radio_maral | Unsorted

Telegram-канал radio_maral - Марал радиосу

1182

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы

Subscribe to a channel

Марал радиосу

Жидда-Ош-Жидда авиакаттамынын алгачкы рейси бүгүн Ош шаарына келип конду. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосундагы жаңы ачылган авиакаттам бүгүн, 21-августта Жидда-Ош багыты боюнча учуп, аны «Ош» эл аралык аба майданында салтанаттуу тосуп алуу болду.

Ал эми ошол эле учак кайрадан Ош-Жидда багыты боюнча учуп, ага 157 жүргүнчү отурду.

Жаңы каттам Сауд Арабиянын “Flynas” авиакомпаниясы аркылуу ишке ашууда. Эми Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттамдар үзгүлтүксүз учуп турат.

Читать полностью…

Марал радиосу

2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 — 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарына ылайык 2023-жылдын 1-июлунан тартып өндүрүлгөн жана импорттолгон суюлтулган көмүрсуутек газы үчүн отчет берүү жана акциз салыгын төлөө зарылдыгын эскертет.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бишкек троллейбус башкармалыгы «Т» категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына ишке чакырат.

Ал эми жаңыдан троллейбус айдоочусу болууну каалагандар №20 кесиптик лицейде акысыз курстан өтө алат. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

Мэриядан белгилешкендей, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет.

№20 кесиптик лицей Бишкек шаары, Купянский көчөсү, 30 А дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0550 220 173.

Читать полностью…

Марал радиосу

Энергетика министрлиги кытайлык ТВЕА компаниясы менен меморандумга кол койду.

Кытайлык ТВЕА компаниясы Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскадын жана Кемин-Торугарт линиясын кура турган болду. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Синьцзян-Уйгур автоном районуна барган иш сапарында макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында энергетика тармагы боюнча бир катар документтер кабыл алынды. Анда энергетикалык саясат жана аны эффективдүү колдонуу, ТВЕА компаниясы менен биргеликте Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу, ошол эле компания менен 500 кВт Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу боюнча сөз болгон.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бегимай Турусбекова жандуу үн

«Марал радиосунун» концертинен үзүндү

Читать полностью…

Марал радиосу

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгүнүн сынганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Маалыматта айтылгандай, жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгү сынган окуя чоң тынчсызданууну жана тынчсызданууну жаратты. «Бизге медициналык жардам алуу үчүн келген ар бир эне менен баланын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти терең түшүнөбүз», — деп билдири министрлик.

«Бул процесстин алкагында атайын түзүлгөн комиссия төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышы боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзөт. Биз окуяга өбөлгө түзгөн бардык факторлорду аныктоого жана келечекте ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн тийиштүү чараларды көрөбүз. Бул ишти териштирүүгө ички иштер органдары да тартылганды, биз аларга бардык зарыл колдоолорду жана кызматташууну көрсөтөбүз. Окуяга күнөөлүү медицина кызматкерлери мыйзам чегинде катуу жазаланат», — деп айтылат маалыматта.

Читать полностью…

Марал радиосу

Абдывахап Нурбаев: Аккредитациядан эле миллиондогон акчалар чогулуп турган

Читать полностью…

Марал радиосу

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду.

УКМК күчтүү уулуу заттын (“Gurza – vipera Leberetna turaniga”) ири партиясын сатууга аракет кылгандарды кармады. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргызстандын жараны кармалган.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 АКШ долларына чейин бааланат.

Читать полностью…

Марал радиосу

Дагестандын борбору Махачкала шаарында май куйган жайлардын бири жарылып, анда каза тапкандардын саны 35ке жетти.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, каза болгондордун үчөө жаш балдар. Ал эми 80дей адам жабыркап, алардын 60тан көбү ооруканага жаткырылган.

Бул кырсыкка байланыштуу тиешелүү кызматтар кылмыш иши козгоду.

Дагестанда аза күтүү күнү жарыяланып, аймактын башчысы Сергей Меликов каза болгондордун жакындарына кенемте төлөнөт деп билдирди.

Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Анда сегиз цистерна бензиндин эки цистернасы жарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт убагында токтотулбаса, калган цистерналар да жарылып, өрттүн масштабы жана адам өлүмү мындан да көп болмок.

Читать полностью…

Марал радиосу

Москва биржасында доллар соңку 16 айдын ичинде биринчи жолу 100 рублдан ашты. Мындай көрсөткүч акыркы жолу 2022-жылы мартта катталган болчу.

Учурда Москвада 1 доллар 101 рубль деп бааланууда. 11-августта бул көрсөткүч 1 рублга аз болчу.

Ал эми евро дээрлик 110 рублга чейин көтөрүлдү.

Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Максим Орешкин бул абал боюнча комментарий берип, доллардын баасынын көтөрүлүшү экономикага терс таасирин тийгизерин айтып, бирок жакынкы аралыкта абал бир нукка түшөт деп айткан. Орусиянын Борбордук банкы өлкөнүн экспорту азайганын, ички рыноктун керектөөсү көбөйгөнүн белгилеп, мунун баары доллардын кунуна таасир берип жатат деп билдирген.

Читать полностью…

Марал радиосу

Урматтуу окурмандар, кесиптик стандарттар жөнүндө кандай маалыматыңыз бар?

Кесиптик стандарт - кызматкерге кесиптик иштин белгилүү бир түрүн, анын ичинде белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын жөндөмдөрү (билиминин деңгээли, кесиптик көндүмдөрдүн жана иш тажрыйбасынын деңгээли).

-Кесиптик стандарттар Кыргызстандагы ишкерликке жана иш берүүчүлөргө кандай пайда алып келиши мүмкүн?

Пикириңизди комментарийге жазыңыз

Читать полностью…

Марал радиосу

Түркиянын Анталия шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Анталиядагы жергиликтүү басылмалар жазды.

Окуя кечээ, 2-августта Анталия шаарынын Кепез районунда болгон. Анда 30 жаштагы кыргызстандык А.Ш жолду кесип өтүп жаткан учурда жеңил авто унаа келип сүзгөн. Унаа катуу келгендиктен кыргызстандык жаран оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза тапкан.

Тез жардам келип, жабырлануучу сактай албай калышканын билдирген.

Учурда маркумдун сөөгү моргго жеткирилген.

Читать полностью…

Марал радиосу

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанда узак мөөнөткө соттолуп, кийин Душанбеге өткөрүлүп берилген тажик жарандары Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовду эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлаганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Маалыматка караганда, Абдукаххоров менен Юнусов бир нече айдан бери кармалып турган Явандагы абактан 28-июлда чыккан.

Абдукаххоров 2-августта «Озоди» радиосуна маек берип, бийлик органдарына жасалган көптөгөн кайрылуулардан кийин Юнусов экөө акталып, эркиндикке чыгышканын билдирди.

«Башкы прокуратуранын өкүлү биз отурган Яван абагына барып, Аскар экөөбүз президенттин жарлыгы менен бошотулганыбызды, биздин соттуулугубуз жоюлганын айтты. Биз ыраазычылык билдирип, үй-бүлөбүзгө кайтып келдик», – деди Абдукаххор.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/%d0%b0%d0%bb%d0%bc%d0%b0%d1%82%d1%8b-%d0%ba%d3%a9%d0%bf-%d0%ba%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d1%82%d1%82%d1%83%d1%83-%d2%af%d0%b9%d0%b4%d3%a9%d0%b3%d2%af-%d3%a9%d1%80%d1%82%d0%ba%d3%a9-%d0%b1%d0%b0%d0%b9%d0%bb/

Читать полностью…

Марал радиосу

Ошто Кайың-Талаа айылындагы мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, өрт саат 15:28де курчоого алынган.

Өрт өчүрүү иштери уланууда.

Читать полностью…

Марал радиосу

Бүгүн Өзбекстандын бийлигине кайрылуу жолдогон жарандын видеосуна байланыштуу Оштун Амир-Темир кичи шаарчасында жыйын болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Амир-Темир кичи шаарчасында жергиликтүү активисттердин, дин өкүлдөрүнүн жана тургундарынын катышуусунда жыйын болуп өткөн. Жыйында катышкан жергиликтүү жашоочулардын бардыгы бир ооздон кечээ күнү «Тик-Ток» аркылуу коӊшу мамлекеттин өлкө башчысына кайрылган жердешинин жоругун туура эмес деп белгилешкен.
Жыйынга катышкандардын бири, жергиликтүү аксакал жашоочу өзбек бийлигине кайрылган жаранды провокатор деп атап, анын билдирүүсүн туура эмес деп баалаган. «Бүтүндөй кичи шаарчабызды элге жаман көрсөттү. Өзүбүздун шаардын, өлкөнүн жетекчилиги турганда коӊшу мамлекеттин жетекчисине арыздануунун эмне зарылчылыгы бар? Жаш адам болсо бир жөн. Бүтүндөй жашоочулар жаман көрүп жатышат. Мындай адамдын жакшылыгына дагы, жамандыгына дагы барбайбыз!» деп билдирген.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/633089

Читать полностью…

Марал радиосу

Бактияр Токторов: «БУЙ-БУЙ»

«Марал радиосунун» концертинен үзүндү

Читать полностью…

Марал радиосу

Бакыт Мамытбеков: «Ортомчу бизге Ысык-Көл»

«Марал радиосунун» концертинен үзүндү

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстанда акыркы жарым жылдын ичинде 19 миң жуп расмий түрдө баш кошушту.

Жылдын биринчи жарым жылдыгында республика боюнча 19 миң 347 үй-бүлө никелерди расмий түрдө каттады. Өткөн 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда никелердин каттоолордун саны 2 687ге азайды.

Биринчи жарым жылдыкта борбор калаабыздын Бакыт өргөөсүндөгү баш кошкон эң популярдуу күн катары – 23.03.23 болду. Бул кооз, шайкеш келген датада расмий түрдө 62 баш кошуу аземдери болуп өткөн. Жарым жылдын ичинде Бакыт өргөөсүндө өздөрүнүн мамилелерин 1 миң 505 жуп расмий катташкан.

Статистикага ылайык, ажырашкандардын саны төмөндөп жаткандыгы байкалууда. Алсак, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 6 067 жуп ажырашса, быйыл 5 814 жуп ажырашышкан.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кубаныч Ажыбаев: «Кечирип кой»

«Марал радиосунун» концертинен үзүндү

Читать полностью…

Марал радиосу

Боомдо эки унаа кагышып, 3 жаран каза болду

Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, 15-августта болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек –Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында Тайота Авансис үлгүсүндөгү авто унаа менен Мерседес-Бенц авто унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 жаран каза болуп, 6 жаран ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Читать полностью…

Марал радиосу

Абдывахап Нурбаев: Ваучердик система билим сапатын жогорулатат

Читать полностью…

Марал радиосу

Бактыбек Мамытов: Ушул кыска өмүрдө, Кандай бакыт адам болуп үлгүрүү

Читать полностью…

Марал радиосу

Түгөлбай Казаков: Мен көргөн адамдардын эле пейили өзгөрүп кетти

Читать полностью…

Марал радиосу

Учурда социалдык тармакта видеосу тараган кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы ушул жылдын 18-июлунда болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жабыркаган мекендеш элчиликтин дарегине кайрылган эмес. Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик жабыркаган кыргызстандыктын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштерин баштаган.

Азыркы учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралары көрүлүп жатат. Ошондой эле, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин атынан расмий нота жөнөтүлдү.

Бул маселе Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жана Орусиядагы элчиликтин көзөмөлүнө алынды.

Читать полностью…

Марал радиосу

5-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Этнофестивалдын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Фестивалдын максаты кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/%d0%b0%d0%bb%d0%bc%d0%b0%d1%82%d1%8b-%d0%ba%d3%a9%d0%bf-%d0%ba%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d1%82%d1%82%d1%83%d1%83-%d2%af%d0%b9%d0%b4%d3%a9%d0%b3%d2%af-%d3%a9%d1%80%d1%82%d0%ba%d3%a9-%d0%b1%d0%b0%d0%b9%d0%bb/

Читать полностью…

Марал радиосу

Ушул жылдын 2-3-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунун тургандарын сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону сунуштайт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча эртең, 3-августта Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/%d0%ba%d0%b0%d0%b9%d1%80%d0%b0-%d1%88%d0%b0%d0%b9%d0%bb%d0%be%d0%be-%d1%82%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bf%d0%ba%d0%b5%d1%80-%d0%b1%d0%be%d0%bb%d1%83%d1%83%d0%b3%d0%b0-%d0%b0%d1%80%d1%8b%d0%b7-%d0%b1%d0%b5-4/

Читать полностью…
Subscribe to a channel