
Биздин жаштар азамат!
Мен буларга суктанбайм, мен Мекенимдин жаштарына суктанам!
Кечээ:
-Келиңиздер, экөөңүздөрдү бирге тартып коём.
-Рахмат, биздин телефон бузулуп калды.
Мммм🥲
Менимче жакшы тартпайт, бирок ошентсе да аялынын маанайын көтөрүп тартып жүрөт.
Анан окей, андай болсо деп алыстан тартып койдум😊
Азыркы окуп жаткан китебиңердин атын атабай, 3 сөздү колдонуп айтып көргүлөчү.
Мисалы; Акча, доллар, автобиография.
”Күн-булуттарга жараша кээде алсыз, кээде күчтүү тиет. Бирок эч качан жасалма тийбейт. Мамилебиз да ошондой болсун. Чын болсун! Тунук болсун! А “булуттарга” айла жок. Шамалга айдалып келет, шамалга айдалып кетет.”
📖 Көк дептер
Германияда ушундай китеп текчелери бар.
Каалаган китебиңди алып окуп турсаң болот.
Окуп бүтүп кайра коюп коёсуң же башка китеп ордуна алып келесиң.
Кандай сонун көрүнүш ээ?
Кээде ойлонуп менде мотивация берген талант жакшы өнүккөнгө окшоп кетет.
Ишенсеңер ким мени менен чогуу жүрсөм 2-3 сааттын ичинде блог алып баргысы келип калат😅
Бүгүн бирөө жазыптыр:
“Акыры телеграм канал ачтым, эми ал жакка сүрөт, видео жүктөйм” деп. Жаратылышты, шаарларды өтө кооз тартат. Буйруса силерге да бөлүшөм.
“Кандайча?”
Чечмелеп берүүгө аракет кылайын.
Инсан өз ийгилигине өзү тоскоол болот. Кантип андай болуусу мүмкүн?
Биз ар убак өзүбүзгө “Мен чет өлкөдө окуй албайм, мен тил билбейм, менде эске тутуу жөндөмдүүлүгү жакшы эмес, эрте тура албайм, жакшы окуй албайм, акча жок, намаз билбейм, арабча окуй албайм” ж.б.у.с деп айтабыз. Мындай чырмоок ойлорду мээге кылбай туруп эле сиңирип койгонбуз.
Бул дегени ийгилигибизге өзүбүз бут тособуз дегени…
Ошол ойлордун ордуна “Мен муну кыла алам! Оңой эле” дегенибизде баары башкача болмок.
Бул сөздөр өзүмө насаат. Силерге оюмду таңуулабайм.
Бир эженин тоюн эстеп кеттим.
Китептерин, белектерди ушундай кылып ороп чыккан элек.
Балким силерге да пайдасы тийип калат🤗
Аскат Жетигендин чыгармачылыгына кызыгам.
“Зарыкканда” аттуу ырын канча кайталап, канча уктум.
Анын үстүнө ырлары татаал. Айрым ырчылардын ырларындай аз муундук ырлар эмес.
Эмнегедир ырдын сөздөрү жүрөк түпкүрүнөн чыгып, акылында далай күн бышырылгандай)
Укканда авторду сезесиң, кыйналасың, күтөсүң.
Акындын ырларында түбөлүк өлбөй жашаган аруу кыз ким болду экен деп ойлоносуң…
Ырды уксаңар, анан бир аз ачыктап берем.
Жашоомдо “Спорт” деген нерсе пайда болсо укмуш болмок😄
Тартылган сайын түртүлүп эле кетип жатат))
📌 Германияда спорт менен алектенген адамдар көп.
80деги кемпир, 60жаштагы аялдай көрүнөт.
Башында келгенде “80 жаштамын” деген аялды көрүп ишенген эмесмин.
Кантип? депчи)
Туура тамактанып, спорт менен машыгып, өздөрүн карап жүрүшөт. Кемпир болуп калдым деп өздөрүнө чектөө коюп үйдө отурушпайт.
(Албетте буларды кыргыз аялдары менен салыштырып болбойт. Бизде жумуш көп. Түйшүк көп дегендей. Кээде бир кыйынчылык эле адамды бир канча жылга каарытат)
Айткым келгени Аллах Таала ушундай нерселерди тартуу кылып жатканда максималдуу түрдө пайдаланып калуу кажет.
Күнүмдүк жашоомо спорт, туура тамактануу, окуу, Аллах Таала менен болгон байланыш (намаз, зикир, орозо, садака жакшыртуу) сыяктуу нерселерди киргизүүм керек болуп жатат.
Мен идеалдуу болгум келбейт. Болгону туура жашоо образында жашагым келет.
Германияга барып өзгөрөм. Жашоомду мындай кылам, андай кылам дейт элем.
Мына, келдим. Баягы, баягы боюнча эле калды. Болгону жаткан жериң, курчаган адамдарың, сүйлөгөн тилиң, жүргөн жериң алмашты. Болду, бүттү!
Адам өзгөрүү үчүн жерди эмес, өзүнөн баштоо керектигин айткым келип жатат. Кыргызстанда деле менде бул нерселер үчүн бүт шарт бар эле, бирок мен комфорт зонамда жашагам.
Карап турсам ал комфортту бул жакта деле түзүп алыпмын😹
(Ошол уйку сааты, ошол тамактар, ошол адаттар)
Кызык…
Джорж Оруэллдин “1984” деген антиутопия жанрында жазылган чыгармасын окуп жатам.
Ачыгын айтканда бул жанрда (антиутопия) окуган 1-китебим.
Китептин жазылганына көп болсо да азыркы учурду сүрөттөгөндөй…
Силерге бул чыгарманы майдалап түшүндүрүп берүү үчүн антиутопия эмне экенин түшүндүрүүдөн баштоом керек.
Чыгарма жакшы аракет кылсам 1,2 күндө бүтөт.
Жалкоолук кармабаса эле китеп жөнүндө айтып берем:)
Ар сабакта бирден кызыктуу окуя болот.
Бүгүн бир бала бүт нерселерин жыйыштырып кетип жатат. (Сабак бүтөрүнө 10мүн калган эле)
Эжеке:
-Токто, кайда бара жатасың?
-Чарчадым😴🥱
Ой, аябай күлдүм. Бу немистерде ушундай деле боло берет тура десем, жок, эжеке кайра отургузуп койду.
Эгерде унчукпаганда мен деле кетип калмакмын😂
Саида устазанын ушул интервьюсун уктум. Ма ша Аллах. Пайдалуу жана жүрөк өйкөгөн суроолорго жооп таба ала турган берүү болуптур. Аллахым, ушундай илимдүү-билимдүү, дин үчүн кызмат кылып жана аны жеткирип жаткан кулуңду эки дүйнө бактылуу кыл🤲🏻
Негизинен бир канча сабактарын көрүп чыккам. (Акылуу да, бекер да)
Түшүнүктүү жеткиргенин өзгөчө баалайм жана аялдардан чыгып, аялдар тууралуу маселелерди көтөрүп жүргөнү өзгөчө жүрөк жылытат.
Эркек устаздардан караганда, аялга баары бир аял жакшы жеткирет.
Бала тарбиясы, дин, күйөө, намаз, хижаб сыяктуу темаларда сөз козголуптур.
Ар бир кыз жана аялдарга угуп коюуну сунуш кылар элем. Албетте, дароо иш жүзүнө ашыра албайсың, бирок уга берсең, уга берсең акылга, андан соң жүрөккө сиңип бир күнү сөзсүз амал кылынып башталат.
(Бир канча катталуучу кыздар диний темада да пост жазуумду өтүнүшөт, бирок мен бул темада жазуудан айбыгам. Жазуудан алдын амал кылуу керек. Ошондо гана окуган адамга жугат, таасир берет.)
Бүгүн китеп алып келдим.
(Силерге айттым эле го. Бекер алып окусаң болот. Кайра алып барып коюп коёсуң деп. )
Албетте, сүйүү жөнүндө😅
(Китепте: “Мен сени сүйөм” деп жазылуу турат. Мазмунун окусам кызыктуу экен)
Берилүү менен окуп, бүтүрүп салайын деген үмүттөр менен алдым)
Тил үйрөнүп жатканда жаш балдардын китептеринен окуп баштаган эң жакшысы, бирок жомок окуган көп жакпагандыктан окулбай эле калып кетип жатат.
(4-5-класска чейин мектептин китепканасындагы жомокторду дээрлик баарын окугам. “Кожожаш”, “Карагул ботом” сыяктуу эпосторду да)
Окей, түшүнүү кыйын болсо да, кызыктуу болсо жакшы го деп окуп көрүүнү чечтим.
Укмуш түшүнүп кетсем силер менен бөлүшөм.
”Сөздүн да, жазуунун да аурасы болот. Сөздөр да күлөт, ыйлайт, муунат, асынып өлөт…”
📖 Көк дептер
⬆️⬆️⬆️
Азыр силерге ушул сүрөттөрдү тарткан байкенин телеграм каналы менен бөлүшөм. Реклама эмес.
Чынында өтө кооз жана сапаттуу тартат. Мурда эле телеграм канал ачыңыз, сүрөт, видеолорду жүктөңүз дечү элем. Акыры канал ачыптыр. (Көбүнчө шаарларды, жаратылыш, тоолорду тартат)
Кирип катталып алыңыздар.
Мага окшоп фонго сүрөт издегендер үчүн жакшы болду да😅.
/channel/travelthenature
Нурзат, руханий жашоонду кантип байытасын?
Бүгүн досум ушундай суроо менен кайрылыптыр.
Жоопту ушул жакка жазууну туура көрдүм.
Адамдын ыйманы эч убакта бир калыпта болбойт. Же көтөрүлөт, же төмөндөйт.
Бул адамдын өзүнө тиешелүү.
Кудайга шүгүр, чет жакка чыгардан алдын аз да болсо диний илимим бар эле.
Намаз окуп, дин менен жашаган кыздардын арасында жашадым. Кээде бири-бирибизге эскертүү берип, кээде эскертүүнү башкалардан алчубуз, бирок Германияда таптакыр башка.
Сен жалгызсың! Сага эскерткен, “Жүр, чогуу намаз окуйбуз” деген эч ким жок. Баарын өзүң кылышың керек. Айланаң ар түрдүү диндегилерге жык. Мисалы, сабакта 2 эле мусулман кызы, калгандары башка диндегилер экен. (Диндин агымы мынчалык көп экенин билчү эмесмин)
Айтканда оозум ачылып эле отурду. Окей, бул жөнүндө башка күнү сүйлөшөбүз.
Айткым келгени сыртка чыгардан алдын биринчи динге көңүл коюп, ыйманыңды күчтөндүрүүгө басым жасоо керек экен.
Менин да руханий дүйнөм кээде ач калып жатканын байкайм. Курсак тоюп, бирок башка жерим ачтай сезилет. Ошол убакта устазалардын сабактарын онлайн көрөм, диний китеп окуйм, бирок булар менимче жетишсиз.
Учурда руханиятты байытуу үчүн дагы башка нерселерди кылуу менен алекмин.
Аллахым өзү жардам берсин🤲🏻
Колдосун, коргосун, зээнимди ачсын🤲🏻.
Бул жакта бир канча кыз менен сүйлөшүп көрдүм. Тилекке каршы, Европа жакшы эле таасирин тийгизиптир. Эгерде аракетти өз убагында баштасам, алардын ордуна өзүм болуп калуум тез эле экен…
Жалгыздык сени Аллах Таалага жакындатат же алыстатат турбайбы.
Адам жалгыз калганда ыйманынын деңгээлин, руханиятынын бай же ачкалыгын сезе алат экен)
Аллахым, Аллахты эскерткен кыздар менен достошуумду насип кыл!🤲🏻
А силер руханиятыңарды кантип байытасыңар?
Ас-саляму алейкум, кандайсыздар?
Кимде ”Азхария 1,2” (Куран алиппе) китептеринин электрондук варианты бар?
Болсо жөнөтүп койсоңуздар аябай сонун болмок.
Кээ бир ойлорго силер да жооп берип, критикалык ой жүгүртүп, кээсин сындап, кээсин кабыл кылып жатканыңар мени өзгөчө кубантат.
Акырындан өнүгүү жолундабыз.
Бул баракчанын негизги максаты да ушул.