🎥 АКТИВИСТТЕР ХИЖАБГА КАРШЫ ЧЫККАН ДЕПУТАТТЫН КЕТҮҮСҮН ТАЛАП КЫЛЫШУУДА
Акыркы күндөрү кээ бир социалдык түйүндөрдө депутат Арслан Малиевди мандатын тапшырып, кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Төмөндөгү маалымат активист Эртай Искаковдун баракчасынан алынды.
«Арсланбек Малиевтин депутаттык мандатын артка чакыртып алууга макулсузбу?
Себеби:
- Жогорку Кеңештин жыйынынан жалпы Ислам динин тутунгандардын динине жана аброюна шек келтирди.
- Курандын аяттарын бурмалады.
- Хижабчан окуучу кыздар мектепке келбесин деди».
📮 Мандатын кайра чакыртууга жакында кол топтоо баштайбыз.
🎥 ЗЫНА ТУУРАЛУУ ЭҢ КАТУУ АЙТЫЛГАН СӨЗ
Абдишүкүр ажы Нарматов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ КҮНҮГӨ АЙТКАН ДУБА
Мусулмандардын энеси Умму Салама, радыяллаху анха айтат:
«Пайгамбар ﷺ күнүгө эртең менен мындай деп айтчу:
«Аллахумма инни ас’алука иълман наафиъан, уа ризкон тойибан, уа аъмалан мутакоббалан (Оо, Аллах! Мен Сенден пайдалуу илим, адал ырыскы жана кабыл кылынуучу иш-аракеттерди сурайм)». (Ибну Маажах, 762)
Бул дуба өтө кыска болсо да мусулман үчүн эң маанилүү дубалардан болуп эсептелет. Мусулман адам ар күнү эртең менен туруп, багымдат намазын окугандан кийин ушул дубаны сөзсүз айтуусу зарыл. Анткени пайдалуу илим анын жан дүйнөсүн азыктандырат, ал эми адал ырыскы анын денесин азыктандырат. Эгерде адамдын жан дүйнөсү менен денеси азыктанып кубаттанса, ал үчүн ибадаттарды жана жакшылык иштерди аткаруу жеңил болот.
Пайгамбарыбыз ﷺ бул дубаны пайдалуу илимди суроо менен баштады. Анткени адам адал ырыскы менен арам ырыскыны, жакшы иш менен күнөө ишти илим аркылуу гана аныктай алат. Эгерде адам илимсиз болсо, анда ал адал менен арамды, чындык менен жалганды, жакшы менен жаманды айырмалай албай калат. Мына ошондуктан бүткүл иш-аракеттер илимге гана карап бааланат, илим аркылуу гана адалдан арам айырмаланат, илим менен шарият өкүмдөрүнүн даражалары аныкталат, илим менен адам акыйкатты адашуудан, чындыкты жалгандан айырмалап билет. Мына ошондуктан Аллах таала Куранда пайгамбарыбызга ﷺ мындай деп айтууну буйруган:
«Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйт». (Тааха сүрөөсү, 114-аят)
Бул аятта Аллах пайгамбарыбызга ﷺ ырыскымды же өмүрүмдү көбөйт деп буйруган жок, илимимди көбөйт деп сурагын деп буйруду. Анткени илим гана адамды эки дүйнө бактылуулугуна карай жол ачат. Ал эми илимсиз адам эки дүйнөсүн жоготот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
❏ СУРОО:
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
❏ ЖООП:
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)
Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот.
Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот. Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 КҮНӨӨЛӨР — ЖАКШЫЛЫКТАРДЫН ДУШМАНЫ
Аалымдардын бири Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:
«Адам кандай күнөө кылбасын, ошол күнөөсүнө жараша Аллахтан келген жакшылыктар андан кете баштайт. Эгерде тообо кылып Аллахка кайтса, анда ал жакшылыктын өзү же ошого окшогону кайра ага кайтып келет. А эгер Аллахка кайтпастан күнөөсүн уланта берсе, анда анын күнөөлөрү андагы болгон жакшылыктардын бүт баарысын четинен жок кылат. Аллах Таала Куранда: «Кайсы бир коом өзүн өзгөртмөйүн Аллах аларды өзгөртпөйт» – деп айткан.
Ал эми адамга берилген жакшылыктардын эң улугу – ыйман. Ал ыйманды зына кылуу, уурулук кылуу, арак ичүү, талап тоноо сыяктуу күнөөлөр акырындык менен жок кылат.
Кээ бир улуу аалымдардын: «Бир күнөө кылып, ал себептүү бир жыл бою түнкү намаздан куру калдым» – деп айткан сөздөрү бар.
Ал эми башка бири: «Бир күнөө кылып, ал себептүү Куранды түшүнүүдөн куру калдым» – деген.
Ушуга окшогон мааниде бир акын: «Эгерде жетсең жакшылыкка, кастарлап аны сактап кал, болбосо күнөөлөр аны жок кылат» — деп айткан.
Жалпылап айтканда, күнөөлөр – жакшылыктар үчүн от сыяктуу. От отунду күйгүзүп жок кылгандай күнөөлөр да жакшылыктарды жок кылат». («Торик аль-Хижратайн», 1/271)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ОЙГО САЛГАН ЖЕТИ ОЙ
✿ Аллах таала Муса пайгамбарды Фараонго барып эскерт деп буйруганда ал: «Бир тууганым Харун мага караганда сөзгө чечен» – деп айтты. Башкалардын жакшы жактарын көрө билүү – пайгамбарлардын сыпаттарынан. Ал эми башкалардын артыкчылыктарын четке кагуу – шайтандын сыпаттарынан. Анткени шайтан Адам ата тууралуу: «Мен андан артыкмын» – деп сажда кылуудан баш тарткан.
✿ Ибрахим пайгамбар баласы Исмаилди курмандыкка чалам дегенде баласы атасына моюн сунду. Ал эми Нух пайгамбар баласына: «Кемеге түш, аман каласың» – дегенде баласы андан баш тартты. Кээ бир адамдар ата-энеси үчүн акылга сыйбаган иштерге барууга даяр турат. Кээ бирлер колунан келип турса да ата-энесине жакшылык кылгандан качып турат.
✿ Худ пайгамбарга коому: «Биз сени жеткен кем акыл адам деп ойлойбуз» – дегенде, ал: «Оо, элим! Мен кем акыл эмесмин» – деп жооп берди. Ал: «Силер өзүңөр кем акылсыңар» – деп, алардын деңгээлине түшүп алар менен кайым айтышкан жок. Тескерисинче, алардын жалаа сөзүнө эң сонун жооп берди.
✿ Эгерде Аллах сага жакшылык кылууга мүмкүнчүлүк берсе, аны ойлонбостон дароо аткарганга шашыл. Кийин кылам деп кечиктире турган болсоң, анда ал жакшылыктын эшиги жабылып калышы мүмкүн, канча аракет кылсаң да, андай мүмкүнчүлүк кайрадан келбей калышы мүмкүн.
✿ Узак убакыт бою дуба кылып жүрүп, бирок кабыл болбой жатат деген ойдо дуба кылууну токтотуп койгон адам – эгин эгип, аны сугарып, аны жайы бою карап, мына эми түшүм жыйнай турган учур келгенде таштап койгон адам сыяктуу. Андыктан дуба кылуудан талыкпа, дубам кабыл болбой жатат деп шаштырба, үмүтүңдү үзүп наалыба! Аллах дубаңды кечиктирсе да, аны бир күнү акыры кабыл кылат. Кылган дубаңдын жакшылыгы сөзсүз кайтат, сөзсүз жооп берилет.
✿ Эгерде Аллах сени сүйсө, анда сени Андан артык эч ким сүйө албайт. Эгерде Аллах сага берсе, анда Андан ашырып сага эч ким бере албайт. Эгерде Аллах сага каарданса, анда сени Андан эч ким сактай албайт. Сага Аллахтан башка ким пайда келтире алат, ким зыян бере алат?!
✿ Кимде-ким Аллахтан коркуп ибадат кылса, анда Ал аны коркунучтардан коргойт. Кимде-ким Аллахка үмүттөнүп ибадат кылса, анда Ал анын үмүт кылган нерселерин берет. Кимде-ким Аллахты сүйүп ибадат кылган болсо, анда Ал ага адамдын акылы туйбаган, кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн сыйлыктарды тартуу кылат.
Оо, Аллах! Биз Сенден сүйүүңдү сурайбыз, Сен сүйгөн пенделериңдин сүйүүсүн сурайбыз жана Сенин сүйүүңө жеткирген ибадаттарды сүйүүнү сурайбыз! Аамиин!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЯЛДАРЫҢАРДЫ МЕЧИТКЕ БАРУУДАН ТЫЙБАГЫЛА
Абдуллах Ибну Умар риваят кылды:
«Аллахтын элчисинин ﷺ мындай деп айтканын уктум: «Эгерде аялдарыңар силерден мечитке барууга уруксат сураган болсо, аларга уруксат бергиле».
Ал эми хадистин башка риваятында айтты:
«Эгерде аялдарыңар (мечитке барууга) уруксат сураса, анда аларды мечиттеги (жакшылык) энчилеринен куру калтырбагыла». Ошондо (Ибну Умардын баласы) Билал: «Аллахка ант болсун, аларды (мечитке баруудан) сөзсүз тыябыз»,– деди. Абдуллах ибну Умар (баласына) карап: «Мен сага Аллахтын элчиси ﷺ айткан деп жатсам, сен “аларды сөзсүз тыябыз” дегенин кандай?!»,– деп жериди. (Сахих Муслим)
Пайгамбар ﷺ айтты:
«Аялдардан кимдир бирөөсү куптан намазына келген болсо, анда ал кечеси атыр себинбесин».
Ал эми башка риваятта мындай деп айткан:
«Эгерде аялдардын кимдир бирөөсү мечитке келген болсо, анда ал атыр себинбей келсин». (Сахих Муслим)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
▷ Аль-Асмаи айтат:
«Бир жолу чөлгө барып калдым. Ошондо ушунчалык бир сулуу аялды көрдүм. Бирок анын күйөөсү өтө түрү суук адам экен. Анан мен ал аялдан:
– Ушундай адамдын алдында болууга кантип ыраазы болуп жүрөсүң? – деп сурасам, ал мага карап:
– Эй, сен укчу! Балким ал Аллах менен болгон мамилесинде такыбалык кылганы үчүн мени ага сыйлык катары бергендир. А балким мен Аллах менен болгон мамилемде кемчиликтерди кетиргеним үчүн аны мага жаза катары бергендир. Аллах мага Өзү каалап бергенине кантип нааразы болоюн?! – деп жооп бергенде мен эч нерсе дей албай туруп калдым». 📚 "Ихья улуму ддин"
Адам Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Ал ага күтпөгөндөй сыйлыктарды берет. Адамдар сенин сырткы сулуулугуңа карап мамиле кылса, Аллах сенин ички сулуулугуңа карап мамиле кылат. Аллах эч качан адамдын сулуулугуна жана байлыгына карабайт, Ал адамдын жүрөгүнө, ниетине жана иш-аракеттерине карайт жана ошого жараша сыйлыгын же жазасын берет.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤ /channel/tilmech
🔴 ҮЙҮҢӨ ЖИН-ШАЙТАНДАР ЖОЛОБОСУН ДЕСЕҢ
● Кайсы бир адам үйүнө киргенде жана тамактан алдын «бисмиллах» деп айтпаса, анда ал үйгө жин-шайтандар кошо кирет жана аны менен бирге тамак жешет.
● Кайсы бир адам үйүнө киргенде салам айтып кирбесе, анда ал үй-бүлө берекеден куру калат.
● Кайсы бир үйдө эртели кеч музыканын үнү өчпөсө жана адамдарды жеңил ойлуулукка, бузукулукка үндөгөн теле берүүлөр, сериалдар такай көрүлсө, анда жин-шайтандарга ал үйдөгү адамдарды азгырууга жол ачылат.
● Кайсы бир үйдө жандуу заттардын сүрөттөрү илинип турса же жандуу заттардын айкелдери турса, анда ал үйгө периштелер жолобойт. Периштелер жолобогон жайга жин-шайтандар толот.
● Кайсы бир үйдө эркек же аял үй-бүлөсүнө динди үйрөтпөсө, аларга тууралыкты көргөзүп, туура тарбия бербесе, анда ал үй-бүлө динден алыстайт. Ал үйдүн ичи жарык болсо да караңгылык каптайт, ал үйдүн ичи кенен болсо да андагы адамдардын жан дүйнөсү тарыйт.
❓Эгерде кайсы бир үйдүн абалы ушундай болсо, анда жин-шайтандар эмне кылат деп ойлойсуз?
Алар ал үй-бүлөнү бузууга, аял менен күйөөнү, ата-эне менен балдарды уруштурууга, бири-бирине жаман көргөзүүгө аракет кылышат. Жин-шайтан кирген үй-бүлөдөн ынтымак жана береке качат, жубайлардын ортосундагы бири-бирине болгон сүйүү жана мээрим кетет. Мунун арты жубайлардын ажырашуусуна же алардын ортосундагы махабаттын өчүүсүнө алып барат.
‼️ Андыктан үйүңүзгө киргенде унутпай «бисмиллах» деп айтыңыз, киргенден кийин эч ким жок болсо да «ассаламу алейкум» деп салам айтыңыз, мына ошондо үйүңүзгө жин-шайтандар жолобойт жана үйүңүздө береке болот. Ошондой эле үйдө болгондо Куранды көп-көп окуп туруңуз, Аллахты дайым зикир кылыңыз, мына ошондо үй-бүлөңүздө бактылуулук, бейпилдик өкүм сүрөт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХ ТУУРАЛУУ ЖАМАН ОЙДО БОЛУУ ДЕГЕН КАНДАЙ?
Күндөрдүн биринде Имам Шафиден:
– Аллах тууралуу жаман ойдо болуу деген кандай? – деп сурашканда, ал айтты:
«Кыйынчылык башыма түшпөсө экен, жакшылыктардан куру калбасам экен дегендей азгырык ойлорду ойлоп, дайым корко берүү – мына ушунун баары Мээримдүү Аллах тууралуу жаман ойлоого жатат». («Хильятуль-Аулия», 9/123)
Ыймандуу адам бүткүл ишинде Аллахка гана таянат. Ар бир нерсенин артын ойлоп кыжалат болбойт. Жакшылыкты кандай ыраазылык менен кабыл алса, жамандыкты да ошондой ыраазылык менен кабыл алат. Кыйынчылыкка кабылса «Эмнеге менде эле ушундай боло берет? Кайсы күнөөм үчүн? Мен эмне кылдым?» дегендей түбү жок ойлорду ойлоп өзүн жебейт, Аллахтын ага жазган тагдырына нааразы болуп наалыбайт, кейип кепчибейт. Аллах буйруган себептерди алы жетишинче аткарат. Эгер көздөгөнүнө жетпесе, анда жаман ойлорго азгырылбастан дароо сабыр кылат, Аллахтын жазган тагдырына моюн сунат, Анын кудуреттүүлүгүн, даанышмандыгын дароо эсине салат. Кандай абалда болсо да, Аллах тууралуу эч качан жаман ойлорду ойлоого жол бербейт. Себеби Аллахтын бизге жазган тагдыры – биз үчүн дайым жакшылыктарды гана алып келет, эгер биз аны ыраазы болуу менен кабыл алган болсок…
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АДАМГА ЭЧ КАЧАН КУРАЛ КӨЗДӨБӨ
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Силерден эч ким мусулман бир тууганына курал көздөбөсүн, болбосо шайтан анын колун шилтетип жибергенин билбей калып, тозок отунун бир чункуруна түшүп калышы мүмкүн». (Сахих Бухари)
Ал эми башка хадисте айтты:
«Кимде-ким мусулман бир тууганына шиш темир менен тап берсе, анда ал (аны таштамайын) периштелер каргыш айта берет, эгер ал анын аталаш жана энелеш бир тууганы болсо дагы». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадистин шархында мындай деп айткан:
«Бул хадисте мусулмандын кол тийбестиги баса белгиленип жана аны коркутуу же болбосо аны зыянга учуратууга катуу тыюу салынгандыгы туурасында айтылды. Ал эми пайгамбарыбыздын ﷺ «Ал анын аталаш жана энелеш бир тууганы болсо дагы» деп айткан сөзү – бул иш тамаша түрүндө болобу, чындап болобу бардык адамдарга кескин тыйылгандыгынан кабар берет. Анткени кандай абалда болбосун мусулманды коркутууга тыюу салынган». (“Шарх Сахих Муслим”)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Аларга дуба кылууну унутпа! Алар сенин дубаңа муктаж. Тирүүлөрдүн өлүктөргө кылган эң чоң жакшылыгы — аларга дуба кылуу, Аллахтын кечиримин, ырайымын тилөө.
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech