🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
Менин жакшы көргөн түрк кафем бар. Кээде маанайым жокто, кээде оор жумуш күнүнөн кийин же сабакка даярданышым керек болгондо барып турам.
Кызматкерлер жаңы экени билинип турат. Ар дайым жалгыз отурган жериме экиден чыны, экиден табак алып келди.
-Байке, кечиресиз, мен жалгыз элемин.
-Ааа…
Ошо, качан өзүм жалгыз болгондо ичимдеги кичинекей Нурзат менен сүйлөшөм. Бетме бет келем.
Түшүнүүгө аракет жасайм. Акылымды угуп, жүрөгүмдү тыңшайм.
Өзүңөр менен тез-тез жолугууга чыгып тургула.
“Өзүнүн напсисин тарбиялай албаган, башкаларын да тарбиялай албайт.
Андай болсо өз напсимден баштаймын” деген экен.
Мен дагы напсимди тарбиялашым керек. “Эртең план түзөм, эртең кылайын, эртең баштайын” деп жүрүп ушул күнгө келип жеттим.
Мага жаккан, комфорт нерселер напсимди каалоолору деп билем.
Напсимди кечке семирте бербей тарбиялашым керек болуп калды🥲
Силер менен эмнеден баштаарымды бөлүшүп турам🤎
Кантип эле 8-9 ишке жетишип жүрөсүңөр?
Мен мектеп менен окуума араң жетишип жатам.
Кечки 2-3кө чейин иштеп, күндүзү окуп, бала-чака, үй-бүлөсүнө жетишип жаткандардын жанында менин көйгөйүм суу кечпей калды)
Сырларынан мага деле бөлүшүңүздөрчү. 😌
Тообо, бүгүн уктап калыптырмын😂
Туруп эле сабакка кеч калбадымбы деп саатты карасам 07:42 дейт)
😱деген бойдон акыркы калган акчама такси заказ кылдым да, 8:30га келип калдым. Бизде сабак 09:00дө башталат, бирок классым болгону үчүн 08:20га келип калышым керек.
Апам көп айтат: “Кызым, жумушуңдан кечикпе. Жоопкерчиликтүү мамиле жаса.” деп. Өзү дагы жумушунан бир дагы кечиккен эмес.
Таалим бербей көрсөтүшкөн чоркогун,
Чындыгында күнөөлүү да орто муун.
Кыргыз тилин түшүнбөгөн жаш көрсөм,
Туман баскан келечектен коркомун!
©️Боскеев Темирлан
Тээ драм театрдан вефага чейин жөө басып келдим. Сыртта себелеп акырындан жаан жаайт. Аба-ырайы суук тартып, бирок үшүтпөйт. Баскыңды эле келтирип, жан дүйнөңдү бакытка балкытат.
Өзүм менен өзүм баарлашып, бактылуу болуп келе жатам.
Бир жагынан алып караганда баракчам бар экенине, окурмандарым бар экенине Аллага рахмат айткым келди. Силер жазбасаңар деле окууруңарды, жазгандарымды бирөө окуурун билем. Ошон үчүн жазгым эле, жазгым эле келе берет…
Билем, өтө жакшы жаза албайм. Ошентсе да бул күндөрүм тарых. Кийин өзүм окуйм, балдарым окуйт, жолдошум окуйт.
Эмнеге кызыгарымды, эмне жактырып, эмне жаман көрөрүмдү ушул жактан билет.
Ошоо, окурмандарым. Азыр телефон өчөт. А мен жөө басууну улантып кете берем, кете берем…
Ошо, 1 айдан бери театрга бара элек элем. Негизги баасы: 300с
Студенттер көп барсак 100с экен. Силер да бош болсоңор келгиле🤎
Сулайман Рысбаевдин “Тагдырдын мугалими” китебин окуп бүттүм. Качан эле башталган китеп бүгүн окулуп бүттү✔️
Чынын айтсам бүтүрүп коёюн, бүтүрүп коёюн деп эле окудум.
Кээ бир чыгармаларды бүтпөсүн деп ашыксаң, бул чыгарманы бүтүрүүгө ашыктым…
Албетте, ичинде жакшы цитаталар, мугалимдик тууралуу сонун ойлор бар экен. Бирок мен кантип ушундай болсун деген ойлор өтө көп келди. Башкы каармандын бирөөсү Таттуу бир карасаң Бишкек шаарындагы гимназия мектепте, бир карасаң кайра эле эски мектепте окуп калат. Бирде Адилага телефон чалып: “Сизди апа дейм” десе, кийинчерээк жолукканда: “Сизди апа дегим келет” деп мурда айтпагандай айтат.
Ушундай. Кээ бир жерлерге ынана албадым. Кыскасы сунуштайм, сөзсүз окугула дебейм.
Баалоо: 10/3
Кээ бир нерселерди чечмелеп, түшүндүрүп берүүгө убакыт болбой жатат.
А сиз бул китепти окугансызбы?
Билем, силерге кызыксыз…
Китеп жөнүндө окуюн деп катталгансыңар, бирок азыр менде мурдагыдай ар жума сайын китепканага барып, бир айда 2-3 китеп окуганга убакыт жок болуп жатат. Убактымдын эң көп бөлүгүн жумушка арнап жатам.
Баракчама эми окуучуларымдын жумуштарын киргизип турам..
Эгерде каршы болбосоңор)
Смайлик, өрт-пөрттөрдөн жиберип койгула ээ? Ааа окушат экен деп ойлоп калайын🥰
о, Всевышний, когда я теряю надежду, помоги мне вспомнить, что твоя любовь больше, чем моё разочарование, и твои планы на мою жизнь лучше, чем мои мечты.
Читать полностью…Мен гүлдөрдү жакшы көрөм🌹🌷
Ишенем, сен гүл бергенди жакшы көрөсүң:)
Жакшы эс алгыла!
Кызык… Иштегенине бир топ болуп калса да кээ бир мугалимдер, мугалим болуучу студенттер (катталуучу) жардам сурап жазып жатышат.
Урматтуу келечекти тарбиялоочу асыл инсандар, менин мектепте иштегениме эми 3 ай болот.
Кээ күндөрү ыйлап, кээ бир күндөрү маанайым такыр жок болуп, бук болгон күндөрүм көп болот. Бүгүн эле окуу бөлүм башчысына кирип, эжекеден менин сабагыма катышып берүүсүн өтүндүм.
Себеби кайсы жерден ката кетирип жатканымды билбейм. Эмнени туура, эмнени ката кылып жатканым сырттагы адамга ак нерсеге кара сыяны төккөндөй эле даана көрүнөт.
Ин ша Аллах кичине иштеп, бала психологиясын үйрөнүп калганда кеңештер менен бөлүшүп турам. Жазганыңыздарга жооп бербесем капа болбойсуздар деген үмүттөмүн!
Бири-бирибизди туура түшүнөлү!
Жамгыр.
Акырын гана себелеп жаап, балалыктагы аруу кыялдарга жетелейт. Эсимде, жайлоодо уй кайтарып жүргөн күндөрүмдө аябай нөшөрлөп жамгыр төгөт эле. Тамчылар дене боюмду тешип өтүп, сөөгүмө такала калганда асманды карап Оо Аллахым, Бишкекке окууга өтүп, өз билимим менен жанымды багайынчы деп дуба кылар элем. Жаш болгонум менен кээде чоң адамдардыкындай ойлор келчү.
Жашоом уй, кой кайтаруу менен өтпөсү үчүн жакшы окуп, билим алуум керектигин ар күнү саат 6да турганымда башыма “кыңк” эте келип турчу.
Мына… Ошол күндөр да келип жетти. Аллага шүгүр. Балким ар жайкы эс алууда таенемдикине барып уй, кой кайтарбагынымда билим алуунун канчалык мааниге ээ экенин сезбей калат белем? Ким билсин?
Аллах Таала өз жараткан пендесин баарынан жакшы билет дегени ушул го…
Жамгыр, мен үйгө жеткенче токтобой жаап турчу. Балалыкты бир эскерип, баягыда баткан кыялдарга дагы да болсо батып алайын. Бул жолу башка нерселерди дуба кылам🤎❤️
Ии баса, инстаграмымды бир айдай убакытка өчүргөнмүн.
Бул жактан айтып койбосом,
адамдар издеп, жазып баштады)🍂🤎
Артка чегинбе!
Бир күнү сен өзүңдү кылган дубаларыңдагы жашоодон табасың. Сабыр кыл, дуба кыл, күт!
Мектепте психология жумалыгы болуп жатат.
Бүгүн арт техника болду. Сүрөт тарттык.
Сүрөт жакшы тарта албайм, бирок анализ кылганда жакшы эле жыйынтык болду🙂
Биз билимсиздигибиз үчүн акы төлөйбүз.
Билимибиз жок болгондуктан, дарыгерге барабыз, акы төлөйбүз.
Билимибиз жок болгондуктан, кошумча сабакка барабыз, акы төлөйбүз.
Билимибиз жок болгондуктан, аны толукташ үчүн китеп алууга да акча беребиз…
жана башка ушул сыяктуу…
А бирок, билимсиздигибиз үчүн акча төлөгөн жеңил эле… эң жаманы, ал үчүн каталар, кайтарылгыс убакыттар, өкүнүчтөр менен кечигип төлөө.
Билимде кечикпейли… артта калбайлы…💡🕯
-Нурзат, биринчи балдардын эмнесине карап баа бересиң?
-Туура жазганына
-Эмне, тамгалары сени багабы?
-………. .
22:16
Дагы деле кофейняда отурам.
Сабакка даярданышым үчүн аябай көп убакыт кетет.
Идея тапканга чейин бир-эки саат, анан сүрөттү жасап чыкканча дагы ошончо убакыт сарпталат.
Кээде ушунча даярданып,
сабагым максатына жетпей калганда күйүп кетем да))
Ошо, эми үйгө кетиш керек…
Жасаган сүрөтүм менен азыр бөлүшүп коём🤎🍂
Жолдо 60 жаштардагы бир эжеге:
-Эже, гүлдөрүңүз соонун экен.
-Бүгүн кызымдын туулган күнү, атайын ага арнап алып барсам, сиздин төрөгөн күнүңүз менен деп кайра берди
-Аии, Ма ша Аллах
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Театрдан чыктым.
Аябай сонун болду. “Курманжан Датка” драмасын окуганым үчүн “Сынган кылычтын” сюжетин билген үчүн түшүнүү жеңил болду.
Мусулманкул, Нүзүп аталык, Кудаяр хан, айтор аты атала электе эле түшүнүп, көз алдыма тартып отурдум. Кандай керемет ээ? Окуган чыгармаңды жандуу бир көрүп, өмүр бою эстен чыкпачуудай кылып бышыктап алган.
Аткаруучуларга алкыш! Баралына жеткире аткарып, бирде Курманжан менен Алымбектин романтикасын жаратса, бирде Нүзүп аталыктын башын алганын аткарып элди ыйлатышты.
Китепти окуп жатканда да ыйлаган элем. Кызыгы, Нүзүптүн башы алынганда эл дуу эттире кол чаап жиберишти. Тескерисинче бул жерде кайгыруу керек эле. Нүзүп Шералыны Шералы кылып, курч акылы менен алысты аңдап билип турган.
Мына ошондуктан сөзсүз бул чыгармаларды окуп койгула. Мен дагы окуп чыгышым керек.
Силерге бир нерсе айтайынбы?
Баракчамда 2-3 китепти гана катуу сынга алып, такыр сунуштаган эмесмин. Эң кызыктуусу эң көп суралган китептер ошолор болуп чыккан.
Кызык… Эмнеге?
Сен үчүн баарына даяр, кандай убак болбосун сени коргоп ала турган, сага ишенип турган бир адамды танда. Анткени баш кошуу - жөн гана чогуу жашоо эмес. Жаныңдагы адамга өзүңдү, өмүрүңдү ишенип тапшыруу деген…
Читать полностью…Биздин мектепте шахмат сабагы 1-класстан баштап өтүлөт. Кичинемден бери бул оюнга такыр кызыккан эмесмин. Тагыраагы башым жетпейт болчу😂
1-класста эгиз окуучуларым бар. Аларды өзгөчө жакшы көрөм. Балким эгиз болгону үчүндүр, балким орус болушса да кыргызча жакшы үйрөнүп, жакшы аракет кылганы үчүндүр… Кыз аябай жакшы окуйт б.а башы укмуш иштейт. А бала болсо анчалык эмес)
Азыр карасам экөө шахмат ойноп жатыптыр. Барып:
-Балдар, мага да үйрөткүлөчү. Мен ойношту билбейм, түшүнбөйм.
Кыз: -Эжеке, сиз бизге кыргыз тилин, а биз шахмат үйрөтөбүз
Бала: -Сальсабиль, кел, бизге үйрөткөндөй үйрөтөбүз дешип кичине үйрөтүштү.
Кээде кичинекейлер чоңдордон караганда жакшы түшүндүрүшөт.
Ошо, кичине үйрөндүм. Биз эми баштаганда эле кыз баарын ойлонуштуруп бала экөөбүздү жеңип салса болобу?
Окуучуларга мээримим аябай түшө баштады. Мурда кичинекей балдарды окуткум келчү эмес. А азыр ар бир сабакта алардан бир нерсе үйрөнүп жатам.
22:01
Мектептен келгенде мешке от жагып, даамдуу тамагы менен тосуп алган апамды, мени менен жарыша тамак жеп, ар убак менден жеңилген атамды сагындым))
Жумуштан эми үйгө келдим.
90% жашоом мектепте эле өтүп жатат. Бир жагынан кубандырса, экинчи жагынан өкүндүрөт. Себеби өмүрүм
”жумуш-үй, үй-жумуш” деп эле өтүп кетүүсүн каалабайм…
Сенин мекенчилдигиң кол аарчыңды жерге таштабаганыңда, жерге түкүрбөгөнүңдө турат.
Читать полностью…Соңку убактарда баракчамдан 2000ден ашуун катталуучу чыгып кетти. Балким бул нерсеге активдүү болуп кечке жазбаганым себеп болгондур…
Кантседе убакыт менен баары ыргала баштайт экен. Барып-барып такай 1000 окурманым каларына эч күмөнүм жок.
Ушул убакытка чейин бирге болуп келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем 🤎
Латте менен круассандан жеп, китебимди окуп отургум келип жатат:)
Соңку 1 сабагым калды •_•
Энергиям эми эле түгөнүп калгансыйт🫠
Бүгүн көп иш бүттү. Аллага шүгүр.
Үйлөрдү жыйнап, кийимдеримди жууп, үтүктөп, план конспект жазып, жакында боло турчу экзаменге даярдандым.
Окуучуларга мотивация берүү максатында кичинекей медаль жасаттырдым. 2 ай колдонгон методдорумду башкача кылып өзгөртпөсөм болбой калды…
Кайра-кайра кайталоодон эске жакшы сакталганы менен бара-бара тажатма көрүнө баштайт экен.
Ошо… Ошентип тез эле эс алуу күнү соңуна келип жетти.
Баарыбызга берекелүү бир жума болсун!
Жакшы эс алыңыздар🤗😴
Бара турган жолуңду толук көрө алсаң, ага жетүү оңой болот.🌠🌉
Читать полностью…