tilmech | Unsorted

Telegram-канал tilmech - ТИЛМЕЧ

13142

Subscribe to a channel

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ
 
Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:
 
«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➤ Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➤ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➤ Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.
 
Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

‼️ БҮГҮН ЖУМА НАМАЗГА БАРУУНУ УНУТПАҢЫЗ.

➤➤ @tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Палестиналык эркек уранды астында калган үй-бүлөсүн издеп жатат 😥😥

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 УШУНДАЙ КЫЛГАН АЯЛДЫ КҮЙӨӨСҮ СҮЙӨТ

Чубак ажы Жалилов

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🛑 МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР!!!

Палестина үчүн дуба кылууну унутпайлы. Ал жакта биздин түшүбүзгө кирбегендей кыргын, азаптоолор, ачкачылык болуп жатат😢

⚠️ «Шалпыйбай» активдүү мусулман бололучу, соцтармактарда Палестина тууралуу маалыматтарды башкалар менен бөлүшөлү, «бармак түшүп калгыча» лайк басалы, группаларга таркаталы, комментарий жазалы. Мындан өткөн жеңил нерсе жок го, азыркы учурда дүйнөдөгү адамдардын колдоосу да маанилүү. Колубуздан келген аракетти кылбасак, канкор жөөттөр алакандай болгон палестин элин кырганы турат. Булар ушул менен эле токтолуп калбайт, булардын ой-максаты динди жана мусулмандарды жок кылуу.

⚠️ Ошондой эле Израилдеги согушту каржылаган жөөттөрдүн продукцияларынан толук баш тарталы. Коланы ичмек турсун колубузга кармабай турган бололу. Алардын продукциясын албасак, ачкадан өлүп калбайбыз же жашообуз токтоп калбайт. Ата-мекендик же мусулмандарга таандык болгон продукцияларды алалы, ошолорду колдойлу. Муну убактылуу эмес, түбөлүк эреже катары тутуналы.

Чындыгында жүрөк тилине тургандай окуялар болуп жатат. Биз болсо бейкапар жүрөбүз, колубуздан келип турган нерсени да кыла албайбыз. Мусулманбыз деген атыбыз эле болбосо, ушунчалык алсызбыз, динибизге да, диндеш боордошторго да күйбөйбүз.

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

اللَّهُمَّ انْصُرْ إِخْوَانَنَا المُسْلِمِينَ المُسْتَضْعَفِينَ فِي فَلَسْطِينَ!

Оо, Аллах! Палестинадагы жабыр тарткан боордош мусулман бир туугандарыбызга жардам бер!

Оо, Аллах! Алардын жандарын, бала-чакаларын, үй-жайларын сакта жана аларды өз үй-бүлөсүнө аман кайтып келүүнү насип кыл!

Оо, Аллах! Алардын кадамдарын бекем кыл, аларга кайрат берип, аларды колдо жана Сенин каарыңа калган, диниңе душмандык кылган жөөттөргө каршы аларды колдой көр!

Оо, Аллах! Мусулмандардын башын бириктирип, алардын ынтымагын арттыра көр! Мусулмандын ыйык мечиттеринин бири болгон Акса мечитин мусулмандарга кайтара көр!

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 ЖӨӨТТӨР МАЛДАЙ ЭЛЕ БОЛОТ

Чубак ажы Жалилов

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Жөөттөрдүн товарын сатып алып жатканда мусулмандардын канын төгүүгө кандайдыр бир деңгээлде салым кошум жатканыңызды эстеңиз.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА!
 
Адамдарды шылдыңдоо, мыскылдоо, басмырлоо, келеке кылуу, сынтагуу сыяктуу сыпаттар – бул адамдын мойнундагы карыз сыяктуу. Аны бир күнү керт башың менен төлөөгө туура келет. Бүгүн бирөөнү шылдың кылсаң, эртең сени дагы бирөө шылдыңдайт. Бүгүн бирөөгө сынтаксаң, эртең ошол сынтакканың көп өтпөй өз башыңа келет. 

Абдуллах ибну Масууд айтты: 
«Кайсы бир итти шылдыңдап ошол иттин кейпине түшүп калуудан корком». («Аз-Зухд», 2/570)

Амр ибну Шурахбил айтат: 
«Кайсы бир эркектин кой саап жатканын сынтагып, өзүм да бир күнү кой саап калуудан корком». («Аль-Мухаласат», 3/243)

Ибну Сирин айтат:
«Бир адамды куру жалак калдың деп сынтагып коюп, акыры өзүм да куру жалак калдым». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 1/322)

Аалымдардын бири айтат:
«Тиштери түшүп калган бир адамды шылдыңдап коём деп өзүмдүм да тиштерим түшүп калды». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 5993)

Демек, кайсы бир адам башка бир адамды шылдыңдаса же ага сынтакса, анда ал айтканы бир күнү өз башына түшөт. 

Эгерде сага бирөөнүн күнөө кылганын айтып жамандаса, анда «Аллах аны да, бизди да кечирсин» деп айтуу менен чектел. Адамдардын артынан аңдыба, кемчилик издебе, айыбын ачпа! Андан көрө өз айып-кемчиликтериңди оңдо! Акыретте башкалардын айыбы үчүн эмес, өзүңдүн айыбың үчүн сураласың. Ошондуктан мусулман адам башка бир адамдан кемчилик көрсө, аны шылдыңдабасын, басмырлабасын, оболу ага насаатын айтып, өзүнө каалаган жакшылыкты ага да кааласын. Пайгамбарыбыз ﷺ бир хадисинде мындай деп айткан:

«Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Араңардан ким өзүнө каалаган жакшылыкты башка мусулман бир тууганына кааламайынча толук ыймандуу боло албайт». (Сахих Бухари, 13)

Аль-Кирмани айтат:
«Өзүңө жаман көргөн нерсени мусулман бир тууганыңа да жаман көргөнүң – ыймандан болуп эсептелет». («Заад аль-Муслим», 5/338)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 БЕЙИШ ТУУРАЛУУ СИЗ БИЛБЕГЕН БИР НЕРСЕ

Аллах таала Куранда айтат:
«Бейиште алар үчүн эртели-кеч ырыскылар бар. Биз ал бейишти пенделерибиздин ичинен такыбаларына ыйгарабыз». (Марьям сүрөөсү, 62-63-аяттар)

Ибну Касир бул аяттагы «эртели-кеч» деген сөздүн маанисин мындайча тафсирлеген:

«Бейиште күн-түн деген болбойт. Алар түбөлүктүү нурда болушат. Алар үчүн күндүн жана түндүн чектери болот, түндүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин жабылышы менен билишет, ал эми күндүздүн чегин тосмо пардалардын жана эшиктердин ачылышы менен билишет».

Ал эми Имам Катада бул аят тууралуу мындай деп айткан:

«Бейиште эки убакыт бар – таңга маал жана кечке маал. Ал жакта күндүз да, түн да болбойт. Чындыгында ал нур жана жарык болот».

Ал эми кээ бир аалымдар айтышкан:

«Бейиште Күн да, Ай да болбойт. Күндүз да, түн да болбойт. Таңдын атканы жана кечтин киргени Арш тараптан келген нур аркылуу билинет».

📖 "Аль-Жаннату уан-Наар", 174-бет


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 КҮЙӨӨМ “ШУСТРЫЙ” ЭМЕС, ЭМНЕ КЫЛСАМ БОЛОТ?

Максат ажы Токтомушев

➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

ДУА ЗА МУСУЛЬМАН ПАЛЕСТИНЫ:

«О Аллах, Ты — Господь угнетенных. О Аллах, помоги угнетенным (в борьбе с) угнетателями во всех частях мира. О Аллах, прояви милосердие к умме Мухаммада. О Аллах, принеси облегчение умме Мухаммада».

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Бул Палестинадагы ар бир үй-бүлөдөгү түнкү абал. Биздин абал менен алардын абалын салыштырып көрүңүз?!

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

‼️ Обман и манипуляции лживых СМИ Запада.

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 САДАКА КЫЛГАН АДАМГА АЛЛАХ ӨЗҮ КАМ КӨРӨТ
 
Аллахтын элчиси ﷺ хадистеринин биринде бир окуяны баяндап мындай деп айтат:

«Күндөрдүн биринде бир мусапыр адам ээн чөлдө баратса, ага бир булуттан “Балаңчанын бакчасын сугар” деген үн угулат. Ошол замат асмандагы булуттар бир тарапка агылып, кара таштуу как жерге жамгыр болуп төгүлөт. Жамгырдан чогулган суулардын баарысы бир агынга куюлуп, ылдыйды көздөй агат. 
 
Ал адам аккан сууну бойлоп жөнөйт. Бир маалда бир адамды бакчасында турганын көрөт. Ал сууну кетмени менен бууп жаткан экен. Ошондо ал адамга келип: 
– Оо, Аллахтын пендеси! Атың ким? – деп сурайт. 
– Баланчамын,– деп атын айтат. 
 
Атын угары менен булуттан айтылган адамдын аты экени анык болот. Ошондо ал адам мусапырдан: 
– Оо, Аллахтын пендеси! Менин атымды эмнеге сурадың? – дегенде, ал адам айтат: 
– Мына бу жамгырдын суусу жааган булуттан “баланчанын багын сугар” – деп сенин атыңды атаган үн угулду. Сен мындайга татыгандай багыңда эмне иш кыласың? 
– А муну айта турган болсом, түшүмдү жыйнагандан кийин канча болгонун карайм, анан түшүмдүн үчтөн бирин садака кылам, үчтөн бирин үй-бүлөм менен чогу жейбиз, ал эми үчтөн бири бакчанын өзүнө кетет” – деп жооп берди». (Сахих Муслим)
 
Ал эми ушул эле хадистин башка риваятында: «... үчтөн бирин кедей-кембагалдарга, тилемчилерге жана мусапырларга беремин» – деп айтылган. 
 
Бул хадисти окуган кээ бир адамдарга таң калыштуу болушу мүмкүн, кантип эле булуттан үн чыксын деп. Бул нерсе Аллах үчүн өтө жеңил. Эгерде пайгамбарыбыз ﷺ өзү айтып жаткан болсо, анда буга кымындай да шектенүүгө кажет жок. Анткени анын ар бир айткан сөзү акыйкат, ар бир айтып кеткен сөзү чындык.
 
Кандай гана кереметтүү жана таң калыштуу окуя! Какыраган чөлдө жашаса да Аллах таала ага эселеп берекесин төгүп жатат. Адам күтпөгөн жактан ага камкордук кылып жатат. Анын Аллах үчүн кылган жакшылыгын ал ойлобогон тараптан ага эселеп кайтарып жатат. Эмне үчүн? Анткени ал адам Аллахтын бергенин Аллах үчүн садака кылды, кедей-кембагалдардын акысын берди, аларга жардам колун сунду. Мына ошол себептен Аллах анын тапканына береке берди, Ага эч кимге кам көрбөгөндөй камкордук көрдү. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Мы за Палестину 🇰🇼🇰🇼🇰🇼

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

📌 Бомбардировки в секторе Газа разрушили около 200 тысяч жилых домов полностью или частично

📌 Количество жертв от ударов израильской армии по сектору Газа с 7 октября превысило 8 тысячи, более 20 тысячи получили ранения. Об этом сообщили в Минздраве региона.

❤️‍🩹 «Число жертв израильской агрессии в секторе Газа с 7 октября возросло до 8 тыс. Кроме того, больше 20 тыс граждан получили ранения различного характера», — говорится в сообщении ведомства в соцсетях.

🛑 Там уточнили, что больше половины погибших дети и женщины.

Кроме того, в Минздраве Газы сообщили о том, что 65% жертв и пострадавших произошли в южной части анклава, куда ранее Израиль призывал жителей эвакуироваться с севера.

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Бүгүн жума намазга барууну унутпаңыз.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

📽️ ПОЧЕМУ НЕ СТОИТ ПОСЕЩАТЬ STARBUCKS И ПОКУПАТЬ ПРОДУКЦИИ ЕВРЕЙСКИХ КОМПАНИЙ?

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ФАЛАК ЖАНА НААС СҮРӨӨСҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
▪️ ООРУЛАРГА ШЫПАА

Аиша, радыяллаху анха, айтат: 
«Пайгамбар ﷺ анын өлүмүнө себеп болгон ооруга чалдыкканда ал өзүнө фалак жана наас сүрөөлөрүн окуп дем салчы. Качан анын абалы оорлошкондо, мен өзүм үйлөп дем салып, аны берекеттүү колдору менен өзүн сүртүп жаттым». 
Ибну Шихабдан: «Кантип үйлөп дем салган эле?» – деп сураганда, ал: «Колуна үйлөп, андан кийин анын жүзүн сүргөн» – деп жооп берди. (Сахих Бухари, 5751)
 
▪️ БҮТКҮЛ ЖАМАНДЫКТАРДAН КОРГОЙТ

Абдуллах ибну Хубайб, радыяллаху анху, айтат:
«Капкараңгы жана жамгырдуу түндөрдүн биринде сыртка чыгып, Аллахтын элчиси ﷺ биз менен чогу намаз окусун деп аны издеп жүрүп акыры таптык. Ошондо ал бизге: «Намаз окудуңарбы?» – деп сурады. Мен эч нерсе дебедим. Ал: «Айт» – деди. Мен эч нерсе дей албадым. Кийин дагы: «Айт» – деди. Ошондо мен андан: «Оо, Аллахтын элчиси! Эмнени айтайын?» – дедим. Ал айтты: «Айт: Ал – Аллах жалгыз …» (ихлас), фалак жана наас сүрөөлөрүн кеч киргенде жана таңга маал үч жолудан окуй турган болсоң, алар сага бардык (жамандыктардан) коргонууңа жетиштүү болот». (Абу Дауд, 5082)
 
▪️ АДАМДЫН ДЕН-СООЛУГУҢ ЧЫҢДАП, АР КАНДАЙ ООРУЛАРДАН САКТАЙТ

Кээ бир хадистерде келген боюнча, пайгамбарыбыз ﷺ уктардан алдын бул сүрөөлөрдү алаканына окуп жүзүн жана денесин баштан аяк сүргөн. Мындай кылуу адамдын денесин ар кандай оорулардан, зыяндуу нерселерден сактайт. («Заад аль-Маъад», 168)
 
▪️ БУЛ ЭКИ СҮРӨӨНҮН АЯТТАРЫНДАЙ ЭЧ БИР АЯТ ТҮШКӨН ЭМЕС

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз ﷺ Укба ибну Аамир, радыяллаху анхуга, мындай деп айтты: 
«Сен бүгүн түнү түшкөн аяттарды көргөн жоксуңбу, буга чейин аларга тең келе тургандай эч бир аят түшкөн эмес?! Алар «Кул аъуузу би-роббиль фалак» жана «Кул аъуузу би-роббин наас». (Сахих Муслим, 814)

▪️ ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН ЖАНА КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты: 
«Аллахтын элчиси ﷺ жин-шайтандардан жана адамдардын көзү тийүүсүнөн Аллахтан коргоо сурап жүрүп, акыры ага эки коргоочу (фалак жана наас) сүрөөлөрү түштү. Алар түшкөндөн кийин ошол экөөсүн карманып, калгандарын таштады». (Тирмизи, 2058)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ

Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты: 
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)

Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат: 
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)

Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: 
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибну Маажах, 3660)

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…
Subscribe to a channel