🔴 АШЫКЧА ТАМАШАЛАШУУ КАДЫРДЫ КЕТИРЕТ
Ар бир адам менен эле тамашалаша берүү туура эмес. Мисалы, бейтааныш адам менен тамашалашпаган жакшы. Анткени ал тамашаны туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Ошондой эле аалымдар менен же тамашаны көтөрө албаган адам менен тамашалашуудан алыс болуу керек. Бардык адамдар менен эле тамашалашуу туура эместигине Саид ибну аль-Аас, радыяллаху анхунун, баласына айткан сөзүн мисал кылсак болот. Ал айтты:
«Оо, балам! Кадырлуу адам менен тамашалашпа, ал сени жаман көрүп калат. Адамгерчилиги жок адам менен тамашалашпа, ал сени теңтуш тутуп алат». (“ас-Самт")
Имам ибну Хиббан айтты:
«Кимде-ким өз чөйрөсүнөн болбогон адам менен тамашалашса, анда аны көзүнө илбей одоно мамиле кылып баштайт, эгер ал чындыкты айтып тамашалаган болсо дагы. Анткени ар бир нерсе өз жолу менен болуш керек жана адамдар да ошого татыктуу болгону жакшы. Чындыгында, мен кыйналып турганда тамашаны кандай жактырбасам, көпчүлүк элдин көзүнчө тамаша кылууну да ошондой жактырбайм». (“Раудатуль Уъкала”)
Халаф ибну Салим айтты:
«Бир жолу Язид ибну Харун менен бир жерде чогу отуруп калдык. Ошондо ал жанындагылар менен тамашалашып жаткан. Ошол кезде Ахмад ибну Ханбал жөтөлдү. Язид: «Жөтөлгөн ким?» – деп сурады. Адамдар: «Ахмад ибну Ханбал» – дешти. Ошондо ал өзүн чекесине уруп: «Эмнеге бул жерде Имам Ахмад да отурат деп айтпадыңар, муну билгенде мен тамашалашпайт элем го» – деди». (“аль-Хилья”)
Язид ибну Харун – өз учурундагы белгилүү аалымдардын бири болгон. Имам Захаби өзүнүн “Ас-Сияр” китебинде анын өмүр баянында мындай деп жазган: «Ал тамашаны жакшы көргөн адам болгон, бирок Ахмад ибну Ханбалды урматтаганы үчүн анын көзүнчө тамашалашкан эмес».
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 САДАКАНЫ ТУУГАНДАРЫҢДАН БАШТА
● Салман ибну Аамир, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтканын уктум: «Кедейге берилген садакага садаканын сообу берилет. Ал эми тууганга берилген садакага эки эсе сооп берилет: садаканын жана туугандык катнашты бекемдөөнүн». | Тирмизи, 658
● Анас ибну Малик, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Талха Мадинадагы ансарлардын арасынан курма багы көп эң бай адамдардан болгон. Ага байлыктарынын арасынан эң жагымдуусу Байруха деген курма багы болгон. Ал курма багы пайгамбардын ﷺ мечитине бет маңдай жайгашкан. Пайгамбар ﷺ кээде ал курма бакка кирип, таза суусунан ичип турчу эле. Анас, радыяллаху анху, айтты: «Качан гана Аллахтын: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деген аяттары түшкөндө Абу Талха пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Чындыгында Аллах таала: «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Аллах жолунда) сарптамайынча жакшылыкка жете албайсыңар» – деп айтыптыр. Ал эми менин байлыгымдын арасынан мага эң жакканы – Байруха курма багым. Ал курма багым Аллах ыраазылыгы үчүн садака болсун! Ушул жакшы иш аркылуу (сооп) камдоону Аллахтан үмүт кылам. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Каалаганыңыздай иштете бериңиз. (Бул ишти) Аллах көрүп турат» – деп айтты. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Кандай сонун! Бул байлык жакшы киреше алып келет, өтө кирешелүү байлык! Сен ушул (садаканы) тууган-туушкандарыңа бөлүп бергениңди туура көрүп турам» – деп айтты. Абу Талха: «Оо, Аллахтын элчиси! Сиз айткандай кылам» – деп айтты да, андан кийин Абу Талха туугандарына жана агаларынын балдарына бөлүп берди». |Сахих Бухари, 2769
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
📝 Кыргызым ай, акыретте не дейбиз?!
Кыргыз үчүн сакал койсоң арабсың,
Хижаб кийсең арабдарга карапсың.
Жаңы жылды тойлоп, бийик секирсең,
Мына ошондо накта таза адамсың.
Жат майрамды майрамдоого шаштыңар,
Курман айт келсе кедей боло калдыңар.
Жаңы жылда жок жерден акча жаратып,
Болбой жатса насыя алганга шаштыңар.
Намаз десе ден-соолугу жарабайт,
Бий башталса ден-соолукка карабайт.
Жаңы жылда арак ичип, бий бийлеп,
Эки кыргыз урушмайын тарабайт.
Кыргызым ай, акыретте не дейбиз,
Жакшы сөзгө биз өмүрү кедейбиз.
Бар билген өнөрүбүз жамандоо,
Адам акысын качан, кантип беребиз.
Туулган күндү тойлобогон бабабыз,
Жаңы жылды кимден алган караңыз.
Динибизде эки майрам тек гана,
Ошону гана майрам деп кабыл алабыз.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖАРЫМ ЖЫЛАҢАЧ АЯЛДАР
Бөтөн эркектердин алдында ачык кийинип, дене-мүчөсүн ачып жүрүүдөн уялбаган, дини-ыйманы болбогон азыркы кездеги кээ бир аялдардын бүт ой-пикири — эркектердин көңүлүн ѳздѳрүнѳ буруу. Ыймандуу адам жийиркене турган ар кандай шайтан оюндарын ойноп, кийинүүдѳ жана жасанууда кѳз кѳрбөгөн, кулак укпаган нерселерди ойлоп чыгарышат.
Пайгамбарыбыз ﷺ келечекте эки топтогу адамдар пайда болушу тууралуу кабар берип мындай деп айткан:
«Мен ушуга чейин кѳрѳ элек тозокко түшѳ турган эки топтогу адамдар бар. Алар — адамдарды сабоо үчүн уйдун куйругундай келтектери бар кишилер. Жана кийимчен бирок жылаңач, туура жолдон адашкан, башкаларды да адаштырган аялдар. Алардын баштары тѳѳнүн термелген ѳркѳчтѳрү сыяктуу. Алар бейишке киришпейт. Жадагалса, бейиштин жытын да жытташпайт». (Сахих Муслим)
Бул хадисте айтылган аялдар чачтарын эркектерге кѳрсѳтүп, төбөсүнө түйүп алгандары үчүн тѳѳнүн термелген ѳркѳчүнѳ окшотулган. Пайгамбардын ﷺ доорунда болбогон буларга окшогон аялдарды биздин доорубузда ѳтѳ кѳп жолуктуруу мүмкүн. АЛАР КИЙИНГЕН, БИРОК ЖЫЛАҢАЧ АЯЛДАР сымал. Алар кандай жол менен болбосун, бѳтѳн эркектерди ѳздѳрүнѳ каратууну, алардын көңүлүн өздөрүнө бурууну каалашат. Денесине чапталышкан тар жана сыртынан ичи көрүнгөн ѳтѳ жука кийимдерди кийген бул аялдар – денесинде кийими болсо да жылаңач сыяктуу. Алар кѳкүрѳктѳрүн дагы да чоң кѳрсѳтүү үчүн түркүн-түрдүү ыкмаларды колдонушат. Алардын максаты — махрам эмес эркектердин жүрөгүнѳ чок салуу жана аларды азгырып, аларды күнөөгө батыруу.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР
Аллах таала Куранда мындай деп айтты:
«Эгер сени шайтан азгырган болсо, анда Аллахтан коргоо сура. Чындыгында, Ал Угуучу, Билүүчү». (Аараф сүрөөсү, 200-аят)
Сахабалардын бири Сулайман ибну Сурад, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде биз пайгамбар ﷺ менен чогу отурган элек. Ошондо эки адам бири-бири менен сөгүшө кетти. Бирөөсү экинчисин сөккөндө, ал ачууланып жүзү кызарып чыкты. Ошондо пайгамбар ﷺ айтты:
«Чындыгында, мен ушундай бир сөздү билем, эгер аны ачууланган адам айтса, анын ачуусу тарайт, ал «аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм»¹ деп айтсын». (Сахих Бухари 6115; Сахих Муслим 2610)
¹ Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм” сөзүнүн мааниси “Аллахтан каргышка калган шайтандан коргоосун сураймын” дегенди билдирет.`
⠀
Жогорудагы хадисте ачуулануу шайтандын азгырыгы экендиги туурасында айтылды. Эгерде ким ачууланса, анда эң биринчи кезекте Аллахтан коргоо сурасын. Мына ошондо Аллах аны шайтандын жамандыгынан коргойт, ачуусу себептүү башкаларга зыян берүүдөн сактайт.
Ошондой эле пайгамбарыбыз ﷺ ачуулануунун зыянынан кутулуу үчүн адамга сөз түрүндө да, иш жүзүндө да аткаруусу зарыл болгон иштерди буйруган.
⠀
Сөз түрүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында пайгамбар ﷺ мындай деп айтты:
«Араңардан ким ачууланса, анда ал унчукпасын» деп үч жолу айтты». (“Муснад” 1/239)
⠀
Эгерде ачууланган адам сүйлөй турган болсо, анын сөзү адамдарга катуу тийиши мүмкүн же акылга сыйбаган сөздөр айтылып, урушууга себеп болушу мүмкүн. Мындай туруксуз абалда ачууланган адам өзүнө келгенге чейин унчукпай турганы жакшы. Ал эми ачуусу тараса, орундуу сүйлөйт, эч кимге зыян бербейт, адамдардын көңүлүн оорутпайт, ортодо душмандык да болбойт.
⠀
Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында пайгамбар ﷺ айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда туруп турган болсо, анда олтурсун. Эгер олтурса да ачуусу таркабаса, анда жатсын». (“Муснад” 5/152; Сунан Абу Дауд 4782)
⠀
Себеби адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши да ыктымал. Эгерде ушундай абалда олтура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, андан дагы алыстайт.
⠀
📌 ДЕМЕК, АЧУУЛАНСАҢ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР:
1) Аллахтан коргоо сура.
2) Унчукпа, сүйлөбө, эч нерсе деп жооп бербе.
3) Турган болсоң олтур, олтурсаң да ачууң таркабаса, анда жат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Салман, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Жума күнү жуунуп, колунан келишинче тазаланып, чачын тарап, үйүндөгү атырынан себинип, (мечитте бир сапта олтурган) эки адамдын ортосун бөлбөй, каалашынча намаз окуп, кийин имам сүйлөп баштаганда анын сөзүн кунт коюп уккан адамдын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет». (Бухари)
Насаинин риваятында:
«Кайсы адам болбосун, жума күнү буйрулгандай тазаланып, кийин үйүнөн чыгып жумага келсе жана намаз окулганга чейин кунт коюп (хутба) укса, анда анын мурунку жумадагы күнөөлөрү кечирилет» – деп келет.
Табарани Насаинин бул риваятындай риваятты айтып, аягында бул кошумчасы менен риваят кылат:
«Анын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет, эгер чоң күнөөлөрдөн алыс болгон болсо. А бул жыл бою ушундай уланып турат».
➤➤ /channel/tilmech
🎥 УУЛ БАЛАСЫ ЖОК ЭНЕЛЕРДИ КИМ БАГАТ
Садыбакас ажы Доолов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 ХИЖАБ АРАБДАРДЫКЫ ДЕГЕНДЕРГЕ СОНУН ЖООП
Мыктыбек Арстанбек
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Күнөөнүн ырахаты убактылуу, азабы түбөлүк. Адам аны таштабаса, азабы бул дүйнөдө да, акыретте да уланат. Саналуу мүнөттүк ырахаттын азабын өмүр бою тартат, өз бактысына өз колу менен балта чабат.
Валентин деген балээ күндүн айынан канча деген жаштар бузулду, канча деген жаштардын абийири төгүлдү, канча деген кыздар боюнан алдырды, канча деген ымыркайлар таштандыга ташталды, канча деген арактар ичилди?! Бул күндө кандай гана күнөөлөр кылынган жок. Бул күн жыл ичиндеги эң балээ күн, сырты бейиштей кооз көрүнүп, ичи тозокко толгон күн.
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ДУБАЛАРЫҢ КАБЫЛ БОЛСУН ДЕСЕҢ, АРАМДАН АЛЫС БОЛ
Куран-сүннөттө дубанын адептери, шарттары жана кабыл болушуна тоскоолдук кылган иш-аракеттер туурасында келген далилдер өтө көп. Алардын арасынан Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтты:
«Чындыгында Аллах таала – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт. Ошондой эле Аллах таала пайгамбарларга буйруганын ыймандууларга да буйруду. Аллах таала Куранда айтты: «Эй, пайгамбарлар! (Адал) нерселерден жегиле жана жакшы иштерди кылгыла» . Жана айтты: «Оо, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылган (адал) нерселерден жегиле».
Андан соң бир адам тууралуу айтты, ал адам узак жол жүрүп, чачтары жүдөп, чаң баскан абалда асманга колун созуп: «Оо, Раббим! Оо, Раббим!» деп (жалынса), бирок жегени арам, ичкени арам, кийгени арам жана арам менен багылган болсо, анда ага кантип жооп берилсин?!». (Сахих Муслим)
Бул хадис өзүнө көп пайдаларды камтыган мазмундуу хадистердин бири. Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте дуба кылуунун адептери, кабыл болуш шарттары жана ага тоскоол болгон иштер туурасында айтты. Пайгамбарыбыз ﷺ адегенде эле арам тамакты жештин коркунучун жана ал дубанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иштерден экендигин баса белгиледи. Демек, мындан бизге адал тамак – дубанын кабыл болушунун бирден-бир себептеринен экендиги маалым болот.
Вахб ибну Мунаббих айтат:
«Кимди Аллах анын дубасын кабыл кылуусу кубандырса, анда жеп-ичкенин адал кылсын».
Сахабалардын арасынан Саад ибну Абу Ваккас, радыяллаху анху, Аллах тааладан кандай нерсе сурап дуба кылбасын, дубасы тез кабыл болгон. Анткени ал Аллах менен болгон мамиледе чынчыл болгон жана адал тамак гана жеген. Күндөрдүн биринде андан: «Эмне үчүн сахабалардын арасынан сиздин дубаларыңыз тез кабыл болот?» – деп сурашканда, ал:
«Ушуга чейин кандай тамак жебейин, анын кай жактан келгендигин жана кайдан чыгарылгандыгын так билчүмүн» – деп жооп берген.
Ал эми ким арамды жеп-ичкенден, арам кийимди кийгенден сактанбаса, анда бул анын дубаларынын кабыл болбошуна себеп болот. Мына ошондуктан пайгамбарыбыз ﷺ: «…анда ага кантип жооп берилсин?!» – деп айтты, тактап айтканда анын дубасы кантип кабыл болсун деп таң калуу ирээтинде суроо таштады.
Ошондой эле күнөө иштерди кылуу жана диний милдеттерди аткарбоо да дубанын кабыл болушуна тоскоол болгон иш-аракеттерден.
Бул туурасында Яхья ибну Муаз мындай деп айткан:
«Дубаларым эмнеге кабыл болбойт деп айта бербегин, балким анын кабыл болуш жолдорун күнөөлөрүң тосуп калгандыр».
Ошондуктан пенденин Раббисине тообо кылуусу, күнөөлөрдөн алыс болуусу, Ага гана жүздөнүп ыхластуулук менен сыйынуусу жана жегенин, ичкенин, кийгенин адал жол менен табуусу – дубанын кабыл болуш себептеринен.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 КАБЫРДА ТЫНЧ ЖАТКЫҢ КЕЛСЕ КАРЫЗЫҢДЫ БЕР
Максатбек ажы Токтомушев
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Дуба кылуу да ибадат. Жөн гана ибадат эмес, ал бүткүл ибадаттардын өзөгү, Жаратуучу менен жаратылгандарды байланыштыруучу улуу жана эң кыска жол. Аллах пендесинин Ага дуба кылуусун сүйөт, пендеси сураса, анын сураганын бергенди сүйөт, пендесинин Ага муктаждыгын көрсөткөнүн сүйөт. Пенде дуба кылуу менен Аллахка жакындайт жана көздөгөн максаттарына дубанын жардамы менен тез жетүүгө жол ачылат. Дуба – чыныгы ыймандуулардын эң күчтүү куралы. Ошондуктан дуба кылуудан талыкпаңыз, себеби Аллах дуба кылган пендесинин сураганын берүүдөн талыкпайт. Дуба кылган адам сөзсүз жакшылыкка жетет же ал дубасы себептүү балээ-кырсыктардан алыстайт же акыретте дуба кылганы үчүн эселеген соопторго жетет. Дуба адамга жакшылыктарды гана алып келет.
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХТАН СУРАСАҢ БЕРЕКЕСИН КОШО СУРА
Салих адамдардын бири дуба кылып жатып: «Оо, Аллах! Ырыскыма береке бер», – деп айтканда жанындагы бир адам андан:
– Эмне үчүн ырыскы бер деп гана сурабастан, ырыскыма береке бер деп айттыңыз, – деп сурады.
Ошондо ал мындай деди:
– Чындыгында Аллах таала ар бир адамдын ырыскысын белгилеп койгон. Ал кандай абалда болсо да бешенесине жазылган ырыскысына сөзсүз жетет. Бирок мен дайым Аллахтан ырыскыма береке тилеп дуба кылам. Анткени ал Аллахтын Өзү каалаган пендесине жибере турган аскерлеринен. Эгер ал адамдын байлыгына келсе, аны көбөйтөт. Эгер бала-чакасына келсе, аларды тууралыкка салат. Эгер адамдын денесине келсе, аны күч-кубаттуу кылат. Эгер жүрөгүнө келсе, аны бактылуулукка бөлөйт.
Оо, Аллах! Сен бизге ырыскы кылып берген бардык нерселерге береке бере көр!
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КҮНӨӨСҮЗ ТОССО БОЛОТ ДЕГЕНДЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ
Чубак ажы Жалилов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 АЯЛЫН УРГАН ЭРКЕКТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ
Чубак ажы Жалилов
Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🎥 ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСКОН АДАМ АЛЛАХТЫ СӨККӨН МЕНЕН БАРАБАР
Садыбакас ажы Доолов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
📌 Күйөөсү аялынын алдындагы милдеттерин аткарып, аны толук камсыздаса да, ага ыраазы болбосо, Аллах аны карабайт.
Күйөөгө ыраазы болбогон аял, Аллахка ыраазы болбойт.
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ЖАҢЫ ЖЫЛ ТУУРАЛУУ МУСУЛМАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ
Абдышүкүр ажы Нарматов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖАТАРДАН АЛДЫН УШУЛ СҮРӨӨНҮ СӨЗСҮЗ ОКУП ЖАТ
Күндөрдүн биринде Фарват ибну Науфал, радыяллаху анху, пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага бир нерсе үйрөтүңүз, мен аны жатарда окуп жатайын» – деп сураганда, ал айтты: «Кул йаа айюхаль каафируун…» деген (сүрөөнү) оку. Чындыгында ал (сага) ширктен коргоо болот». (Тирмизи, 3403)
ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары бул дүйнөдө да, акыретте да аларга пайда бере турган маселерди дайыма андан сурашкан. Бул хадисте да сахабалардын бири Фарват ибну Науфал да пайгамбарыбызга ﷺ келип, анын акыретине пайда бере тургандай нерсени үйрөт деп сураганда, пайгамбарыбыз ﷺ ага жатардан алдын «Каафируун» сүрөөсүн окуп жат деп насаат кылды. Анткени ким жатардан алдын бул сүрөөнү окуп жатса, анда ал аны ширктен коргойт. Себеби бул сүрөөдө мушриктер сыйынган жалган кудайларын ачык түрдө жокко чыгарган жана Аллахка гана сыйынуу парз экендиги тууралуу айтылган. Андыктан ким бул сүрөөнү жатканда окуй турган болсо, анда Аллах аны диндеги эң чоң күнөө болгон ширктен коргойт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Кыяматта адам ар бир айткан, ар бир жазган сөзү үчүн жооп берет. Айткан, жазган сөздөрүң ошол бойдон көз жаздымда калып кетет деп ойлобо. Адамдын ар бир сөзү, ар бир иш-аракети ийне-жибине чейин жазылып турат. Адам акыретте алардын ар бирин көрөт, ар бири үчүн керт башы менен жооп берет.
Кээ бир адамдар бар, сөздүн баш аягын түшүнбөй эле интернетте каргап-шилеп, оюна келгенди оттоп, оозго албаган сөздөрдү жазышат. Өзү кыйратып койгонсуп, башкаларды жамандап жазат. Ал оюнда мен кыйраттым деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал кыйраткан жок, ал кыйрады! Анткени акыретте ал жамандалып жаткан адам канчалык жаман болсо да, ага өз соопторунан беришке мажбур болот. Себеби адамдагы бар нерсени айтуу – ушактоого жатат, ал эми андагы жок нерсени айтуу – жалаа жабууга жатат. Ошончолук айткысы келсе, анда барып бетине айтсын. Бетке айта албаган сөздү, арттан айтуу – адамдык касиетке жатпайт.
⚠️ Ошон үчүн комментарий жазардан алдын ойлон!
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ААЛЫМДАРДЫН БИРИ-БИРИНЕ АЙТКАН ОСУЯТЫ
Маакил ибну Убайдуллах аль-Жазари айтат:
“Мурунку заманда аалымдар бири-бирине жолугуп калса, ушул сөздөрдү айтып насаат кылышар эле. Эгерде көпкө көрүшпөй калса, ушул сөздөрдү бири-бирине кат аркылуу насаат кылып жөнөтөр эле:
«Ким Аллах үчүн ички дүйнөсүн оңдосо, анда Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдойт. Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилесин оңдойт. Ким акырет иштерине кам көрсө, анда Аллах анын бул дүйнөдөгү иштерине кам көрөт».
📖 “Аль-Ихлас уа ан-Нийя”, 1/54
═════════
➤➤ /channel/tilmech
🔴 40 ЖЫЛ БОЮ КҮНӨӨ КЫЛГАН АДАМДЫН ОКУЯСЫ
Муса пайгамбардын заманында Исраил урпактары катуу кургакчылыкка туш болот. Ошондо адамдар ага чогулуп: «Оо, Аллахтын ортомчусуз сүйлөшкөн пайгамбары! Аллахтан бизге жамгыр жаадыр деп дуба кылчы» – деп келишет. Ошондо Муса пайгамбар алар менен бирге ээн талаага чыгат. Чогулган адамдардын жалпы саны 70 миңден ашык эле.
Муса пайгамбар жалынып жалбара:
– Оо, Аллахым! Бизге жамгыр жаадыра көр! Бизге ырайым кыла көр! Бизге эмчектеги балдар, жан-жаныбарлар жана кары-картаңдар үчүн болсо да ырайым кыла көр! – деп дуба кылат. Бирок бир тамчы да жамгыр жаабай коёт. Тескерисинче, асмандагы булуттар чар тарапка тарап, күн андан да катуу ысып баштайт. Муса пайгамбар мындай болот деп күткөн эмес эле. Ошондо Аллахтан мунун себебин сураганда Ал ага вахий кылып:
– Араңарда бир күнөөкөр адам бар. Ал кырк жылдан бери күнөөсүн таштабай жүрөт. Адамдарга жар салып айт, ал эл алдына чыксын. Ошол адам үчүн жамгырдан куру калдыңар – деди.
Муса айтты:
– Оо, Аллахым! Мен алсыз пендеңмин, үнүм да алсыз. Жетимиш миң адамдын баарына кантип үнүмдү жеткирем – дегенде Аллах ага вахий кылып:
– Айтып коюш сенден, аны жеткириш Бизден – деп айтты.
Ошондо Муса пайгамбар жар салып:
– Эй, кырк жылдан бери Аллахка баш ийбестик кылган күнөөкөр пенде! Арабыздан чыккын! Сен үчүн бизге жамгыр жаабай жатат – деди.
Аны уккан жанагыл күнөөкөр адам эки жагын карады, эч ким чыккан жок. Ошондо айтылып жаткан адам өзү экенин билип, ичинен күбүрөнө: «Эгерде азыр мен ушунча адамдын астына чыксам, анда шерменде болом. А эгер чыкпай койсом, анда адамдар жамгырсыз калат» – деди да, кылганына өкүнүп, башын чепкенине киргизип: «Оо, Аллахым! Мен Сага кырк жыл бою күнөө кылдым. Бирок Сен мени ушунча убакыттан бери жазалабай күттүң. Мына эми мен Сага моюн сунуп келдим, тообомду кабыл кыла көр» – айткыча эле асманды булуттар каптап келди, көнөктөп жамгыр куйду.
Ошондо Муса таң кала:
– Оо, Аллахым! Арабыздан жанагыл адам чыккан жок го, кайсы себептен улам жамгыр жаадырдың? – деп сурады. Аллах айтты:
– Оо, Муса! Ошол күнөөкөр адам себептүү силерге жамгыр жаадырдым.
– Оо, Аллахым! Мага ошол пендеңди көргөзчү – деп суранганда Аллах ага:
– Оо, Муса! Ал күнөө кылган кезинде анын абийирин ачпаган, эми ал Мага моюн сунуп келгенде ачмак белем – деп айтты. («Кисас аль-Вуъъаз»)
✅ ОКУЯДАН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР
– Аллахтын пенделерине болгон мээримдүүлүгү.
– Күнөө кылуу дуба-тилектердин кабыл болушуна тоскоол болгон себептерден.
– Коомдо күнөө иштердин көбөйүшү табият кырсыктарына, жакырчылыкка, кургакчылыкка себеп болот.
– Тообо кылуу – кыйынчылыктан кутулууга себеп болот.
– Адам канчалык күнөө кылса да, анын абийирин, катачылыгын жашыруунун зарылдыгы.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АЛЛАХ САГА КАНДАЙ НЕРСЕНИ ЖАЗСА, ДЕМЕК АЛ НЕРСЕ СЕН ҮЧҮН ЖАКШЫ
✦ Кээде адамдар өздөрүнө зыян болгон нерсени Аллахтан сурашат, бирок алар билишпейт, Аллах аларга сурагандарын бербей койгону, чындап караганда аларга бергени болуп эсептелет.
✦ Кээ бир адамдарды Аллах кедейлик менен гана оңдойт. Ал эми кээ бир адамдарды байлык менен гана оңдойт.
✦ Кээ бир адамдарга Аллах оору берет, эгер алардын дени сак болсо, анда текеберлик кылып чектен чыгып кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык кедей жашашат, эгер алар бай болушканда адамдарды көзүнө илбей, менменсинип кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык бай турушат, дайым Аллахка шүгүр кылышат, эгер алар кедей болушканда, анда алар каапырлык кылып динден чыгып кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алардын дени сак, ибадатка да бекем, эгер Аллах аларга оору бергенде, анда алар шүгүрсүздүк кылып, ыйман жолунан чыгып кетишмек.
Андыктан ар дайым Умар, радыяллаху анхунун, сөзүн эстеп жүр: «Эгерде Аллах бизге кайыптын пардасын ачканда, анда ар бирибиз Аллахтын бизге кылган тандоосун гана тандамакпыз».
Мурунку заманда бир кедей адам бир акылманга келип арыз-муңүн айта берчү экен. Ар келгенде ага «Абалыңа ыраазы бол, каниет кыл, сенден да кыйналып жашагандар көп» деп узатып койчу экен. Улам келе бергенинен бир күнү ага сабак болсун деп, айылдагы адамдарды жыйнап, алардын ар бирине көйгөйүңөрдү, арыз-мүңуңарды бир баракка жазгыла да ушул кутучага салгыла, бирок атыңарды жазбай эле койгула деп айтат. Баарысы өз көйгөйлөрүн жазып, кутучага кагаздарын салышат.
Ошондо акылман жанагыл адамды чакырып:
– Мынакей, алдыңда айылдагы адамдардын жашоолору жазылган баракчалар турат. Кутучадан өзүңө жаккан жашоону тандап ал,– дейт.
Ошондо ал кутучудагы барактарды бир-бирден алып окуп баштайт, улам окуп, бул жакпады деп кийинкисин алат. Ошентип ал баарын окуп чыгат. Бирок алардын бири да ага жакпайт. Ошондо ал адам акылманга кайрылып: «Аллахка ант болсун, өзүмдүн эле жашоом жакшы экен»,– деп айтат.
Андыктан эсиңде болсун, чыныгы байлык – каниеттүүлүктө жана Аллахтын сага жазган тагдырына ыраазы болууда. Каниеттүүлүк болбосо, дүйнөдөгү байлыктын баары колуңда болсо да, сен эң кедей адамсың. Каниеттүү болсоң, анда колуңда эч кандай байлык болбосо да, сен эң бай адамсың.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ДУБАНЫ КҮЧСҮЗ КЫЛГАН ҮЧ АБАЛ
⠀
Ибну Каййим өзүнүн "Аль-Жаваб аль-Каафи" деген китебинде мындай деп айтат:
«Дуба кылуу – кыйынчылыктан кутулуунун жана максатка жетүүнүн эң күчтүү себептеринен. Бирок кээде анын таасири ар кандай болот.
▷ Же ал дуба күчсүз болушу мүмкүн, мисалы, ал өзүнө Аллахка жакпагандай душмандыкты камтыган дуба сыяктуу.
▷ Же дуба кылган кезде жүрөктүн алсыздыгы жана анын Аллахка бүтүндөй бет албагандыгы себептүү болушу мүмкүн, мисалы, бул жаанын өтө бош тартылган жиби сыяктуу.
▷ Же дубанын кабыл болушуна тоскоолдук жараткан нерселердин болушу, мисалы, арам тамак жештик же күнөөлөрдүн топтолушу». ("Аль-Жаваб аль-Каафи")
⠀
Андыктан дуба кылган кезде ушул үч абалды сөзсүз эске алыңыз. Болбосо кандай дуба-тилек кылбаңыз, ал кабыл болбошу мүмкүн. Андыктан дуба кылардан алдын ушул үч себепти жоюңуз. Эгерде кылынган дубада Аллахка жакпагандай нерселер болсо, же ал чын жүрөктөн, терең ишеним менен кылынбаса, же дуба кылган адам арам тамак жесе, ар кандай күнөөлөрдү кылса, анда мындай абалда анын дубасынын кабыл болуш ыктымалдуулугу жокко эсе болот. Ошондой эле дуба кылардан алдын дубанын адептерин, анын кабыл болуу убакыттарын жана ага тоскоол болгон себептерди билип алуу зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Оо, Аллах! Палестинадагы жабыр тарткан боордош мусулман бир туугандарыбызга жардам бер!
Оо, Аллах! Алардын жандарын, бала-чакаларын, үй-жайларын сакта жана аларды өз үй-бүлөсүнө аман кайтып келүүнү насип кыл!
Оо, Аллах! Алардын кадамдарын бекем кыл, аларга кайрат берип, аларды колдо жана Сенин каарыңа калган, диниңе душмандык кылган жөөттөргө каршы аларды колдой көр!
Оо, Аллах! Мусулмандардын башын бириктирип, алардын ынтымагын арттыра көр! Мусулмандын ыйык мечиттеринин бири болгон Акса мечитин мусулмандарга кайтара көр!
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ӨМҮРҮҢДҮ ҮЧ УБАКЫТКА БӨЛ
Чубак ажы Жалилов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 БУЛ ДУБАНЫ АР БИР АТА-ЭНЕ БИЛИШИ КЕРЕК
Бул куттуу дубаны жаттап балдарыңызга дайым айтып жүрүңүз. Бул дубаны айтуу – балаңызды көз тийүүдөн, адамдардын назары түшүүдөн, жин-шайтандардын, курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын зыян берүүсүнөн, сыйкырдан, дегеле бардык жамандыктардан сактайт.
⠀
═══════════════
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
🎥 ЭРКЕК МЕНЕН АЯЛ БИРИ-БИРИНЕН ЖАКШЫ СӨЗҮН АЯБАСЫН
Бактияр ажы Шарапов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз