🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
Жүрөгүңө себилген кыялдарыңды, дуба менен сугарып тур.
Насибиңде болуп бир күнү сөзсүз өсүп чыгат.
🪴🪴🪴🪴🪴🪴🪴🪴
22:13
Түн. Ошого карабай эшик жарык. Ай менен тиктешип терезенин жанында отурам.
Германиянын жашоосуна бир топ көнүп калдым, бирок бул жакта окууну улантуу үчүн бир канча тепкичтерден басып өтүү керек экен.
Мен ойлогондой оңой эмес тура. Тажрыйбалуу эжелер менен сүйлөшүп, кайра санаага батып отурам.
“Германияда окуйм” десең бүт нерсеге даяр болуш керек экен. 1-тилди өнүктүрүп, ошол эле учурда 5-6 ай мурункуну азыр пландап, резюмелерди жөнөтүп дегендей…
Бул жакта окуу жөнүндө сурап жатып эле Кыргызстанда жыргап эле жүргөн турбаймынбы деп жатам. Ооба, окубаптырмын деле көрсө🥲🤧
“Колуңдан келбейт!” деген сөздү көп уга баштадым. “Уху, тил үйрөнүшүң керек! Ал убакка чейин, ой эч ким андай кыла алган эмес.” Айтор, ушундай сөздөр…
Ушул мезгилге чейин мындай сөздөрдү укпагандыгым үчүн катуу эле тийип жатат.
Бирок булардын айтканын кабыл кылам. Себеби, билген үчүн жашаган үчүн айтып жатат да)
Реалдуулуктан качпоо керек.
Германия Кыргызстан эмес!
Эгерде кесибим кыргыз тили жана адабияты мугалими болбогондо дагы мүмкүнчүлүктөр көп болот экен эле.
А азыр баарын 0 дөн баштоо керек окшойт.
Кайрадан бакалавр, кайрадан магистратура…
Же күлүштү, же ыйлашты билбей отурам.
01.06.2023-ж
Дюссельдорф🇩🇪
https://www.instagram.com/reel/Cs0-NhzuF7A/?igshid=MzRlODBiNWFlZA==
Хайдельбергди бул видеодон көрсөңүздөр болот.
Телеграм баракчама киргизүү бир аз ыңгайсыз.
Андыктан инстаграмдан көрүңүздөр🫶🏻
“Ой санаасы, руханий дүйнөсү, табигый дүйнөсү шай келген адамды жолуктуруудан ашкан бакыт жок…”
🖊️Ч.Айтматов
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Силерди бүгүнкү окууну аяктап жатышыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Аллахым ЖРТдан өзүңөр каалаган баллды алып, өзүңөр каалаган университетке жана окууга тапшырууну насип этсин🤲🏻
Жакында “студент” атка конуп, университетти бүткөндөр болсо адис болуп чыга келесиңер. Кандай сонун ээ?
Албетте, кыйынчылык, ыйлап-сыктаган күндөр болот. Ошол күндөр силерди дагы да күчтүү жана кайраттуу кылат.
Мен силерге ишенем! Билим-илимге умтулган үчүн бул каналда барсыңар. Окууну сүйөсүңөр. Демек, баары жакшы болот, алтындарым десе)
Алдыга гана умтулгула!
Кеп-кеңеш сурасаңар ачыкмын🤗
25.05.2023
📍Германия
Уйкусуз түн - бул жөн эле сен уктабаган түн эмес. Бул сенин көңүл ачкан, бир нерсе жеп-ичкен, издеген, үмүт кылган же кыялыңды ишке ашырган түн эмес. Бул сүйлөшүү, талаш-тартыш менен же жакын досуң менен терең жана мазмундуу маек кылган түн эмес. Бул түн - сүйүктүүң менен өткөргөн түн эмес. Бул үй-бүлөлүк чыр-чатактын түнү эмес.
Бул оорулунун кыйналган түнү эмес.
Бул…?
Эртең Энелер күнү.
Немистердин бул майрамга өзгөчө көңүл бөлүп жана даярданганы жүрөгүмдү жылытты.
Колдон жасаган нерселерди өтө баалашат экен. Чын да)
Көңүлүң, оюң бүт жасап жаткан белекте болот. Убактыңды сен үчүн эң баалуу болгон адамга арнайсың. Кантип берип, кантип сүйүнгөнүн элестетесиң. Белекке сүйүү аралашканда кооздугу, көркү дагы да ачылат.
Эң өкүнүчтүүсү, мен апама качан соңку белекти бергендигим эсимди жок…
Каналымдагы окуучу, студент кыздар, балдар, эртең апаңарды сөзсүз куттуктагыла!
🥟балким жакшы көргөн тамагын жасайсыңар.
🖼️Чогуу түшкөн сүрөтүңөрдү чыгарып, бөлмөсүнө илип койсоңор болот.
💌Жүрөктөн чыккан сөзүңөрдү арнап жазып бергиле ж.б
Сүрөткө тартып комментке жөнөтсөңөр да болот. Башкаларга идея да болмок жана мен дагы аябай сүйүнмөк элем.
Апа-бул жашоодогу жалгыз сенин кубанычыңды да, кайгыңды да тең бөлүшкөн адам.
Болду, дагы улантып кете берсем ыйлап жиберчүүдөй болуп турам…
Германия. Сен менин көз жашыма татыксызсың…
Читать полностью…Жалкоолуктун төшөгүндө уктап калган адам, өкүнүчтүн өрөөнүндө ойгонот.
Читать полностью…Кыргыздардын бүт оорусуна дары- ысык чай анан койдун майы
😅
Ооругандардын баарына эле: “Ысык чай ич”, “Асел кошуп ич”, “Малина кошуп ич”, “Нават салып ич” дейт го.
Жөн эле эстеп кетти.
”Европа. Биз келечегибизди кыялданып көп ойлонобуз. Булар бир күн мурдагысын так ойлонот.”
📚 Көк дептер
Айтышка кызыгасыздарбы?
Бишкекте жүргөнүмдө айтыштардан калбай барат элем. Мурда таенем укса: “Ии таене, ушунун эмнеси кызык? Эч түшүнбөйм” дечү элем. Убакыт алмашкан сайын айтыштын фанаты болгонума ишене албай турам.
Учурда КТРКда “Айтыш төр” аттуу жакшы программа болуп жатат.
(Байге фонду 3млн сом.)
Унутта калган термелерди аткаруудан баштап, алым-сабак айтышы, макал айтышуу жана эркин айтыш менен аяктайт. YouTube га чыкканын күтүп, бериле жана кайталап-кайталап угуп жаткан убагым.
Бүгүн Акматбек Султан уулу менен Арген Биймырза уулунун беттешин көрдүм. Мага эң жакканы жана айтыштардын ичинен эң сонуну болду окшойт.
Айрыкча Акматбек Султан уулунун “Шырдакбектин боз жоргосун” аткаруусу.
Купулга толуп, көөдөндөн орун тапты. Ошону сиздер менен бөлүшүп коюуну туура көрдүм.
- Дагы бир нерсе каалайсыңбы?
- Ооба. Көөөп-көөөп саякаттоону каалайм. Менин жүрөгүмө эле жол тапкан адам менен эмес, ал жерде түбөлүк жашаган адам менен.
Ошентип жүрүп, бир күнү Лейлини ата-энеси Ибн Салама деген адамга турмушка беришет. Муну уккан Мажнун чындап акылынан ажырайт. Үй бетин көрбөй чөлдө жашап, тамак эмес чөп жеп, ач арбактай арыктап, оозунан "Лейли" дегенден башка сөз чыкпай калат. Акыры барып ата-энесин тааныбай, ал мында турсун, өзүнүн ким экендигин унутуп койгонго чейин айныйт. Лейли дагы ашыктыктан кыйналып, күнү-түнү жашын тыйбай, акыры азап менен жан берет. Кыздын өлгөнүн элден угуп, Лейлинин кабырын таап барып, мүрзөнү кучактап алып боздоп ыйлайт. Көрүстөндөн кетпейт. 3-4 күндөн кийин Лейлинин мүрзөсүн кучактап жаткан абалда жаны үзүлөт. ( Аллахым мындай кор өлүмдөн сакта! ) Азыркы күнгө чейин Мажнун менен Лейлини сүйүүнүн символу катары даңазалап жүрүшөт. Жок! Бул сүйүүнүн символу эмес! Бул Аллах Таалага эмес адамга сыйынуунун, шииктин, азаптын, кор өлүмдүн символу! Кылымдардан бер кыйла адамдарды кыйнаган бул аңга түшкүр ашыктыкты дастан кылып даңазалап жүрүшөт.
Күндөрдүн биринде, азирети Пайгамбарыбыз
( солляЛлоху алайхи ва саллам ) дын ардактуу сахабаларынын бири азирети Абдуллах ибн Аббас Арафат тоосунда дуба кылып отурса, териси сөөгүнө жармашкан, азган, баса албай калган, сүйлөөгө чамасы жок бир жигитти алып келишет. Абдуллах ибн Аббас: "Буга эмне болгон?" – деп сураганда, алып келгендер: "Ашыктыктын азабы" – дешет. Муну көргөн Абдуллах ибн Аббас Арафат тоосунан түшкүчө бир эле дубаны кайталап жатты. "Оо, Аллахым! Мени ашыктыктан сакта!" – деп, кайра-кайра ушул сөздөр менен Жаратканга жалынып жатты. [ Мадариж ас-Саликин ]
Ашыктыктын башталышы – таттуу, бирок закым сыяктуу жалган. Ортосу – азап, кордук, ооруу. А аягы болсо – жок болуу, кор өлүм.
4. Акыреттин жана дүйнөнүн иштеринен алаксытат. Башында айтып өткөндөй, ашыктык адамды Аллах Таала менен болгон мамилесин бузуп, динин, акыретин талкалайт, ибаадаттан алагды кылат. Анан дагы, бул дүйнөгө пайда берчү иштерден алыстатат. Бул нерсе айрыкча жаштарда, студенттерде кездешет. Өзү акылы тетик, жакшы окуган эле бала. Окууга келип, 1 – курсту аяктабай жатып өзгөрө баштайт. Мурдагыдай сабакка катышпай, көңүл бурбай калат. "Муну кайсы кара теке сүзгөн?" – деп отурсаң, көрсө ал бир кызга же жигитке ашык болуп калган болот. Нуржигит агай айткандай, китеп окуюн деп барактаса бул бетинде деле тигинин элеси, берки бетинде деле тигинин элеси көрүнө берет. Окуйт, бирок башына эч нерсе кирбейт, жаттайын дейт, жаттай албайт. Эмнеге? Анткени, анын бүт оюн ашыгы ээлеп алган. Андан башка көзүнө көрүнбөйт, оюна келбейт.
Кыскасы, ибаадат, зикир же окуу, жумуш ж.б. дүйнө жана акыреттик иштерден алагды кылат.
5. Адамды чоң күнөөлөргө, кылмышка, өз жанын кыюуга, жадагалса башка бирөөнү өлтүрүүгө чейин алып барат. Канчалаган адамдар ашыгына жетпей калып өз жанын кыйып жатышат. Азыркы тапта мындай көрүнүш эки күндүн биринде эле болуп жатат. Жакында эле бир канча жаштар ашыгына жетпей калып, бийик имараттан боюн ташташты. Кай бирлери кызганычтан аны өлтүрүп, же болбосо биринчи ашыгын, кийин өзүнүн жанын кыйгандар учурап жатат. Булар эч нерсе эмес, ашыктыктан эси кетип энесин сойгондор да кездешкен. Илгери бир жесир аял болгон экен. Анын жалгыз уулу болот. Жылдар өтүп аял карыйт, баласы болсо эр жетет. Күндөрдүн биринде, жигит бир кызды көрүп, ага ашык болуп калат. Ал кызга барып сезимин билдирет. Кыз болсо: "Эгер мени чындап сүйсөң, анда далилде. Энеңдин жүрөгүн мага алып кел... Эртең ушул жерден, ушул эле убакта күтөм" – деп, кетип калат. Жигит үйүнө барса апасы уктап жаткан экен. Акырын жанына барып, канжарын кынынан сууруп, апасына бычак урат да, кийин жүрөгүн сууруп алат...
Мына, ашыктык эмнеге алып барды. Тиги кыз жөн гана жигитти сыноо үчүн айткан эле, чындап энесин өлтүрүүсүн каалаган эмес. Бирок, акылы жок айбан кайдагы бирөө үчүн энесин өз колу менен өлтүрдү.
6. Атың булганат, кадырың кетет. Адамдын сүйлөгөн сөзү, жүрүм-турумуна карап аты билинет. Ошого жараша да ылакап ат коюп коймой да бар. Кандай эле "Кайс" ( өнөрдүн өлчөмү ) деген мыкты ысымды алып жүргөн жигит, өзүнүн жүргөн жүрүшүнүн айынан "Мажнун" ( жинди ) деген атка конду.
Уландысы⤵️
АШЫКТЫКТЫН КЕСЕПЕТ-КЕСИРИ, ЗЫЯНДАРЫ:
1. Аллах Таала менен пенденин ортосундагы мамилени бузат. Азыр айта турган сөзүм көпчүлүктү таңдандырат болушу керек... Ашыктык адамды ширкке чейин алып барат. Ооба, ширкке түртөт. Бул ширктин түрү адамды динден чыгарбаса дагы, ошол динден чыгара турчу иштерге алып барат, эгер күчөп кете турган болсо... Негизинен ширк экиге бөлүнөт: чоң ширк жана кичине ширк болуп. Чоң ширк да ичинен төрткө бөлүнөт:
[ 1 ] "Ширк ад-Ду'а" ( Дубада, суранууда, тиленүүдө болгон ширк );
[ 2 ] "Ширк ан-Нийя" ( Ниетте болгон ширк );
[ 3 ] "Ширк ат-То'а" ( Баш ийүүдө болгон ширк );
[ 4 ] "Ширк аль-Махабба" ( Сүйүүдө болгон ширк ).
Ашыктык – бул ширк! Эмне себептен? Мисалы, "зикр" деген сөз бар. Биз "зикир чалуу, зикир тартуу" дейбиз го, ушул арабча "зикр" ( ذكر ) деген сөздөн келген. Кыргызча "эскерүү, эстөө" деген маанини туюнтат. Т.а. Аллах Тааланы зикир кылып эстейбиз, Ал Затты көп эстөөгө буйрулганбыз. Куттуу Куранда келген: "Оо, ыйман келтиргендер! Аллах Тааланы абдан көп эстегиле!" [ "Ахзаб" сүрөөсү, 41 – аят ]
Ал эми, ашык болгон адамдын эси-дарты, бүт ою ашыгында. Түндөсү түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпей, керелиден кечке ошол адамды ойлойт. Кайсы бир аалым: "Демек, дайыма эстеп, зикир кылып туруу үчүн өзүңө бир кудайча таап алыптырсың" – деген экен. Адам эмнени катуу жакшы көрсө ошону көп эстейт. Ашык болгон адам Аллах Тааладан да ал адамды көп эстейт. Эми ушундан билсек болот, көп эстегени – бул ал адам Аллах Тааладан да ашыгын катуу "сүйүп", артык көргөндүгү. Ибн аль-Каййим айтат: "Сүйүүнүн төрт түрү болот:
[ 1 ] Аллах Тааланы сүйүү;
[ 2 ] Аллах Таала сүйгөндөрдү сүйүү;
[ 3 ] Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн сүйүү;
[ 4 ] Аллах Таалага теңеп, Аз Заттан да артык сүйүү.
Куттуу Куранда мындай дейт: "Адамдардын айрымдары Аллах Таалага өзгөнү теңеп, аны Аллах Тааланы сүйгөндөй сүйүшөт..." [ "Бакара" сүрөөсү, 165 – аят ]
Аллах Таала куттуу Куранда мындай дейт: "Ыймандуулар – Аллах Тааланы эстеп, зикир кылганда жүрөктөрүнө тынчтык орногондор. Демек, Аллах Тааланы эскергенде жүрөктөр тынчтык табат" [ "Раад" сүрөөсү, 28 – аят ]
Ибаадаттын, сыйынуунун жеткен чеги, туу чокусу – бул сүйүү. Болгон дитин коюп, сүйүү менен аткарылган сыйынуу гана чыныгы ибаадат болуп саналат. Эми караңыздар, ал Аллах Тааланы зикир кылганда ырахат алмак мында турсун, тили зикирде, а ою болсо талаада. Ал эми, ашыгын эстегенде денеси менен жаны биргеликте, тим эле жүрөгү менен бериле эстейт. Эң улуу байланыш болгон намазда турат, а ою болсо чачыранды, канча ирекет окуганы эсинде жок. Куран окуганда балкып ырахатка бата албайт. А анын көзүнчө ашыгынын атын эле атап койчу, ошол замат кандай таасир аларын көрөсүң.
Эми айтыңыздарчы, ал кимге сыйынып жатат? Ошондо, анын кудайы ким болуп калды, Аллах Таалабы же ашыгыбы?... Эми ушунун өзү ширк болбой анан эмне? ЖҮРӨГҮ менен ширк жасап жатат.
2. Исламдан ( динден ) чыгара турчу иштерге алып барат. Анын акыл-эсин, жүрөгүн ашыгы толук ээлеп алгандыктан, ал "бөк" десе бөгүп, "чөк" десе чөгүп, айтканын айткандай кулу сыяктуу аткарып калат. Буга бир мисал: Илгери Багдат шаарында Салих аттуу азанчы жигит жашаган экен. Ал кырк жыл бою беш убак намаздын бирин да калтырбастан мечитте азан айтыптыр. Күндөрдүн биринде, адатынча азан айтмакка мунарага чыгып, ылдый жакты караса, мечиттин жанында жашаган христиан кишинин кызына көзү түшүп калат. Анын ажарына арбалып, ашык болуп, кыздын үйүнө келип каалгасын каккылайт. Кыз эшикти ачканда, Салих аны бекем кыса кучактап калат. Кыз: "Бул эмне деген ыплас иш?!" – деп, каршылык көрсөтөт. Салих кызга: "Сен менин айтканымды аткарасың, болбосо ушул жерден жаныңды алам" – дейт. Кыз: "Жок! Сен өз диниңден баш тартканыңда гана айткандарыңды аткарам" – деп, кесе сүйлөйт. Анда Салих: "Мен Ислам дининен жана Мухаммад алып келген нерседен ( Курандан ) баш тарттым!" – деп, кайрадан кызга жакындоого аракет кылат.
1-максат коюу керек.
Андан соң аны айлык/жылдык кылып пландоо зарыл.
Анан аракетти баштоо керек.
Болбосо кыйын экен деп жүрө берсем кесел болуп калчуудаймын…
Жакшы эс алгыла!
Кыргызстанда саат 02:50 болуп калыптыр.
Эгер кимдир бирөө сага: “Сен жасай албайсың, колуңдан келбейт”,- деп айтса, балким, сен гениалдуу нерсе ойлоп тапкандырсың…☁️
🌚
🖊️ Нуриза Алимбаева
22:40
28.05.2023
⬆️
Сүрөттөгү силер көргөн жер Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романында аты аталган Гейдельберг деген жер.
Мындан 1 жарым жыл мурун бул китепти кайра кайталап окуп, бул шаарды чыгармадан кездештиргем. Кооз, тарыхый шаар экенин билчүүмүн, бирок өтө маани берген эмес экен элем. Аллах насип кылып бүгүн өз көзүм менен көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Чексиз ыраазымын.
Билесиңерби?
Айтматов дүйнөгө көпүрө салыптыр. Жазуучунун китептерин издедим, окуган бирөөнү кездештирип, алардын оюн угуп көрүү кыялым болуп жатат. Атайын китеп саткан жерге кирип:
-Чингиз Айтматовдун китептери барбы? (Немисче айтылышы “и” менен) Ал кыргыз жазуучусу.
-Күтө туруңуз. деп компьютерин көздөй басты.
Аты кандай жазылат, тамгалап айтып бере аласызбы?
-Келиңиз, мен өзүм эле жазайын.
-Макул.
Ошентип авторлорду издеген бөлүмдөн издедик. Аллах насип кылып жазуучунун китептери чыкты. Ма ша Аллах, бирок сатыкта калбаптыр.
-Биз заказ берсек болот.
-Кечиресиз, мен бул шаарда жашабайм. дедим да жолумду уланттым. Китеби болгондо сатып алмакмын. Кайра немисче окууга аракет кылып көрмөкмүн.
Сөзсүз силер дагы чыгармаларын окугула. Мектепте мугалим эле айтып берген нерселерди эстеп жүрө бербей, Айтматов ааламы менен таанышуу керек. Сыртта жүргөндө Айтматов менен сыймыктанып, дагы да сыйлап калат экенсиң.
Кийин бул темага кайра кайрылам.
”Балалыкта иним Марат экөөбүз үйдөгү жумуштун баарын бир карыш болгон майда кагаздарга жазып чыкчубуз, анан аларды бүктөп тумакка салып, аралаштырып жерге төгөбүз. Калганы бактыңан: жеңили кимге тиет, оору кимге тиет, кагаздарды бурчка алып барып алып ачасың да, өкүнмөй жок, чырдамай жок деп аларды аткарганга киришесиң.”
📚 Көк дептер
Ушуну окуп алып эле дароо силерге бөлүшкүм келди. Бир туугандарыңар менен кылсаңар болот экен. Урушуп иш кылдырткандын ордуна, оюн менен сүйдүрүп😌
Апамды куттуктап, жүрөктөн чыккан сөздөрүмдү жаздым.
Балким бир ыйлап алгандыр…
Сурап жазганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Менде баары жакшы жана баары жакшы болот!
Кээ бир нерселер купуя бойдон калганы жакшы.
Тыйындын эки бети болот. Аллахыма көз жаш бергени үчүн да шүгүр келтирем. Эгерде баары бир калыпта, окшош кете берсе жашоо кызыксыз болуп калмак.
Айга карап умтул!
Айга жетпесең да, жылдыздардын арасында каласың.
🌙⭐️
Аллах Таала бүт нерседе Кадыр.
Кыйналган жүрөккө даба берүүчү да, жакшылыкты көбөйтүп, ооруну айыктырып, каалаган нерсебизди орундатып, эгерде биз үчүн кайырсыз болсо аны насип этпеген да Аллах. Бизди бизден да жакшы билген жана бүт Ааламды адам үчүн кызмат кылдырган да Аллах.
Кээде жаныбыз кыйналып, бир нерсеге муктаж болуп жатканда жардамды адамдардан күтөбүз. Биздин муктаждыктарды башкалар чечип бере тургандай мамиле кылабыз.
Аллага ишенип турсак да, жардамды адамдардан издейбиз…
Ибрахим (а.с) ды жалындаган оттон куткарып, баласын курмандыкка чалар убакта курчутулган бычакты моюнунан өткөрбөй мокок кылып койгонго Кадыр болгон Аллах Таала биздеги көйгөйлөрдү оңой эле чечип берет. Муса (а.с) жол таппай, деңизге такалып калган убакта деңизди жол кылып ачып берген Кадыр зат, биздин да ар түрдүү тоскоолдуктарыбыздан да алып өтө алат.
(Окуялар түшүнүксүз болсо “Пайгамбарлар баяны” аттуу китепти окууңарды сунуштайм)
“Аллахым, сен бүт нерсеге Кадырсың, Кадырсың” деп дуба кылалы, зикирлерди айталы.
Бүт шүгүрдү, арман-муңду 24/7 уга алган Аллах Таалага айталы жана андан жардам сурайлы.
Аллах Таала ушунчалык Кадыр жана Улук.
Мага бул маалыматтарды Саида устаза аркылуу жеткирген Аллахыма шүгүр жана билип эле тим болбой, силерге бөлүшүүгө насип эткен, жазганга, ойлонууга, билгенимди бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген Аллахыма шүгүрлөр болсун.
Окуган, баракчамды акмалап, качан пост жазсам колдоп турган катталуучуларым бар экенине да шүгүр.
Көзгө көрүнгөндү жаза бербей,
Жүрөккө урунганды жазыш керек.
Аракеттемин…
Ошол күндөн ушул күнгө дейре Мажнун атыккан боюнча калды. "Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис. Жаман деген бир ат бар, жууса кеткис". Бир эле жолу жаман ылакап менен аталып калсаң, ал өмүрүң өткүчө сенин энчиңе басылгандай ээрчип жүрөт. Адамдардын сөздөрү эч нерсе эмес, асман ээлери болгон периштелердин оозунда жемеленесиң. Аллах Тааладан да пендени артык көргөн адам алар үчүнчү жек көрүндү. А Аллах Тааланын алдында коңузчалык да баркың болбой калат.
7. Жаман, кор өлүм. Денесинин азап тартканы эч нерсе эмес, тилинен кудайсыздыкка чейин алып бара турган сөздөрдү айтып өлөт. Өлүм алдында, жаның чыгарда оозуңдан кандай сөз чыгарын билгиң келсе, анда жүрөгүңө кара. Эмнеге карата сүйүүң күч, эмнеге берилип, тартылып турасың? Мына эми, ошол нерсе өмүрүңдүн акырында оозуңдан чыгат. Мауляна Жалалиддин Руми айткан экен: "Жүрөк – бул деңиз, ал эми тил болсо анын жээги. Деңизде ( жүрөктө ) эмне болсо, бир күнү ал сөзсүз жээкке ( тилге ) чыгат". Бир киши Аслям аттуу адамга болгон ашыктыгынан азап тартып, өлүм алдында жатканда, жакындары ага: "Келмени айт!" – дешсе, ал адам: "Оо, Аслям! Оорулуунун жанынын жыргалы! Оо, соолуп, өлүп бараткандын шыпаасы! Мен үчүн сенин ыраазычылыгың Мээримдүүнүн ( Аллах Тааланын ) ырайымынан да артык!" – деген сөздү айтып, анан жан берген экен. На'уузу биЛлаахи та'аала!
Аягы.
Посттун автору:
Куткелди Шабданбеков
Менин мээм жырылгандай эле, силердин да мээңер жарылдыбы?
Кыз муну менен токтоп калбай: "Сен бул сөздөрдү жөн гана ооз учунан айтып жатасың. Максатыңа жеткенден кийин, кайра өз диниңе кайтып кетесиң. А көрөкчө чочконун этин жеп, шарап ( вино ) ич" – дейт. Жигит чочконун этин жейт, мас болгуча шарап ичет. Ошондо кыз үйүнө кирип кетип, эшигин ичинен бекитип алат да, Салихке: "Сен үйдүн чатырына чыга тур. Атам келгенде экөөбүздүн баштарыбызды кошот" – дейт. Салих чатырга чыгып баратып буту тайып кетет да, кулап өлөт. Кыз жигиттин денесин чүпүрөккө ороп коюп, атасы келгенде баарын айтып берет. Кыздын атасы Салихтин сөөгүн сүйрөп барып, көчөнүн бир кычыгына таштап кетет. Кийин бул окуя эл-журтка маалым болот. Ошондо, адамдар анын сөөгүн жерге бербестен, таштандыда ирип-чирип, ит-кушка жем болуп жаткан боюнча таштап коюшат.
[ Зам аль-Хауа ]
Илгери, Осмон империясында мунарага чыгып азан айтуу үчүн жалаң көзү азис, сокур балдарды тандашчу экен. Себеби, адамдардын үйлөрүнө, ичиндеги кыз-келиндерге көзү түшүп калбасын деп. Ал эми, Кокон хандыгында шаар ичинде төө, ат минип жүрүүгө тыюу салынган дешет. Мунун дагы себеби жогорудагыдай, көрүнгөндүн үйүн шыкаалап, беймахрам кыз-келиндерди карабасын деген максатта.
Ибн аль-Каййим өз китебинде мындай деп жазат: "Христиандардын колдоруна мусулмандар туткунга түшүп калганда, аларды түрдүү жолдор менен христиан динине өткөрүүгө аракет жасашкан, бирок жыйынтык болгон эмес. А качан гана алардын алдыларына сулуу кыздарды алып келип, түрдүү кыймылдарды жасап, кылыктанып: "Эгерде христиан динине өтсөң, ошондо түбөлүк мен сендик болом" – деп, азгырышканда, арасынан кээ бирлери ашык болуп, тигинин айтканындай муртад болуп ( өз динин чанып ), каапыр болуп кетишкен. А ыйманы күчтүү, динине туруктуу адамдар гана бул азгырууга алданган эмес"
[ Жаваб ]
3. Денени кыйнап, жанды азапка салат. Чындыгында, Аллах Тааладан да бирөөнү артык сүйгөн адам сөзсүз кыйноого кабылат. Ашыктык азырынча ырахат тартуулоосу мүмкүн, бирок бул көз ирмемчелик гана, жөн гана закым. Бир аз убакыт өткөн соң шорго малынасың. Ашык болгон адам ашыгынын туткуну. Сыртынан кадимки эле адамдай көрүнөт, бирок аныгында ал ашыгынын эрксиз кулу. Буга мисал: Мажнун менен Лейли. Арабияда берешен, кедей-кембагалдарга кайрымдуу, калкка кадыры сиңген Амир уруусунун төрөсү, башчысы болгон экен. Ал көптөн бери балалуу боло албай жүрүп, акыры уулдуу болот. Баланын атын Кайс деп коюшат. Мааниси "шыктуулуктун, өнөрдүн өлчөмү" дегенди билдирет. Атына заты жарашып түрдүү окууларды мыкты өздөштүрө баштайт. Кайс окуган жерде бир нече кыздар да окушат эле. Ошолордун арасында өтө сулуу, чачтары түндөй капкара, ысымы да "түн" деген маанини туюнткан Лейли аттуу кыз бар эле. Экөө бири-бирине ашык болуп калышат. Башка балдар арифметиканы үйрөнүп жатышса, а тигил экөө бири-бирине ыр жазуу менен алек.
Кайс ушунчалык ашык болот, ага байланып, андан ажырай албай калат. Ошондо Лейлинин жакындары Кайстын акылдан аза баштаганын көрүшүп, чочулап кызды үйдөн чыгарбай коюшат. Кайс ашыгынан алыстаганына күйүнүп көчөлөрдү, базарларды аралап боздоп ыйлап, Лейлиге арнаган ырларын окуп көчө тентип калат. Муну көргөн эл: "Мажнун! Мажнун!" – деп, анын артынан кыйкырышат. Мажнун сөзүнүн мааниси "акылынан азган, жинди" дегенди билдирет. Кайс ошондон тарта "Мажнун – Жинди" деген атка конот. Мажнун таң эрте чөлгө тентип кетип, түндөсү Лейлинин үйүнө уурданып кирип, кулпуланган эшигин өөп кетүүнү адат кылат. Баласынын бул абалын көргөн атасынын жаны ачып, уруусундагы аксакалдар менен кеңешип, түрдүү баалуу буюмдарды, алтын-күмүштөрдү алып Лейлиге куда түшкөнү барат. Кыздын атасы: "Туура, Кайс дөөлөттүү уруудан болот, бирок ал акылынан азган. А мен кызымды кем акылга бербейм!" – деп, баш тартат. Муну билген Мажнун көчөмө-көчө кыдырып, тоо-ташка чыга калып, чөл кезип "Лейли! Лейли!" деп гана бакырып жүрө турган болот.
Атасы уулунун бул түрүн көрүп коркуп, өзү менен кошо ажылыкка ала кетет, ошол жактан ылаажы болор деген үмүттө. Бирок жыйынтык жок ( Жүрөгүн Аллах Таала эмес адам ээлеп алган неме Каабаны жети эмес жетимиш жолу айланса да жардам бербейт ).
Ошол сыяктуу эле, ашык болгон адам өз эрки менен ашыгын кайра-кайра көзүн албай карап ( көзүн сактабай ), улам-улам ага жакындоого аракет кылып, оюнан чыгарбай аны эстеп... жыйынтыгында эркине баш ийбеген ашыктыкка айланып жатат. Демек, ашык болуусуна өзү себепчи, түрткү болуп жаткандыктан, ал адам өзүн жемелеп, өзүн күнөөлөсүн, тагдырга шылтабай".
АШЫКТЫКТЫН БЕЛГИЛЕРИ:
Адамдын башка бир адамга ашык болуп калганынын бир канча белгилери болот:
• Ашыгын элден жашырат, ачыктагысы келбейт;
• Түндөсү түшүнөн, ойгонсо оюнан кетпейт. Болгон ою ашыгында. Ага байланып калат;
• Жакын адамына, досуна айтпаган сырды ашыгына айтып бергиси келет. Мындайча айтканда, сыр сандыгынын ачкычын ашыгынын колуна кармата салат;
• Ал адамга болгон ашыктыгын ачык айтпаса да сезимин билдире турган сөздөрдү, иш-аракеттерди жасайт;
• Ал адамды жөнү жок эле, же элестетип алып эле кызгана берет;
• Бүт бардык убактысын ошол адам менен өткөрүүнү эңсейт;
• Ал адам менен сүйлөшкөндөн тажабайт;
• Ашыгынан келген нерселерди, т.а. жакшы же жаманына карабай, жадагалса көңүлүн оорута сөздөрдү айтып, иштерди жасап жатса да каршылыксыз баш ийүү менен кабыл алат.