”Турмушка качан чыгасың?”
Соңку убактардагы эң көп берилген жана тамакка бычак такагандай болгон суроолордун бири.
Турмуш куруу, үй-бүлө күтүү, балалуу-чакалуу болуу ар бир айымдын жана мырзанын бирден бир тилеги. Жашоого жаратылган максаттардын бир бөлүгү.
Ар бир нерсенин өз учуру болот. Аллах Таала сен даяр болгон убакта сенин бешенеңе жазылган инсанды жолуктуруп, баш кошууну насип кылат.
Турмуш куруу “Азыр кааладым, азыр алайын” дей турган нерсе эмес.
Убакыт-сааты келмей сайын, жүрөк бир орундан булк этип согуп, бешенеңде турган адам сенин мээңдеги идеалыңа төп келмей сайын миң кааласаң деле болбой турган нерсе.
Бул жашоодогу эле жарың эмес, акыреттик боло турган жарыңды табылганча издөө керек.
Баян, устаздардын сабактарынан: “Турмушка чыгып, аял алууну кечиктирбеш керек. Жалгыздык Аллах Таалага гана таандык. Инсандар жуп-жубу менен жаратылган. Үй-бүлөдө береке бар.” деген насаатарды угуп келебиз.
Бирок ошондой инсан сага кезиктиби? Сенде барбы? Сени Аллахтын аманаты деп кабыл алып, кыянаттык кылбайбы?
Сен ошондой инсанга кезиге алдыңбы? Өзүң татыктуусуңбу? Турмуш курууга даярсыңбы?
Айтор, тиги суроодо сенин эркиңе баш ийбеген, сенин планыңа каралбаган, сен миң кааласаң да үнсүз болууга түрткөн жооптор бар.
Интернетимди 1 күнгө өчүрүп, телефонумду бир жерге бекитип өзүм менен болгум келип жатат.
Ишенсеңер канча убактан бери ойлонуп жүрөм, бирок соц тармак, телефон жипсиз эле өзүнө байлап алыптыр. Бир күн вотсапка кирбей койсом жашоом токтоп калчуудай сезилип жатат.
Телефон досум, телефон сырдашым, телефон ишим, телефон сүйгөнүм, телефон жашоом болуп калыптыр…
Интернетсиз, телефонсуз жашап тажрыйба кылгандар барбы? Жок дегенде 1 күн?
Орозо тут,мейли кыйнал ачыккын,
Орозо тут, барга, жокко машыккын,
Бул дүйнөнүн кожоюну сен эмес!
Баркын билгин суунун, нандын, азыктын!
©Зайырбек Ажыматов
Жакшыларым, көптөн күткөн
"РАМАЗАН АЙЫ"
эшигибизди каккылап кирип келип отурат.
Жаңылыктардан көрүп эле, билип эле жүрөбүз.
Канчалаган адам Рамазанга бир аз калганда каза болуп калышты…
А бирок Аллахым бизге ушул айды көрүүнү насип этти.😇
Бул айга жетип келгендиктен пайдалуу өткөрүүнү да насип этсин🤲
Бүгүн таравих намазынын биринчи күнү. Намаз окуп, Алладан дуба кылып, руханиятыбызды жаңылайлы.
/channel/+VsY0uCe8K1M5ZGIy
Курбум ушул темаларда акысыз сабак өтүп жатыптыр. Силер дагы катышып көрсөңөр болот.
Балким пайдасы тийип калат😊✨
~ Жакшы китептерди окуу-өткөн кылымдардагы мыкты адамдар менен сүйлөшүүгө окшош.
🌱🌱🌱
Бир күнгө жетпей 6️⃣6️⃣ катталуучу кошулуптур.
Кош келипсиздер!
Ким жарнама кылып каналына бөлүшкөн болсо ыраазычылыгымды билдирем!
Ким бөлүшкөнүн айтып койсоңор да кубанычта болмокмун😊
Кантип англис тилин үйрөнүп жатам?
Англис тилинин А1 баскычын март айы бүткөнгө чейин бүтүрүүнү максат кылгам.
Жеткен чектен дагы процесстен рахат алуу өзгөчө сезимдерди тартуулайт экен.
📌Немисче окуган үчүн англисче тамгаларды кандай жазылса ошондой окуп кыйналып жатам. Англисчем жакшырбагандай эле болуп жатат.
📌1 айдын ичинде элдердин статустарындагы айрым сөздөрдү же сүйлөмдөрдүн бир аз маанисин түшүнүп калдым. Мурда окубай эле ээээ деген бойдон өткөрүп салат элем, а азыр токтоп, ката-пута окуганыма карабай аракет кылып окуп жатам.
📌Күндө англисче сүйлөп жатканымы элестетем. Жылыш анчалык деле билинбей жаткан үчүн өзүмдү жемелейм да, кайра баштаганым үчүн дем берем. Айтор түшүнүксүз сезимдер.
📌А1 деңгээлиндеги англисче китеп окуй баштадым. (Китепти китепканалардан таптым. Электрондук варианты жок)
Жакшы жери китепте аудиосу да бар экен. Ошону укканча текстти окуп жатам.
Күнүнө 5 же 10мүнөт.
Тил үйрөнүп жатканда тилди жаман көрүп калбаш үчүн аз-аздан процесске кириш керек. Менде ошондой.
https://www.nikolietta.com/raspisanie/distancionnyj-kurs
⤴️⤴️
Ушундай жазышты (каллиграфия) аябай үйрөнгүм келип жатат.
Баасы кымбатыраак экен, бирок окууну максат кылып койдум.
Бул эженин курсун канча айдан бери акмалап тиктеп жүрөм. Телеграмына катталып жазууларын калтырбай көрөм.
Өзүм окуй элекмин, бирок каллиграфияны үйрөнгүсү келгендер үчүн сунуштайт элем.
Реклама деле эмес, каналда ушул тармакка кызыккан кыздар бар эле.
Кирип көрүп чыксаңар болот😊
Жакшы эс алгыла!
Эшикти ачсаң эле гүл кармап турган курьерди көрсөң көңүлүң көтөрүлө түшөт да.
3-4 жолу эле сүрөткө тарттым. Мага болгондо галериям толмок😄
Гүл- ар бир аял затына жылмаюу тартуулай алган жалгыз нерсе.
P.s. Сага таандык болбосо да🌹
"Китеп Той 2024"📚🥁БИШКЕК
📌 Оой...эл-журт, укпай калдым дебеңиздер!!!🥳
22-февраль 😊🤝📚📲 Баарыңыздарды руханий -интеллектуалдык азык тартуулаган....аш казан менен кошо баш казанды да тойгузган КИТЕП ТОЙ керемет кечесине чакырабыз!
🔰 Семинар
🥞 🍧 Фуршет
🔹 Белектер жана оюндар
🔸 Поэзия мүнөттөрү
🔹 Китеп жарманкеси
🔸 Фото зона
🔰 Кызыктуу программа
Спикерлер жана коноктор
🔹 Гапыр Мадаминов
🔸Нуржигит Кадырбеков
🔹Райымжан Курбанов
🔹Элмира Ажыканова
🔸 Өзгөрүш Абакиров
🔹 Ырыскелди Сатыбалдиев
🔸 Жаныш Майрамбек уулу.
🟨 Күнү: 22-февраль
Убактысы: 18:00
Дареги: "Заман" рестораны , Тулеев 1А
🥳😊📚 Билим, максат, бийик ой__шаарыбызда КИТЕП ТОЙ
Билет алуу үчүн:
0 990 551 546 - Сайкал
Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор, мени кучактагыла!
Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор, мени сүйөм дегиле!
©️Т.Колдошев
⤴️
Ушул китепти окуп жатам.
А1 деңгээлиндегилер үчүн (англис тили)
Интернеттен издесем китеп аудиосу менен чыгып калды.
Пайдалуу болсун🫶🏻
Ушул постту жазгандан кийин мени ооз ачууга чакыра башташты🤭☺️
Германиядагы кыздар бул жакта деле көп экенин билбептирмин)
Мен үчүн чакыруулар аябай жылуу болду.
Баргандай болуп сүйүнүп калдым😊.
Бүгүн өзүмдү аябай жалгыз сездим. Себеби былтыры Германияга орозо бүтөрүнө аз калганда келген элем. Ошого бардык нерсе жаңы болуп, ал жакты карап “Ваууу” деп, бул жакты карап “ваууу” деп эсим ооп жана бүт нерсеге алаксып жатып орозо бүтүп кеткен.
А бүгүн жалгыз ооз ачып жатып башкача сезимдерди жашадым. Мындан 2 жыл мурун чогуу жашаган кыздар менен биргеликте ооз ачып, таттууларды жасап же конокко барат элек. Былтыры мектепте ооз ачуулар, коллективдин үйлөрүндө, туугандар менен ооз ачуулар болчу. Мындайча айтканда жакындар менен жылмайып, саатты күтүп, белек-бечкек даярдап барат элек.
А бүгүн жалгыз болуп ыйлагым келди. Көнүп кетем деп жакшы эле ойлоп жатам. Ошентсе да КРда жүргөн убакта жөнөкөй эле нерсе катары кабыл алган чогуу ооз ачуу, чогуу ооз бекитүү эң сонун убактарым экен эле…
Быйылкы Рамазанды жалгыз тоспоюн деп ниет кылып жаттым эле, бирок Аллах Таала өткөн-кеткенге сарасеп салып, баарын башынан ойлон, кадырына жет деген өңдүү жалгыз тосууну насип кылды окшойт. Аллахтын ар бир жазганында бир жакшылык бар. Мен аны билем, туям, кабыл алам!
8-март
Бүгүн 8-март. Баарыбыз бул күндү Аялдардын Эл аралык майрамы катары таанып, календарда өзгөчө белгилөө менен күтөбүз.
Жолдошубуздан, ата-байке, ини-группалаш айтор, мырза аттуу жакындарыбыздан белек алууну каалайбыз.
Өзүбүздүн алардын жашоосунда маанилүү адам экенбизди дагы да билгибиз келет. Көңүл буруу, сүйүлүүнү, камкордукту күтөбүз.
Кыскача айтканда белек аркылуу, жакшы сөз аркылуу тастыкталгыбыз келет.
Же болбосо өзүбүзгө өзүбүз мактанабыз.
Карачы, мен баарын өзүм жасай алам. Өзүм окудум, иштедим, машина, үй алдым деп көкүрөк каккылайбыз.
Тең укуктуулукка талпынып, эркектерден да күчтүү болуп, өзүбүзгө ааламды багындарганга уруксатнаама алгандай сүйүнөбүз.
Тарыхка кылчайып өтүп барып келсек бул күндү кандай күн болгонун, эмне себептен кабыл алынганын билебиз.
ТЕҢ УКУКТУУЛУК…
Мусулман аял заты катары бул майрамды өзгөчө тосконубуз жүрөк кейитет.
Анткени динибизде эркек киши менен аял киши эч убакта тең укукта болгон эмес!
Аял атасынын, атасы жок болсо агасынын, баласынын, эч кимиси жок болсо атасынын бир туугандарынын кармагында болуп келген.
Кайда болбосун үй-бүлөсүнүн бүтүндөй намысы кыз менен бирге жүргөн.
Бул дегени анын кандай гана кадыр-баркка ээ экенинен кабар берет.
Албетте, азыр заман өзгөрдү.
Кары-жашыбызга карабай көчөгө шыпыргыны көтөргөн бойдон чуркап чыгып кеттик.
Ал тургай колубуздан көп нерсе келерин дагы тастыктадык.
Жүрөк ооруткан нерсе акыретке барып Аллах Таалага кантип жооп берет болдук экен…
Азыркыдай бүт баарына эркектер күнөөлүү дей алат бекенбиз… Же тапкан дөөлөтүбүздү көргөзөбүзбү?
Жазууларым эч кандай, эч кимге тааңууланбайт!
Өзүмө эскертүү катары жазылды!
Сезимдериңди ага айталбасаң, сенин ордуңа сүйлөй турган китеп белек кыл…
Сени ага китеп ачып берет.
🌱🌱🌱
Список желаний книголюба:
➖Книги
➖Книги
➖Удобный стул для чтения книг
➖Книги
➖Деньги на книги
➖Библиотека, полная книг
➖Книжные закладки
➖Книги
➖Книжные стеллажи
➖Время для чтения книг
➖Полки для книг
➖Много книг
☕👤
📌Менде лайфхак деген нерселер жок. Күндө он жолу мурда үйрөнүп албаганым үчүн, сүйлөй албай жатканым үчүн өзүмдү урушам.
📌Тил үйрөнүү жаңы баскан бала өңдүү.
Бирде жыгыласың, бирде ыйлайсың, бирде кичине көбүрөөк басканың үчүн сүйүнөсүң. Бирде баспай эле жатып алгың келет.
📌Ии баса, англис тилинин грамматикасы немис тилден караганда жеңил экен. Ошого кичине сүйүнүп жатам. Жок дегендееее депчи.
📌 Силер дагы тил үйрөнүү методдоруңар менен бөлүшүп койсоңор болот. Же канал, китеп сунуштап. Мен дагы бөлүшүп турганга аракет кылам.
Китепканага укмуш даярданып келип алыптырмын.
Баарын чыгарып тапшырма аткарайын десем эле калем саптарым жок🥲.
Күлөйүнбү же ыйлайынбы?
Бизде “ийгиликтүү адам” десе эле карьерасын кура алган, окуган же болбосо көп таанышы бар, чоң кызматта иштеген адамды, же үйү, машинасы бар, атактуу адамды элестетишет. Анан ушул ой-жүгүртүүгө сенин дагы дал келишиңди каалашат.
Бирок “ийгилик” түшүнүгү эмнеге байлык, мансап, атактуулук менен өлчөнөт? Өмүр бою жашоосун балдарына арнап, аларды тарбиялаган ата-энелер эмнеге айтылбайт? Бир үйдүн түтүнүн булатып, үй-бүлөсүнө бактылуулук тартуулаган келиндер айтылбайт? Адал менен арамды балдарына үйрөтүп, ыймандуу балдарды өстүргөн атанын мээнети айтылбайт? 30 жылда бир нече миң адамга таалим-тарбия берген мугалим ошондо ийгиликке жетпей калган болобу?
Буга чейин чет өлкөдө окуп, дүйнөлүк олимпиадаларга катышкан балдардын сөзүндө турбаганын, жаш кезинен бизнесин баштап, көп акча тапканы менен жайнамазга чыга албагандарды көргөм. Карьерасын куруп, эл көзүндө “ийгиликке жеттим” деген кыздардын “гусулдан” кабары жок экенин дагы уккам.
Менимче, ийгилик- өзүңдүн кылгандарыңа жан дүйнөң менен ыраазы болуу. Мейли, жетишкендик деп бирөөлөр байлыгын, бирөө тарбиясын, ыйманын, сулуулугун, мансабын, кызматын айтсын, башкысы эч ким бирөөнүн “ийгилиги” гана туура деп ойлобосун.
Бирөөнүкүнө көз артпасын, ошого окшошконго аракет кылбасын, өзүнүн көз-карашын башкаларга таңуулабасын, элдин баары ошондой болсо гана ийгиликке жеткен болот деп ойлобосун…
Бул жакта китеп алуу ушундай жеңил.
Башында атайын карта ачтырасың. Ал карта ошол шаардагы болгон китепкананын баарына жарайт. Бүгүн башка жерден китеп алып, эртең башка китепканага тапшырып салсаң боло берет.
Эң жакшысы 29 күнгө берилет. Андан кеч калтырсаң 1,50€ төлөйсүң. Сомго болжол менен 140 болот.
Каалаганча китепти үйүңө көтөрүп кете бересиң.
Ии баса, орусча, англисче китептер дагы бар.
Болгону окуш керек жана дагы окуш керек.
Балдар үчүн оюнчуктар да бар. Аларды да алып кетсең болот.
Айтор билим алуу үчүн бүт шарт түзүлгөн жана баары бири-бирине ишенет. Эч ким китептерди жыртпай, май колдору менен булгабай, жазбай кайра тапшырышат.
#Кызыктуумаалымат
-Бул белек сага.
-Аии, сонун го. Ачсам болобу?
-Албетте!
-Вааау. Мынча сонун китеп. Ичин ачып көрөйүн.
-Жактыбы?
-Албетте! Мындай белек эч кимден алган эмесмин.
Ичинде кээ бир жерлер сызылып жана мага ар сайын берген гүлдөрдүн бир даанасы кургатылган эле.
#Кыял19988😊
Ар кимдин жашоосу ар түрдүү сюжеттен куралган.
Бирөө үчүн өмүр комедия болсо, а бирөө үчүн трагедия. Кээде драмага айланып, кээде романга жетпей бүтүп калат. Мына, мына кульминацияга келип калганыңда, кайдан-жайдан өмүрүң быт-чыты чыгып бүтпөгөн дастан болуп кала берет. Балким дүйнө ушул антонимдер менен кызыктуудур…