Список желаний книголюба:
➖Книги
➖Книги
➖Удобный стул для чтения книг
➖Книги
➖Деньги на книги
➖Библиотека, полная книг
➖Книжные закладки
➖Книги
➖Книжные стеллажи
➖Время для чтения книг
➖Полки для книг
➖Много книг
☕👤
📌Менде лайфхак деген нерселер жок. Күндө он жолу мурда үйрөнүп албаганым үчүн, сүйлөй албай жатканым үчүн өзүмдү урушам.
📌Тил үйрөнүү жаңы баскан бала өңдүү.
Бирде жыгыласың, бирде ыйлайсың, бирде кичине көбүрөөк басканың үчүн сүйүнөсүң. Бирде баспай эле жатып алгың келет.
📌Ии баса, англис тилинин грамматикасы немис тилден караганда жеңил экен. Ошого кичине сүйүнүп жатам. Жок дегендееее депчи.
📌 Силер дагы тил үйрөнүү методдоруңар менен бөлүшүп койсоңор болот. Же канал, китеп сунуштап. Мен дагы бөлүшүп турганга аракет кылам.
Китепканага укмуш даярданып келип алыптырмын.
Баарын чыгарып тапшырма аткарайын десем эле калем саптарым жок🥲.
Күлөйүнбү же ыйлайынбы?
Бизде “ийгиликтүү адам” десе эле карьерасын кура алган, окуган же болбосо көп таанышы бар, чоң кызматта иштеген адамды, же үйү, машинасы бар, атактуу адамды элестетишет. Анан ушул ой-жүгүртүүгө сенин дагы дал келишиңди каалашат.
Бирок “ийгилик” түшүнүгү эмнеге байлык, мансап, атактуулук менен өлчөнөт? Өмүр бою жашоосун балдарына арнап, аларды тарбиялаган ата-энелер эмнеге айтылбайт? Бир үйдүн түтүнүн булатып, үй-бүлөсүнө бактылуулук тартуулаган келиндер айтылбайт? Адал менен арамды балдарына үйрөтүп, ыймандуу балдарды өстүргөн атанын мээнети айтылбайт? 30 жылда бир нече миң адамга таалим-тарбия берген мугалим ошондо ийгиликке жетпей калган болобу?
Буга чейин чет өлкөдө окуп, дүйнөлүк олимпиадаларга катышкан балдардын сөзүндө турбаганын, жаш кезинен бизнесин баштап, көп акча тапканы менен жайнамазга чыга албагандарды көргөм. Карьерасын куруп, эл көзүндө “ийгиликке жеттим” деген кыздардын “гусулдан” кабары жок экенин дагы уккам.
Менимче, ийгилик- өзүңдүн кылгандарыңа жан дүйнөң менен ыраазы болуу. Мейли, жетишкендик деп бирөөлөр байлыгын, бирөө тарбиясын, ыйманын, сулуулугун, мансабын, кызматын айтсын, башкысы эч ким бирөөнүн “ийгилиги” гана туура деп ойлобосун.
Бирөөнүкүнө көз артпасын, ошого окшошконго аракет кылбасын, өзүнүн көз-карашын башкаларга таңуулабасын, элдин баары ошондой болсо гана ийгиликке жеткен болот деп ойлобосун…
Бул жакта китеп алуу ушундай жеңил.
Башында атайын карта ачтырасың. Ал карта ошол шаардагы болгон китепкананын баарына жарайт. Бүгүн башка жерден китеп алып, эртең башка китепканага тапшырып салсаң боло берет.
Эң жакшысы 29 күнгө берилет. Андан кеч калтырсаң 1,50€ төлөйсүң. Сомго болжол менен 140 болот.
Каалаганча китепти үйүңө көтөрүп кете бересиң.
Ии баса, орусча, англисче китептер дагы бар.
Болгону окуш керек жана дагы окуш керек.
Балдар үчүн оюнчуктар да бар. Аларды да алып кетсең болот.
Айтор билим алуу үчүн бүт шарт түзүлгөн жана баары бири-бирине ишенет. Эч ким китептерди жыртпай, май колдору менен булгабай, жазбай кайра тапшырышат.
#Кызыктуумаалымат
-Бул белек сага.
-Аии, сонун го. Ачсам болобу?
-Албетте!
-Вааау. Мынча сонун китеп. Ичин ачып көрөйүн.
-Жактыбы?
-Албетте! Мындай белек эч кимден алган эмесмин.
Ичинде кээ бир жерлер сызылып жана мага ар сайын берген гүлдөрдүн бир даанасы кургатылган эле.
#Кыял19988😊
Ар кимдин жашоосу ар түрдүү сюжеттен куралган.
Бирөө үчүн өмүр комедия болсо, а бирөө үчүн трагедия. Кээде драмага айланып, кээде романга жетпей бүтүп калат. Мына, мына кульминацияга келип калганыңда, кайдан-жайдан өмүрүң быт-чыты чыгып бүтпөгөн дастан болуп кала берет. Балким дүйнө ушул антонимдер менен кызыктуудур…
Кээ бирлер…
Кээ бирлер сенден бир нерсени каалашат, өзүңдү эмес.
Кээ бирлер сенден өзүңдү каалашат, сенден бир нерсени эмес.
Кээ бирлер сени бош убактыларында жакшы көрүшөт.
Кээ бирлер сени жакшы көрүү үчүн бош убакыт табышат…
Кээде өзүбүздү башкалардын жашоосуна салыштырып отуруп, өзүбүздөн безип кетебиз. А кээде башкаларды өзүбүздүн жашообузга салыштырып, өзүбүзгө ыраазы болуп кетебиз…
Said Rahman
Соңку учурларда эч бошобой жүрөм.
Жашоонун бир тепкечинен, экинчи тепкичине өтүү аракетиндемин.
Китеп окуганга да, бул жакка бир нерсе жазганга да акыбал жок.
Жок, жок, бош убакыт деле бар. Болгону оюм чачырап ар жактарда жүрөт.
Ин ша Аллах 1-2 айда өз ордуна келип калат деп ишенип жатам.
Ошоооо, жакшы эс алгыла🤍
🧕ЖООЛУГУҢ МЕНЕН СЫЙМЫКТАН.
⠀
✍🏻Жеңишбек агайыбыз айткандай "тим кой, алардын чачы, жүзү, сулуулугу, көздөрү ырларда айтылса, сенин жоолугуң түбөлүк бакыттын жолун көрсөткөн Куранда айтылган. Түрдүү - түмөн жасануучу нерселер, атыр - упалар, алар канчалык көп болсо да күнөөлөр соолуткан жүздү жарык жылдыздуу кыла албайт ' ...
⠀
Жоолугуң менен сыймыктан менин нурлуу жүздүү апам, эжем, сиңдим! Ата - энеңдин, байкеңдин, иниңдин короосунда үзүлбөгөн назик гүлдөйсүң. Сенин сулуулугуң бир гана күйөөң үчүн, кайын - журтуңдун сыйлуу келини, балдарың үчүн жүздөгөн устаздан артык тарбия берген медресесиң. Сен адамзаттын багынын кооздугусуң. Сенин жоолугуң үй - бүлөңө береке - кутун алып келет. Сен атаңды, байкеңди, иниңди, күйөөңдү, балдарыңды" БЕЙИШКЕ " жетелеген нурлуу АЯЛ ЗАТЫСЫҢ! Жоолугуңа адебиң, кулук - мүнөзүң дал келип, уят - намысыңды жашырган жоолугуң, периштелер даражасына жеткирсин.
⠀
Жоолугуңа жараша жоругуң дал келгендей болсун. Шариятта бардык нерсе ниетке жараша кабыл алынат. Калыс Аллахтын алдында ниетиң туура келбесе тооду томорсоңда эч качан жакшылыгын көрбөйсүң. Аллага шүгүрлөр болсун азыркы күндө оронгондор көбөйдү, бирок оронуп тороло албай, жоолуктун максатын унутуп коюп жатабыз. Жоолукту бекеринен ыйбаалуулукка байланыштырбайт. Оромолуң уяттуу, ыйбаалуу кылбаса өзүңө жакшылап үңүлүп, изденишиң керек болуп турат. Ички дүйнөңдө өзгөрүү болбой, оронуп алганыңдын канчалык пайдасы бар? Дегеним, сырткы кебетеңди ороп алганыңдын максаты эмне? Ниетиң кандай? Эгер сен баягыдай эле чоочун эркек кишилер менен шарактап шеринелеп жүрсөң.
Сен баягыдай эле тойлордо эл чордонунда бийлеп, ырдап жүрсөң...
Сен баягыдай эле мусулман аялзатынын адебине туура келбеген адаттардан арыла албай жатсаң... кийими бар, кийими жоктон айырмаң жок...
⠀
🌹Урматтуу апалар, эжелер, сиңдилер! Бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү менен баарыңыздарды куттуктайбыз! Биз, аялзаты бири - бирибизге күзгүбүз, эскертүүчүбүз. Жамынсак ыйманыбызды кошо толук жамынып, шариятка дал келгендей жамынып, үлгү бололу. Бул күндө бири - бирибизге белек берип, жоолук жаңыртып, канчалардын жакшылык жолуна түшүүсүнө себепчи бололу!
⠀
🧕 Автор: Насиба Абдуллвева
⠀
https://chat.whatsapp.com/E1U0nAhDIXJ5LPXy2AtTHX
Кыялдар - сенин шык-жөндөмдөрүңдүн кыйкырыгы.
"Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт", - дептир Усман (р.а).
Кыялдануу менен аракет кылууну токтотпоңуз.
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатуху.
Араб тилин биз менен чогуу үйрөнүңүз😍
Урматтуу араб тилинин сүйүүчүлөрү жана жаңыдан араб тилин баштоочулар, сиздер үчүн кубанычтуу жаңылык😍.Телеграм платформасында "Араб тили🇰🇬" каналы сиздерге кызмат кылат.
Каналыбызга кош келиңиздер🤩.
"Араб тили🇰🇬" каналынан төмөнкү нерселерди пайдалана аласыздар.
📍Күнүмдүк жашоодо колдонулган сөздөр жана сүйлөмдөр📑
📍Сөздүктөр🗒️
📍Котормолор📚
📍Араб тили грамматикасы 📔
🔹Жакындарыңызга бул каналды бөлүшүүнү унутпаңыз!
/channel/arab_tili_111
Мен элестеткен сүйүү балким китептерде гана кездешет. Ашыкча идеялаштырып алып реалдуусу менен бетме-бет келгенде көңүлсүз болууну каалабай элемин…
Же мен даяр эмесмин…
Бир күнгө жетпей 6️⃣6️⃣ катталуучу кошулуптур.
Кош келипсиздер!
Ким жарнама кылып каналына бөлүшкөн болсо ыраазычылыгымды билдирем!
Ким бөлүшкөнүн айтып койсоңор да кубанычта болмокмун😊
Кантип англис тилин үйрөнүп жатам?
Англис тилинин А1 баскычын март айы бүткөнгө чейин бүтүрүүнү максат кылгам.
Жеткен чектен дагы процесстен рахат алуу өзгөчө сезимдерди тартуулайт экен.
📌Немисче окуган үчүн англисче тамгаларды кандай жазылса ошондой окуп кыйналып жатам. Англисчем жакшырбагандай эле болуп жатат.
📌1 айдын ичинде элдердин статустарындагы айрым сөздөрдү же сүйлөмдөрдүн бир аз маанисин түшүнүп калдым. Мурда окубай эле ээээ деген бойдон өткөрүп салат элем, а азыр токтоп, ката-пута окуганыма карабай аракет кылып окуп жатам.
📌Күндө англисче сүйлөп жатканымы элестетем. Жылыш анчалык деле билинбей жаткан үчүн өзүмдү жемелейм да, кайра баштаганым үчүн дем берем. Айтор түшүнүксүз сезимдер.
📌А1 деңгээлиндеги англисче китеп окуй баштадым. (Китепти китепканалардан таптым. Электрондук варианты жок)
Жакшы жери китепте аудиосу да бар экен. Ошону укканча текстти окуп жатам.
Күнүнө 5 же 10мүнөт.
Тил үйрөнүп жатканда тилди жаман көрүп калбаш үчүн аз-аздан процесске кириш керек. Менде ошондой.
https://www.nikolietta.com/raspisanie/distancionnyj-kurs
⤴️⤴️
Ушундай жазышты (каллиграфия) аябай үйрөнгүм келип жатат.
Баасы кымбатыраак экен, бирок окууну максат кылып койдум.
Бул эженин курсун канча айдан бери акмалап тиктеп жүрөм. Телеграмына катталып жазууларын калтырбай көрөм.
Өзүм окуй элекмин, бирок каллиграфияны үйрөнгүсү келгендер үчүн сунуштайт элем.
Реклама деле эмес, каналда ушул тармакка кызыккан кыздар бар эле.
Кирип көрүп чыксаңар болот😊
Жакшы эс алгыла!
Эшикти ачсаң эле гүл кармап турган курьерди көрсөң көңүлүң көтөрүлө түшөт да.
3-4 жолу эле сүрөткө тарттым. Мага болгондо галериям толмок😄
Гүл- ар бир аял затына жылмаюу тартуулай алган жалгыз нерсе.
P.s. Сага таандык болбосо да🌹
"Китеп Той 2024"📚🥁БИШКЕК
📌 Оой...эл-журт, укпай калдым дебеңиздер!!!🥳
22-февраль 😊🤝📚📲 Баарыңыздарды руханий -интеллектуалдык азык тартуулаган....аш казан менен кошо баш казанды да тойгузган КИТЕП ТОЙ керемет кечесине чакырабыз!
🔰 Семинар
🥞 🍧 Фуршет
🔹 Белектер жана оюндар
🔸 Поэзия мүнөттөрү
🔹 Китеп жарманкеси
🔸 Фото зона
🔰 Кызыктуу программа
Спикерлер жана коноктор
🔹 Гапыр Мадаминов
🔸Нуржигит Кадырбеков
🔹Райымжан Курбанов
🔹Элмира Ажыканова
🔸 Өзгөрүш Абакиров
🔹 Ырыскелди Сатыбалдиев
🔸 Жаныш Майрамбек уулу.
🟨 Күнү: 22-февраль
Убактысы: 18:00
Дареги: "Заман" рестораны , Тулеев 1А
🥳😊📚 Билим, максат, бийик ой__шаарыбызда КИТЕП ТОЙ
Билет алуу үчүн:
0 990 551 546 - Сайкал
Китептерди жасап алып кечке карап отурам 😄.
Азыркы жасап жаткан ишимди катуу жакшы көрөрүмдү сездим.
Жандарына кат да жазып койсомбу дейм☺️.
Ким окуса да өтө кооз окуптур. Угуп жатып аябай мен жазган текстке окшош экен деп коём.
Ушинтип тексттеримди окуп турсаңар кубанам☺️
Кээде пландалбаган сүрөттөр өзгөчө көркөм чыгат.
Ошол көркөмдүктү көргөзгөн Аллах Таалага шүгүрлөр болсун🤍🕊️
Германияга жаңы келгенде ушул эс алуучу жерге дайыма шайтан арабамды 🚲 минип алып келер элем. Анын бир себеби, жашаган жеримде башка кооз жерди билбегенден болгон, бирок азыр карап отуруп эң биринчи келген, биринчи Аллах Таалага ыраазычылык айтып, биринчи ыйлаган, биринчи кыздар менен ушул жерде жолугуп, биринчи дасторкон жайып пикник уюштурган жерим болуптур.
Азыр көп келбей калгам. Келгенге убакыт да, маанай да жок. Башында шайтан арабаны жакшылап үйрөнүү үчүн да келип жүрдүм. Ушул жакка келе жатып бир эжени сүзгөм. (Дагы жакшы: “Жакшылап тепкенди үйрөн! деп кабагы түйүлүп, коркуп кеткенимден унчукпай кетип калган)
Ошо, азыр да жээгине келип өткөн-кеткенди эстеп отурам.
Ушул бойдон эми айлана жашылданып, гүлдөр жайнап калганда келермин.
Үшүп кеттим, ичикиий🌬️
⤵️ Жазында ушундай кооз болуп калат.
Эмнеге жүрөк жалгыз?
Калган бүт мүчөбүз шерик-шериги менен.
Бүгүн сабакта ушундай суроо берилди. Такыр ойлонуп көрбөгөн экен элем.
1933-жылдан 1945-жылга чейин Адольф Гитлердин жүргүзгөн улутчулдук саясатынын айынан 6 миллион еврей массалык түрдө өлтүрүлгөн. Бул геноцид тарыхта Холокост деген ат менен белгилүү. Фашисттердин еврейлерге карата жүргүзгөн зомбулугун билбеген адам болбосо керек. Анткени бул ырайымсыздыкты башынан кечирген еврейлердин урпактары Холокостко байланыштуу канча деген фильмдерди тартышты, чыгармаларды жазышты. Бирок еврей калкынын кинолордо, маалымат каражаттарында, китептерде аянычтуу кылып чагылдырышы Израил мамлекетин түптөө үчүн колдонулган курал экендигин билбесеңиз керек.
4 айдан бери сионисттик Израил дүйнөнүн көз алдында палестиналыктарды мыкаачылык менен кырып жатат. Алар жаш балдарды, аялдарды да аяган жок. Бул анык фашизм, расизм эмеспи? Эмне үчүн Гитлердин фашисттик саясатын сындаган ири державалар Израилдин жексурлугу тууралуу үн катышпайт? Палестиналыктардын каны, көз жашы менен адилетсиз курулган Израил мамлекетинин артында кимдер турат? Уландысы 👇
https://apyshova.livejournal.com/322.html
Германияда BIZ уюму тарабынан атайын китеп проект ачылган.
📌 Мында КРдан кыргызча китептерди алып келип, мекендештерди эне тилдеги китептер менен камсыз кылуу башкы максат болуп эсептелет.
📌 Түшкөн каражаттар кайра эле китеп алып келүүгө жумшалат. Себеби Айтматов, Т.Касымбековдун романдары көлөмү жагынан бир топ эле оор болуп, бул жакка алып келүү өзү эле чоң түйшүк жаратат экен.
📌 BIZ уюму коммерциялык багытта иш алып барбаганы, түшкөн акча кайра эле кыргыздар үчүн жакшы бир иш-чараларга жумшалганы бул жакта ыктыярчы болгонумдун жалгыз себеби.
📌 Учурда ошол Китеп проектти мен жетектейм.
Инстаграм баракчасын кооздоп, сммдик кызмат аткаруу да менин моюнумда😊
Кечээ бир видео тарткам.
Колдоп, бөлүшүп, Германиядагы тааныштарыңарга жөнөтүп койсоңор аябай сүйүнмөкмүн. Баракчага катталып алсаңар кызыктуу контент тартканга аракет жасайм.
📌 А бул баракчанын ссылкасы.
https://www.instagram.com/reel/C2hIOdiM0Ad/?igsh=MnBxOWRoNnI0aHY3