❗ Акыркы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек менен Чүйдө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлүп жатат.
ӨКМ шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс болууну эскертти.
❗️Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин "Гимнди өзгөртүшүбүз керек" деген сөзү боюнча үн катты.
"Билдирүүсүн спикердин жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептейбиз.Читать полностью…
Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек.
Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо, азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт".
⭕️ Жалаа жапканга 100 миң сом айып пул чөнтөккө туура келеби?
23-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине массалык маалымат каражаттарында жана интернетте жалган жалаа жабуу жана мазактоо боюнча кошумча беренени киргизүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Катталган 80 депутаттын 63ү “макул”, 6 депутат “каршы” деп добуш беришти. Биз айрым эл өкүлдөрүнө “Жалаа жабуу, мазактоого айып салган мыйзам долбооруна мындан кийинки окууларда кандай добуш бересиз? Өзүңүз тууралуу кандай каралоо же ушакка кабылгансыз? Кандай чара көрдүңүз эле?” деп суроо салдык.
➡️ SEREP MEDIA
Мындай шылуундуктан кантип коргонуу керек?
🔹 Шектүү файлдарды эч качан ачпаңыз. Эгер сизге бейтааныш файл же шилтеме менен билдирүү жөнөтүлсө, билдирүү сиз тааныган адамдан келген сыяктуу болсо дагы, жөнөтүүчүнүн тастыктоосусуз аны ачпаңыз.
🔹 .apk кеңейтүүсү менен файлдарды орнотууга болбойт. Бул орнотуу файлдары. Алардын курамында вирустар болушу мүмкүн, айрыкча алар белгисиз булактардан келген учурда.
🔹 Күтүлбөгөн тиркемелери бар билдирүүлөрдү кылдат текшериңиз. Алдамчылар көбүнчө социалдык инженерияны кызыгуу же коркуу аркылуу колдонушат. Эгер билдирүү шектүү же күтүүсүз болуп көрүнсө, аны менен аракет этпеңиз.
🔹 Белгисиз булактардан келген колдонмолорду орнотууну өчүрүңүз. Бул сиздин түзмөгүңүзгө кесепеттүү программанын орнотулуп калуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Телефонуңуздун жөндөөлөрүнөн сиз расмий дүкөндөн башка жүктөлгөн тиркемелерди орнотууга тыюу салган опцияны таба аласыз.
❗️Медербек Сатыев Жогорку Соттун төрагасы болуп дайындалды
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, ал 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Соттун төрагасы болуп дайындалды.
Замирбек Базарбеков 11-октябрда Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотулган болчу.
⚡️ Түркиянын Анкара шаарындагы аэрокосмостук компаниянын аймагында болгон жардырууга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
➡️ SEREP MEDIA
⚡️ Таласта жүрөк үшүн алган жол кырсыгы видеого түшүп калган. Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы каза болгондор бар экенин билдирди.
➡️ SEREP MEDIA
📍 Бишкек мэриясы маалымат таратып, маселе чечилгенин, система толугу менен иштеп жатканын билдирди.
Читать полностью…🥇 Дүйнө чемпионаты (U-23): Раззак Бейшекеев алтын медалга ээ болду
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону аталды.
❄️ Ашууларда кар жаап жатат
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар. Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.
Транспорт министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
🛩 Суданда жүк ташуучу учак атып түшүрүлдү. Ичинде кыргызстандыктар болушу мүмкүнбү?
➡️ SEREP MEDIA
☕️ Бишкекте эртеңден тарта жылуулук бериле баштайт
Бишкек шаарында жылытуу мезгилин 22-октябрда баштоо чечими кабыл алынган. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Тагыраагы, алгач мектеп, бала бакча, төрөт үйлөрүнө берилсе, анда кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге жетет.
📍Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 жарандын жансыз денеси табылды.
3 адамдын сөөгү кечээ, 18-октябрда табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Бүгүн, 19-октябрда саат 10:30да дагы 3 адамдын жансыз денеси табылды.
Жансыз денелерди куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп берүүдө.
📍Чаткалда дайынсыз болгон 1 адамдын сөөгү табылды
Саат 12:45ке карата: көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын сөөгү табылып, тик учак менен штабга (Кумбел тилкеси) алып келинди.
🎁 MBusiness жана MKassa’дан ишкерлер үчүн “Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды
Негизги байгелердин катарында үч IX муундагы Toyota Camry автоунаасы, фирмалык мерчтер, AirPods Pro 2, iPhone 16 жана MacBook Air M2 бар.
Кантип катышуу керек?
Катышуу опоңой — MBusiness жана MKassa’нын QR коду аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана ар бир ийгиликтүү транзакция сизди жеңишке жакындатат!
➡️ SEREP MEDIA
📍 Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулушу башталганын билдирди.
«Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!” деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдың кылгандар да бар.
Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Сабыр кылып турсаңыздар президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар»,- деп жазды ал.
❗️Батыш автобекетинен Бишкек автобекетине каттаган автобус ишке кирди
Бүгүнтөн баштап №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.
Автобус Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт.
❗️Түркиянын Ички иштер министри маалымат берип, терактыдан 3 киши каза болуп, 14 киши жаракат алганын айтты.
Читать полностью…🚘 MBANKтан автоунааны каржылоонун негизги шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
🔹 Баштапкы төлөм 10% тартып, бул олуттуу суммадагы каржылык салымдарсыз унаа сатып алуу процессин баштоого мүмкүндүк берет.
🔹 Каржылоонун суммасы 5 000 000 сомго чейин, бул эконом-класстан премиум-сегментке чейин ар кандай категориядагы автоунааларды сатып алууга мүмкүндүк берет.
🔹 Каржылоо мөөнөтү 5 жылга чейин, төлөө графигин тандоодо ийкемдүүлүктү камсыз кылат.
➡️ SEREP MEDIA
📍Парламент Жогорку Соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырды
➡️ SEREP MEDIA
⚽️ Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман Бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушуусу болуп өттү.
Читать полностью…MBusiness жана MKassa кардары болуңуз, QR төлөмдөрүн кабыл алыңыз жана чоң конкурска катышыңыз!🤯
Укмуштуудай сыйлыктар менен жеке ишкерлер үчүн акция:
⚡️ 3 даана Toyota Camry 80
💻25 даана MacBook
📱100 даана iPhone 16
🎧150 даана AirPods Pro
🔥Жана дагы миңдеген эксклюзивдүү белектер!
✅ Кантип катышуучу боло аласыз?
1️⃣ MBusiness жана MKassaдан QR код аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алыңыз.
2️⃣ Транзакциянын минималдуу суммасы болгону 100 сом.
3️⃣ Ар бир ийгиликтүү транзакция автоматтык түрдө сизге жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет!
Катышып, жеңишке жетишиңиз! 🤩
✈️ MTravel менен пайдалуу үнөмдөө: авиа билеттерди сатып алуу үчүн 5% кэшбэк
Акция 2024-жылдын 10-октябрынан 30-ноябрына чейин созулат. Бул учурда платформа аркылуу билет сатып алган ар бир MTravel кардары автоматтык түрдө MBonus кызматында 5% кэшбэк алат.
➡️ SEREP MEDIA
▪️ЖМКлар АКШда Фетхуллах Гүлендин дүйнөдөн кайтканын жазышууда. Ал 83 жашта болчу
Түркиялык басылмалар 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракети үчүн айыпталган "Хизмет" уюмунун мүчөсү, FETО'нун башчысы Фетхуллах Гүлендин каза болгонун жазышууда.
🚁 Чаткалда кар көчкү алдында калган 3 жаранды издөө эртең улантылат
Чаткал районундагы Ак-Сайда кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон жарандарды издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал эми бүгүн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз деп табылган 6 жарандын ичинен дагы 2 адамдын сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди. Калган 3 жаранды издөө иштери эртең уланат.
▪️Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти
18-октябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн Мерседес-Бенц-211 үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А.аттуу тургунунун "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди.