kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Уландысы бар. Бир аз туруп чыгарам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кыргыз тилинде “Ашыгым” деген сөз бар.
Муну баарыбыз эле колдонуп, билип жүрөбүз.

Бүгүн сиздерге ушул сөздүн маани-маңызы менен бөлүшүүнү туура көрүп жатам. Текстти өзүм жазган эмесмин, бирок автордон уруксат алып, каналга бөлүшсөм боло тургандыгын сурандым.

Айтканга чейин сиздерге суроо:
Сүйүү менен ашыктыктын айырмасын билгендер барбы?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

"Бактылуулуктун формуласы" Чубак ажы Жалилов / Окуган Эрнис Кыяз

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

3. Ал эми интернетке атайын убакыт ажыратпайм. Кирип калганда эле. Жеке мен Историяларымы арада бош убакытта жазып калам🤭 троллейбуста ж.б унаада, кезекте турганда, бирөөнү же бир нерсени күткөндө. Анан албетте бош отуруп калганда кирип кеткен учурлар болот. Бирок, эгер күнүмдүк планың сааттар менен белгилүү болсо азыр бул ишти кылам деп, телефон чукулаганы убакыт жок болот оюңда эле.

4.
Пландарды кагаз түрүндө эле эмес оюмда да ойлонуп чыгам. Азыр мен бул жакка барам, андан чыгып муну кылам, жолдо муну кылганча кетем, келерде муну бүтүрө келем ж.б. деп күнүмдү же күнүмдүн жарымын болсо да ойлонуштуруп коём, ошенткенде унутпайм. Бирок анда да унутуп калам кээде. Анан иштер өзүнөн өзү эле плаавно бүтүп кала берет кээде Аллахым жеңил кылып коёт го дейм.

Эрте мененки дубалар бар да. Ошолорду сөзсүз окуш керек. Окуганда сөздөрүнүн мааниси эми укмууш да, күндүн берекесин, жемиштүүлүгүн сурайсың. Окуп атып эле ойлойм ушу менен иштерим баары сонун болуп бүтүп калгандай сезим болот. Тагыраагы руханий же психологиялык дейби даярдык керек да. Мен мындай “зарядкасыз” келесоо болуп кетсем керек эле мээмдеги жүктү көтөрө албай😄

Бардык ишти Аллахка тапшырып коебуз, и кайфуем🦦🤭

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум, достор, тааныштар, курбу-курдаш, байке-инилер!

Көптөн бери эч нерсе жазбай калдым. Өзүмдү бир аз ыңгайсыз сезип отурам.
Сөзгө мокок болуп, ойлорум чар-жайытка жайылып, бир бүтүндүккө келе албай жаткан сындуу.

Жаңы жашоо, жаңы жер, жаңы чөйрө, айтор баары жаңы.
Өзүмдү ошол жаңычылдыкка даярдап жаткансыймын.
Мурдагыдай баскан-турганды, ойлогон ойду дароо жаза салган Нурзат кичине өзгөрүлүп жаткандай…
Акыл-эси толуп, чоңоюп жаткандай…
Ар тараптан келген сокку-шамалдарга даярданып жаткандай…

Тагдырдын кайыгын башкара албайт экенсиң.
Ары-бери чайпалса да, бир тынчтыкта мемиреп акса да, боорон-чапкынга туш келип, далай жолу аңтарылса да рульдан түшпөй, чайпалса чайпалган бойдон тынчтыкты самап кете бересиң, кете бересиң…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн инстаграм сторисимде немец тили курстары боюнча айтып бердим. (Өзүм окуган)
Керек болсо окуп алсаңар болот✅

https://instagram.com/stories/nurz.askarova/3084980156255096963?utm_source=ig_story_item_share&igshid=MTIyMzRjYmRlZg==

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Германияда эң суктанган нерсем эмне болду айтайынбы?

Бул жашы-карысына карабай китеп окугандары болду. Кичинекей балдардын чоң-чоң китептерди (Гари Поттер сыяктуу) окуп жатканын байкадым.
Аэропортто да, самолетто да көп кездештирдим.

Гапыр Мадаминовдун: “Ар бир үйдө жеке китепкана болуусу керек. Кеминде 300 китеп болуусу шарт!” деген сөзүн жадымдан чыгарбай келем. Булардын китепке, окууга болгон сүйүүсүн көрүп таң калып да, суктанып да жатам. 10 жаштагы кызы мага караганда көбүрөөк китеп окуганы 100% ыктымал.

Азыр жанымда отурган бир эжеден колун жана китепти тартып алууну өтүндүм.
“Сүрөттү эмне кыласың?” дейт.
Сүрөт тартуу хоббим деп айттым. Жогоруда жазгандарым жалган болбош үчүн тартып алган сүрөттү азыр киргизем.

Ошо, достор, азырынча суктанып эле жаткан убагым. Тыйындын бир бетин гана көрүп жатам. Экинчи бетин көрүп баштаганда аларды да жазам.
Ии баса, сонун китептерди көрдүм. Кыргызстанда жок экенине кепилдик берем. Эгерде балдар адабиятына кызыгуум артып калса бир китеп которууну жана ошондой форматта чыгарууну максат кылып койдум.
Бул жакка келүү максатым Кыргызстанга пайдамды тийгизүү. Аллах Таала жолумду ачык кылып, себепчилерди кезиктирсин🤲🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

-Германия жагып жатабы?

-Ооба, жагып жатат. Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр жана мактоолор болсун! Бир кездерде кыял болгон нерсе эми мынтип ишке ашып отурат. Көп көчөгө чыга элекмин. Ин ша Аллах эртең чыгып, айланып келүүнү план кылуудамын.
Сүрөт, видеого тартып, силерге да көргөзүүнү пландап жатам.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Досум үч күндүк акысыз марафон уюштуруп жатыптыр.

Кызыктуу жана пайдалуу болуусуна 100% ишенем жана мен дагы катышып жатам.

Сиздерге да пайдалуу болот деген үмүттө, түнгө карабай киргизип койдум.🫶🏻☺️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

«ZHANGAK» менен ЖРТга интенсивдүү даярдан!!!

📌 Интенсивде:

🔰15 сабак кыргыз тилден;
🔰15 сабак математикадан;
🔰10 тестин чечмелениши;
🔰2 сынамык тест камтылган.

Достор, биздин интенсивге КАТТОО БАШТАЛДЫ!

⚡️Андыктан шашылгыла!

Толук маалымат алуу үчүн ссылканы басыңыз👇🏻

https://goo.su/vRVl

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Агай” сериалындагы музыкаларды издеп жүргөндөр үчүн🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум🌸
Амансыздарбы!

Араңыздарды “Агай” сериалын көрүп жаткандар барбы?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Орозонун эң мыктысы – ашказан сыяктуу эле көз, кулак, жүрөк, кыял, ой-пикир сыяктуу инсандын бардык жабдыктарына да орозо карматуу. Аларды арам, пайдасыз нерселерден тыйып, ар бирине өзүнө тиешелүү ибадаттарды кылдыруу.

(Орозонун сырлары)

Жумаңыздар маарек болсун! 🕌

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум менин катталуучуларым🫶🏻

Мына, көптөн күткөн “Рамазан айы” кирип келди.
Аллах Таалага чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун! Анткени дагы бир Рамазан айына жетип олтурабыз.
Канчалаган адамдар көз жумуп бул айга жетпей кете беришти.

Келгиле, бири-бирибизди, жакындарыбызды, досторубузду, тууган-урукту, блог алып барсаңыздар катталуучуларыңызды куттуктайбыз. Жаңы жылда саат 00:00 дү күтұп куттуктаган күндөр өткөн, бирок ошол убактарда туура эмес экенин билчү эмесмин.

Сиздерди, окуп жаткан ар бир адамды кирип келген Рамазан айы менен куттуктайм!
Бул ай бүт нерсенин башталышы болсун. Намаз окубагандар намаз баштасын, орозо кармай электер быйыл 1-орозоңуздар болсун.
Жакшылыктардын эшигинен жарыша-жарыша кирип баралыыы🫂🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн жакын инсанымдын тою.
Бир аз толкунданып, бир аз ишенбей отурам.
Ал кызга ар убак айтар элем, ушу сенин тоюңа сөзсүз барышым керек. Тоюңда видео, сүрөт тартып берем деп.

Мына, Аллахтын каалоосу менен бүгүн жакын досунун анан фотографтын ролун аткарууга кетип жатам.

1-жолу диний болгон тойго күбө болом. Даңгыра-дуңгурасы жок, бийсиз.
Дагы бир жакшы жери таңкы 6да туруп алып салонго бармай жок. Көйнөк алыш керек дебейсиң.
Иши кылса сонун экен ай)

Сиздерге тойдон кийинки ойлорум менен бөлүшөм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

АШЫКТЫККА АНЫКТАМА

Ашык сөзү араб тилинде "ишк" ( عشق ) деп айтылат. "Ишк" сөзү "чектен чыгуу, аша чабуу" деген маанилерди туюнтат. Ибн Манзур мындай дейт: "Ашыктык – бул чектен чыгуу, же болбосо ашык болгон адамына аябай арбалып калууну билдирет"  [ Лисан аль-Ароб ]
Ал эми ишк сөзү "ашака" деген сөздөн келип чыккан ( бир уңгулуү сөздөр ). Ашака сөзүнүн мааниси "чырмоок". Ашыктык адамдын жүрөгүн чырмооктой чырмап, акылын курчап алат, же болбосо чырмоокту жулуп, же кесип салганда куурап калгандай эле адамдын жүрөгүн соолутуп салат. Мына ошол себептүү "ашык" ( ишк ) деп аталып калган.

Бир аалым айтат: "Белгилүү болгондой бул сөз напси каалоосун кандырууну, "жыныстык сүйүүнү" түшүндүрүү үчүн колдонулган сөз. Т.а. бир адамдын башка бир адамдан ырахат алуусун билдирет.Адам бул сөздү Аллах Таалага, өзүнүн ата-энесине, бала-бакырасына, динине, илимге, мекенине ж.б. болгон сүйүүсүнө колдонууга болбойт". Башында айткандай – бул жыныстык каалоонун, же ашыгынан кандайдыр бир дене ырахатын алууну билдирет. Орусча айтканда "плотская любовь", же болбосо "страстная влюблённость". Ашык болгон адам бул нерселерди кабылдабашы толук мүмкүн, "мен чындап сүйөм" деп. Бирок, ашыгы менен бир нече жолу жыныстык байланышка баргандан соң, баягы сезимдери солгундай баштайт. Бул акыйкат. Кыскача айтканда, сүйүүнүн арканы акыретке чейин уланган. Ал эми ашыктыктын арканы төшөккө чейин гана уланган. Ашыктык – бул жыныстык каалоонун эле ышкысы экендигинде 100% кепилдик бар. Себеп дегенде, сүйүү – карама-каршы жыныстагы, т.а. эркек менен аялдын ортосундагы сезим, мамиле. Ал эми, ашыктык болсо жыныс тандабайт, эркек же аял экендигине карабайт. Карама-каршы жыныстагылардын да, бирдей жыныстагылардын да ортосунда пайда боло берчү бир балээ.

АШЫКТЫКТЫН ТҮРЛӨРҮ

Ашыктык кээ бирөөлөрдө эки тараптуу болот, эки адамдын бири-бирине болгон болгон ашыктыгы. А кээде бир эле тараптуу болот, т.а. жоопсуз. Эми ошол ашыктыктын төрт түрү болот:
1. Эркектин аялга болгон ашыктыгы ( бул кеңири эле таралган көрүнүш );
2. Аялдын эркекке болгон ашыктыгы ( бул деле кеңири тараган көрүнүш );
3. Эркектин эркекке болгон ашыктыгы;
4. Аялдын аялга болгон ашыктыгы.
Тилекке каршы, азыркы чалды-куйду чалкеч доордо, кылымдын кыйсыпыр түшкөн убагында бул нерселер кадимки эле көрүнүш болуп калды. Ошондуктан башында айттым, "сүйүү – бул эркек менен аялдын ортосундагы сезим. Ал эми ашыктык жыныс тандабайт, эркек же аял экендигине карабайт" – деп. Бул нерсе эркек менен аялдын дагы, же бир жыныстагылардын ортосунда тутанып кетүүчү бир балакет. Ашыктык бөлөк нерсе болгондуктан, бүгүнкү күндө бир жыныстагылар мамиле куруп, жадагалса бүлө күтүп жүрүшөт. Алар деле "биз бири-бирибизди сүйөбүз" деп жүрүшөт ( көр түшүнүгүндө ). Бирок, сүйүү эч качан мындай ыплас, бузук ишке түртпөйт.

АШЫКТЫК АДАМДЫН ЭРКИНЕ БАШ ИЕБИ, ЖЕ ЭРКИНЕН ТЫШКАРЫБЫ?

Ашыктыкка кабылган адамдар: "Ашыктыктан арыла албай жатам. Ашыгымдан айрылганга караганда өлүп калуу мен үчүн жеңил" – деп арызданышат. Илгертеден эле ашыктыкка кабылгандар өздөрүн актоого аракет кылып келишкен. "Ашыктык эркиңе ээ-жаа бербейт. Мен эмне, жыргаганымдан ушинтип жүрөт дейсиңби, өз каалоом менен ашык болуп алыптырмынбы?!" – дешет. Бир акын айткандай: "Менин Сальмага болгон ашыктыгымды адамдар жектеп жатышат, тим эле мен өз эрким менен ашык болуп алгансып. Чындыгында, менин ашыктыгым Аллах Тааладан келген сыноо жана тагдыр". Ушуга окшогон адамдар: "Менин ашык болуп калуум – бул тагдырыма Жараткандын жазып койгон жазмышы. Бул менин эркимде эмес, Кудайдын колунда" – деп, тагдырга шылтап келишкен.

Ибн аль-Каййим ж.б. аалымдар айтышкан: "Ашыктыктын башталуу стадиясы жана пайда болуу себептери адамдын өз эркинде. Буга адам өзү жоопкер. Мунун мисалы арак ичкен адамга окшош. Адам аракты өз эрки менен ичет ( кааласа ичет, каалабаса ичпейт ). Ал эми жыйынтыгында, арак ичкенден кийин мас болуп калуусу анын эркинде эмес. Бирок, мас болуп калуусуна өзү себептерди жаратып, өзү түрткү болуп жатат.

Уландысы төмөндө⤵️

✒️КТЫККА АНЫКТАМА

Ашык сөз

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⬆️
Бүгүн ушул китепти угуп бүттүм.
Унутуп кала элегимде жазууну туура көрүп турам. Анткени азыр силерде түн ортосу, мейли, эч нерсе эмес. Эртең окуйсуңар🌚

Ыраматылык Чубак ажынын бизге калтырып кеткен мурастарынан бири-бул жеңил жана түшүнүктүү жазган китептери. Аллах Таалам жаннаты менен сыйласын🤲🏻

Китеп 3 саатка созулду. Менимче толук бүтпөй калган сыяктуу.
Оригинал китеби колумда болбогон үчүн салыштыра албадым.

Бошогон убактыңарда сөзсүз угуп койгула. Универге барып келгенче уксаңар деле 2-3 күндө бүтөт. Диний айрым маселелер боюнча кенен түшүндүрүп бериптир.
Мисалы, сүткорлук, зына, талак, Меккедеги дуба кабыл болуучу жерлер ж.б.

Аудио болгон үчүн ичинен таасир калтырган сөздөрдү жаза албадым.

Студенттерден баштап, үй-бүлөлүүлөргө чейин сунуштайм. Окуучулар үчүн бир аз аш кылуу кыйын болуп калат экен.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Биздин жашообузга эч ким себепсиз кирбейт. Же сынак болот, же белек…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Убакытты туура бөлүштүрүү боюнча Нуриза Алимбековадан кеп-кеңеш:

1.
Эрте турууга маани берем. 24 сааттын 6-7 саатын гана уйкуга кетсе жетет. Уйку аз болсо, калган убакыт көбүрөөк болот. Жана башка сөзсүз кылынчу иштерге канча саат кетээрин да өзүмө эсептеп жазып алгам примерно. Намаздарга, тамакка, милдеттүү универдин сабактарына. Ошондо менде күнүнө 8-10 сааттай ашып калат. Демек башка иштерди ушул сааттар ичинде кылышым керек дейм.

2.
Эң башта максат болуш керек деп банальный сөздү айтайынбы😅

Кандай жыйынтык канча убакта болушу керек экенин так билүү зарыл. Ошонун баарын кайра 1 күнгө бөлүп, 1 күндө канча саат кетириш керек экенин белгилеп.

Менин саатка байланган иштерим көп болгондуктан бир жумалык расписание түрүндө түзүп алганмын.
Ичинде бир күндө мен ойгоо сааттар белгиленген. Ар бир сааттын тушунда, бир иш болсо - жазылган. + намаздар мен окуй ала турган убактын тушунда жазылган. Ортодо мамычалар бош калат. Демек башка иштерди ошол бош сааттарда кылсам болот деп кылганга аракет кылам

🛑Бир айлык планым бар, + 1 айлык календарь түрүндө тартып алам. Кайсы бир күнгө байланган иштер ошол календарда жазылат.

❕бир жумалыкты да кээ кээде иш көп болгондо жазып турам. Тагыраагы жөн эле бир кагазга бүт кыла турган иштерими тизмектеп алам. Тушуна кайсы күнү кыла аларымы жазам. Анан күндөлүгүмө ошол датанын барагына жазып коем алдын ала( муну жанагы расписаниеге карап белгилейм, саатын да карап)

Анан алдын ала пландар чыга берет, иштер бүтө берет.

Уландысы
⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Күндөр өтүп,учкан куштай таң атат,
Келер жылым бир бүдөмүк жаратат.
Кепилдик жок дагы аны көрүүгө,
Орозонун соңу келип баратат...😢


Каратаева Нуриза

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Достор, видео-сүрөттөрдү көп-көп көрүү үчүр инстаграм баракчама катталып алсаңыздар болот.
А бул жакта көбүнчө жазам. Жалаң окуганга кызыккандар үчүн телеграм ыңгайлуу.

Instagram: nurz.askarova

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Мамиледе эң маанилүү нерсе- бири-бирин түшүнүү, ишенич жана сый-урмат. Балким сүйүү ушулардын негизинде түптөлөт.”

📝С.С

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Стамбул
🕜 1:22
🗓️ 14.04.2023

Ас-саляму алейкум, урматтуу бул каналдын катталуучулары!
Бир күн оору, бир күн соо болгон Алымкандай болуп кайра келдим.
Азыр аэропорттомун. Эмнегедир көргөн нерселеримди жазып калтырып эле отургум бар.
Кичинекейимде мугалимдердин: “Сырт жакка чыксаң эл, жер көрөсүң. Дүнүйө таанымың өсөт” деген сөздөрүн көп угуп калчуумун. Бүгүн ар улуттун өкүлдөрүн көрүп ушул нерсени насип кылган Аллах Таалага мактоолорду айткым келди.
Канча жылдык талыкпаган аракеттин негизинде, Аллахым себеп кылып бир максатым орундалганы турат.
Аз калды. Ишенесиздерби?
Сүйүнүп, кудуңдагандын ордуна ойлорумдун тереңине сүзүп кирип, балык сымал чайпалам.
Ар дайым айтып келгенимдей эле максаттын өзү эмес, ал жолдо жүрүү өзгөчө рахат тартуулайт экен. Бирде күлүп, бирде ыйлап, айтор унутулгус сезимдерди жашап өтөт экенсиң.

Ин ша Аллах бүгүнкү күндөн баштап Германияда күндөр, ачылыштар, таанышуулар, таң калуулар, өзгөчөлүктөр тууралуу өз пикирлеримди жаза баштайм.
Балким кимдир бирөөлөр үчүн пайдалуу болоттур.

Каналымдын тематикасы бир аз өзгөрөт. Алдын ала кабар берип коюуну туура көрдүм. Макул, жакшы туруңуздар, Аллахка аманатсыздар! Мен сиздерди жакшы көрөм.

Азыр интернет жокто жазып койдум. Кийин вай-файга уланганда бул жазууларды окуйсуздар.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📌 Катышуу АКЫСЫЗ!
Бирок төмөндөгү шарттарды аткаруу керек
1️⃣ Инстаграм баракчама @shaiyrgul_manap жазылуу;
2️⃣ Instagram сториске жана WhatsApp статуска ушул рилсти бөлүшүп, скриншотту директке жиберүү;
3️⃣ 3 курбуңузду белгилөө.

🌙 Рамазан айына байланыштуу кызыктуу, креативдүү жана өзгөчө Instagram стористерди кантип жасоону үйрөнүңүз. Келиңиз, бирге укмуштуудай стористерди жараталы!

😇 Марафон 11-апрелде Бишкек сааты менен эрте менен 8:00дө жабык вотсап группада болот!

100 гана орун бар

Telegram | shaiyrgulmanapova1305">YouTube | Instagram

#ИнстаграмдаРамазан #РамазанСторис #МанапПРО

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллахым биз каалагандай эмес, биз үчүн туура келип кайырдуу болгон нерселерди насип кылсын 🤲🏻
Жаш балача ар нерсени каалай беребиз го, бирок ал бизге жакшылык алып келеби, аны көтөрө алабызбы, бул да өзүнчө бир маселе экен…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Достор, “Агай” сериалынын 10-сериясын этномедиа тиркемесинен 45сомго сатып алып көрсөңөр болот экен. Ошону айтып коёюн дегем.

Кино боюнча ой-пикиримди жакында бөлүшөм🥰🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Рамазандын өзүнө эч таң калып бүтпөдүм…

Армиядагы сыяктуу баарына бирдей так буйрук. Ушул сааттарда ооз бекитесиң, ооз ачасың. Болду. 5 эле мүнөт мурда түрдүү даамдарды рахаттанып жеп жаткан сен, убагы кирген соң оозуңа эч нерсе сала албайсың… бир ууртам суу, бир ушак нан дагы…

Кана, дүйнөдө кайсы менмин деген күч 1 ай бою дүйнөнүн ар бурчунан 1,5 млрддан ашуун адамдарды белгилүү бир сааттарда, белгилүү бир иш-аракеттерди кылдыра алат?

1 ай эмес, 1 күнгө, 1 саатка, атүгүл 1 минутага да ушунча адамга бирдей буйрук бере албайсың!

Бир гана Аллах, дини аркылуу, бири-бирин таптакыр тааныбаган миллиарддаган адамга Өз Өкүмүн жүргүзүп жатат…

Мунун өзү керемет, өзү мужиза эмеспи?

____________________________________

Макул, дүйнөнү коёлу, а Кыргызстандачы?..

Башка учурда мечитке кирбеген, дегеле намаз окубаган да адамдар бүт Кыргызстан боюнча бир маалда мечиттерге таравих окуу үчүн топтолуп жатышат…

Кайсы мыйзам?
Ким муну буйруду? Адатта бөлөк башчыларына моюн сунбаган кыргыздар Ага баш ийген, Ал кандай Падыша? Ал кайсы мыйзам?…

Жыл сайын бир гана ушул ай бою (жана Айт намаздарында) миңдеген кыргыздар бир максатта, бири-бирине байланышкан жерлерде топтолууда… (дегеним мечиттердин баарынын үстүндө муфтият көзөмөлдөйт да)

Эми элестетели, мындай биримдик, мындай уюшумдуулук дайыма болсо?..

Ушул потенциал мындан башка дагы тармактарда пайдаланылса?

_________________________________

Биримдик өнүгүүгө алып барат.
Дин гана элди бириктирет!
Туура жана акыйкат дин гана…
Тарых боюнча ушундай болуп келген жана мындан ары да болмокчу…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Орозо кармаган кишинин уйкусу - ибадат, үн катпай коюусу - тасбих, жасаган иши - эки эсе сооп, дубасы кабыл болот, күнөөсү кечирилет.”(Хадис, Табарани) 🌙

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кандайсыздар, достор!
Кечээ тойдон келип чарчап жаза алган жокмун. Ин ша Аллах азыр бөлүшөм.
Бул сүрөттөр⬆️ кечээги тарткан сүрөттөрүмдүн экөөсү.

Чынын айтканда мага той аябай жакты. Эмоцияларымды жашыра албай турган даражада болду.
Башынан айтып берейин ээ?
Эрте менен досумдун үйүнө бардым. (11:00) Чогуу отуруп, билгендерим менен бөлүшүп, сүйлөшүп отурдук. Турмушка чыгарда баарында эле өзгөчө толкундоо, ойлонуу, кыйналуу сыяктуу сезимдер болсо керек. Андай убакта жакшы сөн менен гана колдоо көрсөтө албасаң, башка нерсе менен жардам бере албайсың.
Саат 15:10дордо күйөө болчу мырза келди. Өзү анан бир досу.
Ошентип алар жана кыздын бир тууган эжелери болуп гавайиге бардык.

Ал жакта фотосессия кылып (телефонго эле), андан соң тамактанып шаарга жөнөдүк.

40 адамдык кафе. Эч кандай музыка, ырчы-чорчу жок. Жөн эле кирип бардык да орундуктарга отурдук. Тамактандык, улуу муундардардан башында экөө аягында экөө же үчөө дуба кылды.
Кыздын бир тууган инилери кары (куранды толук жаттаган) болгону үчүн акырында куран окулуп, дуба кылынып бүттү!

Кыргыздын сарпай кийгизүү, сөйкө салуу салттары болду, бирок тынч эле.

7де башталган той (эч ким кечиккен жок) 9да бүттү. Конокторду узатып, себеттер бөлүштүрүлүп, пакет операциялары жасалып бүткөнчө 21:30 болду. Үйгө 22:10дорго келип калдым.

Ошо достор, мага аябай жакты. Тойлордо акырына чейин отура бербейм. Кээде башында, кээде ортосунда, кээде аягында кетип калам, бирок бул той күнү кетким келген жок. Досумдун жанында эле отура берүүнү самадым.

Дагы толтура нерселерди жазгым келди, бирок токтотоюн.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Таанышып , сүйлөшүп көрчү. Жакпаса, жаккан жоксуң деп коёсуңда”

Ушинтип өтө көп айтышат. Байкап көрчү, таанышып көрчүлөп. Мен үчүн таанышып коюш оңой эле нерсе экен. Барып, бир чайнек чай ичкенче эски тааныштардай сүйлөшүп коё берет экем. Жаңы дүйнөнү ачып, жаңы сырлардын ичине кирип…

А бирок андан кийинки этабынын кыйнаганычы…
Коштошуу. “Бактылуу болушуңузду каалайм!” деген фразаны айтуу - эң оор.

Ар жолку “меники эмести” сезүү оор. Ар жолку “дагы бир шанс берчини” угуу оор. Жакшы “бирок бул эмести” кайра-кайра сезүү оор. Жакшылардын жүрөгүндө “жара бойдон” калуу - баарынан эң эле оору ушул…

#диби_деди

Читать полностью…
Subscribe to a channel