kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Биз себепсиз эле жолугуп калбадык, же сыноо, же жаза, же белек”


Ооба, ооба, сыноо менен келген жаза экен эле…💔

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть первая. Аудиокнига.
👤 Старая книга Audiobooks-1">→

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сен мага күндө жаңы,
эч качан көрбөгөндөй.
деңизсин, же океан эч кимдер билбегендей,
кенениң, тереңине эч бири кирбегендей...
бир кенчсин, табылгасын
бир өмүр издегендей,
мен сени билгим келет бир да жан билбегендей...

Авторун билбейм

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сизге билдирүү келди


💌 Карасаң, кыялданып жүргөн турмушуңда жашап жатасың.
Сабыр кылсаң калган кыялдарыңда орундалат!

Алтыным менин🤍

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кыргызстанда түн.

Таттуу уктап жатсаңар керек, уйкуңарды бузуп “тың” эткен үндүн келишине себепчи болсом кечирим сурайм. Азыр жазбасам эртең жазбайм. Ошого бүгүнкү болгон окуя менен силер менен бөлүшкүм келди. Инстаграмдагы досторума бөлүшөм деп сөз бергем, бирок тарыхчага жазсам өтө эле узун болуп кетет экен. Бул жак жазганга ыңгайлуу, менимче окуганга да. Экинчи тарыхчаны күтүү да, унутуп калуу да болбойт. Анда эмесе баштайын ээ?
Азыр сүрөт жөнөтөм. Андан соң аны чечмелеп айтып берем. А силер эртең окуп аласыңар🙂

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул каналды окуу, тунук дарыяны күзөтүү 💖

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кайрадан Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуп баштадым.
Мурда аягына чыкпай калдым эле. Мусулманкулга боорум ооруп да, ырас болот деп да отурам. Ичимдеги эки Нурзат урушуп, бир сөзгө келе албай жатышат😅

Күндө 4-5 беттен окуп жатам.
1 айда бүтүп калсам керек:)

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кечээ кечинде мага ушундай сонун билдирүү келиптир.
Эмнегедир окуп алып ыраазы болуп кеттим. “Эмнеге?” десеңер, анткени убагында бул телеграмдын өнүгүшү үчүн, пайдалуу болуусу үчүн аябай аракет кылгам. 4 жыл өтпөй өз
түшүмүн берип, бир канча катталуучу топтоп, күндө жазбасам да мени менен болуп келген өзгөчө, сүйүктүү катталуучуларым бар.

Сүйүктүү катталуучуларым, силер дагы акыңарды адал кылгыла! Каналды окууга убакыт кетирип, бирок издегениңерди таба албасаңар, кеткен убактыңар үчүн кечирим сурайм.

Бул каналды ачканымда 2-курс болчумун. Карантин убагы болду. Андан кийин мектепте иштедим.
Жашоомдун ар бир баскычындагы ойлорум бар.
Байкадыңарбы?
Улам жашым чоңойгон сайын мурдагыга окшош тексттер жазылбай жатканын?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Советбек Байгазиевдин “Иниме катын” кечээ окуп бүтүргөм. Аз эле барак болгону менен 1 жумадан ашык убакыт кетти.

Мектеп убагында бул китепти окуган менен эч нерсе түшүнбөптүрмүн деле. А азыр агам кеңешин берип жаткандай өзгөчө берилүү, тартылуу менен окудум. Албетте, 10дон 10 деп баалай албайм, бирок өзгөчө таасир берди деп айта алам. Айрыкча акыркы главаларында биздин классикага айланган чыгармаларыбызды автордун талдоосу менен окуганда көп жеринде кошулдум. Билесиңер, кесибим мугалим. Көп чыгармаларды (кыргызча) университет кезинде окуп бүтүргөм. Окууну бүтүргөн соң окуганда башкача түшүнүк алат экенсиң.

Классикага айланган чыгармалар кайсы убакытта болбосун өз актуалдуулугун жоготпойт, канча кылым өтсө да кайра окусаң, ошол кылымды сүрөттөп тургандай сезилет.

А бул китеп өзгөчө жанрда (публицистика) жазылганы менен ичинде автор көтөрүп чыккан маселелердин айрымдары эскирген.
Эмнегедир ар бир сүйлөмүндө орустарды мактап, аларга жагынуу максаты бардай сезилди.
Окуп жатканда эле дароо талдап силерге айтып берүүнү каалагам, бирок чыгарманы сындай турган даражада эмес экенимди түшүндүм.

Китепте автор айтып кеткендей ар ким өзүнүн деңгээлине, ой чабытына, коомду түшүнүүсүнө карата кабылдайт. Бирөө үчүн эң сонун чыгарма, бирөө үчүн эч нерсеге татыбайт.

Ошондуктан өзүңөр окуп чыксаңар болот🫰🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен?
Айдалып баратканда ак булуттар...

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сага, Кыргызстан!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

6-күндү аябай күтүп жатам.
Анткени Германияда “Поэзия кечеси” болот.
Элестетсеңер?
Сонуууун даааа.

Акбар Кубанычбеков,
Кубат Тукешов,
Өзгөрүш Абакиров,
Баян Акматов келет.

Эң кызыгы айтышта Кубат Тукешовдун күйөрманымын.
Акбар Кубанычбековдун ырларын сүйүп окуйм. Анан да биздин университетте окуган. Баян Акматовдун устат-шакирт айтыштарын жактырам.

А Өзгөрүш деген мырзаны эми эле көрүп баштадым. Ырларды жан дүйнөңө жеткире, жеткире окуйт экен.

Ошоооооо. Буюрса бөлүшөйүн ээ силер менен дагы?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Тил үйрөнүүгө шыгым жок
⬇️

https://www.instagram.com/p/C66fbsTNAOF/?igsh=YnN0dTlvdHduM2g1

⬆️
Ушул китептен таасирленип пост кылып чыгарып койдум.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Поездде болгон окуя:

Бир кыз экөөбүз башка шаардан чогуу келе жатканбыз. Экөөбүз кыргызча анан ар темада кобураштык.
Бир убакта жаныбызда отурган бирөө:

- Кайсы мамлекеттен келдиңер?
- Кыргызстандан.
- Ошо, силерди ошол жактан деп ойлодум. Анткени мен Ысык-Көлгө, Ошко анан көчмөндөр оюнуна баргам.
- Мен: Оо, сонун го. Ошто төрөлгөм.
-Кечиргиле, бирок мен азыр түшүшүм керек.
- Жакшы барыңыз.
- Жакшы калгыла!

Немис же башка улуттун өкүлүбү биле албадык. Анткени сураганга да үлгүрбөдүк. Бирок англисче эне тилиндей угулду. Немисчеси да эне тилиндей экен.
Айткым келгени Кыргызстанды жакшы көргөнү билинип турду. Көчмөндөр оюнун айтканда өзгөчө тон жана кубанычы сезилди. Мен дагы тилибизди угуп тааныган биринчи адамды кезиктирдим. Сүйүндүм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Баягыдай түнү менен уктабай, отурсам-турсам китептеги каармандарды ойлоп, бошой калсам уланткым келип, окуганда уйкум качкан китеп көксөп турам.

Азыр китеп уктабай көргөн инстаграм, YouTube га алмашылып бара жатат.
(Өкүнүчтүү)

Кызыктуу китеп кааалап жатам. Аябаааай🤍

Сураныч, сунуштасаңар болот. Дароо пдф форматы бар китептерди гана ээ?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть вторая. Аудиокнига.
👤 Старая книга Audiobooks-1">→

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Мартин Иденди бул жакка жөнөтө албай жатам.

Эгерде азыр жөнөтө алсам айфондун “Книги” деген жагынан ача аласыңар. А андроид менен кайдан ачса болорун билбейм.

Аракет кылып көрөм азыр🤍

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Мурда жалаң мамиле куруу, аял-эркектин психологиясы боюнча китептерди окуп, подкасттарды угуп, мамиле боюнча эксперт болгум келе берчү.

Бирок канчалык көп окуган сайын бир эле жыйынтыкка келеримди түшүндүм.

Ар бир адам уникалдуу, эч кимди бир системага салып анализ кылууга болбойт экен.

Эркектердин баары бирдей эмес, а аялдар болсо эмоциясын саат сайын өзгөртүшү мүмкүн. Айрым мамилелердин проблемасы окшош болушу ыктымал, бирок адамдары эч качан бири-бирине окшошпойт.

Мамиле эки адамдын ортосунда гана түзүлөт, жана аны эки тарап гана сактап кала алат, албетте, эгерде чындап кааласа… Эми элестетиңиз, кээде эмнени кааларыбызды да билбей калабыз, анан кантип бирөөнүн каалоосун анализ кылууга болот?!

Андан көрө фокусту ар бир адам өзүнө, өзүн таанууга, өзүнүн кемчиликтерин кабыл алууга коюш керек экен. Өзүн тааныган адам гана өзгөрө да, мамилесин да сактап кала алат…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Сүрөттөрдү көрдүңөр ээ?
Биринде мен, биринде толук сүрөтү.

Бүгүн бизде семинар болду.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
тууралуу.
Германияда жакшы жери жөн эле айтып койбой практика менен көрсөтүп бергени чынында мактоого арзырлык. “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды көрсөң күлбө! Сый-урмат менен кара! Жардамдаш!” деген кичинекейимдеги эжейим айткан сөздөрдү бүгүнкү практикада бүт денем менен сезип, жүрөк менен кабыл алдым.

🦽 Практикада 3 саат берилди. Группадагы адамдар үчтөн бөлүнүп бирден коляска менен кеттик.
Ошондо 3 адам 1 сааттан коляска менен жүрүш керек болду.

🩼 Шаар кыдырдык. Башында өзүм отурбай кетип жатканым үчүн эч нерсе сезилген жок. Качан гана өзүм отуруп, артымдан сүдүрөп баштаганда оюма чөгүп баштадым.
Биринчи эле ичимден элди алдап жаткан сезим келди. Анткени баары жол бошотуп, поезддерде кызы, эркегине карабай көтөрүп түшүрүшүп, тамак алчу жерлерде сатуучулар өздөрү келип сурап жатышты. Анан албетте өзүңдү жаман сезесиң да)

🦼 Биз үчөө болгон үчүн бири-бирибизди сүдүрөдүк.
Ошого өтө деле оор болгон жок, бирок ооруган адам үчүн өз алдынча сүдүрөө өтө, өтө эле оор экен.
Германияда дагы жакшы өтө көп шарттар түзүлгөн. Көпчүлүгү жакшы эле көз-карашта карайт экен. Ичимден Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай шартта жүрөт деген ой келди. Жада калса бөлүнгөн ажатканаларды да көргөн эмесмин. Окей, бул калсын. Эмнени сездим?

🚨 Аллах Таалага шүгүр, шүгұр жана да шүгүр. Алты санды аман кылып бизди бастырды. Келечекте эмне болот, эмне жок билбейм, бирок бүгүнкү күн үчүн Аллах Таалага ыраазычылык айтам.
1 саат бүтүп коляскадан түшкөндө ушунчалык сүйүндүм. Өзүм басып, каалагынымды алып, каалаган жагыма эч кимдин жардамысыз бара алганым үчүн.

📌 Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эми көргөндө башкача Нурзат болууга аракет кылам. Колдон келсе жардамдашып, жылмайып учурашып, эң аз дегенде жылмайып өтүп кетем.

Аллах Таала ар кимге ар кандай сыноо берген. Эч ким, эч кимдин үстүнөн күлбөө керек!
Бүгүн сен соо адамсың, эртең ким болосуң эч ким билбейт!
Кадырлуу эмес деген нерселердин кадырына жете бил, Нурзат!!!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Каналыма келген мындай билдирүүлөрдү окуган чынында жагымдуу болот🤍

Чоң ыракмат!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Адам тааныбаса-сүйбөйт,
сүйбөсө ээрчибейт.

Ээрчиш үчүн сүйүш керек,
Сүйүш үчүн тааныш керек.

Авторун билбейм

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Азыр адамдарды сулуулук, кооз сүйлөө, жарашыктуу кийим, келишимдүү фигура менен таң калтыра албайсың. Себеби мындай нерселер баарында бар.

Азыр трендде адамдын ою, көз-карашы, ой-жүгүртүүсү.


Себеби ой-жүгүртүү, көз-караш тажрыйбанын, изденүүнүн, кыйынчылыктын, сабырдын негизинде пайда болот.

Аны сатып да ала албайсың, дароо жасап коюуга да мүмкүн эмес.

Бул үчүн убакыт, сабыр, шүгүр керектелет.

Сенин баркың, сый көрүшүң дагы ой-жүгүртүүгүңө жараша бааланат…

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бул сүрөттөрдү китепти окуп жатып жасагам. (Ушул китептен алынган)
Анткени автордун сөздөрү башыма таш тийгендей эле “кыңк” эттирген.

Жакшы эс алгыла. Мен дагы уктадым. Китеп окуп бүтүп жазбай калсам түшүмдө “Китеп дүйнөсүнө саякат” уктатпайт. Оор жүктөй сезилет😂
Ошого 10 барактуу китеп бүтүрсөм да жазып турушум керек. Уйкум тынч болот.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Бир үй көрдүм Жумгалдан,
Бир топ үйдүн алды экен.
Карап эле тургудай,
Кандай уста салды экен.
Килемге бай, а бирок
Китеп жактан жарды экен.
Жалпалактап үй ээси,
Жай сурашып олтурду.
Кагып-силкип балдарын,
Каалашпайт деп окууну.
Китептери жок болсо,
Килемдерин окуйбу…

~ Б.Сарногоев
📘 “Иниме кат” чыгармасынан.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Кээде бир смске жооп берүү ушунча оор түйшүк болуп алат.

13-майда келген катка жооп берип коюп, бул текстке кириштим. Катты алганымдан бери 9 күн өтүптүр. Эч нерсе болбогондой "Жакшы. Кандайсың?" деп башталган катымды көрүп алып эмне дейт болду экен. Кеч жооп бергениме кечирим сурадым дечи. Кечиреби, жокпу ишим деле жок дечи.

Менин да сааттар мурун, күндөр мурун, жума мурун жазган каттарыма жооп бербегендер бар. Жооп бербей эле коюшса дейм. Алардын жообуна жооп жазам деп жүрүп өмүрүм өтүп кетсе...

Кат алышуу - баарлашуунун асинхрондук түрү. Өткөн кылымда бир ак киши радио толкундарды тизгиндөөнү үйрөнүп алганы үчүн эле мен жапа чеге бергим келбейт. Музыкага балкып сейилдеп, же жаздыкты кучактап сасып жаткан жериңден эле бирөө чыга калып желкеден алса - кимге жаксын. Капыстан келген билдирүү - чакырылбай эле үстүңө бастырып келген конок да. Мен андай "конокторго" күндөп, жумалап эшик ача албай кайга тарта берем. Кантейин анан. Оор да, түйшүк да. (жазбагылачы)

Ойгонуп, душ алып келип, телефондун интернетин көзүмдү бүрүштүрүп атып ачам. Кат келбесе - күн жакшы башталды. Кат келсе, каттар келсе...

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Буулуккан сезимимди,
Булуттар айта барат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

“Жаштык табигаттын эң кымбат белеги жана ал элдин энчиси, кенчи. Ошондуктан бул жаштыкты бекер өткөрүп коротууга эч кимдин акысы жок, бул коомдук мүлктү ысыраптык менен түгөткөндүккө барабар”.

- Ч.Айтматов

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Жазгандан зериктим, бирок белгиленген жерди сөзсүз окуп койгула ээ?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Эки киши урушса, акылдуусу күнөөлүү.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Турмушка өчпөс из калтыр,
Туягың бүтүн чагында.

- Байдылда Сарногоев

Читать полностью…
Subscribe to a channel