🔴 КУРАН МЕНЕН ОРОЗОНУН АКЫРЕТТЕГИ ОРДУ
Кыяматтын кыйын күндөрүндө адам баласы кыпындай соопко муктаж болуп, кыйынчылыктан кутулуунун жолун издеп, эмне кыларын билбей жан дүйнөсү тилинип турганда, анын бул дүйнөдө окуган Кураны жана кармаган орозосу Аллахтын алдында ага ортомчулук кылат, анын таламын талашып коргойт. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Кыямат күнү орозо жана Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүз кумарлануудан жана тамактануудан тыйдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ал эми Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ошондо аларга шапаат кылууга уруксат берилет». (Ахмад, 6626)
Көпчүлүк адамдар хадистеги «шапаат кылат» деген сөздү окуганда, буга анчалык деле маани бербейт, кадимки эле көрүнүштөй кабыл алат. Бирок кыямат күнү адамдын акылына келбегендей коркунучтар аны туш тараптан каптаганда, адам ким мага шапаат кылар экен, ким мага жардам берер экен деп зар какшайт. Ошол күндө Курандан окуган ар бир тамгаң, Аллах ыраазылыгы үчүн кармаган ар бир орозоң сени издейт, Кудай алдында сени жактап чыгат, сага шапаат кылып, кыяматтагы кыйынчылыктардан коргойт.
Бул дүйнөдө башыбызга кыйынчылык келген кезде жардам бере турган адамдарды эстейбиз, ал эми кыяматка барганда эч бир адам оюбузга келбейт, ал кезде бизге жардам бере турган ибадаттарды гана эстейбиз. Эгерде бул дүйнөдө акыретиң үчүн камдаган ибадатың болбосо, анда кыяматта унутта каласың, кордукта каласың, өмүрүңдө болуп көрбөгөндөй эң катаал азаптарды баштан кечиресиң.
☝️ Эми ойлонуп көрчү, акырет жашооң үчүн канча Куран даярдадың, канча орозо камдадың? Куран оку десе, кээ бир адамдар тилим келбейт деп чыгат, орозо карма десе ар кайсы шылтоонун башын айтат. Акыретке барганда Курандан башымды көтөрбөй окуйм деп жалдырасаң да, ооруп кыйналганыма карабастан орозо кармайм деп жалынсаң да, сенин бир дагы суранычың кабыл кылынбайт. Андыктан үйрөнө албайм, тилим келбейт деп ар кайсы шылтоону айта бербей Куран окуганды үйрөн, орозо кармай албайм деп көрүнгөн шылтоолорду издей бербей орозо карма. Анткени чыныгы жашоодо ушул нерселердин гана пайдасын көрөсүң.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
⚠️ Быйыл 2024-жылы Рамазан айынын акыркы 10 түнү 30-марттан 31-мартка караган түнү башталат.
Демек, бүгүн ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 21-түнү башталат.
Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ
Аллах таалага жакындаткан эң улуу нафил ибадаттардын бири – Куранды дайым окуу, кунт коюп угуу жана анын ичиндеги маанилерге ой жүгүртүү. Курандын ар бир тамгасында сооптор бар, ар бир аятында жакшылыктар бар, ар бир сүрөөсүндө эки дүйнө бактысына багыт көрсөткөн жолдомолор жана жол-жоболор бар. Куран китеби бизге Кудайды тааныткан эң улуу китеп жана ал пенде менен Раббисинин ортосундагы эң күчтүү байланыш.
● Улуу сахабалардын бири Хаббаб ибну аль-Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп насыйкат кылган:
«Аллахка жакындоого болушунча аракет кыл! Билип кой, Аллахка сүйүктүү иш-аракеттердин арасынан сени Ага Куран китебинчелик башка эч нерсе жакындата албайт». («Жаамиъ аль-Улуум уаль-Хикам», 36)
● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:
– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал:
– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ https://instagram.com/tilmech
➤➤ https://facebook.com/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Орозо — эң улуу ибадаттардан болгону себептен анын сообун Аллах Өзүм гана берем деп убада кылган.
➤➤ /channel/tilmech
‼️ ЖИН МЕНЕН ШЕЙХТИН ОРТОСУНДАГЫ МАЕК ЖАНА ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН КОРГООЧУ ДУБА
👉 t.me/dubazikir/38
🎬 https://youtu.be/1axgMDm95eY?si=N6FgnpsFOuAc5fse
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Араңардан ким чүчкүрсө, анда ал «альхамдулиллах» деп айтсын. Ал эми аны уккан мусулман бир тууганы же досу ага «ярхамукаллах» деп айтсын. Эгерде ага «ярхамукаллах» деп айтылса, анда «яхдиикумулЛааху уа юслиху баалакум» деп айтсын». (Сахих Бухари, 10/502)
➤➤ /channel/tilmech
🎞 БУЛ 9 НЕРСЕГЕ ИШЕНҮҮ ШИРК БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ. АЛ ЭМИ ШИРК ДИНДЕГИ ЧОҢ КҮНӨӨЛӨРДӨН БОЛУП САНАЛАТ. КӨПЧҮЛҮК БУЛ КҮНӨӨЛӨРДҮН КАНЧАЛЫК ООР ЭКЕНИН БИЛБЕСТЕН КЫЛЫП ЖҮРӨТ. ОШОНДУКТАН БУЛ КҮНӨӨЛӨРДҮ БИЛИП АЛЫҢЫЗ, БӨЛҮШҮП БАШКАЛАРДЫН ДА БИЛҮҮСҮНӨ СЕБЕПЧИ БОЛУҢУЗ.
▷ https://youtube.com/shorts/VxovHIvwT7Q?si=6x2K_Ck0T0ifr59k
‼️Шайтан көпчүлүк адамдарды ушул жолдо азгырат. Эртең намаз баштайм деп жүрүп канча деген адамдар намаз окубай өтүп кетти.
➤➤ /channel/tilmech
‼️ БУЛ КУРАНДЫ АР БИР МУСУЛМАН БИЛИШИ КЕРЕК!!! СӨЗСҮЗ ЖАТТАҢЫЗ, САКТАП АЛЫҢЫЗ ЖАНА БАШКАЛАРГА ТАРКАТЫҢЫЗ!
risalatkg">ВИДЕОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
▷ risalatkg" rel="nofollow">https://tiktok.com/@risalatkg
▷ https://vt.tiktok.com/ZSFD5aCfM/
🔴 ШААБАН АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Исламдагы ыйык айлардын бири болгон Ражаб айы да бүттү. Мына бүгүн пайгамбарыбыз ﷺ жакшы көргөн, башка айлардан өзгөчөлөгөн жана пенделердин кылган амалдары Аллахка көтөрүлө турган Шаабан айы дагы кирип келди. Аллахтын сүйүктүү пенделери бул айдын келишин чыдамсыздык менен күтүп, ага өзгөчө даярдык көрүшкөн жана бул айда Аллахка көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылышкан. Ал эми күнөө кылган адамдар күнөөлөрү үчүн тообо кылып, Аллахтан күнөөлөрүн кечиришин сурашкан.
Усама ибну Зайд, радыяллаху анху, пайгамбарыбыздан ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Шаабан айында орозо тутканыңыздай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм, (мунун себеби эмнеде)?» – деп сураганда, ал айтты: «Бул ай – Ражаб менен Рамазандын ортосундагы адамдар элес албаган (Шаабан) айы. Бул айда пенделердин кылган амалдары ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен дагы кылган амалдарымдын орозо кармаган абалымда көтөрүлүүсүн каалаймын». | Насаи, 2356
Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ адамдардын көпчүлүгү капарына албаган Шаабан айындагы амалдардын сооптуу экендиги жана бул айдын көпчүлүк күндөрүн орозо кармоо менен өткөрүүнүн артыкчылыгы туурасында айтып өттү. Ошондой эле бул айда ар бир адамдын кылган амалдары Аллах таалага көтөрүлөт.
Ал эми башка хадисте Аиша энебиз мындай деп айткан:
«Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык (көпкө) орозо кармаганынан улам биз аны оозун ачпайт окшойт дейт элек, кээде (көпкө) оозун ачып жүргөнүнөн улам биз аны орозо кармабайт окшойт дечүбүз. Мен Аллахтын элчисинин ﷺ Рамазан айында гана орозону толук тутканын жана Шаабан айында эң көп орозо тутканын көрдүм». | Сахих Бухари, 1969
Ал эми кээ бир сахабалардын Шаабан айына кандай мамиле кылышкандыгын айта турган болсок, алар Шаабан айына Рамазан айына даярдык көргөндөй даярданышкан. Мисалы, Аммар ибну Ясир, радыяллаху анху, туурасында мындай деп айтылган:
«Аммар Рамазан айындагы орозого кандай даярдык көрсө, Шаабан айындагы орозого дагы ошондой даярдык көргөн».
Бул айдын артыкчылыгы жана андагы кылынган ибадаттар сооптуу болгондугу себептүү сахабалар бул айга өзгөчө көңүл бурушкан. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүнө жараша орозо кармашып, Куранды окууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө көп убактыларын бөлүшкөн. Кедей-кембагалдарга колунан келген жардамын көрсөтүп, аларга садака беришкен. Бул ибадаттарды кылуу менен алар Шаабандан кийинки Рамазан айына даярдык көрүшөт эле. Качан Рамазан айы башталганда алар күч-кубат жагынан да, руханий жактан да ибадат кылууга толук даяр болуп, Рамазан айында эч кандай ачкалыкты же чарчоону сезбестен, ырахаттануу менен орозо тутушкан.
Аалымдар арасында мындай деп айтылган сөз бар:
«Ражаб айы – бул үрөөнчүлүк айы. Шаабан айы – сугатчылык айы. Ал эми Рамазан айы – түшүм жыйноо айы». Ал эми кээ бир булактарда: «Ражаб айы шамал сыяктуу, ал эми Шаабан айы шамал айдап келген булуттар сыяктуу жана Рамазан айы булуттан жааган жамгыр сыяктуу» – дешкен. Кимде-ким Ражабда үрөөн сеппесе, Шаабанда сугарбаса, анда кантип Рамазанда түшүм алсын?».
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Демек, бул айда көбүрөөк орозо кармоого аракет кылалы. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ бул айдын көпчүлүк күндөрүндө орозо кармаган. Шаабан айын толугу менен же тең жарымын орозо кармоо шарт эмес. Бул айдын көпчүлүгүн орозо кармоого кимдин кудурети жетсе, ал өзү үчүн жакшы. А эгер көпчүлүгүн кармоого кудурети жетпесе, анда жок дегенде сүннөткө ылайык дүйшөмбү (биринчи күн) жана бейшемби (төртүнчү) күндөрү орозо кармоого аракет кылсын. Эгерде буга дагы кудурети жетпесе, анда бул айдын 13-14-15-күндөрүндө орозо кармаганга аракет кылсын. Анткени ар айдын ушул күндөрү орозо тутуу сүннөт болуп эсептелет.
Ошондой эле Куран китебин көбүрөөк окууга аракет кылалы. Анткени аалымдар айткандай Шаабан айы – Куранды окуунун айы. Эгерде ким бул айда Куранды бир жолу окуп бүтүрүүгө аракет кылса, анда ал үчүн Рамазанда Куранды көп ирээт окуп бүтүрүүсүнө жеңил болот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🎞 КАДЫР ТҮНДҮ КАЙСЫ ТҮНҮ ТОСУУ КЕРЕК?
Максат ажы Токтомушев
https://youtube.com/shorts/Zx-lXrfn5ic?si=1FbiGVdI4tFSVXcM
⚠️ Быйыл 2024-жылы Рамазан айынын акыркы 10 түнү 30-марттан 31-мартка караган түнү башталат.
Демек, бүгүн ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 21-түнү башталат.
Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БЕЙИШКЕ КИРГИЗГЕН БЕШ АМАЛ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ким күн ичинде беш иш-аракетти кылса, Аллах аны бейишке кирген адамдардын катарында жазат: «Оорулууну барып көрсө, жаназага катышса, бир күн орозо кармаса, жума күнү намазга барса жана кулду азат кылса». (Сахих ат-Таргыиб, 3470)
❏ ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Ислам дининде иш-аракеттер жана ибадаттар артыкчылык жактан ич ара айырмаланып турат. Бул хадисте пайгамбарыбыз ﷺ беш иш-аракет тууралуу айтты. Ким ушул беш ишти бир күн ичинде аткарса, Аллах аны бейишке кирген адамдардын катарында жазат.
Хадистеги «оорулууну барып көрсө» дегендин мааниси, ооруган адамды зыярат кылуу, ал-акыбалын сурап, аны менен сүйлөшүп олтуруу жана ага дуба кылуу дегенди билдирет.
Ал эми «жаназага катышса» дегендин мааниси, кайсы бир мусулман адам өлгөн болсо, анда анын жаназасына жана аны көмгөнгө катышуу дегенди билдирет.
Ошондой эле бул хадисте «бир күн орозо кармаса» деп айтылды. Бул жердеги орозо өзүнө парз жана нафил орозолорду камтыйт. Демек, ким парз болобу, нафил болобу, орозо кармай турган болсо, анда ал адам ушул хадистеги айтылган сыйлыкка жетет.
Ал эми «жума күнү намазга барса» дегендин мааниси – жума намазга эрте барып, хутба укса жана аны талаптыгыдай толук аткарса дегенди билдирет.
Ал эми хадистин эң акырында «кулду азат кылса» деген бөлүгү азыркы заманда жок. Себеби кулчулук заман өткөн. Азыркы күндө кулду азат кылуу деген түшүнүк жоголгон. Бирок анын ордуна жата турган башка ибадаттар бар. Ошолордун бирин аткарса, анда ал кул азат кылганга барабар болот. Мына ошондой маанидеги хадистердин биринде мындай деп айтылган:
«Кимде-ким «лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду, уа хуа аълаа кулли шайин кодиир (жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү)» деп 100 жолу айтса, анда ал он кулду азат кылгандай сооп алат». (Сахих Бухари, 3293)
Ошондой эле Имам Муслимдин «Сахих» хадистер жыйнагында Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте мындай деп келет: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан: «Бүгүн ким орозо кармады?» – деп сурайт. Абу Бакр: «Мен» – дейт. «Ким бүгүн жаназага катышты?» – деп сурайт. Абу Бакр: «Мен» – дейт. «Ким бүгүн кембагалга тамак берди?» – деп сурайт. Абу Бакр: «Мен» – дейт. «Ким бүгүн оорулууну барып көрдү?» – деп сурайт. Абу Бакр: «Мен» – дейт. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ: «Кайсы бир адамда мына ушулардын баары болсо, анда ал сөзсүз бейишке кирет» – деп айтты». (Сахих Муслим)
Демек, ким бул беш иш-аракетти аткарууда Аллахтын ыразылыгын көздөп, сооп үмүт кылган болсо, анда Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Рамазан дуба-тилектер кабыл кылынуучу ай. Бул улуу айда дуба кылууну унутпаңыз. Айрыкча ооз ачуу убактысында кылынган дуба сөзсүз кабыл кылынат.
➤➤ /channel/tilmech
● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:
– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал:
– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
➤➤ /channel/tilmech
🔴 САЖДА – ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУШ СЕБЕПТЕРИНЕН
Пендени Аллахка жакындатуучу ибадаттардын бири – Аллахка сажда кылуу. Сажда кылган кезде пенде Аллахка жакындайт. Ал эми Аллахка жакындоо – анын дубасынын кабыл болушуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Пенде сажда кылганда Раббисине эң жакын абалда болот. Андыктан саждада көп дуба кылгыла». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берет:
«Мунун мааниси пенде сажда кылганда Раббисинин ырайымына жана жакшылыгына эң жакын абалда болот дегенди билдирет». (Шарх Сахих Муслим)
Пайгамбарыбыз ﷺ өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахабаларына мындай деп насаатын айтып кеткен:
«Саждада дуба кылганга басым жасагыла, мына ушул силердин (дубаңарга) жооп берилишине татыктуусу». (Сахих Муслим)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон.
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386
═════════
➤➤ /channel/tilmech
🎞 БУЛ КУРАНДЫ СӨЗСҮЗ ЖАТТАҢЫЗ, САКТАП АЛЫҢЫЗ ЖАНА БАШКАЛАРГА ТАРКАТЫҢЫЗ
▷ t.me/dubazikir
🔴 АДАМДАР КӨРБӨСӨ ДА АЛЛАХ КӨРҮП ТУРАТ
Момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анхунун, заманында кээ бир сүт саткан соодагерлер сүткө суу аралаштырып сатышкан. Мусулмандар соодагерлердин бул кылыгын амирге айтып даттанышат. Ошондо момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, өзүнүн жардамчыларын соодагерлерге жиберип, аларды аманаткөйлүккө чакырууну буйруйт. Анын жардамчылары базарга киришип: «Оо, сүт саткан соодагерлер! Сүткө сууну аралаштырып сатып адамдарды алдабагыла! Эгерде ким бул кылыгын токтотпосо, анда момундардын амири аны катуу жазага тартат» – деп айтып кетишет.
Амирдин жардамчылары элге эскерткенден кийин бир түнү момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мусулмандардын абалын билүү үчүн жардамчысы Аслам менен бирге шаарды кыдырып чыгат. Экөө шаарды кыдырып жүрүп, бир дубалдын жанына келишип, ошол жерде эс алып отуруп калышат. Алар дубалдын жанында отурушкан кезде, бир аял кызы менен сүйлөшүп жатканын угуп калышат.
Апасы кызына: «Алдыңда турган сүткө суу кошуп койчу» — десе, анда кызы: «Апаке, момундардын амири чыгарган буйрукту уга элексизби?» — дейт.
Апасы: «Амир эмне деп буйрук чыгарды эле?».
Кызы: «Момундардын амири өзүнүн жардамчыларын жиберген. Алар сүткө суу кошуп сатып адамдарды алдабагыла деп буйруп кетишти» — деп айтат.
Анда апасы кызына: «Умар да, анын жардамчысы да көрбөгөн жерге барып сүткө суу кош» — деп буйруйт.
Кызы: «Эгерде Умар бизди көрбөсө да, анын Раббиси бизди көрүп турат. Аллахка ант болсун! Мен Аллахтын буйруктарына эл алдында моюн сунуп, ал эми жалгыз калганда ага каршы чыга албайм» — деп, чечкиндүү жооп берет.
Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, кыздын сөздөрүн укканда, ал кыздын такыбалыгына абдан таң калат. Кетип жатып жардамчысына: «Эй, Аслам! Бул эшикке белги коюп кой жана бул жерди эстеп кал» — деп айтып кетет.
Эртеси эртең менен Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, жардамчысына: «Эй, Аслам! Кечээги жерге бар да, сүйлөшүп жаткан аял менен кыз ким экенин сураштырып, алардын күйөөлөрү барбы же жокпу тактап кел» — деп буйруйт.
Аслам баягы жерге барып сураштырып, алар жашы улгайып калган аял жана анын кызы Умму Аммара экенин, ошондой эле ал экөөсүнүн тең күйөөлөрү жок экенин билет. Алар ким экенин билгенден кийин Аслам Умар, радыяллаху анхуга, кайра барып кабарды айтып берет.
Ошондо Умар, радыяллаху анху, өзүнүн балдарын чакырып: «Кимиңерге үйлөнгөнгө кыз керек? Эгерде атаңар аялга муктаж болгондо, ал кызды силердин эч кимиңерге бербей өзү үйлөнүп алмак» — деп айтат.
Ошондо балдарынын бири Абдуллах: «Менин аялым бар» — деп айтат.
Экинчи баласы Абдурахман: «Менин да аялым бар» — дейт.
Үчүнчү баласы Аасым: «Атаке! Менин аялым жок. Ал кызды мага алып бериңиз» — деп айтат.
Умар, радыяллаху анху, ал кызга куда түшүп, баласы Аасымга алып берет. Кийин Аасым менен Умму Аммара кыздуу болушат. Ошол кыз белгилүү аалым жана тарыхта бешинчи халиф болуп эсептелип калган Умар ибну Абдулазизди төрөйт.
Ал кыздын аты – Умму Аммара бинту Суфиян ибну Абдуллах ас-Сакафи. Бул кыз тарыхта Аллахка такыбалык кылууда адамдарга үлгү болуп эскерилип калды.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
🔴 МУРДУ МЕНЕН ЖЕР СҮРСҮН!
Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен отурган кезде: «Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн!» – деп айтты. Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Пайгамбар ﷺ айтты:
– Кимдин ата-энеси карылык жашка жеткенде ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең жанында болуп, аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам. (Сахих Муслим)
Абу Дарда, радыяллаху анху айтты: Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-эне бейиш эшиктеринин эң жакшысы. Эгер сен бейишке кирүүнү кааласаң, ал эшикке сак бол. Болбосо ал эшиктен куру каласың». (Ибну Маажах)
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
🔴 ЖАКШЫЛЫКТЫ БАШКАГА ЫРАА КӨРҮҮ ЫЙМАНДЫН БЕЛГИСИ
Аллах таала айтты:
«Алар муктаж болсо да (мухажирлерди) өздөрүнөн жогору коюшат. Эгерде ким напсисинин сараңдыгынан сактанса, мына ошолор ийгиликке жеткендер». (Хашр сүрөөсү, 9-аят)
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Бир киши Аллахтын элчисине ﷺ келип: “Оо, Аллахтын элчиси! Мага кедейликтин кыйынчылыгы келди” – деп айтканда, пайгамбар ﷺ бирөөнүн үй-бүлөсүнө жөнөттү. Алардан да (тамактанганга) эч нерсе табылбады. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ: “Кана эми бул кишини бүгүн түнү ким конок кылса, аны Аллах ырайымына алсын” – деп айтканда ансарлардан бир киши туруп: “Оо, Аллахтын элчиси! Мен конок кыламын” – деп айтты. Алар үйгө барып аялына: “Аллахтын элчисинин коногу келди. Каткан нерсеңдин баарын чыгар” – дегенде, аялы: “Аллахка ант болсун! Үйдө балдардын тамагынан башка эчтеме жок” – деп айтты. Анда ал киши: “Балдар кечки тамакты жейбиз дешкенде аларды уктатып кой. Тамакты болсо конокко кой да, май чыракты бир аз гана жандырып кой. А биз болсо бул түнү ачка жаталы” – деп айтты. Аялы күйөөсүнүн айтканын баарын аткарды. Эртеси күнү ал киши Аллахтын элчисине ﷺ барганда: «Чындыгында, Аллах таала силерге таң калды жана бул аятты түшүрдү: «Алар (ансарлар) муктаж болсо да (мухажирлерди) өздөрүнөн жогору коюшат». (Сахих аль-Бухари, 4889)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН ОН ОСУЯТЫ
Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:
– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун!
▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот.
▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот.
▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот.
▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат.
▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат.
▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын.
▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун.
▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун.
📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ВАЛЕНТИН КҮНҮ МУСУЛМАНДАР ҮЧҮН АРАМ
Чубак ажы Жалилов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КЫЗЫҢДЫ БАЛАНЫН БАЙЛЫГЫНА ЭМЕС, ЫЙМАНЫНА КАРАП ТУРМУШКА БЕР
Белгилүү табийиндердин бири Саид ибну Мусайиб хадис, фикх, тафсир боюнча өтө илимдүү болгон. Убагында Медина шаарындагы фикх илими боюнча аалымдардын эң алдыңкысы эле.
Ал шарият илимдери боюнча ар кандай сабактарды өткөн. Андан сабак алган адамдардын арасында Абдуллах ибну Вада деген бир кедей шакирти бар эле. Бир учурда ал шакирти көп сабактарына келбей калат. Кийин Имам Саид ибну Мусайиб Абдуллахтын сабакка келбей калуусуна эмне себеп болгону тууралуу сураганда:
– Аялым кайтыш болуп, ошону менен алек болуп калдым,– деп себебин айтат.
Сабак бүткөндөн кийин Абдуллах үйүнө кетейин деп камынып жатканда Имам Саид аны чакырып:
– Эй, Абдуллах! Аялың өтүп кетиптир, андан кийин үйлөнбөдүңбү? – деп сураганда:
– Аллахтын сизге ырайымы болсун! Менин болгону 2-3 эле дирхамым бар болсо, анан мага окшогон адамга ким кызын бермек эле?! – деп себебин айтат.
– Андай болсо, мен сага кызымды берем,– дейт.
Абдуллах уккан сөзүнө эмне дээрин билбей, селейип туруп калат. Анткени буга чейин Ислам мамлекетинин башчысы Абдулмалик ибну Марван өзүнүн баласы Валидке анын кызынын колун суратканда, ага кызын бербей койгон.
Ошондо Имам Саид жанындагы адамдарды чакырды, Аллахка мактоо-шүгүрлөрдү айтты, пайгамбарыбызга салават-саламдарды жолдоду да, андан соң Абдуллахка кызын никелеп, анын калыңы эки дирхам болсун деп келишти.
Абдуллах айтат: «Ошол жерден дароо турдум да, кубанганымдан эмне дээримди да билбей калдым. Чыгып эле үйгө жөнөдүм. Ошол күнү орозо болчум. Орозомду да унутуп коюпмун. Жол бою үйгө жеткенче өзүмчө: «Эй, Ваданын баласы! Эмне кылып жатканыңды билип жатасыңбы, эми кимди чакырасың, кимден акча сурайсың» деп өзүмдү өзүм жемелеп жаттым.
Ошентип кантип шамга азан айтылганын да билбей калыпмын. Шам намазын окудум, оозумду ачтым, үйдө болгону нан менен эле май бар болчу. Эми отуруп жейин деп жатсам, эшикти бирөө какты.
– Бул ким? – деп сурадым. Сырттагы адам:
– Саидмин,– деди. Биринчи эле оюма Саид ибну Мусайиб келди. Ал кайра ойлонуп кызын бербейм деп чечсе керек деген ой келди. Эшикти ачтым, мен баамдагандай эле Имам Саид келген экен.
– Оо, Абу Мухаммад! Бирөөнү эле жиберсеңиз, мен сизди убара кылбай өзүм эле бара калмакмын,– десем, ал мага:
– Жок, мен сага келгенге акылуумун,– деп сөзүн улады: «Эми кызым сага аял болду. Сенин жалгыздыгыңды бөлүшөөр жан шеригиң жок экенин билип, сени түндөсү жалгызсырабасын деп сага кызымды алып келдим»,– деди.
– Сөзүн айтты да, кызын таштап үйүнө кайтты. Мен кызынын үстүнө кирсем, ал ушунчалык сулуу, Куранды жаткан билген, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн жакшы билген, жубайлардын укуктарын мыкты билген кыз экен. Ошентип таң да атты. Эшикке чыгып баратсам, аялым менден:
– Каякка жөнөдүңүз? – деди.
– Атаңдын сабагына жөнөдүм, барып илим алайын,– десем, ал мага:
– Кел отуруңуз, атамдын илимин мен сизге үйрөтөм,– деди.
📖 “Аль-Хилья” 2/167-168, Абу Наим
Кандай гана үлгүлүү окуя! Колунда бийлиги да, байлыгы да бар адамга кызын бербей, 2-3 эле дирхамы болгон кедейге өз кызын берди. Балким ал кедей болсо да, көкүрөгү бай адамдыр. Байлык, бийлик – бул убактылуу нерсе, бирде келсе, бирде кетет. Ал эми адамдын ички дүйнөсү, адамдык сапаттары аны менен өмүр бою бирге калат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech