onuktur | Unsorted

Telegram-канал onuktur - Пайдалуу маалымат

4211

Subscribe to a channel

Пайдалуу маалымат

Мамлекеттин негизги байлыгы бул жер алдындагы кен эмес, жер үстүндөгү эл. Андыктан, жалпы эл билимдүү, ар-тараптан өнүккөн, ыймандуу, ой-жүгүртүүсү, дүйнө таанымы терең, б.а. сапаттуу болгондо гана мамлекет өнүгүүнүн жолуна түшө алат. Тактап айтканда, эл кандай болсо мамлекет дагы ошондой болот. Ал эми жалпы элди өнүктүрүүнүн, өзгөртүүнүн, көңүлүн кайсы бир маселеге буруунун бир жолу бул социалдык жарнамалар. Кыска жана таасирдүү тасманын жардамы менен көп түшүнүктү берип, жакшы натыйжага жетүүгө мүмкүн.

Өлкө башындагылар, парламентте отургандар казино ачып, акча табууну гана көздөбөй, элдин сапатын көтөрүүнү ойлонуп, руханий байлыкты арттырууга көңүл бурушса жакшы болмок. Болбоду дегенде ар бир уюмга, мекемеге, компанияга бирден социалдык жарнама тартып жайылтууга тапшырма бергенде чоң пайда болсо керек.

Бул тууралуу сиздердин оюңуздар кандай билдире кетиңиз.

Төмөндө болсо таасирдүү социалдык жарнамалардын бирине көңүлүңүздү бурам.

Баса, биздин youtube каналга дагы жазыла кетиңиз. 👇 👇 👇

https://youtu.be/su_p1WZUQ2I

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Жашооң ойдогудай болбой жатса күнөөлүүлөрдү сырттан издебе. Баардык чектөөлөр, негативдер, жамандыктар өзүңдүн башыңда гана. Сенин эң чоң душманың - өзүңдүн ойлоруң. Оюңду ирээттей алсаң жашооң дагы ирээтке келет.

Өзгөрүү өзүңдүн гана колунда, тагыраагы, башыңда.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

😍😍😍
Тасмага тартпай туруп айтып бергенде "Өрдөктөрдү учурбачы" демек экенбиз да 😏

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР каналы сунуштайт:

"Жакшы жазган авторлордун китептерин окуу менен жакшы сүйлөөнү адат кыласың". Вольтер.

"МАРКУМДАР ҮНҮ" чыгармасын окууга түрткү берүүчү 10 себеп:

1. Чыгарма ойдон чыгарылган эмес, реалдуу жашоодо болуп өткөн окуяларды камтыйт.

2. Тарыхый чыгарма катары кароого мүмкүн, б.а. романды окуу менен бирге советтик Кыргызстандын тарыхын дагы терең түшүнүүгө болот.

3. Автобиографиялык чыгарма. Кыргыздын алгачкы сүрөтчүсү Гапар Айтиевди жакындан таанууга шарт түзөт жана окурман сүрөтчүнүн тагдырын жашап өтөт.

4. К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, А.Осмонов, Т. Сыдыкбеков сыяктуу кыргыз агартуучуларынын жашоосуна башка ракурстан кароого мүмкүнчүлүк берет. Алардын студент кездери, теңтуштар арасындагы кылыктары, чыгармачылыктагы кыйынчылыктары тууралуу мектептен кездештирбеген уникалдуу маалыматтарды тартуулайт.

5. 1937 жылдагы репрессиянын келип чыгышынын себебин түшүндүрөт.

6. Оңой окулуп, жеңил түшүндүрө алган чыгарма.

7. 2-3 күндүн ичинде окуп бүтүрүүгө мүмкүн.

8. Чыгарманын "даамы" бир топко чейин көкүрөктө сакталып, көпкө чейин таасирин жоготпой жүрөт.

9. Автордун башка чыгармаларын дагы окууга кызыгуу пайда кылат. Ал эми, өзүнөн кийин башка чыгарманы окууга түрткү бере алса, демек, чындыгында ал мыкты чыгарма.

10. Сиздин жактырган чыгармаңызга айланышы толук ыктымал жана башкаларга сунуш кылууга дагы татыктуу.

"Маркумдар үнү" китебин баардык китеп дүкөндөрүнөн сатып алып окуңуз. Электрондук версиясы жок!!!

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР! 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Көпчүлүгүбүз максат кылган өзүн өнүктүрүү иши акылды өнүктүрүү, дүйнө-таанымды өнүктүрүү, билимди өнүктүрүү, тажрыйбаны өнүктүрүү, шыкты өнүктүрүү, денени өнүктүрүү, ыйманды өнүктүрүү... деген сыяктуу бөлүмдөрдөн турат.

Ар тараптан өнүккөн адам болуу үчүн ушул бөлүмдөргө түгөл маани берип, булар бири-бирин колдоп-коштоп, толуктап тураарын билүүбүз зарыл. Ал эми жаңы гана кирип келген берекелүү Рамазан айында убактыбыздын, аракетибиздин, мээнетибиздин басымдуу бөлүгүн ыйманыбызды, диний жоопкерчилигибизди, исламий илимибизди өнүктүрүү үчүн эң ылайыктуу мезгил. Бул мезгилде жашообузда, убактыбызда береке кадимкидей сезилип, койгон максаттарды орундатууга чоң өбөлгө түзөт.

Андыктан, алдыдагы бир ай үчүн төмөндөгүдөй иштерди аткаруу койгон максатыбызга ылайыктуу болот:
- Кураны Каримди арап тилинде толук окуп чыгуу (хатм кылуу)
- Окуганды үйрөнө элек болсок арап алиппесин үйрөнүү жана ушуну менен бирге Курандын кыргызча маанисин толук окуп чыгуу
- Беш убакыт намазды баштай элек болсок Орозонун таасири менен баштап, улантып алып кетүү.
- Мухаммад пайгамбарыбыздын (С.А.В.) өмүр таржымалын окуп чыгуу
- Дин аалымдарынын сабактарына катышуу
- Каза намаздарды колдон келишинче толуктоо
- Эже-карындаштарыбыз жоолук салынып, денесин чоочун эркектерден коруганды үйрөнүү ж.б.

Намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, жоолук салынуу, илим алуу сыяктуу Алла Тааланын өкүмдөрүн баштап кетүү бул айда жеңил. Себеби, жүрөккө кирип азгыра турган жин-шайтандар байланган, ушул өкүмдөрдү аткаруунун аракетинде жүргөн адамдардын арасындасыз, напсиңизди ачка кармап тарбиялай ала турган ахыбалдасыз, бир парз аткарсаңыз аткарылган жетимиш парздын сообун алуучу берекелүү айдасыз, таң ата электе туруп жана тамак ичүүгө кеткен убакытты башкага жумшап, кеңири убакытка ээлик кыласыз.

Андыктан, береке төгүлүп турган айдын берекесинен куру калбайлы.
Орзоңуз кабыл болсун, урматтуу бир тууганым
.

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Макала фейсбук баракчасынан алынды.
Булак:
https://m.facebook.com/groups/953824894650629/permalink/4148642605168826/

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Жылдын мыкты химия мугалими. 🚀

Эгерде мектепте сабактар ушундай окутулса анда "көчпөй калганга" аракет кылмакмын. 🙃

@onuktur 🚀

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Бийиктикке алып баруучу жол татаал, бирок, жыйынтыгы мыкты.

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

"Чөнтөгүндө тыйыны жок адам кедей эмес, жашоосунда кыялы жок адам кедей."
Сократ ата )

Бар бололу, бай бололу!
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Эгерде максаттарыңыз тактала элек болсо азыр тактаңыз. Кыялдарыңыз унутта калып баратса, азыр кагазга түшурүңүз, аларды орундатууга бир кадам жакындаңыз. Убактыңызды интернетке, уйкуга, бекерчиликке жумшап, ийгиликтен куру калбаңыз. Жоготулган азыркы убакыт келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөрдөн, кыялыңыздагы жашоодон, койгон максаттарыңыздан куру калтырат.
"Бир, эки, үч" деп санаңыз дагы, жашооңузду өзгөртүп кетүүчү ишти баштаңыз!

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, бийиктиктерди багындыр!
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Туугандар, назарыңызга акылы терең, түшүнүгү кенен, баамчыл, даанышман мусулман падышасынын биз үчүн чоң сабак боло турган мыкты окуясын сунуштайм.
👍 🚀 👍

@onuktur

https://youtu.be/CpBrVjaauAo?t=13

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Туугандар, мага төмөндөгүдөй табышмак келиптир. Мен таппай коюп багынып бердим.
Силер таап көргүлөчү.
Билгендер айтпай турсак балким кызыктай жооптор чыгып калаар. 😉

Өңү боз, экиге бөлсө кызгылт, бешке бөлсө сары, онго бөлсө көк.
Бул эмне?


@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

"Жылыгың келсе отун жар".
Генри Форд "Моя жизнь, мои достижения"

Бир сөз, эки маани. 👍
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Өнүгүүгө түрткү бере турган ар жума сайын берилүүчү 11 суроо.

Бул суроолорго жума сайын олуттуу мамиле кылып, чындап жооп берип турсаңыз, Сизге келечекке болгон жаңы мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар даана көрүнө баштайт. Жашооңузда ирээттүүлүк байкалып, көздөгөн максатыңызга карай багыт билине түшөт.

1.Кандай жаңы нерселерди үйрөндүм жана кайсыларын колдонуп жатам?
Ийгиликтин сыры эң жөнөкөй – күнүгө алдыга бир кадам жасоо. Натыйжада, Сиз бир жылдан кийин максатыңызга 365 кадамга жакындап каласыз. Ал эми жаңы маалыматтар кадамдарды тез, жөнөкөй жана эффективдүү жасоого түрткү болот.

2. Бул жума ичинде менин чоң жетишкендигим кайсы?
Качан Сиз артка кылчайып, жетишкендиктериңизди санап баштаган кезде өзүңүзгө болгон ишенимдүүлүк көтөрүлө түшөт. Акырына чыгарган иштериңиз Сизге дагы да дем берет. Эгерде, жетишкендиктериңиз болбосо, анда «Эмне үчүн?» деген суроону беришиңиз керек. Себеби, Сиз же алдыга кетесиз, же артка.

3. Кайсы жеримден мен кетенчиктедим, бекерпоз болдум, убакытты текке кетирдим?
Мындай катачылыкты баардыгы эле кетирет. Жада калса ийгиликтүүлөр дагы. Бирок, аларды ийгиликтүү кылган сапат бул андайды убагында байкоо жана дароо оңдоп кетүү.

4. Токтотуп койгон иштеримдин кайсынысын кийинки жумада кылышым керек?
Ар бир иштин өз убагы бар. Айрым иштер күтө алса, кээ бирлери кылынбай калган шартта чоң ыңгайсыздык, а балким, жоготууларга да алып келиши мүмкүн. Мындай иштер дээрлик жума сайын чыгып турат.

5. Кийинки жумада кайсы максатымды ишке ашыруум керек, жана ал үчүн эмне кылышым зарыл?
Бул суроого жооп издөөдө Сиз жалпы максаттарыңызды, пландарыңызды карап чыгууга мажбур болосуз жана алардын маанилүүлөрүн бөлүп чыгасыз. Качан максатыңыз аныкталса – Сиздин иш-аракетиңиз жогорку деңгээлге чыгат.

6. Мен ыраазычылык билдирүүнү каалаган адамдар барбы?
Сизге иши менен, кеп-кеңеши менен, балким жөн гана жылуу сөзү менен колдогон адамдарыңыз жок эмес чыгаар. Аларга ыраазычылык билдирүү – пайдалуу жана чоң кызматташтыктын алгачкы кадамы болуусу мүмкүн.

7. Бул жамада алган эң мыкты таасир?
Жашоо бул өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр. Эгерде эсиңизде бекем орноп калган таасир болбосо, демек бул жумаңыздын текке кеткендиги. Аз убакыттан кийин кадимки көрүнүштүн баарысын тап-такыр эстегис кылып унутуп калууңуз ырас.

8. Алдыга жылуума эмне тоскоол болуп жатат жана андан кантип кутулушум керек?
Тегерегиңиздеги жаман адамдар, зыян адаттар, негативдүү тажрыйба, билимдин жоктугу, ар кандай оорулар – булардын баардыгы Сизди алдыга жылуудан тосуп, максималдуу эффективдүүлүк менен иш кылууга жолтоо болот.

9. Жакынкы 3 жылга менин негизги 3 максатым кайсы?
Узак мөөнөттөгү максаттарга жума сайын көз салып туруу – Сиздин алдыга жылып жатканыңызды же токтоп турганыңызды көрсөтүп турат. Ошондой эле көздөгөн багытыңыздын тууралыгын же өзгөрүлүп кеткенин дагы байкай аласыз.

10. Мен жардам көрсөтө алуучу адамдар барбы?
Бөтөн адамдарга колдон келген жардам көрсөтүү – мамилени бекемдеп, тааныштарыңыздын аймагын кеңейтет. Тааныштарыңыз көп болгон сайын мүмкүнчүлүктөрүңүз дагы өсөт.

11. Менин көзөмөлүмдө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
Жаңы билим, жаңы тааныш, жаңы окуялар – мүмкүнчүлүктөр дайым табылат. Жана алардын баардыгы сиздин максатыңызга жараша болуп турат. Максаттарыңызды аныктасаңыз аларга жетүү жолдорун даана көрө баштайсыз.

Суроолорго жооп издеп, бул ыкманы колдонуп көрсөңуз, сөссүз түрдө алдыга жылууңузду ишендирип кетебиз.
Колдонуудан улам алган пайдаңызды, көргөн тажрыйбаңызды биз менен бөлүшө кетсеңиз кубанычта болобуз.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, бийиктиктерди багындыр 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Көптү билип алып, тынч отура берүү ийгиликке жетелебейт.
Билгениңче аракет кылуу - мына ушул ийгиликтин сыры!
🚀 🚀 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

"Чү" дегенде эле үйдүн ичин байытканга, чөнтөктү толтойтконго, дүнүйөнү жыйганга аракет кылбастан эң алгач баштын ичин байытканга басым жасайлы.

Туура тандоо кылганды үйрөнсөк өсүп-өнүгүү жеңил болот.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Ийгиликке жетелей турган кадамдар:

1️⃣ Тынбаган аракет.
Баардык ийгиликтүү адамдарды бириктирип турган көрүнүш бул - алардын тынбаган аракети. Бир же эки жолу кылып көрүп эле «болбойт экен» деген тыянакка келбеш керек. Исламда дагы берекеси Алладан аракети адамдан деген сөз айтылат. Канчалык көп аракет болгон сайын жөндөм дагы ошончолук шыкталып, тажрыйба топтоло берет.

2️⃣ Маанилүү кадамдын экинчиси бул – эффективдүүлүк.
Канчалык деңгээлде эффективдүү иш кылганыңыз ошончолук ишиңиздин илгерилешине түрткү болот. Ишиңиздин илгерилеши – ийгиликтин илгерилеши.

3️⃣ Үчүнчү маанилүү көрүнүш бул – чөйрө.
Эгерде борбордон алыс болгон кыштакта жашаган болсоңуз өсүшүңүзгө чөйрө тоскоол болушу мүмкүн. Муну алар атайылап деле кылышпайт, болгону сизди тобокелчиликтен жана чыгым тартып калуудан коргоого аракет көрүшкөндүктөн. Сиз чөйрөңүздү өзүңүздөн жогору болгон чөйрөгө алмаштырыңыз.

4️⃣ Жана төртүнчү көрсөткүч бул - жолуңуздун болуусу.
Балким, жөнөкөй бизнесмен болуу үчүн бул көрүнүш анчалык деле роль ойнобошу мүмкүн, бирок, мыкты бизнесмен болуу үчүн 20 пайызды аракет, эффективдүүлүк жана чөйрө түзсө, ал эми 80 пайызын жолуңуздун болуусу түзөт.

Башка адамдар эмне деп айтпасын, менин оюмча жана менин тажрыйбамда жолдун болуусу чоң ийгиликтердин негизи. Бирок, сиз качан талыкпаган аракет менен эффективдүү иш кылып, чөйрөңүздү өзгөрткөндө гана жолуңуз боло баштайт.

Маргулан Сейсембай.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Улуттук чен бирдиктерибизди биле жүрөлү.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Ой жүгүртүүнүн кыскалыгы акылдын кыскалыгына алып келет. Акылдын кыскалыгы тилдин кыскалыгына алып келет.

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

КҮН САЙЫН ӨЗҮҢҮЗГӨ МААНИЛҮҮ СУРООЛОРДУ БЕРИП ТУРУҢУЗ.

Алдыга койгон максатыңызга карай белгилүү бир кадамдарды таштоого түрткү берип туруу үчүн күн сайын өзүңүзгө туура суроолорду берип туруңуз. Мисалы, бүгүнкү күнүмдү пайдалуу өткөрө алдымбы же пайдасыз өтүп жатабы? Акылымды, ой-жүгүртүүмдү, дүйнө таанымымды өнүктүрүү үчүн кайсы амалдарды кылдым? Денемди, жөндөмдөрүмдү, ыйманымды өнүктүрүү үчүнчү? Койгон максатыма, кыялымдын орундалышына жетелей турган кандай иштерди жасадым. Китеп окуу үчүн канча убакыт бөлдүм? ... ж.б.

Ушул сыяктуу суроолорго жооп берген соң адам өзүнүн чыныгы жагдайын көрөт. Чындап эле максатына жетүүгө же өнүгүүгө аракети барбы же жокпу даана билинип калат. Ал эми адам өзүн эч качан алдай албайт.

Башка макалалар:
🔸 Чоң максаттарды коё билүү.

🔹
Өнүгүүгө түрткү бере турган ар жума сайын берилүүчү 11 суроо.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Ата-бабаларыбыздан таасирдүү #шыктандыруу.

Жалгыз улак

Апам ыраматылык 15 баланы төрөгөн. Бир күнү экөөбүз кечинде сүйлөшүп жатып (мени менен аябай сырдашчу) анан айтат. 1958-жыл дейт. Атаң экөөбүз жаңы эле үйлөнгөнбүз. Атаң байкуштун үйү эмес, жата турган алачыгы да жок экен. Анан эптеп ар жерде баш калкалап жүрүп, көрбөгөн күнүбүз калбай акыры колхоздон жер алдык. Ошол жылдар өтө оор болду, жегенге нан жок, тамака кошконго жада калса туз жок. Кезерип ачкабыз. Анан жер алгандан кийин эптеп баш калкалаар жай тургузалы деп, атан экөөбүз топурак казып келип, самандан кошуп ылай жаткырдык. Экөөбүзгө караан болоор эч ким жок, атаң сокмо урат, мен ылай ташыйм. Акин апчең боюмда бар.(тун кызы , ал эжем азыр алтымышка чыкты) Анан бир күнү адаттагыдай үйдү салып жатканбыз. Ичим чоңоюп, төрөткө жакындап калгам. Иче турган мискейде кичине жарма менен жүгөрүдөн бышырылган, тузу жок нандан башка эч нерсе жок. Боюмда бар, курсагым ачат, айлам кетип бактын түбүндө ачка ыйлаап олтурсам, койчуман акем кыйкырып эшегин минип келип калды. (кайнагаларынын баардыгын койчуман акем, комбайнчы акем, тракторист акем деп көзү өткөнчө тергеди.) Турайын десем каруум жок, атаң байкуш кара жанын карч уруп сокмо уруп жатат. Анан акем мааратып бир кииипкичинекей улакты көтөрүп келди, анысы беш килограммдай эле чыгат. Анан адатынча кыйкырып, ии батыр иш илгери деди. Атаң экөө учурашып болгон соң, менин жаныма келип, "Ырыс айланайын менин бир айлык акыма ушуну берди. Күндө нары бери өтүп, кыйналып атканынды көрүп жаным кейийт. Ушуну союп, кичине болсо да шорпо шилен кылып, ысык ууртап ичегинди майла балам. Жакында көз да жарасын, кичине кубат болсун деди". Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибердим. Анан акем мени бооруна кысып, кучактап "Кагылайын сенден, бул күндөр да өтөт. Турмуш кимдерди гана кагылтып, согултуп кыйнабаган. Тагдырдын тайгак кечүү тар жолунда кимдердин гана башынан кыйынчылык өтпөгөн. Сабырдын түбү сары алтын, жетээрсиң бир күн муратка деген балам, кой ыйлаба" деп капкатуу болуп бырыш басып калган колдору менен жүзүмдү аарчыды. Ошентип кечинде баягы улактын эти бышып, атаң экөөбүз тапчанда камыр чайпап, өзөк жалгадык. Кичинекей кара казан кайнап жатты. Шорпонун жыты чыккан сайын чыдамым кетет. Бар байлыгыбыз ошол кара казан болгондой, экөөбүз тең андан көзүбүздү албайбыз. Улам кара чайнектеги суудан куюп ууртап койом. Эки тыртайган кичинекей жилигин, төрөгөндө шорпо кылып ичебиз деп, арчанын чокусуна катып, байлап койдук. Курсагыбызга бир нерсе бара түшкөндөй болду. Анан биир кезде атаң үлбүлдөгөн чырактын жарыгына жакындап мени карап "Ырыс буйруса ушул жапырайган жаман там ордолуу шаар болот. Мына бу какыраган жер жапжашыл бакка айланып, балдарыбыз кийин неберелерибиз чуркап ойношот. Экөөбүз көп балалуу болуп, бактылуу өмүр сүрөбүз" деп мени кучактаган. Андан бери эчен жылдар өттү. Силерди чоңойткончо далай көз жаш төгүлүп, далай жашоонун кыйынчылыгы жанга батты го. Мына анан мынтип, атаң экөөбүздүн тилегибизди кудайым берип баарыңар ушул үйдө төрөлүп чонойдунар. Кара курсак кайда болсо тойот. Кайрымдуу болгула. Зымпыйып сабырдуу жүргүлө. Жетпеген турмуш акыр бир күн жетээр. Ынтымагынар бекем болсун деп анан апам уктап кетти. Түн, жымжырт, терезеден айдын жарыгы жүзүмдү жапжарык кылып, көрсөткөндөй. А мен болсо ойго батып, ошол күндөр көз алдыма тизмектелип, апамдын кайратына таң берип жатып, бир кезде мен дагы таттуу уйкуга кетипмин. Тигил улак берген кайын агасына апам көзү өткөнчө куран окуду. Ошондо акем байкуш улак берип, жаныбызды аман алып калды эле деп. Ал кишинин пейилинин кендигин айтсаңыз. Байкуш киши болгон жалгыз улагын апамдарга жетелеп келген тура.

Ошол достор, түнкү саат эки болду. Мен апамды эстеп, ушул постту ыйлап атып жаздым. Айтайын дегеним бул күндөр да өтөт. Сабырдуу бололу. Атам менен апам 15 бала, 58 небере, 19 чөбөрөлүү болушту. Буйруса сиздер дагы ушундай сонун күндөрдү көрөсүздөр, бакытка балкыйсыздар.
Асманыбыз ачык болуп, жергебизде наристенин күлкүсү жаңырып турсун.

Автор мен эмес. Азыркы сабыры жок жашообузга бир аз болсо дагы сабак болоор деген ойдо бөлүштүм.

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Убакыт баардык адамдарда бар, болгону айрымдары колдонууну билишпейт.

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

"Бай атам, кедей атам" китебинин автору Роберт Кийосакиден 7 пайдалуу кеңеш.

1
. Аң-сезимди өзгөртүү. Максаттарды тактоо жана ага жетүү жолдорун аныктоо.

2. Чөйрөнү өзгөртүү. Ийгиликтүү, активдүү адамдардын чөйрөсүндө жүргөн адам өзү дагы алардын бири болот.

3. Кыска, орто жана узак убакытка пландарды түзүү. Бул үчүн тайм-менеджмент жардам бере алат.

4. Өзү жана ден-соолугу тууралуу кам көрүү.

5. Позитивдүү ой жүгүртүү жана жашоосундагы башкы максатын (кыялын) көңүлүнө жакын кармоо.

6. Жаңы жөндөмдөрдү үйрөнүү. Ийгиликтүү болуу үчүн ийгиликти багындырган адамдардын кебин угуу. Жаңы илим албай туруп жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес.

7. Коюлган максатты көздөй бир гана алдыга жылуу.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, бийиктиктерди багындыр 🚀
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Агым мененби же агымга каршыбы?

Балык ар дайым суунун агымына каршы сүзүп жүрөт, жана бул баардык тараптан туура көрүнүш.
Балыктын агымга каршы сүзүп жүрүшү жашоосун татаалдаштыруу үчүн эмес, тескерисинче, көп сууну өзүнөн өткөрүп жиберүү үчүн. Себеби, көп суу менен бирге көп тамак, көп кычкылтек дагы өтүп турат. Ошондуктан, балыктын жашоосу бир канча эсе "бай" боло түшөт.

Балыкка салыштырмалуу биз көбүнесе агым менен жүрө беребиз. Анткени, бул биз үчүн бир канча жеңил, тоскоолдуктар жок, проблемалар жок, бирок, ошонун менен эле бирге өсүү дагы жок. 40 жылдык турмуш тажрыйбасын топтогондун ордуна, бир жылдык тажрыйбаны 40 жолу кайталап койгонбуз. Биз көнүмүш жашоодон чыккан эмеспиз дагы, анан "эмне үчүн мүмкүнчүлүктөр аз" деп таң калып отурабыз.

Эгерде агымга каршы жүргөнүбүздө, "эл ушундай кылат" дебей, жеке өзүбүздүн жашоо формулабызды негиздегенге аракет кылганыбызда жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жаңы тажрыйбанын, жаңы жөндөмдөрдүн баарысы маңдайыбызга келип тизилип калат эле.

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

#бизнессабак

ШОРО КОМПАНИЯСЫ КАНТИП ИЙГИЛИК ТАПКАН

Азыркы убакта ШОРО компаниясы эң ири кыргыз компанияларынын бири. Шоро продукциясын өлкө ичинде гана эмес чет өлкөлөргө дагы кеңири экспорттоп турат. Мындай ири компаниянын жаралуу тарыхын изилдеп көргөн адам өтө чоң сабак алат.

Компания 1992 жылы Табылды жана Жумадыл Эгембердиевдер тарабынан негизделген. Ал убак азыркыдай кененчилик мезгил эмес эле. Мамлекет жаңы гана реформаларын баштап өз алдынчалык жолуна аттанып турган. Мамлекет ал кезде, жада калса улуттук валютасын дагы кабыл ала элек болчу.

Мындай кыйын кырдаалда ШОРО компаниясы кантип ийгиликке жете алды жана ийгилигинин сырлары эмнеде? Бул компаниянын тарыхын барактап көрүп, бизнесмен болууну каалагандар кандай сабак алса болот, анализдеп көрөлү.

Биринчи сабак: Шоро кардарлар үчүн бейтааныш эмес, тескерисинче, оо атам-замандан бери кыргыздын турмушунда байма-бай колдонулуп келген улуттук суусундуктун түрлөрүн жаңы технологиянын негизинде сунуштады.
1992 жылы 25-майда 80 литр максымды үй шартында, кол менен жасашып кардарлардын назарына коюшкан. Кийинчерээк 80 литрди түзгөн күнүмдүк өлчөм 1,5 тоннага жетип, жумушчулардын саны 25ти түзгөн.

Кардарларга тааныш эмес продукция чыгарган шартта аны элдин калың катмарына таанытыш үчүн кошумча күч, акча, убакыт ж.б. керектелет. Бул жагынан - Шоро эч бир күч жумшабастан, биринчи күндөн тартып эле, кардарларына тааныш, жети атасы ичип жүргөн суусундукту сунуштай алды.

Экинчи сабак: татаал технологияны, атайын жасалчу техниканы талап кылбаган продукцияны тандоосу.
Илгертен бери эч бир кыйынчылыксыз жасалып келинген максымды массалык түрдө чыгаруу чечими – компанияны ийгиликке жетелеген себептердин бири. Анткени, продукцияны чыгаруу үчүн Кытайдан же Европадан кымбат баалуу техниканы сатып алуу муктаждыгы жаралмак эмес.

Үчүнчү сабак: Бизнести баштоого олчойгон акчаны талап кылбастыгы.
Компания өз ишин - ижарага алган имаратсыз, продукциянын идишисиз, татаал техникасыз баштаган себептүү башка бизнестер сыяктуу көп чыгымга дуушар болгон эмес. Эмгек акысын -тапкан акчасынан алган жумушчу, ачык асман алдында отуруп, арзан идишке куюп берип соодасын кыла берген.

Ошентип, жөнөкөй идеянын, жөнөкөй кадамдын негизинде баарыбыз тааныган компания келип чыккан.

Кардарларга тааныш болгон продукцияны сунуштаган, татаал технологияны, башталышында чоң акчаны талап кылбаган бизнес ийиликке жетээрин Шоро компаниясы далилдей алды.

Андыктан, мындай бизнес-планды колдонуп, кыргыздын дагы да башка улуттук тамагын, ичимдигин калың журттун назарына алып чыкса болот.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, бийиктиктерди багындыр!
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Эч качан маанайыңызды чөктүрбөңүз.
Күнүңүз берекелүү болсун!
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Максатыңа бекем болсоң эч ким андан тосо албайт!

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Качан мен кыска жол тапкан кезде 😄
@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Жаштардын көбү убактысын оюндарга бөлүп, ал жактагы каармандын турмушун, жашоосун, деңгээлин өнүктүрүп, ал персонаж канчалык өсүп жогорулаган сайын андан ырахат алышат. Акыйкатта, виртуалдуу каарманды өнүктүрүүнүн ордуна, ошондой эле каалоо менен өзүн өнүктүрүүгө аракет кылуулары керек эле.
Бийик даражага көтөрүлүп, каалаган максаттары орундалып, өнүгүүнүн прогресси байкалган сайын оюндан дагы чоң ырахат алышмак.

🖌 Алекс Новак «Другая книга которой нет»

@onuktur

Читать полностью…

Пайдалуу маалымат

Суунун үстүндө калкып турган көпүрө. Кытай.

Биз деле Ысык-Көлдүн үстүнө адамдар үчүн көпүрө куруп, жылаңайлак ары-бери бассак э? 🤩🤩🤩

Кааласак сууга секирип, кааласак балык кармап, кааласак жөн гана сейилдеп басып, бутубуз менен бирге жүрөгүбүзгө да массаж болмок экен аттиң...

Кудай буюруп, ошол күнгө да жетели. 🤲

Кийин, көл үстүндөгү мелмилдеген көпүрөдөн басып бара жатып бул постту дагы эстеп койоорсуз.
Баардыгыбыз ошол эскерүүдөн кезигели. 💭

@onuktur

Читать полностью…
Subscribe to a channel