kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

КӨК ДЕПТЕР (1-БӨЛҮМ) Жеңишбек Эдигеев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

-Нурзат, мен деңизди ушунчалык жакшы көрөм.
Кайрадан жаралууга мұмкүн болсо деңиз болмокмун.
-Эмнеге?
-Мен деңизди жакшы көрөм.
Шамал бол десе деңизди сылап өтүп, булут бол десе карарып, карарып келип деңизге тийип, жамгыр бол десе, деңизди өөп, жээк бол десе деңизди күндө кучагыма алмакмын.
-Досум, философ болуп кетипсиң…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул убаданы унута элекмин.
Китеп санын айткандардын бирөөсү гана жеке катка отчет катары сүрөт жиберди.

Башка жазгандар жөнөтөсүздөрбү же 1-жөнөткөн адамга бере берейинби?

Адилеттүүлүк болсун🤝

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

КЫРГЫЗ деп келгем дүйнөгө,
КЫРГЫЗ деп өтөм дүйнөдөн!

Мекеним, Кыргызстаным, Туулган, киндик каным тамган ааламдан издесең табылгыс алтын жерим.
Эгемендүүлүгүң куттуу болсун!

Сага болгон сүйүү башка жакта эки эсе артып, эки эсе кусага батырат экен.
Сагындым!

Эгемендүү мамлекетим бар экенине сыймыктанам, мактанам!
“Кайдан болосуң?” десе уялбай КЫРГЫЗСТАНДАН деп айта алам.
Мейли сени өзгөлөр тааныбасын, билишпесин, бирок сен ар бир кыргыздын жүрөгүндөсүн!

Мекеним, башка жерде жүрсөк да, жүрөгүбүз сенде!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⤴️
Бул китепти соңку күндөрдөгү эң бат окуп бүткөн китебим деп айта алам.
Электрондук китептерди окугандан тажаган көрүнөм.
Барактап, сызып, жазып окугандан ырахат алдым.

📖 жөнүндө айтардан мурун бир аз кеңеш менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
Мусулман аял заты болобу же мырзасы болобу үй-бүлө темасындагы китептерди диний китептерден баштаганы оң. Батыш адабияттары биздин динибизге, каада-салтыбызга туура келбей калат. (Баары эмес, албетте!)
Мусулман аял заты өрнөктү өзүбүздүн улуу энелерибизден алуусу керек. (Хадижа р.а, Аиша р.а, Фатима р.а ж.б)
А мырзалар болсо Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) дан.
Үй-бүлө темасы тууралуу көп жазууну каалабайм.
Анткени оорунун кадырын соо билбейт дегендей азыр баары жеңилдей сезиле бериши мүмкүн. Убагы келгенде, жашалып өткөндө анан тартынбай жазып калсам керек😅

Окей, китеп жөнүндө айтайын.

Бул китепти үй-бүлө курууну каалаган ар бир адамга окууну сунуштайм.
Андан соң үй-бүлөлүү эже-байкелерим үчүн да.
Жакшы бир идеяларга бай китеп экен. Менимче ушул китептеги нерселерди аткарсаң эле чындап бактылуу болуп кетчүүдөйсүң, чын айтам. Ошондуктан да аты “Дүйнөдөгү эң бактылуу жубайлар” деп бекеринен аталбаса керек.
Аллахым алган пайдаларды жугуштуу кылган болсун🤲🏻

Баалоо: 10/10

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Дил маек

Жаңы каналымдын (кыздар үчүн гана) ссылкасын 29-август күнү өчүрүп, андан соң жабык аккаунт кылам.

5 күндүн ичинде 244 кыз катталды. Негизи мынчага жетет деп ойлогон эмесмин. Телеграм баракчалардын үнү көбүндө өчүрүлгөн болот. Бул каналдын статистикасында 47% катталуучуда үнү өчүрүлгөн. Ошондуктан аз эле кыз катталса керек дегем.

Ии баса, жалаң кыздар болсо актив сонун болот турбайбы🐝☺️
Реакция кой, комментарий калтыр деп баш оорутмай жок.

/channel/dilmayek

Ошо, катталабыз!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

/channel/dilmayek
(Жаңы каналымдын ссылкасы)

📢
Канал кыздар үчүн гана!

Ссылка 1 жума бул жакта турат. Андан соң каналды жабык кылам.

🌸 Дил маек деген ат аябай жакты. Сунуштоолор үчүн ыраазычылык билдирем🐝

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ас-саляму алейкум, кандайсыздар?

Кабыргам менен кеңешип жатып бул каналды өчүрбөйүн деп чечтим.
Болгону кичине өзгөрөт. Болушунча бир гана окуган китептерим жана пайдалуу подкасттарды жиберип турууга аракет жасайм.
Окуган китептеримдеги учкул сөздөрдү да, албетте!

Өзүм тууралуу көп нерсе жазбаганга аракет кылам.

А кыздар үчүн жакшы жаңылык!
Аллах насип этсе бүгүн кеч же эртең жаңы каналдын ссылкасын жиберем.
Ал жакта формат бул каналдыкынан бир аз башкача жана эркин болот.

Түшүнүү менен кабыл аласыздар деген үмүттөмүн!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эң көп китеби бар адамга мага жаккан бир китеп белек кылайын.
+ кат менен😊

Жөн эле, мага да жуксун деп ниет кылып))

Чатка жаза берсеңер болот.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эмне кылып болсо да сөзсүз катталып алгыла, кыздар)

Силердин дагы окушуңарды аябай каалайм.

😂😂
Акча төлөнгөн жарнамаларды дагы мынчалык сунуштабайм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Оюма кофе ичүү ушунча көп келип жатат, бирок азыр ичип алсам түнкү 1-2ге чейин уктай албашымды сезип жатам.

Аааааа, 😤😤😤
Уйку же кофе?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Үйлөнүп коюш оңой эле, үй болуп кетиш кыйын.”

✍🏻Идирис Айтибаев.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китептерге болгон сүйүүм китепканага жетелей берет.

Дюссельдорфто 10дой китепкана бар экен.
Жакшы жери 1 жылга ачтырган картам 10 китепканага жарай бергени.
Каалаганча китепти үйүмө көтөрүп кетсем болот. 😄
Алыкул Осмоновдо (Бишкектеги улуттук китепкана) дагы ушундай мүмкүнчүлүк болгондо далай китептер чаң баскандын ордуна баракталмак…

Бул жакта дагы жакшы жери картаң жок болсо деле кирип каалаган китебиңди окуп, каалашыңча отуруп кетсең болгону.

Бирок бир “➖” бар.
Мен немисче китептерди жакшы түшүнбөй жатканым🫠 Ошентсе деле бош убактымда келе бермей, эсим ооп ар китепти кармалап, сырттарын окуп, нары-бери басмай…
Сүйүү бул себептерге байланбайт. Анын кайсы тилде болгону мааниге ээ эмес. Болгону бар жана сенин жаныңда.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кат келди / Роза Айтматова, Ахмат Асанов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китептер биздин колубузда эмес, колубуз жетпеген китеп текчелеринде. Алардын барактары бир жолу да ачылбай, эчак эле саргайып, чаң басып калган…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Күз келди🍂

🍂Мезгилдердин өзгөчөсү, коозу, жагымдуусу, сулуусу.
Сага болгон сүйүүм оо балалыкта эле ойгонгон. А балким апамдын курсагында эле сени күтүп, сен келген убагыңда курсагын жара тээп сыртка чыккандыгым ошол себептендир…
🍂Күзүм, башка мезгилдерге окшобогонум.
Сен сырдуусуң да, табышмаксың. Кээде сени түшүнбөй жарк-журк болуп кетем. Таңкы убак шүүдүрүм, түштө ысык, кеч салкын да, түн суук… Хм..
Дал эле менин мүнөзүмдөй.
🍂Күзүм, мен сени жактыргандай сен да мени жактыра аласыңбы?
Жамгырың менен сүйүүмдү жуубастан, шамалың менен кубанычымды айдабастан, нөшөрүң менен сезимдеримди өлтүрбөстөн,
сапырылган сары жалбырагың менен жүрөк отун өчүрбөйсүңбү?
Жоо-оок, өчүрбөйсүң, сенден түшкөн жалбырак жүрөк отун кайрадан тутантып, кайрадан алоолонтот.
🍂Күзүм, өмүрдө канча жолу сени көрөм, канча жолу жалбырагыңды сапырылта ойноп, канча жолу жамгырыңа жуулам?
Сен билбейсиң…
Мен да билбейм, бирок быйыл да сени көрүп жатканыма, сага жеткениме кубанам…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Билемин десең өчөсүң,
Билейин десең өсөсүң.
Асмандагы айды максат кыл,
Булутка ошондо жетесиң.

✍🏻Аалы Туткучев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Баарыңарды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!

Аллахым алган илим-билимибизди жугуштуу кылсын!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📍Пайдалуу кино-сериалдар топтомдору

1. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи вассалам) туурасында кинолор бул жакта.

2. Аң-сезимди ойготкон сериалдар топтому

3. Эң мыкты исламий тасмалар топтому

📍Конкреттүү сунуштар:

1. Умар ибн аль-Хаттаб (радиаллаху анху) тууралуу сериал. Кыска, 30 эле серия. Исламдын жаралуу тарыхы эң башынан бери бар.

2. Жусуп (Юсуф алейхи салам) пайгамбар тууралуу сериал. 36 эле серия, 45 минутадан. Аллахтын жалгыздыгына ишенүү - таухид туурасында өтө жакшы көрсөтүлгөн.

3. Юнус Эмре - Путь Любви. Жакында эле бир эженин сунушу менен көрүп баштадым. Өтө терең маанилүү, бир да ашыкча нерсеси жок сериал экен. Эң башкысы, кыска)) Тасаввуф, напсини тарбиялоо темаларына сонун даяр сабак эле экен. Көрүңүздөр сөзсүз.

3. Чөл арстаны Умар Аль-Мухтар - фильм, Африканы колониалдаштыруу жөнүндө билип аласыздар. Сөзсүз көрүңүздөр

4. Эркин адам. Аалым Бадиуззаман Саид Нурсинин өмүр баяны тууралуу фильм

5. Даниялык келин. Исламды кабыл алган даниялык кыздын мусулмандар жашаган өлкөдөгү көргөндөрү.. коомдогу бири-бирине каршы келген көрүнүштөрдү байкап, динди толук карманууга болгон аракетин көрүп, уяласың… Бул кинону көргөнүмдө өзүбүздү, кыргыздарды, көргөндөй болгом.

6. Макул, сүйүү жөнүндө да кино болсун ээ))) Bizim hikaye - эң жакшы көргөн, тажабай көрө берчү кинолордун бири💘 Түркчө, бирок орусча субтитри менен көрсө да болот. Тарбиялык мааниси чоң, кайгылуу, ошол эле учурда бактылуу кылат) Чынчылдык, адилеттүүлүк үчүн күрөш, максатына берилүү, кооз адеп-ахлак, аруу сезимдер - бул кинонун сүрөттөп бере алчу сөздөрдүн чети гана.

📍Бул кино-сериалдардын баарын өзүм көргөнүм үчүн сиздерге да ишенимдүү сунуштай алам. Корей, түрк бирин-бири туураган, “банальный” сюжеттери бар сериалдарга баа жеткис убактыбызды короткондон көрө, руханий азык берчү кинолорду көрөлү.

📍Баш казан, рух казаныбызды эмнелер менен толтуруп жатканыбызга кылдат көңүл буралы. Жообу бар…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Мырзалар үчүн ойлонууга:

🔸 Иштеген аялды тандаар алдында, ал үй жумуштарынын баарын аткарууга үлгүрбөй турганын кабыл алуу керек.

🔹 Үй кожойкеси болуусун эңсеген, сизге, балдарыңызга, ата-энеңизге кам көрө турган жана чарбаны толугу менен колго ала турган аялды тандаарда ал акча таппаганын кабыл алышыңыз керек.

🔸 Тил алчаак аялды тандап жатканда, бардык нерсе сизге гана көз каранды болорун жана сиз ага нормалдуу жашоону камсыз кылууңузду билишиңиз керек.

🔹 Күчтүү аялды аял катары тандаар алдында анын мүнөзү жана пикири күчтүү экенине чыдашыңыз керек. 

🔸 Жашоо стандарттары жогору, жакшынакай аялды аял кылып тандаар алдында, чоң чыгымдарга чыдай алууңуз керек.

🔹 Ийгиликтүү аялды тандаар алдында анын өз максаттары жана амбициялары бар экенин түшүнүү керек.

Идеалдуу адамдар жок. Ар бири биздин өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүз бар жана алар бизди уникалдуу кылат. Бул жөн гана өзүңүзгө реалдуу баа берүү жана "туура" жашоону түшүнүү менен адамды өзгөртүүгө аракет кылбастан, жашооңузду ким менен өткөргүңүз келерин жакшылап ойлонуу.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Напсибизге жаккан нерселердин дээрлик баары бул жашоодо да, акыретте да зыян алып келет.”

✍🏻 Айжан Акылбекова

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Каналга эмне деп ат койсом деп башым катып жатат🥲.

Варианттар барбы сиздерде?
Же Аскарова деп эле койсомбу?
Мммм🤔?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн телеграм баракчамды өчүрүп салуу оюма келди.
Билбейм, ушунча адамды топтой алганым менен пайдасыз эле нерселерди берип жаткандай болдум.
Кийин силер үчүн кантип Алланын астында жооп берүүнү ойлогондо жүрөгүм зырпдей түшөт.

Азырынча ойлонуп жатам…
Балким жабык аккаунт кылып башка эч кимди кошпойм же кыздар үчүн башка канал ачам.

Бул жакта мырзалар да болгону үчүн кээде кээ бир темаларда ачык жаза албайм.

Убакыт менен жалаң кыздар менен гана чөйрө түзүү оюмда бар.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн бир китеп блогеринен: “Жеке китепканаңарда канча китеп бар?” деген суроону окуп калдым.

Ойлоп көрсөм ар жерге көчкөн сайын сата берип же бирөөлөргө бере берип колго аларлык б.а санай турган деле китебим жок экен. Жаман болуп кеттим.

А силердечи? Китеп текчеңерде канча китеп бар?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Силерге азыр чын жүрөктөн бир телеграм баракча сунуштайын.
Тилекке каршы ал канал бир гана кыздар үчүн.
Мен пайдалуу нерселерди көп жазбайм, бирок дайыма пайдалуу нерселерди жазган кыз менен тааныштыргым келди.

Каналдын админинин уруксатысыз бөлүшүп жатам.
Ар бир жакшылыкты сурап жайылтуу керек эмес го деп ойлойм.

/channel/nurastudy
(Жалгыз эч бир постун калтырбай окуган кыргызча канал)

Сөзсүз катталып алыңыздар.
Диний, жеке өнүгүү боюнча жазат.
Мектепте окугандан бери тааныйм жана эч кандай күмөнсүз силерге сунуштайм. Чындап пайда аласыңар.
Жазганы, оюн жеткирип берүү жөндөмдүүлүгү жогору.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Көркөм чыгармаларды окуган өзгөчө жагат.
Анткени адам бир жашоону гана жашайт. А чыгармаларда ар адамдын ар түрдүүчө жашоосу бар. Алар менен бирге алар сезген сезимди, кайгы-капаны, кубанычты, жыргалчылыкты сезип отуруп бир канча дүйнөдө жашап коёсуң.
Бир китеп менен 1 күндө же 1 айда башка аалам ачылат.

Сонун эмеспи ээ?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аккаунтум Парижде деген сүрөт📸

Сайкал, чоң рахмат!🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ии баса, негизинен кат келди башка-башка жазылат.
Бирок аңгемедеги башкы каарман кат ташыган үчүн аны көргөндөр: “Каткелди, Каткелди” деп чакырышат. Бара-бара өз атынан эмес Каткелди деп атап калышкан. Ошол себептүү Каткелди деп бирге жазылган болуусу мүмкүн. (Өзүмүн эле оюм)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн “Каткелди” деген аңгемени уктум.
Кээ бир китептер күлкүңдү келтирет, кээ бирине түшүнбөйсүң, кээ бири коркутса, а кээ бири ыйлатат.
Ушул аңгеме 3-4 жолу ыйлатты. Көчөдө укканым үчүн көз жашымы көп төгө албадым. (Күлүп)
Чыгарма жеңил тилде жазылыптыр. Анын үстүнө чакан эле. (1 жарым сааттай)
Аңгеме негизи бир аз башкачараак форматта болот. Авторлор повесть деп атагысы келишпесе да повесть дегим келди.

Автобиографиялык чыгармаларды окуганды жактырам. А кат жазганды андан да) Балким ушул окшоштуктар аңгемени жүрөгүмө жакын кылды.

Китеп Ильгиз Айтматов тууралуу болсо да эмнегедир Айтматовдун “Балалыгым” повестиндей элес калтырды.

Чыгармада башкы каарман Атай согуш учурунда кат ташыгыч болуп иштеген. (Почтальон)
Элестетсеңер? Кандай сонун жумуш. Энелер баласын, балдар атасын, аялдар жолдошун күткөн убакта аларга согуштан келген катты тапшырып, окуй албагандар үчүн окуп берген. Кандай гана эмоцияларды көргөн. Жумушу оор болсо да, муздак сууну кечип бир өйүздөн экинчи өйүзгө өтсө да ошол эмоцияларды тартуу кылган. (14 жашында) Канча дуба-тилектер айтылып, канча көзгө бактылуулуктун жашын төктүргөнү себеп болгон.
Ооба, бул ошо кат ташуучу кызматы.
Мм… Албетте КАРА КАГАЗДЫ тапшырганды эске албаганда.

Эмнегедир чыгарма тууралуу баштан-аяк айтканды жактырбайм. Кыскача түшүндүрмөнү окуяларды ачып бербестен жазгым келет.

Автобиографиялык чыгармаларды окуганды жактыргандар үчүн сөзсүз сунуштайм.
Азыр пдф фоматын да, аудио форматын да жөнөтүп коём.

Баалоо: 9/10

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Германиянын китепканаларын сүйдүм🤍
Эгерде китептер кыргызча болгондо сүйүүм эки эсе күчөмөк.
Ии баса, Айтматовдун бир китебин немисче 3-4 барак (“Эрте келген турналар”) окуп көрдүм. Тилим чайналып калды😅

Кыргызчасы татаал сөздөр менен жазылган эле немисче андан да татаал экен. Ошо, али Айтматовду окуганы эртедей…

Читать полностью…
Subscribe to a channel