”Орус оюндагысын кылат”
Ушул макал түзмө-түз мага тиешелүү😅
Өзүмө жаңы хобби издеп убарамын.
Түнү бир канча видео көргөн элем. А азыр ошол көргөн нерселеримди алганы 4 сааттан бери издеп жүрөм. (Жарым нерсесин таптым, бирок эң маанилүүсүн таппай жатам)
Ал хобби мага жагабы же жакпай калабы билбейм, бирок каалоону кандырып койбосом кийин өкүнүшүм мүмкүн.
Окшошуп калса силер менен бөлүшөм. Окшошпосо жок😀.
⬆️
А бул подкаст Руслан Акундун кино тармагындагы изденүүлөрү, балалыгы, билими, кинолору ж.б жөнүндө.
Биз башка улуттардагы Жаратмандарга караганда өзүбүздүкүлөрдөн көбүрөөк мотивация алсак болот жана ала алабыз. Анткени кыртышыбыз, жашоо-турмушубуз бирдей.
“Ээ мен кыла албайм, бул байдын баласы, бул жакта мамлекет жакшы өнүккөн, а бул жакшы мектепте окуган” деген маскаларды тага албай калабыз.
Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып жөнөкөй эмес иштерди жасап жатышат.
Элибизге, коомдун кичине болсо да өзгөрүүсүнө салым кошуп жатышат.
Айтор, сөзсүз угуп койгула🫶🏻
📹 ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман
Читать полностью…Айылда тапчанда отуруп токтун азынан жакшы көтөрүлбөгөн таттуу токоч менен ысык чай ичким келип жатат.
Таенемдин тандырга жаңы жапкан наны менен мыкчымай болсо ашыкча болмок эмес.
Сууга салынып турган муздак дарбыз менен таенемдин жаңы эле айткан нанын жемекмин.
Түркүн улуттун түркүн тамагын жеп көрсөм да ошол балалыктагы эң даамдуу даамдардын ордун баса албады.
Германия. Руст.
“Кулжанын үчү. Ишемби.
Көрпендечилик. Көп нерсе болуп өттү. Көп нерсе болгону жатат. Көзгө көрүнгөнү, көрүнбөгөнү…
Адам акылы асманды тиресе да, ааламды толук түшүнө албайт. Дүйнө улук, биз кичикпиз, акылыбыз андан кичик.”
Мурунку ай ушинтип чиймелептирмин. Экинчи каналым бар. Чиймелеп-чиймелеп эле ошол жакка сала берем. Бул жерге кээде гана, ичимдеги цензура үргүлөй түшкөндө гана…
*
Ойлорум арыктагандан арыктап баратат.
Мен өзүм арык жигитмин. Көп учурда тамак ичкенди унутуп коём. Ашказаным деле мамлекеттик жумушчудан бетер кызматын араң аткарат. Ичегилерде чубалган бюрократиядан “ачка болдум” деген сигнал мээме бир топко кечигип келет, же келбей да калат. Мен арыктан-арык болуп жүрө берем. Денемдин мага көп таарынычы болсо керек. Тили гана жок байкуштун. Көптү сүйлөмөк, көпкө сүйлөмөк. Тили жок деле мага белги берсе болмок, буттар талып, тарамыштар тартышып, сөөгүм сыздап, кулагым тунжурап туруп алса болмок. Бирок денем антпейт. Унчукпай кызматын кылат. Оорубайт, чыдамкай, арык болсо да чыдамкай. Мен денеме ыраазымын. Дененин арыктыгына чыдаса болот, анын артыкчылыктары да бар. Мисалга, арык адамдын жаны бышык болот – менин да жаным бышык. Дененин арыктыгына көнсө болот. Бирок ойлордун арыктыгы - адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу оору. Бул эпидемия бизди жейт, анан тынат. Дене ач калса, ашказан сыздайт. Ойлор ач калса, тескерисинче көңүл толуп, телегейиң тегиз боло түшөт. Ошондуктан бул – оору, чума, трагедия!
Менин ойлорум арыктап баратат. Мен аны күн сайын сезем. Бир күн ойгонуп, ойлорумдагы ачкалыкты сезбей калыштан коркуп уктайм. Курсактын ачкалыгын сезбей, денемди жакшы бага албай жүргөн мен ой бага албай калыштан, ачка ойлордун ачка экенин сезбей, арык ойлор менен таң атырып калыштан чоочуп уктайм.
Жакшы уктагыла, оюңар ач калбасын. Ой багалы, анан сүйлөшөлү, жазышалы.
“Өзүңдүн башталышыңды, бирөөнүн аягы менен салыштырба!”
Акылдуулардын жанында унчукпас Нурзатка айланарымды кабыл алдым.
Менде 1-жолу мен дагы ушундай адам болоюн деген ой келген жок. Элестетсеңер? Келген жок.
Мен ошол үчүн бактылуу болдум.
Бул өзүмдү өзүмдүгүмдөй кабыл алуу жана өз жашоомду алардыкынан башкачараак куруу дегенди билдирет.
Мурда китеп окусам, кино көрсөм, атактуу же акылдуу, үлгүлүү адамдарды көргөндө туураганга шашылат элем. Азыр жок.
Шашылбадым…
Өзүмдү жемелебедим…
Жебедим…
“Улуу иштин баары көпчүлүк учурда жалгыз адамдын миссиясы, эмне үчүн турмушта ушундай болуп калган-билбейм.”
📚 Кассандра тамгасы.
/channel/chepmen5
Китептин аудио жана пдф форматы ушул каналда. (Орусча)
📌”Ашыктыкка аныктама” деген постту тиркеп койдум.
Сүйүұ менен ашыктыктын айырмасын билүүңүздөр үчүн)
Инстаграмдан келген катталуучуларым, кош келдиңиздер🫶🏻.
Бүгүн Гэри Чепмендин “Сүйүүнүн 5 тили” аттуу китеби жөнүндө кыскача түшүндүрмө берем.
Китептин пдф форматы жана аудио форматы бар каналдын ссылкасын тиркеп коём.
Менде жок. Башка каналдан уктум. (Кыргызчасы да жок)
📌 Менде дайыма мындай суроо болот эле. Эмне үчүн үйлөнгөнгө чейин кыз-жигиттин ортосунда өзгөчө сезимдер үйлөнгөндөн кийин жоголуп кетет? Т.а сүйлөшүп жүрүшкөндө бири-бири үчүн жаралгандай, бири-бири үчүн эң идеал, көзүнө эч нерсе көрүнбөй, кулакка эч нерсе угулбай калгандай ашык болот. А үйлөнгөн соң алардын бири да жок.
🧠Көрсө, бул жерде сүйүү жана ашык болууда кеп жатат экен.
Ашык болуу боюнча толук маалымат баракчамда бар. Окуп, кеңири түшүнүк алсаңыздар болот.
Буларга токтолбой дароо сүйүү тилдерине өтөйүн.
Гэри Чепмен өзүнүн китебинде сүйүүнүн 5 тили боюнча сөз кылат. Алар кайсылар:
1️⃣ Дем берүүчү сөздөр.
Мисалы, алтыным, сен тамакты аябай сонун жасайсың. Жасаган колдоруңа береке. (аялга)
Сүйүктүүм, сага чоң рахмат! Кара жаныңды карч уруп иштеп, бизди багып жатасың. Сен бар үчүн биз ток жана бактылуубуз. (Достор, китепти болушунча майдалап жатам.)
Же дүкөнгө барып керектүү нерселерди алып келгениң аябай жакшы болбодубу. (жолдошко)
🔖Айтор ушул сыяктуу дем берген сөздөр. (Үй-бүлөлүүлөр мындай сөздөрдү жакшы билсе керек.)
2️⃣ Убакыт.
Бул кандай?
Жөн эле бирге бир бөлмөдө отуруу, же бирге чай ичүү эмес!
Бул чогуу убакыт өткөрүү. Мисалы, сейилдөө, киного баруу, саякаттоо, кафеге баруу, чогуу үй-жумуштарын кылуу ж.б.
🔖 Кыскача айтканда убакытты бири-бирине арноо.
3️⃣ Белектер.
Белектер да сүйүүнүн өзгөчө жана баары билген тили болуп саналат. Сүйүү тилдеринин ичинен эң оңой аткарса боло тургандыгы.
Бул жерде белектин кичине-чоңу жөнүндө кеп жок. Ал ошол адамга арнап жасалганында. Себеби, белек берерде оюң бүт ошол инсанда болот. Мисалы жөн гана талаадан үзүлгөн гүлдөр, кечки тамак үчүн алып келинген таттуулар, же жолдошуңардын жакшы көргөн тамагын жасоо ж.б.
🔖 Аялыңар же жолдошуңардын жакшы көргөн нерселерин досторунан же туугандарынан сурасаңар болот, же өзүнөн деле.
Байкап көрсөңөр, кээде кымбат баалуу машина же алтындар аялдарды кубантпайт, же тескерсинче эркекке жакпайт. Бул дегени анын сүйүү тили белек дегени эмес.
Уландысы⤵️
Адам сезимдерин толук жашаганда гана канчалык даражада экенин билет.
Балким башкалар менен таанышуу, бир убакта өзүңдү таануудур…
🤍
Эгерде кайра студент болуп Бишкекте окуганымда, “Келкел”, “Сынган кылыч”, “Агындылар” сыяктуу томдук китептерди жата калып, тура калып окумакмын.
Кыргыз филологиясында окугандыгым үчүн тапшырма көп убакта чыгарма окуу болчу.
Кайдан? Ошол убакта азыркыдай мээм болгондо, эхх…
Жашоонун кызыгы да ушунда тура. Сен акылга толуп калганда баары кеч болот.
Туура, азыр деле окуйсуң, убактың болот, бирок оюңда бир гана окуу эмес.
“Студент” аталган күндөрүмдү сагындым. Дагы деле студентмин, бирок өз түйшүгү бар, өз жашоосуна өзү жоопкер адам атыкканмын.
А мен окуудан башка ишим жок күндөрдү сагындым…
00:57
Дюссельдорф
Ас-саляму алейкум, кымбаттуу окурмандарым!
Аллахым бүгүнкү Курман айтка жеткиргенине шүгүрлөр болсун!
🐑 Баарыңыздарды бүгүнкү майрам менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Аллахым кылган курмандыктарыңыздарды, ичтен жана сырттан кылган дуба-тилектериңиздерди, ибадаттарыңыздарды кабыл кылган болсун🤲🏻
🏘️ Ар бир үйгө береке-пейиз, кут келсин! Балдар, жакындарыбыз, ата-эне, бир туугандарыбыз ден соолукта болушсун.
📿 Өзүбүз намазыбызга, ыйманыбызга бекем бололу!
Аллахым кийинки жылы да ушул күнгө жеткирип, дагы силерге каалоо жазып, а силер болсо окугандардан болгула 😌🫶🏻
Бүгүн бир немис аял менен сүйлөшүп калдым.
Кыргызстан десем эле кечээ телевизордон көргөн аялдардын арасындагы футбол тууралуу айтса болобу.
“Аялдар футболу” десе башыма жетпептир. Эмнени эле айтып жатат деп ойлонгончо “Кыргызстанда болуптур. Кыска видео көргөздү” дейт.
Дароо Баткенде өткөн Гази эже уюштурган футбол эсиме түштү. Гази эже (ошол футболдун уюштуруучусу) менен Берлинде өткөн “Аялдар форумунда” таанышкам. Өзү Чехияда жашаса да жакшы демилгени баштап, өнүгүүнү өз айылынан баштаганы суктандырган. Карагылачы, немис аялы Кыргызстан тууралуу ошол футбол аркылуу билип жатканын.
Сүйлөшкөнүм бир аял болгону менен ал берүүнү көргөндөр миңдеп саналса керек.
⬆️
Айсулуу Тыныбекованын Жаратман подкастына берген интервьюсу.
Жолдо угуп кеткенге жакшы шерик болду.
Бирде ыйлап, бирде күлүп түрдүрбөй, тездетпей уктум.
Түнү атайын подкастарды даярдап койдум эле. Угуп жана жаккандары менен силерге бөлүшүүнү туура көрдүм.
Эми кайсы шаарга барсам “Китеп дүйнөсүнө саякат” деп жазып бул жакка киргизип турам.
Биргеликте саякат кылабыз☺️
Китепке эле эмес дүйнөгө да🫶🏻
Силер деле каналдын атын жазып сүрөткө тартып жөнөтсөңөр болот.
Айылда болобу, Ош же Баткенде, Чүй же Нарында болобу, айтор айырмасы жок.
Бул баракчанын админи эмне жазсам деп бир канча убакыттан бери ойлонуп жүрөт.
Активдүү болбой жатса да кошулуп жаткан катталуучулар үчүн кубанычта.🤎
Жан сырым катып ичиме,
Жашырам, айтпайм кишиге.
Сейилдеп чыгам ааламды,
Сен кирген күнү түшүмө.
©️Э.Иманалиев.
Сен - секетсиң
ажарлуусуң
чүрөксүң...
Сен жашайсың - борборунда жүрөктүн.
Кел жашайлы жүрөктөрдө биригип,
өмүрүбүз ошол жакта бир өтсүн...
Салтанатсың...
азем
шөөкөт
майрамсың...
дагы не дейм?
Калбай калды айлам. Чын!
Жүрөгүңө жүрөгүмдү берейин,
Жүрөгүңдөн ушул жүрөк айлансын!
✒️ Бектурсун Адиев
“Бактылуулукту бир адамдын айланаңда бар экенинен эмес, өзүңдүн ичиндеги бактылуулукта экенин түшүнсөң, баары башкача көрүнүп калат экен…”
дейт.
“Жылт деп жылдыз учканы менен, жылт этип мезгил жылганы менен, алар түгөнүп бүтпөйт экен, биз түгөнөт экенбиз, тууган.”
📘Көк дептер
4️⃣ Жардам
Айтор бүт нерседе жардам берүү. Ишинде, үй жумуштарына, жеке суроолорго ж.б.
🔖 Мисалы, кыздын атасы ар убак апасына жардам берген. Үй иштеринде, же үйдүн сыртындагы жумуштарга. Ал нерсени кыз сүйүү деп кабыл алган. Бирок кийин андай мамилени жолдошу жасабаса кызда “Мени сүйбөй калды” деген ойду жаратышы мүмкүн.
А эркекте ушунун эле тескериси.
5️⃣ Бул сүйүү тилин өзүңөр окуп алгыла.
📌Мына,ушул менен китеп соңуна чыкты.
Көлөмү кичине, бирок мааниси терең китеп экен.
🔖Кимдерге сунуштайм?
💬Үй-бүлөлүү эже-байкелериме.
💬Бири-бирин түшүнбөй жаткан эже-байкелериме.
💬Турмушка даярданып жаткандарга.
1-суроо менен баштабадымбы? Ошол суроонун жообун китептин соңунда өзүңөр эле билип каласыңар. Баарын айтып салганча токтоттум😅
Баалоо: 10/10
”Жазуучунун арифметикасы: Сага барганга караганда-бараткан кызыктуу; сага колум жеткенге караганда-сүйүп жүргөн кызыктуу; сени менен жашаганга караганда-сени сүрөттөп жазган кызыктуу…”
📘Көк дептер.
Уктай берип жарымы өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн,
Коркпогула деңизге кошулуудан.
✒️ Карбалас Бакиров.
⬆️
Германиянын катардагы эле бир үйү. Кечээ силерге көрсөтөм деп тартып алган элем. Эшигинин алдында бүт жаныбарлар бар экен.
Жомок үй деп атап алгам. Нары-бери өткөн сайын 1-2 мүнөт эсим ооп карап өтөм😅
Келгиле сүйлөшөбүз.
Үч китепти атагыла:
📕Акыркы окуган
📗азыр окуп жаткан
📘окуюн деп план кылган
Менде:
📕"1984"
📗 “Атомные привычки”
📘Джон Грэй “Мужчины с Марса, женщины с Венеры”
Силер да жазгылаааа📝