Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзам прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу жолу менен укук коргоо органдарынын системасында тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Кабыл алынган Мыйзам менен тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салуу жана тергөө аскердик прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган жазык иштери боюнча тергөөнү кошпогондо, аларды ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү болуп саналат.
Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында байкоосуздуктан эки адамдын өлүмүнө алып келген скутердин айдооучусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси («Этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шектүү катары Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну сот тарабынан баш коргоо чарасы көрүлгөнгө чейин райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.
23-июлда Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө балон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.
Жабыркаган үч адамдын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Мындай чечим Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөө тездик менен өсүшүнө байланышкан энергетикалык кризистен улам кабыл алынды.
1-августтан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонулуучу өзгөчө кырдаал режими жарыяланат. Министрлер кабинети энергиянын кошумча булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун Энергетика министрлигине берет.
Өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде энергетика министрлигине өзгөчө укук берилет.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштап, аны өкмөт колдогон.
Бишкек жылуулук элетр борборуна Казакстандын «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирилди. Энергетика министрлиги билдиргендей, 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр түшүрүлдү.
Быйыл күз-кыш жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет.
Казакстандык ОсОО «Инновациялык Гефест» компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча келишим түзүлгөн.
Калориясы 5500 ккал/кг кем эмес.
Көмүрдүн калган 48 вагону жакынкы күндөрү графиктин негизинде жеткирилет. 550 мин тонна көмүрдү жеткирүү график менен март айына чейин созулат.
Мындан тышкары Кара-Кече кенинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Маалыматка караганда, 23-июлда Тажикстандын аймагында тажик тараптын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Ошол эле күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап чек ара постунда жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алганы маалымдаган. Жараат алгандар болгон эмес. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык тармакка чыгарып салган.
Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал тынч.
Казакстан ушул жылдын аягына чейин суу боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну пландап жатат.
Сыр-Дарыянын суу ресурстарын пайдалануу боюнча келишимди өзгөртүү тууралуу 2023-2029-жылдарга болжолдонгон суу ресурстарын башкаруу концепциясында сөз болгон.
Документте жарыяланган кыска маалыматта, суу боюнча азыркы иштеп жаткан келишим 1998-жылы кабыл алынган. Ал келишим Сыр-Дарыянын суу ресурстарын пайдаланууну тартипке салган.
«Иштеп жаткан келишимге ылайык, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиясынын эң көп бөлүгү Кыргызстан менен Өзбекстан пайдаланат. Ал эми сууну агызганы үчүн Кыргызстан кошуналардан энергоресурстарды, каржылык жана соода кызматтарын алат», — деп жазат өзбекстандык басылма.
Тажикстандын аймагында 29-июнда саат 10:57де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Кыргызстандын түштүгүндөгү эки облуска сезилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Институттун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 320 чакырым, Ош шаарынан түштүктү карай 335 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Түштүк облустарда жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин катталды.
Бишкек шаарында ичүүчү суу боюнча абалдын жакшыргандыгына байланыштуу унаа жуучу жайларды, мончолорду, бассейндерди жана башка объектилерди иштетүүгө уруксат берилди.
Ичүүчү суунун жетишсиздигин жоюу боюнча активдүү иш-чаралардын алкагында унаа жуучу жайлардын, мончолордун, бассейндердин жана суу менен камсыздоого көз каранды башка объекттердин иштөөсүнө убактылуу чектөөлөр алынып салынды.
Аталган объектилердин ээлери «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын чектөөнүн убактылуу пломбасын өздөрү чечип, бул тууралуу райондогу кураторуна билдире алышат.
Ичүүчү суунун тартыштыгынан улам мурда киргизилген чектөөлөр көптөгөн ишканаларга жана шаар тургундарына кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды жаратты. Бирок, бизнес чөйрөсүнүн жана калктын биргелешкен аракетинин натыйжасында көйгөйдөн чыгууга жана суу түтүктөрүндөгү жүктү азайтуу мүмкүн болгон.
Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны 26-июлга карата тогузга жетти.
Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев.
Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.
Бүгүн, 26-июлдан тарта Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Буга байланыштуу 6-августка чейин 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле баштады.
Сосновка өткөрүү пунктунан оор жүк ташуучу унаалар түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил унаалар эртең мененки саат 06:00дөн 16:00гө чейин өтө албайт.
Бишкекти көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу унаалар таңкы саат 05:00дөн-16:00гө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил унаалар саат 06:00-16:00гө чейин өтпөйт.
Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу асфальтталат.
Абак артындагы жашоо: Соттор акча албай иштесе
Толугу менен 👇
https://youtu.be/oTubaF-BPus
Чолпон-Атада скутер сүзүп кеткен үч жарандын экөө каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
Маалыматка караганда, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө балон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.
Жабыркаган үч адамдын экөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган.
Учурда тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө, коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүү болуп, бир катар фактылар аныкталды.
Динара Кутманова экология министри болуп турганда мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык тармакты уюштурган. Мындай иштерге кол алдындагы кызматкерлерин, уулу жана сиңдисин, үй кызматкери, уулунун досу жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.
Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону министрликтин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн.
Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.
Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.
Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.
Кутманова өзү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.
26-27-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда кыргыз-азербайжан бизнес-форуму өтөт.
Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Форумдун алкагында 27-июлда «Ысык-Көл -2023» VII эл аралык экономикалык форумун өткөрүү пландалган.
Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Буга байланыштуу унаа кыймылына 10 саатка чейин чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.
Бишкекти көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн-16:00гө чейин,
Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00-16:00гө чейин жабык болот.
Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу менен асфальтталат.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине 24-июлда берген маегинде иниси Улан Жапаровдун кылмыш иши тууралуу комментарий берди.
Ал баарына мамиле бирдей болорун, мамлекетке чыгым келтиргендер төлөшү керектигин айтты.
«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. «Менин иним эле» деп камабай койсом, башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда «Бирге жаза, миңге сабак» деген жакшы сөз бар » , — деди ал.
Президенттин тууганы 32 жаштагы Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деген шек менен кармалган.
Бишкек шаардык сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 26-июлга чейин камакка алынган. Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергеп жатканы айтылган.
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы башталды. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана чет элдик инвесторлор катышууда.
Анда Асман шаарынын курулушу боюнча долбоор менен АХХ Investment Group компаниясынын башкы аткаруучу директору Баркат Али видео-презентация жасоодо.
Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миң-700 миң адамдын жашоосуна ылайыкташат.
Асмандын курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. Курулуш иштери толугу менен инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат.
Алдын ала маалымат боюнча, Асман шаары 10 жылда толук курулуп бүтөт.
Эртең, 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын эң чоң утушу өтөт.
Маалыматка ылайык, бул күнкү оюнга 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо коюлат. Ошондой эле аянттагы көрүүчүлөр үчүн кошумча 15 смартфон ойнотулат.
Утуштар кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздары катышкан чоң концерт менен коштолот.
Салык кызматы бардыгын бул шаңдуу иш-чарага катышууга жана 10 электромобилди жана чет өлкөгө 3 жолдомону же 15 смартфонду утуп алган бактылуу адамдарды билүү үчүн лотереянын ойнотулушуна күбө болууга чакырат. Иш-чара саат 19:00дө башталат.
20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.
Бишкекте медицина кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу майрамдоонун алкагында 663 медицина кызматкерине «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун отличниги» төш белгиси тапшырылды.
Мындан тышкары, 525 медицина кызматкери кесиптик мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизацияланып, окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлүп, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынып, электрондук медицина өнүктүрүлүп, медицинадагы коррупция токтотуларын билдирди.