tilmech | Unsorted

Telegram-канал tilmech - ТИЛМЕЧ

13142

Subscribe to a channel

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 БИРӨӨНҮН ТЕЛЕФОНУН УРУКСАТСЫЗ ОКУГАН ЖЕ УККАН АДАМДЫН КҮНӨӨСҮ

Максат ажы Токтомушев

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 БУЛ КҮНӨӨЛӨР ТООБОСУЗ КЕЧИРИЛБЕЙТ

Максат ажы Токтомушев

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 АЛЛАХТЫ СҮЙӨМ ДЕГЕНДЕР УККУЛА

Садыбакас ажы Доолов

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

❐ САЛАВАТ АЙТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

⚠️ Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.

 ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 НАМАЗГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛГАН ААЛЫМДЫН АЯНДУУ ТҮШҮ

Имам Убайдуллах ибну Умар аль-Каваририй (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты: 

«Мен куптан намазын такай жамаат менен гана окучум. Бир күнү үйгө конок келип калды. Ошол себептүү намаздан алаксып кетип, куптан намазын жамаат менен мечиттен окуганга жетишпей калдым. Анан үйдөн чыгып, балким куптан окуй элек адамдар бар болсо, ошолор менен чогу намаз окуюн деген үмүттө жакын жайгашкан мечиттерди кыдырдым. Бардык мечиттер жабык экен, адамдар намаз окуп коюшуптур. Мен жамаат менен намаз окуй албай калганыма кайгырып үйгө кайтып келип, өзүмө мындай деп айттым:

«Пайгамбарыбыз ﷺ хадисте: «Эркек кишинин жамаат менен окуган намазы жалгыз окуган намазынан 27 эсе сооптуу» — деп айтылган дедим да, өткөрүп жиберген соопко жетиш үчүн куптан намазына барабар 27 жолу намаз окудум. Андан соң уктайын деп жаттым.

Түшүмдө атчан адамдар менен чогу кетип баратыпмын. Алар менден алдыда кетип баратышат, бирок мен аларды кууп жетейин деп такыр жете албай койдум. Ошондо алардын бирөөсү мага кайрылып:

«Атыңды жөн эле чарчатып жатасың, сен бизге баары бир жете албайсың» — деди. 

Мен андан:
— Эмне үчүн? — деп сурадым.
— Анткени биз куптанды жамаат менен окудук, а сен жалгыз окудуң,— деп жооп берди.

Ошондо мен капаланган абалда чоочуп ойгонуп кеттим. ("Сияр аль-Аълаам ан-Нубала", 11/444)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 ҮЙ-БҮЛӨҢӨ, АДАМДАРГА СӨЗҮҢДҮН ӨТПӨЙ КАЛЫШЫНЫН СЕБЕБИ

Абдишүкүр ажы Нарматов

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага: 

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт. 

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)
 
Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 КЫЯМАТТА АДАМДЫН ДЕНЕ-МҮЧӨЛӨРҮ СҮЙЛӨЙТ
 
Анас, радыяллаху анху, айтты: 

«Күндөрдүн биринде Аллахтын элчисинин ﷺ алдында элек. Ошондо ал күлүп: «Менин эмнеге күлүп жатканымды билесиңерби?» – деп сурады. Биз: «Аллах жана Анын элчиси ﷺ билет»,– деп айттык. Ал айтты: «Кыямат күнү пенденин Раббисине кайрылганын эстеп күлдүм. Ал айтат: 

– Оо, Раббим! Сен мага акырет күнү зулумдук кылбаймын деп убада бербедиң беле?– дегенде, Раббиси: 

– Ооба,– деп жооп берет.

– Анда бүгүн мен өзүмө-өзүм гана күбөлүккө өтөйүн,– дейт. Ошондо Аллах таала айтат: 

– Бүгүн өзүңө-өзүң каршы күбөгө өтөрүң жана кылган амалдарыңды жазган периштелердин күбөгө өтүүсү жетиштүү болот. 

Андан соң оозу мөөрлөнүп, анын дене-мүчөлөрүнө: «Сүйлөгүлө!»,– деп айтылат. Ошондо анын ар бир дене-мүчөсү анын кылган иштеринин баарын айтып беришет. Андан соң ал сөзгө келип: «Көзүмө көрүнбөй жоголгула! Мен силерди коргоюн дедим эле го!» – деп айтат». 

📖 Сахих Муслим
 
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЭРТЕ БАРУУНУН СООБУ

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:

«Жума күнү ар бир мечиттин эшигинде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине жараша жазып турат. Имам минбарга чыгып олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибну Хузайма)

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 ХИЖАБ АРАБДАРДЫКЫ ДЕГЕНДЕРГЕ СОНУН ЖООП

Мыктыбек Арстанбек

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ

Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:

– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун!

▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот.

▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот.

▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот.

▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат.

▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат.

▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын.

▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун.

▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун.

📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР

Сахабалардын бири Сулайман ибну Сурад, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде биз пайгамбар ﷺ менен чогу отурган элек. Ошондо эки адам бири-бири менен сөгүшө кетти. Бирөөсү экинчисин сөккөндө, ал ачууланып жүзү кызарып чыкты. Ошондо пайгамбар ﷺ айтты:
«Чындыгында, мен ушундай бир сөздү билем, эгер аны ачууланган адам айтса, анын ачуусу тарайт, ал «аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм»¹ деп айтсын». 📕Сахих Бухари, 6115; Сахих Муслим, 2610

— ¹ Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм” сөзүнүн мааниси “Аллахтан каргышка калган шайтандан коргоосун сураймын” дегенди билдирет.

Жогорудагы хадисте ачуулануу шайтандын азгырыгы экендиги туурасында айтылды. Эгерде ким ачууланса, анда эң биринчи кезекте Аллахтан коргоо сурасын. Мына ошондо Аллах аны шайтандын жамандыгынан коргойт, ачуусу себептүү башкаларга зыян берүүдөн сактайт.

Ошондой эле пайгамбарыбыз ﷺ ачуулануунун зыянынан кутулуу үчүн адамга сөз түрүндө да, иш жүзүндө да аткаруусу зарыл болгон иштерди буйруган.

• Сөз түрүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында пайгамбар ﷺ мындай деп айтты:
«Араңардан ким ачууланса, анда ал унчукпасын» деп үч жолу айтты». 📕“Муснад”, 1/239

Эгерде ачууланган адам сүйлөй турган болсо, анын сөзү адамдарга катуу тийиши мүмкүн же акылга сыйбаган сөздөр айтылып, урушууга себеп болушу мүмкүн. Мындай туруксуз абалда ачууланган адам өзүнө келгенге чейин унчукпай турганы жакшы. Ал эми ачуусу тараса, орундуу сүйлөйт, эч кимге зыян бербейт, адамдардын көңүлүн оорутпайт, ортодо душмандык да болбойт.

• Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында пайгамбар ﷺ айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда туруп турган болсо, анда олтурсун. Эгер олтурса да ачуусу таркабаса, анда жатсын». 📕“Муснад”, 5/152; Сунан Абу Дауд, 4782

Себеби адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши да ыктымал. Эгерде ушундай абалда олтура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, андан дагы алыстайт.


⚠️ ДЕМЕК, АЧУУЛАНСАҢ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР:
1) Аллахтан коргоо сура.
2) Унчукпа, сүйлөбө, эч нерсе деп жооп бербе.
3) Турган болсоң олтур, олтурсаң да ачууң таркабаса, анда жат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ПЕРИШТЕЛЕРДИ ҮЙҮҢДӨН КАЧЫРБА!

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ит жана сүрөттөр бар үйгө периштелер кирбейт». [Сахих Бухари] 

✔️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Эгерде кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдардын, жаныбарлардын, канаттуулардын) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу же колго тартылган сүрөт болобу же гезиттердеги сүрөттөр болобу же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет. Анткени хадисте айтылган периштелер — жер кезип, үйлөрдү кыдырып жүргөн периштелер. Алар ошол жашаган үйдөгү адамдарга кечирим, ырайым, береке тилеген периштелер. 

Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 ЭРКЕКТИН ТАПКАНЫ БЕРЕКЕЛҮҮ БОЛОТ

Чубак ажы Жалилов

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АТА-ЭНЕСИН КОРДОГОН АДАМ БУЛ ДҮЙНӨДӨН КОРДОЛМОЮН ӨТПӨЙТ


Сабит аль-Банани айтат:

«Бир жерде бир бала атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмне кылганың?»,— деп чуулдап калышты. Ошондо  баланын атасы адамдарга мындай деп айтты:

— Муну жөн койгула! Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем. Мына эми өз башыма түштү, өзүмдөн чыккан балам мени дал ошол жерде сабап жатат.


📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”

═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 КАРГЫШКА КАЛГАН ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР
 
● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын элчиси ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айткан». (Абу Дауд, 4098)

● Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анху, жаа тагынган жана эркектей болуп баскан бир аялды көрүп калат. Ошондо жанындагы бир адамдан: «Бул ким?» – деп сурайт. Ал адам: «Бул Абу Жахлдын кызы Умму Саид» – деп жооп берет. Ошондо Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: «Мен Аллахтын элчисинин ﷺ: «Өзүн эркектерге окшоткон аялдар жана өзүн аялдарга окшоткон эркектер бизден эмес» – деп айтканын уккам». (Муснад Ахмад, 6875)

● Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты: 
«Пайгамбар ﷺ кыз чалыш эркектерге жана эркек чалыш аялдарга каргыш айтып: «Аларды үйүңөрдөн кууп чыккыла» – деп айтты. Кийин пайгамбар ﷺ баланчаны кууп чыкты, Умар баланча кууп чыкты». (Сахих Бухари, 5886)

● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде пайгамбардын ﷺ алдына кыз чалыш бир эркекти алып келди. Ал колу менен бутун хна менен боёп алыптыр. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Буга эмне болгон?» – деп сурады. Ага: «Оо, Аллахтын элчиси! Аялдарга окшошуп алыптыр» – дешти. Ошондо пайгамбар ﷺ ал тууралуу буйрук чыгарып, аны (Медина шаарынын сыртындагы) аль-Накии деген жерге куугунтуктады». (Абу Дауд, 4928) 

Эркектин аялдарга жана аялдын эркектерге окшошуусу динде чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, жүрүм-турумунда, кийиминде, сөзүндө, басыгында, сулууланууда, кооздуктарды тагынууда, кылык жоругунда ж.б.у.с. нерселерде эркектин аялга же аялдын эркекке окшошуусу арам иштерден. Анткени Аллах аялды да, эркекти өзүнө жараша табиятта жараткан. Ким Аллахтын жараткан табиятын өзгөртсө, анда ал каргышка калат, Аллахтын ырайымынан алыстап, акыретте азапка туш болот.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…
Subscribe to a channel