🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
”Жазуучунун арифметикасы: Сага барганга караганда-бараткан кызыктуу; сага колум жеткенге караганда-сүйүп жүргөн кызыктуу; сени менен жашаганга караганда-сени сүрөттөп жазган кызыктуу…”
📘Көк дептер.
Уктай берип жарымы өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн,
Коркпогула деңизге кошулуудан.
✒️ Карбалас Бакиров.
⬆️
Германиянын катардагы эле бир үйү. Кечээ силерге көрсөтөм деп тартып алган элем. Эшигинин алдында бүт жаныбарлар бар экен.
Жомок үй деп атап алгам. Нары-бери өткөн сайын 1-2 мүнөт эсим ооп карап өтөм😅
Келгиле сүйлөшөбүз.
Үч китепти атагыла:
📕Акыркы окуган
📗азыр окуп жаткан
📘окуюн деп план кылган
Менде:
📕"1984"
📗 “Атомные привычки”
📘Джон Грэй “Мужчины с Марса, женщины с Венеры”
Силер да жазгылаааа📝
Бир эженин тоюн эстеп кеттим.
Китептерин, белектерди ушундай кылып ороп чыккан элек.
Балким силерге да пайдасы тийип калат🤗
Кудай буйруса Баары жакшы болот.
Жума маарек болсун!
(P.s. Видеодогу агайым.)
Аскат Жетигендин чыгармачылыгына кызыгам.
“Зарыкканда” аттуу ырын канча кайталап, канча уктум.
Анын үстүнө ырлары татаал. Айрым ырчылардын ырларындай аз муундук ырлар эмес.
Эмнегедир ырдын сөздөрү жүрөк түпкүрүнөн чыгып, акылында далай күн бышырылгандай)
Укканда авторду сезесиң, кыйналасың, күтөсүң.
Акындын ырларында түбөлүк өлбөй жашаган аруу кыз ким болду экен деп ойлоносуң…
Ырды уксаңар, анан бир аз ачыктап берем.
Жашоомдо “Спорт” деген нерсе пайда болсо укмуш болмок😄
Тартылган сайын түртүлүп эле кетип жатат))
📌 Германияда спорт менен алектенген адамдар көп.
80деги кемпир, 60жаштагы аялдай көрүнөт.
Башында келгенде “80 жаштамын” деген аялды көрүп ишенген эмесмин.
Кантип? депчи)
Туура тамактанып, спорт менен машыгып, өздөрүн карап жүрүшөт. Кемпир болуп калдым деп өздөрүнө чектөө коюп үйдө отурушпайт.
(Албетте буларды кыргыз аялдары менен салыштырып болбойт. Бизде жумуш көп. Түйшүк көп дегендей. Кээде бир кыйынчылык эле адамды бир канча жылга каарытат)
Айткым келгени Аллах Таала ушундай нерселерди тартуу кылып жатканда максималдуу түрдө пайдаланып калуу кажет.
Күнүмдүк жашоомо спорт, туура тамактануу, окуу, Аллах Таала менен болгон байланыш (намаз, зикир, орозо, садака жакшыртуу) сыяктуу нерселерди киргизүүм керек болуп жатат.
Мен идеалдуу болгум келбейт. Болгону туура жашоо образында жашагым келет.
Германияга барып өзгөрөм. Жашоомду мындай кылам, андай кылам дейт элем.
Мына, келдим. Баягы, баягы боюнча эле калды. Болгону жаткан жериң, курчаган адамдарың, сүйлөгөн тилиң, жүргөн жериң алмашты. Болду, бүттү!
Адам өзгөрүү үчүн жерди эмес, өзүнөн баштоо керектигин айткым келип жатат. Кыргызстанда деле менде бул нерселер үчүн бүт шарт бар эле, бирок мен комфорт зонамда жашагам.
Карап турсам ал комфортту бул жакта деле түзүп алыпмын😹
(Ошол уйку сааты, ошол тамактар, ошол адаттар)
Кызык…
Джорж Оруэллдин “1984” деген антиутопия жанрында жазылган чыгармасын окуп жатам.
Ачыгын айтканда бул жанрда (антиутопия) окуган 1-китебим.
Китептин жазылганына көп болсо да азыркы учурду сүрөттөгөндөй…
Силерге бул чыгарманы майдалап түшүндүрүп берүү үчүн антиутопия эмне экенин түшүндүрүүдөн баштоом керек.
Чыгарма жакшы аракет кылсам 1,2 күндө бүтөт.
Жалкоолук кармабаса эле китеп жөнүндө айтып берем:)
Ар сабакта бирден кызыктуу окуя болот.
Бүгүн бир бала бүт нерселерин жыйыштырып кетип жатат. (Сабак бүтөрүнө 10мүн калган эле)
Эжеке:
-Токто, кайда бара жатасың?
-Чарчадым😴🥱
Ой, аябай күлдүм. Бу немистерде ушундай деле боло берет тура десем, жок, эжеке кайра отургузуп койду.
Эгерде унчукпаганда мен деле кетип калмакмын😂
Саида устазанын ушул интервьюсун уктум. Ма ша Аллах. Пайдалуу жана жүрөк өйкөгөн суроолорго жооп таба ала турган берүү болуптур. Аллахым, ушундай илимдүү-билимдүү, дин үчүн кызмат кылып жана аны жеткирип жаткан кулуңду эки дүйнө бактылуу кыл🤲🏻
Негизинен бир канча сабактарын көрүп чыккам. (Акылуу да, бекер да)
Түшүнүктүү жеткиргенин өзгөчө баалайм жана аялдардан чыгып, аялдар тууралуу маселелерди көтөрүп жүргөнү өзгөчө жүрөк жылытат.
Эркек устаздардан караганда, аялга баары бир аял жакшы жеткирет.
Бала тарбиясы, дин, күйөө, намаз, хижаб сыяктуу темаларда сөз козголуптур.
Ар бир кыз жана аялдарга угуп коюуну сунуш кылар элем. Албетте, дароо иш жүзүнө ашыра албайсың, бирок уга берсең, уга берсең акылга, андан соң жүрөккө сиңип бир күнү сөзсүз амал кылынып башталат.
(Бир канча катталуучу кыздар диний темада да пост жазуумду өтүнүшөт, бирок мен бул темада жазуудан айбыгам. Жазуудан алдын амал кылуу керек. Ошондо гана окуган адамга жугат, таасир берет.)
Бүгүн китеп алып келдим.
(Силерге айттым эле го. Бекер алып окусаң болот. Кайра алып барып коюп коёсуң деп. )
Албетте, сүйүү жөнүндө😅
(Китепте: “Мен сени сүйөм” деп жазылуу турат. Мазмунун окусам кызыктуу экен)
Берилүү менен окуп, бүтүрүп салайын деген үмүттөр менен алдым)
Тил үйрөнүп жатканда жаш балдардын китептеринен окуп баштаган эң жакшысы, бирок жомок окуган көп жакпагандыктан окулбай эле калып кетип жатат.
(4-5-класска чейин мектептин китепканасындагы жомокторду дээрлик баарын окугам. “Кожожаш”, “Карагул ботом” сыяктуу эпосторду да)
Окей, түшүнүү кыйын болсо да, кызыктуу болсо жакшы го деп окуп көрүүнү чечтим.
Укмуш түшүнүп кетсем силер менен бөлүшөм.
”Сөздүн да, жазуунун да аурасы болот. Сөздөр да күлөт, ыйлайт, муунат, асынып өлөт…”
📖 Көк дептер
⬆️⬆️⬆️
Азыр силерге ушул сүрөттөрдү тарткан байкенин телеграм каналы менен бөлүшөм. Реклама эмес.
Чынында өтө кооз жана сапаттуу тартат. Мурда эле телеграм канал ачыңыз, сүрөт, видеолорду жүктөңүз дечү элем. Акыры канал ачыптыр. (Көбүнчө шаарларды, жаратылыш, тоолорду тартат)
Кирип катталып алыңыздар.
Мага окшоп фонго сүрөт издегендер үчүн жакшы болду да😅.
/channel/travelthenature
Адам сезимдерин толук жашаганда гана канчалык даражада экенин билет.
Балким башкалар менен таанышуу, бир убакта өзүңдү таануудур…
🤍
Эгерде кайра студент болуп Бишкекте окуганымда, “Келкел”, “Сынган кылыч”, “Агындылар” сыяктуу томдук китептерди жата калып, тура калып окумакмын.
Кыргыз филологиясында окугандыгым үчүн тапшырма көп убакта чыгарма окуу болчу.
Кайдан? Ошол убакта азыркыдай мээм болгондо, эхх…
Жашоонун кызыгы да ушунда тура. Сен акылга толуп калганда баары кеч болот.
Туура, азыр деле окуйсуң, убактың болот, бирок оюңда бир гана окуу эмес.
“Студент” аталган күндөрүмдү сагындым. Дагы деле студентмин, бирок өз түйшүгү бар, өз жашоосуна өзү жоопкер адам атыкканмын.
А мен окуудан башка ишим жок күндөрдү сагындым…
00:57
Дюссельдорф
Ас-саляму алейкум, кымбаттуу окурмандарым!
Аллахым бүгүнкү Курман айтка жеткиргенине шүгүрлөр болсун!
🐑 Баарыңыздарды бүгүнкү майрам менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Аллахым кылган курмандыктарыңыздарды, ичтен жана сырттан кылган дуба-тилектериңиздерди, ибадаттарыңыздарды кабыл кылган болсун🤲🏻
🏘️ Ар бир үйгө береке-пейиз, кут келсин! Балдар, жакындарыбыз, ата-эне, бир туугандарыбыз ден соолукта болушсун.
📿 Өзүбүз намазыбызга, ыйманыбызга бекем бололу!
Аллахым кийинки жылы да ушул күнгө жеткирип, дагы силерге каалоо жазып, а силер болсо окугандардан болгула 😌🫶🏻
Китеп окуганда аудиосу менен электрондук вариантын биргеликте окусаң жыйынтык жакшы болот экен. Мага азыр ушул усул жагып калды.
Иш кылганча, жолдо жүргөнчө, жөө басканча аудиосун угасың. Кийин токтогон жериңден китептен улантасың, анан кайра аудиосун)
Силерге бул усул жагабы жокпу билбейм, бирок колдонуп көргүлө.
“1984” романын ошентип аяктадым.
Азыр досумдун сунушу менен “Атомные привычки” китебин баштадым.
Буйруса пдф форматын жана аудиосун силерге да жөнөтөм.
"Ой санаасы, руханий дүйнөсү,табигый мүнөзү шай келген адамды жолуктуруудан ашкан бакыт жок!"
#Ч.Айтматов
Кельн собору дүйнөдөгү эң бийик чиркөөлөрдүн катарына кирип, 3-орунду ээлейт.
Билбейм, мен үчүн аябай коркунучтуу көрүндү. Ошентсе да туристтерди тарткан, көрбөй кетсе болбой турган жерлердин катарында.
Инсандар китептерге окшош.
Тамгалары ошондой эле, бирок мазмундары ар башка…📝📚
Тапшырмалар үйүлүп турат, бирок сен китеп окуп отурасың.
Кээде дүкөнгө нан алганы бара жатып, сүт алып келген кыздай элестетем өзүмдү…
Футбол ойноп жаткан балдарды карап, айылымда кичине жерде жыгачтан дарбаза 🥅 жасап алып, ары-бери чуркап ойногон боз улан жеткинчектер көз алдыма тартылды.
Ичимден эгерде силердикиндей (Германиядагылар) шарт бизде да болгондо качан эле Месси, Роналдолор чыкмак дедим.
Булар атайын убакыт бөлүшүп оюнга келишет. А бизде бош убактысында ойношот. Айырмасы чоң))
Жокчулактан барды жараткан, бар нерсени колдонгондон көрө алда канча үстүн турат.
Биздин жаштар азамат!
Мен буларга суктанбайм, мен Мекенимдин жаштарына суктанам!
Кечээ:
-Келиңиздер, экөөңүздөрдү бирге тартып коём.
-Рахмат, биздин телефон бузулуп калды.
Мммм🥲
Менимче жакшы тартпайт, бирок ошентсе да аялынын маанайын көтөрүп тартып жүрөт.
Анан окей, андай болсо деп алыстан тартып койдум😊
Азыркы окуп жаткан китебиңердин атын атабай, 3 сөздү колдонуп айтып көргүлөчү.
Мисалы; Акча, доллар, автобиография.
”Күн-булуттарга жараша кээде алсыз, кээде күчтүү тиет. Бирок эч качан жасалма тийбейт. Мамилебиз да ошондой болсун. Чын болсун! Тунук болсун! А “булуттарга” айла жок. Шамалга айдалып келет, шамалга айдалып кетет.”
📖 Көк дептер
Германияда ушундай китеп текчелери бар.
Каалаган китебиңди алып окуп турсаң болот.
Окуп бүтүп кайра коюп коёсуң же башка китеп ордуна алып келесиң.
Кандай сонун көрүнүш ээ?