🧙🏻♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
Негизи суу көп ичпейм. Ошого иштеген жериме, үйгө, кайсы жерде көп убакыт өткөрсөм ошол жактарга алып барып коюп коём.
Көргөндө автоматтуу түрдө барып ичем.🤓
Бул ыкма күндө сууну нормасында ичүүгө жардам берет.
#Лайфхак
“Кайсы мезгилде өмүр бою жашамаксың?” деген тандоо укугу болсо, ойлонбой туруп күз мезгилин тандамакмын.
#Күзүм🍁
Жатарда ичип алган кофе өз таасирин берип түнкү уйкумду кайдагы нерселерге арнашыма себеп болуп жатат. Ноутбукту ачып бир нерселерди кылымыш болуп отурам. Үйрөнгүм келген тиркемени жүктөдүм, көчүргөндөн кийин оюма кайдагы бир эски таанышым түштү. Былтыркы күздү эстедим. Көп нерсе деле өзгөрбөптүр, баягы бакыттын башында отуруп алып, келечекти башкача кыялданган кыз-азыр реалдуу жашоого көз чаптырып, ар кимдин эле сөздөрүнө ишенбей калыптыр. Бул деле өзгөрүүго ээ?
Ай, ошол тиркемени ачкан бойдон көзүм аны, акылым күздү ойлонуп, айтор баш аламан.
Дос кызым менен эки жума камырдан жасалган нерселер менен таттуу сууларды ичпей турган болуп сүйлөштүк. Кантип чыдайт болдум экен?
“Кыргыз” сөзү менен “нан” сөзүн бөлүп кароо бир топ эле оор менимче.
Ноутбукту жаптым.
Бирок ойлордун эшиги жабылбады…
#тантырология
“Кел эми отуруп өзүбүз чай ичели” деген айылдагы атмосфераны аябай сагындым.
Читать полностью…🪞🎀
Махабат — бул бирөөгө китеп белек кылып, анын ичине ага арнап жазылган эскерүүнү калтыруу.
📖
Кыргызча (орусча деле боло берет) влог алып барган YouTube да блогерлерди билесиңерби?
Ссылкаларын жөнөтүп койсоңор сонун болмок.
Кыргыз, кыргыздан гана мотивация аларын түшүнүп жеттим.
Кызыктуу каналдар болсо катталып көрүп турмакмын.
Көздүү мончок эч качан,
Көмүлүп жерде калбаган💍.
Олимпиада оюндарын калтырбай көргөнгө аракет кылып жатам.
Ар көргөн сайын көзүмө жаш айланып жатат.
Кечээ Сыймык Бейшекеевдин спортчуларыбызга арналган ырын угуп алып аябай ыйладым.
Көргөн болсоңор кээ бир спортчулар намыстанып ыйлашты. Мекендин туусун башка өлкөдө көтөрүп, башкаларга “КЫРГЫЗСТАН” деген мамлекетти таанытып, кыргыз улутунун намысына жароо дагы чоң ЭРДИК!
Мекеним бар экенине, мекенимди дүйнөгө жакшы жагынан тааныткан мекендештерим бар экенине, колдоо көрсөтүп ар мамлекеттин бурчунан Францияга чогулган патриот жаштары бар экенине, түнү менен уктабай, 4 саат аралыкка карабай күтүп, дуба кылып колдогон кыргызым бар экенине чынында сыймыктанам!
🇰🇬 Алга, Кыргызстан!
Атың дүйнөгө спортчулары алтын алган эң көп мамлекет катары дүңгүрөсүн!
🎬 Мартин Идендин киносу дагы бар экен. Китепти аяктап калганымда киносун дагы көрүүнү чечтим, ачыгын айтканда китеби алда канча таасирдүү жана кызыктуу экен.
Жарымына чейин зорго көрүп андан ары улантпадым.
Кино автордун жеткирер оюн, Мартиндин кандай кыйналып, кандай жашоо өткөргөнүн, Морз үй-бүлөсүнүн ага кылган мамилесин ж.б эпизоддорду жакшы ачып бере алган эмес.
🎧 Китептин орусча/кыргызча электрондук варианттары бул каналда бар. Көчүрүп алып окусаңар болот.
Сиңирүүгө оор болгон китептердин бири болду.
Бекеринен классика эмес экенин түшүндүм. Дагы да китеп тууралуу көбүрөөк жазууну каалагам, бирок жаза берсем ачыкталып кете берет экен. Ошого токтоттум🫶🏻✨
#китепжөнүндө
🌿📗
"Чын эле, анан да кызык, китепти бир нече жолу окуганда ал калың болуп калат, байкайсыңбы?
Кайталап окуган сайын барактарынын арасында бир нерсе калып калгандай сезилет. Сезимдер, ойлор, үндөр, жыттар…
Көп жылдан соң ошол китепти кайра барактап көрсөң өзүңдү табасың — болгону бир аз жашыраак, азыркыңдан бир аз башкача.
Китеп сени барактарынын арасына кургатылган гүл сыяктуу кылып сактап алгандай — бир эле учурда тааныш да, анан да жат."
🖊️Корнелия Функе
📕Сыя кан
— Сен эмнеге кызыгасың?
— Китептерге, а сенчи?
— Китепке кызыккандарга.
Кичинемде айылда кой кайтарып жүрүп самолет көргөндө:
“Самолет, мени ала кетчиииии, алыс-алыстарга ала кетчии” деп кыйкырат элем.
Ысыкта кой кайтарган жанга баткан окшойт ошондо.
А азыр асмандан самолет көргөндө, Кыргызстан, тоолор эске түшөт.
Балалыкты эске салат.
Самолет…
Самолет…
Мени ала кет.
Кат жазуу өзүнчө ырахат,
окуган адам жооп жазса андан да ырахат✨📜💌
«Как хорошо летним вечером сидеть на веранде;
как легко и спокойно; вот если бы этот вечер никогда не кончался!»
📘 Вино из одуванчиков 🌼
Сен деле жол таппайсың...
Жандүйнөңдүн
издеп үтүр, чекитин,
Казып окуп ээ, баяндооч, этишин,
Сен жөнүндө илим жактап акыры,
Керек, - дейсиң, - мен бакытка жетишим.
Балким жашап
бир селсаяк билинбей,
Жүргөн болсо баш калкалап дилиңде эй,
Дароо кызыл сыя менен өчүрүп,
Жолдон алып салам, - дейсиң, - тигиндей...
Мени окуп
бүтө албайсың, карагым,
Барактаган сайын арбып барагым,
Жада калса өзүм дагы өзүмдү,
Окуганга жетише албай барамын...
Мейли канча
кара жанды сабагын,
Жүрөгүңдү миң азапка саламын.
Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.
Кээде шокмун,
оюнкараак баламын,
Кээде 100 жыл жашагансып аламын.
Мени издесең кээде бармын, кээде жок,
Кээде өзүмдү бир сап ырдан табамын...
Бекер эле
мени изилдеп жаттайсың,
Дүйнөм кенен, кечир, бирок батпайсың.
Ара жолдо канчалары адашкан,
Журөгүмө сен деле жол таппайсың...
🖋️ Жыпар Исабаева
Коллегам менен диалог: (кечээ)
- Магазинден суу көтөрүп келүү оор болуп жатат. Күндө барып 1 же 2 ден алып келип жатам.
- Аа сен жөө барасың да ээ?
- Ооба, велосипед менен барган ченде деле 6 сууну алып келе албайм.
- Нурзат, мен анда сага жардам берейин. Сага эртең ала келем. (Машинасы бар)
Бүгүн:
Келсем эле сүрөттөгү суулар турат. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Чуркап чыгып издеп баштадым. Келгенде катуу кучактадым да:
- Чооң рахмат, мен аябай кубанычтамын. Сен үчөөнү алып келген турбайсыңбы?
- Ооба да, мындай ысыкта тез эле түгөтөсүң. Түгөнсө кайра айтсаң алып келип берем.
- 🥹🥹
#Жумуштан
🍁🍁
“Күз — бул жаратылыштын терең ойго чөмүлгөн учуру, ар бир жалбырак — өткөн күндөрдүн эстелиги сыяктуу.”
🖊️ Ч.Айтматов
🍁🍁
“Күз — бул жаратылыштын терең ойго чөмүлгөн учуру, ар бир жалбырак — өткөн күндөрдүн эстелиги сыяктуу.”
🖊️ Ч.Айтматов
🇰🇬🇰🇬
Эгемендүүлүк күнүң куттуу болсун-КЫРГЫЗСТАН!
Сенде туулуп, сенин жараның болуп, сенде жашаганыма сыймыктанам!
Ар убак жүрөгүмдө кайгы болгондо дароо сага бара аларыма, сен мени мендей кабыл аларыңа сүйүнөм!
Келечекте дүйнөдөгү болуп жаткан ачылыштар бизде болоруна, жаштар билим-илим, маданият менен таанылып, мекеним жаратылышы менен туристтердин чордону болуп, экономикабыз болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүнө ишенем! Үмүт кылам!
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде жапжалгызсың!
Баарыңарга салам, достор!
Биз сиздерге сонун жаңылык менен келдик 🤩
Биздин 2 күндүк марафонубузга каттоо ачык деп жарыялайбыз! Бул марафондо силер окуучуларга арналган сонун мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат ала аласыздар🔥
📌 Бул бекер каржылануучу мүмкүнчүлүктөр жөнүндө биздин спикерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, сиздерге кеңештерин беришет.
📌 Марафон онлайн түрүндө, Google Meet платформасында өтмөкчү, демек Кыргызстандын кайсы бурчунда жашасаңыз дагы, марафонго катыша аласыз.
🗓️ Марафондун даталары: 29-30 август
📌 Марафондо талкуулануучу темалар:
•FLEX программасы (АКШ🇺🇸)
•NGA программасы (АУЦА, БААУ)
•US-CAEF программасы (АУЦА, БААУ)
•YYGS программасы (АКШ🇺🇸)
•Ыктыярчылык
•Tech Girls (АКШ🇺🇸)
•Talking club (англис тилин практика кылуу)
✅Катышуу үчүн шарттарды бул жерден окуу ⬇️
https://www.instagram.com/p/C_FfoBAormp/?igsh=amcxbmcxY2ZwMGg0
📌13 жаштан баштап катыша аласыз
✅Катталуунун акыркы мөөнөтү: 28 август, кечки саат 19:00.
forms.gle/BMEu3vLHsPNVfkfo8
Баарыңыздарды күтөбүз💕
– Сиз кофеге эмне кошуп ичкенди жакшы көрөсүз? Шекерби, сүтпү, корицабы?
– Эң жакшы көргөнүм... хм…китеп телефон менен.
😢
Инстаграмды өчүргөнүмө 1,5 ай болду.
Эч нерсе деле укмуш болуп өзгөрүп кеткен жок))
Бирок тарыхча көрүп жатып бирөөнүн жашоосу “мәззә да”, “жыргал ушуга эле” деген сындуу сөздөр жабык сандыкта катылуу бойдон калды.
Дагы канча ай инстагаргам баракчам өчүк болот билбейм, бирок мага азыр ансыз жашоо кызыктуу болуп жатат. Телеграмды да жок дегенде 1 айга өчүрүп туруу идеясы келди, бирок эң көп маалымат алган булагым-телеграм.
Канчалаган китептер, пайдалуу нерселер ушул жакта топтолгон.
“Тарс” этип эле өчүрүп туруу оор болуп жатат.
Силер өчүрүп көрдүңөр беле?
Башка азырынча жаңылык деле жок. Пытыр-пытыр болуп өзүм менен өзүм жүрөм. Жылгыздыкка күн өткөн сайын көнүп баратам, бирок муну каалабай элемин.
Соц тармак бул менин адамдар менен байланышуудагы жалгыз гана куралым. Бара-бара бул тармак да кызыгуумду арттырбай калды.
Бакытты башкаларга бөлүшүп эмес, жашап, сезип, сүрөтсүз даамын таткым келип баратат.
Каарып баратамбы?
🇰🇬
Кыргызды дүйнөгө таанытып жаткан спортчуларыбызга Аллахым жеңилдик берсин🤲🏻
Мартин Иден— америкалык жазуучу Жек Лондондун 1909-жылы жарык көргөн романы. Бул автордун эң белгилүү жана сүйүктүү чыгармаларынын бири жана америкалык адабияттын классикасына айланган. А азыр дүйнөлүк классикага кирет.
Кыскача мазмуну
Роман жакыр деңизчи Мартин Идендин окуясын баяндайт. Ал жазуучу болуп байдын кызы Руфь Морздун жүрөгүн багындырып, жогорку коомго кошулууга аракет кылат. Кыялдарын ишке ашырууга аракет кылып жатканда Мартин көптөгөн кыйынчылыктарга жана ийгиликсиздиктерге туш болот. Акыры ал болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетишет, бирок бул ага бактылуулукту алып келбейт жана ал өзү умтулган идеалдардан көңүлү калат.
Темалар жана идеялар
Романдын негизги темаларынын бири — буржуазиялык коом жана анын баалуулуктарынын сынчылдыгы. Лондон Мартинди төмөнкү катмардан чыккан адам катары көрсөтүп, жогорку класстагы адамдардын акыл-эс деңгээлине жана жек көрүүсүнө туш келтирет. Ошондой эле роман өзүн-өзү таануу жана жеке амбициялар маселесин көтөрүп, адам максаттарына жетип, бирок өзүнөн алыстап кетсе эмне болорун изилдейт.
Дагы бир маанилүү тема — сүйүү жана анын адамга тийгизген таасири. Мартиндин Руфька болгон сүйүүсү аны башында шыктандырат, бирок окуянын өнүгүшү менен бул сүйүү ага чыныгы ырахат бере албасын түшүнөт.
Адабий өзгөчөлүктөр
Лондондун "Мартин Иден" чыгармасынын стили жандуу жана таасирдүү, ал реализм менен философиялык ой жүгүртүүлөрдү чеберчилик менен айкалыштырат. Автор автобиографиялык элементтерди колдонуп, чыгарманы өзгөчө чынчыл жана терең кылып жараткан. Чыгарманын тили бай, бирок ошол эле учурда окурмандар үчүн жеткиликтүү, бул аны кеңири аудитория үчүн жагымдуу кылат.
Жыйынтык
"Мартин Иден" — бул терең жана көп катмарлуу роман, ал ийгилик, коом жана өзүн-өзү таануу жөнүндө маанилүү суроолорду көтөрөт. Бул чыгарма адамга өз максаттары жана баалуулуктары жөнүндө ой жүгүртүүгө түрткү берет.
Баалоо: 10/10
#китепжөнүндө
Соц тармактар кантип бизди манипуляция кылып, кандай зыянын тийгизип, кантип иштегендерин көрсөткөн документалдуу драма көрүп жатам.
Мени инстаграм, тикток, Facebook өңдүү соц тармактарым жок болсо да, күнүмдүк колдонуу убактым
азайбай жатканы өкүндүрдү.
Бир-эки тажрыйба ойлонуп койдум. Аткаруу колумдан келсе сөзсүз силер менен бөлүшөм.
Айтып жаткан видеонун ссылкасын комментарийге калтырам. (Нетфликстен көрдүм)
Куу турмуш дары берчи,
Кусалык дартын баскан.
🖊️ Баян Акматов
Себепсиз сүйүү жана себепсиз сүйүлүү кандай болот болду экен?
Читать полностью…Тоого барып ушинтип эс алып келгим жатат.
Өзүм баргандан корком, бирок каалоочулар болсо уюштуруп барып келсек сонун болмоооок.
Кыздарды ушундай гүлдөр деле бактылуу кылат 🩰🫶🏻
Читать полностью…Түнү саат 2ге чейин кара жорго бийин үйрөнүп чыккам.
Ишенсеңер “сынып-сынып” бийлеген бий болгону үчүн денем ооруп чыкты.
Бүгүн өлкөбүздү презентация кылдым.
Өзүнчө толкунданып мекенибизди башкаларга тааныштырып жатканыма сүйүнүп, бир жагынан немисче адашпай, сүрдөбөй сүйлөйүн деп ичтен бышып жаттым.
Презентация бүткөндөн кийин элес калтыруу үчүн анан Кара жорго бийин бийледим.
КРда мектепте район-район, кийин университетте область болуп бөлүнөт элек.
А бирок сыртта КЫРГЫЗСТАН болуп өлкөңдү коргоп, өлкөң жөнүндө эң сонун нерселерди айтып калат экенсиң.
Айтып жатып демократиялуу өлкө болгонубузга миң ирет шүгүр кылып кеттим.
Азыр паузадабыз. Кыздар келип бийди кантип үйрөнсө болорун сурап кетишти.
Менимче өзгөчө бийди жактырышты го дейм…
Ии баса, кыз куумай оюнун айтып берсем баары “шок”😂
Андан соң “беш бармакты” айтып, азыр кашык-вилка колдонобуз дедим✨