Кичинемде айылда кой кайтарып жүрүп самолет көргөндө:
“Самолет, мени ала кетчиииии, алыс-алыстарга ала кетчии” деп кыйкырат элем.
Ысыкта кой кайтарган жанга баткан окшойт ошондо.
А азыр асмандан самолет көргөндө, Кыргызстан, тоолор эске түшөт.
Балалыкты эске салат.
Самолет…
Самолет…
Мени ала кет.
«Как хорошо летним вечером сидеть на веранде;
как легко и спокойно; вот если бы этот вечер никогда не кончался!»
📘 Вино из одуванчиков 🌼
Сен деле жол таппайсың...
Жандүйнөңдүн
издеп үтүр, чекитин,
Казып окуп ээ, баяндооч, этишин,
Сен жөнүндө илим жактап акыры,
Керек, - дейсиң, - мен бакытка жетишим.
Балким жашап
бир селсаяк билинбей,
Жүргөн болсо баш калкалап дилиңде эй,
Дароо кызыл сыя менен өчүрүп,
Жолдон алып салам, - дейсиң, - тигиндей...
Мени окуп
бүтө албайсың, карагым,
Барактаган сайын арбып барагым,
Жада калса өзүм дагы өзүмдү,
Окуганга жетише албай барамын...
Мейли канча
кара жанды сабагын,
Жүрөгүңдү миң азапка саламын.
Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.
Кээде шокмун,
оюнкараак баламын,
Кээде 100 жыл жашагансып аламын.
Мени издесең кээде бармын, кээде жок,
Кээде өзүмдү бир сап ырдан табамын...
Бекер эле
мени изилдеп жаттайсың,
Дүйнөм кенен, кечир, бирок батпайсың.
Ара жолдо канчалары адашкан,
Журөгүмө сен деле жол таппайсың...
🖋️ Жыпар Исабаева
Кооз жерге келдиң, бирок кооз жерге көрк берген инсандар жок…
Көзүң сулуулукту көрөт, бирок көөдөнүңдүн көзү жумук…
Айланаңда адамдар көп, бирок сен өзүңдү жалгыз сезесиң…
-Кызым,
-Оуу, апоуу
-Ысык нан менен тамакты салып койдум. Мына коңшунун (атын айтып) үйүнө алып барып берип келчи.
-Макул, апа!
Коңшунун үйүндө:
-Эже, апам мынаны сиздерге берип жиберди.
Бүгүн нан жаптык эле.
-Ии алдыгана кетейин, азыр гана эмне тамак кылсам деп ойлонуп отурдум эле.
Токтой тур, азыр табакты бошотуп берейин.
5 мүнөттөн кийин:
-Кызым, мына таттуулар сага. Балам Москвадан салып жиберди эле. Сактап баарын жебей отургам.
-Рахмааат, эже.
-А мынаны апаңа ала бар, менден салам айт.
Кеч өтөм.
-Макул.
Кичинемдеги айылдагы ушул окуя эсиме түштү. Бизде деле белек берүү салты бар экен эле.
Чоңойгондо акыркы жолу коңшунун үйүнө барганымды эстей албайм…
“Үстөлүмдүн үстүндө ар дайым гүл болуусун каалайм. Көргөн сайын көңүл көтөрүлөт. Маанайыма таасир берет.” деп жазганым эсимде.
Андан кийин эле соолубас, вазадагы гүл белекке алгам. Үстөлүмдүн үстүндө түндүр-күндүр жарыгын чачыратып турду. Кийин көчкөндө дагы ала кеттим.
Көргөн сайын чынында маанайым көтөрүлчү.
Ооба, өткөн чак менен жазылып жатат….
Кечээ жанымда жашаган кыз кокусунан сындырып алды. Жүрөк бир катуу сокту да, “соолубас эч нерсе болбойт турбайбы,мына соолубас гүл дагы соолуду” дедим…
“Мотивация керек болуп жатат, бирок эмнеден алууну билбей жатам“ деп келген жаш жигитке акылман: “Ата-энеңдин иштеген жерине барып жарым саат аларга көрүнбөгөн жерден карап тур…” деген экен.
😢
Инстаграмды өчүргөнүмө 4 күн болду. Ал арада Айдана эжем байкап калып кечээ ал-акыбалымды сурап жазыптыр.
Жоктугумду байкап жазганына өтө кубандым.
Соңку күндөрү бир башкача болуп кетип жатам. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, соц тармактар кызыксыз болуп, жолугушуу ж.б нерселерди каалабай…
Ошого да инстаграмды убактылуу өчүрүп салдым.
Эң кызыгы барган сайын немисчем жакшыргандын ордуна артка кетип жатат.
Мурда сүйлөп жүргөн эле сөздөрдү таппай калып жатам. Бул жагына эч түшүнбөй элемин.
Отпусктан жаңы келип, ал арада жалаң кыргызча сүйлөшүп жүргөндүктөнбү, же катуу чарчап калып жаткандыктанбы, айтор жоопсуз.
Адамдар каналымды окуйбу, же жөн эле ачып карап кетип калабы билбейм. Кээде суроолорго жооп келбегенде тиги оюм дагы да бышыкталат.
Жашоодо көрбөй, инсан катары тааныбай туруп окуу, чынында кызыксыз да.
Анда да азыркыга окшоп арманыңды айта берсең…
Айылда агып жаткан арыкка дарбызды салып, муздап калганда ысык нан менен жеп алат го.
Ошол вайбды сагынып кеттим🍉
Курбан айтка карата Палестинадагы Газа эли үчүн Германиядагы жаштар аз да болсо аракет кылып акча чогултуп баштадык.
Аллах насип кылып 2 күндүн ичинде 520€ чогулду. (48-49миң)
5€, 2€, 10€ дон болуп жатып 3 койдун суммасын чогулта алдык.
Жакшы аракет кылып бир бодо малдын (70миң) суммасын чыгарып коёлу деп жатабыз.
Акча которууну каалагандар болсо,
IBAN: DE18 3005 0110 1009 0099 92
Nurzat Askarova
Силер дагы салым кошсоңор болот.
Тоого барып ушинтип эс алып келгим жатат.
Өзүм баргандан корком, бирок каалоочулар болсо уюштуруп барып келсек сонун болмоооок.
Түнү саат 2ге чейин кара жорго бийин үйрөнүп чыккам.
Ишенсеңер “сынып-сынып” бийлеген бий болгону үчүн денем ооруп чыкты.
Бүгүн өлкөбүздү презентация кылдым.
Өзүнчө толкунданып мекенибизди башкаларга тааныштырып жатканыма сүйүнүп, бир жагынан немисче адашпай, сүрдөбөй сүйлөйүн деп ичтен бышып жаттым.
Презентация бүткөндөн кийин элес калтыруу үчүн анан Кара жорго бийин бийледим.
КРда мектепте район-район, кийин университетте область болуп бөлүнөт элек.
А бирок сыртта КЫРГЫЗСТАН болуп өлкөңдү коргоп, өлкөң жөнүндө эң сонун нерселерди айтып калат экенсиң.
Айтып жатып демократиялуу өлкө болгонубузга миң ирет шүгүр кылып кеттим.
Азыр паузадабыз. Кыздар келип бийди кантип үйрөнсө болорун сурап кетишти.
Менимче өзгөчө бийди жактырышты го дейм…
Ии баса, кыз куумай оюнун айтып берсем баары “шок”😂
Андан соң “беш бармакты” айтып, азыр кашык-вилка колдонобуз дедим✨
Соолубас гүлдөр- бул бизге дүйнөдөгү бардык кооз нерселер өткөн-кеткен эмес, түбөлүктүү экенин эске салат.
✨✨✨✨✨✨✨✨
Эрте менен жумушка келип эле маанайым көтөрүлдү.
Бизге 10-класстагы бир кыз 1 жумага практикага келген.
Германияда мектепте окуган окуучулар жайкы эс алууда 2 жума ар түрдүү жерлерде практика өтөшөт экен.
Кийин кесип тандоосуна, бул иш ага ырахат тартуулайбы же жокпу, ушул кесип чындап эле ага жагабы сыяктуу суроолорго өзү-өзүнө жооп берип, окууну бүткөндө бир чечимде болот деп ойлойм.
Мисалы бир жерде 2 жума, кийин дагы башка жерде 2 жума болуп бир топ тажрыйба топтоп, жок дегенде ошол жашоо ритмге түшүп, аз болсо да өзүнө сабак алат.
Кечээ кечинде ал кызга кат жазып, кичинекей белек даярдадым эле.
Бүгүн ал да мага кат жазып, белегин көтөрүп келип коштошуп кетти.
Жүрөгүм аябай жылыды.
… Түндөй кара көздөрүңдүн ичинде,
Кирпигиңди жамынгача уктайын.
Сен аман бол, эсендигиң чоң бакыт!
Маанилүү эмес, сага жетсем, жетпесем…
🖊️ Нурсултан Абдикаримов
/channel/sapiyaslife
Сапия быйыл эле мектепти бүттү.
Жаш экенине карабай окуучулук убагынан баштап көптөгөн долбоорлорго катышып, ар түрдүү жактан өзүн-өзү жакшы эле жетиштирип келет.
Бул телеграм баракчасы. Көбүнчө стипендиялар, ар түрдүү тесттер, программалар ж.б пайдалуу нерселер менен бөлүшүп турат.
Катталып окуп турсаңар болот. (Мага окшоп✨🫣)
Менин каналымда Сапия барбы же жокпу билбейм.
Барып катталып алгыла, реклама эмес🫶🏻👩🏻🎨
✈️ 💭🪞Сен мурун кыялымда өмүр сүрсөң,
а азыр дубаларда жашап жүрсүң.
Күнүмдүн айрым-айрым учурунда,
Кулакка угулгансыйт күмүш күлкүң.
Сен дагы мага окшоп бакыт жүктөп,
Дүйнөнүн бир бурчунда жүрсөң керек.
Күн келип кезигишсек, тилегеним
Менден да оор болсун сенин жүгүң!
____
#бүтпөс_романым
#диби_деди
Үй-бүлөлүү болуп анан да бүт тараптан баланста болуу керек деген нерсени түшүнбөйм. (Келин баарына жетишүү керек. Аны кылуу, муну кылуу керек.)
Үй-бүлө, балам жок болуп туруп деле бүт нерсем баланста эмес.
Ишке катуу берилип кеткенде жеке өнүгүү басаңдайт, жеке өнүгүүгө эле басым жасап иштебей койсоң финансың жетпейт, окуп эле отуруп алсаң ал да болбойт.
А баарын тең кылып баштаганда сөзсүз бир жак оор болуп, басым ага түшөт.
Ошого, аноу-мыноуго жетишиш керек, онаага окшошом, мынага окшошом дей бербей өз жолуңдун эң маанилүү жеринде кете бер.
Сендеги мүмкүнчүлүк менде жок,
Мендеги мүмкүнчүлүк сенде жок.
Сен менин жашоомдой жашоону кыялданасың,
А мен сенин жашооңдой жашоону…
Бул жашоодо баарына ыраазы болуп эле, баары биз ойлогондой боло берсе, анда Бейишке умтулуу болмок эмес…
Измир шаарынан Стамбул шаарына жөнөдүм. Жол узактыгы 6,5 саат экен.
Эмнегедир узун жолдо узун ойлорду ойлонуп баштайм. Билесиңерби? Жиптер бири-бирине чиеленип байланып калганда таенебиз чакырып: “Кызым, мына жиптердин башын таап чыгарып берчи.” дейт эле го, бирок кычашкансып жиптин башын таппайсың. А таенең сенин жаныңда күтүп, жетпеген көздөрү менен тиктеп отурат.
Азыр дал ошол башы табылбаган чиеленген жиптердей байланып жатам.
6 күндүк саякатта жашоонун дагы бир фазасы башка жактан ачылды.
Жаңы адамдар, жаңы шаар, жаңы тажрыйбалар…
Стамбулду “сүйүүнүн шаары” деп атамакмын, эмнегедир кусалык, көксөөлөр коштоду. Бул шаарга байланыштуу менде окуялар жок, бирок жашоомдо бул шаардын өзгөчө орду бардай сыяктанды го.
Дагы билбедим, а балким келечекте болуп калар…
Бирөө мага: “Нурзат, Турцияда жашоо мүмкүнчүлүгү болсо жашайт белең?” деген суроону узатты.
“Жок” дедим.
Тагдыр кайсы жээгине алып барып, кайсы ташына урдуруп өтөт билбейм, бирок атайын өзүм тандап келмек эмесмин.
Мен жоолуктагы кыз болгонума карабай никаб кийгим келип кетти.
Өзгөчө көздөр, жылмайган жүздөр, ашыкча суроолор, айтор бул жактары жакпады.
Түнү кадимкидей коркуп, башкача сезимдерди жашайт экенсиң.
Эфеске кетип жатып бир немис эжени жолуктуруп калдык.
Чогуу билет алдык.
Бизге 30 лира, эжеге 40лира деди. Мен эжеге барып:
-Сизди алдады. Бизге 30лира деди
-Мен силерден дагы көбүрөөк жүрөм
-Сиз түркчөнү түшүнбөй кантип жатасыз?
-Китептен, кээде телефондон котормо аркылуу сүйлөшүп жатабыз.
Анан айтат:
“Кечээ автобуска чыксам төлөбөй эле кой деди. Бүгүн ресторанга барсам салатка гана акча алды. Өтө берешен калк экен. Алдагандар да бар экен, бирок мындай жакшы адамдар да көп” дейт.
Окуя менен бул жактагы ситуацияны түшүндүңөр ээ?
Өзгөчө жаккан жери эмнегедир жылуулукту сездим. Элдери сени карап: “Hallo!“ деп жылмайып өтпөсө да, күлүп карабаса деле жылуу сезилди.
“Мусулман мусулманга бир тууган” дегени бекеринен эместир.
✨Дагы эмне жөнүндө айтып беришимди билбей жатам. Идея болсо сөзсүз жазам.
Суроолор болсо калтырып коё бергиле.
Колумдан келсе эле жооп бергени, билсем бөлүшкөнү аракет кылам.
2022-жыл. Күзгү эс алуу убагы. Ал убакта мен мектепте иштейт элем. Каникулда окуучуларымдын кайсы жакка барып эс алып келүүлөрүн сурасам: “Биз Таиланд, биз Бали, биз айылга, биз Стамбулга”
деген сыяктуу 24 жооп уктум.
Ошондо акылыма башка өлкөгө чыгуу планы келген.
Ага чейин Алматага эле барган элем.
Анда да ыктыярчылар менен барган үчүн кыйла жеңилдиктер болгон.
Отуруп алып Стамбулга турларды карай баштадым.
Айлыгымды санасам жетпейт экен. Бирок Стамбул, Каппадокия, Анталия деп турларды издей бердим. Анан бир жерде кредит келишими менен барса болорун, кеткен акчаны бир канчага бөлүп төлөй алышымды окудум, бирок ошенткен убакта да акчаны жеткирүү кыйын болду. Себеби кредитти төлөөгө дагы канча ай кетет эле. Ачка жашап ойноп кел, же башка нерсе кыл деген чечим келди.
Ошентип Стамбулга баруу кыялы четке сүрүлүп, Ташкентке кеттим.
2023-жылы Германияга келер убакта Стамбулду көрөйүн деген максат болду. Себеби, учак 1-Стамбулга анан Германияга учмак. 21 сааттык күтүү убактысы менен билет алдым, бирок аэропортко келип түркчө, же англисче сүйлөй албай тур кеткен жерди таппай койдум. А мен тапкыча ал тур кетип калды. Ошентип ал күнү да көрө албадым.
Бир ыйлагым келет, бир ыйлагым келет. Тил билбесең мусаапыр эле болуп калат экенсиң.
Ошентип Стамбул кол жеткис кыялым боло берди.
Аллах ал кыялдын кабыл болуусун ушул күндөргө буюруптур. Азыр Стамбулда отуруп, силерге сезимимди бөлүшүп жаткан кез.
Стамбулду сүйүп, аны көз
алдымдан узатып, алыстан тиктеп суктанат элем.
Насип экен, абасын жутуп, суусун ичип, чардагын тойгозуу насип болуптур.
Стамбул- сен жөн эле тарыхый шаар эмессиң.
Сен көптүн жүрөгүндө жашаган шаарсың.
Аллах сиздерге да насип кылсын, кымбаттуу окурмандарым! Толук окуган болсоңор ыраазычылык айтам!
📍Стамбул,
🕰️ 23:16
✨ 22.06.2024
Сенин сүйлөгөнүңдү укпаган эмес, сенин унчукпаганыңды уга билген адам менен өмүрлөш бол!
—Жеңишбек Жумакадыр
Жүрөгүм💔
Чоң рахмат!
Мындай билдирүүлөр канчалык мени кубантканын билгениңерде, күндө жазуудан тажамак эмессиңер.