kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Германияга жаңы келгенде ушул эс алуучу жерге дайыма шайтан арабамды 🚲 минип алып келер элем. Анын бир себеби, жашаган жеримде башка кооз жерди билбегенден болгон, бирок азыр карап отуруп эң биринчи келген, биринчи Аллах Таалага ыраазычылык айтып, биринчи ыйлаган, биринчи кыздар менен ушул жерде жолугуп, биринчи дасторкон жайып пикник уюштурган жерим болуптур.
Азыр көп келбей калгам. Келгенге убакыт да, маанай да жок. Башында шайтан арабаны жакшылап үйрөнүү үчүн да келип жүрдүм. Ушул жакка келе жатып бир эжени сүзгөм. (Дагы жакшы: “Жакшылап тепкенди үйрөн! деп кабагы түйүлүп, коркуп кеткенимден унчукпай кетип калган)

Ошо, азыр да жээгине келип өткөн-кеткенди эстеп отурам.
Ушул бойдон эми айлана жашылданып, гүлдөр жайнап калганда келермин.
Үшүп кеттим, ичикиий🌬️


⤵️ Жазында ушундай кооз болуп калат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эмнеге жүрөк жалгыз?

Калган бүт мүчөбүз шерик-шериги менен.

Бүгүн сабакта ушундай суроо берилди. Такыр ойлонуп көрбөгөн экен элем.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

1933-жылдан 1945-жылга чейин Адольф Гитлердин жүргүзгөн улутчулдук саясатынын айынан 6 миллион еврей массалык түрдө өлтүрүлгөн. Бул геноцид тарыхта Холокост деген ат менен белгилүү. Фашисттердин еврейлерге карата жүргүзгөн зомбулугун билбеген адам болбосо керек. Анткени бул ырайымсыздыкты башынан кечирген еврейлердин урпактары Холокостко байланыштуу канча деген фильмдерди тартышты, чыгармаларды жазышты. Бирок еврей калкынын кинолордо, маалымат каражаттарында, китептерде аянычтуу кылып чагылдырышы Израил мамлекетин түптөө үчүн колдонулган курал экендигин билбесеңиз керек.

4 айдан бери сионисттик Израил дүйнөнүн көз алдында палестиналыктарды мыкаачылык менен кырып жатат. Алар жаш балдарды, аялдарды да аяган жок. Бул анык фашизм, расизм эмеспи? Эмне үчүн Гитлердин фашисттик саясатын сындаган ири державалар Израилдин жексурлугу тууралуу үн катышпайт? Палестиналыктардын каны, көз жашы менен адилетсиз курулган Израил мамлекетинин артында кимдер турат? Уландысы 👇

https://apyshova.livejournal.com/322.html

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Германияда BIZ уюму тарабынан атайын китеп проект ачылган.

📌
Мында КРдан кыргызча китептерди алып келип, мекендештерди эне тилдеги китептер менен камсыз кылуу башкы максат болуп эсептелет.

📌 Түшкөн каражаттар кайра эле китеп алып келүүгө жумшалат. Себеби Айтматов, Т.Касымбековдун романдары көлөмү жагынан бир топ эле оор болуп, бул жакка алып келүү өзү эле чоң түйшүк жаратат экен.

📌 BIZ уюму коммерциялык багытта иш алып барбаганы, түшкөн акча кайра эле кыргыздар үчүн жакшы бир иш-чараларга жумшалганы бул жакта ыктыярчы болгонумдун жалгыз себеби.

📌 Учурда ошол Китеп проектти мен жетектейм.
Инстаграм баракчасын кооздоп, сммдик кызмат аткаруу да менин моюнумда😊
Кечээ бир видео тарткам.
Колдоп, бөлүшүп, Германиядагы тааныштарыңарга жөнөтүп койсоңор аябай сүйүнмөкмүн. Баракчага катталып алсаңар кызыктуу контент тартканга аракет жасайм.

📌 А бул баракчанын ссылкасы.

https://www.instagram.com/reel/C2hIOdiM0Ad/?igsh=MnBxOWRoNnI0aHY3

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Немистердин жаш балдарга арналган жомок китебин окуп жатам. Кечээ жез кемпир жөнүндө окугам.
Ар убак куу, адамдарды алдаган, башкаларга жакшылык жасабай, өзүнүн максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн ар түрдүү сыйкырларды колдонгон деп оо бала чактан бери тааныган жез кемпир, Германияда башкача сүрөттөлөт экен.
Акылдуу, башкаларга жардам берип, көптөн бери кыялдангандарын орундаткан, кичи пейил ж.б
Менимче адамдарды жакшы, жаман деп бөлбөй, баарын бирдей кабыл алууну үйрөтөт чыгар. Же ким билсин?
Азыр өзүбүздүн жомок китептеги сүрөттөмөлөргө көнүп алып, бул жактагы сүрөттөлгөндү кабыл ала албай жатам (күлүп)
Себеби менин мээмде жомок аркылуу сиңген жез кемпир эч убакта жакшы болгон эмес…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Мен бир китепти айтсам, ал мага бүтүндөй китепкана белек кылды🕊️…

#Кыял

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Өмүрүмдө окуган китептердин эң кызыктуусу сен болдуң.
Окуган сайын жакындаткан, ачкан сайын кулпурган, бирок колго тийбеген, уланбаган…


#Күндөлүктүнаягы

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эркиндикти сүйүп, эркин болууну каалаган менен мусулман аял заты эч качан эркин болгон эмес!
Батыштын эркиндиги менен динибиздеги эркиндикти окшоштурбоо керек.
Биз башынан бери эле атабыздын, агабыздын, жолдошубуздун, балабыздан көз карандыбыз.
Ар убак бизди коргогон, алардын жанында өзүбүздү коопсуз сезген, бир нерсе иш кыларда “Атам эмне дейт? Агам эмне дейт?” деп өз башымчалык кылбай, алардын уруксатын алып келгенбиз.
Аял киши атасынын коргоосунда, атасы жок болсо агасынын, кийин жолдошунун, кийин баласынын коргоосунда болот.

Маарага желекти желбиретип аял алып келбейт!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Элестер гана оорутпаса…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Мен окуган китеп 2023” аттуу жакшы конкурс уюштурулуп жатыптыр. Каалагандар болсо катышып көрсөңөр болот. Толук маалыматты ссылка аркылуу кирип, инстаграмдан ала аласыңар.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⬆️⬆️⬆️
Сүрөттөгү биздин шаардагы университеттин китепканасы. 4 кабат экен.
Барып алып эсим ооп, ар бир китепти кармалап, кармалап келе бердим.

Бул жактагы окуган адамдарды көрүп алып ичимден “Мен университте окудумбу өзү?” деген ой келди.
Нары-бери басып эле студенттик күндөрүм өтүп кетти окшойт. Арада корона вирус дагы болбодубу.

Бирок эмнеге университетте кайрадан окууга болбосун? Чыныгы билимдин даамын татканга болбосун? деп үйгө жеткенче ойлонуп келдим.

Ооба, бул жакта окуу оор. Анын үстүнө тил деңгээлиң С1 болуусу керек.

Элдерде: “Чет өлкөдө окуйм” деген ой кичинесинде келет го. А менде эми келип жатат🫠

Бишкекке окууга өткөнүмө сүйүнүп эле , ошого эле канааттанган элем.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📍Университет тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул жалган жашоо жана андагы жалтырактар сени алаксытпасын. Ал нерселердин баарын, сен күтпөгөн бир заматта, өлүм келип жок кылат.
Андыктан Жараткан Эгеңе жолугууга даярдан!
Чын жайга эмне белендедиң?,
Ошону ойлон!...

Шейх Муаз Хава Ал-Хамавий.
/channel/Muazhawwa

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Карайсың. Айланаңа көз чаптырасың. Сонун деп эсептеген мамилелер үзүлөт. Жагат деген жер жакпай калат. Ушу жол менен түбөлүк деген нерсе жокко чыгат. Адамдар сенден кетет же сен адамдардан. Багытыңды өзгөртөсүң. Максатың, планың, кыял-тилегиң өзгөрүлөт. Мунун баары сенин жамандыгыңдан же айланаңдын жамандыгынан эмес, бар болгону сага ал жерлердин дал келбегендигинен. Сен өзүңө туура келген чөйрөнү, жумушту, тармакты, адамды, жарды, сүйүктүүнү, досту, кийимди тандаганга укугуң бар. Фокусуңду рессурс алып келген нерселерге бурганга да болот. Болгону бардык нерсе шарияттын чегинде болуусу керек. Бактылуулук ушунда…

#диби_деди

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Телеграм каналдар

📍Диний сабактар өтүлгөн каналдар

/channel/tasneem_academy

/channel/hanafimektebi

/channel/daanyshmandykordosu

📍Чубак устаздын сабактары аудио-форматта

/channel/chubakajyjalilov

📍Пайдалуу маалымат, эскертүүлөр:

/channel/kaarylar_quran

/channel/uznai_o_Qurane

/channel/Muazhawwa

/channel/risaleinur_kg

📍Аялзатына тиешелүү

/channel/+6z0cy2qCshUxODBk

/channel/Saliha02ayal

/channel/ona_musulmanka

📍Негизи, инстаграмда күзөткөн адамдардын, группалардын телеграм каналдарына да кошулуп алсак болот. Ар кимдин профилинде шилтемеси бар.

- Мисалы, Эмил Андартегин устаздын каналы, акысыз сабактарын өтүп турат.

/channel/andartegin

- Мээрим Сардыбаева устаза (кайсы бир жакта акысыз, офлайн таалим өтсө, телеграмдан да запись кылып коёт)

/channel/hanafi_aiym

- Туратова Айзирек (инстаграмда @turatovvvva жакындан бери жашоо образын акырындан жакшы өзгөртүп келе жатат, каналында өтө көп пайдалуу нерсе бар, бир киргенде башынан баштап окуп чыккан элем)

/channel/turatova23

- Айида Талантбек кызы

/channel/talantbekkyzyaiida

- Шахризада Аданова

/channel/shahrizada_aiym

- Али Жанышов (телеграмдагы аты менен инстаграмы бар, толук никнеймин билбейм. Инстаграмында макалаларын да сунуштайм окууга. Телеграмда да макалаларын, эл.китептерди бөлүшөт)

/channel/zhanyshoov

- Жибек эженин каналы (инстаграмда өтүлгөн эфирлерин, стористерин сактайт)

/channel/+pwCqmOA_qZVkZWZi

#соцтармактар

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатуху.

Араб тилин биз менен чогуу үйрөнүңүз😍

Урматтуу араб тилинин сүйүүчүлөрү жана жаңыдан араб тилин баштоочулар, сиздер үчүн кубанычтуу жаңылык😍.Телеграм платформасында "Араб тили🇰🇬" каналы сиздерге кызмат кылат.
Каналыбызга кош келиңиздер🤩.

"Араб тили🇰🇬" каналынан төмөнкү нерселерди пайдалана аласыздар.

📍Күнүмдүк жашоодо колдонулган сөздөр жана сүйлөмдөр📑

📍Сөздүктөр🗒️

📍Котормолор📚

📍Араб тили грамматикасы 📔

🔹Жакындарыңызга бул каналды бөлүшүүнү унутпаңыз!


/channel/arab_tili_111

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Кабырлар “ЭРТЕҢДЕР” менен толду…”

Саид Нурси

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Мен элестеткен сүйүү балким китептерде гана кездешет. Ашыкча идеялаштырып алып реалдуусу менен бетме-бет келгенде көңүлсүз болууну каалабай элемин…

Же мен даяр эмесмин…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Тең теңи менен…

Чыңгыз Айтматов үй-бүлөлүү болуп турган учурунда Бүбүсара эжени сүйүп калат. Болгондо да ага ашыгып, анын жанында болуудан ырахат алып, аны чындап сүйөт. Бүбүсара эже каза болуп, жерге берилгенде да, эл кетип калгандан кийин Айтматовдун аябай өкүрүп ыйлаганын көргөнүн бир байке айтып берди эле.

Жусуп Абдрахманов да назик, сулуу жубайы бар экенине карабай, Мария Натансонду сүйүп калган. Кийин Мария аны чогуу Москвага кетүүгө чакырат, бирок Абдрахманов жан дүйнөсү каалаганына карабай, сунуштан баш тартат. Абдрахмановдун “Баш айланткан сүйүүдөн баш тартып, Ата Мекенге кызмат кылууну чечтим” деп күндөлүгүнө жазганы бар…

Сулуу, түшүнүктүү, дайым колдогон аялдары турса, бул инсандар эмнеге башканы сүйүп калышкан?

Айтматовдун жубайы Керээз эже дарыгер болгон, а Айтматов чыгармачыл адам болгондуктан искусство, өнөр, чыгарма тууралуу сүйлөшкүсү келген. Анын дүйнөсү ошону каалаган, ошол үчүн искусство адамы Бүбүсараны сүйүп калган. Буга анын Бүбүсара Бейшеналиева менен күнү түнү сүйлөшкөнү, ага барууга шашып турганы мисал, себеби адам өзүн сонун сезген адамга шашат.

Ал эми Жусуп Абдрахмановдун жубайы убактысын балдарына, күндөлүк тиричиликке бөлгөндүктөн, саясат, адабиятка кызыга алган эмес. Жусупка Натонсон адабиятчы болгону, саясатка кызыккан, окуяларга анализ кыла алганы менен жаккан. Ошол үчүн Жусуп Натонсонду сүйүп калган, аны менен сүйлөшкөндөн ырахат алган.

Мурда өмүрлүк жары турса, башканы сүйүп калгандарга таң калчумун. Көрсө, негизги көйгөй түгөй тандоодо экен…

Түгөй тандоодо адамдын кесиби, билими, жашы, байлыгы маанилүү эмес, бирдей көз карашта болуусу, кайсы бир темада сүйлөшө алганы маанилүү. Өмүр бою сүйлөшүп өтчү адамды чарчаганча изде деп туура айтылгандай.

Биз бизге окшош, кайсы бир темада биздей ой-жүгүрткөн, жашоодо баалаган нерселерибиз дал келген адамдарга тартылабыз, жакшы көрөбүз. Ошондуктан, түгөй тандоодо сиз менен ойлонгону, кызыкканы, көз карашы тең болгон адамга маани бериңиз.
Сизди Өмүр бою сүйлөшө, уга ала турган адамды издеңиз.

Жараткан туура түгөй тандоону насип кылсын…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллахым ушул конкурстан баш байгени утууну насип кылыптыр.
Ниетимде утуп алсам жакын досума сертификатты белек кылуу болгон.
Бүгүн курбу кызым барып өзүнө жаккан китептерди алып келди. Анын сүйүнгөнүн угуп алып өзүм дагы жаңы китептерге ээ болгондой сездим. Отчет катары бул жакка дагы бөлүшүп коёюн. Уюштурган Жаныбек Абидетегинге ыраазычылык билдирем.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллохумма баарик ланаа фии Ражаб
Уа Ша’баана ва баллиғнаа Рамадоон 🌙

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

24 жашта стрессти ушинтип чыгарып калат экенсиң.

Боёгонго башка нерсе албасам болбойт.
Ии баса, оюң бир жерде топтолуп сонун болот турбайбы. Мага негизи боёгон өтө жакпайт, бирок китеп окуганда оюң бир жерде болбойт да. А боё топтойт экен.

Ошо, сунуштайм силерге да.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Баракчаны бирөө-жарым реклама кылдыбы?👀

Соңку убакта көбөйүп жатабыз го.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Түшүнүп коштошсоң… оору калбайт.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жазуулары жок жана 2024-жыл үчүн⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Инстаграмдагы катталуучуларымдын суранычы менен чайга байланыштуу видеолорду бул жакка жөнөтүп жатам. Көп болсо кечирим сурайм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📍Туура кесип тандоо боюнча китепче. Өзүм жазып чыккам. Пайдалуу болсун! Ар бирин кунт коюп окуп чыгыңыздар.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жашоодо көбүнчө биз ойлогондой боло бербейт.
Тагдырыңды талкалап башынан кургуң келет, бирок эчак жазылган болот.
Азыркы тандооңо өкүнөсүң, бирок тандалып калган болот.
Өзүңдү жерден алып ташка жанчыйсың, бирок эч майнап чыкпайт.
Бакыргың келет, бакырасың. Кыйкыргың келет, кыйкырасың.
Ыйың менен ааламды жаргың келет, карасаң өз ааламың жанчылып жаткан болот.

Жашоо дал ушулар менен кызык да, өзгөчө да, унутулгус да…

Алтыным, сен өзүңө керексиң!
Өзүңдү аяганды үйрөн!
Бул күндөр кетет, адилеттүүлүк бир күнү сөзсүз келет!
Буулугуп, туман болуп карарып, куюн болуп жан дүйнөңдү буркан-шаркан кылган ойлоруңду ичиңе кат да, эч нерсе болбогондой, эч нерсе билбегендей жолуңду улант.
Сен бир жолу жаратылган, эч кимге окшобогон жансың!

Өзгөчөм, өзгөчөлүгүңдөн өзгөрбө!

08.12.2023
00:29
Германия. Дюссельдорф.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Көңүлдүн түбүнөн чыккан сөздөр,
Көңүлгө чөмүлөт тереңирээк.
Жүрөктү жылытуу кыйын болот,
Көбүнчө тоңдуруу жеңилирээк.


🖊️Саид Султан-Али

🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Телеграмдагы пайдалуу баракчалар.

Азыр башка баракчадагы маалыматты бул жакка жөнөтөм.
Ошол жерде белгиленген баракчалардын 80% окуйт экем. Сөз берген боюнча унутулуп калып кетпесин.

🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂

Читать полностью…
Subscribe to a channel