🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
Жасалма интеллект боюнча марафон башталганы жатат ⚠️
📣 Жасалма интеллектти колдонуп кандай жаңы нерселерди жасай аласыздар, кандай мүмкүнчүлүктөр бар, эмнелер өзгөрөт? 🥷
🔥Инфосессияда кандай нейросеттер менен иштейбиз, 3 күндүк марафондо эмнелер камтылат толук айтылат.
🌐Катышуу үчүн ватсап группага кошулунуз.
https://chat.whatsapp.com/KiXUgg4NLsV2ivZfWNaYKh
Досторум жакшы бир марафон уюштуруп жатыптыр. Жасалма интелект сизди кызыктырса, сөзсүз катышыңыз.Читать полностью…
Саламатсызбы Нурзат эже,өзүңүз катталган телеграм каналдарды сунуштай кетиңизчи?
-Саламатчылык!
Менде башка идея бар. Келгиле андан көрө ушул постту окуган ар бириңер телеграмдагы эң жактырган 1 же 3 баракча менен бөлүшөсүңөр.
Менин пикиримде ушул жакшыраак болот.
Буйруса мен дагы бөлүшөм.
Кээде тиктеп күзгүгө, ойго келем,
Топуракка айланат ушул денем,
Ушул күлкү, ушул көз, ушул билек,
Жуурулушуп жок болот мезгил менен…
🖊️Жолон Мамытов
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Алыкул Осмонов китепканасын өтө жакшы билген, архив бөлүмүн, кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн, китепти кантип алып, кантип карашты билгендер барбы?
Болгон болсо “+” белгисин коюп койсоңор, жеке катыңарга өзүм жазам.
(Бир канча китеп каратмакмын. Силер таап, сүрөткө тартып же сканер кылып эле жибересиңер. Бекер эмес)
Чектен ашышты💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔💔😭😭😭😭😭😭😭😭
Жана биз ушул мыкаачылыктарды көрүп жөн эле отурабызбы????
Дагы деле эмне кийсем? Эмне жесем? Деп ойлонуп жүрөбүзбү????
Да, продолжаем жить как ни в чем небывало…
анан бир күнү ойгонобуз…
Бирок ал учурда өтө кеч болуп калат…
Гулзиранын апасынын наны
Өткөндө досум үйгө келип, апасы катытып берип жиберген тандырга жабылган нан анан куруттардан таштап кеткен эле.
Нанды да дал ошондой катытып берип жиберсе болорун биринчи жолу билдим. Досум жеп жатып: “Апамдын тийген колдору, айылдын наны” деп ушунча ырахат менен жегенин эстеп кеттим.
Дал ошол нандын акыркы кесимин чайга малып кемпирчесинен азыр гана жедим. Албетте, досум тамшангандай тамшана албадым, эненин колу тийген нанды кызы жеген менен кызынын досу жеген эки башкача сезимдер. Бирок мага таң эрте менен сүт тартып, тартылган сүттөн камыр жасап, “Сенин колдоруң кичинекей. Нанга камыр жууруй албайсың” деп көп иш кылганынан тамырлары чыгып, бырыш баскан таенемдин колдору, чоң-чоң жабылган нандар менен айылым, торпогунан бери кайтарган кашка уйлар, сары май, сүт даамданды. Германияда нандын толтура түрү болсо да, ошолордун көбүнүн даамын татып көрсөм да, Гулзиранын апасынын нанынын даамына жетпейт экен. Айылдын нанынын даамына жетпейт экен… Мекендин жытына жетпейт экен…
Аман Саспаевдин “Татым тузун” баарыңар эле окусаңар керек. Ошол аңгемедеги Келгинбайдын Ата Мекендин тузун оозуна салган бойдон өлгөнүн да эстедим.
Чыгарманы кайра окуп, кайра талдоо мүмкүнчүлүгү келип калса,
сөзсүз мурда талдагандан башкача талдайм го дейм.
- кем ты хочешь быть, когда вырастешь?
- в Палестине мы не вырастаем.
Уже больше 2050 детей было убито в Газе.
Бара тургандар байланышка чыгыңыздар:
https://wa.me/qr/YPDI5EI6H7ETH1
”Гүлгө гүл берилбейт” дейт…
Гулзира, “Гүл менен тосуп албайсың!” деп таарынба ээ?
Көрсө гүлдөргө гүл берилбейт экен😅
Байкашымча, адамдын курсагын эмес, көзүн жана көөдөнүн толтуруу керек экен.
Читать полностью…Адам сүйлөсө бир гана өзүн угат, унчукпай турса баарын угат.
Читать полностью…https://www.youtube.com/watch?v=565fIH0cpzQ&t=2s
Читать полностью…Жакшы жарыя экен.
Силерге да кереги тиет деген ойдомун.
Ырдын маанисине жетүү үчүн кайсы убакта жаралганына маани берүү керек. Болбосо түшүнүү оор.
Читать полностью…“Көк дептерди” окуп жатканда сөзсүз Калмурат Рыскуловдун чыгармачылыгы кызыктырбай койбойт.
30 жашында өзүн өзүнө өзү кол салганы менен бир канча обондун жана ырлардын автору экен.
Ырларын окуп жана угуп чыктым. Арасынан “Күтүү” деген ырынын обону жакты.
Саламатсызбы?
Жаны чыккан кандай китептер бар айтып койо аласызбы (кыргыз тилинде) 15-16 жаш
Рахмат!
-Саламатчылык!
Азаматсыңар! Менимче бул суроо туура узатылган.
“Мага китеп сунуштаңызчы.” деген суроо келгенде жооп башкача болмок.
А бул жерде жашын жана жаңы китептер деп так жазылыптыр. Эң сонун.
Ачыгын айтканда 15-16 жашта окуган китептерди азыр окубайм. Мен ал убактарда кайсы китептерди окуйт элем ал дагы эсте жок.
Бирок ушул жашта
“Поллиана”, “Алхимик”, жаңы котомолор: “Креативдүү болгум келет”, “Шахта”, “Булак башында”, “Жетилгиле жаштар” аттуу китептерди окуп көрсөңөр болот дейт элем.
Бул китептер жалаң котормолор.
А кыргыз классикасынан кимди сунуштарымды билбей жатам.
А балким 15-16 жаштагы китеп сүйүүчүлөр жооп береттир.
Кандай жаңы китептер чыгып жатат?
"Оорунун алдын алуу максатындагы бир кадам,
дарылануу максатындагы жүз кадамдан жакшы.”
📘 “Ой багыт” китебинен.
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
Кокустук болбо, а балким бирөөнүн сурап жүрүп жеткен дубасы бол.
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂
🛑 МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР!!!
Палестина үчүн дуба кылууну унутпайлы. Ал жакта биздин түшүбүзгө кирбегендей кыргын, азаптоолор, ачкачылык болуп жатат😢
⚠️ «Шалпыйбай» активдүү мусулман бололучу, соцтармактарда Палестина тууралуу маалыматтарды башкалар менен бөлүшөлү, «бармак түшүп калгыча» лайк басалы, группаларга таркаталы, комментарий жазалы. Мындан өткөн жеңил нерсе жок го, азыркы учурда дүйнөдөгү адамдардын колдоосу да маанилүү. Колубуздан келген аракетти кылбасак, канкор жөөттөр алакандай болгон палестин элин кырганы турат. Булар ушул менен эле токтолуп калбайт, булардын ой-максаты динди жана мусулмандарды жок кылуу.
⚠️ Ошондой эле Израилдеги согушту каржылаган жөөттөрдүн продукцияларынан толук баш тарталы. Коланы ичмек турсун колубузга кармабай турган бололу. Алардын продукциясын албасак, ачкадан өлүп калбайбыз же жашообуз токтоп калбайт. Ата-мекендик же мусулмандарга таандык болгон продукцияларды алалы, ошолорду колдойлу. Муну убактылуу эмес, түбөлүк эреже катары тутуналы.
Чындыгында жүрөк тилине тургандай окуялар болуп жатат. Биз болсо бейкапар жүрөбүз, колубуздан келип турган нерсени да кыла албайбыз. Мусулманбыз деген атыбыз эле болбосо, ушунчалык алсызбыз, динибизге да, диндеш боордошторго да күйбөйбүз.
Кечирип койгула, бирок ушундай учурда башка нерселерди киргизгени жүрөк чыдабайт экен.
Ар бирибиз колдон келген жардамды көрсөтөлү. Бирөөбүз акча менен, бирөөбүз дуба-тилектер менен, а бирөөбүз соц тармактар аркылуу жайылтуу менен дегендей…
Кымбаттуу достор, мекендештер! Зулумдуктан жабыр тарткан Палестина үчүн каражат чогулта баштадык.
Реквизиттер:
О деньги 0703302080 A.K
оптима 4169585349744937
S.K
Эльсом 0707200093 К.А
Мбанк +996 700 117 738
Маалымат үчүн байланыш телефону: 0707200093
“Аль-Умма” бүгүнтөн тартып, Палестина үчүн каражат чогулта баштайт. Жардамдын чоң-кичинеси маанилүү эмес. Бул жарыяны башкаларга бөлүшүү менен да жакшылыкка салым кошо аласыз.
Биздин расмий өнөктөшүбүз – Газа тилкесине 2014-жылдан бери гуманитардык жардам көрсөтүп келе жаткан аккредитациядан өткөн ишенимдүү “Газага жардам” түрк фонду. Учурда бул фонддун кызматкерлери чыр-чатактын очогу Газада иштеп, бир туугандарыбызга жардам көрсөтүп жатышат. Чогулган жардам кыргыз элинин атынан палестиналыктарга жеткирилмекчи.
Буларды албаганга, ичпегенге, жебегенге аракет кылалы!
Дегенде такыр албай эле коёлучу.
Дубадан сырткары ушул жол менен жардам бере алсак керек.
Багыт бир, бирок жолдор ар башка.
Бир багытка жетүү үчүн бир канча жолу жолду алмаштырганга туура келет.
Жолдор далай алмашат. Бир жерде көбүрөөк күтөсүң, бир жерде кечигесиң, бир жерде убагында келесиң, бирок жол бүтүп калган болот.
Жолдор, аягы жок жолдор…
Кээде жолду кыскасы кызыксыз болгондой, жолдун узуну жаныңы кейитип, жүрөгүңдү сыгып салат экен.
Баарынын ортосун кармоо маанилүүдөй.
Жашоодо да, окуу да, күтүүдө да.
(P.s. 6 саат поезд күтүп отурсаң философ боло баштайт экенсиң. Алдыда 3-4 сааттык жол жатат. Эң маанилүүсү ошол убакта эсен-аман жетип алуудур…)
1 сааттан бери китеп окуп жатам. Канча бет окуганымды билбейм, көзүм баракты тиктеп, сөөмөйүм менен тез-тез барактайм. Оюмду да китептеги окуяга бургум келет. Бирок ойлор түпсүз туңгуюкка малынат да, караңгылыкка кирип сиңип кетет. Кайда кеткени, кийин эмне болгону дайынсыз…
Түн ортосу уйкум келбей китеп окуган эки гана учур болот. Бири китепти жактырып, окуяга сиңип, жуурулушуп чыга албаган, бири азыркы учур. Эң жактырбаганым да, каалабаганым да, жек көргөнүм да ушунусу…
Жакшы эс алгыла!
1:29
Аллах насип кылып Германияда Гапыр Мадаминов агай менен жолугуп отурабыз.
Кечинде тамактанып отурсак бир эже:
“Агай, жаңы үйлөнгөн жаш үй-бүлөлөргө кандай кеңеш бересиз?” десе агай айтып жатат:
“Мен 25 жылдан бери эксперимент кылып келем. Жаңы үйлөнгөндөргө сабак өтүп туура эмес кылыптырмын. Көрсө эне болугууга, ата болууга даярданууну 10-11-класстан, 1-2-курстан окутуп башташ керек. Сен кеч калдың” дейт. Сөзүнүн аягында: “Эң башкысы азыр аракет кылып баштаганың” деп бүтүрдү.
Кээ бир нерселерди Аллах убагында буюрубайт экен. Бирок эң жакшы, эң сонун убакта насип этет тура😇
Болгону күтө билиш керек экен…
Көп окудум, бирок азды түшүндүм.
Көп иш баштап азын гана бүтүрдүм.
Тардыгы эмес убакыттын жөн гана,
Аздыгы го акылымдын, күчүмдүн.
✍🏻 Аалы Туткучев
Жүрөк каалаганын сурайт,
Аллах биз үчүн эң жакшы боло тургандай кылып жооп берет.
✨🕊️