radio_maral | Unsorted

Telegram-канал radio_maral - Марал радиосу

1182

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды, жаңылыктарды бейтарап чагылдырган маалымат булагы

Subscribe to a channel

Марал радиосу

Урматтуу достор!
"Марал" радиосу сиздерди ыйык Курман Айт майрамы менен куттуктайт!
Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күнү кылган тилектерибизди Жараткан кабыл кылсын🤲

Курман Айт майрамыңыздар маарек болсун!

Читать полностью…

Марал радиосу

https://youtu.be/g0qHRpuyNPc?si=X1Na6dPlMgQWi9Zm

Читать полностью…

Марал радиосу

Бакыт Абдуллаев: Дүйнөлүк бестселлер китептерди кыргызчалоо негизги миссияга айланды

"Арабыздагы адамдар"

Бакытбек Абдуллаев дүйнө жүзү кызыгып окугун бестселлер китептерди кыргызча которгон “Китепстан” басма үйүн жетектейт. Ал жогорку билимди Түркияда алып, мамлекеттик башкаруу адистигин аяктаган. Ал жетектеген басмакана соңку жылдары ондогон китептерди автордук укугун сатып алуу менен кыргыз тилине которгон. Каарманыбыз тууралуу видеону толугу менен "Маралдын" Ютуб каналынан көрө аласыздар.

Читать полностью…

Марал радиосу

Иран президентинин сөөгүн кырсык катталган жерден алып чыгышты

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/657169

Читать полностью…

Марал радиосу

“Президенттин агасы алтын сатты делген маалымат аныкталган эмес”

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызстандагы адабиятчы, тарыхчы, илимпоз, журналист, коомдук ишмерлер жазуучу Олжобай Шакирди абактан бошотуу талабы менен бийликке кайрылды.

Кайрылууда айтылгандай, Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык жана анын бийликти басып алууга чакырганы чындыкка коошпойт. Жазуучу тескерисинче, улам бир төңкөрүштү кайталай бергенден оңолуу болбой турганын айтып, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол бербөөгө чакырып келген.

«Олжобай – маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз колдоого алынары белгилүү.

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/633813

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/633807

Читать полностью…

Марал радиосу

Салык маселесине байланыштуу Бишкектин «Дордой» базарындагы соодагерлер митингге чыгышты.

Алар соода контейнерлерин жаап, салыктын көтөрүлүшүнө байланыштуу жагдай түшүндүрүлмөйүнчө жумушка чыкпай тургандыктарын айтышты.

Учурда Салык кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.

Читать полностью…

Марал радиосу

‼️ Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин УКМКнын абагына камалды

Читать полностью…

Марал радиосу

Ташиев: Биздин президент белгилүү дарбазачы Досаевге гол киргизген, бул жагын да эстеп коюңуздар

Читать полностью…

Марал радиосу

УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан жалпы жарандык паспорт (чет элдик) менен катар эле ID-карта менен өтө алышаарын маалымдайт. Бул боюнча 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндөгү өкмөт аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, 1-сентябрь саат 00:00дон баштап кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө Кыргызстандын жарандары үчүн 2004-ж. жана 2017-жылы чыккан ID-карталары жарактуу. Ошол эле учурда жалпы жарандык паспортту да колдонууга болот.

Ал эми чүнчү өлкөлөргө чыгуу үчүн эки өлкөнүн жарандарында тең жанында жалпы жарандык (чет элдк) паспорттору же мамлекеттер аралык макулдашууларда аныкталган башка каттам документтери болушу керектигин УКМКнын Чек ара кызматы баса белгилейт.

Читать полностью…

Марал радиосу

На Радио Марал требуются Маркетологи
Требования:
1. Умение продавать и вести переговоры
2. Уверенный пользователь (MS office, Word, Excel)
3. Возраст от 18-25 (приветствуются студенты)

Телефон:
+996 700 23 09 94
+996 995 68 06 06

Читать полностью…

Марал радиосу

https://maralfm.kg/archives/633518

Читать полностью…

Марал радиосу

Германиянын түштүгүндөгү суу ташкынынан улам кеминде төрт киши каза болгонун Associated Press билдирди.

Суу каптаган үйлөрдүн жер төлөсүнөн үч адамдын сөөгү табылганы жана бир куткаруучу да каза болгону кабарланган.

Бавария жана Баден-Вюртемберг федералдык штаттарындагы суу ташкынына нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон.

Бавариянын премьер-министри Маркус Соедердин айтымында федеративдик штатта кырдаал курч бойдон калууда. Бир катар калктуу конуштарда эвакуация жарыяланып, темир жол байланышы үзгүлтүккө учурады.

Читать полностью…

Марал радиосу

Акын Аскат Жетигендин абакта кыйноого кабылганы боюнча териштирүү жүрүүдө

Читать полностью…

Марал радиосу

Аида Багышбаева:” Бул дүйнөдө сен бар үчүн атаке, мен өзүмдү бактылуу деп билемин...”

Читать полностью…

Марал радиосу

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиев парламенттин 15-майдагы жыйынында Бишкектеги Ататүрк паркындагы үйлөр тууралуу маселе көтөрдү.

Ал парктын аймагындагы үйлөрдө катардагы жарандар да жашай турганын айтып, алардын маселесин этият кароого чакырды.

20-май күнү баарын буздуруп, үйлөрүнөн чыгаруу туура эмес экенин белгиледи.

«Мен коррупционерлерди ныпым коргогон жерим жок. Мэрия айтып жаткан 198 объектиде катардагы карапайым жарандар да, ак ниет сатып алуучулар да бар. Алар балким экинчи, үчүнчү колдоп алышкандыр. Эмне үчүн кезинде ошол парктын аймагын берип жиберишкен, ошого жол бергендер эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт да парктын аймагы бузулушу керек? Баары иликтенсин, мыйзамсыз берилгенин билбей сатып алгандар да бар» , — деди депутат.

Мэрия 20-майдан тарта Ататүрк паркындагы үйлөр буздуруларын билдирди. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев парктын аймагындагы мурда курулушка берилип кеткен 43 гектар жерди кайтарыларын белгилеген.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-майда өлкө аймактарында жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13… +18, күндүз +31… +36,

Талас облусунда түнкүсүн +10… +15, күндүз +28… +33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14… +19, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9… +14, күндүз +23… +28,

Нарын облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +34…+36 градус болот.

Читать полностью…

Марал радиосу

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 30дан ашык мүчөсү камалган”

Читать полностью…

Марал радиосу

2022-жылдын февраль айынан бери эл аралык өнөктөштөр Украинага 100 миллиард долларга жакын аскерий жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетер алдында «Укринформ» агенттигине берген маегинде билдирди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, колдоонун жарымынан көбү – 60 миллиард долларга жакыны Америка Кошмо Штаттарынан келген.

Батыш саясатчылары Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу зарылдыгын жарыялашкан. Киев өнөктөштөрүнөн куралдын жаңы түрлөрүн, анын ичинде орто аралыкка учуучу учактарды жана ракеталарды сурап жатат. Ошол эле учурда айрым эксперттер эгер Киев 2023-жылдагы чабуулдарда байкаларлык ийгиликке жетпесе, аскердик жардам кыскарышы мүмкүн деп болжолдошууда.

Украинага союздаштардын берген жардамы орус армиясынын жылдык чыгымынан эки эсеге көп. Орусиянын аскердик бюджети 43,5 миллиард долларды түзөт.

Читать полностью…

Марал радиосу

Шатман Садыбакас: Сен өчпөйсүң сезимден

Читать полностью…

Марал радиосу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таратам деп коркутуп, опузалап, акча алууга шектелген блогер кармалды.

Ал Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылууга айыпталууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 30-августта ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп, блогер А. Жумагулова акча каражатын алып жатканда кармалган. Учурда тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүнүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 08:38де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 02:02де Кара-Суу райондук өрткө каршы бөлүмү тартылган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган.

Өрт саат 02:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Читать полностью…

Марал радиосу

"Марал" медиасы сиздерди Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы менен куттуктайт!

Эгемендүү эл катары жашообуз дайыма бакубат болсун! Эркиндикти баалаган эл бололу! Эгемендигибиз түбөлүктүү болсун!

Читать полностью…

Марал радиосу

Токтор Бекбоев: Азыр айылга спектакль коюп барсаң шылдыңдап күлөт

Читать полностью…

Марал радиосу

Марал радиосу маркетинг бөлүмүнө адистерди издейт

Талаптары:
1. Сатуу жана сүйлөшүү жөндөмү бар
2. Документтер менен иштөө, тийиштүү программаларды мыкты колдонуу (MS office, Word, Excel)
3. 18 жаштан өйдө (бүтүрүүчү курстун студенттерине артыкчылык берилет)

Иш убактысы жана маянасы сүйлөшүүдө чечилет.

Телефон:
+996 700 23 09 94
+996 995 68 06 06

Читать полностью…

Марал радиосу

Акыйкатчы Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат. Мекемеде акыйкатчы Орусиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты. Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду. Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Орусиянын элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти. Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды.

Сахороводо кармалган кыргызстандыктар көпчүлүк учурда Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылгандыгы үчүн кармалышкан.

Читать полностью…

Марал радиосу

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Алардын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунда каралды.

Кемпир-Абад иши боюнча учурда дагы жети киши абакта. Алар Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаров.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар өткөн жылдын октябрь айынан бери абакта жатат. Аларга карата кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.

Читать полностью…
Subscribe to a channel