kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Бүгүн бизде ушундай аба-ырайы🌧️💨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Мен ойлогондой бүтпөдү…

📖 Фёдор Михайлович Достоевскийдин “Ак түндөр” (“Белые ночи”) аттуу повести жалгыздыкта күн өткөргөн кыялкечтин окуясын баяндайт. Бир күнү ал анын дүйнөсүн өзгөртө ала турган Настенька аттуу кызды жолуктурат. Бул чыгарма сүйүү, үмүт жана адам сезимдеринин назиктиги жөнүндө, кыялдар менен чындык айкалышат, ал эми ак түндөр жаркын, бирок убактылуу эмоциялар үчүн фон болуп кызмат кылат.

📖 Чыгарманы автор 27 жашында жазыптыр.
Сүрөттөө, баяндоо, диалогдор повести укмуш ача алган. Албетте 10/10 деп айта албайм.
Башкы кыялкеч каарманды (аты берилген эмес) түшүнүү үчүн ошондой сүйүп, ошондой жалгыз болуу керек го дейм.

📖 Автордун таң калтырганы 4-5 каарман менен 70беттик чыгарманы окурманга жеткирип бере алганы болду.
“Кылмыш жана жаза” («Преступление и наказание») чыгармасына такыр эле окшобойт экен. Достоевскийди башка тараптан ача алдым.

📖 Классика окугуңар келип жүргөн болсо ушул сыяктуу кичине чыгармалардан баштаганды сунуштайм. Окууга жеңил, бат бүтөт. Кийин 500-600 беттик романдарды окуп баштаганда авторду аз да болсо таанып, жазуу стилине көнүп калган болосуңар.

📖 Китептин акысыз электрондук вариантын таппадым. А мен сатып алып окугандыктан бул жакка жөнөтсөм кетпей койду.

Китептеги айрым цитаталарды комментарийге бөлүшүп коём⤵️

#китепжөнүндө

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Бүгүн “Кантип чет тилди туура үйрөнсө болот?” деген темада илимий изилдөө окудум.
Маанилүү жазылмалар:

Фредерик Бодмер: “Бир тилде өз оюңду так жеткирүү үчүн 2000дей сөздү грамматикалык түзүлүшү менен туура билсең болот” дейт.

Жогорку деңгээлде сүйлөгөнү 5000 сөз, бирок оз оюңду так жеткиргенге 2000сөз (Б1 деңгээли болуп калат экен. 2000-2500сөз) деле жетет экен.
Эгерде күнүнө 5-6 сөздөн жаттасак, бир жылда бир тилде сүйлөп калса болорун лингвисттер тастыкташыптыр.

Пол Пимслер бизге сунуштайт: “Чет тилин үйрөнгөндөр көп угуп, дароо сүйлөгөнгө өтүш керек. Кичине балдар ата-энесин угуп, дароо эне тилде сүйлөгөн сымал”

Андан сырткары бир тилде сүйлөө жана түшүнүү үчүн өз деңгээлиңдеги китеп же жомок, же жөн эле тексттерди окууну сунушташат. (Окуп жатканда ошол тексттеги сөздөрдүн 95% тааныш болуш керек дейт)

Калганын дагы бошоп жазам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Аткарыла турган ошончо иш бар

а сен:
-Мына китепти окуюнчу

Карасаң эле китептин беттеринен иштериңдин тизмесин көрөсүң🫣
Же иш, же китеп бүтпөйт…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

- Бул — гөрүстөн,
— деп койду мерген, мен билбей бараткансып. Же өзү үчүн айттыбы, ким билет.
— Бардык тиричилик ушул жерде бүтөт...
Кайгы-муңуң да, кубанычың да...

📖 “Жангак токойдун жомогу”
🖊️ Мурза Гапаров

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Кечээ жакын эжемдин үйүндө конокто болгом. Кетип бара жатсам КРдан келген нан берди.
Ишенсеңер Аман Саспаевдин “Татым туз” чыгармасынын башкы каарманына окшоп жатам. Бир ооз толтурум нан, бир канча күндөрдү эске салып жатат. Нан менен кошо Мекен жыты келгенсийт.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Жол узун. Алдыда дагы 2,5 саат бар.
Узун жолду кыскартып, Мурза Гапаровдун “Кыштакча” повестин окудум.

Анда адашпасам үчүнчү, же төртүнчү курс элем. Такыр эстей албай жатам. Группалаштарым окуп калса жазып коюшар…
Муктар агай тапшырма катары ушул чыгарманы окуп анан талдап келгиле деген. “Эмне үчүн Акун өз үйүн актайт? (әктәйт деп окугула, бул диалект сөз) Анын үйү башкалардан эмнеге өзгөчө? Автор эмнени айткысы келген?” деген сыяктуу суроолорду берген эле. Чыгарманын жарымына жеткенде, бул ошол агай айтып жаткан чыгарма экенин эстедим. Университетте окуп жүргөндө аягына чейин окубаганыма, ошол убакта ошол оюм менен талдоо жүргүзбөгөнүмө өкүндүм. Анткени азыр кайра окуганда дагы да жакшыраак түшүнүп, дагы да жакшы талдай алсам керек дейм.

Агай, сиз ошондо эмнени ойлонгонсуз билбейм. Анткени сиз айткан чечмелөөнү такыр эстей албадым.
Менин жекече пикирим боюнча, Акун Фрунзеден окуп тээ алыскы Мургабга (Памир) окутуучу катары барат. Калың катмардын билимсиздигин, мугалимдердин 24 жылдык тажрыйбасына карабай сабакты канаттандыраарлык өтө албасын көрөт. Үйүнүн актаганынын бирден бир себеби, элди билимге үндөгөнүдүр…
Анын үйү башкалардан өзгөчөлөнөт, айылга ким келбесин бул Акундун үйү экенин билишет. Акун (Мурза Гапаровдун прототиби) Памирде төрөлгөн эмес жана эч качан Памирлик боло албайт. Үй менен анын башкача ойлонгонун, башка адам экенин жана аларга окшобогонун бергиси келгендир. Ак түс дайыма жакшы нерсе менен ассоциация болот. Кыскача алып айтканда, билим берүүгө, тарбия берүүдү жаңычылдыкты алып келгенидир.

Ошондогу агай айткан суроого жооп жаздым.

Кайра барып башкасын улантайын.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

2024-жылы канча китеп окупсуңар?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Баракча тууралуу

Бул баракча “Китеп дүйнөсүнө саякат” аталышында 2020-жылы ачылган.
2024-жылы “Күндөлүктүн күкүмү” деп өзгөртүлдү.
• Китеп
• Саякат
• Цитата
• Окуялар
• Ойлор
• Сүрөттөр ж.б нерселер менен бөлүшүп турам.
Көбүнчө digital күндөлүк катары колдоном. Жакшы жери дата, сааттары менен көрүп турам. Бир нерсе издей калсам дароо табам. Ошол күн, ошондогу сезимдер баары көз алдыма тартылат. Жөнөкөй күндөлүк дагы колдоном, бирок ал жакка башка нерселерди жазам.
Ичимде чыгармачылыкка кызыккан бир кыз жашайт. Ошол нерсени көмүскөдө калтырбай ар түрдүү жолдор менен чыгарып келем. Жазуу жана сүрөткө тартуу көбүрөөк мени чагылдырат. Телеграм баракчамда көбүнчө узун тексттер жазылгандыктан, инстаграм баракчамды сүрөттөр үчүн колдоном. (Instagram: nurz.askarova)

Окурмандардан кайтарым байланыш алып, ойлорумду коомчулук менен бөлүшкөн рахат тартуулайт. Германияда жалгыз калганда бул нерсенин канчалык маанилүү экенин дагы да сездим. Адамга адам керек экен. Ошого ойлорумду окуп, ар түрдүү пикир калтырганыңар үчүн кубанам. Дайыма айтып келем жана айта берем. Силер окуп пайда же руханий азык алсаңар, а мен силер болгон үчүн жазууну уланта берем.
Жандуу мотивация бересиңер🫶🏻

Эгерде силер дагы өзүңөрдү тааныштырып кетсеңер кубанычта болмокмун. Канча жылдан бери катталгансыңар? Эмнени жактырып окуйсуңар?
Күндөлүктүн күкүмү силер үчүн-
…..? (эмне)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Реакциялар үчүн чоң рахмат!
Демек чынында эле окуйт экенсиңер.
Аябай кубандым🌷

Бар болгула, окурмандарым!
Силер окуп турган үчүн менин жазууга болгон кызыгуум артып барат. Канча жылдан бери биргесиңер! Чогуу өсүп, чогуу жетилип келе жатабыз.
Азыр супсак болгон ойлор келечекте салмактуу тексттер жаралышына өбөлгө түзөт.

Дем алыш күнүңөр берекелүү өтсүн.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

МЕН МУСУЛМАН БОЛДУМ

Германияда карылар үйүндө иштейм. Азыр 9-айым кетип жатат. Окууга тапшырып, өтүп кеткенге чейин ушул жакта болом. Ар түрдүү карылар менен тааныштым. Алардын ичинде аябай жакшы сүйлөшкөн бир кары бар. Жашы болжол менен 70-80 аралыгы.
Бир күнү алдамчылык жөнүндө сүйлөшүп калдык. Анан айтат:
-Силердин диниңерде алдаган күнөө да
-Шок болгон абал менен: Сиз аны кайдан билесиз?
-Бир канча убактан бери мусулман болуу үчүн даярданып жатам. Азыр окуунун үстөндөмүн.
-Эмоциямды жашыра албай: Ваауу, сонун го. Ма ша Аллах. Аябай жакшы жаңылык экен. Эң сонун.
Келиңиз анда саламдашканды үйрөтөйүн. Ас-саляму алейкум! (Ассалам алейкум) Кайталаңыз
-Салам алейкум!
-Макул, ошентсеңиз деле болот.
Андан кийин жалаң ушундай учурашып жүрдүк.
Бул сүйлөшүүбүзгө эки ай өткөндөн кийин.

Бүгүн:
-Ас-салям алейкум! Кандайсыз?
-Салам алейкум (Ва алейкум салам дегенди үйрөнө элек)
Мен мусулман болдум.
-Ууууу, куттуктайм! Азаматсыз!
-Күлүп: Эми сага үйлөнсөм болот
-Хахахаха

Аллахым каалаган адамды динге алып келет экен. Өлүмү келгенге чейин эң туура чечим кылды.

Эмне белек берип койсом деп ойлонуп жатам…

Баса, канча жылдан бери буту баспайт. Атайын араба менен жүрөт. Ошого жардам жетишпей карылар үйүнө келген.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Билимди күн сайын толуктап турбаса, саат сайын азаят.

#Авторунбилбейм

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Мага КРдан өзгөчө сүрөт келди.
⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Эгерде чарчасаң эс алганды үйрөн, а баш тартканды эмес✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Бардык нерсе өз убагынан кечикпей келет.

А сен күтө алсаң болгону✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

- Эмне белек кылсам кубанасың?
- Китеп

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Кечээ түнү повесть окуп жаттым эле. Акыркы 10 бети калганда уктап калыптырмын.
Кашайып түнү менен түшүмө ошол каармандар кирип, чыгарма бүтпөй калганы үчүн кыйнап чыкты. Достоевский мен ойлонуп жаткандай бүтүрбөй дагы коюусу мүмкүн. Ошого он жолу ойлонуп, толгонуп чыктым.

Батыраак окуш керек🙃

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Сыртка басып келүүгө чыккам. Кофеканага кирип сабак окудум. Колума ысык чай алып шаарды мурда баспаган көчө менен кыдырдым.
Жүрөгүм тынч алып, табиятка суктанып баштаганда жамгыр төктү, бирок бир саамга гана…
Ахх, кандай сонун күн болду. Бүт жакшы көргөн нерселериң-
бир көз ирмемде.

Аллага шүгүр

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

көп нерсе адамга зыян окшойт:

Тандоо көп болсо, башың адашат
Каалоо көп болсо, напсиң семирет
Баалоо көп болсо, көзүң май басат
Жектөө көп болсо, сөзүң алсырайт
Сүйүү көп болсо, баасын жоготот
Күтүү көп болсо, артын муң басат
Сагынычтын көптүгү ден соолуктун уурдалганы
Байлыктын көптүгү тынч уйкуңдун бузулганы
Анан эң арманы - баарлашууга мүмкүнчүлүк көп, бирок баарлашарга пикирлеш жок…


#диби_деди

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Келгиле, бүгүн хобби тууралуу сүйлөшөбүз.
Кечээ “эмнеден ырахат алам?” деп өзүмө суроо берип 2-3 хоббини таптым.


⤵️

1. Китеп окугандан (кээде жөн гана китеп окуп башымды сергитем+ жанына ысык чай болсо☕️ 😮‍💨)

2. Телефонго сүрөт тарткандан (айрым учурда сыртка атайын сүрөт тартуу үчүн чыгып келеримди баамдадым.)
Бирок кечке “Мени тартчы, тартып койчу” деген адамдарды такыр тарткым келбейт.

3. Айтыш көргөндөн
Башында муну хобби деп ойлогон эмесмин, бирок чындап айтышты эргүү алып, сүйүнүп угат экем. Мисалы кечээ күнү айтыш жаңы чыкса, бүгүн угуп бүтүргөн болом. Жакса кайра кайталап угам. Демек, бул дагы мени тынчтандырган нерселердин бири.

Эмнени үйрөнгүм келет?

• Токуганды🧶🪡
• Колго сүрөт тартканды🖌️
• Puzzle 🧩 чогултканды
• Комуз черткенди
• Колдон белектерди жасашты

Азырынча ушулар. ⤴️

А силер эмнеден ырахат аласыңар? Бош убактыңарды кантип өткөрөсүңөр? Кандай хоббиңер бар?

Кааласаңар сүрөт бөлүшкүлө🩵

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🪐

Көздүн жашында адамды бардык тулабою менен өзүнө карай омкорулта тарткан бир өзгөчө күч бар экен.

📖 “Абай жолу” романы
🖊️ Мухтар Ауэзов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Баса, ким баракчамды бөлүшкөн болсо чоң рахмат!
Алтымышка жакын катталуучу кошулду.
Суранбасаң деле бөлүшкөн ушундай окурмандар көбөйсүн!
✨🫰🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Азыр гана Айдай Нурланованын “МАМА, Я В ИТАЛИИ” аттуу китебин окуп бүтүрдүм.
Бети: 223

Китеп тууралуу айтып баштардан алдын бул китепти жазган кыз, кыргыз кызы экенин эске салгым келет.

📌 Кыскача:
Китепте Айдай аттуу кыз Италиядагы 5 жылдык жашоо-тажрыйбасынан алган байкоо, ой-толгоо, Италия анын көз карашы боюнча кандай, шаарлары, политика, футбол, менталитет, климат, ал жактагы студенттер жана миграция тууралуу өз байкоолору менен бөлүшөт.

🔖 Китепти бир дем менен окуп бүтүрдүм. Италия мен баргым келген шаарлардын катарына кирбесе да, бирок бул китептен соң Венецияны, Римди көрүп келүү максаты жаралды.

🔖 Өзгөчө сезим калтырганы: мен авторду толук түшүнүп, ал менен бир кайыкта сүзө алдым. Анткени Италия Германия болбосо деле, көп окшоштуктары бар экен. (Европада болгону үчүн)
Эң башкы окшоштук бул-ал да, мен дагы мигрант болгонубуз.

🔖 Студенттерге, окуучуларга, чет мамлекетке чыккысы келгендерге деги эле Италияга кызыккан ар бир адамга сунуштайм.

📌 Биз өзүбүздөн чыгып жаткан жаш жазуучуларды колдошубуз керек! Салым кошуу керек. Китеп окуу маданиятын жайылтуу керек. Дем-күч берип алдыга жылышына жардам берели.
Албетте башка китептер сыяктуу бул китепти сындай албайм. Баалоону дагы туура көрбөй элемин. Ичимде колдоо гана керек деген үн жаңырып жатат.

#китепжөнүндө

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Таанышуу посту

Достор, бүгүн өзүм тууралуу кыскача тааныштырып коюуну туура көрдүм. Атым Нурзат. Ош облусунан болом. 2018-жылы КНУ да кыргыз филологиясы факультетине тапшырып 2022-жылы аяктагам. Магистратуранын 1-жылын окугам. Балким келечекте илим жолунда кетким келсе сөзсүз окууну улантам деген ойдомун.
Эмгек жолум “Сапат” лицейинде окутуучу катары башталды, бирок 1 жыл иштебей жатып Германияга келе бердим. Учурда карылар үйүндө ыктыярчы болуп иштейм. Аллах насип кылса Германияда окугум келет жана аракет кылып келе жатам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушул билдирүүнү ким окуп жатса, жөн эле реакция калтырып койгулачы.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Клубга чакырган эмес, намазга тургузган адам болсоң экен✨

#Кыял

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Кичинекей жүрөгүмдө тоолорго болгон чоң сүйүү жашайт.

Тоолор бул менин мекенимди эстеткен, өзгө жерден таппаган, тапсаң дагы сага балалыгыңды, шаарыңды, түтүнүңдү, музуңду, тишиңди түшүрүп салчуудай муздак сууңду, шаркыратмаңы, сүрдүүлүктү бербеген, алмашпаган жана алмаштыра албаган биздеги баалуулук.

🏔️⛰️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Бул подкаст Жусуп Абдырахманов жөнүндө.

Ар бир кыргыз баласы ушул подкастты укса деймин.
Угуп жатып денем ысып, ыйлап алдым. Сыймыктандым! Суктандым!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Бүгүн Германияда майрам. Бизче которсок, “Аяз ата келди” дегенге окшош мааниге келет.
Бул күнү бири-бирине белек беришет. (Жаңы жылды элестете берсеңер болот)

Жумушта менден сурашканда бул майрамды тоспогонумду, мага белек берүүнүн кажети жок экендигин айткам. Арасынан бир коллегам анда сага “Айтта” берели дейт. Аябай сүйүнүп ичим жылыды.
Диниме болгон урмат, мага болгон урматтай жогору турат.

Ал сүйлөшүүнү укпай калган бир коллегам мага кичине белек көтөрүп келиптир. “Мен балдарга белек бере берип көнүп калыптырмын. Муну сага алып келдим” дейт.
Кучактап ыраазычылыгымды билдирдим. Сонун коллегаларым бар экенине Аллага шүгүр кылдым.
Баары менден улуу. 50-65 жаштарда.
Мен аларга бала көрүндүм окшойт.

Кантсе да силерге бөлүшүп койгум келди. Антпесе кийин унутуп калам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕯️

Бекилген каалга жок, туура эмес ачкычтар бар. 🗝️

🖊️Аз.Мевлана

Читать полностью…
Subscribe to a channel