radio_maral | Unsorted

Telegram-канал radio_maral - Марал радиосу

1182

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы

Subscribe to a channel

Марал радиосу

«Токмок суу канал» муниципалдык мекемесинин директорунун орун басары пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан муниципалдык ишканалардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарында «Токмок суу канал» мекемесинин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, «Токмок суу каналдын» директорунун орун басары А.А.A. башында турган топ аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурган.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/630161

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Муфтияттан билдиришкендей, 19-июнь Зулхижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 9-июлда майрамдалган. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.

Читать полностью…

Марал радиосу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда мамлекеттик түзүлүштүн туруктуу өнүгүшүндө жана калкка кызмат кылууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгеги зор экендигин белгилеп, бекем ден соолук, берекелүү өмүр каалаган.

«Бүгүнкү күндө кадр маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда. Мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири катары кадр саясатындагы ачык-айкындыкты камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу жаатында кадрларды түзүлгөн резервден дайындоо, ротация кылуу сындуу алгылыктуу чаралар көрүлүп келе жатат.

Үстүбүздөгү жылы коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин алдына коюлган милдеттерди аткарууга багытталган натыйжалуу кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү максатында 2023-2025-жылдары кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, ишке кирди», — деп айтылат куттуктоодо.

Читать полностью…

Марал радиосу

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдиришкендей, таза суу менен камсыздоо жакшырганга чейин Арча-Бешик конушуна ичүүчү сууну берүү графикке ылайык жүргүзүлөт.

— 21, 23, 25, 27, 29-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Садырбаев — Абдрахманов — Асылкеч — Жайыл-Баатыр — Арча-Бешик — Жайыл-Баатыр — Чортеков — Эр Тайлак көчөлөрү менен чектешкен аймактарга таза суу берилет;

— 22, 24, 26, 28, 30-июнь күндөрү саат 7:00дөн 11:00гө чейин Репин — Жайыл Баатыр — Чортеков-Күйүкова — Чортеков — Кең-Суу — Камбар-Ата — Арча-Бешик — Кызыл-Суу — Ак-Марал, Репин-Күйүкова көчөлөрү менен чектелген аймактарга суу берилет;

— саат 13:00дөн кийин суу өткөргүчтөр бош болгонго чейин: Күйүкова — Муромская — Арча-Бешик — 21-көчө — Көпүрө-Базар — Ахунбаев — Кызыл-Суу — Ак-Марал — Шералиев — Күйүкова көчөлөрүнө суу берилет.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кечээ, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарындагы мунай базадан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат 16:11де түшкөн. Алгач төрт күжүрмөн эсеп, эки ыкчам топ тартылган. Алар жетишпей жатканына байланыштуу дагы төрт күжүрмөн эсеп кошумча жөнөтүлгөн. Өрт 18:06да чектөөгө алынып, 19:22де толук өчүрүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 4 адам Сокулук районунун дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилген. Алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкектен дарыгерлер бригадасы комбустиолог менен бирге санитардык тазалоого жөнөтүлгөн.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул фактты Сокулук райондук милициясы маалыматтардын бирдиктүү журналына каттап, тиешелүү экспертизаларды дайындаган.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда, сотко чейинки тергөө жүрүүдө.

Читать полностью…

Марал радиосу

Шакиев: Эдил Байсаловдун кызмат ордун караганга учур келди

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, 20-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын командасы менен ойнойт.

Улуттук кураманын Оманга каршы оюну Ташкенттеги (Өзбекстан) «Пахтакор» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.

Читать полностью…

Марал радиосу

Чүйдө карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуга ок чыгарган жаран үч жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Чүй райондук соту 19-июнда чыгарганын жактоочу Кайсын Абакиров кабарлады.

Анын маалыматына караганда, Сухраб Жумакуловго Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгү (бейбаштык максатта) жана 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча айып коюлган. Сот чечиминде ал беренелер 123-беренеге (аффект абалында адам өлтүрүү) алмаштырылды.

2022-жылы 1-июлда саат 08:30 чамасында милицияга Бишкек – Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Читать полностью…

Марал радиосу

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 19-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорунун бириктирилген варианты экинчи окууда бир топ талаш-тартыш менен каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.

Жарандык коом жана депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорунун 24-беренесинде жеке менчик окуу жайларды аккредитациядан өткөрүүнү ыктыярдуу кылуу каралган.

Мындан тышкары лицензияны жокко чыгаруу сунуштарына депутаттар каршы болушту.

Читать полностью…

Марал радиосу

Балбак Түлөбаев: Өкмөт талтайбагыла

Читать полностью…

Марал радиосу

Борбор Азиядагы жалпы суунун көлөмүнүн дээрлик 40 пайызынан ашыгы Кыргызстанда жайгашкан. Буга байланыштуу жалпы аймактын келечеги Кыргызстандын суу пайдалануу саясатын туура жүргүзгөндүгүнө көз каранды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда мөңгүлөрдөгү суунун запасы 650 км3 түзүп, ондогон көл, үч миңге жакын дарыя бар. Учурда анын 20 пайызы гана иштетилет.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бекзат Алмаз уулу жаштар арасында Азиянын чемпиону болду

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 57 салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болду.
Спортчу 1/8 финалда түркмөнстандык Атажан Медетдурдиевди 10:0, 1/4 финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуягды 11:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда индиялык Шубан Шубанды 15:5 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды.
Ал эми, финалдык беттеште казакстандык балбанды 8:0 эсебинде жеңип, эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы (U23) Азия чемпиону болду.

Белгилей кетсек, 23 жашка чейинкилер жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты (U-17, U-23) "Бишкек-Арена" муз аянтчасында 10-июнда башталган, жана 18-июнда жыйынтыкталат.

Читать полностью…

Марал радиосу

Анкара жогорку соту Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инандыны «куралдуу террордук уюмду жетектеген» деген айып менен 21 жылга эркиндигинен ажыратты. Бул тууралуу Haber түрк басылмасы 16-июнда жазды.

2021-жылы 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган. Бир айдан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Инандыны Улуттук чалгындоо кызматы кармап, Түркияга алып келишкенин жар салган.

Орхан Инанды Түркияда «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталып, прокуратура аны 22 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган. Сот процесси 2021-жылы сентябрда башталган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Маданият министри: Моргенштерндин концертин токтотууга аракет кылып жатабыз

Читать полностью…

Марал радиосу

28-29-июнь күндөрү Нарында «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фетивалы өтөт. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги «As A Nomad» этнокомплексинде болот. Фестивалга барууну каалагандар үчүн иш-чара өткөрүлө турган аймакка атайын каттам уюштурулат.

«28-июнь күнү эртең мененки саат 09:00дон кечки саат 22:00го чейин Нарын шаарынын Алма-Бак аймагынан Кара-Бүк аймагындагы «As A Nomad» этнокомплексине чейин 2 чакан автобус эл ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн «Салкын-Төр» эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат.

29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция өткөрүлөт.

Читать полностью…

Марал радиосу

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыздар менен тажиктердин мушташы тууралуу 26-июнда маалымат берди.

23-июнда Орусиянын Иркутск облусунун Жигаловский районундагы газ кенинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда 500дөн ашык адам катышкан массалык мушташ болгон.

Кыргызстандын Оурсиядагы элчилиги жабыркагандар менен байланыш түзүп, Кыргызстандын 5 жараны ар кандай деңгээлдеги жараат алганы, алардын бири ооруканага жаткырылганы айтылды.

Бул факты боюнча Орусиянын укук коргоо органдары тергөө жүргүзүп жатат. Элчиликтин Иркутск шаарындагы консулу кыргызстандыктарга укуктук жардам көрсөтүү жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү үчүн окуя болгон жерге барган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү Орусиянын «Рособоронэкспорт» мамлекеттик ишканасынан Ми-17 (Ми-17В-5) тик учагын сатып алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тик учакты өткөрүп берүү салтанаты 23-июнда өтүп, ага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, «Рособоронэкспорттун» жана Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчылары менен өздүк курамы катышты.

«Көп максаттуу Ми-17 тик учагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн алдында коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүлүктөрүн кыйла жогорулатат», — деди Бекболотов.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору депутат Джамиля Исаева тарабынан демилгеленген.

Исаеванын айтымында, учурда балдар компьютер оюндары, өзгөчө интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан сунушталган мыйзам долбоору балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, аны бузган жеке жактарга 2 миң сомдон, юридикалык жактарга 10 миң сомдон, ал эми зыяндуу материалдар маалымат каражаттарына же интернетке жарыяланса, 5 миңден 25 миң сомго чейин айып пул салынат.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Читать полностью…

Марал радиосу

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы билдирди.

Убактылуу депутаттык комиссия оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган. Бул чечимге Гуля Кожокулова менен Фарходбек Алимжанов гана каршы чыкканы белгилүү болду.

Ал эми депутатты жоопко тартууга уруксат берүүнү Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргуль Темирбаева, Мурадил Садыков, Мирлан Самыйкожо колдоого алганы айтылды.

Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кадырбеков: Байсалов кылы кыйшайбай жүрө берсин, бирок мынчалыкка өтпөсүн

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/629426

Читать полностью…

Марал радиосу

Атлантика океанында чөккөн «Титаник» кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кеме 19-июнь күнү байланышка чыгууну токтотту. Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, суу астындагы кемеге ээлик кылган Oceangate Expeditions компаниясы АКШ менен Канадада издөө иштерин баштады.

Бортто туристтер болгон-болбогону жана алардын саны тактала элек.

Жеке экскурсиялар үчүн «Титан» аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. Адатта, экспедициялар сегиз күнгө созулат. «Титаниктин» кыйраган жерине жеткен жүргүнчүлөр суу астындагы кемеге отуруп, чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулат. Турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

Читать полностью…

Марал радиосу

Энергетика министрлигинин жана анын карамагындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын, «Ысык-Көл кемечилиги» жана Балыкчы шаарындагы жүктөөчү-түшүрүүчү пункттун кызматкерлери Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна ташыла турган көмүрдү уурдоо фактысы боюнча сурак берип жатышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-2023-жылдар аралыгында «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин оор жүк ташуучу унаалар менен жеткирүү учурунда, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда баасы кеминде 40 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн 15 960,81 тонна көмүр уурдалганы аныкталган.

Анын кесепетинен борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Читать полностью…

Марал радиосу

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын пляждарынын коргон-тосмолору алынууда. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облустук жетекчилик көзөмөлдөгөн бул иштер президенттин жарлыгын ишке ашыруу, облус тургундарынын көл жээгинде эс алуу укугун камсыз кылуу максатында аткарылууда.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майында «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлык чыгарган. Мамлекет башчысы быйыл да ал жарлыкка бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңылап жарыялаган.

Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Читать полностью…

Марал радиосу

2023-жылдагы Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

19-июнь Зулхижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 9-июлда майрамдалган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, Кыргызстандык спортчулар таяк-тартыш(Maswrestling) боюнча Монголияда
өткөн мелдеште
8-алтын🥇
1-күмүш🥈
3-коло медалга ээ болушту

Белгилей кетсек, мелдештин бүгүн биринчи күнү болуп өттү... Спортчу Келдибек Атайбеков эртең да жакшы жаңылык менен бөлүшөрүн билдирди

Читать полностью…

Марал радиосу

Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Орозобек Токтомамбетов алтын медаль жеңди 

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 70 кг салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болду.

Спортчу 1/4 финалда тайбэйлик балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда индиялык балбанды 12:1 менен жеңип,  финалга жолдомо алды.
Финалдык беттеште тажикстандык балбан Мустафо Ахмедовду жеңип
1- орунду ээледи.

Белгилей кетсек, 23 жашка чейинкилер жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты (U-17, U-23) "Бишкек-Арена" муз аянтчасында 10-июнда башталган, жана 18-июнда жыйынтыкталат.

Читать полностью…

Марал радиосу

«Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат?». Депутат маданият министрин сындады

Читать полностью…

Марал радиосу

Кечээ, 15-июнда Бишкекте күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандардын таймашы өтүп, кыргызстандык 6 спортчу мелдештин финалына чыкты.

Биринчи орун үчүн күч сынашкан балбандардын арасынан Раззак Бейшекеев (67 кг) менен Асан Жанышов (82 кг) алтын байге тагынып, Азия чемпиону аталышты.

Ошондой эле Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97кг) күмүш байге утту.

Мелдеш «Бишкек-Арена» спорт комплексинде өтүп жатат.

Читать полностью…
Subscribe to a channel