kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Рамазандын өзүнө эч таң калып бүтпөдүм…

Армиядагы сыяктуу баарына бирдей так буйрук. Ушул сааттарда ооз бекитесиң, ооз ачасың. Болду. 5 эле мүнөт мурда түрдүү даамдарды рахаттанып жеп жаткан сен, убагы кирген соң оозуңа эч нерсе сала албайсың… бир ууртам суу, бир ушак нан дагы…

Кана, дүйнөдө кайсы менмин деген күч 1 ай бою дүйнөнүн ар бурчунан 1,5 млрддан ашуун адамдарды белгилүү бир сааттарда, белгилүү бир иш-аракеттерди кылдыра алат?

1 ай эмес, 1 күнгө, 1 саатка, атүгүл 1 минутага да ушунча адамга бирдей буйрук бере албайсың!

Бир гана Аллах, дини аркылуу, бири-бирин таптакыр тааныбаган миллиарддаган адамга Өз Өкүмүн жүргүзүп жатат…

Мунун өзү керемет, өзү мужиза эмеспи?

____________________________________

Макул, дүйнөнү коёлу, а Кыргызстандачы?..

Башка учурда мечитке кирбеген, дегеле намаз окубаган да адамдар бүт Кыргызстан боюнча бир маалда мечиттерге таравих окуу үчүн топтолуп жатышат…

Кайсы мыйзам?
Ким муну буйруду? Адатта бөлөк башчыларына моюн сунбаган кыргыздар Ага баш ийген, Ал кандай Падыша? Ал кайсы мыйзам?…

Жыл сайын бир гана ушул ай бою (жана Айт намаздарында) миңдеген кыргыздар бир максатта, бири-бирине байланышкан жерлерде топтолууда… (дегеним мечиттердин баарынын үстүндө муфтият көзөмөлдөйт да)

Эми элестетели, мындай биримдик, мындай уюшумдуулук дайыма болсо?..

Ушул потенциал мындан башка дагы тармактарда пайдаланылса?

_________________________________

Биримдик өнүгүүгө алып барат.
Дин гана элди бириктирет!
Туура жана акыйкат дин гана…
Тарых боюнча ушундай болуп келген жана мындан ары да болмокчу…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Орозо кармаган кишинин уйкусу - ибадат, үн катпай коюусу - тасбих, жасаган иши - эки эсе сооп, дубасы кабыл болот, күнөөсү кечирилет.”(Хадис, Табарани) 🌙

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кандайсыздар, достор!
Кечээ тойдон келип чарчап жаза алган жокмун. Ин ша Аллах азыр бөлүшөм.
Бул сүрөттөр⬆️ кечээги тарткан сүрөттөрүмдүн экөөсү.

Чынын айтканда мага той аябай жакты. Эмоцияларымды жашыра албай турган даражада болду.
Башынан айтып берейин ээ?
Эрте менен досумдун үйүнө бардым. (11:00) Чогуу отуруп, билгендерим менен бөлүшүп, сүйлөшүп отурдук. Турмушка чыгарда баарында эле өзгөчө толкундоо, ойлонуу, кыйналуу сыяктуу сезимдер болсо керек. Андай убакта жакшы сөн менен гана колдоо көрсөтө албасаң, башка нерсе менен жардам бере албайсың.
Саат 15:10дордо күйөө болчу мырза келди. Өзү анан бир досу.
Ошентип алар жана кыздын бир тууган эжелери болуп гавайиге бардык.

Ал жакта фотосессия кылып (телефонго эле), андан соң тамактанып шаарга жөнөдүк.

40 адамдык кафе. Эч кандай музыка, ырчы-чорчу жок. Жөн эле кирип бардык да орундуктарга отурдук. Тамактандык, улуу муундардардан башында экөө аягында экөө же үчөө дуба кылды.
Кыздын бир тууган инилери кары (куранды толук жаттаган) болгону үчүн акырында куран окулуп, дуба кылынып бүттү!

Кыргыздын сарпай кийгизүү, сөйкө салуу салттары болду, бирок тынч эле.

7де башталган той (эч ким кечиккен жок) 9да бүттү. Конокторду узатып, себеттер бөлүштүрүлүп, пакет операциялары жасалып бүткөнчө 21:30 болду. Үйгө 22:10дорго келип калдым.

Ошо достор, мага аябай жакты. Тойлордо акырына чейин отура бербейм. Кээде башында, кээде ортосунда, кээде аягында кетип калам, бирок бул той күнү кетким келген жок. Досумдун жанында эле отура берүүнү самадым.

Дагы толтура нерселерди жазгым келди, бирок токтотоюн.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Таанышып , сүйлөшүп көрчү. Жакпаса, жаккан жоксуң деп коёсуңда”

Ушинтип өтө көп айтышат. Байкап көрчү, таанышып көрчүлөп. Мен үчүн таанышып коюш оңой эле нерсе экен. Барып, бир чайнек чай ичкенче эски тааныштардай сүйлөшүп коё берет экем. Жаңы дүйнөнү ачып, жаңы сырлардын ичине кирип…

А бирок андан кийинки этабынын кыйнаганычы…
Коштошуу. “Бактылуу болушуңузду каалайм!” деген фразаны айтуу - эң оор.

Ар жолку “меники эмести” сезүү оор. Ар жолку “дагы бир шанс берчини” угуу оор. Жакшы “бирок бул эмести” кайра-кайра сезүү оор. Жакшылардын жүрөгүндө “жара бойдон” калуу - баарынан эң эле оору ушул…

#диби_деди

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эмне үчүн илгери хандардын сөөгүн каерге көмгөндүгүн жашырышкан?
Мисалы, Манастын?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Суусамыр” деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Тарыхый роман окуп жаткам. Буйруса ушул сөздүн келип чыгуу тарыхын айтып берем. Мага пайдалуу болду. Сиздерге деле пайдалуу болсо керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ар кимдин жашоосу ар түрдүү сюжеттен куралган.
Бирөө үчүн өмүр комедия болсо, а бирөө үчүн трагедия. Кээде драмага айланып, кээде романга жетпей бүтүп калат. Мына, мына кульминацияга келип калганыңда, кайдан-жайдан өмүрүң быт-чыты чыгып бүтпөгөн дастан болуп кала берет. Балким дүйнө ушул антонимдер менен кызыктуудур…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Амансыздарбы?

Достор, билип, туюп жатканыңыздардай эле бул жакта активдүү болбой жатам. Мурдагыдай көп нерсе жазбай да калдым. Бирок инстаграм баракчамда ар дайымкыдай эле активдүүмүн. Эгерде дайыма окуп, билип турууну кааласаңыздар катталып алыңыздар.

Себеби бул жакты дагы качан активдүү алып барып баштайм билбейм🫠🫠

Ошоооо….

https://instagram.com/p/CoRd8QWthm3/

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум, урматтуу китеп сүйүүчүлөрүм.
Кандайсыздар, эсен-аман жүрөсүздөрбү?

Бүгүн эрте менен эле жан кейиштүү жаңылыкты угуп алып жүрөгүм катуу ооруду.
Жакын эле сааналаш, бир максатташ бир байке кайтыш болуптур. (Жашы 25терде болсо керек эле)

Ошол жаңылыкты угар замат өлүмгө даярмынбы? Өлгөнгө даярмынбы? деп ойлонуп жатам. Өзүмдөн өзүм сурак кылып кыйнап жатам…
Жоо—-к, жо-к, мен өлүмгө даяр эмесмин. Кимдир бирөөнү ушактап койгон болсом кечирим сурай элекмин, бирөөнүн бир нерсесин сурабай иштетип алып акысын адалдаша элекмин…
Артымдан дуба кылган окуучуларды, балдарды чоңойто элекмин…
Орозону балагатка жеткен мезгилден баштап тутпадым, намазды канча каза кылдым….
Ооо Аллахым, башкалардын өлүмү биз үчүн эскертүү тура. Бүгүн бар, эртең жокпуз…

Аз күндүк жашоону бирөөнүн көңүлүн оорутуу, ушакташуу, көрө албастык менен өткөрұп жатабыз.
Өзүмө өзүм эскертүү кылып жазып койдум.

Өлүм-ар бир башта бар. Ар убак өлүмгө даяр туруу керек!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Саламатсыздарбы?

Бүгүн 25.01.2022
15:00дө
«Дордой плаза»-ТЦ 2-этаж, конференция залында конокто
*Эгемберди Кубатов белгилүү бизнес- тренер, Саитмурад Давлатовдун шакирти жана «Менин гениалдуу балам», «Мен жана акча»-китептерин кыргызча которгон инсан жана ошондой эле жаш ишкер Нурсеит Батыров менен «Кесипти туура таңдоо-келечектин маңызы »- аталышында мастер класс өтүлөт.
Мастер класста Кыргыз - Түрк Манас университетине өтүү жолдору, ЖРТ жөнүндө маалыматтар берилет.
Уюштуруу «Жашыл калем»- окуу борбору.



Бул жаңылыкты азыр эле окудум. Силерге пайдалуу болсо керек деп ойлодум. Бишкекте болсоңор барып келгиле.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сиздерге эмне жөнүндө сүйлөп берсем экен?
Кызыккан суроолор болсо жазып коюңуздар. Анткени өзүм эч нерсе жазбай жүрө берет экенмин:)

Ин ша Аллах жооп беремин⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Качан турмушка чыгасын?
Убактын келди,сени менен тендер ннннн…

Азыр менде кадам сайын ушул суроолор…

Туура убактым келди,бирок менин адамым келе элек😁
Бирөөнүн тамагын жасап,жакасын агартуу, бүлөөсүнө бүлө болуу баарынын колунан келет!

Бирок ысык-суукта,жакшы-жаманда бирге болуп,жетелешип “балансты” сактоо,балдарга жөн эле эне болуу эмес,эн мыкты эне болуу колдон келеби?

Эн биринчи “өзүн” менен мамилен кандай?
Күзгүдөн коркпой өзүндү карай аласынбы, ишенимдүүсүнбү?
Өзүндү колдоп-коргой аласынбы?
Жашоонун түрдү кырдаалына туруштук берип барга көөп,жокко чөкпөйсүнбү?
Бирөөнү сая көрсөтүп күнөөлөбөй жоопкерчилик ала аласынбы?

Ата-энең,бир тууганың менен мамилен кандай?
Алар менен кандай маанай,кандай тембрде сүйлөшөсүң?
Өткөн-кеткен таарынычтардын,заарын башкага чачпайсынбы?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ооба, мен келдим.

Ас-саляму алейкум🌹

Ин ша Аллах аябай көпкө жоголуп кеткеним үчүн жинденбейсиздер деген ойдомун.
“Мен көпкө жок болдум, ии иштер көп болду” ж.б.у.с сөздөрдү айтып отмаска кылгым келбей эле…

Каналыма жазууга көп аракет кылдым. Сиздерге учурдагы нерселер тууралуу жазууну, бөлүшүүнү самадым, бирок, бирок, билбейм, айтор эч нерсе жаза албадым.
Инстаграмды өчүргөнүмдө ар убак бул жакта активдүү болор элем.
Өчүргөнүмө эки жумадан ашты.
Өзгөрүү жок…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Менин каналымды бирөө баракчасына реклама кылган өңдөнөт. Катталуучулар көбөйө баштаптыр.
Ким болсо да Аллах ыраазы болсун🤎

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Макул, каналымдын аты өз аталышы менен калды🥰

Китепке өтө байланышпай жатканы үчүн алмаштырып койсомбу дегем…
Сиздердин добушуңуздарды кабыл алдым✅

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Орозонун эң мыктысы – ашказан сыяктуу эле көз, кулак, жүрөк, кыял, ой-пикир сыяктуу инсандын бардык жабдыктарына да орозо карматуу. Аларды арам, пайдасыз нерселерден тыйып, ар бирине өзүнө тиешелүү ибадаттарды кылдыруу.

(Орозонун сырлары)

Жумаңыздар маарек болсун! 🕌

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум менин катталуучуларым🫶🏻

Мына, көптөн күткөн “Рамазан айы” кирип келди.
Аллах Таалага чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун! Анткени дагы бир Рамазан айына жетип олтурабыз.
Канчалаган адамдар көз жумуп бул айга жетпей кете беришти.

Келгиле, бири-бирибизди, жакындарыбызды, досторубузду, тууган-урукту, блог алып барсаңыздар катталуучуларыңызды куттуктайбыз. Жаңы жылда саат 00:00 дү күтұп куттуктаган күндөр өткөн, бирок ошол убактарда туура эмес экенин билчү эмесмин.

Сиздерди, окуп жаткан ар бир адамды кирип келген Рамазан айы менен куттуктайм!
Бул ай бүт нерсенин башталышы болсун. Намаз окубагандар намаз баштасын, орозо кармай электер быйыл 1-орозоңуздар болсун.
Жакшылыктардын эшигинен жарыша-жарыша кирип баралыыы🫂🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн жакын инсанымдын тою.
Бир аз толкунданып, бир аз ишенбей отурам.
Ал кызга ар убак айтар элем, ушу сенин тоюңа сөзсүз барышым керек. Тоюңда видео, сүрөт тартып берем деп.

Мына, Аллахтын каалоосу менен бүгүн жакын досунун анан фотографтын ролун аткарууга кетип жатам.

1-жолу диний болгон тойго күбө болом. Даңгыра-дуңгурасы жок, бийсиз.
Дагы бир жакшы жери таңкы 6да туруп алып салонго бармай жок. Көйнөк алыш керек дебейсиң.
Иши кылса сонун экен ай)

Сиздерге тойдон кийинки ойлорум менен бөлүшөм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Атактуу баатырлар менен хандар өлгөндө алардын сөөгүн бөтөн бирөөлөргө көрсөтпөй жашырып коюшчу. Анын негизги бир себеби: эгер анын душманы түн ичинде келип көрдү ачып, өлүктүн кар жилигин мүрзө үстүнө сайып кетсе, анын тукумунан өзүн тарткан көйкашка чыкпасын деген ырымы дешкен. Манас бабабыздын сөөгүн дагы кай жерге коойгону ушу кезге чейин белгисиз.”

📖 “Хан Тейиш” романы
✒️ Асанбек Стамов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Илгерки заманда кыргыздар териси эң баалуу аңдарды
”самыр”
дешкен. Самырдын эки түрү бар. Кургакта жашаган: суусар, калтар, илбесин сыяктууларды-кургак самыр дешсе, сууда жашанан кундузду Суусамыр дешкен турбайбы. Кундузунун молдугунан кайран жер Суусамыр аталып кеткен да.

📖 “Хан Тейиш” романы
✒️ Асанбек Стамов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн силерге онлайн мамиле тууралуу айтып бергим келди.

Бул дегени жакын досторуң же ата-энең менен байланышуу эмес.
Ооба, ооба, туура эле түшүндүң. Айткым келген нерсе кыз-жигит маселеси.
Учурда көпчүлүк жаштар онлайн таанышып, онлайн жолугушуп жүрүшөт. Бул нормалдуу көрүнүшкө айланып бара жатат.
Ачыктай айтсам онлайн таанышышат, бири-бирине максаттары, ой-пикирилери, күнү кандай өткөнүн бүт айтып берет. Карап көрсө туура жазат, максаттары окшош. Өзү ойлогондой эле бала жазып жатат. Иллюзияга алданат. Андан соң эки тараптан тең бири-бирине байланып калуу башталат. Жазышын, чалышын, сүрөт жөнөтүшүн күтөт.
Ошентип онлайн кызгануу ж.б нерселер башталат.

Онлайнда баары бир өзүң каалагандай идеалдаштырасың. Сүйүнөсүң. Мына, мына жашоомдо ак ат минген принцти таптым дейсиң.

Бирок бирге болосуңбу? Ал менен каласыңбы ишениш жок. Себеби идеалдуу жашоо менен реалдуу жашоо такыр башкача.
Оюңдагыдай чыкпай да калуусу мүмкүн.

Эмне деп кеңеш берет элем.
Жигиттин ырларына, сонун-сонун жазган сөздөрүнө алданбоо керек!
Жигиттин тили-бул анын жасаган иш-аракети.
Сен үчүн эмне кыла алат? Алыс жолдон сени көрүүгө келе алабы? Көңүлүңдү алып, сени кандай урматтайт?
Кеп мына ушунда)

Сиздер кандай ойлойсуздар?
Онлайн 1-2 жыл сүйлөшүп баш кошкондор барбы?
(Ойлорум аябай чар-жайыт жазылып калыптыр. Кайра оңдогум келбеди. Өчүргүм да келген жок!)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кутман таң!
Күнүңүздөр ийгиликтүү жана берекелүү өтсүн!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Кыргызда саламдашпай туруп сөз баштабайт” дейт.
Андыктан ас-саляму алейкум, сүйүктүү окурмандарым🤎
Кандайсыздар? Кандай жүрөсүздөр?

Мен жакшымын))

Азыр Оштомун. Жумуштан чыкканыма 2 жума болду.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Инсаграм аккаунтумду сагындым❤️
Ал жактагы катталуучуларымды, узун-узууун сторис жазгандарымды сагындым.

Ин ша Аллах жакын арада аккаунтума кайтып барам🥲

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Соңку 1000сомдой акчам калган.
Эртең Мыктыбек Нурланбековдун жандуу концертине барып келсемби же ал акчам менен 1 жума жашап турсамбы?
😂😂

Ыын, эмне кылсам экен?
Эртең ошол концертке баруучулар барбы?
(Мен жөнүндө бир факт: Бишкекте жүрүп ушундай концертке бир да жолу барбаптырмын. А айтышка го калтырбай барам🌹)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кээде маанайды эң жөнөкөй нерселер көтөрөт.
Аллага шүгүр, эң сонун, эң өзгөчө коллективди Аллахым насип этип, бешенеме жазыптыр🌹

(Аябай кубандым.)
Ушул жерде сакталсын❤️
24.01.2023

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушунча убакыттан бери чыгып кетпей, жазышымды күткөн катталуучуларым, силерди эмне кармады болду экен?

Кызык…

Ошол үмүттү актап, эми активдүү болор бекем…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Өзүңдүн “башталышыңды” бирөөнүн “аягы” менен салыштырба🌱

Сенин жолуң башка, аныкы башка🌱

Сенин тагдырың, ырыскың эчак эле жазылган жана сеники болгон нерсе сага гана насип болот, эч кимге кетип калбайт🌱

Müşterih ol🌱

#өзүмөэскертүү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум, кандайсыздар?
Жок болуп кеттимби?

Кудай буйруса эртең 2-саат ачык сабагым болот. Аябай коркуп жатам. Өзүбүздүн мектептин завуч, директору киргенде мынчалык корккон эмесмин. А эртең болсо башка жактан келишет.

Андан да жаманы мен ачык саат өтө турган класстагы балдар ооруп, бүгүн 12 эле окуучу келишти. Эртең канча келет болду экен? Мм… А балким башка класска жылдырып салсачы?


Эмнеси болсо да жакшы өтүп алсам экен.
Дуба кылып коюңуздарды өтүнөм
🤲🏻

Колдон келишинче даярдандым. Акылым жетип, ойлонуп жатканым менен көп нерсени кылып салганы энергиям жетпей жатат.
Жетпей жатат…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Гүл - ыргытуу үчүн берилбейт!🤎
Гүлдү сүйүш керек. Гүл берген адамды сүйбөсөңөр да, гүлдү сүйүш керек…

Жөн гана❤️

Баса, гүл меники эмес. Болгону жумуштан келе жатып бул гүлдөрдү таап алдым.

Читать полностью…
Subscribe to a channel