🎞 БУЛ 9 НЕРСЕГЕ ИШЕНҮҮ ШИРК БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ. АЛ ЭМИ ШИРК ДИНДЕГИ ЧОҢ КҮНӨӨЛӨРДӨН БОЛУП САНАЛАТ. КӨПЧҮЛҮК БУЛ КҮНӨӨЛӨРДҮН КАНЧАЛЫК ООР ЭКЕНИН БИЛБЕСТЕН КЫЛЫП ЖҮРӨТ. ОШОНДУКТАН БУЛ КҮНӨӨЛӨРДҮ БИЛИП АЛЫҢЫЗ, БӨЛҮШҮП БАШКАЛАРДЫН ДА БИЛҮҮСҮНӨ СЕБЕПЧИ БОЛУҢУЗ.
▷ https://youtube.com/shorts/VxovHIvwT7Q?si=6x2K_Ck0T0ifr59k
‼️Шайтан көпчүлүк адамдарды ушул жолдо азгырат. Эртең намаз баштайм деп жүрүп канча деген адамдар намаз окубай өтүп кетти.
➤➤ /channel/tilmech
‼️ БУЛ КУРАНДЫ АР БИР МУСУЛМАН БИЛИШИ КЕРЕК!!! СӨЗСҮЗ ЖАТТАҢЫЗ, САКТАП АЛЫҢЫЗ ЖАНА БАШКАЛАРГА ТАРКАТЫҢЫЗ!
risalatkg">ВИДЕОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
▷ risalatkg" rel="nofollow">https://tiktok.com/@risalatkg
▷ https://vt.tiktok.com/ZSFD5aCfM/
🔴 ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Ражаб айы да бүттү. Мына бүгүн пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көргөн, башка айлардан өзгөчөлөгөн жана пенделердин кылган амалдары Аллахка көтөрүлө турган Шаабан айы дагы кирип келди. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айдын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ага өзгөчө даярдык көрүшкөн жана бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
Усама ибну Зайд, радыяллаху анху, пайгамбарыбыздан ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Шаабан айында орозо тутканыңыздай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм, (мунун себеби эмнеде)?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар элес албаган (Шаабан) айы. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын». | Насаи, 2356
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
Ал эми башка хадисте Аиша энебиз мындай деп айткан:
«Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык (көпкө) орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт дейт элек, кээде (көпкө) оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт дечүбүз. Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айында гана орозону толук тутканын жана Шаабан айында эң көп орозо тутканын көрдүм». | Сахих Бухари, 1969
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок, алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир, радыяллаху анху, туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн».
Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан.
Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар:
«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы». Ал эми кээ бир булактарда: «Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу» – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?».
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Демек, бул айда көбүрөөк орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын. Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 КРЕДИТ АЛГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ
Чубак ажы Жалилов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 АЯЛЫҢДЫ БАГЫП ЖАТКАНЫҢДЫ МИЛДЕТ КЫЛБА
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АЛЛАХ ЮСУФТУ ЖАЛГЫЗ ТАШТАП КОЙГОН ЖОК
Юсуф пайгамбарды бир туугандары кудукка таштап кеткенде Аллах аны жалгыз таштап койгон жок. Ошол жерден өтүп бара жаткан кербенди сууга муктаж кылып, аларды кудукка алып келди. Алар аны кудуктан чыгарып куткарып калышты.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Балага зар болгон Мисирдин башчысын ага алып келди, ал аны кербенчилерден сатып алып өзүнө бала кылды.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Ал абакта жаткан кезде падышага түш көргөзүп, анын түшүн жорутарга адам таппай калганда аны Юсуфка алып келди, ал аны түшүн жоруганы үчүн абактан чыгарды.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Бул ирет бүтүндөй Мисир элин азык-түлүккө муктаж кылды, алардын башына каатчылык күндү салды. Ошондо алар Юсуфту Мисирдин мүлк казынасына башчы кылып дайындашты.
▷ ЖЫЙЫНТЫК!
Эгерде Аллах сенин ишиңди Өз колуна алган болсо, анда Ал сага бүткүл себептерди баш ийдирет, сен күтпөгөндөй ырыскыга жеткирет, сен ойлобогондой жолдорду ачат. Ким ар бир ишинде Аллахка гана ишенсе, Ал анын бүткүл ишин Өз колуна алат. Ишиңди ийгилик коштосун десең, анда Аллахка гана ишен, Аллахка гана таян.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Адам бул дүйнөдө ырыскысына толук жетмейин өлбөйт. Адамга ажал келери анык болгону сыяктуу, анын маңдайына жазылган ырыскы да сөзсүз келет. Адам өз ырыскысын толук түгөтмөйүн бул дүйнөдөн өтпөйт.
➤➤ /channel/tilmech
🎥 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ
Абдишүкүр ажы Нарматов
➤➤ /channel/tilmech
⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 13-январга (2024-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 БУЛАР НАМЫСЫ ЖОК АЛСЫЗ ЭРКЕКТЕР
Садыбакас ажы Доолов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон.
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386
═════════
➤➤ /channel/tilmech
🎞 БУЛ КУРАНДЫ СӨЗСҮЗ ЖАТТАҢЫЗ, САКТАП АЛЫҢЫЗ ЖАНА БАШКАЛАРГА ТАРКАТЫҢЫЗ
▷ t.me/dubazikir
🔴 АДАМДАР КӨРБӨСӨ ДА АЛЛАХ КӨРҮП ТУРАТ
Момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анхунун, заманында кээ бир сүт саткан соодагерлер сүткө суу аралаштырып сатышкан. Мусулмандар соодагерлердин бул кылыгын амирге айтып даттанышат. Ошондо момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, өзүнүн жардамчыларын соодагерлерге жиберип, аларды аманаткөйлүккө чакырууну буйруйт. Анын жардамчылары базарга киришип: «Оо, сүт саткан соодагерлер! Сүткө сууну аралаштырып сатып адамдарды алдабагыла! Эгерде ким бул кылыгын токтотпосо, анда момундардын амири аны катуу жазага тартат» – деп айтып кетишет.
Амирдин жардамчылары элге эскерткенден кийин бир түнү момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мусулмандардын абалын билүү үчүн жардамчысы Аслам менен бирге шаарды кыдырып чыгат. Экөө шаарды кыдырып жүрүп, бир дубалдын жанына келишип, ошол жерде эс алып отуруп калышат. Алар дубалдын жанында отурушкан кезде, бир аял кызы менен сүйлөшүп жатканын угуп калышат.
Апасы кызына: «Алдыңда турган сүткө суу кошуп койчу» — десе, анда кызы: «Апаке, момундардын амири чыгарган буйрукту уга элексизби?» — дейт.
Апасы: «Амир эмне деп буйрук чыгарды эле?».
Кызы: «Момундардын амири өзүнүн жардамчыларын жиберген. Алар сүткө суу кошуп сатып адамдарды алдабагыла деп буйруп кетишти» — деп айтат.
Анда апасы кызына: «Умар да, анын жардамчысы да көрбөгөн жерге барып сүткө суу кош» — деп буйруйт.
Кызы: «Эгерде Умар бизди көрбөсө да, анын Раббиси бизди көрүп турат. Аллахка ант болсун! Мен Аллахтын буйруктарына эл алдында моюн сунуп, ал эми жалгыз калганда ага каршы чыга албайм» — деп, чечкиндүү жооп берет.
Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, кыздын сөздөрүн укканда, ал кыздын такыбалыгына абдан таң калат. Кетип жатып жардамчысына: «Эй, Аслам! Бул эшикке белги коюп кой жана бул жерди эстеп кал» — деп айтып кетет.
Эртеси эртең менен Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, жардамчысына: «Эй, Аслам! Кечээги жерге бар да, сүйлөшүп жаткан аял менен кыз ким экенин сураштырып, алардын күйөөлөрү барбы же жокпу тактап кел» — деп буйруйт.
Аслам баягы жерге барып сураштырып, алар жашы улгайып калган аял жана анын кызы Умму Аммара экенин, ошондой эле ал экөөсүнүн тең күйөөлөрү жок экенин билет. Алар ким экенин билгенден кийин Аслам Умар, радыяллаху анхуга, кайра барып кабарды айтып берет.
Ошондо Умар, радыяллаху анху, өзүнүн балдарын чакырып: «Кимиңерге үйлөнгөнгө кыз керек? Эгерде атаңар аялга муктаж болгондо, ал кызды силердин эч кимиңерге бербей өзү үйлөнүп алмак» — деп айтат.
Ошондо балдарынын бири Абдуллах: «Менин аялым бар» — деп айтат.
Экинчи баласы Абдурахман: «Менин да аялым бар» — дейт.
Үчүнчү баласы Аасым: «Атаке! Менин аялым жок. Ал кызды мага алып бериңиз» — деп айтат.
Умар, радыяллаху анху, ал кызга куда түшүп, баласы Аасымга алып берет. Кийин Аасым менен Умму Аммара кыздуу болушат. Ошол кыз белгилүү аалым жана тарыхта бешинчи халиф болуп эсептелип калган Умар ибну Абдулазизди төрөйт.
Ал кыздын аты – Умму Аммара бинту Суфиян ибну Абдуллах ас-Сакафи. Бул кыз тарыхта Аллахка такыбалык кылууда адамдарга үлгү болуп эскерилип калды.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
🔴 МУРДУ МЕНЕН ЖЕР СҮРСҮН!
Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен отурган кезде: «Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн!» – деп айтты. Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Пайгамбар ﷺ айтты:
– Кимдин ата-энеси карылык жашка жеткенде ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең жанында болуп, аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам. (Сахих Муслим)
Абу Дарда, радыяллаху анху айтты: Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-эне бейиш эшиктеринин эң жакшысы. Эгер сен бейишке кирүүнү кааласаң, ал эшикке сак бол. Болбосо ал эшиктен куру каласың». (Ибну Маажах)
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
🔴 ЖАКШЫЛЫКТЫ БАШКАГА ЫРАА КӨРҮҮ ЫЙМАНДЫН БЕЛГИСИ
Аллах таала айтты:
«Алар муктаж болсо да (мухажирлерди) өздөрүнөн жогору коюшат. Эгерде ким напсисинин сараңдыгынан сактанса, мына ошолор ийгиликке жеткендер». (Хашр сүрөөсү, 9-аят)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Бир киши Аллахтын элчисине ﷺ келип: “Оо, Аллахтын элчиси! Мага кедейликтин кыйынчылыгы келди” – деп айтканда, пайгамбар ﷺ бирөөнүн үй-бүлөсүнө жөнөттү. Алардан да (тамактанганга) эч нерсе табылбады. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ: “Кана эми бул кишини бүгүн түнү ким конок кылса, аны Аллах ырайымына алсын” – деп айтканда ансарлардан бир киши туруп: “Оо, Аллахтын элчиси! Мен конок кыламын” – деп айтты. Алар үйгө барып аялына: “Аллахтын элчисинин коногу келди. Каткан нерсеңдин баарын чыгар” – дегенде, аялы: “Аллахка ант болсун! Үйдө балдардын тамагынан башка эчтеме жок” – деп айтты. Анда ал киши: “Балдар кечки тамакты жейбиз дешкенде аларды уктатып кой. Тамакты болсо конокко кой да, май чыракты бир аз гана жандырып кой. А биз болсо бул түнү ачка жаталы” – деп айтты. Аялы күйөөсүнүн айтканын баарын аткарды. Эртеси күнү ал киши Аллахтын элчисине ﷺ барганда: «Чындыгында, Аллах таала силерге таң калды жана бул аятты түшүрдү: «Алар (ансарлар) муктаж болсо да (мухажирлерди) өздөрүнөн жогору коюшат». (Сахих аль-Бухари, 4889)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ
Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:
– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун!
▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот.
▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот.
▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот.
▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат.
▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат.
▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын.
▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун.
▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун.
📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ВАЛЕНТИН КҮНҮ МУСУЛМАНДАР ҮЧҮН АРАМ
Чубак ажы Жалилов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КЫЗЫҢДЫ БАЛАНЫН БАЙЛЫГЫНА ЭМЕС, ЫЙМАНЫНА КАРАП ТУРМУШКА БЕР
Белгилүү табийиндердин бири Саид ибну Мусайиб хадис, фикх, тафсир боюнча өтө илимдүү болгон. Убагында Медина шаарындагы фикх илими боюнча аалымдардын эң алдыңкысы эле.
Ал шарият илимдери боюнча ар кандай сабактарды өткөн. Андан сабак алган адамдардын арасында Абдуллах ибну Вада деген бир кедей шакирти бар эле. Бир учурда ал шакирти көп сабактарына келбей калат. Кийин Имам Саид ибну Мусайиб Абдуллахтын сабакка келбей калуусуна эмне себеп болгону тууралуу сураганда:
– Аялым кайтыш болуп, ошону менен алек болуп калдым,– деп себебин айтат.
Сабак бүткөндөн кийин Абдуллах үйүнө кетейин деп камынып жатканда Имам Саид аны чакырып:
– Эй, Абдуллах! Аялың өтүп кетиптир, андан кийин үйлөнбөдүңбү? – деп сураганда:
– Аллахтын сизге ырайымы болсун! Менин болгону 2-3 эле дирхамым бар болсо, анан мага окшогон адамга ким кызын бермек эле?! – деп себебин айтат.
– Андай болсо, мен сага кызымды берем,– дейт.
Абдуллах уккан сөзүнө эмне дээрин билбей, селейип туруп калат. Анткени буга чейин Ислам мамлекетинин башчысы Абдулмалик ибну Марван өзүнүн баласы Валидке анын кызынын колун суратканда, ага кызын бербей койгон.
Ошондо Имам Саид жанындагы адамдарды чакырды, Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтты, пайгамбарыбызга салават-саламдарды жолдоду да, андан соң Абдуллахка кызын никелеп, анын калыңы эки дирхам болсун деп келишти.
Абдуллах айтат: «Ошол жерден дароо турдум да, кубанганымдан эмне дээримди да билбей калдым. Чыгып эле үйгө жөнөдүм. Ошол күнү орозо болчум. Орозомду да унутуп коюпмун. Жол бою үйгө жеткенче өзүмчө: «Эй, Ваданын баласы! Эмне кылып жатканыңды билип жатасыңбы, эми кимди чакырасың, кимден акча сурайсың» деп өзүмдү өзүм жемелеп жаттым.
Ошентип кантип шамга азан айтылганын да билбей калыпмын. Шам намазын окудум, оозумду ачтым, үйдө болгону нан менен эле май бар болчу. Эми отуруп жейин деп жатсам, эшикти бирөө какты.
– Бул ким? – деп сурадым. Сырттагы адам:
– Саидмин,– деди. Биринчи эле оюма Саид ибну Мусайиб келди. Ал кайра ойлонуп кызын бербейм деп чечсе керек деген ой келди. Эшикти ачтым, мен баамдагандай эле Имам Саид келген экен.
– Оо, Абу Мухаммад! Бирөөнү эле жиберсеңиз, мен сизди убара кылбай өзүм эле бара калмакмын,– десем, ал мага:
– Жок, мен сага келгенге акылуумун,– деп сөзүн улады: «Эми кызым сага аял болду. Сенин жалгыздыгыңды бөлүшөөр жан шеригиң жок экенин билип, сени түндөсү жалгызсырабасын деп сага кызымды алып келдим»,– деди.
– Сөзүн айтты да, кызын таштап үйүнө кайтты. Мен кызынын үстүнө кирсем, ал ушунчалык сулуу, Куранды жаткан билген, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн жакшы билген, жубайлардын укуктарын мыкты билген кыз экен. Ошентип таң да атты. Эшикке чыгып баратсам, аялым менден:
– Каякка жөнөдүңүз? – деди.
– Атаңдын сабагына жөнөдүм, барып илим алайын,– десем, ал мага:
– Кел отуруңуз, атамдын илимин мен сизге үйрөтөм,– деди.
📖 “Аль-Хилья” 2/167-168, Абу Наим
Кандай гана үлгүлүү окуя! Колунда бийлиги да, байлыгы да бар адамга кызын бербей, 2-3 эле дирхамы болгон кедейге өз кызын берди. Балким ал кедей болсо да, көкүрөгү бай адамдыр. Байлык, бийлик – бул убактылуу нерсе, бирде келсе, бирде кетет. Ал эми адамдын ички дүйнөсү, адамдык сапаттары аны менен өмүр бою бирге калат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 СУЛУУЛУК ДА СЫНОО
Абу Фараж ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, бир окуяны мындайча баяндайт:
«Меккеде бир сулуу аял бар болчу, анын күйөөсү бар эле. Күндөрдүн биринде күзгүгө каранып жатып сулуулугуна суктана:
– Ушундай сулуулукту көрүп, азгырылбаган эркек бар болду бекен? – деп жанында турган күйөөсүнө айтса, ал:
– Ооба, андай адам бар,– дейт.
– Ал ким болду экен, ыя?– деп таң кала күйөөсүнөн сурайт.
– Ал Убайд ибну Умайр,– дейт. Ошондо аялы:
– Мага уруксат берсең, мен аны бир азгырып көрөйүн,– дегенде ал:
– Макул, аракет кылып көрчү, азгыра алар бекенсиң,– деп уруксатын берет.
Ошондо ал аял шарият боюнча суроолорду сурамыш болуп Убайд ибну Умайрга келет. Качан ал экөөсү Кааба жайгашкан аль-Харам мечитинин бир тарабында жалгыз туруп калган кезде ал аял айдай чырайлуу жүзүн дароо ача салат. Ошондо Умайр ага:
– Эй, Кудайдын пендеси! Жап жүзүңдү! – десе, жанагы сулуу аял:
– Мен сизди каалап турам, кааласаңыз өзүмдү сизге арнайм, сунушумду четке кага көрбөңүз,– дейт. Ошондо Умайр ага:
– Мен сага бир нече суроо берем, эгерде сен чындык менен жооп берсең, анда сенин сунушуңду ойлонуп көрөйүн,– дейт.
– Кандай суроо сурабаңыз, чындыкты гана айтамын,– деп аял сөз берет.
– Айтчы, сен экөөбүз ушул ишти кылып жаткан кезде өлүм периштеси жаныңды алганы келсе, сен ушул ишти кылып жатканыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык,– деди Убайд.
– Кабырга кирдиң дейли, периштелер сенден сурак алуу үчүн сени отургузду, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың да чындык,– деди Убайд.
– Кыяматта адамдарга амал китептери берилип жатса, бирок сага амал китебиң оң тараптан берилеби же сол тараптан берилеби али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул ирет да чындыкты сүйлөдүң,– деди Убайд.
– Сырат көпүрөсүнөн өтөйүн деп жатасың, бирок өтөсүңбү же өтпөйсүңбү али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык сөз,– деди Убайд.
– Адамдардын кылган иш-аракеттерин эсептөөчү таразага сенин иш-аракеттериңди коё турган болду дейли, бирок кайсы тарабы оор боло турганын сен али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Сен чындыкты айттың! Аллах сага ушундай сулуулукту берип жакшылык кылган экен, эми Аллахтан корксоң боло,– деп насаатың айтат.
Ошондо ал аял үйүнө кайтып кетет. Үйүнө келгенде күйөөсү аялынан:
– Аны азгыра алдыңбы? – деп кызыга сурайт. Аялы:
– Куругур, сен жалганга батыптырсың, сен экөөбүз жалганга баткан экенбиз,– деди да, намаз окууга киришти, орозо тута баштады, ибадатка баш оту менен берилип кетти. Кийин күйөөсү ар кимге арман кылып мындай деп айтып жүрдү:
– Мени карачы, эми Убайдды кара, ал аялым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузуп тынды. Мурда аялым ар бир түнү мен үчүн биринчи түндөгүдөй болсо, эми такыр эле ибадатка берилип кетти». 📕 “Раудатуль мухиббин”, 340
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 КУЛАГЫНА ШАЙТАН ЗААРА КЫЛГАН АДАМ
Убай ибну Кааб, радыяллаху анху, айтты:
«Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ биз менен бирге таңкы намазды окуп (бүтүп): «Баланча (намазга) келдиби?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. «А баланчачы?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. Ошондо ал айтты: «Чындыгында, бул эки намаз (багымдат менен куптан) – мунафыктар үчүн эң оор намаздар. Эгерде бул эки (намазда) кандай (сооптор) бар экендигин билгениңерде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо дагы келмексиңер». (Абу Дауд)
Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты:
«(Арабыздан) бирөө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзүнчө бир адам тууралуу: «Ал түнү уктап, таң атса дагы (намазга) турган жок»,– деди. Пайгамбар ﷺ айтты: «Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон». (Сахих Бухари)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ЖАСАЛМА КИРПИК КОЙСО БОЛОБУ?
Максат ажы Токтомушев
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН АДЕПТЕРИ
1. БУТ КИЙИМ КИЙГЕНДЕ ОҢ БУТТАН БАШТАП КИЙҮҮ
Айша, радыяллаху анха, айтты: «Аллахтын элчиси ﷺ даарат алганда, чачын тараганда жана бут кийимин кийгенде оң жактан баштаганды жакшы көрчү». (Сахих Бухари)
2. БУТ КИЙИМ ЧЕЧКЕНДЕ СОЛ БУТТАН БАШТАП ЧЕЧҮҮ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийимин кийгенде оң бутунан баштасын, ал эми чечкенде сол бутунан баштасын. Оң бут кийим биринчи кийилип, акыркы чечилсин». (Сахих Бухари)
3. БУТ КИЙИМДИ ОТУРУП КИЙҮҮ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ бут кийимди туруп кийүүдөн тыйган». (Ибну Маажах)
4. БУТ КИЙИМДИН БИР ЭЛЕ ТҮГӨЙҮН КИЙИП ЖҮРБӨӨ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийиминин бир түгөйүн кийип баспасын. Эки түгөйүн тең чечип жүрсүн, же эки түгөйүн тең кийип жүрсүн». (Сахих Бухари)
Жабир, радияллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бириңердин бут кийиминин боосу үзүлүп калса, же бир бут кийиминин боосу үзүлүп калса, анда боосун оңдомойунча жалгыз бут кийими менен жүрбөсүн жана жалгыз маасысы менен да жүрбөсүн». (Сахих Муслим)
5. КЭЭДЕ ЖЫЛАҢАЯК БАСУУ СҮННӨТ
Абдуллах ибну Бурайда риваят кылган хадисте пайгамбарыбыздын ﷺ сахабаларынын бири Мисирде башчы болуп турган Фудала ибну Убайдка барып: «Менин келгенимдин себеби пайгамбарыбыздын ﷺ бир хадисин уктум, ошол хадис жөнүндө сени билеби деген үмүттө сага келдим» – деп айтат да ага карап: «Сен башчы болуп туруп эмнеге чачтарыңды жакшылап (майлап) тарап албадың?» – деп сураганда тиги Фудала ибну Убайд: «Пайгамбарыбыз куунак жашоодон тыйган» – деп жооп берет. Кийин бут кийими жок жүргөнүн көрүп калып: «Эмнеге бут кийимиңди кийбей жүрөсүң? » – деп сураганда: «Пайгамбарыбыз ﷺ кээде бут кийимди чечип жалаңаяк жүрүштү буйруган» – деп жооп берет. (Абу Дауд)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КЫЛГАН ИБАДАТЫҢ СЕНИ ТЕКЕБЕРЛИККЕ ТҮРТПӨСҮН
⠀
Ибну Каййим, рахимахуллах, айтты:
⠀
«Эгерде Аллах сага түнкү намаздын эшигин ачкан болсо, анда сен уктап жаткандардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!
⠀
Эгерде Аллах сага орозонун эшигин ачкан болсо, анда сен оозу ачыктардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!
⠀
Эгерде Аллах сага Анын жолунда согушуунун эшигин ачкан болсо, анда сен согушка бара албай үйүндө калгандардын үстүнөн шылдың көз караш менен караба!
⠀
Балким кээ бир уктап жаткандар, кээ бир оозу ачыктар, кээ бир согушка бара албай калгандар сага караганда Аллахка жакын болушу мүмкүн».
⠀
📕 "Мадариж ас-Сааликин", 1/177
⠀
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибну Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)
Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)
Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech