kitepbilimbulagy | Unsorted

Telegram-канал kitepbilimbulagy - Китеп дүйнөсүнө саякат

4466

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. #Күндөлүк 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

Subscribe to a channel

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕰️🪵

“Адам өзүнүн кыял дүйнөсүнө чөмүлүп, ал жактан сулуулукту табат. Жазуучу да сүрөтчү сыяктуу эле, ар дайым сулуулукка умтулушу керек.”

📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

-Сен канча жашта элең?
-83
-Аии, сен жаш экенсиң го. Мен 93кө чыктым.

😅
Ушул диалогду угуп алып өзүмдү токтото албай күлүп жүрөм.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

📱Sleep Town - сиз уктаган учурда шаар курат) Уктай турган маалыңызды белгилейсиз жана ал учурда бир үй курулуп баштайт, жана сиз телефондун башка жагына кирип кете албайсыз. Антсеңиз үй кулап түшөт)

Эрте менен ойгоно турган убакытта өзү аябай жагымдуу мелодиясы менен будильник болуп ойготот. Эгер будильник болгон учурда "стопту" баспай койсоңуз, түнү бою курулган үй дагы кулап түшөт)

Дагы ойгонууну жеңилдетүү үчүн, будильникти укканда телефонду катуу силкүү функциясын да кошуп койсо болот. Мындайда эрте мененки будильникти угуп, өчүрө алуу үчүн телефонду силкип жатып аргасыз ойгоносуз😆

Бул тиркемени кечки саат 8-9 да коюп ошол бойдон телефон чукубаш үчүн колдонуп жаттым эле башында. Кийин окшошпой калды 🤣 Бирок азыр жок дегенде 11-11 жарымга койгону аракет кылып жатам.

Ошол убакыттан баштап уктабасаңыз да, жок дегенде телефонду карабоо үчүн жардам берет. Белгилүү болгондой, уктарга жакын 30 мин - 1 саат ичинде телефон колдонуу сунушталбайт, анткени уйкуну качырат.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

“Фрэнси окуганды үйгөнгөн учурдан баштап алдында бүтүндөй жаңы дүйнө ачылды. Эми ал дүйнө ага гана таандык эле. Ал жалгыздыктан, жакын досторду издөөдөн биротоло кутулду. Китептер анын досторуна айланып, ар бир убакта маанайына жараша китептер табылып турчу. Көңүлү бошоп, ички сырларын бөлүшкүсү келгенде поэзия бар эле. Зериккенде укмуштуу окуяларга толгон китептерди окуучу. Фрэнси чоңойгондо сүйүү романдарынын кезеги келди, эгерде башка бирөөнүн жашоосуна тереңирээк көз жүгүрткүсү келсе автобиографиялар бар болчу. Фрэнси окуганды үйрөнгөн ошол учурда бүт өмүрүндө күн сайын бир китеп окуйм деп өзүнө сөз берди.”

446/156

📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Китептен үзүндү:

“ – Санта-Клаус жок экенин мен так билем.

– Бирок балага аны сөзсүз айтып беришиң керек.

– Эмне үчүн? Эмне үчүн, эгер өзүм ишенбесем?

– Анткени «кыялдануу» деп аталган баа жеткис бир нерсе бар, ал балага абдан керек, – деп жөнөкөй жооп берди Мария. – Ар бир баланын өзүнүн сырдуу дүйнөсү болушу керек, жана ал дүйнөдө ал көрбөгөн нерселер жашайт. Ишенүү зарыл. Балалык ишенимден башталат. Эгерде биздин дүйнөдө жашоо кыйынга турса, ар дайым элестетилген дүйнөгө кайтса болот жана ошол дүйнөдө жашаса болот. Менин жашым канчага келсе да, алигече биздин ыйыктар жана алардын жасаган кереметтери жөнүндө ойлонуп, алардан күч алып жашайм. Ошол нерселерди ойлоп гана, жашоодо оорчулуктарга туруштук берип келе жатам.

– Кыз чоңоёт, чындыкты билип алат. Ал билгенде мен жалган айтканымды түшүнөт да, көңүлү калат.

– Бул жашоодон сабак алуу деп аталат. Өзүнүн тажрыйбасы менен үйрөнүү абдан маанилүү. Алгач бүт жүрөгү менен ишенет, анан көңүлү калат – бул дагы пайдалуу. Бул сезимдер адамды күчтүүрөөк, тереңирээк кылат. Ким билет, кызга кандай сыноо туш келет – балким, аны кимдир бирөө таарынтып, көңүлүн калтырат, бирок ал ушундай тажрыйбага ээ болуп, көңүл калууларга чыдай алган болот. Балаңды тарбиялап жатканда, унутпа, азап чегүү да пайдалуу нерсе. Бул адамды байытат”

📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Бүгүн марафондун 1-күнү.
17 бет окудум.
А бул китептен алынган үзүндү:

“-Апа, мен жашмын. Мен болгону он сегиздемин. Мен күчтүүмүн. Мен көп иштейм, апа.
Бирок менин балам мен сыяктуу гана болуп иштеш үчүн чоңоюшун каалабайм. Анын башка жашоосу болушун эңсер элем. Апа, эмне кылышым керек, эмнеден баштасам болот?

-Жалгыз гана ыкма – окуу жана жазуу. Сен окуганды билесиң. Ар күнү балаңа жакшы китептен бир беттен окуп беришиң керек. Ар күнү, кызың өзү окуганды үйрөнгөнгө чейин. Андан ары өзү окуп кетет. Мен бул эң туура жол экенин билем.”

📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

“Когда в животе пусто, и на улице дождь, и ты один дома, так приятно знать, что можно подкрепиться хоть чем-то, даже если это всего-навсего чашка черного и горького кофе”

📖 “Дерево растет в Бруклине”
🖊️ Бетти Смит

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Бүгүн Германияга Эрлан Андашев менен Өзгөрүш Абакиров келет.

Буюрса кыргыздар чогулуп жакшы чер жазып келебиз.

Кызыктуу нерселер болсо бөлүшөм✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Мага курбум көптөн бери күтүп жаткан китебимди салып жибериптир.
Ин ша Аллах өзгөчө тарыхы бар, классикалык чыгарма “Абай жолу” романын окууга киришип баштадым.

7/809 бет

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Кандай китеп окуп жатасыңар? Сүрөттөрдөн бөлүшкүлөчү🪄🕰️

Мен дагы кечээ китепканага барып күздүн күнүнө дал келген китеп алып келгем📖⏳

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

4600 адамдан 233 гана жооп келиптир. Менимче бул өтө эле аз.
Ушул жума дагы күтө турайын, буюрса кийинки жуманын 5-күнү жоопторго карата өз чечимимди билдирем🍂

А силер жогоруга чыгып жооп берип койсоңор сүйүнөм🫶🏻

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

📌Жакында канал аты алмашат…

Он жолу ойлонуп, толгонуп жатып каналымдын атын алмаштырууну туура көрдүм.
“Китеп дүйнөсүнө саякат” деген
аталышты 2021-жылы китепканага барып жүрүп кездештирген элем. Бир окуганда эле жүрөгүмдү ээлеп өзгөчө жылуулук тартуулаган. Жашоомдун акыркы суусун ичкенге чейин китептерге саякат жасайм, буюрса деп ушул аталыш менен атаган кербезим эле.
Аллахым насип кылып окурмандарды, бир максатташ, тилектештерди кезиктирдим. Ушул күнгө чейин мени менен бирге келе жатканыңарга ыраазычылык!

Эми буюрса дагы да алдыга жылып, брендге айланган аталышты силер колдосоңор алмаштырганы жатам.

Аталыш өзгөргөнү менен мазмун өзгөрбөйт. Болгону күндөлүк сыяктуу болуп мындан кызыктуурак боло баштайт.

Ии баса, активдүү алып барып баштагандан бери +100 катталуучу кошулду. Инстаграмды өчүргөнүмдүн эң чоң пайдасы🤫

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

⬆️
Тез-тез ушундай суроолорду берип турушум керек экен. Силердин окуп жатканыңарды көрүп мен дагы окууга кириштим.

Менин бүгүнкү мотивациям болдуңар🫶🏻🍂

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Сергей Поварниндин «Кантип китеп окуу керек» аттуу китебинин негизги идеялары:

1. Эмне үчүн китеп окуганды үйрөнүү керек

Поварниндин ою боюнча, китеп окуу — бул жөн эле механикалык процесс эмес, бул акыл-эс менен жасалуучу иш. Окурман терең түшүнүү менен окуганды үйрөнүшү керек, анткени ошондо гана китептин мазмунун толук түшүнүүгө жана андан пайда алууга болот.

2. Окуунун түрлөрү

Автор окуунун ар түрдүү жолдорун белгилейт:

Беткей окуу: бул жалпы маалымат алуу үчүн тез окуу.
Терең ойлуу окуу: тексттин мазмунун жана маанисин терең түшүнүү үчүн окуу.
Критикалык окуу: окуучу текстти талдап, автордун аргументтерин баалап, өзүнүн жыйынтыктарын чыгарат.

3. Терең ойлуу окуу ыкмалары

Поварнин эффективдүү окуу үчүн бир нече кадамдарды сунуштайт:

Алгач таанышуу: китептин аталыштарын, мазмунун, кириш сөзүн жана жыйынтыгын карап чыгуу.
Суроолор менен окуу: окуудан мурун өзүңүзгө суроолор коюп, тексттен ошол суроолорго жооп издеңиз.
Негизги ойлорду бөлүп көрсөтүү: автордун негизги идеяларын жана аргументтерин табуу жана талдоо.
Конспект жазуу: китептин негизги ойлорун жазып алуу менен билимди бекемдөө.

4. Критикалык ой жүгүртүү

Поварнин окууда критикалык мамилени өзгөчө белгилейт. Автордун айтканын туура деп кабыл албай, анын аргументтерин талдап, күчтүү жана алсыз жактарын изилдөөгө чакырат.

5. Автор менен диалог жүргүзүү

Автор китепти окуп жатканда “ички диалогду” жүргүзүп, суроолорду берип, автор менен макул же макул эмес болуп талкуу жүргүзүүнү сунуштайт. Бул окууну активдүү жана пайдалуу кылат.

6. Окугандын натыйжасын колдонуу

Окуунун маанилүү бөлүгү — бул алган билимди практикада колдонуу. Поварнин окуп гана койбостон, андан алган маалыматты жашоодо, окууда же иште кантип пайдаланууну үйрөнүү керектигин айтат.

Китептин негизги идеясы — китеп окуу активдүү процесс болушу керек. Окуу маалында алынган билимдерди терең ойлонуп, талдап, сын көз менен карап жана турмушта колдонуу зарыл.

#китепжөнүндө

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

«Күрөш – бул тарыхтын бир бөлүгү»

Эгерде сиз азыр кыйынчылыктардан өтүп жатсаңыз, эстен чыгарбаңыз – бул сиздин жолуңуздун ажырагыс бөлүгү. Өзүңүздү жоголгондой же чарчагандай сезүү табигый нерсе. Азыркы учурда башыңыздан өткөрүп жаткан нерселердин баары келечекте сиздин тарыхыңыздын маанилүү бөлүгү болуп калат жана сиз аларды сыймыктануу менен эстейсиз. Убакыт өткөн сайын дал ушул учурлар сизди күчтүү кылып, каалаган жериңизге жеткиргенин түшүнөсүз. Жеңилбеңиз – сиз өз тарыхыңызды жазып жатасыз✨

#Котормо

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🕰️🪵

Жалгыз дарак. Чоң көлөкө. Бутагыңа сүйөнүп,
Турам ойлуу тиктеп жолду кыял баскан түбөлүк.
Көзүн албай көңүл жазат алысты:
Туулган жерди, туугандарды,жакынды,
Жалбыракты, жашыл чөптү,
Таза сезим,тунук сүйүү, намысты.

Күүлөнүп жалбырак, ырлар дагы,
Угулат жерди көздөй ыргалганы.
Улутунам не бир жарым,
не бир толук бурулууга,
А бирде буулугууга.
Бир туруп жылуулукка,
Суктанып сулуулукка,
Баш ийем улуулукка.

Теңсинип дарагыма, керектей жарагыма,
Айланып жалбырагың жазуучу барагыма.
Денесиз көңүл сага дем жутуп таянууда.
Ыргалып жалбырактар,
Ыргалып мен,
Ыргалткан желде болсо
ырдалып сен, сыр катам мен.

🖊️ Айгерим Жолдошбек кызы

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Азыр көз жаш менен окуу, келечекте көз жаш менен айтылган “Аттиң!” сөзүнөн алда канча жакшыраак.

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Октябрь айы Кудайга шүгүр берекелүү өтүп жатат. Сентябрда бүтпөй калган 2 китеп менен кошо дагы 3 китепти бүтүрүп, "Окуса болот" экен го деп отурам😂

Бул үчүн мага жардам берген 2 тиркеме менен бөлүшкүм келип турат. Өзү буларды 10-класста жана хазырлыкта колдонот элем. Кийин айфонум барда таптакыр колдонбоптурмун. Бирөөсү, AppStore'до платный болчу) ошого болсо керек. Азыр кандай билбеейм, бирок Play Market'тен ар бир адам көчүрүп кеңири колдоно алат.

📱Forest - белгилүү убакытка таймер коюп, ал учурда тиркемеден дарак тигесиз, телефондун башка жагын колдоно албайсыз, эгер чыгып кетсеңиз, дарак өспөй калат. Таймер учурунда өөтө сонун токой жамгырынын үнүн жандырып алса болот🌧 Ызы-чуу жерде да, ошол үн менен телефонду ары коюп, китеп окуй бересиз 😍

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Жүз миң адам жашаган ушул шаарда,
Жакын таппай жалгызсың сырдашаарга…

🖊️ белгисиз

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Марафондун 2-күнү.
Бүгүн дагы 17 бет окудум. А азыр китептен алынган үзүндүнү (өзгөчө таасир калтырган) бөлүшөм⤵️

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

“Кел, бирге окуйбуз!” аттуу инстаграмдагы окурмандырым менен марафон башталганы турат.
Ин ша Аллах эртең марафон боюнча толук маалыматты чыгарам.
Силер дагы чогуу окуп, биз менен чогуу баштасаңар болот!

А азыр жакшы эс алгыла✨

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Неге мынча жаралгансың башкача?
Сенин дүйнөң аруу, жарык, таптаза.
Менин жашоом болот эле караңгы,
Көзүм сокур өтмөк сени таппаса.
Канча сени келет ырга көчүргүм,
Канча бирин бирок кайра өчүрдүм.
Неге мынча эбедейим эзилет,
Тийбесе экен сага көзүм өзүмдүн.

#концерттенүзүндү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

Урматтуу менин окурмандарым,
суроо калтырган жерге жообуңарды белгилеп кеткениңер үчүн ыраазычылык билдирем.
Жыйынтык көрсөткөндөй каршылык бир аз көбүрөөк добуш алды, бирок “аты маанилүү эмес” дегендердин жообун кабыл алуу менен канал аты ӨЗГӨРТҮЛДҮ.

Жаңы аталышын жана түшүндүрмөсүн азыр жөнөтүп коём.

Эски аталышы жүрөгүңөрдөн түнөк тапкандай жаңы аталышы да таап кетет деген үмүттөмүн!

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Галереямдагы акыркы тартылган 5 сүрөт
⤵️

Силер дагы жиберсеңер болот🪄

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

10.10.2024

Бүгүн балалыктан бери чогуу ойноп, чогуу чоңойгон досумдун, тууганымдын үлпөт тою. Өзүмдүн тоюм болгондой сүйүнүп жатам. Кичинебизде (7-8-класс болсок керек) ким биринчи турмушка чыкса 101 роза гүл белекке берет деп убадалаштык эле.
Мына ошол убаданы аткарган күн дагы келди.
Жанында болуп көйнөгүн оңдоп, жүрөккө жүрөк, демине дем болуп тура албаганым өкүнүчтүү, бирок жакшы тилектерим менен жаныңдамын.

Бактылуу бол, курбум!

#Күндөлүктүнкүкүмү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Бүгүн жумушта эң жакшы көргөн коллегамдын туулган күнү.

Жазган катымдан үзүндү: „Сенин кофе жакшы көрөрүңдү билем жана ар дайым кофе ичкениңде мени эстейсиң деп үмүттөнөм. Качандыр бир кезде мен бул жактан кеткенде, бул кружка сенде калат жана ал сага сен ар бир күнү мага берген жылуулуктай жылуулукту берип турат деп ишенем!” ☕️

#Күндөлүктүнкүкүмү

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Жалпыңарга суроо:

“Мен үйдө декретте отурган келинмин. Мага мотивация бере турган китеп керек. Кандай китеп окусам болот, же болбосо мотивацияны кай жерден алсам болот?”

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Бүгүнкү күндү кандай өткөрдүңөр?
Сүрөттөрдөн бөлүшсөңөр болот.

Күздү кандай өткөрүп жатасыңар?

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Кечээ отуруп мектепте иштеген күндөрүмдү эстегем. Чындыгында ары оор, ары өзгөчө, ары ар тараптуу күндөрдү баштан өткөргөм. Мугалимдик кесип каныма сиңип атамдан өткөн. А атама чоң атамдан. Ата кесибин аркалаган жалгыз мен болдум. Бул үчүн сыймыктанам!

Бүгүн ошол “агартуу” тармагында кызмат кылгандардын майрамы экен.
Чын жүрөктөн куттуктайм. Бул кесип (мугалим болуу) чынында оор. Сенин сөзүң эле эмес, сенин баскан-турганың да окуучу үчүн үлгү болот.
Врач туура эмес үкөл сайса бир адам өлөт, сот туура эмес чечим чыгарса бир адам камалат, а эгерде мугалим туура эмес таалим-тарбия берсе баары өлөт.
Бул дегеним кыйыр мааниде мугалимдин 1 сааттык сабагы 25-30 окуучуга таасир этет.
Жакшы окута албаса баарынын келечектеги тагдырына түздөн түз өз кедергисин тийгизет.
Оор кесипти аркалап, тамга таанытып, дүйнөнү ачып жаткан мугалимдерге- ДАҢК!

Ин ша Аллах убакыт келсе сөзсүз кайрадан мугалим болуп эмгектенем. 4 жыл ойноп билим албадым.
Билимимдин акысын, чет өлкөдөн топтогон тажрыйбаны окуучуларга берем.

Мугалим болгонума дагы бир жолу сыймыктандым.
Мурда уялып “мугалиммин” дейт элем. А азыр башты көтөрүп сыймыктануу менен “Мугалиммин” дейм.
Адашуудан, билбей калуудан уялбайм!
Мугалим баарын билгени үчүн мугалим эмес, тескерисинче ар дайым изденүү үстүндө жүргөнү үчүн мугалим.

Майрам кут болсун!

#Мугалим

Читать полностью…

Китеп дүйнөсүнө саякат

🍂🍂

Кайсы классикага айланган чыгарма унутулгус болуп эсиңерде калган жана эмне үчүн?

Менде “1984.”
Ар дайым эстегенде мени бирөө аңдып жүргөндөй сезиле берет. Коркуп кетем.

Читать полностью…
Subscribe to a channel