kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сага жетип баш кошуунун өзү эле,
Өлүп кайра тирилгенге барабар.

— Тургунбай Эргешов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Абышка-кемпир жашаган экен...

Алар уй саап, сары май кылып, күнүнө бир 1кг сары май сатып жан багышкан болот... Бир күнү сары май алган дүкөнчү байкаса сары май 1кг'га жетпейт. Жинденген дүкөнчү абышка келгенде өлчөмүнөн аз экенин айтат, ошондо абышка, "Бизде тараза жок, сизден алган 1 кг кум шекер менен таяктын эки тарабына илип өлчөчүбүз" дейт...

Демек, кимде ката?

Аз берип, көп талап кылба…

Канча берсең, ошончо аласың…🌱

#избранныйлардантаапалдымкимжазганэсимдежок

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Адам башкалардан алыстап, жалгыз калууну эңсеген учурда Аллахка жакындайт. Бирок мен (напси) муну каалачу эмесмин. Себеби адам Аллах Таалага жакындаган сайын, менден алыстайт.”

📚 ”Мен” Фатих Думан

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Түндө ойлорум мээни жейт,
Мээни бүтүп, мени жейт…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Атактуу болуу - чоң сыноо.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

@youtubabot

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Жараткан кылган дуба-тилектериңди жакшылыгынан кабыл кылсын.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Бардык күнөөлөрдүн башы-напсини ыраазы кылуу аракети.”

📘Умтул китебинен

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📘 АТА ТАРБИЯСЫНАН БАШТАЛГАН БИЛИМГЕ САПАР

Автору: Гүлсара Мадаминова
Бети: 119
Жанр: Эскерүү, баян, автобиография

Кезектеги китеп Гүлсара эженин атасы тууралуу жазган чакан китеби болду.
Бир дем менен окулган, жеңил жана тарбиялык мааниси күчтүү экен деп айта алам.
Анткени бул китепте азыркынын Дүйшөнү аталган Гапыр Мадаминов жөнүндө кенен сүрөттөлүнүп, мектеп ачуудагы кыйынчылыктары, тажрыйба, окуутудагы өзгөчө усулу ж.б тууралуу сүрөттөлөт.
Гапыр агайды Германияда жолуктуруп, бир үстөлдө тамактанып, дасторкон четинде университет кылып сүйлөшкөн элек. Ошол кезде Гүлсара эжени да көрүп бул үй-бүлөгө чынында суктангам.
Гапыр агайдын жөнөкөйлүүлүгү, оор басырыктуу болуп, сөздү таап сүйлөгөнү өзгөчө эсте калган.

📌 Китеп өзгөчө таасир калтырганын дагы бир себеби, агайды жашоодон көргөнүм андан соң “Агай” сериалы аркылуу болсо керек.

📌 Кесибим мугалим болгону үчүн агайдын кылган эмгектерине чынында суктандым. Аз айлыкка, толтура кагаз-кугаз иштерине, үйдө балдарына жакшы тарбия бербей мугалимди күнөөлөгөн ата-энелерге карабай улуу максатты ишке ашырып, бүтүндөй мамлекетке салымын тийгизип отурат.

📌 Байлык топтобой билим топтоп, атак-даңк күтпөй акыл топтоп, элди билим алууга үгүттөгөн Гапыр агай дагы көп жашасын.🤲🏻

📌 Китептен дагы алган бир таасир, “Кыз себине 40 китеп” аттуу жөрөлгө болду.
Ин ша Аллах тоюмда ушул жөрөлгөнү жандандыруу пикири келди.

Жаза берсем уланып кете берет. Ошого жыйынтыктадым.
Ии баса, китепке кошумча агайдын интервьюсун көрүп чыктым. Китеп ар тараптан бышыкталып мээге сиңди окшойт😁.

Айтмакчы, китеп Германияда 🇩🇪 сатыкта.

Баалоо: 10/8

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.”

Ч.Айтматов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Соңку күндөрүмдүн көбүн досторум менен бирге болууга арнадым. Аллага шүгүр, бир канча күн бош элем.
Жалгыз болбой, жакындарыңдын арасында жылуулукка бөлөнүү өзгөчө сезим экен.

Чогуу ооз ачуу, чогуу намаз окуу, сүйлөшүп көп нерсени талкулоо.
Өтө сонун көз ирмемдерди тартуулады.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🌱

Эң курч бычак болуу үчүн миңдеген сокку жеш керек.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

"Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагына жаш акын-жазуучуларды издейбиз...


Арстан экөөбүз кыргыз тилинин жана адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында жылда бир жолу жарык көрө турчу "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагын, биздин куруп жаткан Балаком басма үйү аркылуу чыгарып туралы деп ойлоп жатабыз.

Илгери жазуучулар алгачкы чыгармаларын белгилүү адабий гезиттерге чыгарып жүрүп аты чыгып анан китептери басылып чыкчу эле го... Акындын, жазуучунун эң алгачкы ыры, аңгемеси баланча гезитке басылып чыккан деп адабият сабагынан окучу элек...

Дал ошол жаш акын-жазуучуну эл алдына алып чыгып, окурмандарына жолуктуруп, өзүнүн жана өзү сымал башка жаш таланттардын чыгармаларын алгачкы жолу чоң томдук китепте колуна кармап, чыгармачылыгына тушоо кесилип, өркүндөп-өсүүсүнө өзгөчө шык жана дем алсын деген максат менен "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу керемет чыгармалар жыйнагын жылда чыгарууну адатка айланткыбыз келип жатат...

Андыктан, менин ушул ырым, аңгемем, чыгармам 2024-жылынын акырында жарык көрчү "Жаңы кыргыз адабиятында" чыкса сонун болмок деген жаш акын-жазуучуларды издейбиз.

Шарттарыбыз:

Оригиналдуу, башка жерде жарык көрбөгөн чыгармаңызды 1-июнь, 2024-жылга чейин төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтүңүз:

madamize.letter@gmail.com

Чыгарманын Word же PDF форматында, каталарын текшерип, "ө, ү, ң" кыргыз тамгаралын колдонуп, төмөндөгү маалыматтар менен кошо жибериңиз:

⁃ толук аты-жөнүңүз
⁃ өзүңүз тууралуу кыскача маалымат
⁃ электрондук дарегиңиз (email)
⁃ телефон номуруңуз

1-июнь, 2024-жылы Бишкек сааты кечки 12де кабыл алуу жабылып, 1-август, 2024-жылга чейин тандоо иштерин жүргүзөбүз.

Тандалган чыгармалардын ээлерине 1-август, 2024-жылы байланышабыз.

Эмитен баардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!

Терең урматыбыз менен,
Арстан & Айсулуу

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Ушул аудио китепти угуп бүттүм.
Суусаган жан дүйнөгө азык катары сиңди.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн өзүмдү дагы бир ирет жалгыз сездим. Аллага шүгүр, бул жактан дос таптым, эже-байкелер менен тааныштым.
Чөйрөнү кеңейтип, бир топ көнүп дагы калдым.
Жалгыз экенимди бир маанилүү документ толтуруп жатып: “Ар түрдүү жагдайда (авария, эсин жоготуу, ооруп калуу ж.б) чалуу үчүн номер, аты-жөнү жана email адрес жазыңыз” дегенде башыма “кыңк” этти.
Кимди жазам деп көпкө ойлондум. Тиги документте (ата-энең) деп кашаа ичине алып коюптур. Кантип апамдын номерин жазмак элем. Кудай сактасын, бирок чындап авария же бир нерсе болуп калсам апам байкуш жүрөгү жарылганча ыйлабайбы? Акыры таанышымдын номери деп бир эжени жазып койдум.

#Күндөлүктүнкүкүмү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Шашылсаң да,
самолет менен учсаң да,
таш бака менен жүрсөң да,
жөрмөлөп тоодон түшсөң да,

жетчү нерсеге убакыт келмей сайын жетпейсиң, насибиңе жазылган нерсеге тийбей туруп өтпөйсүң🕊️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жашырылган көөдөндөгү ниеттерим,
Жалгап бир күн орундалса тилектерим.
Катарлашып тизилсе дейм бир текчеге,
Сен топтогон, анан менин китептерим.


— Куткелди Шабданбеков


(Себиң бир сандык китеп болсун😄)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

- Адам качан түңүлөт?
- Көл деп жүргөн адамдардын көлчүк экенин билгенде…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кээ бир адамдарга иши түшкөндө гана зарыл жансың.
Кээ бир адамга эрмексиң да, а кээ бирине чын эле керексиң.
Эрмек болуп эмес, керек болуп жашайлы 🕊...

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

💌упомянул(-а) вас в своем ду’а


Ушундай билдирүү келе турган болсо кана…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Аллахым кийинки Рамазанга жеткирсин! 🤲🏻

Айтыбыз маарек болсун!🕊️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Үмүт үзбө Кудайдан, үмүт үзбө,
Үймөктөшөт түйшүгү үмүтсүзгө.

- К. Ш.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Агай: Балдарды билимге кантип кызыктырдык / Гапыр Мадаминов / Жаратман подкаст
👤 Jaratman Podcast jaratman_podcast">→

🤖 Скачано @TopSaverBot. (Audio)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кагазга түшүрүлбөгөн ой- жоготулган кенч.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жөн эле сүрөттөр менен бөлүшкүм келди✨

Жакшы эс алгыла)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Деңиз…


Мен сага келдим, билем, сен мени көпкө күткөнсүң…

1-жолугушуу, эстен кеткис тосуп алуу, сүйүү менен өзүнө арбоо

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕊️

Алтынайдай арзуу кылсам
билимди,
Дүйшөн болуп турасыңбы артымда…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Тилегеним, биз окуган китептер бир текчеде жолуксун...📚

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Мээңдин бар экени, акылдуу болгонуңду айгинелебейт.”

📘 Сынба, чөкпө, түңүлбө

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бүгүн китеп окуп жатып: “Эгерде китепти автор ыйлап жазса, окурман аны ыйлап окуйт” деген сүйлөмдү өзгөчө жактырдым. Ага ынандым дагы.
Анын сыңарындай китептерди жасап жатканда өзгөчө сүйүү жана мээрим берем.
Ачып жаткан, окуп жаткандагы адам өзгөчө жылуулукка бөлөнүшүн каалайм.✨

Читать полностью…
Subscribe to a channel