🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
“Атактуу баатырлар менен хандар өлгөндө алардын сөөгүн бөтөн бирөөлөргө көрсөтпөй жашырып коюшчу. Анын негизги бир себеби: эгер анын душманы түн ичинде келип көрдү ачып, өлүктүн кар жилигин мүрзө үстүнө сайып кетсе, анын тукумунан өзүн тарткан көйкашка чыкпасын деген ырымы дешкен. Манас бабабыздын сөөгүн дагы кай жерге коойгону ушу кезге чейин белгисиз.”
📖 “Хан Тейиш” романы
✒️ Асанбек Стамов
Илгерки заманда кыргыздар териси эң баалуу аңдарды
”самыр” дешкен. Самырдын эки түрү бар. Кургакта жашаган: суусар, калтар, илбесин сыяктууларды-кургак самыр дешсе, сууда жашанан кундузду Суусамыр дешкен турбайбы. Кундузунун молдугунан кайран жер Суусамыр аталып кеткен да.
📖 “Хан Тейиш” романы
✒️ Асанбек Стамов
Бүгүн силерге онлайн мамиле тууралуу айтып бергим келди.
Бул дегени жакын досторуң же ата-энең менен байланышуу эмес.
Ооба, ооба, туура эле түшүндүң. Айткым келген нерсе кыз-жигит маселеси.
Учурда көпчүлүк жаштар онлайн таанышып, онлайн жолугушуп жүрүшөт. Бул нормалдуу көрүнүшкө айланып бара жатат.
Ачыктай айтсам онлайн таанышышат, бири-бирине максаттары, ой-пикирилери, күнү кандай өткөнүн бүт айтып берет. Карап көрсө туура жазат, максаттары окшош. Өзү ойлогондой эле бала жазып жатат. Иллюзияга алданат. Андан соң эки тараптан тең бири-бирине байланып калуу башталат. Жазышын, чалышын, сүрөт жөнөтүшүн күтөт.
Ошентип онлайн кызгануу ж.б нерселер башталат.
Онлайнда баары бир өзүң каалагандай идеалдаштырасың. Сүйүнөсүң. Мына, мына жашоомдо ак ат минген принцти таптым дейсиң.
Бирок бирге болосуңбу? Ал менен каласыңбы ишениш жок. Себеби идеалдуу жашоо менен реалдуу жашоо такыр башкача.
Оюңдагыдай чыкпай да калуусу мүмкүн.
Эмне деп кеңеш берет элем.
Жигиттин ырларына, сонун-сонун жазган сөздөрүнө алданбоо керек!
Жигиттин тили-бул анын жасаган иш-аракети.
Сен үчүн эмне кыла алат? Алыс жолдон сени көрүүгө келе алабы? Көңүлүңдү алып, сени кандай урматтайт?
Кеп мына ушунда)
Сиздер кандай ойлойсуздар?
Онлайн 1-2 жыл сүйлөшүп баш кошкондор барбы?
(Ойлорум аябай чар-жайыт жазылып калыптыр. Кайра оңдогум келбеди. Өчүргүм да келген жок!)
Кутман таң!
Күнүңүздөр ийгиликтүү жана берекелүү өтсүн!
“Кыргызда саламдашпай туруп сөз баштабайт” дейт.
Андыктан ас-саляму алейкум, сүйүктүү окурмандарым🤎
Кандайсыздар? Кандай жүрөсүздөр?
Мен жакшымын))
Азыр Оштомун. Жумуштан чыкканыма 2 жума болду.
Инсаграм аккаунтумду сагындым❤️
Ал жактагы катталуучуларымды, узун-узууун сторис жазгандарымды сагындым.
Ин ша Аллах жакын арада аккаунтума кайтып барам🥲
Соңку 1000сомдой акчам калган.
Эртең Мыктыбек Нурланбековдун жандуу концертине барып келсемби же ал акчам менен 1 жума жашап турсамбы?
😂😂
Ыын, эмне кылсам экен?
Эртең ошол концертке баруучулар барбы?
(Мен жөнүндө бир факт: Бишкекте жүрүп ушундай концертке бир да жолу барбаптырмын. А айтышка го калтырбай барам🌹)
Кээде маанайды эң жөнөкөй нерселер көтөрөт.
Аллага шүгүр, эң сонун, эң өзгөчө коллективди Аллахым насип этип, бешенеме жазыптыр🌹
(Аябай кубандым.)
Ушул жерде сакталсын❤️
24.01.2023
Ушунча убакыттан бери чыгып кетпей, жазышымды күткөн катталуучуларым, силерди эмне кармады болду экен?
Кызык…
Ошол үмүттү актап, эми активдүү болор бекем…
Өзүңдүн “башталышыңды” бирөөнүн “аягы” менен салыштырба🌱
Сенин жолуң башка, аныкы башка🌱
Сенин тагдырың, ырыскың эчак эле жазылган жана сеники болгон нерсе сага гана насип болот, эч кимге кетип калбайт🌱
Müşterih ol🌱
#өзүмөэскертүү
Ас-саляму алейкум, кандайсыздар?
Жок болуп кеттимби?
Кудай буйруса эртең 2-саат ачык сабагым болот. Аябай коркуп жатам. Өзүбүздүн мектептин завуч, директору киргенде мынчалык корккон эмесмин. А эртең болсо башка жактан келишет.
Андан да жаманы мен ачык саат өтө турган класстагы балдар ооруп, бүгүн 12 эле окуучу келишти. Эртең канча келет болду экен? Мм… А балким башка класска жылдырып салсачы?
Эмнеси болсо да жакшы өтүп алсам экен.
Дуба кылып коюңуздарды өтүнөм 🤲🏻
Колдон келишинче даярдандым. Акылым жетип, ойлонуп жатканым менен көп нерсени кылып салганы энергиям жетпей жатат.
Жетпей жатат…
Гүл - ыргытуу үчүн берилбейт!🤎
Гүлдү сүйүш керек. Гүл берген адамды сүйбөсөңөр да, гүлдү сүйүш керек…
Жөн гана❤️
Баса, гүл меники эмес. Болгону жумуштан келе жатып бул гүлдөрдү таап алдым.
Ма ша Аллах🤎
Сиздерди жакшы көрөм да)
Дагы барбы ушундайлар?
Бүгүн окуучуларыма футбол турнири болмок. Сабактан чыгып эле спорт залга чуркап бардым. Балдарымды колдоп, дем-күч берүү максатында.
Кирип эле барсам бир окуучум жыгылып ыйлап жатыптыр. Кудай өзү алып келген экен деп дароо мектептин дарыгерлерине алып келдим. А калган окуучуларым футболдон жеңилип, чыгып кетип жатып ыйлап жиберсе болобу?
Баары бир балдардын ыйлаганын көрүү башкача да.
Аларга мээримим түшүп, өз балдарымдай эле көрүп калдым.
Мугалимдик улуу кесип экенине секунд сайын ынанып бара жатам.
Ин ша Аллах эртең 3 окуучумдун ата-энесине жолукканы барам.
Кандай окуучу болсо, ата-энеси дал ошондой болот экен.
Жакшы окуган, жоопкерчиликтүү, бир ишти тапшырсаң аткара алган баланын ата-энеси да өзүндөй болот тура. Себеби класс жетекчи болгондон бери ата-энелер менен иштеше баштадык.
Мындай балдардын ата-энеси жазсаң дароо жооп берет, бир документ керек болсо бүтүрөт.
Ма ша Аллах деп коём да, баланын тарбиялоодон мурда өзүбүздү тарбиялоо керек экенин түшүнүп жеттим. Мурда деле бул маалыматтарды окуган менен иш жүзүндө көрө элек элем. Эми окуган нерселер практика менен бышыкталып жатат.
А калган майда-чүйдөсүн бала тарбиялаганда билебиз👌
Эмне үчүн илгери хандардын сөөгүн каерге көмгөндүгүн жашырышкан?
Мисалы, Манастын?
“Суусамыр” деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Тарыхый роман окуп жаткам. Буйруса ушул сөздүн келип чыгуу тарыхын айтып берем. Мага пайдалуу болду. Сиздерге деле пайдалуу болсо керек.
Ар кимдин жашоосу ар түрдүү сюжеттен куралган.
Бирөө үчүн өмүр комедия болсо, а бирөө үчүн трагедия. Кээде драмага айланып, кээде романга жетпей бүтүп калат. Мына, мына кульминацияга келип калганыңда, кайдан-жайдан өмүрүң быт-чыты чыгып бүтпөгөн дастан болуп кала берет. Балким дүйнө ушул антонимдер менен кызыктуудур…
Амансыздарбы?
Достор, билип, туюп жатканыңыздардай эле бул жакта активдүү болбой жатам. Мурдагыдай көп нерсе жазбай да калдым. Бирок инстаграм баракчамда ар дайымкыдай эле активдүүмүн. Эгерде дайыма окуп, билип турууну кааласаңыздар катталып алыңыздар.
Себеби бул жакты дагы качан активдүү алып барып баштайм билбейм🫠🫠
Ошоооо….
https://instagram.com/p/CoRd8QWthm3/
Ас-саляму алейкум, урматтуу китеп сүйүүчүлөрүм.
Кандайсыздар, эсен-аман жүрөсүздөрбү?
Бүгүн эрте менен эле жан кейиштүү жаңылыкты угуп алып жүрөгүм катуу ооруду.
Жакын эле сааналаш, бир максатташ бир байке кайтыш болуптур. (Жашы 25терде болсо керек эле)
Ошол жаңылыкты угар замат өлүмгө даярмынбы? Өлгөнгө даярмынбы? деп ойлонуп жатам. Өзүмдөн өзүм сурак кылып кыйнап жатам…
Жоо—-к, жо-к, мен өлүмгө даяр эмесмин. Кимдир бирөөнү ушактап койгон болсом кечирим сурай элекмин, бирөөнүн бир нерсесин сурабай иштетип алып акысын адалдаша элекмин…
Артымдан дуба кылган окуучуларды, балдарды чоңойто элекмин…
Орозону балагатка жеткен мезгилден баштап тутпадым, намазды канча каза кылдым….
Ооо Аллахым, башкалардын өлүмү биз үчүн эскертүү тура. Бүгүн бар, эртең жокпуз…
Аз күндүк жашоону бирөөнүн көңүлүн оорутуу, ушакташуу, көрө албастык менен өткөрұп жатабыз.
Өзүмө өзүм эскертүү кылып жазып койдум.
Өлүм-ар бир башта бар. Ар убак өлүмгө даяр туруу керек!
Саламатсыздарбы?
Бүгүн 25.01.2022
15:00дө
«Дордой плаза»-ТЦ 2-этаж, конференция залында конокто
*Эгемберди Кубатов белгилүү бизнес- тренер, Саитмурад Давлатовдун шакирти жана «Менин гениалдуу балам», «Мен жана акча»-китептерин кыргызча которгон инсан жана ошондой эле жаш ишкер Нурсеит Батыров менен «Кесипти туура таңдоо-келечектин маңызы »- аталышында мастер класс өтүлөт.
Мастер класста Кыргыз - Түрк Манас университетине өтүү жолдору, ЖРТ жөнүндө маалыматтар берилет.
Уюштуруу «Жашыл калем»- окуу борбору.
Бул жаңылыкты азыр эле окудум. Силерге пайдалуу болсо керек деп ойлодум. Бишкекте болсоңор барып келгиле.
Сиздерге эмне жөнүндө сүйлөп берсем экен?
Кызыккан суроолор болсо жазып коюңуздар. Анткени өзүм эч нерсе жазбай жүрө берет экенмин:)
Ин ша Аллах жооп беремин⤵️
Качан турмушка чыгасын?
Убактын келди,сени менен тендер ннннн…
Азыр менде кадам сайын ушул суроолор…
Туура убактым келди,бирок менин адамым келе элек😁
Бирөөнүн тамагын жасап,жакасын агартуу, бүлөөсүнө бүлө болуу баарынын колунан келет!
Бирок ысык-суукта,жакшы-жаманда бирге болуп,жетелешип “балансты” сактоо,балдарга жөн эле эне болуу эмес,эн мыкты эне болуу колдон келеби?
Эн биринчи “өзүн” менен мамилен кандай?
Күзгүдөн коркпой өзүндү карай аласынбы, ишенимдүүсүнбү?
Өзүндү колдоп-коргой аласынбы?
Жашоонун түрдү кырдаалына туруштук берип барга көөп,жокко чөкпөйсүнбү?
Бирөөнү сая көрсөтүп күнөөлөбөй жоопкерчилик ала аласынбы?
Ата-энең,бир тууганың менен мамилен кандай?
Алар менен кандай маанай,кандай тембрде сүйлөшөсүң?
Өткөн-кеткен таарынычтардын,заарын башкага чачпайсынбы?
Ооба, мен келдим.
Ас-саляму алейкум🌹
Ин ша Аллах аябай көпкө жоголуп кеткеним үчүн жинденбейсиздер деген ойдомун.
“Мен көпкө жок болдум, ии иштер көп болду” ж.б.у.с сөздөрдү айтып отмаска кылгым келбей эле…
Каналыма жазууга көп аракет кылдым. Сиздерге учурдагы нерселер тууралуу жазууну, бөлүшүүнү самадым, бирок, бирок, билбейм, айтор эч нерсе жаза албадым.
Инстаграмды өчүргөнүмдө ар убак бул жакта активдүү болор элем.
Өчүргөнүмө эки жумадан ашты.
Өзгөрүү жок…
Менин каналымды бирөө баракчасына реклама кылган өңдөнөт. Катталуучулар көбөйө баштаптыр.
Ким болсо да Аллах ыраазы болсун🤎
Макул, каналымдын аты өз аталышы менен калды🥰
Китепке өтө байланышпай жатканы үчүн алмаштырып койсомбу дегем…
Сиздердин добушуңуздарды кабыл алдым✅
Бүгүн үйдөмүн.
Кечээ үч ата-эненин үйүнө барып, энергиям лимонду сыгып алгандай эле түгөнүп калган. Бирок ата-энелер менен жакындан таанышуу өтө сонун жыйынтык берет экен. Анткени баланы жакындан таанып, үйүндө эмне кылат, бош убактысында эмне кылат, бөлмөсү кандай у.с суроолорго жооп алып, балага болгон көз караш өзгөрөт экен.
Баласы жөнүндө мектепте өздөрүн кандай алып жүргөнү жөнүндө айтып берсем ыраазы эле болуп калышты окшойт. Кетип жатканда: Эже, кыргызчылык болуп кетип дасторкон жайып албаңыздар. Барып эле айтчу нерселеримди айтып дароо кетем. деген элем. Кайдан? Тамагын жасап, дасторконун жайып алып күтүп жатышыптыр.
“Ии, кичинекей эле кыз экенсиң го.” дешсе керек деп ойлогом. Кудайга шүгүр. Андай болбоду. Улуу адам келгендей эле тосуп алышып, ошондой эле сый көрсөтүштү.
Жашырганда эмне? 1-жылым, 1-окуучуларым, окууну быйыл бүттүм деп айтып койдум.
Ошо, болочок мугалимдер, класс жетекчилер, ата-энелер менен жолугуп сүйлөшсөңөр ишиңер жеңилдейт экен. Ин ша Аллах кийинки жума калган окуучуларымдын үйүнө барам.
“Сен дагы мендей,
Өз оюңду бербей,
Көп нерседен шек санайсың,
Оңой мн келбейт.
Желпинип желдей,
Көздөгөнүн бербей,
Сен да бир жан мага окшогон,
А мен болсо сендей…” (с)
Анна Егояндын поэзия кечесине баргым келип жатат🪞🎤
Тааныйсыздарбы?