🍁🍁
POV: Сенин китебиңди башка өлкөдөгү бала быт-чытын чыгарып алып келип берди.
Real: Кыргыз бала: «Анын ордуна мен сизге жаңы китеп белек кылам.»
#Бакыт
🍁🍁
Диалогдон үзүндү:
- Бир бала менен таанышсам дароо эле айлыгымды сураган. Кой деген бойдон жоголгом.
- Туура кылыпсың. Андайлардан качыш керек. Мен аялым менен 40 жыл жашадым, бирок канча алганын билген эмесмин.
- Сиз дагы акча берет белеңиз анан? (Күлүп)
- Ооба да, мен тапкан акчамды алып келип берет элем. Бирок бир дагы жолу анын канча табарын билген жокмун. Иштеткен дагы жокмун.
- Аии, азаматсыз!
Сиздей мырзалар көп болсун!
#Жумуштан
🍁🍁
Минимум убакытты бөлүп алып максимум жыйынтыкка жетем деп ойлойсуңбу, Нурзат?
Оку!
🍁🍁
Күзүмдү кооз кылган бир күн
Кечээ Германиядагы эже-достор болуп бир курбу кызыбыздын үйүндө жолукканбыз.
Кыздар ар кимиси эң азы 4 саат, эң көбү 8-9 саат коротуп ар кайсы шаарлардан келишкен.
Кээ бирин биринчи жолу көрүп таанышсак, ар башкасын көптөн бери тааныйбыз.
Эмоцияларымды, жолугушуудан алган пайдалуу маалыматтарды кечээ эле бөлүшкүм келген, бирок отуруп оюмду топтоп жазганга убактым болбоду. Ошого мындай датамды өзгөчө кылган сонун күндү электрондук күндөлүгүмдүн бир бөлүгүнө жайгаштырууну туура көрдүм.
Баарыбыз 10 кыз болдук.
Ар кимде ар кыял, ар каалоо, ар мүнөз бар. Бирок биздин башыбызды дин, достук, сүйүү, сагынуу бириктирип турду.
Мындай жолушууларда эч кимди ушактабаганга, жакшы нерселер тууралуу сүйлөшкөнгө, дин, өлүм, намаз тууралуу маектешип бири-бирибизге коңгуроону “тарс” этип каккандай эскертүү берип турганга аракет кылабыз.
Инсан унутчаак. Бүгүн укканды эртең унутуп кала беребиз. Ошого эскертип, жамандыктан тыйып турган достордун болгону өзгөчө Аллахтан келген мээрим экен.
Ишенсеңер түнкү 3:30га чейин кобурашып отурдук. Ар кыз ар кайсы тармакта иш алып баргандыктан ар биринде ар түрдүү тажрыйба бар. Ар бири кызыктуу китеп. Аны барактаган сайын бүтпөй эле ачылат.
Башка мамлекетте ушундай жолугушуулардын болуп турганы өзгөчө бакыт экен.
Ин ша Аллах чөйрөгө кошулууну каалаган кыздар болсо жазып койсоңор болот. Группага кошуп коёбуз. (Германияда болсо)
Кол-кабыш кылган, үйүн кооздоп, даамдуу тамактарын жайган досубуздун Аллах ыраазы болсун!
Баары сонун жана унутулгус болду.
Ошо достор, сөзүмдү бүттүм😁.
Улантсам баарыңар “отписка” болуп кетпегиле.
Эртеңки күнгө ийгилик!
#Күндөлүктүнкүкүмү
🍁🍁
…Мына дүйнөгө келдик, кетип баратабыз,
Келип калып калгандар жок,
Топуракка түшкөндөн кийин кайра
чыккандар жок.
...Өзүңдү ушунчалык маанилүү сезбе,
Качандыр бир кезде унутулгандар бар,
бүгүн эстелген да жок.
..."Кандай болдум?" дебе,
... "Кандай болом?" деп ойлонуш керек.
...Бир карасаң, гүлсүн,
...Бир карасаң, күлсүн.
#белгисиз
Бүгүн бөлүндүм…
Биз бүгүн гриль жасап жалаң коллектив менен отурмакпыз. 1 жума мурун: “19-сентябрь болот. Сен эмне жейсиң? Сага эмне алдыралы?” дешип сурашты эле. Андай дегени: “Аны жебейм чочко экен, муну жебейм желатин бар экен, буга алкоголь кошулуптур” деп көп нерсени жебегенимден.
Коллегаларымдын дээрлик баары немистер. Бир гана мен анан дагы бир байке башка өлкөдөнбүз. Экөөбүз гана мусулманбыз. Азчылык кээде баары бир көпчүлүккө баш ийүүгө туура келет экен.
Бүгүн гриль жасаганы идиштерди алып келиптир. Карасам баары эле аралаш жасалат экен. Андан сырткары пиво, вино сындуу ичимдиктер себет, себет болуп келди.
Майрам болгондо баары бекер анан аябай көп-көптөн келет.
Тиги мусулман байке чочко жебегени менен башка нерселерди көп деле карабаган сындуу. Чочко жебейм дегендик, ал куурулган майга башка нерсени кууруса жей берем дегенге жатпайт. Алар үчүн нормалдуу көрүнүштөр биз үчүн көп убакта андай болбойт. Ойлонуп отуруп: “Мен бир аз эрте башталат дептирмин. Азыр сабагым болот эле. Жакшы отургула” деп келе бердим.
Эмнеге өзүмдү бөлүнгөндөй сезгенимдин мааниси бул адамдар менин Германиядагы 1-коллегаларым. Өтө, өтө жакшы, сонун инсандар. Чогуу отуруп майрамдоону чын дилден каалагам.
Бирок жөн эле аларды карап отура берүүгө чыдамым жетпеди.
Бөлүнүүнү туура көрдүм.
КРда иштеп жүргөндөгү майрамдарды эстедим. Адал эмес аны жебеш керек, муну жебеш керек деген ой болгон эмес. Анткени уюштуруучулар динден кабары бар, адал-арамга маани берген инсандар эле. Ошол убакта жөнөкөй ушундай нерселерди баалабаптырмын.
#Жумуштан
🍁🍁
„Чыгармачылык эмне?
Бул күн сайын эрте менен белгисиз сапарга чыгуу жана кечинде өзгөрүлүп кайтып келүү;
бул күн сайын эрте менен өзүңдү чачуу жана кечке жейин майда бөлүкчөлөрдөн кайрадан жыйноо;
бул өлүү, өлүмгө даяр болуу, күн бою ченемсиз өлүп, ченемсиз тирилүү;
бул сүйүү, тегерекке чачылган сүйүүнүн атомдорун жыйноо.
Жыйноо.
Чыгармачылык — бул жыйноо.
Жыйналган нерселерди айланага чачуу,
чыгарып салуу.
Сүйлөшүү — бул чыгармачылык,
текст жазуу — бул чыгармачылык,
тамак жасоо — бул чыгармачылык.
Дүйнө — бул улуу чыгарма. Биз улуу чыгарманын балдарыбыз.“
- Teliby
🍁🍁
Жашың өтүп баратат…
Жашың өтүп баратат, ооба, эмнеси бар экен?
Ушул сөздү айтарда адам эмнени ойлонот болду экен?
Кызык…
Эмнеге, кайда адамдар шашышат?
Эңсегени эмне? Өзүнүн жашоосун шаштырганы аз келгенсип эмнеге бирөөнүн жашоосу да өзүнүкү сымал болгону аракет кылдырат?
Сен шашып жашаган жашооңдо эмнеге жеттиң?
Байлык? Билим? Бакыт? Бала? Эмне?
Балким сенде баары бар, бирок ошол учурлардагы бакыт жок.
Мени да шаштырбагыла.
Мени күткөн өлүмгө тез барсам да, жай барсам да бир күндө жетем. Учурдан таппаган бакытты башка адам келсе эле табам деп эч ойлобойм!
Бирөө: “Сага окшоштурдум” деп жөнөтүптүр.
Башкалардын көзүнө ушундай түнү менен китеп окуган кызга окшоп көрүнөт окшойм.
Бирок андай эмес.
Окуганда окуйм, окубаганда жок.
Окшоштуруу үчүн чоң рахмат!
Бара калып китеп окуй калайын😄
🍁🍁
Жалгыздыкты сүйгөндөр үчүн күз-эң мыкты дос. Ал тынчтыкка чакырып, жүрөккө терең ойлорду алып келет.
🍁🍁
Текст курагым келди. Балким идея келип калат деп ар кайсы блогдорду окудум. Бирөөгө эле окшоштуруп жазып салгым бар, бирок кимге окшошууну биле албадым. Тагыраагы таппадым.
Мөндүрдөй төгүлүп, жамгыр сымал жаап салгым келет. Жазууда чек аранын болушун жактырбайм, бирок менде дайыма чек ара болгон. Бул өлөр өлгүмчө кайталат деп билем.
Көп темада жазгым келет. Күндө болсо күндө, сааттап болсо сааттап…
Өзүмдү тыям, тыюу керек!
Текст жазуу деле кээде машакат. Көп катталуучу болгондун да түйшүгү бар. Бардык адамга жага албайсың, бирок сага катталганы үчүн бир пайдаңды берүүнү көздөйсүң. Изденесиң, изилденесиң, кээде көчүрөсүн, кээде көчүрмө болосуң.
Каналдагы катталган кээ бир адамдардан өтө катуу уялам. Эмне үчүн катталды болду экен деп өтө көп жолу ойлонгом.
#тантырология
🍁🍁
Жарнама кызматы менде жок.
Бекерге да, акчага да, тааныш-билиш деп да албайм.
Туура түшүнөсүңөр деген ойдомун!
Бир балага жаңы китепти берип турсам ушул акыбалда кайтарды🥲
Май колдору менен кармаган, тактанын ордуна колдонгон, жамгырга таштап салган, суу колдору менен кармагандар😡🗿 (бирөөнүн китебин)
🍁🍁
Боорсокторду жасап бүттүм. Кечээ шефке:
Мен 1-жолу жасайм. Окшошпой калса башка нерсе кылабыз деп айткан элем. Бүгүн келип: “Жүрөгүң тынчтанып калдыбы?” дейт. А азыр башка кесиптештериме жедирбей кооруп отурат.😅
Аябай жактырышып эмне кошулгандарын сурашты. Кыргызстанда болгондо эч ким жебей койсо керек эле. Бирок бул жакта жакшы эле өттү🫶🏻
Азыр жарым сааттан кийин каймак менен берем. Андан соң презентация, кийин кыргыз бийи менен жыйынтыктайм.
Ошо, боорсоктон ооз тийип отуруп тургула✨
#Жумуштан
🍁🍁
Эртең Кыргызстанды жумуштагылар үчүн презентация кылганы жатам.
Бул жолкусунда катуу толкунданбай элемин.
Алардын эсинде калуусу үчүн улуттук бир нерсе жасайын дегем. Ар нерсени ойлонуп жатып “боорсокко” токтолдум. Анткени каарылар менен иштегеним үчүн чайнаганга оңой болуш керек эле.
Ылайым эле окшошсо экен деп жатам. Анткени “боорсок ташыгыч” статусунан “боорсокту өзү жасаган” дегенге чыга элек элем😂
Ичимден окшошпосо деле алар кандай болушун билбейт, эң негизгиси ичи бышсын деп отурам.
Түрк дүкөндөрүндө каймак сатылат. Боорсокту курук бербей каймак жанына кошоюн дегем. Тапшырмам аябай көп болгондуктан дүкөнгө барууга колум бошободу. Үйгө келип жанымда жашаган кызга:
-Каймак алайын дегем, бирок бошогон жокмун. Эртең эмне кылсам деп ойлонуп жатам.
-Мен барып алып келейинби?
-Чындаппы? Чарчаган жоксуңбу?
-Жок ай, ансыз деле бош жаткам.
-Ма ша Аллах. Чоң рахмат! Эгерде макул болсоң азыр акчасын берейин.
-Макул.
Көзүң чачырап турганда бирөөнүн күн сымал жанганы өзгөчө экен.
Ошо, анда эмесе ийгилик каалап койгула. Боорсоктор окшошсо силерге ооз тийгени салып жиберем😂
#Күндөлүктүнкүкүмү
🍁🍁
Кандай сонун насаат:
Дүнүйөнү жүрөгүңдө алып жүрбө, Аллах аны буттарыңдын астында жараткан.👣
🍁🍁
Китепти сөзсүз үндү чыгарып окуп туруу маанилүү экенин түшүндүм.
Үндү чыгарып окуганда басым туура коюлуп, интонация бир топ жакшырат экен.
Мен үндү чыгарып китеп окубайм. Ичимден окуганда аябай жакшы түшүнөм, бирок азыр экзаменге даярданып жатканым үчүн сырттан окуп, катуу-катуу сүйлөш керек болуп жатат. Үнүмдү чыгарып окуганга көнбөгөнүм үчүн таш баканын досу эле болуп жатам.
Же бир түшүнсөмчү?!
#Лайфхак
🍁🍁
Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөрбүз.
Эх,Ушул кездин баркын билбей кетербиз...
🍁🍁
Эгер мен моралист болуп китеп жазганымда,
жүз беттин токсон тогузун ак барак бойдон калтырмакмын
да акыркы бетине төмөндөгүдөй жазмакмын:
«Мен бир гана милдетти билем – ал сүйүү».
— Альбер Камю
🍁🍁
Болуп жаткан нерселердин баарын четке кагып, караңгы чоң китепканада жамгырдын тамчыларынын үнүн угуп, жаныма мышыгымды алып отурсам гана…
Эркек үчүн ыйлап, азап тарткан кыздарга
Тозокко түшүп калууну ойлоп, бир жолу ыйладың беле? Жок дегенде ойлоп койдуңбу бул жөнүндө? Тозокко түшүп калып, жылан, чаянга жем боло турганыңды эстеп, ыйлагандырсың?
"Аллах ыраазы эмес го, бул үммөткө эч нерсе кылган жокмун" деп көз жаш төктүңбү? Куран окуганды, жадагалса араб алфавитин билбегениңди ойлоп, ыйладың беле? Балким, намаз окубайм, же Ыйык Курандын бир да бөлүгүн жатка билбейм деп кайгырган чыгарсың?
Же кабырда периштелердин 3 суроосуна жооп бере албайм деп ыйладыңбы? Жок? Бирок кайдагы бир адам үчүн көз жаш төгүп жатасың го?
Сага Исламды үйрөтпөгөн адам үчүн. Жадагалса күйөөң боло элек адам үчүн. Сага Аллахты эстетпеген адам үчүн ыйлап... Сен дагы эле биринчи орунга Жаратканды эмес, кайдагы бир эркекти коюп, аны ойлонуп жатасың.
Ойлоруңду көзөмөлдөп, диниңди окуй баштоого убакыт келген чыгар?
Мүмкүн, Аллах эмне үчүн сага ал адамды бербей жаткандыгын ойлонушуң керектир? Жашоодо биринчи орунга 99 мыкты ысымдын ээси келмейинче, ыйың, кайгың токтобойт, кантип жашаш керектигин билбей өтүп кетесиң.
Бирок динге бекем болгон сайын, баары ордуна келет. "Эмне үчүн мени эч ким сүйбөйт?" деп ойлобо. Эмне үчүн бардык убакта Исламды биринчи орунга койбогонуңду ойлон.
Котормо
“Окуйм” деген сөз мырзаларды “иштейм” дегендей эле коркутуп калыптыр😅
Же азыр дароо “иштейм” деш керекпи?
🍂🍂
Ага жазылган эскерүүдө мындай дейт:
“Мен бул китепти сага белек кылам, бирок ал сен жана бардык буюмдарың менен бирге менин үйүмө кайра кайтып келет.” 📚🌷