kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Атактуу болуу - чоң сыноо.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

@youtubabot

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Жараткан кылган дуба-тилектериңди жакшылыгынан кабыл кылсын.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Бардык күнөөлөрдүн башы-напсини ыраазы кылуу аракети.”

📘Умтул китебинен

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📘 АТА ТАРБИЯСЫНАН БАШТАЛГАН БИЛИМГЕ САПАР

Автору: Гүлсара Мадаминова
Бети: 119
Жанр: Эскерүү, баян, автобиография

Кезектеги китеп Гүлсара эженин атасы тууралуу жазган чакан китеби болду.
Бир дем менен окулган, жеңил жана тарбиялык мааниси күчтүү экен деп айта алам.
Анткени бул китепте азыркынын Дүйшөнү аталган Гапыр Мадаминов жөнүндө кенен сүрөттөлүнүп, мектеп ачуудагы кыйынчылыктары, тажрыйба, окуутудагы өзгөчө усулу ж.б тууралуу сүрөттөлөт.
Гапыр агайды Германияда жолуктуруп, бир үстөлдө тамактанып, дасторкон четинде университет кылып сүйлөшкөн элек. Ошол кезде Гүлсара эжени да көрүп бул үй-бүлөгө чынында суктангам.
Гапыр агайдын жөнөкөйлүүлүгү, оор басырыктуу болуп, сөздү таап сүйлөгөнү өзгөчө эсте калган.

📌 Китеп өзгөчө таасир калтырганын дагы бир себеби, агайды жашоодон көргөнүм андан соң “Агай” сериалы аркылуу болсо керек.

📌 Кесибим мугалим болгону үчүн агайдын кылган эмгектерине чынында суктандым. Аз айлыкка, толтура кагаз-кугаз иштерине, үйдө балдарына жакшы тарбия бербей мугалимди күнөөлөгөн ата-энелерге карабай улуу максатты ишке ашырып, бүтүндөй мамлекетке салымын тийгизип отурат.

📌 Байлык топтобой билим топтоп, атак-даңк күтпөй акыл топтоп, элди билим алууга үгүттөгөн Гапыр агай дагы көп жашасын.🤲🏻

📌 Китептен дагы алган бир таасир, “Кыз себине 40 китеп” аттуу жөрөлгө болду.
Ин ша Аллах тоюмда ушул жөрөлгөнү жандандыруу пикири келди.

Жаза берсем уланып кете берет. Ошого жыйынтыктадым.
Ии баса, китепке кошумча агайдын интервьюсун көрүп чыктым. Китеп ар тараптан бышыкталып мээге сиңди окшойт😁.

Айтмакчы, китеп Германияда 🇩🇪 сатыкта.

Баалоо: 10/8

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.”

Ч.Айтматов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Соңку күндөрүмдүн көбүн досторум менен бирге болууга арнадым. Аллага шүгүр, бир канча күн бош элем.
Жалгыз болбой, жакындарыңдын арасында жылуулукка бөлөнүү өзгөчө сезим экен.

Чогуу ооз ачуу, чогуу намаз окуу, сүйлөшүп көп нерсени талкулоо.
Өтө сонун көз ирмемдерди тартуулады.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌱

Эң курч бычак болуу үчүн миңдеген сокку жеш керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

"Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагына жаш акын-жазуучуларды издейбиз...


Арстан экөөбүз кыргыз тилинин жана адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында жылда бир жолу жарык көрө турчу "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагын, биздин куруп жаткан Балаком басма үйү аркылуу чыгарып туралы деп ойлоп жатабыз.

Илгери жазуучулар алгачкы чыгармаларын белгилүү адабий гезиттерге чыгарып жүрүп аты чыгып анан китептери басылып чыкчу эле го... Акындын, жазуучунун эң алгачкы ыры, аңгемеси баланча гезитке басылып чыккан деп адабият сабагынан окучу элек...

Дал ошол жаш акын-жазуучуну эл алдына алып чыгып, окурмандарына жолуктуруп, өзүнүн жана өзү сымал башка жаш таланттардын чыгармаларын алгачкы жолу чоң томдук китепте колуна кармап, чыгармачылыгына тушоо кесилип, өркүндөп-өсүүсүнө өзгөчө шык жана дем алсын деген максат менен "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу керемет чыгармалар жыйнагын жылда чыгарууну адатка айланткыбыз келип жатат...

Андыктан, менин ушул ырым, аңгемем, чыгармам 2024-жылынын акырында жарык көрчү "Жаңы кыргыз адабиятында" чыкса сонун болмок деген жаш акын-жазуучуларды издейбиз.

Шарттарыбыз:

Оригиналдуу, башка жерде жарык көрбөгөн чыгармаңызды 1-июнь, 2024-жылга чейин төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтүңүз:

madamize.letter@gmail.com

Чыгарманын Word же PDF форматында, каталарын текшерип, "ө, ү, ң" кыргыз тамгаралын колдонуп, төмөндөгү маалыматтар менен кошо жибериңиз:

⁃ толук аты-жөнүңүз
⁃ өзүңүз тууралуу кыскача маалымат
⁃ электрондук дарегиңиз (email)
⁃ телефон номуруңуз

1-июнь, 2024-жылы Бишкек сааты кечки 12де кабыл алуу жабылып, 1-август, 2024-жылга чейин тандоо иштерин жүргүзөбүз.

Тандалган чыгармалардын ээлерине 1-август, 2024-жылы байланышабыз.

Эмитен баардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!

Терең урматыбыз менен,
Арстан & Айсулуу

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушул аудио китепти угуп бүттүм.
Суусаган жан дүйнөгө азык катары сиңди.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн өзүмдү дагы бир ирет жалгыз сездим. Аллага шүгүр, бул жактан дос таптым, эже-байкелер менен тааныштым.
Чөйрөнү кеңейтип, бир топ көнүп дагы калдым.
Жалгыз экенимди бир маанилүү документ толтуруп жатып: “Ар түрдүү жагдайда (авария, эсин жоготуу, ооруп калуу ж.б) чалуу үчүн номер, аты-жөнү жана email адрес жазыңыз” дегенде башыма “кыңк” этти.
Кимди жазам деп көпкө ойлондум. Тиги документте (ата-энең) деп кашаа ичине алып коюптур. Кантип апамдын номерин жазмак элем. Кудай сактасын, бирок чындап авария же бир нерсе болуп калсам апам байкуш жүрөгү жарылганча ыйлабайбы? Акыры таанышымдын номери деп бир эжени жазып койдум.

#Күндөлүктүнкүкүмү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

”Турмушка качан чыгасың?”

Соңку убактардагы эң көп берилген жана тамакка бычак такагандай болгон суроолордун бири.
Турмуш куруу, үй-бүлө күтүү, балалуу-чакалуу болуу ар бир айымдын жана мырзанын бирден бир тилеги. Жашоого жаратылган максаттардын бир бөлүгү.

Ар бир нерсенин өз учуру болот. Аллах Таала сен даяр болгон убакта сенин бешенеңе жазылган инсанды жолуктуруп, баш кошууну насип кылат.

Турмуш куруу “Азыр кааладым, азыр алайын” дей турган нерсе эмес.
Убакыт-сааты келмей сайын, жүрөк бир орундан булк этип согуп, бешенеңде турган адам сенин мээңдеги идеалыңа төп келмей сайын миң кааласаң деле болбой турган нерсе.

Бул жашоодогу эле жарың эмес, акыреттик боло турган жарыңды табылганча издөө керек.

Баян, устаздардын сабактарынан: “Турмушка чыгып, аял алууну кечиктирбеш керек. Жалгыздык Аллах Таалага гана таандык. Инсандар жуп-жубу менен жаратылган. Үй-бүлөдө береке бар.” деген насаатарды угуп келебиз.
Бирок ошондой инсан сага кезиктиби? Сенде барбы? Сени Аллахтын аманаты деп кабыл алып, кыянаттык кылбайбы?
Сен ошондой инсанга кезиге алдыңбы? Өзүң татыктуусуңбу? Турмуш курууга даярсыңбы?

Айтор, тиги суроодо сенин эркиңе баш ийбеген, сенин планыңа каралбаган, сен миң кааласаң да үнсүз болууга түрткөн жооптор бар.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Интернетимди 1 күнгө өчүрүп, телефонумду бир жерге бекитип өзүм менен болгум келип жатат.

Ишенсеңер канча убактан бери ойлонуп жүрөм, бирок соц тармак, телефон жипсиз эле өзүнө байлап алыптыр. Бир күн вотсапка кирбей койсом жашоом токтоп калчуудай сезилип жатат.

Телефон досум, телефон сырдашым, телефон ишим, телефон сүйгөнүм, телефон жашоом болуп калыптыр…

Интернетсиз, телефонсуз жашап тажрыйба кылгандар барбы? Жок дегенде 1 күн?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Китеп окуу мээге кандай таасир этет?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жаандуу күндөр башталды 🌧️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

💌упомянул(-а) вас в своем ду’а


Ушундай билдирүү келе турган болсо кана…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллахым кийинки Рамазанга жеткирсин! 🤲🏻

Айтыбыз маарек болсун!🕊️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Үмүт үзбө Кудайдан, үмүт үзбө,
Үймөктөшөт түйшүгү үмүтсүзгө.

- К. Ш.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Агай: Балдарды билимге кантип кызыктырдык / Гапыр Мадаминов / Жаратман подкаст
👤 Jaratman Podcast jaratman_podcast">→

🤖 Скачано @TopSaverBot. (Audio)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кагазга түшүрүлбөгөн ой- жоготулган кенч.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жөн эле сүрөттөр менен бөлүшкүм келди✨

Жакшы эс алгыла)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Деңиз…


Мен сага келдим, билем, сен мени көпкө күткөнсүң…

1-жолугушуу, эстен кеткис тосуп алуу, сүйүү менен өзүнө арбоо

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Алтынайдай арзуу кылсам
билимди,
Дүйшөн болуп турасыңбы артымда…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Тилегеним, биз окуган китептер бир текчеде жолуксун...📚

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Мээңдин бар экени, акылдуу болгонуңду айгинелебейт.”

📘 Сынба, чөкпө, түңүлбө

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн китеп окуп жатып: “Эгерде китепти автор ыйлап жазса, окурман аны ыйлап окуйт” деген сүйлөмдү өзгөчө жактырдым. Ага ынандым дагы.
Анын сыңарындай китептерди жасап жатканда өзгөчө сүйүү жана мээрим берем.
Ачып жаткан, окуп жаткандагы адам өзгөчө жылуулукка бөлөнүшүн каалайм.✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Шашып-бушуп ооз ачарга досумдун үйүнө кетип жатам.

Керемет сезим✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кеткем жолдун узак жагына,
Келдим... көпкө узатпагыла...
Жыгытканы турат бир ыза,
Тоолор, мени кучактагыла!

Силер гана өзгөрбөйсүңөр,
Тоолор, мени сүйөм дегиле!

©️Т.Колдошев

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⤴️

Ушул китепти окуп жатам.
А1 деңгээлиндегилер үчүн (англис тили)

Интернеттен издесем китеп аудиосу менен чыгып калды.

Пайдалуу болсун🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушул постту жазгандан кийин мени ооз ачууга чакыра башташты🤭☺️

Германиядагы кыздар бул жакта деле көп экенин билбептирмин)

Мен үчүн чакыруулар аябай жылуу болду.
Баргандай болуп сүйүнүп калдым😊.

Читать полностью…
Subscribe to a channel