🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
🖇️
"Кызык, бүт убактыңды дүйнөгө короткудай, бир гана бул дүйнө үчүн жаратылган белең?"
🖊️ Бедиуззаман Саид Нурси
📖 "Сөздөр"
@joloochular
🖇️
Отко чырмап сезимди өрүп турам,
Оюм токтоп мезгилден бөлүп турам.
Бажырайган көзүңдөн жүрөгүмдүн,
Бүчүр байлап жатканын көрүп турам…
🖊️Алтынбек Исмаилов
🖇️
“Жаратман” ютуб каналынын 90% чыгарган подкасттарын угуп бүттүм. Жалгыз, узак жолдо ушундай узун 2-3 сааттык подкасттар достой эле сени коштоп, зериктирбей барат.
Дүйнөдө болуп жаткан кызыктуу ачылыштар, пайдалуу маалыматтар жана жаңы инсандар менен таанышасың. Мисалы бүгүн Чыңгыз аттуу байке менен тааныштым. Ойлору, максат-тилектери аябай таң калтырды. Өзгөчө мени кармап калганы-бул анын жубайы менен болгон мамилеси жана алардын бири-бирин колдоп турганы болду.
Подкастты угуп бүтүп дароо аялы жөнүндө маалымат издедим. Анткени 100% билдим, мындай күчтүү эркектин артында ошондой эле күчтүү аял турарын. Таап, видеосун көргөн соң окууга болгон, билим алууга болгон кызыгуу дагы да артты. Аялы Гарвардда, жолдошу Стэнфорд университеттеринде окушуптур. Кандай гана керемет!
Колуңар бошосо угуп койсоңор болот. Айфондун “Подкасты” бөлүмүндө “Жаратман” дын чыгарылыштары бар, же YouTube аркылуу көрсөңөр болот.
Телеграмда атайын боттор бар. Ошолордун жардамында видеодон үндү бөлүп алып сактап койсоңор болот. Кийин интернет жок убакта деле уга бересиңер.
Жагымдуу угуу же көрүү каалайм.
Шилтеме⤵️
#пайдалуу
🪐
Жашоонун эң сонун учурун жашап жатат өңдөнөм.
24 жаш. Кырчындай жаш курак. Акырын өзүңдү коомго аралаштырып бир жерден орун алууга ашыгасың. Чөйрө, дос-чар күтөсүң. Млндоп акча таппасаң да, күнүнө сүйүнүп келген жумушуң бар. Коллегаларың эң мыкты инсандар. Акча бактылуу болуучу нерселерди сатып берет, бирок биро толо сени бактылуу кыла албайт. Бакыт бардык жерде бар. Болгону аны көрө жана сезе билүү керек.
Акыл калчап жаңы кесип тандоо жолундасың, жакында кайра баары башынан башталат. Балким Аллах Таала насип кылса экинчи ирет “Студент” аталасың.
Жолдор узун.
Келечек алдыда.
Эл айткан: “Кары кыз” элдин оозунда эле, а сенин башыңда эмес.
🪐
Коллегаларымдан ишке 10-20 мүнөт эрте келүүнү үйрөнүп жатам.
Ушул сапатын алып өзүмө калыптандырам деп сөз бердим. Шашпай келип, кофе ичкенче бир аз басып, башкалар менен сүйлөшүп анан кийимдерин алмаштырып ишке жакшы маанай менен кирип келет.
Өзү дагы нерв болбойт, башкаларды да нерв кылбайт.
P.s. Сүрөттө коллегам үчүн алынган тамак. Ал түштөн кийин келгени үчүн түшкү тамак дайыма алып коёбуз. Көргөндө жакшы маанай тартуулоо максатында сүрөт тартып коём. Жакшы тарта албайм, бирок бул бирөөнүн маанайын көтөрбөшүмө себеп эмес.
#жумуштан
🪐
Атамдын мээрим тонун кийип жүрөм,
Ааламдын ызгаар суугу өтпөсү үчүн.
🖊️ Бүкалча Маматали кызы
Салтыбыздан айланайын
Карылар үйүндө иштейм. 3 айдан соң 1 жылдын жүзү болот. Келген коноктордун көпчүлүгү унутчаактык менен ооруган адамдар. Кээде сүйлөп жатып сөздөрдү да, кетип жаткан сүйлөмдүн маанисин да унутушат. Башка эле нерселерди айтып башташат.
Жакында бир кыз менен жолуксам айтат: “КРда мынчалык унутчаак карыларды көрө элекмин. Бизде бул оору менен жабыркагандар аз экен” дейт. Ооба деп ага кошулдум. Албетте немистердин калкы бизден канча эсе көп, ошондуктан оорулардын түрү да көп.
Эмне үчүн унутчаактык оорусуна көп чалдыгышат деп суроо бергенимде жалгыздыктан, депрессия болгондон, көп сүйлөшпөгөндүктөн деп жооп кайтарышты эле.
Карап көрсөм Кыргызстанда небере-чебере болуп, карылар жаш балдар менен баарлашып, тууган-туушкан, той-топурларга барып, депрессия, жалгыздык деген оорулардан алыс экен.
Ата-бабаларыбыздын азыр биз алып жаткандай билими жок болсо да, түбөлүктүү ачылыштарды жасап салышыптыр.
Ойлонуп көрсөм чын эле.
Чоң ата, чоң энесинин, таене, тайатасынын тарбиясын алган балдар өзгөчө кыраакы, куйма кулак болушат. Кыстырма кылып айтсам, ата-энеси биро толо таштап кетип калган эмес, баары чогуу өскөн. Мисалы балага мээрим ата-энеден, андан соң чоң-ата, чоң-энеден болуп, баарынын сүйүүсүнө малынып чоңоёт.
Неберелерин ээрчитип отуруштарга барган таенемдин досторун эми түшүндүм. Көрсө ата-энеси иште, а экөө бири-бирине эрмек экен.
Керемет!
🪐
☕️
Чай
Чай
Чай
Чай
Чай
Чай
🪐
Бул азыр гана шеф алып келип берген таттуу таякча. Мындай таттуунун окуясын жазып калтырбасам болбостур.
Бүгүн бизде коллективдин жаңы жылга карата майрамы болот. Эмнеге мынча кеч болуп жатканын сурабай эле койгула ээ? Мен деле билбейм.
16:10 дор чамасында биз иштеген жердин башчысы келип кол жазмасы сулураак бирөөнү издеп жүргөнүн айтты. “Менин кол жазмам жаман, бирок бул аттарды кагазга түшүрүш” керек дейт.
Унчуккан жокмун.
Анан жаныма келип менден сураса болобу)
Кол жазмам сулуу деле эмес, бирок жазып көрөйүн. Эгерде жакса анда жазып берем дедим.
Бир атты айтты. Жаздым. Менимче жактырды көрүнөт. Анан башкалардын аттарын айтты. Ошентип 10 мүнөткө жетип-жетпей 10-20 жылдан бери иштеген, эмгеги сиңген жана бүгүн сыйлык алуучу адамдардын аттарын кагазга түшүрдүк.
Ошол боюнча кетип калгам.
А азыр 4-кабатка ушул таттууну жазып бергеним үчүн ыраазычылык катарында алып келиптииир.
Ааааааа? Ушундайда болобу? Жөн эле “Рахмат” деле жетмек, а бирок адам акысын сыйлап, андан сырткары ошончо уюштуруу иштерине карабай мени таап алып келип бергени жүрөгүмдү жылытты. Кичине окуя, а бирок бирөөнүн жүрөгүндө өзгөчө так калтырды.
Аллахым мени да татыктуу кылсын!
#жумуштан
🪐
Джордж Оруэллдин “1984” чыгармасын окугандан кийин өзүмдү аябай оор сезгем. Мени кимдир бирөө аңдып жүргөндөй коркуп, үйдө катуу да сүйлөй албай бир канча күн китептеги жашоо образы менде созулган. Азыр да ошол элестер кетпейт. Бирок китепти жактырып окубаганым менен унутулгус болуп калды. Кээде жактырып окулган китептер деле эстен чыгып кетет го.
Андан соң Джек Лондондун “Мартин Иден” романы.
Бул китептеги башкы каарманга өзүмдү кээде салыштырам.
Мен умтулган бийиктик, мага бакыт алып келеби деп ойлоном. Ашыкча эле ар нерсени билгим келип баштаганда дароо Мартин эске түшөт. Бул чыгарманы да, каарманды да унутпайм го дейм.
А жакында Франц Кафканын “Кубулуу”
новелласын окуп дагы өзүмдү оор сезип жатам.
Китепти жаап салган менен окуп жаткандагы каармандардын жашаган жашоо образы, кыял-максаты унутулбайт экен. Бул чыгармаларды адам эсинен чыгара албаганы үчүн да классикадыр.
Баса, бүгүн да бир китеп сатып алдым.
Ушунчалык кызык болорун сезип жатам. КРда болгондо онлайн эмес (пдф) китептин өзүн алмакмын.
Барактап, сызмалап окугум келип жүрөт.
Кагаз китеп сатып алуу жакынкы күндөрү кыял эле болуп турат окшойт🙂
(Кыргызча/орусча)
🪐
7 күндүн жыйынтыгы:
Телеграм, YouTube, Instagram жок болсо эле соц тармактан четтедим деп айта албайт экенсиң. Вотсап, пинтерест, ар түрдүү тиркемелер бирдей эле убакытты алды. Жекече байкоом боюнча “Телефонсуз 1 күн”, же “Интернетсиз 7 күн” сыяктуу челленждер дагы да пайдалуудай сезилип жатат.
Эч болбосо “Соц тармактарсыз 21 күн”. 7 күндө өзгөрө да албайт экенсиң, байкоо дагы оордук кылды. Шириндиктен өзүңдү тартып, тартып бир күнү өтө көп жеп ден соолукка зыян алып келүүдөн көрө, аз-аздан, бирок чеги менен жеген пайдалуураак экен.
💡 Маалымат булагынан өзүңдү чектеп эч нерсе таппай турганымды түшүндүм. Соц тармактардан мотивация алып, ар түрдүү маалыматтарды окуп, күндө бир нерселерди жазып туруу өзүмдү жакшы сезишиме жардам берерин аңдадым.
💡 Туура убакытты колдонуу,(тайм менеджмент) эффективдүү окуу методдорун үйрөнүү, баарынан баш тартып эч нерсе кылбагандан дагы да маанилүү экенин түшүндүм.
Коомдон өзүңдү четтетпей, болгону убакытты туура пайдалануу, чектен чыкпөө маанилүү экен.
🪐
Силерге сунуштаган 3-баракча:
/channel/kitepkofe
Кыргызча, орусча китептердин көпчүлүгүн ушул баракчадан тапкам. Админ бир канча убакытка жок болуп жакында гана кайра жандуу алып бара баштады. Өзгөчө жакканы баракчадан эргүү аласың. Андан сырткары көп пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп турат.
Жалаң гана айымдар үчүнбү же аралашпы билбейм.
🪐
Силерге сунуштаган 1-баракча:
Бул баракча китеп сүйүүчүлөр үчүн чыныгы кенч! Эгер китептерге кызыгып, жаңы чыгармалар, авторлор тууралуу билгиңер келсе, бул канал силер үчүн⤵️
Билим- түгөнбөс азык, жоголбос байлык, кемибес кенч дегендей, силерди “Илим-Билим” каналына кошулуп алууну сунуштаймын 🫶
Баракчада камтылган нерселер :
✨электрондук китептер(бардыгы пдф форматта);
✨кооз сүрөттөр;
✨маңыздуу учкул сөздөр
@ilim_bilim_i ✅
🖇️
Унутулгус күн
05.02.2020
Ушул датада телеграм баракчам жаңы ачылган эле. Андан бери жакшы күндөрдү да, жакшы эмес күндөрдү да чогуу өткөрдүк. Биргеликте алдыга карай өстүк. Ал убакта катталган кээ бир досторум азыр “Эне” статусунда. Кээ бирлери башка мамлекеттерге кетишти. Жаш кыздар мектепти бүтүп азыр университетте окуп жатышат.
Биринчи баракчам ачылганда көп адам жардам берип, көп жакшы нерселерди уюштурдук эле.
Ошолордон Аллах ыраазы болсун.
Убакыт өтө берет экен. Бул текстти жазып өзүм таңкалып жатам. 5 жыл…
Элестетсеңер 5 жыл…
Баракчамдын туулган күнүнүн урматына каалаган текстти алып же баракча тууралуу ой-пикир жазып, досторуңар менен бөлүшүп койсоңор белек катары кабыл алмакмын. Аябай кубанам!
А 5 жылдан бери окуган адамдар болсо реакция калтырып койсоңор жакшы болот.
Эртең сонун атмосфера менен келип окуюн деп текстти бүгүн жазып койдум. Бизде али 5-февраль боло элек🌙
🖇️
Сен каалаган нерсени Жараткан сага бербегенине дагы көп ирет ыраазы болосуң.
#котормо
Ак жуумал болуу бул сулуулук эмес, кара тору болуу бул түрү сууктук эмес. Себеби кепиндин түсү ак коркунучтуу, Каабанын түсү болсо кара жагымдуу болот.
Жакшы түгөй дүйнө сыноосун жеңилдетип, акыретте колуңдан жетелеп бейишке алып барат.
Адам акчасын жоготкондо кедей, эркиндигин жоготкондо кул, сүйүүсүн жоготкондо акын болот экен.
-Өздемир Асаф-
27 жылдан бери сот болуп иштеп келген кишиден ажырашуулардын себебин сураганда "Ачуусун кармай албаган эркек менен ага жооп берген аял. " деп жооп берген экен.
Денеси өлгөнгө ыйлап, жан дүйнөсү өлгөн адамга ыйлабаган адамдарга таң каласың. -Газали-
Адам баласы жаштыгын арамга коротуп жатканда бир гана жаштыгын эмес, ал жаштык менен кошо акыретин, Алланын ыраазылыгын алуу мүмкүнчүлүгүн дагы жоготот.
-Саид Шашмаз-
Азан жүрөгү Абу Жахил болгонго жоопсуз бир чакырык, жүрөгү Билал болгонго бейиштен бир жаңырык.
Сабырдын баалуулугун сен Алла Тааладан бир гүл сураганыңда Ал сага чоң бир бакча бергенде түшүнөсүң.
🖇️
Соот сымал коргойт ар бир тараптан,
Ар бириңе жоолук сонун жарашкан.
Баш таажыңар башыңардан түшпөсүн,
Белек кылып берген аны Жараткан.
🖊️ Каратаева Нуриза
~ бүгүн бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү экен.
🪐
• Биологиялык ата-эне болууну тоок менен короз деле билет, бирок балага тарбия берүүнү, туура жолдош, жар тандоону окуу керек.
• Кыздын кийген кийими, өзүнөн кымбат болбош керек.
• Тунук ой, таза ниеттин жоктугунда.
• Нормальный жигит жок дешет ээ? Эмнеге жок билесиздерби? Анткени нормальный жигитти көргөн түшүнүк бизде жок.
🪐
Акыркы байкоолордон:
Эркек канчалык кызга окшошкусу келбесин, эркекке тиешелүү табияты болот экен.
Аял дагы канчалык эркекке окшошкусу келбесин аялдык табияты баары бир болот экен.
🪐
Жаман адам эмессиң билип турам,
Жакшы көрөм адамды ичиңдеги.
🖊️ Улукбек Омокеев
🪐
2-сүрөттө Ч.Айтматовдун немисчеге которулган чыгармалары.
Аалам ичинен өз дүйнөңдү таап чыккандайсың!
Биздин сыймык!
🪐
Анда кыргыздардын иш-чарасында элем. Адаттагыдай уюмдун китебин сатып тургам. Бир убакта бир мырза жаныма келип:
-Бул жерден кайсы китепти окуган эмессиң деп сурады.
-Баарын окугам деп жооп кайтардым.
-Бир аз ойлонуп туруп: Анда кайсы китепти окугуң келип жүрөт деди.
-…… китептин атын айттым.
-Анда сага КРдан алдыртайын ээ деп убадасын берип, акырын гана кетип калды.
Ал диалогдон бери арадан бир топ убакыт өттү.
А мен китепти көп күттүм. Китептен башка буюм болсо балким эбак эле унутмакмын…
Кашайып ал күтүү текстке айланып чыкпадыбы….
Күтүү үмүтү үзүлбөйт, а бирок убада берген адамдан үзүлдү…
🪐
-Нурзат, мен сага бир нерсе ала келдим. (Сумкасын акырын чукулап)
Бул рамен Индонезиядан чыгат.
Жеп көрдүң беле?
-Кубануу менен: Чооооң рахмааат! Жок, жеген эмес элем.
(Аларым менен артын окуй баштадым. Б.а “halal“ деген жазууну издеп)
-Карасаң, “Halal“ деп жазылуу турат.
-Аа ооба. Бүгүн анда жеп көрөйүн.
P.s. Жөнөкөй эле рамен, бирок атайын адалын таап алып келгени өзгөчө жүрөктү жылытты.
Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун.
Жакшы коллегалар дагы Алладан келген ниамат. (белек, жакшылык, байлык)
Мени да татыктуу кыла көр!
#жумуштан
Баракчага жаңы кошулган катталуучулар, өзүңөрдү үйүңөрдөгүдөй сезип төрдөн орун ала бергиле.
Жаңы кошулсаңар дароо суроо берип ыңгайсыз кылбайын. Өзүңөрдү кенен сезгиле.
А өзүмдүн такай окурмандарым үчүн 1 жума телеграм жана YouTube га кирбегеним тууралуу байкоолор менен бөлүшөм.
Силерге кандай ыңгайлуу?
1. 4 күн күндө сезген сезимдерди жазгам (Күндөлүк) 🔥
2. Бир жуманын дароо жыйынтыгы (Жыйынтык)⚡️
Реакция тандасаңар ошого карата айтып берем✨
🪐
Силерге сунуштаган 4-баракча:
/channel/SapargulAbdinabieva
Сапаргүл эженин баракчасын окуп баштаганыма көп болбоду. Ичим ачышканы эмнеге мурун тапкан эмесмин, эмнеге кеч катталдым дегем.
Анткени жашоону башкача көз-караш менен кароону, “Мындай эмес, мындай жашаса да болот, окуу эч качан кеч эмес!” деп турат.
Баарыңар катталып окуп турууңарды сунуштайт элем.
Жеке блогду эң сонун алып барган жана окурмандары эң активдүү деген жалгыз баракча. (Менин көз карашымда)
🪐
Сиздерге сунуштаган 2-баракча:
/channel/kitep_duinom
Кыштын узун түндөрүн жан дүйнөңүзгө азык алып өткөзгүңүз келсе✨, анда бул КИТЕП каналга сөзсүз катталыңыз. Кыргыз жана дүйнөлүк адабиятынан эң таанымал чыгармаларды бөлүшүп турат📝.
🪐
7 күнгө-7 канал
Баарыңар окуганыңардай эртең телеграм каналды 7 күнгө өчүрөм, бирок силерге кызыксыз болуп кетпеши үчүн өзүм көптөн бери окуган, кызыктуу деп санаган, пайдалуу 7 канал менен 7 күн бою бөлүшөм. Катталып, бөлүшкөн каналдар менен таанышып турсаңар болот.
2-3 баракчанын админине бири-бирибизди жарнамалоо сунушу менен жаздым. Көптөн бери алардын баракчаларын окуган үчүн ишенем жана сунуштагандан кыжаалат болбойм.
Телеграмда постторду алдын ала даярдап коюу функциясы бар. Ошол функцияны пайдалануу менен посттор даярдалат жана баары 7 күндө бир саатта чыгат.