🔴 БЕЙИШ ТУУРАЛУУ СИЗ БИЛБЕГЕН БИР НЕРСЕ
Аллах таала Куранда айтат:
«Бейиште алар үчүн эртели-кеч ырыскылар бар. Биз ал бейишти пенделерибиздин ичинен такыбаларына ыйгарабыз». (Марьям сүрөөсү, 62-63-аяттар)
Ибну Касир бул аяттагы «эртели-кеч» деген сөздүн маанисин мындайча тафсирлеген:
«Бейиште күн-түн деген болбойт. Алар түбөлүктүү нурда болушат. Алар үчүн күндүн жана түндүн чектери болот, түндүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин жабылышы менен билишет, ал эми күндүздүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин ачылышы менен билишет».
Ал эми Имам Катада бул аят тууралуу мындай деп айткан:
«Бейиште эки убакыт бар – таңга маал жана кечке маал. Ал жакта күндүз да, түн да болбойт. Чындыгында ал нур жана жарык болот».
Ал эми кээ бир аалымдар айтышкан:
«Бейиште Күн да, Ай да болбойт. Күндүз да, түн да болбойт. Таңдын атканы жана кечтин киргени Арш тараптан келген нур аркылуу билинет».
📖 "Аль-Жаннату уан-Наар", 174-бет
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз
🎥 КҮЙӨӨМ “ШУСТРЫЙ” ЭМЕС, ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ?
Максат ажы Токтомушев
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
📌 Эгер сен жакшы көргөн нерсени Аллах дайым берүүсүн кааласаң, анда сен да Аллах жакшы көргөн иштерди дайым аткар.
— Имам Ахмад ибну Ханбал
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ИТКЕ БАЙЛАНЫШТУУ ШАРИЯТ ӨКҮМДӨРҮ
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Беш түрлүү жаныбарды өлтүргөн адамга күнөө жок: карга, айры куйрук, чычкан, чаян жана кабанак ит». | Сахих аль-Бухари, 1828.
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ӨЛҮККӨ ӨКҮРҮҮ – КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН
Абу Бурда, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Муса катуу ооруп эсин жоготту. Башы аялынын алдында эле. Ошондо бир аялы кыйкырып жиберди. Абу Муса ал аялына эч нерсе деп айта албады. Кийин өзүнө келгенден кийин мындай деп айтты:
«Мен Аллахтын элчиси ﷺ баш тарткан нерседен баш тартамын. Чындыгында Аллахтын элчиси ﷺ (башына кыйынчылык келгенде) кыйкырып-өкүргөн, чачын жулган жана кийимин жырткан аялдан баш тарткан». (Бухари, 1234; Муслим, 104)
Кыйынчылыкка кабылганда кыйкырып, өкүрүп, бетин тытып, кийимин жыртып, чачын кыркып жана ар кандай Кудайга акаарат келтирген сөздөрдү айтуу арам экендиги бул хадисте баяндалды.
Кыйынчылык келгенде сабыр кылуу ар бир мусулмандын милдети. Сабыр кылуунун сообу өтө чоң. А эгер кыйынчылык келгенде бул да Аллахтын каалоосу деп кыйынчылыкка ыраазы болуу бул – чоң даража жана анын сообу сабыр кулуунун сообунан да чоң болот.
Абу Муса өлүм төшөгүндө жатса да аялын күнөө иштен тыйды. Мына бул окуядан ар бир мусулман сабак алып, өз үй-бүлөсүн, жакын туугандарын жакшылыкка чакырып жана аларды ушуга окшогон күнөө иштерден тыюусу керек.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
═══════════════
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ
Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты:
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)
Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат:
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)
Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибну Маажах, 3660)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
✔️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:
Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдын, жаныбардын, канаттуунун) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу, же колго тартылган сүрөт болобу, же гезиттердеги сүрөттөр болобу, же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек, же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет.
Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ӨЗҮ НАМАЗ ОКУЙТ, БИРОК АЯЛЫ АЧЫК КИЙИНИП ЖҮРӨТ (ЭРКЕКТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ)
Абдыгапар ажы Сманов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 КУРАН ОКУУ БОЮНЧА КӨЗҮ АЗИЗ АДАМДАН ЭҢ БААЛУУ НАСААТ (СӨЗСҮЗ КӨРҮНҮЗ)
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 МАХР МЕНЕН КАЛЫҢ ЭКӨӨСҮ БИРБИ?
Максат ажы Токтомушев
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 ЭҢ КҮЧТҮҮ ЭКИ ДУБА МЕНЕН ӨЗҮҢҮЗГӨ ДЕМ САЛЫҢЫЗ
Чубак ажы Жалилов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз