/channel/sapiyaslife
Сапия быйыл эле мектепти бүттү.
Жаш экенине карабай окуучулук убагынан баштап көптөгөн долбоорлорго катышып, ар түрдүү жактан өзүн-өзү жакшы эле жетиштирип келет.
Бул телеграм баракчасы. Көбүнчө стипендиялар, ар түрдүү тесттер, программалар ж.б пайдалуу нерселер менен бөлүшүп турат.
Катталып окуп турсаңар болот. (Мага окшоп✨🫣)
Менин каналымда Сапия барбы же жокпу билбейм.
Барып катталып алгыла, реклама эмес🫶🏻👩🏻🎨
✈️ 💭🪞Сен мурун кыялымда өмүр сүрсөң,
а азыр дубаларда жашап жүрсүң.
Күнүмдүн айрым-айрым учурунда,
Кулакка угулгансыйт күмүш күлкүң.
Сен дагы мага окшоп бакыт жүктөп,
Дүйнөнүн бир бурчунда жүрсөң керек.
Күн келип кезигишсек, тилегеним
Менден да оор болсун сенин жүгүң!
____
#бүтпөс_романым
#диби_деди
Үй-бүлөлүү болуп анан да бүт тараптан баланста болуу керек деген нерсени түшүнбөйм. (Келин баарына жетишүү керек. Аны кылуу, муну кылуу керек.)
Үй-бүлө, балам жок болуп туруп деле бүт нерсем баланста эмес.
Ишке катуу берилип кеткенде жеке өнүгүү басаңдайт, жеке өнүгүүгө эле басым жасап иштебей койсоң финансың жетпейт, окуп эле отуруп алсаң ал да болбойт.
А баарын тең кылып баштаганда сөзсүз бир жак оор болуп, басым ага түшөт.
Ошого, аноу-мыноуго жетишиш керек, онаага окшошом, мынага окшошом дей бербей өз жолуңдун эң маанилүү жеринде кете бер.
Сендеги мүмкүнчүлүк менде жок,
Мендеги мүмкүнчүлүк сенде жок.
Сен менин жашоомдой жашоону кыялданасың,
А мен сенин жашооңдой жашоону…
Бул жашоодо баарына ыраазы болуп эле, баары биз ойлогондой боло берсе, анда Бейишке умтулуу болмок эмес…
Измир шаарынан Стамбул шаарына жөнөдүм. Жол узактыгы 6,5 саат экен.
Эмнегедир узун жолдо узун ойлорду ойлонуп баштайм. Билесиңерби? Жиптер бири-бирине чиеленип байланып калганда таенебиз чакырып: “Кызым, мына жиптердин башын таап чыгарып берчи.” дейт эле го, бирок кычашкансып жиптин башын таппайсың. А таенең сенин жаныңда күтүп, жетпеген көздөрү менен тиктеп отурат.
Азыр дал ошол башы табылбаган чиеленген жиптердей байланып жатам.
6 күндүк саякатта жашоонун дагы бир фазасы башка жактан ачылды.
Жаңы адамдар, жаңы шаар, жаңы тажрыйбалар…
Стамбулду “сүйүүнүн шаары” деп атамакмын, эмнегедир кусалык, көксөөлөр коштоду. Бул шаарга байланыштуу менде окуялар жок, бирок жашоомдо бул шаардын өзгөчө орду бардай сыяктанды го.
Дагы билбедим, а балким келечекте болуп калар…
Бирөө мага: “Нурзат, Турцияда жашоо мүмкүнчүлүгү болсо жашайт белең?” деген суроону узатты.
“Жок” дедим.
Тагдыр кайсы жээгине алып барып, кайсы ташына урдуруп өтөт билбейм, бирок атайын өзүм тандап келмек эмесмин.
Мен жоолуктагы кыз болгонума карабай никаб кийгим келип кетти.
Өзгөчө көздөр, жылмайган жүздөр, ашыкча суроолор, айтор бул жактары жакпады.
Түнү кадимкидей коркуп, башкача сезимдерди жашайт экенсиң.
Эфеске кетип жатып бир немис эжени жолуктуруп калдык.
Чогуу билет алдык.
Бизге 30 лира, эжеге 40лира деди. Мен эжеге барып:
-Сизди алдады. Бизге 30лира деди
-Мен силерден дагы көбүрөөк жүрөм
-Сиз түркчөнү түшүнбөй кантип жатасыз?
-Китептен, кээде телефондон котормо аркылуу сүйлөшүп жатабыз.
Анан айтат:
“Кечээ автобуска чыксам төлөбөй эле кой деди. Бүгүн ресторанга барсам салатка гана акча алды. Өтө берешен калк экен. Алдагандар да бар экен, бирок мындай жакшы адамдар да көп” дейт.
Окуя менен бул жактагы ситуацияны түшүндүңөр ээ?
Өзгөчө жаккан жери эмнегедир жылуулукту сездим. Элдери сени карап: “Hallo!“ деп жылмайып өтпөсө да, күлүп карабаса деле жылуу сезилди.
“Мусулман мусулманга бир тууган” дегени бекеринен эместир.
✨Дагы эмне жөнүндө айтып беришимди билбей жатам. Идея болсо сөзсүз жазам.
Суроолор болсо калтырып коё бергиле.
Колумдан келсе эле жооп бергени, билсем бөлүшкөнү аракет кылам.
2022-жыл. Күзгү эс алуу убагы. Ал убакта мен мектепте иштейт элем. Каникулда окуучуларымдын кайсы жакка барып эс алып келүүлөрүн сурасам: “Биз Таиланд, биз Бали, биз айылга, биз Стамбулга”
деген сыяктуу 24 жооп уктум.
Ошондо акылыма башка өлкөгө чыгуу планы келген.
Ага чейин Алматага эле барган элем.
Анда да ыктыярчылар менен барган үчүн кыйла жеңилдиктер болгон.
Отуруп алып Стамбулга турларды карай баштадым.
Айлыгымды санасам жетпейт экен. Бирок Стамбул, Каппадокия, Анталия деп турларды издей бердим. Анан бир жерде кредит келишими менен барса болорун, кеткен акчаны бир канчага бөлүп төлөй алышымды окудум, бирок ошенткен убакта да акчаны жеткирүү кыйын болду. Себеби кредитти төлөөгө дагы канча ай кетет эле. Ачка жашап ойноп кел, же башка нерсе кыл деген чечим келди.
Ошентип Стамбулга баруу кыялы четке сүрүлүп, Ташкентке кеттим.
2023-жылы Германияга келер убакта Стамбулду көрөйүн деген максат болду. Себеби, учак 1-Стамбулга анан Германияга учмак. 21 сааттык күтүү убактысы менен билет алдым, бирок аэропортко келип түркчө, же англисче сүйлөй албай тур кеткен жерди таппай койдум. А мен тапкыча ал тур кетип калды. Ошентип ал күнү да көрө албадым.
Бир ыйлагым келет, бир ыйлагым келет. Тил билбесең мусаапыр эле болуп калат экенсиң.
Ошентип Стамбул кол жеткис кыялым боло берди.
Аллах ал кыялдын кабыл болуусун ушул күндөргө буюруптур. Азыр Стамбулда отуруп, силерге сезимимди бөлүшүп жаткан кез.
Стамбулду сүйүп, аны көз
алдымдан узатып, алыстан тиктеп суктанат элем.
Насип экен, абасын жутуп, суусун ичип, чардагын тойгозуу насип болуптур.
Стамбул- сен жөн эле тарыхый шаар эмессиң.
Сен көптүн жүрөгүндө жашаган шаарсың.
Аллах сиздерге да насип кылсын, кымбаттуу окурмандарым! Толук окуган болсоңор ыраазычылык айтам!
📍Стамбул,
🕰️ 23:16
✨ 22.06.2024
Сенин сүйлөгөнүңдү укпаган эмес, сенин унчукпаганыңды уга билген адам менен өмүрлөш бол!
—Жеңишбек Жумакадыр
Жүрөгүм💔
Чоң рахмат!
Мындай билдирүүлөр канчалык мени кубантканын билгениңерде, күндө жазуудан тажамак эмессиңер.
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть вторая. Аудиокнига. →
👤 Старая книга Audiobooks-1">→
Мартин Иденди бул жакка жөнөтө албай жатам.
Эгерде азыр жөнөтө алсам айфондун “Книги” деген жагынан ача аласыңар. А андроид менен кайдан ачса болорун билбейм.
Аракет кылып көрөм азыр🤍
Мурда жалаң мамиле куруу, аял-эркектин психологиясы боюнча китептерди окуп, подкасттарды угуп, мамиле боюнча эксперт болгум келе берчү.
Бирок канчалык көп окуган сайын бир эле жыйынтыкка келеримди түшүндүм.
Ар бир адам уникалдуу, эч кимди бир системага салып анализ кылууга болбойт экен.
Эркектердин баары бирдей эмес, а аялдар болсо эмоциясын саат сайын өзгөртүшү мүмкүн. Айрым мамилелердин проблемасы окшош болушу ыктымал, бирок адамдары эч качан бири-бирине окшошпойт.
Мамиле эки адамдын ортосунда гана түзүлөт, жана аны эки тарап гана сактап кала алат, албетте, эгерде чындап кааласа… Эми элестетиңиз, кээде эмнени кааларыбызды да билбей калабыз, анан кантип бирөөнүн каалоосун анализ кылууга болот?!
Андан көрө фокусту ар бир адам өзүнө, өзүн таанууга, өзүнүн кемчиликтерин кабыл алууга коюш керек экен. Өзүн тааныган адам гана өзгөрө да, мамилесин да сактап кала алат…
Сүрөттөрдү көрдүңөр ээ?
Биринде мен, биринде толук сүрөтү.
Бүгүн бизде семинар болду.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу.
Германияда жакшы жери жөн эле айтып койбой практика менен көрсөтүп бергени чынында мактоого арзырлык. “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды көрсөң күлбө! Сый-урмат менен кара! Жардамдаш!” деген кичинекейимдеги эжейим айткан сөздөрдү бүгүнкү практикада бүт денем менен сезип, жүрөк менен кабыл алдым.
🦽 Практикада 3 саат берилди. Группадагы адамдар үчтөн бөлүнүп бирден коляска менен кеттик.
Ошондо 3 адам 1 сааттан коляска менен жүрүш керек болду.
🩼 Шаар кыдырдык. Башында өзүм отурбай кетип жатканым үчүн эч нерсе сезилген жок. Качан гана өзүм отуруп, артымдан сүдүрөп баштаганда оюма чөгүп баштадым.
Биринчи эле ичимден элди алдап жаткан сезим келди. Анткени баары жол бошотуп, поезддерде кызы, эркегине карабай көтөрүп түшүрүшүп, тамак алчу жерлерде сатуучулар өздөрү келип сурап жатышты. Анан албетте өзүңдү жаман сезесиң да)
🦼 Биз үчөө болгон үчүн бири-бирибизди сүдүрөдүк.
Ошого өтө деле оор болгон жок, бирок ооруган адам үчүн өз алдынча сүдүрөө өтө, өтө эле оор экен.
Германияда дагы жакшы өтө көп шарттар түзүлгөн. Көпчүлүгү жакшы эле көз-карашта карайт экен. Ичимден Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай шартта жүрөт деген ой келди. Жада калса бөлүнгөн ажатканаларды да көргөн эмесмин. Окей, бул калсын. Эмнени сездим?
🚨 Аллах Таалага шүгүр, шүгұр жана да шүгүр. Алты санды аман кылып бизди бастырды. Келечекте эмне болот, эмне жок билбейм, бирок бүгүнкү күн үчүн Аллах Таалага ыраазычылык айтам.
1 саат бүтүп коляскадан түшкөндө ушунчалык сүйүндүм. Өзүм басып, каалагынымды алып, каалаган жагыма эч кимдин жардамысыз бара алганым үчүн.
📌 Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эми көргөндө башкача Нурзат болууга аракет кылам. Колдон келсе жардамдашып, жылмайып учурашып, эң аз дегенде жылмайып өтүп кетем.
Аллах Таала ар кимге ар кандай сыноо берген. Эч ким, эч кимдин үстүнөн күлбөө керек!
Бүгүн сен соо адамсың, эртең ким болосуң эч ким билбейт!
Кадырлуу эмес деген нерселердин кадырына жете бил, Нурзат!!!
Адам тааныбаса-сүйбөйт,
сүйбөсө ээрчибейт.
Ээрчиш үчүн сүйүш керек,
Сүйүш үчүн тааныш керек.
Авторун билбейм
Азыр адамдарды сулуулук, кооз сүйлөө, жарашыктуу кийим, келишимдүү фигура менен таң калтыра албайсың. Себеби мындай нерселер баарында бар.
Азыр трендде адамдын ою, көз-карашы, ой-жүгүртүүсү.
Себеби ой-жүгүртүү, көз-караш тажрыйбанын, изденүүнүн, кыйынчылыктын, сабырдын негизинде пайда болот.
Аны сатып да ала албайсың, дароо жасап коюуга да мүмкүн эмес.
Бул үчүн убакыт, сабыр, шүгүр керектелет.
Сенин баркың, сый көрүшүң дагы ой-жүгүртүүгүңө жараша бааланат…
Инстаграмды өчүргөнүмө 4 күн болду. Ал арада Айдана эжем байкап калып кечээ ал-акыбалымды сурап жазыптыр.
Жоктугумду байкап жазганына өтө кубандым.
Соңку күндөрү бир башкача болуп кетип жатам. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, соц тармактар кызыксыз болуп, жолугушуу ж.б нерселерди каалабай…
Ошого да инстаграмды убактылуу өчүрүп салдым.
Эң кызыгы барган сайын немисчем жакшыргандын ордуна артка кетип жатат.
Мурда сүйлөп жүргөн эле сөздөрдү таппай калып жатам. Бул жагына эч түшүнбөй элемин.
Отпусктан жаңы келип, ал арада жалаң кыргызча сүйлөшүп жүргөндүктөнбү, же катуу чарчап калып жаткандыктанбы, айтор жоопсуз.
Адамдар каналымды окуйбу, же жөн эле ачып карап кетип калабы билбейм. Кээде суроолорго жооп келбегенде тиги оюм дагы да бышыкталат.
Жашоодо көрбөй, инсан катары тааныбай туруп окуу, чынында кызыксыз да.
Анда да азыркыга окшоп арманыңды айта берсең…
Айылда агып жаткан арыкка дарбызды салып, муздап калганда ысык нан менен жеп алат го.
Ошол вайбды сагынып кеттим🍉
Курбан айтка карата Палестинадагы Газа эли үчүн Германиядагы жаштар аз да болсо аракет кылып акча чогултуп баштадык.
Аллах насип кылып 2 күндүн ичинде 520€ чогулду. (48-49миң)
5€, 2€, 10€ дон болуп жатып 3 койдун суммасын чогулта алдык.
Жакшы аракет кылып бир бодо малдын (70миң) суммасын чыгарып коёлу деп жатабыз.
Акча которууну каалагандар болсо,
IBAN: DE18 3005 0110 1009 0099 92
Nurzat Askarova
Силер дагы салым кошсоңор болот.
“Биз себепсиз эле жолугуп калбадык, же сыноо, же жаза, же белек”
Ооба, ооба, сыноо менен келген жаза экен эле…💔
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть первая. Аудиокнига. →
👤 Старая книга Audiobooks-1">→
Сен мага күндө жаңы,
эч качан көрбөгөндөй.
деңизсин, же океан эч кимдер билбегендей,
кенениң, тереңине эч бири кирбегендей...
бир кенчсин, табылгасын
бир өмүр издегендей,
мен сени билгим келет бир да жан билбегендей...
Авторун билбейм
Сизге билдирүү келди
💌 Карасаң, кыялданып жүргөн турмушуңда жашап жатасың.
Сабыр кылсаң калган кыялдарыңда орундалат!
Алтыным менин🤍
Кыргызстанда түн.
Таттуу уктап жатсаңар керек, уйкуңарды бузуп “тың” эткен үндүн келишине себепчи болсом кечирим сурайм. Азыр жазбасам эртең жазбайм. Ошого бүгүнкү болгон окуя менен силер менен бөлүшкүм келди. Инстаграмдагы досторума бөлүшөм деп сөз бергем, бирок тарыхчага жазсам өтө эле узун болуп кетет экен. Бул жак жазганга ыңгайлуу, менимче окуганга да. Экинчи тарыхчаны күтүү да, унутуп калуу да болбойт. Анда эмесе баштайын ээ?
Азыр сүрөт жөнөтөм. Андан соң аны чечмелеп айтып берем. А силер эртең окуп аласыңар🙂
Кайрадан Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуп баштадым.
Мурда аягына чыкпай калдым эле. Мусулманкулга боорум ооруп да, ырас болот деп да отурам. Ичимдеги эки Нурзат урушуп, бир сөзгө келе албай жатышат😅
Күндө 4-5 беттен окуп жатам.
1 айда бүтүп калсам керек:)
Кечээ кечинде мага ушундай сонун билдирүү келиптир.
Эмнегедир окуп алып ыраазы болуп кеттим. “Эмнеге?” десеңер, анткени убагында бул телеграмдын өнүгүшү үчүн, пайдалуу болуусу үчүн аябай аракет кылгам. 4 жыл өтпөй өз
түшүмүн берип, бир канча катталуучу топтоп, күндө жазбасам да мени менен болуп келген өзгөчө, сүйүктүү катталуучуларым бар.
Сүйүктүү катталуучуларым, силер дагы акыңарды адал кылгыла! Каналды окууга убакыт кетирип, бирок издегениңерди таба албасаңар, кеткен убактыңар үчүн кечирим сурайм.
Бул каналды ачканымда 2-курс болчумун. Карантин убагы болду. Андан кийин мектепте иштедим.
Жашоомдун ар бир баскычындагы ойлорум бар.
Байкадыңарбы?
Улам жашым чоңойгон сайын мурдагыга окшош тексттер жазылбай жатканын?