kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Үйлөнүп коюш оңой эле, үй болуп кетиш кыйын.”

✍🏻Идирис Айтибаев.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китептерге болгон сүйүүм китепканага жетелей берет.

Дюссельдорфто 10дой китепкана бар экен.
Жакшы жери 1 жылга ачтырган картам 10 китепканага жарай бергени.
Каалаганча китепти үйүмө көтөрүп кетсем болот. 😄
Алыкул Осмоновдо (Бишкектеги улуттук китепкана) дагы ушундай мүмкүнчүлүк болгондо далай китептер чаң баскандын ордуна баракталмак…

Бул жакта дагы жакшы жери картаң жок болсо деле кирип каалаган китебиңди окуп, каалашыңча отуруп кетсең болгону.

Бирок бир “➖” бар.
Мен немисче китептерди жакшы түшүнбөй жатканым🫠 Ошентсе деле бош убактымда келе бермей, эсим ооп ар китепти кармалап, сырттарын окуп, нары-бери басмай…
Сүйүү бул себептерге байланбайт. Анын кайсы тилде болгону мааниге ээ эмес. Болгону бар жана сенин жаныңда.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кат келди / Роза Айтматова, Ахмат Асанов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китептер биздин колубузда эмес, колубуз жетпеген китеп текчелеринде. Алардын барактары бир жолу да ачылбай, эчак эле саргайып, чаң басып калган…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Атаганат! Адамдын жарты өмүрү кыял менен өтөт белем? Өмүр чиркин ошондуктан таттуу белем? Кыялыңдын баары орундала бербегендиктен адам өмүрү кымбат белем?
Ар кимдин өз тагдыры бар. Тигине карга бирде жамынып, күн нуруна бирде жуунуп турган тоонун да бир тарабы жарык, бир тарабы көлөкө. Адам дагы тагдырында бирде кубаныч, бирде кайгы кечирип жүрүп отуруп өмүрү кеч кирет тура. Өмүрдүн кунары да ошондо экен го.”

”Гүлсарат” повестинен

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жакшы жазууну үйрөнүү үчүн окуу керек.
Окуганда кандай?
Жүрөккө жаккандыбы?
Көңүл көксөгөндүбү?
Туш келген тексттиби?
же эмне, барагынын көптүгүнөн биринчи бети ачылбаган тээтиги китептиби?
Хмм…
Көзгө урунган, көңүлгө чалдыккандыбы?

Билбейм, айтор, билбейм…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Имам ал-Газали:
"Элдин калың катмары ыйман келтирип, моюн сунуп, илимди аалымдарга тапшырып ибадат жана тиричилик менен алек болушу керек. Жөнөкөй адам илим жөнүндө сүйлөгөндөн көрө зына кылса же уурдаса ага жакшыраак. Анткени ал Алла жана Анын дини жөнүндө терең билбестен сүйлөгөндө өзү аңдабастан каапырлыкка түшөт".
Ихя улум ад-дин.
Зына жана уурулуктун күнөөсү чоң бирок билбей туруп акыйда же адал арам жөнүндө сүйлөө андан дагы чоң күнөө деген мааниде. Күнөө мусулманды динден чыгарбайт, адашуу динден чыгарат.
إنما حق العوام أن يؤمنوا ويسلموا و يشتغلوا بعبادتهم ومعايشهم ويتركوا العلم للعلماء فالعامي لو يزني ويسرق كان خيرا له من أن يتكلم في العلم فإنه من تكلم في الله وفي دينه من غير إتقان العلم وقع في الكفر من حيث لا يدري كم

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть первая. Аудиокнига.
👤 Старая книга Audiobooks-1">→

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн бир немис аял менен сүйлөшүп калдым.
Кыргызстан десем эле кечээ телевизордон көргөн аялдардын арасындагы футбол тууралуу айтса болобу.
“Аялдар футболу” десе башыма жетпептир. Эмнени эле айтып жатат деп ойлонгончо “Кыргызстанда болуптур. Кыска видео көргөздү” дейт.

Дароо Баткенде өткөн Гази эже уюштурган футбол эсиме түштү. Гази эже (ошол футболдун уюштуруучусу) менен Берлинде өткөн “Аялдар форумунда” таанышкам. Өзү Чехияда жашаса да жакшы демилгени баштап, өнүгүүнү өз айылынан баштаганы суктандырган. Карагылачы, немис аялы Кыргызстан тууралуу ошол футбол аркылуу билип жатканын.
Сүйлөшкөнүм бир аял болгону менен ал берүүнү көргөндөр миңдеп саналса керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⬆️
Айсулуу Тыныбекованын Жаратман подкастына берген интервьюсу.

Жолдо угуп кеткенге жакшы шерик болду.
Бирде ыйлап, бирде күлүп түрдүрбөй, тездетпей уктум.

Түнү атайын подкастарды даярдап койдум эле. Угуп жана жаккандары менен силерге бөлүшүүнү туура көрдүм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эми кайсы шаарга барсам “Китеп дүйнөсүнө саякат” деп жазып бул жакка киргизип турам.

Биргеликте саякат кылабыз☺️
Китепке эле эмес дүйнөгө да🫶🏻

Силер деле каналдын атын жазып сүрөткө тартып жөнөтсөңөр болот.
Айылда болобу, Ош же Баткенде, Чүй же Нарында болобу, айтор айырмасы жок.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Үмүт балким кийинки беттедир, жаппа китепти!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул баракчанын админи эмне жазсам деп бир канча убакыттан бери ойлонуп жүрөт.

Активдүү болбой жатса да кошулуп жаткан катталуучулар үчүн кубанычта.🤎

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жан сырым катып ичиме,
Жашырам, айтпайм кишиге.
Сейилдеп чыгам ааламды,
Сен кирген күнү түшүмө.

©️
Э.Иманалиев.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сен - секетсиң
ажарлуусуң
чүрөксүң...
Сен жашайсың - борборунда жүрөктүн.
Кел жашайлы жүрөктөрдө биригип,
өмүрүбүз ошол жакта бир өтсүн...

Салтанатсың...
азем
шөөкөт
майрамсың...
дагы не дейм?
Калбай калды айлам. Чын!
Жүрөгүңө жүрөгүмдү берейин,
Жүрөгүңдөн ушул жүрөк айлансын!

✒️ Бектурсун Адиев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аккаунтум Парижде деген сүрөт📸

Сайкал, чоң рахмат!🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ии баса, негизинен кат келди башка-башка жазылат.
Бирок аңгемедеги башкы каарман кат ташыган үчүн аны көргөндөр: “Каткелди, Каткелди” деп чакырышат. Бара-бара өз атынан эмес Каткелди деп атап калышкан. Ошол себептүү Каткелди деп бирге жазылган болуусу мүмкүн. (Өзүмүн эле оюм)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн “Каткелди” деген аңгемени уктум.
Кээ бир китептер күлкүңдү келтирет, кээ бирине түшүнбөйсүң, кээ бири коркутса, а кээ бири ыйлатат.
Ушул аңгеме 3-4 жолу ыйлатты. Көчөдө укканым үчүн көз жашымы көп төгө албадым. (Күлүп)
Чыгарма жеңил тилде жазылыптыр. Анын үстүнө чакан эле. (1 жарым сааттай)
Аңгеме негизи бир аз башкачараак форматта болот. Авторлор повесть деп атагысы келишпесе да повесть дегим келди.

Автобиографиялык чыгармаларды окуганды жактырам. А кат жазганды андан да) Балким ушул окшоштуктар аңгемени жүрөгүмө жакын кылды.

Китеп Ильгиз Айтматов тууралуу болсо да эмнегедир Айтматовдун “Балалыгым” повестиндей элес калтырды.

Чыгармада башкы каарман Атай согуш учурунда кат ташыгыч болуп иштеген. (Почтальон)
Элестетсеңер? Кандай сонун жумуш. Энелер баласын, балдар атасын, аялдар жолдошун күткөн убакта аларга согуштан келген катты тапшырып, окуй албагандар үчүн окуп берген. Кандай гана эмоцияларды көргөн. Жумушу оор болсо да, муздак сууну кечип бир өйүздөн экинчи өйүзгө өтсө да ошол эмоцияларды тартуу кылган. (14 жашында) Канча дуба-тилектер айтылып, канча көзгө бактылуулуктун жашын төктүргөнү себеп болгон.
Ооба, бул ошо кат ташуучу кызматы.
Мм… Албетте КАРА КАГАЗДЫ тапшырганды эске албаганда.

Эмнегедир чыгарма тууралуу баштан-аяк айтканды жактырбайм. Кыскача түшүндүрмөнү окуяларды ачып бербестен жазгым келет.

Автобиографиялык чыгармаларды окуганды жактыргандар үчүн сөзсүз сунуштайм.
Азыр пдф фоматын да, аудио форматын да жөнөтүп коём.

Баалоо: 9/10

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Германиянын китепканаларын сүйдүм🤍
Эгерде китептер кыргызча болгондо сүйүүм эки эсе күчөмөк.
Ии баса, Айтматовдун бир китебин немисче 3-4 барак (“Эрте келген турналар”) окуп көрдүм. Тилим чайналып калды😅

Кыргызчасы татаал сөздөр менен жазылган эле немисче андан да татаал экен. Ошо, али Айтматовду окуганы эртедей…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кыргызстандын блогерлери жана инфлюенсерлер үчүн буткемп!

#BloggerBol2 буткемпи – бул төрт күндүк окутуу лагери: Бостери айылы менен Ош шаарында өтөт. Убакыт аралыгында анын катышуучулары төмөндө көрсөтүлгөн багыттар боюнча медиа, блогинг жана SMM тармагында контент жаратуу боюнча билим алып, тийиштүү көндүмдөргө үйрөнүшөт.

❓ Ким катыша алат:
👉 18-35 жашка чейинки адамдар;
👉 Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөндөр жана кыргыз тилиндеги видеконтентти жаратууга кызыккандар;
👉 “BloggerBol” буткемпине катышууга 5 күнүн бөлө алгандар (4 күн окутуу жана келип-кеткенге бир күн);
👉 Контент жаратуу менен узак мөөнөт алектенгендер;
👉 “BloggerBol’дун” экология, гендердик теңдик, социалдык активизм темалары боюнча мурда жарыяланган бери дегенде 1-3 материалы барлар.

🔥 Дедлайн: 31 август 2023

📌 Толук маалымат: Internews.kg

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кыргыз улуттук кийимдери тууралуу подкаст угуп жатып көп нерсе тууралуу ойлондум.
Жаңы оронгонумда апам: “Кызым, кандай жоолук салынсаң салын, бирок кара салынба” деп айтканы эсиме келди.
Азыркыга чейин кара салынбаганга аракет кылам, бирок кээде кийимдин жарашыгына карап салынган учурларым кездешет.
КАРА түс жамандыктан кабар бергенин билсем да жарашык үчүн салынып алганыма кейидим.
“Кыргыздар мурда оронгон эмес!” деген кептер болгондо дароо Курманжан датканын ак элечек менен түшкөн сүрөтү жана илгерки кыргыз аялдарынын сүрөттөрү эске түшөт жана дароо аларды мисалга алуу менен сүйлөп баштайбыз же жөн эле дым болобуз.
Бирок ошолорду мисал кылып жатканда биздин кийим алардын кийимине дал келеби ошону мааниге албайбыз. Элечек, кептакыя, шөкүлө ж.б баш кийимдердин өзүнчө мааниси бар болуп, өзгөчө философияны камтыган.

“Орондум” деп эле каалагандай кийинип алган менимче туура эмес. Салт-санаа, үрп-адатка да көз салып, төп келишибиз керек.
Улуттук баалуулуктарды сактоо ар бирибиздин милдетибиз.
Бизге чейин жетип келген баалуулуктар бизден кийинкилерге да жетүүсү зарыл.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть вторая. Аудиокнига.
👤 Старая книга Audiobooks-1">→

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Орус оюндагысын кылат”
Ушул макал түзмө-түз мага тиешелүү😅

Өзүмө жаңы хобби издеп убарамын.
Түнү бир канча видео көргөн элем. А азыр ошол көргөн нерселеримди алганы 4 сааттан бери издеп жүрөм. (Жарым нерсесин таптым, бирок эң маанилүүсүн таппай жатам)
Ал хобби мага жагабы же жакпай калабы билбейм, бирок каалоону кандырып койбосом кийин өкүнүшүм мүмкүн.

Окшошуп калса силер менен бөлүшөм. Окшошпосо жок😀.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⬆️
А бул подкаст Руслан Акундун кино тармагындагы изденүүлөрү, балалыгы, билими, кинолору ж.б жөнүндө.

Биз башка улуттардагы Жаратмандарга караганда өзүбүздүкүлөрдөн көбүрөөк мотивация алсак болот жана ала алабыз. Анткени кыртышыбыз, жашоо-турмушубуз бирдей.
“Ээ мен кыла албайм, бул байдын баласы, бул жакта мамлекет жакшы өнүккөн, а бул жакшы мектепте окуган” деген маскаларды тага албай калабыз.

Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып жөнөкөй эмес иштерди жасап жатышат.

Элибизге, коомдун кичине болсо да өзгөрүүсүнө салым кошуп жатышат.

Айтор, сөзсүз угуп койгула🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Саякаттан эч бир китептен таба албаган билимди таптым.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Айылда тапчанда отуруп токтун азынан жакшы көтөрүлбөгөн таттуу токоч менен ысык чай ичким келип жатат.

Таенемдин тандырга жаңы жапкан наны менен мыкчымай болсо ашыкча болмок эмес.

Сууга салынып турган муздак дарбыз менен таенемдин жаңы эле айткан нанын жемекмин.

Түркүн улуттун түркүн тамагын жеп көрсөм да ошол балалыктагы эң даамдуу даамдардын ордун баса албады.

Германия. Руст.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Кулжанын үчү. Ишемби.

Көрпендечилик. Көп нерсе болуп өттү. Көп нерсе болгону жатат. Көзгө көрүнгөнү, көрүнбөгөнү…

Адам акылы асманды тиресе да, ааламды толук түшүнө албайт. Дүйнө улук, биз кичикпиз, акылыбыз андан кичик.”

Мурунку ай ушинтип чиймелептирмин. Экинчи каналым бар. Чиймелеп-чиймелеп эле ошол жакка сала берем. Бул жерге кээде гана, ичимдеги цензура үргүлөй түшкөндө гана…

*
Ойлорум арыктагандан арыктап баратат.
Мен өзүм арык жигитмин. Көп учурда тамак ичкенди унутуп коём. Ашказаным деле мамлекеттик жумушчудан бетер кызматын араң аткарат. Ичегилерде чубалган бюрократиядан “ачка болдум” деген сигнал мээме бир топко кечигип келет, же келбей да калат. Мен арыктан-арык болуп жүрө берем. Денемдин мага көп таарынычы болсо керек. Тили гана жок байкуштун. Көптү сүйлөмөк, көпкө сүйлөмөк. Тили жок деле мага белги берсе болмок, буттар талып, тарамыштар тартышып, сөөгүм сыздап, кулагым тунжурап туруп алса болмок. Бирок денем антпейт. Унчукпай кызматын кылат. Оорубайт, чыдамкай, арык болсо да чыдамкай. Мен денеме ыраазымын. Дененин арыктыгына чыдаса болот, анын артыкчылыктары да бар. Мисалга, арык адамдын жаны бышык болот – менин да жаным бышык. Дененин арыктыгына көнсө болот. Бирок ойлордун арыктыгы - адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу оору. Бул эпидемия бизди жейт, анан тынат. Дене ач калса, ашказан сыздайт. Ойлор ач калса, тескерисинче көңүл толуп, телегейиң тегиз боло түшөт. Ошондуктан бул – оору, чума, трагедия!

Менин ойлорум арыктап баратат. Мен аны күн сайын сезем. Бир күн ойгонуп, ойлорумдагы ачкалыкты сезбей калыштан коркуп уктайм. Курсактын ачкалыгын сезбей, денемди жакшы бага албай жүргөн мен ой бага албай калыштан, ачка ойлордун ачка экенин сезбей, арык ойлор менен таң атырып калыштан чоочуп уктайм.

Жакшы уктагыла, оюңар ач калбасын. Ой багалы, анан сүйлөшөлү, жазышалы.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Өзүңдүн башталышыңды, бирөөнүн аягы менен салыштырба!”

Акылдуулардын жанында унчукпас Нурзатка айланарымды кабыл алдым.
Менде 1-жолу мен дагы ушундай адам болоюн деген ой келген жок. Элестетсеңер? Келген жок.
Мен ошол үчүн бактылуу болдум.
Бул өзүмдү өзүмдүгүмдөй кабыл алуу жана өз жашоомду алардыкынан башкачараак куруу дегенди билдирет.
Мурда китеп окусам, кино көрсөм, атактуу же акылдуу, үлгүлүү адамдарды көргөндө туураганга шашылат элем. Азыр жок.
Шашылбадым…
Өзүмдү жемелебедим…
Жебедим…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Улуу иштин баары көпчүлүк учурда жалгыз адамдын миссиясы, эмне үчүн турмушта ушундай болуп калган-билбейм.”

📚 Кассандра тамгасы.

Читать полностью…
Subscribe to a channel