radio_maral | Unsorted

Telegram-канал radio_maral - Марал радиосу

1182

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы

Subscribe to a channel

Марал радиосу

Президент Садыр Жапаров «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» деп аталган китеп жазып, ал басылып чыкты.

Китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчисинде Жапаров өлкөнүн бардык тургундарын жаңы Кыргызстанды биргеликте курууга чакырган. Экинчисинде өлкөнүн негизги идеологиялык багыттары тууралуу айтып берген. Үчүнчүсүндө кыргыз элинин каада-салты жана маданиятын сүрөттөп, идеологияны жаңыртуу зарылчылыгына токтолгон. Төртүнчү бөлүмүндө жыйынтыктоочу сөзү жазылып, бир муштумга бириксек гана күчтүү Кыргызстанды курабыз деген ой берилген.

Китеп 41 миң даана нуска менен басып чыгарылган. Анын аймактык китепканаларга жана түрдүү мамлекеттик мекемелерге таратылып жатканы белгилүү болду. Социалдык тармактан бир нече райондун китепканалары президенттин эмгеги келип түшкөнүн жарыялашкан.

Бул- Садыр Жапаровдун экинчи китеби, 2015-жылы «Саясаттагы 10 жыл» аттуу эмгегин чыгарган болчу. Жапаров ал китебинде саясаттагы 10 жыл ичинде өзү күбө болгон окуяларды жазган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында Кризистик борбор ачылды.
Кризистик борбордун расмий ачылышы 31-июлда болуп, ага Москва шаарынын жана Москва облусунун кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери катышты.

Эмгек мигранттарынын укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, элчилик тарабынан иш-чарага «Медициналык камсыздандыруу капиталы» ЖЧКсынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылды.

Алар катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат беришти.

Кризистик борбордун иши Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон КР жарандарына-аялдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Читать полностью…

Марал радиосу

2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу учурунда каза тапкандардын жакындарынын жөлөкпулдары көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн токтомун Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлиги коомдук талкууга койду.

Ай сайын төлөнүүчү кошумча жөлөкпулдар төмөнкү учурда берилет:

Каза тапкан жарандын балдары 18 жашка чыкканга чейин;
Каза тапкан жарандын атасы же энесине пенсия жашына жеткенге чейин, эгер жалгыз бала болсо анда өмүр бою төлөнөт;
Куралдуу кол салууда жабыркап майып болуп калгандар, — майыптыгы тууралуу медициналык корутунду чыккандан тарта эксперттик комиссиянын корутундусунун мөөнөтү бүткөнгө чейин;
Токтомдун долбоорунда айтылгандай, жөлөкпулдун өлчөмү 3 700 сомдон 5 500 сомго чейин көтөрүлөт.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына газ менен жылытууга өтүү үчүн төмөнкү пайыздык үстөк менен насыялар жана төлөөнүн ыңгайлуу графиги сунушталууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бишкектин тургундары жеткиликтүү насыянын шарттары менен райондук акимчиликтердеги жолугушууларда тааныштырылууда.

Биринчи май районунда Щербаков, Салам Алик, Алтын Бешик, Көлмө, Жеңиш, Балбан Таймаш, Аска-Таш, Маданият, Керемет, Касым конуштарынын тургундары менен жолугушуу өттү. Ал эми Ленин районунда «Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо конуштарынын жашоочулары менен жолугушуу уюштурулду.

Белгиленгендей, «Айыл банк» жана «РСК банк» банктары 150-200 миң сомго чейин, 2 жылга бөлүп төлөө менен, төмөн пайызда, күрөө, кепил жана баштапкы төлөмсүз насыя берүүгө даяр. Ошондой эле банктар насыяны төлөөнүн ыңгайлуу графигин тандоого эркиндик берет.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/632348

Читать полностью…

Марал радиосу

Жеңиш чокусун багындырууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөөгө 31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги «Түштүк Эңилчек» базасына жайгашышты.

Куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издешет.

Министрлик белгилегендей, 4100 метрден жогорку бийиктикте абанын температурасы -20, -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана татаал болот.

Альпинисттер Кыргызстандагы «Аксай-Тревэл» туристтик компаниясы менен келишим түзүп, 11-июль күнү Ысык-Көл облусундагы лагерге жайгашышкан. Ошол эле күнү алар Жеңиш чокусуна жол тартып, 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн делген кыргызстандык үй-бүлө боюнча маалыматты тактап жатат.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактап жатат. Тиешелүү жооп келгенде кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Казакстандын жараны Жанат Шамиганов Currenttime басылмасынын кабарчыларына кыргызстандык үй-бүлө менен болгон окуя тууралуу айтып берген. Ал АКШга мыйзамсыз жол менен бара жаткан топтун арасында кыргызстандыктар да болгонун айткан. Кариб деңизинен өтүп баратканда кыргызстандык жарандын баласы колунан түшүп кетип, анын артынан эне жана ата да сууга секирген. Ал эми суу кайыгы алардын артынан кайткан эмес.

Читать полностью…

Марал радиосу

Пакистандын түндүк-батышында саясий митингде болгон жардыруудан кеминде 40тан ашуун киши каза болду. Акыркы маалыматтарга караганда, 200гө жакын адам жараат алды.

Жардыруу Ооганстан менен чектеш Бажаур чөлкөмүндөгү Хар шаарынын четиндеги «Жамаат Улема Ислам» (JUI-F) исламчыл партиясынын тарапкерлеринин митингинде болгон. Бул аймак мурда ооган талиптери менен тыгыз байланыштагы пакистандык «Техрик-е-Талибан» радикал ислам кыймылынын базасы деп эсептелген. Акыркы жылдары өкмөттүк аскерлер аймакка көзөмөлдү күчөткөн.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бишкектеги «Дордой» базарында «бомба коюлду» делген маалымат боюнча эл кайрадан эвакуацияланды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:12 чамасында «Дордой» базарынын жана анын аймагындагы «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын тергөө-ыкчам тобу барды. Базардын аймагы курчоого алынып, келгендер жана жумушчулар эвакуацияланган. Жеринде кинологдор иштөөдө.
Буга чейин 21-июлда «Дордой» базарына бомба коюлду делген маалымат тарап, бомба табылган эмес.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Октябрь районунун аймагындагы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксатсыз кошумча курулган курулуштарды бузуу иштерин улантууда.

Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Ошондой эле жарнамалык конструкциялар алынды.

Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин мыйзамсыз орнотулган объектилердин ээлери өз ыктыяры менен алышат.

Буга чейин башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Читать полностью…

Марал радиосу

Мамлекеттик салык кызматы 28-июлга караган түнү «Жыйынды пост» маалыматтык системасынын ишинде убактылуу үзгүлтүккө учураганы байланыш оператору тарабынан интернеттин өчүрүлүшүнөн улам болгонун билдирет.

Байланыш оператору маалымдагандай, үзгүлтүккө учуроонун себептери базалык жабдууларда болуп, байланышты калыбына келтирүү үчүн 8 сааттан ашык убакыт талап кылынган.

Бул Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалардын Кыргызстандын кире беришинде кезек пайда болушуна алып келди.

Бүгүн, эртең мененки саат 8:20дан тарта байланыш кайра жандангандан кийин «Жыйынды пост» системасы штаттык режимде иштеп жатат жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларды эсепке алуу эч кандай кечигүүсүз ишке ашырылууда.

Читать полностью…

Марал радиосу

Абактагы аял: Абактагы аялдардын өксүктөрү өкүнүч

Толугу менен 👇
https://youtu.be/oTubaF-BPus

Читать полностью…

Марал радиосу

Нурила: «Кең дүйнө»

"Сергитме" программасы

Конокто: Асылбек Асан , Нурила

Читать полностью…

Марал радиосу

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» медиасынын күн мурун жарыялаган майнинг компанияларга сатылган электр энергиясы боюнча «Кабар» агенттигине жооп берди.

Президенттин айтымында, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат берилген.

«Жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын бары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте райондо жылыштар пайда болот», — деп жооп берген президент.

Президент ошондой эле жетишпеген көлөмдү чет өлкөдөн 3 сомдон сатып алынарын, майнинг фермага 5 сом 04 тыйындан сатканда энергетика системасына 2 сом 04 тыйын таза киреше кала тургандыгын, мамлекет пайдадан башка зыян тартпай тургандыгын кошумчалаган.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/632172

Читать полностью…

Марал радиосу

Орусияда акыркы үч күндө 14 аскер комиссариатынын имаратына өрт коюу аракети катталды.

Маалыматта Санкт-Петербург, Москвага жакын Можайск жана Подолск, Казан, Омск, Калуга, Верхнеуралск (Челябинск облусу), Россоши (Воронеж облусу), Волск (Саратов), Копейск (Челябинск), Агинское кыштагында аскер комиссариатынын имараттарына өрт коюуга аракет кылышкан.

Учурда бул өрт коюуга аракет кылуу иштерине байланыштуу үч аял кармалган. Алардын бири 54 жаштагы Ирина Копейск аймагындагы аскер имаратына өрт коюуга шектелип кармалган. Ал «Молотов коктейлин» имараттын короосуна ыргыткан. Ушундай эле окуя Верхнеуралск аймагында да катталып, анда 34 жаштагы Дарья аттуу аял кармалган.Калуга шаарындагы аскер комиссариатындагы кол салууга 78 жаштагы пенсионер аял шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган аялдар бул кадамга барууга аларды телефон аркылуу кимдир бирөө мажбурлаганын айтышкан. Учурда бул иш тергелүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин да Орусияда аскер комиссариатын өрттөө аракеттери катталып, айрымдары 19 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Быйыл 20-августтан тарта Бишкек мэриясына караштуу автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр жүргүлбөйт.

2020-жылдын март айынан бери швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Накталай эмес төлөм ыкмаларынын төмөнкү жолдору бар:

— үч категориядагы «Тулпар» транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

— Виртуалдуу NFC картасы;

— Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.


Стандарт көк карталарын «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот.

Бишкек мэриясы буга чейин накталай эмес төлөм жүргүзүүнү киргизүүгө аракет кылып, бирок жүргүнчүлөрдүн даяр эместигине байланыштуу мөөнөтүн узарткан.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире 11 сом.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кытайдан келген офтальмологдор көздүн катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытайдан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды жасайт. Катаракта диагнозу боюнча 300 операция жасалат.

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында 7-августтан 8-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Саат 9:00дөн 16:00гө чейин баруу керек. Жарандар өздүгүн тастыктаган документтерин, маалымкаттарын (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) жанына алып алышы керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кечээ, 31-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швеция Королдугунун тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүү швед тараптын демилгеси менен болгон. Анда Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелери талкууланган. Тактап айтканда, министрлер саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Швециянын Тышкы иштер министри Ыйык Куран китебинин нускасынын өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек» — деген пикирин билдирген.

Читать полностью…

Марал радиосу

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 2023-жылдын 27-июлуна карата эки категория боюнча 3 млрд 229 млн 488 миң сомго 7 миң 178 насыя берилди.

Анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 837 млн 173 миң сом насыя берилди, мал чарбачылыкка 2 млрд 392 млн 315 миң сом.

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоорунун насыялары «Айыл Банк» жана «РСК Банк» аркылуу берилет.

Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорун быйыл мартта бекиткен. Долбоор 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Читать полностью…

Марал радиосу

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Нарын облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +20…+22, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/632314

Читать полностью…

Марал радиосу

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан 29-июлда кабыл алынды.

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, ушул жылдын 22-августуна чейин үй камагына чыгарылды. Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучуларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Айыпталуучу Елена Калашникова 12 млн сом, ал эми Александр Валитов 1,5 млн сом өлчөмүндөгү материалдык зыяндын ордун толтурду. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

Эскерте кетсек, Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/632219

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, 28-июлда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 10-сентябрында өтө турган Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого экс-депутат Жаныбек Абиров өзүн-өзү талапкер катары көрсөттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен аталган округдан талапкер болгондордун саны 10го жетти.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт.

Читать полностью…

Марал радиосу

Абактагы аял: Неберем жарык дүйнөгө келгенче ушул жерден чыгып кетсем дейм

Толугу менен 👇
https://youtu.be/oTubaF-BPus

Читать полностью…

Марал радиосу

Асылбек Асан: «Сүйкүм элес»

"Сергитме" программасы

Конокто: Асылбек Асан , Нурила

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда 27-июлда кечки саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматттык маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

ЕАЭБден Кыргызстандан аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун колдонот.

Системадагы мүчүлүштүктөрдөн улам кезек пайда болгон. Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн, 27-июлда Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачылды. Анын ачылышына облуска иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров катышты.

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү аянты 8640 чарчы метрлик мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, 2022-жылы ал Жалал-Абад облустук сотунун балансына өткөрүлүп берилген.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен аталган обьектиге 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өткөнү кабарланды.

Сот адилеттиги үйүндө жети орган жайгашкан: Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы, анын кызматтык бөлүмдөрү.

Жети органды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражаты кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн “Бирдиктүү терезе” принцибиндеги шарт түзүлдү. Орто эсеп менен Сот адилеттиги үйү бир күндө 350-400 жаранды кабыл алат.

2023-жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү ачылган.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бишкек шаардык соту 26-июлда Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду аталган округдан депутат болуп шайланды деген БШКнын чечими да жокко чыгарылган.

2021-жылдын ноябрь айында Өмүрбек Бакировдун шайлоо штабынын жетекчисине добуш сатып алуу боюнча айып тагылган. 2022-жылдын декабрында депутатткка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Равшанбек Рысбаев сотко кайрылып, Бакировду мандатынан ажыратуу боюнча арызданган.

Читать полностью…
Subscribe to a channel