kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

🛑 МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР!!!

Палестина үчүн дуба кылууну унутпайлы. Ал жакта биздин түшүбүзгө кирбегендей кыргын, азаптоолор, ачкачылык болуп жатат😢

⚠️ «Шалпыйбай» активдүү мусулман бололучу, соцтармактарда Палестина тууралуу маалыматтарды башкалар менен бөлүшөлү, «бармак түшүп калгыча» лайк басалы, группаларга таркаталы, комментарий жазалы. Мындан өткөн жеңил нерсе жок го, азыркы учурда дүйнөдөгү адамдардын колдоосу да маанилүү. Колубуздан келген аракетти кылбасак, канкор жөөттөр алакандай болгон палестин элин кырганы турат. Булар ушул менен эле токтолуп калбайт, булардын ой-максаты динди жана мусулмандарды жок кылуу.

⚠️ Ошондой эле Израилдеги согушту каржылаган жөөттөрдүн продукцияларынан толук баш тарталы. Коланы ичмек турсун колубузга кармабай турган бололу. Алардын продукциясын албасак, ачкадан өлүп калбайбыз же жашообуз токтоп калбайт. Ата-мекендик же мусулмандарга таандык болгон продукцияларды алалы, ошолорду колдойлу. Муну убактылуу эмес, түбөлүк эреже катары тутуналы.

Чындыгында жүрөк тилине тургандай окуялар болуп жатат. Биз болсо бейкапар жүрөбүз, колубуздан келип турган нерсени да кыла албайбыз. Мусулманбыз деген атыбыз эле болбосо, ушунчалык алсызбыз, динибизге да, диндеш боордошторго да күйбөйбүз.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кечирип койгула, бирок ушундай учурда башка нерселерди киргизгени жүрөк чыдабайт экен.
Ар бирибиз колдон келген жардамды көрсөтөлү. Бирөөбүз акча менен, бирөөбүз дуба-тилектер менен, а бирөөбүз соц тармактар аркылуу жайылтуу менен дегендей…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кымбаттуу достор, мекендештер! Зулумдуктан жабыр тарткан Палестина үчүн каражат чогулта баштадык.

Реквизиттер:

О деньги 0703302080 A.K

оптима 4169585349744937 S.K

Эльсом 0707200093 К.А

Мбанк +996 700 117 738

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707200093

“Аль-Умма” бүгүнтөн тартып, Палестина үчүн каражат чогулта баштайт. Жардамдын чоң-кичинеси маанилүү эмес. Бул жарыяны башкаларга бөлүшүү менен да жакшылыкка салым кошо аласыз.

Биздин расмий өнөктөшүбүз – Газа тилкесине 2014-жылдан бери гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан аккредитациядан өткөн ишенимдүү “Газага жардам” түрк фонду. Учурда бул фонддун кызматкерлери чыр-чатактын очогу Газада иштеп, бир туугандарыбызга жардам көрсөтүп жатышат. Чогулган жардам кыргыз элинин атынан палестиналыктарга жеткирилмекчи.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

❗️ Москва шаарындагылар үчүн экен.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Буларды албаганга, ичпегенге, жебегенге аракет кылалы!
Дегенде такыр албай эле коёлучу.

Дубадан сырткары ушул жол менен жардам бере алсак керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Багыт бир, бирок жолдор ар башка.

Бир багытка жетүү үчүн бир канча жолу жолду алмаштырганга туура келет.
Жолдор далай алмашат. Бир жерде көбүрөөк күтөсүң, бир жерде кечигесиң, бир жерде убагында келесиң, бирок жол бүтүп калган болот.
Жолдор, аягы жок жолдор…
Кээде жолду кыскасы кызыксыз болгондой, жолдун узуну жаныңы кейитип, жүрөгүңдү сыгып салат экен.
Баарынын ортосун кармоо маанилүүдөй.
Жашоодо да, окуу да, күтүүдө да.

(P.s. 6 саат поезд күтүп отурсаң философ боло баштайт экенсиң. Алдыда 3-4 сааттык жол жатат. Эң маанилүүсү ошол убакта эсен-аман жетип алуудур…)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

1 сааттан бери китеп окуп жатам. Канча бет окуганымды билбейм, көзүм баракты тиктеп, сөөмөйүм менен тез-тез барактайм. Оюмду да китептеги окуяга бургум келет. Бирок ойлор түпсүз туңгуюкка малынат да, караңгылыкка кирип сиңип кетет. Кайда кеткени, кийин эмне болгону дайынсыз…
Түн ортосу уйкум келбей китеп окуган эки гана учур болот. Бири китепти жактырып, окуяга сиңип, жуурулушуп чыга албаган, бири азыркы учур. Эң жактырбаганым да, каалабаганым да, жек көргөнүм да ушунусу…

Жакшы эс алгыла!

1:29

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллах насип кылып Германияда Гапыр Мадаминов агай менен жолугуп отурабыз.
Кечинде тамактанып отурсак бир эже:
“Агай, жаңы үйлөнгөн жаш үй-бүлөлөргө кандай кеңеш бересиз?” десе агай айтып жатат:
“Мен 25 жылдан бери эксперимент кылып келем. Жаңы үйлөнгөндөргө сабак өтүп туура эмес кылыптырмын. Көрсө эне болугууга, ата болууга даярданууну 10-11-класстан, 1-2-курстан окутуп башташ керек. Сен кеч калдың” дейт. Сөзүнүн аягында: “Эң башкысы азыр аракет кылып баштаганың” деп бүтүрдү.

Кээ бир нерселерди Аллах убагында буюрубайт экен. Бирок эң жакшы, эң сонун убакта насип этет тура😇
Болгону күтө билиш керек экен…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аракет аракетсиздикти сөзсүз жеңет!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Көп окудум, бирок азды түшүндүм.
Көп иш баштап азын гана бүтүрдүм.
Тардыгы эмес убакыттын жөн гана,
Аздыгы го акылымдын, күчүмдүн.


✍🏻 Аалы Туткучев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

@youtubabot

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жүрөк каалаганын сурайт,
Аллах биз үчүн эң жакшы боло тургандай кылып жооп берет.

✨🕊️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Көк дептерди” окуп бүткөндөн кийин сөзсүз ой-пикириңерди авторго жазып коюушуңарды сунуштар элем.
Фейсбук жана инстаграм баракчалары бар экен. (Менде жок, бирок сурап бул жакка жазып коём)

(P.s. автордун канчалык кубанганын билгениңерде күндө ой-пикир жазмаксыңар😅)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

А мен бул кылык-жоорукка дагы деле көнө элекмин.

Кыргыз эле маданияттын туу чокусунда болбосок да, айрым учурларда салт-санаабыз булардын маданиятынан алда канча алдыда турат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Өмүр-бул ширеңкенин кутусундай, ага төшөлүп көңүл буруу-келесоолук, кол шилтеп коюу-коркунучтуу”

📘Көк дептер

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Чектен ашышты💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔😭😭😭😭😭😭😭😭

Жана биз ушул мыкаачылыктарды көрүп жөн эле отурабызбы????

Дагы деле эмне кийсем? Эмне жесем? Деп ойлонуп жүрөбүзбү????

Да, продолжаем жить как ни в чем небывало…

анан бир күнү ойгонобуз…

Бирок ал учурда өтө кеч болуп калат…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Гулзиранын апасынын наны

Өткөндө досум үйгө келип, апасы катытып берип жиберген тандырга жабылган нан анан куруттардан таштап кеткен эле.
Нанды да дал ошондой катытып берип жиберсе болорун биринчи жолу билдим. Досум жеп жатып: “Апамдын тийген колдору, айылдын наны” деп ушунча ырахат менен жегенин эстеп кеттим.
Дал ошол нандын акыркы кесимин чайга малып кемпирчесинен азыр гана жедим. Албетте, досум тамшангандай тамшана албадым, эненин колу тийген нанды кызы жеген менен кызынын досу жеген эки башкача сезимдер. Бирок мага таң эрте менен сүт тартып, тартылган сүттөн камыр жасап, “Сенин колдоруң кичинекей. Нанга камыр жууруй албайсың” деп көп иш кылганынан тамырлары чыгып, бырыш баскан таенемдин колдору, чоң-чоң жабылган нандар менен айылым, торпогунан бери кайтарган кашка уйлар, сары май, сүт даамданды. Германияда нандын толтура түрү болсо да, ошолордун көбүнүн даамын татып көрсөм да, Гулзиранын апасынын нанынын даамына жетпейт экен. Айылдын нанынын даамына жетпейт экен… Мекендин жытына жетпейт экен…
Аман Саспаевдин “Татым тузун” баарыңар эле окусаңар керек. Ошол аңгемедеги Келгинбайдын Ата Мекендин тузун оозуна салган бойдон өлгөнүн да эстедим.
Чыгарманы кайра окуп, кайра талдоо мүмкүнчүлүгү келип калса,
сөзсүз мурда талдагандан башкача талдайм го дейм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

- кем ты хочешь быть, когда вырастешь?
- в Палестине мы не вырастаем.

Уже больше 2050 детей было убито в Газе.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бара тургандар байланышка чыгыңыздар:
https://wa.me/qr/YPDI5EI6H7ETH1

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Гүлгө гүл берилбейт” дейт…

Гулзира, “Гүл менен тосуп албайсың!” деп таарынба ээ?
Көрсө гүлдөргө гүл берилбейт экен😅

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Байкашымча, адамдын курсагын эмес, көзүн жана көөдөнүн толтуруу керек экен.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Адам сүйлөсө бир гана өзүн угат, унчукпай турса баарын угат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

https://www.youtube.com/watch?v=565fIH0cpzQ&t=2s

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жакшы жарыя экен.

Силерге да кереги тиет деген ойдомун.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ырдын маанисине жетүү үчүн кайсы убакта жаралганына маани берүү керек. Болбосо түшүнүү оор.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Көк дептерди” окуп жатканда сөзсүз Калмурат Рыскуловдун чыгармачылыгы кызыктырбай койбойт.
30 жашында өзүн өзүнө өзү кол салганы менен бир канча обондун жана ырлардын автору экен.

Ырларын окуп жана угуп чыктым. Арасынан “Күтүү” деген ырынын обону жакты.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ош шаарындагылар Баалуу китеп дүкөнүнөн алсаңар болот экен.

Дареги: Масалиев 11
Баасы: 1000
Байланышуу үчүн 0221714529

(Мен алганда деле 1000с болчу)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Көк дептер
Автору: Жеңишбек Эдигеев
Бети: 657
Чыгарма публицистика стилинде жазылган.

📘
Китептин ар бир бөлүмү өзүнчө бир сезимдерге жетелеп, өзгөчө эмоцияларды тартуу кылды. Арасынан тандай келгенде студенттик күндөрүндөгү окуялар ары кызыктуу жана таасирдүү болду. Себеби автор экөөбүздү бир университет, бир окуу корпусу жана мугалимдер байланыштырып турат эле.
А эң эле оор бөлүм: “Сен али жазыла элексиң. Мен окула элекмин.”, “Сени күтүп, ак баш болду ышкындар” болду.

Анткени ал жерде жакындарынан (апасы, эжеси, досу ж.б) айрылган убактарын жазган.
Автор сезгенди сезип окуу, дене боюмду дүркүрөтүп, дүүлүктүрүп, чымыратты.
Алар менен өлдүм жана автордун күйүтүн сездим. Эң өкүттө калтырганын айтайынбы?
Өлүм, айрылуу ар башта бар экенин, бир күнү шамал сымал мени да буйтап өтөрүн акылым айтып турду. Балким асыл инсандарымдан айрылгым келбегениненби же башка себептенби, айтор ошол бөлүмдөрдү батыраак окуп, батыраак бүтүрүп салганга шаштым.

📌Эгерде автор өзү сезгенди сездире алса, окурманды бирде ыйлатып, бирде күлдүрө алса, жазганынан сабак берип, окурмандын жүрөгүнө таштай катып, муздай ээрий алса, менимче максаты орундалды. Китеп максатка жетти.

📘 “Көк дептерде” тээ балалыктан баштап, азыркы кездеги убакка чейинки окуялар жазылган. Жаш кезинде автор күндөлүк жазып жатып бир кездерде ушунча адам окуурун сезбесе деле керек.
Күндөлүктөгү жазуулар, ошол элестер, ошол ирмем бул китепти дагы да көркүнө чыгарды деп эсептейм.
Мага жаккан жанр, мен сүйгөн стиль.
Күндөлүк жазууга дагы да шык берген мотивация болду.

📌
Эмнеге жеткен сүйүү бааланбай, жетпей калган сүйүү тарыхка айланат?

📘Жеңишбек Эдигеев учурда Швецарияда жашайт экен. Анын эмне болуп, кантип барып калганын китептен билсеңер болот. Автордун номерин таптым. Аллах насип кылса китеп тууралуу ой-пикиримди билдирип жазайын деп жатам.
Ии баса, түз эфир кылуу да оюма келип кетти. Силер катышсаңар мен бул пикирим жөнүндө да автор менен кеңешмекмин.

📌
Китептерди автордун тирүүсүндө окуган кандай жакшы. Канча китептерди автор көз жумган соң окудук. Канча суроо, канча ой-пикир калып кетти.

📘Китепте өтө таамай жана жеткире жазылган цитаталар көп экен. Баракчама бөлүшкөнүм 1 болсо, жазбай калтырганым 1000 болду.
Кечке силерди тажатып албайын деп киргизбедим.
Өзүңөрдүн окушуңарды сунуштар элем.
Бул китептин аудиосун эмес, өзүн окушуңар керек демекмин. Анткени көркөм чыгарма эмес. Окуялар бири-бирин кээде уласа, кээде улабайт.


📌Баалоо: 10/10

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бут кийимди чечпей, тебелеп-тепсеп өтүү башында мага да өөн учураган.
Германияда эле эле эмес, көрсө Швецарияда деле ушундай экен.



Андай десе ойлобогула бут кийимдин таманы кир боюнча келет деп. Кээде бут кийим полдон караганда тазараак болот😅

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушул видеону 2020-жылы 3-сентябрда киргизген экен элем.

2023-жылы 19-июль күнү ушул китепканага бардым.
Бул видеону киргизгенде ушул жерге барышымды жана Германияда экенин билбесем деле керек.

Читать полностью…
Subscribe to a channel