kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Үйрөнүүнүн техникалары

1.1 🆎🆎🆎🆎🆎🆎🆎🆎🆎

⚫️Көпчүлүк адамдар үчүн окуу процессин баштоо кыйын, бирок бул маселени мотивациялык сүйлөмдөрдү колдонуу менен жеңсе болот. Мисалы: “Азыр жасасаң,бат эле бүтөсүң!” ж.б

⚫️Мындан сырткары
– бул даярдык көрүү. Окуу бурчуңузду иретке келтирип, алаксыта турган нерселерди алып салуу керек. Ошондой эле
5 жолу терең-терең дем алып, дене-боюңузду түздөп 10секунд ичинде окууну баштоо.

⚫️Окууда мотивациянын дагы бир маанилүү ыкмасы – өз максаттарыңызды так аныктоо. Өзүңүзгө жетишкендигиңиз үчүн белек берүү дагы натыйжалуу. Мисалы, бир тапшырманы ийгиликтүү аткаргандан кийин сүйүктүү музыкаңызды угуу менен эс алсаңыз болот.

⚫️Максатка жетүү үчүн окуу процессин майда бөлүктөргө бөлүү. Ушундай жол менен чоң максаттар кичинекей, жеңил жетүүгө мүмкүн болгон кадамдарга айланат. Ар бир кичинекей жетишкендик мотивацияны күчөтүп, окуу процессин жеңилдетет.

⚫️Окуу күндөлүгүн жүргүзүү ыкмасы
Күн сайын канча убакыт окуганыңызды кыскача жазып, окуу процессине канчалык канааттанганыңызды баалай аласыз:
”+” Мен канааттандым.
”+/-” Мен жарым-жартылай канааттандым.
”-” Мен канааттанган жокмун.
Окуп бүткөндөн кийин өзүңүздү эс алуу менен сыйлоого болот.

⚫️Өзүн-өзү байкоо, өзүн баалоо жана өзүн сыйлоо окуу жөндөмүн жакшыртат. Эгерде адам өзүн жакшы көзөмөлдөй ала турган деңгээлге жетсе, анда күндөлүк жазуу зарыл болбой калат. Ошондо ал бул ыкмасыз деле окуй алат, бирок адам эски көнүмүш адаттарына кайтып келип калса анда бул ыкманы кайра колдонуу пайдалуу болот.

⚫️Эгерде адам кандайдыр бир предметке кызыгуусу жок болсо, анда мотивацияны байланыштыруунун ыкмасы аркылуу бул маселени чечүүгө болот. Адам өзүнө жакпаган сабактын ичинен кызыктуу жактарын издөөгө аракет кылышы керек.
Мисалы, азыр англис тили сабагы сизге анча кызыктуу сезилбей жатса, бирок сиз англисче ырларды жакшы көрөрүңүздү түшүнсөңүз, анда аларды которууга аракет кылыңыз. Ушундайча, англис тили сабагы сиз үчүн кызыктуу боло баштайт.

📣 Эртең ушул эле китептен убакытты пландоо тууралуу жазам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

*⃣Колдон келүүнүн сыры -каалоодо.*⃣

🪶 Жузеппе Мадзини

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Сүйүү чоң букет гүлгө, айфонго, кымбат-баалуу белектерге байланбайт. Эки адамдын мамилесин жакшыртуу, ортодогу сезимдерди дайыма жаңылап турууга балким ар кандай белек-бечкектер себеп гана болоттур.
Белектин жүрөктөн чыкканы аны дагы да баалуу жана жугумдуу кылат.Анын кымбаттыгы, чоң-кичинелиги мааниге ээ эмес. Соц тармактар өнүккөн заманда башкаларды көрүп өз жашообузга, алдыбыздагы партнерубузга арткан жоопкерчиликтер, нааразычылыктар көбөйдү. 8-март деп эле бакытыбызды бир күнгө жана болор-болбос белектерге байлап алдык. Аялдын кадыры ошол беле?
Үйдүн куту, аалам ажары болгон айымдарды сүйүү үчүн, сүйүлүү үчүн бир күн аздык кылат!
Аял каалаган күнүн майрам кылып алууга күчү жетет!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

“Орозо кармоо - парз, а максаты - такыбалык. Эгерде Рамазан айынан кийин такыбалык өспөсө, анда бир ай ичи сен жөн эле ачка жүргөн болосун. ” 😓

с.Максат ажы🖊️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Ар бир адам өзү жакшы билген же аябай кызыккан тармагындагы маалыматтар менен бөлүшүп, айтып же жазып элдерге көмөктөшсө, коом үчүн да, мамлекет үчүн да салым болот.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Кош келдиң куттуу айыбыз, Рамазан!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Желмогузмун душманыма сынатса,
Периштемин мени апамдан сурашса.

🖊️ Улукбек Омокеев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

💡Рамазан айына даярдык:

🏷️1. Бөлмөңдү иретке келтирип, бир аз өзгөртүү киргиз жана тазала.
🏷️2. Намаз кийимиңди жана жайнамазыңды жууп, жагымдуу жыт себип кой.
🏷️3. Бөлмөңдө кичинекей болсо да ибадат бурчун даярда. Канчалык тар же кичине болбосун, мындай бурчту түзүү мүмкүн.
🏷️4. Намаз кийимиңди, сажда килемиңди жана Куранды ушул бурчка жайгаштыр. Бул жерде Аллахка дуба кылып, сырыңды бөлүш, анткени ал Кыямат күнү сен үчүн күбө болот.
🏷️5. Кичинекей кутуча алып аны “Рамазан үчүн садака” деп ата. Ар күнү ага бир аз акча салып, аны менен кайрымдуулук иш-чараларын уюштур – мисалы, майрамга кийим алып берүү же жетимдерге ооз ачтыруу.
🏷️6. Күн сайын бир жакыр үй-бүлө менен ооз ачууңарды бөлүшүү жакшы идея. Тамакты бир аз көбүрөөк жасап, аларга дагы бөлүп бергиле.
🏷️7. Жактырган жана жүрөгүңө жакын болгон бир сүрөнү тандап аны жаттап алууга ниет кыл. Бул ыйык айда чоң сооп аласың.
🏷️8. Көп истигфар (күнөө кечирим сурап) айт. Ниетиңди так аныкта – мисалы, Аллах сага салих (жакшы) урпак берсин, кайгыңды жеңилдетсин ж.б. Көптөгөн маселелер истигфар менен чечилет.
🏷️9. Үч адамды (бир туугандарыңды же досуңду) тандап, алар үчүн күн сайын дуба кыл. Ошондой эле, алар да сен үчүн дуба кылышсын. Айдын аягында анын натыйжасын көрөсүң. Анткени периштелер: “Сен башкалар үчүн дуба кылсаң, сага да ошондой эле берилет” деп айтышат.
🏷️10. Рамазанда ар жума сайын ажылык жана умранын сообуна ээ бол!
Ооба! Ар жума бир күндү тандап (же бир нече күн), таңкы намаздан кийин жайнамазыңда калып, дуба кыл, тасбих айт, истигфар кыл, Куран оку жана күн чыккандан кийин эки ракат намаз (ишрах намазы) оку. Муну кылсаң, толук ажылык жана умранын сообун аласың.
🏷️11. Куранды көп оку. Үч жолу хатым кылууга ниет кыл. Эгер толук бүтүрө албасаң да, ниетиң үчүн сооп аласың. Анткени ар бир тамга үчүн он сооп берилет, айрыкча Рамазанда. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба!
🏷️12. Ар күнү кичине суммадагы акчаны чогултуп, он күн сайын жетимге садака кыл. Ар бир кайрымдуулукка өзүң каалаган тилегиңди кош.
🏷️13. Өзүң үчүн жашыруун ибадат планы түз. Аллах үчүн кылган жашыруун амалдарың соопторуңдун таразасын толуктайт.

📬 Маалымат алынган булак)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⤴️ Туура жооптор:

1. Флорист
2. Влоггер (тамак-аш)
3. Ашпоз

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Бүгүнүңдөн зериккенде баш чулгуп,
Эртеңиңе жеткиң келет тезирээк.

🖊️ Жолон Мамытов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⤴️

1386-жылы университет менен биргеликте түптөлгөн.
1901-жылы ачылып, Германияда эң эски деп аталган Хайдельберг университет китепканасы.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Жашаган калбайт, жасаган калат!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Үмүтүңдү өчүрбө.
Ал өчсө баары бүтөт.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Унутулгус күн
05.02.2020

Ушул датада телеграм баракчам жаңы ачылган эле. Андан бери жакшы күндөрдү да, жакшы эмес күндөрдү да чогуу өткөрдүк. Биргеликте алдыга карай өстүк. Ал убакта катталган кээ бир досторум азыр “Эне” статусунда. Кээ бирлери башка мамлекеттерге кетишти. Жаш кыздар мектепти бүтүп азыр университетте окуп жатышат.
Биринчи баракчам ачылганда көп адам жардам берип, көп жакшы нерселерди уюштурдук эле.
Ошолордон Аллах ыраазы болсун.
Убакыт өтө берет экен. Бул текстти жазып өзүм таңкалып жатам. 5 жыл…
Элестетсеңер 5 жыл…

Баракчамдын туулган күнүнүн урматына каалаган текстти алып же баракча тууралуу ой-пикир жазып, досторуңар менен бөлүшүп койсоңор белек катары кабыл алмакмын. Аябай кубанам!

А 5 жылдан бери окуган адамдар болсо реакция калтырып койсоңор жакшы болот.

Эртең сонун атмосфера менен келип окуюн деп текстти бүгүн жазып койдум. Бизде али 5-февраль боло элек🌙

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Сен каалаган нерсени Жараткан сага бербегенине дагы көп ирет ыраазы болосуң.

#котормо

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📚

Густав Келлердин “Тил үйрөнүүнүн техникалары” (Techniken des Sprachenlernens) аттуу китебин баштадым. Буюрса
ал жактагы маалыматтарды бул жерге “Ээ аны баары билет да” деген ички үндү укпоо менен жазууну туура көрдүм. Балким ини-сиңдилериме пайдалары тийип калаттыр.

Керектүү боло турган болсо реакция калтырып койсоңор кубанам.
Бул аудиториянын каалоосун билүү, ошондой эле кийинки темаларды тандоого өбөлгө түзөт.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Буюрса 14-март күнү Франкфурт (Германия) шаарында акысыз ооз ачуу болот. Быйыл КРдан Абдышүкүр ажыбыз келип баян өтмөй болду.
Толук маалыматты бир аздан кийин жөнөтөм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Бүгүн соңку жумуш күнүм болду. Ооз ачып алып сыртка чыгып басып келдим. Ар күнү ооз ачуу жана жабууда чымчыктардын сайраганын угуп жатам. Жаздын белгиси, тынчтыктын белгиси.
Былтыры күзүндөсү мартка деп отпуск алдым эле. Ал кезде КРга барып келсемби деп ойлогом, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп бул айда барбай калдым. Мекенге тынч жүрөк менен баргым келет. Денем ал жакта, оюмдун баары бул жакта болсо ырахат алуу кайдан болсун?!

Ин ша Аллах 11-март күнү немис тилинен экзаменим бар. Өтүп кетсем окууга кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болом. Мен үчүн аябай маанилүү экзамен. Ооз ачарда дуба кылып коюшуңарды суранат элем.🤲🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Кыргызстан бул жагы❤️‍🩹

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌙

Кечээ болгон диалог:

Ал: Эс алуу күндөрүнө кандай пландар?
Мен: Эртең эч нерсе пландаганым жок. Үйдө болом. Рамазан башталат. 30 күн орозо тутабыз. Баштапкы күндөрү бир аз кыйыныраак болот.
-30 күн? Бирок суу ичсеңер болот да ээ? (P.s. Крестүүлөрдө суу ичсе болот)
-Жок, суу дагы ичсе болбойт. Күн чыкканга чейин жана күн баткандан кийин гана бир нерсе жей алабыз.
-30 күн ичиби? Анда жакшы арыктайт экенсиңер.
-Ооба, бирок орозо арыктайын деген ниетте кармалбайт. Арыктайм деп ниет кылсаң арыктагандан башка эч нерсе ала албай каласың.
-Дагы эмне кыласыңар?
-Аллахтан көп-көп дуба кылабыз. Кечирим сурайбыз. Туугандар, достор менен мамилени оңдойбуз. Мекенимде болгонумда ар күнү кеч чогуу тамак жасап, чогуу тамактанып, чогуу намаз окуйт элек. Бул деген ички биримдикти аябай бекемдейт. Бири-бирибизге белек беребиз. Зекет беребиз ж.б
-Анда силер үчүн чынында эле маанилүү ай экен. Сонун.
-Ооба.

Аллахым быйылкы Рамазанга да жеткирди. Ырайымдын, мээримдин, кечиримдин, сүйүүнүн айы. Аллахым ниет кылып кармаган орозолорубузду кабыл кылган болсун!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Келечекти өтө көп ойлонуп жатканымды кечээ сездим. А болсочу, эгерде болбосочу, аны кылыш үчүн муну кылыш керек, ага өтүш үчүн муну окуш ж.б толгон токой ойлор.
Ойлорум мээмди курчап, жаңы идеяларга жабык болуп калгансыды.
Мен ойлогон келечек менде барбы же жокпу жалгыз Аллах билет. Балким ал күндөрдү көрбөй калам. Балким башкача болуп өзгөрөт.
Эмнеге жок нерсени ойлонуп кыжаалат болуп, учурумду жаркырата жашабайм?
Убагында кечирим сурап, убагында жакшы иштеримди кылып, убагында башкаларга жардам бербейм?
Келечек-сен менде барсыңбы же жоксуңбу билбейм, бирок учур мендеги жалгыз баалуулук!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жаздын алгачкы белгилери🌱

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

4-күн. Кеч. 5-күнгө нан менен сүт калбай калгандыктан супермаркетке 3 кыз чыкканбыз. Семинар уюштуруп жаткан эженин машинасы бар эле. (Кудайга миң ирет шүгүр)

Нан алдык, сүттү издеп жатканда мени бирөө тиктеп жаткандай сезилди. Көңүл бурбадым. Жылсам ошол тиктөө кошо жылгансыды. Башымды көтөрдүм да бурулуп карадым. Карасам чынында бир киши карап туруптур. Албетте немис эмес, башка улуттан экен. Сакал менен кашка маани берсек түрктөргө окшош)
Жанымдагы немис кызга:
-Бирөө карап жаткандай сезилип жатабы?
-Жок.
-аа анда окей
Демек мага жөн эле сезилген окшойт.

Алына турган нерселерди алдык. Акча төлөгөнү барып артты карасам жанагы киши дагы деле тиктеп туруптур.
Ошол ачка көз дене-боюмду дүркүрөтүп салды. Ал көз-караш башкача эле. Эгерде жаа болсо жүрөктү жарып өтүп кетмек.
Сыртка чыксак ал адам алысыраак жерден карап туруптур.
Жүрөк шуу дей түштү. Демек эч нерсе алган эмес. Биздин бүткөнүбүздү көрүп, алды жактан күтүп турган.
Албетте ал киши 3-кыз машинада отурганын билген эмес. Кадамды катуулатып, машинага отуруп кетип калдык.

Секундда кандай нерсени, кандай коркууну жашаганды кыздар гана түшүнө алат. Кыздар гана сезе алат.

Эже-сиңдилерим, ар түрдүү нерселерден сак бололу!
Аллах коргосун!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Бүгүн семинар өтүп жаткан эже:

-Бир канча күн чогуу болдук. Бири-бириңерди таанып-билип калдыңар. Ар бириңер кагазга өз атыңарды жазып, үстөл үстүнө койгула. Кесип тандай албай жаткандар бар экен. Ошондуктан сырттагы көз караш менен бири-бириңерге кайсы кесипти тандаса жакшы болот, же төп келет деп ойлойсуңар?
Кесип же ошол адамга жакшы сөзүңөрдү жазсаңар болот.

P.s. 13 адам-13 ой.
Мен эч качан ойлонуп көрбөгөн 3 кесипти жазышыптыр.
Кайсы кесиптер деп ойлойсуңар?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Инна лилляхи ва-инна иляйхи раджиун🤲🏻

“Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз…”

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

“Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү” күнү кут болсун!

Берген/алган китептериңерди “комментарийге” бөлүшүп койсоңор кубанам📖⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Эки кабаттуу китепканадан бир бош орун табалбай канча кыйналдым.
Немистердин окуганын көрүп алып, жөн эле жүргөнүңдү сезип кетет экенсиң🥲

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Аз калды…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

"Кызык, бүт убактыңды дүйнөгө короткудай, бир гана бул дүйнө үчүн жаратылган белең?"

🖊️ Бедиуззаман Саид Нурси
📖 "Сөздөр"

@joloochular

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🖇️

Отко чырмап сезимди өрүп турам,
Оюм токтоп мезгилден бөлүп турам.
Бажырайган көзүңдөн жүрөгүмдүн,
Бүчүр байлап жатканын көрүп турам…

🖊️Алтынбек Исмаилов

Читать полностью…
Subscribe to a channel