kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Алтын саат

Чарли Чаплин бир жолу Нью-Йоркто метрого тушуп калыптыр.
Үйүнө келип чөнтөгүнөн алтын саат таап алат.
"Кандайча менин чөнтөгүмдө болуп калды?,- деп ойлонуп отуруп, анан полицияга тапшырууну чечет.

Эртеси ага мындай кат келет:-
"Урматтуу Чаплин Мырза! Сизге бул катты дасыккан профессионал чөнтөкчү жазып атат, кечээ метродо бир мырзанын алтын саатын уурдадым, капыстан Сизди көрүп калып, Сизге белек кылгым келди, анан чөнөтөгүңүзгө салып койдум".

Арадан бир жыл өтөт. Полиция ууруну таппайт, сааттын ээси да табылбайт, кайра Чаплиндин өзүнө жөнөтүшөт. Гезиттерге бул окуя тууралуу да жазышат.
Бир топ убакыттан кийин Чаплин дагы башка кат алат.

"Кымбаттуу Чаплин Мырза! Бир жыл мурун метродо алтын саатымы уурдап кетишти. Гезиттерден окуп калдым, чөнтөкчү аны менден уурдап, сизге белекке бериптир. Саатты өзүңүздө калтырыңыз, Чаплин Мырза, Мен сиздин талантыңызды сыйлагандардын биримин, ошондуктан уурудан айырмаланып, сиздин саатыңызга алтын чынжырчасын белекке жөнөтөм!"
—————————————————————-
P.s Чынында, “чын сүйлөгөн Кудайга жагыптыр”, деген чын. Жалган жашоодо ар кандай сыноо менен сыналабыз. Кандай учур болбосун Кудай бар экенин, ал ар дайым бизди көрүп, билип турарын унутпасак! Чынчыл адам эч качан жамандык көрбөйт.

Р. Култай,
атайын @formulasy үчүн

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кыргыз тили жоголобу же оңолобу?

Сөзсүз угуңуздар!!!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Көк дептерди ойгонгондон баштап окуп отурам. Жалаң коштошуулар жазылган жерине келдим.
Эмнегедир жайдары маанай суз боло түштү. Улантайын дейм, батына албайм.
Чогуу университетке тапшыргандай болуп сүйүнүп окугам. А азыр коштошо албай жан дүйнөм тызылдайт.
Университет мейли го. Ойлондурганы башка каарман, башка окуя болду.

Бул жолку иш-жүрөгүнүн колунан келди, а бирок колунан келбеди…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Оор тагдыр адамдарды бактысыз кылса, акын менен жазуучуну атактуу кылат.”

📘Көк дептер

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📌 Кайра эле “Көк дептерди” ачып алып акмалап отурам.
Бул китепти досум окуганы алып кетип, кечээ гана кайра алдым.
Адатта кечинде китепти телефонго алаксыбай укташ үчүн окуйм. А көк дептер уйкуну келтирбей эле кайра качырып, бир канча бет окугам. Кызыктын баары башталгандай сезилди. Мен окуган университет, андагы агайлар, аудиториялар, Белинский көчөсү, айтор автор баяндап жазган жерлерде канча бутумдун изи калды. Жатаканага Нарындык группалаштарыма барып эт, чучук жеген күндөрдү көз алдыма элестеттим.
Автордун КУУда жана 5-корпуста окуганы дагы да жакындатты.
Арасынан бул жакка жаза турган цитаталарды сызып даярдап койдум. Акырындан киргизип турам го…

✍🏻 Негизи бул күндөлүк өтө деле таасир калтырып, укмуштуудай ааламга сүңгүтпөйт. Каармандар менен кошо өлүп, кошо тирилбейсиң. Жөн гана кыргыз тилинде, көркөм тилде, күндөлүк болгону үчүн да өзүнө тартат. Алыстатпайт.
Мага ушул жанр өзгөчө жагат.
Пайда алуу үчүн эмес, ырахат алуу үчүн окуган жанрым десем болот.

✨ Шон Байтеллдин “Дневник книготорговца” деген китебин окуп жатам. Ал дагы “Көк дептер” сымал, бирок бир аз башкачараак жазылган.
Т.а китеп дүкөнгө келген кардарларды, канча китеп сатып, кандай иш-чараларды уюштурганы жөнүндө. Автор 1 жыл бою (жекшемби күндөн башка) 6 күндө эмне болгонун жазат. Элестетсеңер? 1-2-3-4-5-6-күн, апрель, май, июнь… март…
Бул китеп тууралуу өзүнчө пост болот.
Китеп саткандар, же китеп дүкөнү барлар, же китеп дүкөн ачууну каалагандар үчүн сунуштала турган китеп.

📖 Ооба, бул мен. Көк дептерден баштап башка нерсе менен бүтүрүп койгон😂

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кээ бир китептер гүл катыруу үчүн гана кызмат кылат.😅

Биринчи гүлдү катырып анан китептердин ортосуна салыш керек. Болбосо китеп булганып калат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Каналга рекламалар келбей элеби?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Идирис Айтбаевди айтыш ааламынан тааныгам. Ага чейин билчү эмесмин.
Кийин бир канча айтыштарына барып да көрүп, угуп, сабактарына катышып калдым.

Учурдагы баалап уккан, ар бир интервьюсун калтырбаган инсандарымдын сап башында турат.

Колуңуздар бош болгондо ушул маегин сөзсүз угуп коюуңуздарды сунуштайм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Болор-болбос иш үчүн,
Баш оорутуп жүктөлбө.
Чекиттей болгон нерсеге,
Үтүрдөй болуп бүктөлбө!


✍🏻Идирис Айтбаев.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бир күнү күндөлүгүмө:
“Күтүүнүн аягы”
деген тема менен башталган баянды жазам.🤍

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

СӨЗСҮЗ ОКУНУЗ❗️

Кыздарды окутуп бекер акча...
Бүгүн бир жерде олтурсак. Сөздөн сөз чыгып бирөө айтат.
- кыздарды ВУЗ га, берген болбойт баары бир күйөөгө тийип кетет. 5 жыл окутуп акчасын төлөп, анан бирөө алып алат да же карьерасы жок же иштеген иши жок, же дипломунун пайдасы жок калат, - дейт. Аны дагы бирөө коштоп атат.
- сен туура айтып жатасың, азыр контракт эле канча акча турат. 5 жыл төлөп бүткүчө мал да түгөнөт деп.
Аны угуп олтурган биздин жигит, соонун жооп берди. - окубаган эч нерсе билбеген кыз алсаң. Ал эч нерсе билбесе. Философия искуство, билим илим, кино, музыка, тарыхты, математика, капитал ж.б.у.с нерселерди. Ал аял болгондон кийин. Кошуналарын чогултуп алып ушакты берсе, эртеден кечке, жалаң бирөөлөрдүн жашоосун телефондон сүйлөшүп, жаман жагын айтып жыргап, жакшы жагына ичи түтөп билип билбей анализ кылбай эле ызы чуу чыгара берген болот да. Анан ушундай аял балдарга кандай тарбия берет? Кантип сенин балдарыңа акыл үйрөтөт? Сен аны менен эмне жөнүндө сүйлөшөсүң? Мына КЫЗДАРГА көбүрөөк билим көбүрөөк окуу керек. Макул карьера болбосо да үйдө акылдуу балдар чоңойот. Ал балдар кыргыздын тукумун улаган балдар болот.
Кыздарды сөссүз окутуш зарыл. Мен үйгө келгенде деле кээде жалпак тамаша сүйлөп алган да өзүм уялып кетем )))). Дөөрүбөчү дегенсип карап койгондо ))))). Балдар дөөрүп калбаш үчүн айымдардын салымы керек))." Деп жигит татыктуу жооп берди
______
Уулдары татыктуу билим алып, мекенине татыктуу кызмат кылып иштөө менен биргеликте, татыктуу үй-бүлөсүн каржылап турса. Ал эми, кыздары татыктуу билим алып, кыргыздын келечеги болгон уул-кыздарын татыктуу тарбиялап, сүйгөн жарын баардык жактан татыктуу колдоочусу, хандын вазири сымал татыктуу кеңешчиси болуп колдоп турса жаманбы?👍.




Салиха аял.❤️🧕

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

КӨК ДЕПТЕР (2-бөлүм) Жеңишбек Эдигеев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Күз келди🍂

🍂Мезгилдердин өзгөчөсү, коозу, жагымдуусу, сулуусу.
Сага болгон сүйүүм оо балалыкта эле ойгонгон. А балким апамдын курсагында эле сени күтүп, сен келген убагыңда курсагын жара тээп сыртка чыккандыгым ошол себептендир…
🍂Күзүм, башка мезгилдерге окшобогонум.
Сен сырдуусуң да, табышмаксың. Кээде сени түшүнбөй жарк-журк болуп кетем. Таңкы убак шүүдүрүм, түштө ысык, кеч салкын да, түн суук… Хм..
Дал эле менин мүнөзүмдөй.
🍂Күзүм, мен сени жактыргандай сен да мени жактыра аласыңбы?
Жамгырың менен сүйүүмдү жуубастан, шамалың менен кубанычымды айдабастан, нөшөрүң менен сезимдеримди өлтүрбөстөн,
сапырылган сары жалбырагың менен жүрөк отун өчүрбөйсүңбү?
Жоо-оок, өчүрбөйсүң, сенден түшкөн жалбырак жүрөк отун кайрадан тутантып, кайрадан алоолонтот.
🍂Күзүм, өмүрдө канча жолу сени көрөм, канча жолу жалбырагыңды сапырылта ойноп, канча жолу жамгырыңа жуулам?
Сен билбейсиң…
Мен да билбейм, бирок быйыл да сени көрүп жатканыма, сага жеткениме кубанам…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Билемин десең өчөсүң,
Билейин десең өсөсүң.
Асмандагы айды максат кыл,
Булутка ошондо жетесиң.

✍🏻Аалы Туткучев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Баарыңарды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм!

Аллахым алган илим-билимибизди жугуштуу кылсын!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китеп окууну кантип адатка айлантса болот?

1. Өзүнө жаккан жанрдан баштоо керек.
50 бет эрежесин колдонсоңуз жакшы болот.
Мисалы бир китепти баштаганда 50-бетке чейин өзүнө тартпаса, кызыктырбаса кайра улантуу кереги жок.
Китеп жакпаса ал бир айга же 1 жылга узарып кете берет. Бүтпөйт жана кечке ойлондурат.

✨ 2. Китеп окууга кызыкпай, бирок эми окууну план кылып жатсаңыз романдан баштабаңыз. Китепти көрүп эле, беттерин карап эле чочуп баштайсыз.
Андан көрө аңгеме, повесттерден баштаганыңыз оң. Бир китепти бүтсөңүз, мотивация болуп кайра экинчисин өзүңүз эле баштайсыз.

✨ 3. Такай окуу.
Бул дегени күндө калтырбай окуп туруу дегендик. Эң азы бир бет.

✨ 4. Бош убакытта эмес, китеп окуу үчүн өзүнчө убакыт болсун. Жок дегенде кечинде жатардын астында окуп жатыңыз.

✨ 5. Эгерде убактыңыз такыр жок болсо аудио китепке алмаштырсаңыз болот.

✨ 6. Учурдагы абалыңызга карап китеп тандаңыз.
Мисалы, балалуу-чакалуу болсоңуздар бала тарбиясы кызыктуу болот.
Турмушка чыгардын астында турсаңыз үй бүлө темасы кызыктуу болот.
Рухту азыктандыруу үчүн диний китептер ж.б.


Бул менин жеке тажрыйбаларымдан.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Шон Байтелл өз күндөлүгүндө (“Дневник книготорговца”)
инсандардын кандай экенин окуган китептеринен билсе болорун жазыптыр.
Анткени китеп дүкөнү болгон үчүн көз жумган же алыска көчүп жаткан адамдардын үйүнө барып китептерин сатып алат.
Бир эмес, эки эмес, тонна-тонналап.
Чогулткан китептерине карап эмнеге кызыгарын, кандай адам экенин жазып калган жайы да бар.
Бул жерде автор менен бир пикирдемин.
Башында досторум же жакын тааныштарым: “Нурзат, мына китепти окудуң беле? А мунучу? Детектив жагабы? Фэнтезичи?” деп сурап калганда алар айткан китепти окубаганыма жаман болор элем. А азыр оюм өзгөрдү.
Бирөөнүн бут кийими бирөөгө туура келбегендей, бирөөнүн сүйүп окуган жанры бирөөгө туура келбейт. Андыктан ал айтканы, бул айтканы эмес, көңүлүңөргө жаккан китепти окугула. (Сабакта милдеттүү түрдө окутулгандардан башка!)
Бирок кызыгып окуган жанрыңарды тапканга чейин ар тармактан окуп көрүү керек. Мотивация, өзүн-өзү өнүктүрүү, фэнтези, детектив, роман, новелла, документалдуу (автобиография, эссе, биография) ж.б.у.с

А диний китептерди сөзсүз окуу керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Любовь-это не чувство, а действие” дегенди окуп алып, гүл саткан дүкөнгө жөнөгөн күндөр көп болду.”

📘Көк дептер

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Чыманов Жеңиш агайдын 2-3 сабагына гана катышып калгам. Анда да өзүмдөн бир жаш кичүүлөргө сабак өтүп жатканда кирип отурган элем.

Карантин деген аттуу-баштуу агайлардан билим албай калганыбызга себеп болду.
Себеби зуум, миит сыяктуу программаларды түшүнүү улгайган мугалимдер үчүн оордук кылды.

Ошентсе да бул агайды жакшы көрөм. Баалайм!

4-курста агайдын бир сабагын өтмөкчү болуп канча даярданганыма карабай өтө алган эмесмин.
Түшүндүрүү да, жеткирүү да, өзүм да түшүнүү оор болгон…

Сызып койгон жерге маани бергиле ээ?
Шылтоо айтпоону 1 абзацта эле түшүндүрүп салыптыр.
Бул бир чыгармага гана тиешелүү эмес экенин түшүнөлү ⚡️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кеме келбейт деп деңиздин соолуганын көрдүң беле?

✍🏻Белгисиз.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Келбей жаткан болсо анда жакшы😊.
Себеби башка каналдарга телеграм өзү автоматтык түрдө рекламаларды жөнөтүп жатат.
А админдерге көрүнбөйт экен.

P.s. Бир канча ай мурун акылуу да, акысыз да рекламаларды алууну токтотком.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кайнаган ичте ырларым,
Китепке түшүп муздадың...

✍🏻 Э.Иманалиев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

@youtubabot

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн Нуризанын баракчасынан “Жөндөмдөрдү кантип өнүктүрөбүз? Ойлорубузду кантип иреттейбиз? Эмне үчүн блог жүргүзүү керек?”деген подкастты уктум.
Бир канча суроолорума Аллах Таала бирөөнүн ойлору менен жоопту билүүмө себеп кылды.
Соңку күндөрү жазууга эч көңүлүм жок болуп, ичимди кемирген (ушул сөздү жакында үйрөндүм) ойлорумду жутуп, жутуп жаттым эле, бирок бул нерселер мээмди хаус кылып жатканын эске албаптырмын.

✍🏻 Блогдон сиздер окуп, а мен жазып пайда алам.
Кантип?
Иретсиз ойлорумду жазуу менен иреттүүлүк пайда болот да, башка нерселерге убакыт бөлө баштайм. Сиздерде кандай билбейм, бирок мен өтө бат жана көп нерсе ойлоном. Кээде жазчу темалар жөнүндө ойлонуп, “Ээ койчу, ушул элементарный эле нерсени жазып” деп өзүмдү жемелесем, а кээде ошол элементарный нерседен эле күлкүлүү же кайгылуу окуянын образын түзөм.
Кызык ээ?
Ооба, мага да кызык.

✨ Аллах Таала ар кимге ар түрдүү жөндөмдөрдү берген. Бирөөнө жакшы ырдашты, бирөөнө тигишти, бирөөнө токушту, кээсине чуркашты, оюн түшүнүктүү кылып айта алууну, мукам үндү, а кээ бирине жазышты ж.б. Мындай жөндөмдөрдү чекесинен санап кете берсең бүтпөйсүң. Билгендерим канча болсо, билбегеним дагы ошончо.
Мына ошол жөндөмдөр менен динибизге жана өзүбүзгө пайда алып келсек болот.

❓ Кантип?
Өзүмө жооп берейин.
Мисалы, жазып. Ооба, жазып.
Укмуш көркөм жаза албасам да, уйкашып, куюлушуп ойлорум чыкпаса да, жөнөкөй бир тил менен жаза алам.
Бул дегени өзүмө окшогон адамдар түшүнүүгө жеңил болот дегени.
Балким бир-эки китептин түшүндүрмөсүнөн кийин кызыгып окуган чыгарсыздар же жазган окуядан пайда алып жашоодо колдонгонсуздар, айтор билбейм.
Бирок ошол жазган нерселер бирөөнүн зыян алып келүүсүнө же өз тагдырына нааразы болуусуна алып келбөө керектигин түшүндүм.
Ошондуктан пайдалуу нерселерди жазганга аракетимди күчөтүп жаткан кербезим. А мурункудай кызыктуу окуялар же жашоомдогу көз ирмемдерди башка (өзүм үчүн гана) баракчама жазып, мээмди тазалап жатам.

✍🏻 Жазуу бул менин жөндөмүм. Калемди ары-бери чайпоо менен жакшы нерсе да же эки дүйнөгө зыян берген нерсе да жазылып калат. (Адам маймылдан жаралды деген сындуу)
Бирок адамда тандоо бар. Бизге берилген жөндөм менен жакшы иштерди жасообузга Аллах Таала насип кылсын🤲🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌷Ассаламу алейкум!
Ыйык Жума маарек болсун!

Күн чыккан эң кайырлуу күн – жума. Адам ушул күнү жаратылып, ушул күнү бейишке киргизилди жана ушул күнү бейиштен чыгарылды. Кыямат да жума күнү болот» (Муслим, Тирмизи)

🌷Бул күндү Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сүннөттөрүн аткаруу менен көркүнө чыгаралы☺️🕌

🌙• Көп-көп дуба кылуу;

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар” (Аль-Бухари, Муслим)

🌙• Пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көп-көп салават айтуу.

Аус бин Аус (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Чындыгында, жума — силердин эң мыкты күндөрүңөрдүн бири. Ошондуктан бул күнү мага (көп-көп) салам-салаваттарды жолдогула. Анткени, чындыгында, силердин салават-саламдарыңар тууралуу мага (периштелер сөзсүз) кабарлашат!” (Абу Дауд)

🌙• Кахф сүрөсүн окуу, угуу;

Бул тууралуу Абу Саид ал-Худри (ага Аллах ыраазы болсун) айтып калтырган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) минтип айткан:

“Ким Жума күнү “Кахф” сүрөсүн окуса, ага кийинки жумага чейин нур болот” (Ад-Дарами; Сахих ал-Жаами, 6471).

🌙•
Гусул алуу

🌙•
Тырмак алуу, денедеги ашыкча түктөрдү кетирүү сыяктуу тулку бой тазалыгы;

🌙• Мисвак же тиш щеткасы менен тишти тазалоо;

🌙• Жаңы жана таза кийим кийүү;

Ар Жума планыбызда ушул иштер турсун🌷

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жаз дебе, айтчу да, жазчу да эч нерсе жок…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

КӨК ДЕПТЕР (1-БӨЛҮМ) Жеңишбек Эдигеев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

-Нурзат, мен деңизди ушунчалык жакшы көрөм.
Кайрадан жаралууга мұмкүн болсо деңиз болмокмун.
-Эмнеге?
-Мен деңизди жакшы көрөм.
Шамал бол десе деңизди сылап өтүп, булут бол десе карарып, карарып келип деңизге тийип, жамгыр бол десе, деңизди өөп, жээк бол десе деңизди күндө кучагыма алмакмын.
-Досум, философ болуп кетипсиң…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул убаданы унута элекмин.
Китеп санын айткандардын бирөөсү гана жеке катка отчет катары сүрөт жиберди.

Башка жазгандар жөнөтөсүздөрбү же 1-жөнөткөн адамга бере берейинби?

Адилеттүүлүк болсун🤝

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

КЫРГЫЗ деп келгем дүйнөгө,
КЫРГЫЗ деп өтөм дүйнөдөн!

Мекеним, Кыргызстаным, Туулган, киндик каным тамган ааламдан издесең табылгыс алтын жерим.
Эгемендүүлүгүң куттуу болсун!

Сага болгон сүйүү башка жакта эки эсе артып, эки эсе кусага батырат экен.
Сагындым!

Эгемендүү мамлекетим бар экенине сыймыктанам, мактанам!
“Кайдан болосуң?” десе уялбай КЫРГЫЗСТАНДАН деп айта алам.
Мейли сени өзгөлөр тааныбасын, билишпесин, бирок сен ар бир кыргыздын жүрөгүндөсүн!

Мекеним, башка жерде жүрсөк да, жүрөгүбүз сенде!

Читать полностью…
Subscribe to a channel