28-29-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ билдиргендей, Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык
кызматтардын ишин жана жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.
Ысык-Көл облусундагы Көк-Мойнок-1 айылындагы үйлөр Чу дарыясындагы суунун көбөйүүсүнөн улам суу каптоо коркунучунда турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылынан агып өтүүчү Чу дарыясындагы суу көтөрүлүп, жээкке жакын үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралган.
Учурда сууну ашырбоо үчүн Балыкчы суу чарбасынын адистери жана куткаруучулар ишке тартылып, жээкке грунт төгүлүүдө.
Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт.
Министрликтин маалыматында 27-28-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы катталып, жаан жаайт. Буга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде суу каптоолор жана сел жүрүшү мүмкүн.
«Сел жана топон суудан сактануу үчүн арыктарды, суу өтүүчү түтүктөрдү тазалооно өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.
Владимир Путин Пригожинди 90-жылдардан бери тааный турганын ал тагдыры катаал, бирок көздөгөн максатына жете билген инсан экенин эскерген.
«Анын тагдыры татаал болду. Жашоодо олуттуу каталарды да кетирди, ошол эле убакта керектүү натыйжаларга да жетишти. Мен суранганда да, өзү үчүн дагы, соңку айларда согушка кошкон салымын эске алганда, жалпы кызыкчылык үчүн да салым кошту. Ал таланттуу адам, таланттуу ишкер болчу. Бир эле Орусияда эмес, Африкада да жакшы иштерди жасаган. Мага маалым болгондой, ал кечээ күнү Африкадан келген экен. Анын учагынын кырсыкка учураганы тууралуу мага таң эрте кабар беришти. Азыр тергөө жүрүп жатат, техникалык жана генетикалык экспертизанын да жыйынтыгы чыга элек. Биз бул ишти сөзсүз аягына чейин чыгарабыз», — деп кошумчалаган Владимир Путин.
Ошто күйөөсү бычактаган кош бойлуу келиндин баласы каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматта, кечээ, 23-августта саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБге арыз түшкөн. Анда 33 жаштагы С.И. аттуу аял оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы айтылган.
«Аталган факты милициянын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам аны учтуу нерсе менен сайып жибергени аныкталган. Натыйжада жабырлануучу Ош облусттук төрөт үйүнө жеткирилген. Кийин курсактагы бала каза болуп, ал эми жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган»,-деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 24-августта окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин «кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «адам өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.
Сүрөтчү: Өзүнүн ишине баа бере албаган сүрөтчүлөр мен кыйынмын дей берет
Толугу менен Марал радиосунун Ютуб каналынан көрө аласыздар
https://youtu.be/dkr4Qqs5z2g
Бүгүн, 23 – август саат 09:30 — 15:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
• Ташкөмүр к. –Ч. Айтматов пр. – Айни к. –Табалдиев көчөлөрү менен чектешкен;
• Ошондой эле: Айша бала бакчасы, №79 бала бакчасы, №69 гимназия, Республикалык кан борбору, Ч. Айтматов пр. №60, КМТУ (Политех).
Шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан сырткары башка аймактарга каттаган маршруттук таксилердин каттамын автобекеттерде гана жүргүзүүнү ишке ашырууда.
Ош базардын тегерегиндеги баш аламан орун алган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, баарын автобекеттин ичине орун берип, киргизүүдө. Анткени, сыртта өз алдынча каттамга чыккан такси кызматтарына көзөмөл жок болуп, алар каалаган учурда бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, чарчаңкы психологиялык жактан даяр эмес, авто унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, айдоочу өзү уктап кетип, жол кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө.
Ал эми автобекетте алыскы аймактарга каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, баардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы үч милиция кызматкери кармалды.
Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматына жана Ички иликтөө кызматына Орусия жаранынын арызы боюнча чогулган материал келип түшкөн, анда милициянын белгисиз кызматкерлери жана «Д» аттуу кыз 2023-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде «гашиш» делген баңги каражаттарын ыргытып, коркутуу жолу менен кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 000 сом суммасында акча каражатын алышкандыгын билдирген.
Бул факт ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, кылмыш иши козголгон.
Кечээ, 21-августта ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй облустук ИИББнын кызматкерлери М.Ч., С.А. и А.А., кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.
Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында Кыргызстанда банктар тарабынан берилген микрокредиттердин дээрлик жарымы жарандардын керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди.
«Алты айда 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мында алуучуларга 24 млрд. сомго жакын суммада же 35,5%га көп микрокредиттер берилди.
I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши боюнча алуучулардын басымдуу саны Ош (21%), Жалал-Абад облустарына (17%), ошондой эле Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келди.
Микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, 25%дан ашыгы — айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны — соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы курулушка багытталды.
Орусиянын тергөө комитети «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин каза болгонун расмий тастыктады.
Комитет Тверь облусундагы учак кырсыгынан каза болгон 10 адамдын, анын ичинде үч экипаждын бардыгынын өлүмү такталганын, керектүү анализдери чыкканын билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.
Кечээ, 24-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алай жана Өзгөн райондоруна жаңы аким дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кожомамбетов Азамат Асанбекович Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Ошондой эле тескеме менен Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп Апбасов Каныбек Сагынбекович дайындалды жана буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.
Өзбекстандын Жогорку соту репрессиянын курмандыктары болгон 240 адамды актады.
Коңшу Өзбекстанда тарыхий адилеттүүлүктү камсыздоо үчүн, саясий режим тарабынан күнөөсүз айыпталгандарды аныктоо жана аларды актоо иштери бир канча этаптын негизинде ишке ашып жатат.
24-августта Жогорку сотто совет учурундагы 1929-1931-жылдары азыркы Каракалпакстан республикасы, Сурхандарыя, Навои, Самарканд жана Кашкадарыя аймактарында «басмачылык аракети» боюнча айыпталган 240 адамдын кылмыш иши каралып, натыйжада Өзбекстан ССРи жана Казакстан ССРинин жарандары акталды.
Буга чейин да Өзбекстанда бир катар репрессия курмандыктарын актоо иштери жүргөн.
Бүгүн, 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө кыргызстандын чек ара кызматы маалымат берди.
Маалыматта, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканы айтылган
Орусиянын Тверь облусунда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөн учак кыйрап, ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары каза тапты.
Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди. Ошондой эле, учакта «Вагнердин» командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгону айтылууда.
Пригожин менен Уткинден башка, «Вагнердин» командирлери болгон Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев да ошол учакта экени белгилүү болду.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык жеринен 10 адамдын сөөгү табылганын, бирок алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес, — деп билдирди.
Ал эми Пригожиндин учагы атып түшүрүлгөнбү? -деген суроого азырынча расмий жооп бериле элек.
Италиялык ырчы Тото Кутуньо 80 жашында ааламдан өттү.
Ansa агенттигинин маалыматына караганда ырчы, композитор Миландагы Сан-Раффаэле ооруканасында көз жумду.
Ырчынын менежери Данило Манкузонун айтымында, Тото Кутуньо узак убакыттан бери ооруп жүргөн. Соңку айларда абалы бир топ начарлап кеткен.
Салваторе «Тото» Кутуньо 1943-жылы 7-июлда Тосканадагы Фоздиново шаарында туулган.
Бишкекте үч күндө 80 миң «Тулпар» жол картасы сатылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
20-августтан тарта Бишкекте автобустар менен троллейбустарда электрондук төлөмгө өттү. Бул үч күн ичинде электрондук түрдө 91 миң жол кире төлөнгөн.
Ошондой эле жүргүнчүлөр жол кире акысын төмөнкү карталар менен дагы төлөй алышат:
— VISA жана «Элкарттын» контактсыз карталары;
— «Тулпар», Mbank, Megapay, Balance, «O!Деньги» мобилдик тиркемелерирнде QR-сканирлөө аркылуу;
— NFC`тин виртуалдык карталары менен.
Өнөрү өрүш алган Чокморовдой сүрөтчү Доктурбек Кысамединов 58 жашта. Ал тогуз жашында токко урунуп бир колунан ажырап калган. Бул эч качан чыгармачылыгына тоскоолдук жараткан эмес. Тескерисинче бир канча эмгектерди жаратып, бир топ жетишкендиктерге жетишкен
Толугу менен 👇
https://youtu.be/dkr4Qqs5z2g
Мухтар Атаналиев: Кино тартарда Чубак ажы менен кеңешкем
"Мен жана мезгил" программасы
Нуркан Турсунбаев: Аттиң ай кандай бакыт болор эле, Бүгүн бир өз колуңдан таяк жесем
Читать полностью…