🔴 ОЙГО САЛГАН ЖЕТИ ОЙ
✿ Аллах таала Муса пайгамбарды Фараонго барып эскерт деп буйруганда ал: «Бир тууганым Харун мага караганда сөзгө чечен» – деп айтты. Башкалардын жакшы жактарын көрө билүү – пайгамбарлардын сыпаттарынан. Ал эми башкалардын артыкчылыктарын четке кагуу – шайтандын сыпаттарынан. Анткени шайтан Адам ата тууралуу: «Мен андан артыкмын» – деп сажда кылуудан баш тарткан.
✿ Ибрахим пайгамбар баласы Исмаилди курмандыкка чалам дегенде баласы атасына моюн сунду. Ал эми Нух пайгамбар баласына: «Кемеге түш, аман каласың» – дегенде баласы андан баш тартты. Кээ бир адамдар ата-энеси үчүн акылга сыйбаган иштерге барууга даяр турат. Кээ бирлер колунан келип турса да ата-энесине жакшылык кылгандан качып турат.
✿ Худ пайгамбарга коому: «Биз сени жеткен кем акыл адам деп ойлойбуз» – дегенде, ал: «Оо, элим! Мен кем акыл эмесмин» – деп жооп берди. Ал: «Силер өзүңөр кем акылсыңар» – деп, алардын деңгээлине түшүп алар менен кайым айтышкан жок. Тескерисинче, алардын жалаа сөзүнө эң сонун жооп берди.
✿ Эгерде Аллах сага жакшылык кылууга мүмкүнчүлүк берсе, аны ойлонбостон дароо аткарганга шашыл. Кийин кылам деп кечиктире турган болсоң, анда ал жакшылыктын эшиги жабылып калышы мүмкүн, канча аракет кылсаң да, андай мүмкүнчүлүк кайрадан келбей калышы мүмкүн.
✿ Узак убакыт бою дуба кылып жүрүп, бирок кабыл болбой жатат деген ойдо дуба кылууну токтотуп койгон адам – эгин эгип, аны сугарып, аны жайы бою карап, мына эми түшүм жыйнай турган учур келгенде таштап койгон адам сыяктуу. Андыктан дуба кылуудан талыкпа, дубам кабыл болбой жатат деп шаштырба, үмүтүңдү үзүп наалыба! Аллах дубаңды кечиктирсе да, аны бир күнү акыры кабыл кылат. Кылган дубаңдын жакшылыгы сөзсүз кайтат, сөзсүз жооп берилет.
✿ Эгерде Аллах сени сүйсө, анда сени Андан артык эч ким сүйө албайт. Эгерде Аллах сага берсе, анда Андан ашырып сага эч ким бере албайт. Эгерде Аллах сага каарданса, анда сени Андан эч ким сактай албайт. Сага Аллахтан башка ким пайда келтире алат, ким зыян бере алат?!
✿ Кимде-ким Аллахтан коркуп ибадат кылса, анда Ал аны коркунучтардан коргойт. Кимде-ким Аллахка үмүттөнүп ибадат кылса, анда Ал анын үмүт кылган нерселерин берет. Кимде-ким Аллахты сүйүп ибадат кылган болсо, анда Ал ага адамдын акылы туйбаган, кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн сыйлыктарды тартуу кылат.
Оо, Аллах! Биз Сенден сүйүүңдү сурайбыз, Сен сүйгөн пенделериңдин сүйүүсүн сурайбыз жана Сенин сүйүүңө жеткирген ибадаттарды сүйүүнү сурайбыз! Аамиин!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ
Имам Шиблийдин бир досу айтат:
«Имам Шиблий бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:
– Аллах сага кандай мамиле кылды? – деп сурасам, ал айтты: «Ал мени Өз алдына тургузуп:
– Оо, Абу Бакр! Билесиңби, мен сени кайсы нерсең үчүн кечирдим? – деп сурады. Мен:
– Жакшы иш-аракеттерим үчүн чыгар,– десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
– Анда ыкластуулугум жана ибадаттарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
– Анда ажылыгым, орозом жана намаздарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, Мен сени ал үчүн кечирген жокмун,– деди.
– Анда такыба адамдардын жанына көчүп барганым үчүнбү? – десем:
– Жок,– деди.
– Анда илим алуу үчүн узак сапарга чыкканым үчүнбү? – дедим.
– Жок,– деди.
– Оо, Раббим! Бул иштердин баарысы адамды азаптан сактай турган иштер го! Мен булардын баарысын Сени кичирет деген үмүттө алымдын келишинче жанталашып аткаргам,– дедим.
– Мен сени булар үчүн кечирген жокмун,– деди.
– Оо, Аллах! Анда кайсы ишим үчүн кечирдиң? – деп сурасам, Ал айтты:
– Бир жолу сен Багдаддын көчөлөрүнүн биринде баратып кичинекей бир мышыкты көргөнүң эсиңдеби. Ал катуу сууктан улам өлөйүн деп бутун жерге коё албай дубалдан дубалга секирип жаткан болчу. Ошондо ага бооруң ооруп, аны сууктан коргош үчүн үстүңдө жамынган чепкениңе орогонсуң.
– Ооба, эстедим,– дедим.
– Сен ошол мышыкка бооруң ооруп мээрим төккөнүң үчүн Мен сага ырайым кылдым,– деди. ("Тарих", Ибн Асакир, 342)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХ ТУУРАЛУУ ЖАМАН ОЙДО БОЛУУ ДЕГЕН КАНДАЙ?
Күндөрдүн биринде Имам Шафиден:
– Аллах тууралуу жаман ойдо болуу деген кандай? – деп сурашканда, ал айтты:
«Кыйынчылык башыма түшпөсө экен, жакшылыктардан куру калбасам экен дегендей азгырык ойлорду ойлоп, дайым корко берүү – мына ушунун баары Мээримдүү Аллах тууралуу жаман ойлоого жатат». («Хильятуль-Аулия», 9/123)
Ыймандуу адам бүткүл ишинде Аллахка гана таянат. Ар бир нерсенин артын ойлоп кыжалат болбойт. Жакшылыкты кандай ыраазылык менен кабыл алса, жамандыкты да ошондой ыраазылык менен кабыл алат. Кыйынчылыкка кабылса «Эмнеге менде эле ушундай боло берет? Кайсы күнөөм үчүн? Мен эмне кылдым?» дегендей түбү жок ойлорду ойлоп өзүн жебейт, Аллахтын ага жазган тагдырына нааразы болуп наалыбайт, кейип кепчибейт. Аллах буйруган себептерди алы жетишинче аткарат. Эгер көздөгөнүнө жетпесе, анда жаман ойлорго азгырылбастан дароо сабыр кылат, Аллахтын жазган тагдырына моюн сунат, Анын кудуреттүүлүгүн, даанышмандыгын дароо эсине салат. Кандай абалда болсо да, Аллах тууралуу эч качан жаман ойлорду ойлоого жол бербейт. Себеби Аллахтын бизге жазган тагдыры – биз үчүн дайым жакшылыктарды гана алып келет, эгер биз аны ыраазы болуу менен кабыл алган болсок…
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АДАМГА ЭЧ КАЧАН КУРАЛ КӨЗДӨБӨ
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Силерден эч ким мусулман бир тууганына курал көздөбөсүн, болбосо шайтан анын колун шилтетип жибергенин билбей калып, тозок отунун бир чункуруна түшүп калышы мүмкүн». (Сахих Бухари)
Ал эми башка хадисте айтты:
«Кимде-ким мусулман бир тууганына шиш темир менен тап берсе, анда ал (аны таштамайын) периштелер каргыш айта берет, эгер ал анын аталаш жана энелеш бир тууганы болсо дагы». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадистин шархында мындай деп айткан:
«Бул хадисте мусулмандын кол тийбестиги баса белгиленип жана аны коркутуу же болбосо аны зыянга учуратууга катуу тыюу салынгандыгы туурасында айтылды. Ал эми пайгамбарыбыздын ﷺ «Ал анын аталаш жана энелеш бир тууганы болсо дагы» деп айткан сөзү – бул иш тамаша түрүндө болобу, чындап болобу бардык адамдарга кескин тыйылгандыгынан кабар берет. Анткени кандай абалда болбосун мусулманды коркутууга тыюу салынган». (“Шарх Сахих Муслим”)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Аларга дуба кылууну унутпа! Алар сенин дубаңа муктаж. Тирүүлөрдүн өлүктөргө кылган эң чоң жакшылыгы — аларга дуба кылуу, Аллахтын кечиримин, ырайымын тилөө.
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
🔴 3 НЕРСЕНИ СҮННӨТКӨ ТУУРАЛА
Хасан аль-Басри айтты:
«Ыйман деген – бул сөз. Эгерде айтылган сөз иш жүзүндө аткарылбаса, анда ал сөздөн пайда жок.
Эгерде айтылган сөз менен аткарылган иш туура ниетте кылынбаса, анда ал сөздөн да, иштен да пайда жок.
Эгерде айтылган сөз, аткарылган иш, кылынган ниет сүннөткө туура келбесе, анда ал сөздөн, иштен жана ниеттен эч пайда жок». (Ибну Батта, 2/803)
Андыктан ыйманым толук болсун десең, анда ар бир СӨЗҮҢДҮ, ИШИҢДИ жана НИЕТИҢДИ пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ылайык деңгээлде гана аткар.
Имам Малик айтты:
«Пайгамбардын ﷺ сүннөтү Нух пайгамбардын кемеси сымал. Ал кемеге түшкөн адам аман калат, түшпөгөнү сууга чөгөт».
Ал эми башка бир сөзүндө айтат:
«Кайсы бир адам Аллахтын алдына жер бети толо күнөөлөр менен келсе, бирок сүннөттөрдү аткарган абалда жолуккан болсо, анда ал адам бейиште пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана салихтер менен бирге болот». (“Заммуль калаам уа ахлаху”, 5/76)
Алгачкы муундун улуу аалымдары мындай деп айтышчу:
«Сүннөттү бекем кармануу – бул аман калуу дегендик. Аман кала турган жолдон качып, кыйроо жолуна түшкөн адам кантип аман калсын?!».
Имам Зухри айтты:
«Сүннөттү кармануу – бул кутулуу». (“Сунан” Дарими, 1/45)
Башкача айтканда, фитналардан кутулуу, бидааттардан кутулуу жана эң негизгиси тозок азабынан кутулуу. Эгерде адам фитналардан, бидааттардан кутулуп, пайгамбарыбыз ﷺ көргөзгөн сүннөт жолун карманган болсо, анда ал Аллахтын азабынан кутулган адамдардын катарында болот жана бейиште бактылуу адамдар менен бирге болот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 СҮННӨТКӨ ТУУРА КЕЛБЕГЕН ИБАДАТТЫ АЛЛАХ КАБЫЛ КЫЛБАЙТ
Күндөрдүн биринде табийиндерден болгон улуу аалым Саид ибну аль-Мусайиб багымдаттын парзына чейин эки рекет сүннөттөн ашыкча намаз окуп жаткан бир адамды көрүп, андай кылбагын деп тыйды. Ошондо ал адам:
– Оо, Абу Мухаммад! Аллах таала мени кошумча намаз окуганым үчүн да азаптайбы? – дейт.
– Жок, ал үчүн азаптабайт, Ал сени пайгамбардын ﷺ сүннөтүнө каршы кылганың үчүн азаптайт,– деп жооп берди. ("Ирваа аль-Голийл", 2/236)
Бул улуу аалым ал адамды эмне үчүн тыйды? Анткени анын аткарган ибадаты пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө каршы келди. Пайгамбарыбыз ﷺ багымдаттын эки рекет парзынан алдын эки рекет сүннөт гана окуган. Бул пайгамбарыбыздын ﷺ бизге көргөзүп кеткен сүннөтү.
Эгерде мусулман адам кылган ибадаты кабыл болушун кааласа, анда ар бир ибадатты пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ылайык келген жолдо кылуусу зарыл. Анткени аткарылган ибадат сүннөткө туура келбесе, анда Аллахтын алдында ал кабыл кылынбайт жана ал адам сүннөткө каршы иш кылганы үчүн азапка туш болушу да мүмкүн.
Андыктан кайсы бир ибадатты кылардан алдын, ушул ибадат сүннөткө туура келеби же жокпу, муну пайгамбарыбыз ﷺ кылган беле же жокпу деп сөзсүз түрдө илимдүүлөрдөн тактаңыз. Болбосо, азыркы кезде көпчүлүк адамдар кээ бир иштерди сүннөт деп аткарып жүрүшөт, бирок анын шариятта эч кандай негизи жок болушу мүмкүн, балким ал сүннөткө каршы бидаат иш болушу да ыктымал.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech