🕯️
Гүлдөр сүйүүнүн котормочусу. Ал бардык тилде сүйлөйт жана баары аны түшүнөт.
#котормо
🌬️🌨️
Кыш.
Кош келдиң!
Жаратылышты үшүткөндөй, сезимдерди үшүтпө!
Сезимдерге жаабасын аппак карың…
Адамдар эмнеге бири-бирине кыйкырат, бакырып сүйлөшөт?
Адатта биз кимдир бирөөгө үнүбүздү жеткире албай калганда, өзүбүздүн оюбуз башкасына угулбай калганда же каршыбыздагы адам бизди түшүнбөй калганда кыйкырып сүйлөйбүз. Бул табигый реакция, керек болсо наристелер дагы көпкө чейин анын ыйлаганына реакция болбой калса, кыйкырып жиберишет.
Мамиледе дагы ошондой. Эгер бир адам башкасына үнүн бийик чыгарып сүйлөп же кыйкырып жатса, демек, тиешелүү адамга үнүн, оюн, сезимдерин билдире албай жатат.
Себеби айрым учурда сөз таасирдүүлүгүн жоготот, бул учурда эмоция жардамга келет. Адамдар кыйкырып, сөгүнүп, ыйлап дагы жибериши мүмкүн. А эгер кыйкырып дагы түшүндүрө албай жатса, кээде дене реакция кылып жанындагы адамды уруп, түртүп жибериши ыктымал.
Эгер сиз бирөөгө кыйкырып жатсаңыз же үнүңүздүн катуу чыгып жатканын байкасаңыз же сизге ошондой мамиле кылынса, шашпай ойлонуңуз. Балким кимдир бирөө жетиштүү деңгээлде сөз менен өзүн түшүндүрө албай жаткандыр…
🕰️🪵
Германияда белек берүү: Эмне маанилүү?
Германияда бирөөгө белек берүүнүн алдында айрым нерселерге көңүл буруш керек. Немистер кымбат же чоң белектерден көрө ойлонуп тандалган жана өзгөчө белектерди жогору баалашат. Бул көп акча коротуп эмес, тескерисинче белек аркылуу ал адамга сый-урмат жана көңүл бурууну билдирүү.
Мисалы:
• Өз колуң менен жасалган белектер:
Өзүң даярдаган белектер ар дайым популярдуу, анткени ал белектер сенин аракет кылганыңды, ал адам тууралуу ойлонгонуңду көрсөтөт.
🥧 Үйдө бышырылган печенье же торт
💌 Кол менен жазылган куттуктоо каты
💡 Кол өнөрчүлүк буюмдары же кичинекей жасалгалар
• Жакшы убакытты белек кылуу:
Материалдык нерселердин ордуна көпчүлүк бирге өткөргөн жагымдуу учурларга сүйүнөт. Мисалы:
🔖 Концертке билет сатып алуу
🍝 Чогуу тамактануу
⛰️ Экскурсия же саякатка чакыруу
• Сатып алынуучу белектер:
Эгерде белек сатып ала турган болсоң, сапаттуу жана ойлонуп тандалган нерсе болушу керек. Мисалы:
🍻 Аймактык вино же өзгөчө сыра (пиво)
🍫 Сапаттуу шоколад
📖 Китеп (эгер адамдын кызыгуусун билсең)
• Гүл же шоколад берүүдө этият болуу керек.
🌹 Гүлдөр классикалык белек деп эсептелгени менен аларды туура тандоо маанилүү. Мисалы, кызыл розалар көбүнчө сүйүүнүн символу.
Андан сырткары бир немис таанышым айткан эле: “Гүл-бул белектин эң жөнөкөй түрү. Анткени гүл берүүдө ашыкча ойлонуунун кереги жок. Барасың, аласың анан болду.”
🍫 Шоколад болсо жөнөкөй эмес жогорку сапатта болушу керек.
• Белекти таңгактоо:
🛍️ Германияда белекти таңгактоо (ороо) өзгөчө маанилүү. Белек кооз жана кылдат таңгакталган болсо, чын жүрөктөн берилгенин көрсөтөт.
❗️эң негизгиси – белектин баасы эмес, анын мааниси. Белек менен адамга кам көргөнүңдү жана сыйлаганыңды көрсөтүү.
#Кызыктуумаалымат
🕰️🪵
Мына, көптөн күткөн 21 күндүк “Келгиле, бирге окуйбуз!” аттуу китеп окуу марафонубуз жыйынтыкталып отурат. Башында 30дан ашуун адам катышкысы келген каалоосун, окуй турган китептерин айтты эле. Акырына келип 5 манжа менен санап коё турганчалык эле кыздар жетип отурат. 21 күн бир күн дагы калтырбаган, дайыма окуган арабыздан 1 кызга атайын белек жөнөтүү ниетимде бар эле. Ин ша Аллах 1 айдын ичинде сөз берген белегимди жөнөтөм.
Албетте, китеп белек алуу үчүн окулбайт, бирок ар бир аракеттин жемиши болот. Анткени мен дагы 21 күн такай окуй албадым. Дисциплина менен ар күнү калтырбай андан сырткары дайыма китептен алган таасир менен бөлүшүп туруу эмгекти талап кылат.
🔺 Мен зуумдан чогулалы деген элем, бирок саатыбыздагы (5 саат арттабыз) аралык үчүн уюштура албадым. Ин ша Аллах кийин мындай марафон болуп калса бул нерселерди кайталабаганга аракет кылам. Акыңарды адал кылгыла. Мен дагы сөзүмө тура албадым.
📌 Марафонго катышкандар өз пикириңерди калтырсаңар болот.
Канча китеп бүттү? Күндө окуу адат сымал айлана баштадыбы? Эмне пайда алдыңар? Эгерде силер марафон уюштурсаңар эмнени өзгөртмөк элеңер?
🕰️🪵
Тил үйрөнүү-талант
📖 Чынында эле тил үйрөнүү талантпы?
Менин жообум: Ооба
анан жок.
Эмнеге мындай ойго келдим? Анткени немис тили курсунда окуп жүргөндө кээ бир студенттер аябай бат сиңирип, бат өздөштүрүүчү. Мисалы мен 2-3 саат бөлгөн тапшырманы алар 1 саатта бүтүрүүчү. Бул дегени кээ бир адамдар тил үйрөнүүгө болгон шык, талант менен төрөлөт.
Бирок⤵️
Эгерде тынымсыз окуу, аракет жок болсо ошол шык жана жөндөмдүн пайдасы деле тийбейт.
Кээ бир адамдар аябай оорчулук менен бир тилди үйрөнөт. Арасына мен дагы кирем. Башында талант деп ойлоп жүргөм. Анткени немис тилин үйрөнүп жатканда өтө оорчулук менен сүйлөп баштагам. Оюмда “Колумдан келбейт! Үйрөнө албайм го, же окубай эле койсомбу? Эмнеге сүйлөй албай жатам?” деген сүйлөмдөрдүн жыйындысы бар болчу, бирок талыкпас аракет, убакыт менен жакшы эле жыйынтыкка жетип отурам. Тил үйрөнүү талант эмес. Ар бир адам үйрөнө алат дегенге менин тажрыйбам мисал боло алат.
Ар бир адам үйрөнө алат. Убакыт менен сүйлөй дагы алат. Болгону шыктуулардан караганда эки эсе көп окуп, эки эсе көп убакыт бөлүш керек.
Бирөөгө эмес, өзүңдү өзүңдүн башталышыңа салыштыруу жакшы жыйынтык берет. Мисалы, “Нурзат, карачы, башында сен бир текстти 1 саатта окуйт эле. Ошол эле убакта түшүнүү 2-3% болчу. А азыр 50-60% га жетти. Батыраак окуп калдың” деген сыяктуу. Бул салыштыруу дагы да сага дем берет. Алдыга өстүрөт.
Немис тилин окуп жатсаңар силерге ийгилик каалайм!
Сенин колуңдан келет,берекем✨
🕰️🪵
21 күндүк “Келгиле, бирге окуйбуз!” марафону үчүн тандалган китепти кечээ окуп бүттүм.
Өзгөчө сезимдер, ар түрдүү абалдарды жашадым.
А азыр ошол китеп тууралуу кыскача маалымат менен бөлүшөм.
Балким силер үчүн күздүн күнүндө жылуулукка бөлөгөн роман болот.
Алдыда калган 1 жума үчүн дагы башка китеп тандандым. Аны да айтам буюрса🌸✨
🕰️🪵
Кыш. Түн узун. Ошондо 1-жолу кар жааган эле.
Сырт бака-шака.
Балдардын карга болгон сагынычы басылгандай. Караңгыга карабай көчөдө катарынан тизилген асма шамдардын жарыгында жаштардын ызы-чуусу кулакты жаңыртып өтөт.
Шамал анда-санда шуу-шуу… Денени дүүлүктүрүп ууу-ууу.
Меште жагылган оттун жалыны сыртты да, бүт дүйнөнү да жылытып сала тургандай дуулдап күйөт.
А менчи?
Меничи?
Жок, муздаган жүрөктү жылыта албай жатат. Жүрөк муздап жатат. Дене-бой бири-бирине жармашып ысыйт, жүрөк муздап жатат.
Ошол билдирүү, ошол “Урматым менен” деп аста-секин жазылган сүйлөмдүн аягы, ошол акыркы сөз, ошол коштошуу…
Балдардын бака-шакасы да, оттун дуулдап күйгөнү да, жүрөктүн муздап жатканы да мааниге ээ болбой калды.
Мээде “Баары бүттү! Бүттү!” деген сөздөр домбуранын катуу үнүндөй эки жагыңа согулат. Катуу согулат. Катуу согулат. Жүрөк муздап жатат…
15.01…..
🕰️🪵
Адамга "аруу сүйүү" жетиштүүдүр:
арналып ал тарапка кеткениңе...,
айыпсыз акыреттик дептериңе.
Сүйүүсүз, балким, баары кейиштүүдүр.
Чыныгы сезим менен бейишти кур!
🖊️ Айгерим Жолдошбек кызы
“Германияга кантип кеттиңиз?” суроосуна бүгүн инстаграм баракчамдын тарыхчасында жооп бердим.
Кызык болсо кирип окуп алсаңар болот.
Аккаунт: nurz.askarova
🕰️🪵
Жалгыз дарак. Чоң көлөкө. Бутагыңа сүйөнүп,
Турам ойлуу тиктеп жолду кыял баскан түбөлүк.
Көзүн албай көңүл жазат алысты:
Туулган жерди, туугандарды,жакынды,
Жалбыракты, жашыл чөптү,
Таза сезим,тунук сүйүү, намысты.
Күүлөнүп жалбырак, ырлар дагы,
Угулат жерди көздөй ыргалганы.
Улутунам не бир жарым,
не бир толук бурулууга,
А бирде буулугууга.
Бир туруп жылуулукка,
Суктанып сулуулукка,
Баш ийем улуулукка.
Теңсинип дарагыма, керектей жарагыма,
Айланып жалбырагың жазуучу барагыма.
Денесиз көңүл сага дем жутуп таянууда.
Ыргалып жалбырактар,
Ыргалып мен,
Ыргалткан желде болсо
ырдалып сен, сыр катам мен.
🖊️ Айгерим Жолдошбек кызы
🍂🍂
Азыр көз жаш менен окуу, келечекте көз жаш менен айтылган “Аттиң!” сөзүнөн алда канча жакшыраак.
Октябрь айы Кудайга шүгүр берекелүү өтүп жатат. Сентябрда бүтпөй калган 2 китеп менен кошо дагы 3 китепти бүтүрүп, "Окуса болот" экен го деп отурам😂
Бул үчүн мага жардам берген 2 тиркеме менен бөлүшкүм келип турат. Өзү буларды 10-класста жана хазырлыкта колдонот элем. Кийин айфонум барда таптакыр колдонбоптурмун. Бирөөсү, AppStore'до платный болчу) ошого болсо керек. Азыр кандай билбеейм, бирок Play Market'тен ар бир адам көчүрүп кеңири колдоно алат.
📱Forest - белгилүү убакытка таймер коюп, ал учурда тиркемеден дарак тигесиз, телефондун башка жагын колдоно албайсыз, эгер чыгып кетсеңиз, дарак өспөй калат. Таймер учурунда өөтө сонун токой жамгырынын үнүн жандырып алса болот🌧 Ызы-чуу жерде да, ошол үн менен телефонду ары коюп, китеп окуй бересиз 😍
🕯️
Көп нерсеге шүгүр кылам. Алардын ичинен бай ата-эненин кызы болбогонума, жаштагымда мен каалаган нерселердин баарын кылганга мүмкүнчүлүк жок болгонуна өзгөчө кубанам.
Билесиңерби эмнеге?
Анткени ошол нерселерди азыр өзүм кылам. Албетте Аллахтын жардамы менен)
Дегим келгени өз күчүм жана билимим аркылуу. Кыйналып жеткен ар бир нерсенин кадырын билем. Даамдуу тамак болобу, жаңы шаар, же жаңы хобби болобу ушундай сонун бакыт тартуулайт, эмоция берет. Бир нерсени үйрөнсөм өтө кубанам.
Немистер жаш кезинен музыкалык аспаптарда кол ойноп, сууга сүзүүнү, гимнастиканын түрлөрүн, мектепте колдон ар нерселерди жасаганды үйрөнүшөт экен. Булар үчүн жөнөкөй болгон нерселердин дээрлик 70% дан ашууну мен үчүн жаңы нерсе, түшүнүктөр.
Алар нааразы болуп кылгысы келбей жатканда мен кубануу менен кылам.
Анткени ал жашоо анын жөнөкөй турмуш күндөлүгү болсо, а бирөөнүн кыялыдыр✨
Аллахым, сен баарын билүүчүсүң! Ушул жашоомлу, ушул жагдайда жаратканыңа ыраазымын! Билем, алдыда далай ашуу, далай узун жолдор бар, бирок баарында сенин Даанышмандыгың дагы бар.
Жакшы эс алгыла,сүйүктүү окурмандарым✨
🕰️🪵
Сен мухиттеги бир тамчы эмессиң, сен тамчы ичиндеги бир мухитсиң.
💧🌊
🖊️ Аз.Мевлана
🕰️🪵
Гүл болуп айланага жылмаюу тартуулаганга сөз бер.
Топурак болуп төбөсүнө көтөрүп жүрө тургандар өзү табылат.
🖊️ Аз.Мевлана
🕰️🪵
Германияга жаңы келгенде белек берүү маданиятын түшүнбөй аябай кыйналгам. КРны элестетип кымбатыраак, жакшыраак көрүнгөн нерселерди издей баштагам, же жөн гана роза гүлү (же башка гүл). Айтор ар нерсени белек кылып жатып акырында эмне жактырышарын байкадым.
Анан дагы жакын немис тааныштарымдан сурадым.
Силерге ушул темада пост даярдап жатам.Буюрса бүгүн бөлүшөм✨
🕰️🪵
Жогорудагы сүрөттөр Фленсбург шаарынан тартылган. Азыр өргүүдө (отпуск) болгонум үчүн досторумдун үйүнө барып кыдырып жүрөм.
📌 Силерге жакшы жаңылыкты бөлүшүп коюну туура көрдүм.
Катталуучуларым тарабынан “Блог алып баруу, телеграм канал” тууралуу көп эле суроолор келип турат. Ошондуктан курбум экөөбүз ушул темада подкаст жаздырдык.
Азыр телеграм каналын бөлүшүп коём.
Подкаст чыкканда суроолоруңарга жооп ала аласыңар деген үмүттөмүн.
/channel/KyrgyzchaPodcast12
Курбум:
🖇️ Германиядагы жашоо
🖇️ Тил үйрөнүү
🖇️ Айти
🖇️ Дин ж.б кызыктуу темаларда кыргызча подкасттарды чыгарып турат.
Кирип угуп турсаңар болот.
#Пайдалууканал
🕰️🪵
«Дерево растет в Бруклине» — Бетти Смиттин чыныгы жашоо жана чыдамкайлык тууралуу жазылган терең жана таасирдүү романы.
📖 1943-жылы жарык көргөн бул чыгарма өткөн кылымдын башында Бруклинде жашаган кедей үй-бүлөдөн чыккан Фрэнси Ноландын жашоосу жана өспүрүм куракта алдыга койгон максаттары тууралуу баяндайт.
📖 Китептин башкы идеясы — анын кыйынчылыктагы жашоо-өмүрү, өз ордун табуу аракети жана бардык тоскоолдуктарга карабай өз кыялдарын ишке ашырууга болгон ишеними жатат.
📖 Фрэнси жакырчылыкта чоңоёт, ал эми анын үй-бүлөсү көптөгөн көйгөйлөргө туш болот: атасы Джонни — боорукер, бирок алсыз мүнөздөгү адам болуп, акырындык менен алкоголдук көз карандылыкка кабылып калат; апасы Кейти — күчтүү аял, үй-бүлөнү жалгыз багууга аргасыз. Бирок дал ушул оор шарттарда Фрэнсинин билимге жана жакшы жашоого болгон кызыгуусу күчөп, жашоодо алдыга умтулушуна негиз берет.
📖 Романда ошол мезгилдеги Бруклиндеги турмуш-тиричиликти кылдат сүрөттөгөн деталдар арбын. Фрэнсинин күндөлүк байкоолору аркылуу автор ал учурдун атмосферасын берет. Коңшулардын жашоосу, майда кубанычтар жана кайгылуу учурлар, жөнөкөй турмуштун ар түрдүү өңүттөрү окурманды ошол чөйрөгө тартып, каармандар менен бирге күнүмдүк турмушту жашап көрүүгө мүмкүндүк түзөт. Окурман Фрэнси менен бирге кубаныч жана кайгыга ортоктош болуп, адабият дүйнөсүн ачып, анын терең чындыктарын аңдап түшүнөт.
📖 Романдын негизги идеясы — бул кыялдарга жана өз күчүңө ишенүү. Жокчулук жана кыйынчылыктарга карабай, Фрэнси өзүнүн турмушун өзгөртүп, келечектен жакшы нерселерди үмүттөнүүгө толук ишенет. Смит адамдар кандай кыйынчылыкта болбосун, «дарак» сыяктуу катаал шарттарда өсүп-өнүгө аларын көрсөткөн.
🌴 «Бруклинде дарак өсөт» — бул үмүттү жоготпоо керектигин үйрөткөн чыгарма. Бетти Смиттин бул романы америкалык адабияттын классикасы катары таанылган, анткени ал чын дилинен жазылган жана окурманды чыдамкайлыкка, алдыга умтулууну, максатка карай кадам таштоону үйрөтөт.
Кыстырма: бул китеп Германияда да немисче которулуп, бул жакта да белгилүү болгон китептер арасына кирет экен.
✨ Роман жартылай автобиография болгондугу үчүн өзүнө тартып, чыныгы окуялар менен өзүнө байлайт.
Өтө жеңил жазылганы үчүн жеңил түшүнүүгө болот.
📖 “Кимге сунуштайсың?” деген суроо келсе 14-15 жаштан баштап окуучулар, студенттер окуса болот демекмин. Менин пикиримде аларга дагы да мотивация болот.
📖 Баалоо: 10/8
#китепжөнүндө
🕰️🪵
“Люди считают, что счастье - это несбыточная вещь, - думала Фрэнси,
- Что найти его трудно, едва ли возможно. Но ведь сущие мелочи могут сделать счастливым: крыша, когда идет дождь, чашка крепкого кофе, когда устал, сигарета после обеда, хорошая книга, когда ты одинок, а еще быть рядом с тем, кого любишь. Вот это и есть счастье"
📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит
🕰️🪵
Бүгүн “Келгиле, бирге окуйбуз!” аттуу марафондун 12-күнү. Дизайнды жасап жатканда 10-күндү адашып 11-күн деп жазып алыптырмын.
Ошого бүгүн 13-күн деп турат.
Адаттагыдай жумуш убагында китеп окуп жаткам. Бүгүн телефонумду үйдө калтырып, китебимди гана көтөрүп кеттим эле. Болбосо бошоп калсам эле инстаграм, телеграм болуп отура берет экенмин.
Китептин эң кызык жерлерине, б.а аягына келип калдым. Бир жерине аябай катуу таасирленип ыйлап жатсам коллегам келип калса болобу?
Адатта алар дайыма күлүп жүргөнүмдү гана көрүшөт.
-Эмне болду? Баары жакшыбы?
-Ооба, кайгылуу окуяны окуп алып ыйлап жатам.
-Жер жүзүндө андай окуялар көп болот.
Же ал эмне дешин билбейт, же мен…
Башкача ситуация экен.
12-күнгө келгенде бир романдын аягына келип калганы адамды бактылуу кылбай койбойт. Жамаатта береке болуп калтырбай окууга аракет кылып жатам.
Өзүмдү урушпай, күндө окуп жатканымды кубануу менен кабыл алып жатам.
Силерде кандай болуп жатат?
🕰️🪵
“Адам өзүнүн кыял дүйнөсүнө чөмүлүп, ал жактан сулуулукту табат. Жазуучу да сүрөтчү сыяктуу эле, ар дайым сулуулукка умтулушу керек.”
📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит
🍂🍂
-Сен канча жашта элең?
-83
-Аии, сен жаш экенсиң го. Мен 93кө чыктым.
😅
Ушул диалогду угуп алып өзүмдү токтото албай күлүп жүрөм.
📱Sleep Town - сиз уктаган учурда шаар курат) Уктай турган маалыңызды белгилейсиз жана ал учурда бир үй курулуп баштайт, жана сиз телефондун башка жагына кирип кете албайсыз. Антсеңиз үй кулап түшөт)
Эрте менен ойгоно турган убакытта өзү аябай жагымдуу мелодиясы менен будильник болуп ойготот. Эгер будильник болгон учурда "стопту" баспай койсоңуз, түнү бою курулган үй дагы кулап түшөт)
Дагы ойгонууну жеңилдетүү үчүн, будильникти укканда телефонду катуу силкүү функциясын да кошуп койсо болот. Мындайда эрте мененки будильникти угуп, өчүрө алуу үчүн телефонду силкип жатып аргасыз ойгоносуз😆
Бул тиркемени кечки саат 8-9 да коюп ошол бойдон телефон чукубаш үчүн колдонуп жаттым эле башында. Кийин окшошпой калды 🤣 Бирок азыр жок дегенде 11-11 жарымга койгону аракет кылып жатам.
Ошол убакыттан баштап уктабасаңыз да, жок дегенде телефонду карабоо үчүн жардам берет. Белгилүү болгондой, уктарга жакын 30 мин - 1 саат ичинде телефон колдонуу сунушталбайт, анткени уйкуну качырат.
🍂🍂
“Фрэнси окуганды үйгөнгөн учурдан баштап алдында бүтүндөй жаңы дүйнө ачылды. Эми ал дүйнө ага гана таандык эле. Ал жалгыздыктан, жакын досторду издөөдөн биротоло кутулду. Китептер анын досторуна айланып, ар бир убакта маанайына жараша китептер табылып турчу. Көңүлү бошоп, ички сырларын бөлүшкүсү келгенде поэзия бар эле. Зериккенде укмуштуу окуяларга толгон китептерди окуучу. Фрэнси чоңойгондо сүйүү романдарынын кезеги келди, эгерде башка бирөөнүн жашоосуна тереңирээк көз жүгүрткүсү келсе автобиографиялар бар болчу. Фрэнси окуганды үйрөнгөн ошол учурда бүт өмүрүндө күн сайын бир китеп окуйм деп өзүнө сөз берди.”
446/156
📖 Дерево растет в Бруклине
🖊️ Бетти Смит