Ислам дини аялзатынын сулуулануусуна каршы эмес, күйөөсүнөн башкаларга сулуулануусуна каршы. Күйөөсүнө гана сулуулануу жана ага гана жагынууга аракет кылуу – ыймандуу аялдын сыпаттарынан. Мына ошол себептен Аллах Таала мусулман аялзатына хижаб кийүүнү парз кылган. Хижаб – аялзатынын сулуулугун жапкан жөн гана кийим эмес, хижаб – бул аялзатынын Аллахка болгон сүйүүсүнүн далили, пайгамбарды ээрчигенинин белгиси, адамдардын жана күйөөсүнүн алдындагы абийири жана аруулугу.
➤➤ /channel/tilmech
📌 КАРЫЗДАН КУТУЛУУНУН ДУБАСЫН ТӨМӨНДӨГҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:
▷ /channel/dubazikir/72
🔴 ГОРОСКОПКО ИШЕНҮҮНҮН КҮНӨӨСҮН БИЛЕСИЗБИ?
Астрология, гороскоп, ырыс-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат:
«Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт». | Муснад Ахмад
«Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Сахих ат-Таргыиб
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан:
«Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Шарх Китаб ат-Таухид, 349
Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
‼️ Айнура Сагынбаева бузукулукту таратып жатат (толук видеосу, аягына чейин көрүңүз)
Читать полностью…🔴 МЫНДАЙ СӨЗ ДЕҢИЗДИН СУУСУН ДА БУЗУП ЖИБЕРМЕК
Аллах таала Куранда мындай деп айтты:
«Оо, ыйман келтиргендер! Силерден бир адамдар экинчи адамдарды шылдыңдабасын, балким алар тигилерден жакшыраактыр. Ошондой эле аялдар да башка аялдарды шылдыңдабасын, балким алар тигилерден жакшыраактыр. Бири-бириңердин айыбыңарды ачпагыла жана бири-бириңерге жаман ат такпагыла. Ыйман келтиргенден кийин бузуку атка конуу кандай жаман! Кимде-ким тообо кылбаса, мына ошолор залымдар». (Хужурат сүрөөсү, 11-аят)
Айша энебиз айтат: «Бир жолу пайгамбарга ﷺ: «Сизге Сафиянын жанагындай болгону деле жетишет (башкача айтканда анын бою кичине)» – дедим. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Сен ушундай сөздү айттың, эгерде ал деңиздин суусуна аралашса, анда деңиздин суусун да бузуп жибермек». (Тирмизи)
Чындыгында мусулмандарды чындап болобу, тамаша түрүндө болобу кемсинтип, шылдыңдап маскаралоого тыюу салынган. Мындай кылуу душмандыкка, көрө албастыкка жана мусулмандардын бөлүнүп-жарылуусуна алып келет. Мына ошол себептен Ислам дининде ушуга окшогон терс көрүнүштөргө кескин тыюу салынган.
Халид ибну Сафван айтты: «Мындай сөз бар «Ар бир нерсенин башталашы бар, душмандыктын башталышы – тамаша кылуу». (“Аль-Амсаль”)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БУЛ ДУБАНЫ АР БИР АТА-ЭНЕ БИЛИШИ КЕРЕК
Бул куттуу дубаны жаттап балдарыңызга дайым айтып жүрүңүз. Бул дубаны айтуу – балаңызды көз тийүүдөн, адамдардын назары түшүүдөн, жин-шайтандардын, курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын зыян берүүсүнөн, сыйкырдан, дегеле бардык жамандыктардан сактайт.
⠀
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
🎞 ЧОҢ ТОЙ БЕРИП ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕН ЖАШТАРГА НАСААТ (СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ, АР БИР АДАМ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ САБАК)
https://youtu.be/IAV54OF42pg?si=u2JGf3ai4Xxz_3Bb
📮 Дубаларды жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
➤➤ /channel/tilmech
🎬 БАЛАНЫ КАНЧА ЖАШТАН БАШТАП НАМАЗГА БУЮРУУ КЕРЕК (СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ)
‼️ Ата-энелер үчүн маанилүү сабак
https://youtu.be/BXOitfpCZXk?si=YnXBAj7zbyP5-Hbd
🎬 ЖУБАЙЫНА КӨҢҮЛ БУРБАГАН ЭРКЕКТЕР (МААНИЛҮҮ САБАК)
Чубак ажы Жалилов
https://youtu.be/WJ-G44hNaQY?si=ZtCWEnFdvkpe2cDk
Пайгамбарыбыз ﷺ Шаввал айында Аиша энебизге үйлөнгөндүктөн жана Сафар айында кызы Фатиманы Алиге турмушка бергендиктен Шаввал жана Сафар айында үйлөнүү же турмушка берүү мустахаб (сүннөткө ылайыктуу) болуп саналат.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
Үй-бүлөңдө алар Айт майрамын чыдамсыздык менен күтө тургандай маанайды түз.
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР
❑ Гусул деген эмне?
Гусул деген – денени баштан-аяк таза суу менен жуу жана тазалануу.
❑ Гусул кантип алынат?
Ханафи мазхабы боюнча гусулдун 3 парзы бар: ооз-мурунду таза чайкоо жана дененин бир дагы жерин кургак калтырбастан толук жуу. Ушуларды аткарса, гусул алган болуп эсептелет.
❑ Сүннөткө ылайык толук гусул кандай алынат?
– Гусул алууну ниет кылуу;
– Колдорун үч жолу жуу;
– Сол колу менен жыныстык мүчөсүн жуу (истинжа);
– Намазга даарат алгандай даарат алуу;
– Башына суу куюп, чачтарынын арасына суу киргизип жуу;
– Сууну алгач денесинин оң жагына куят, андан кийин сол жагына куюп, денесин толук жууйт;
❑ Кайсы абалдарда гусул алуу парз болот?
Төмөнкү абалдарда гусул алуу парз:
– Аял-күйөөнүн ортосундагы жыныстык катнаштан кийин;
– Уктаган же ойгоо абалда эркектен жана аялдан уруктуктун чыгуусу, түшүркөө (поллюция);
– Уруктук (сперма) чыкпаса да, эркек менен аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн бири-бирине тийүүсү;
– Аялдын айызы бүткөндөн кийин;
– Төрөттөн кийинки нифас каны токтогондон кийин;
– Ислам динин кабыл алганда;
– Адам өлгөндө аны жуунтуу;
❑ Гусулсуз абалда кандай нерселерди кылууга болбойт?
Гусулсуз абалда төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:
– Намаз окуу. Парз болобу, нафил болобу, дегеле намаздын кандай түрү болбосун, гусулсуз окууга болбойт.
– Каабаны таваф кылуу, тагыраак айтканда Каабаны айланууга болбойт.
– Куран китебин кармоо. Анткени Куран китебин гусулдуу жана даараттуу адам гана кармаганга уруксат. Ханафи мазхабында Курандын тафсирин да гусулсуз кармоого болбойт деп айтылат.
– Куран окуу, китептен болобу, оозеки болобу, айырмасы жок, гусулсуз адамга Куран окуу тыйылган.
– Мечиттин ичинде олтуруу.
❑ Гусулсуз абалда кайсы нерселерди шариятта кылууга уруксат?
Гусулсуз абалда Куран угуу, ооз жабуу, зикир кылуу, дуба кылуу жана Курандан башка диний китептерди окууга уруксат.
❑ Кайсы учурларда гусул алуу сүннөт болуп эсептелет?
Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ажылыкка же умрага ниет кылып, ихрам кийимин киерде, Арафатта туруудан алдын жана өлүктү жуугандан кийин сүннөт болуп эсептелет. Ошондой эле ыйык жерлерге барардан мурун гусул алып чыгуу да мустахаб.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 АРТЫКЧЫЛЫК БИР ГАНА ТАКЫБАЛЫКТА
▻ Уулуң бар болсо уурунун үстүнөн күлбө.
▻ Кызың бар болсо жеңил ойлуу кыздын үстүнөн күлбө.
▻ Кийими кир деп кедейге күлбө, өзүңдү андан өйдө сезип мурдуңду чүйрүбө.
▻ Адамды билимсиз деп басмырлаба, ката кетирсе каткырып шылдыңдаба.
▻ Бул дүйнө кайтар дүйнө. Бүгүнкү кылганың, эртең эле кайрылып келет өзүңө. Келбесе эгер өзүңө, анын кесири тиет бала-чакаңа жана үй-бүлөңө.
▻ Жакшылык кылсаң, чын ниеттен жаса, ал үчүн ыраазылык күтпө.
▻ Бирөөнүн кийимине карап өз бааңды көтөрбө, балким анын жан дүйнөсү сеникинен баалуу чыгар, балким ал сага караганда Кудайдын алдында барктуу чыгар.
▻ Күнөө кылган адамды көрсөң, өзүңдү андан өйдө сезбе. Мындай кылуу жарашпайт Кудай деген пендеге. Андан көрө катасын айтып туурала, кемсинтип анын жан дүйнөсүн булгаба. Кудайдын ага болгон мээримин эскерт, анын Кудайга болгон үмүтүн үзүп салба.
▻ Сени жараткан Аллах аны да жаратканын эсиңден чыгарба! Күн шооласы баарына тегиз тийгендей, Кудай алдында баары бирдей. Эч ким эч кимден артык эмес, артыкчылык бир гана такыбалыкта.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
АТТАХИЯТ ЖАНА САЛАВАТ ДУБАЛАРЫ
⚠️ Жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
▷ t.me/dubazikir
ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Аллах Таала Өзүнүн сүйүктүү пенделери үчүн бейиште эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана адам баласынын жүрөгү элестете албаган ажайып нерселерди даярдап койгон.
Бул хадисте да адамдын акылына сыйбаган бейиштеги кереметтердин бири тууралуу айтылды. Эгерде мусулман адам бейиште перзент кааласа, анда ал перзенттин бойго бүтүшү, төрөлүшү, бойго жетиши жана жашы бир саатчалык убакыттын ичинде ишке ашат. Хадистеги «жашы» дегенден максат – ал перзент бейиштеги адамдар сыяктуу отуз жашта болот же болбосо ошол адам каалаган куракта болот.
➤➤ /channel/tilmech
🎞 ЫРЫСКЫМ КӨБӨЙСҮН, ИШИМ ЖЕҢИЛ БОЛСУН ДЕСЕҢ, УШУЛ ДУБАНЫ ОКУ
▷ t.me/dubazikir
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Аллахумма-фтах лии маа тасаккар.
Уа яссир лии маа таъассар.
Аллахуммар-зукни мин хайсу ахтасиб.
Уа мин хайсу лаа ахтасиб.
Аллахуммар-зукни ризкон лаа атаваккоуъх.
Аллахуммар-зукни хойрон лям уфаккиру бих.
Аллахумма хаккик лии умнийяати, зонанту аннаха мустахиила.
Лаа илааха илла анта.
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Оо, Аллах! Мага жабылганды ач жана кыйынчылыкты мага жеңилдет. Оо, Аллах! Мен күткөн жана күтпөгөн жерден ырыскы бер. Оо, Аллах! Мен ойлобогон жакшылыктарды бер. Оо, Аллах! Мен мүмкүн эмес деп ойлогон кыялдарымды орундат. Сенден башка Кудай жок.
اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي مَا تَسَكَّرَ
وَيَسِّرْ لِي مَا تَعَسَّرَ
اللَّهُمَّ ارْزُقْنِي مِنْ حَيْثُ أَحْتَسِبُ وَمِنْ حَيْثُ لاَ أَحْتَسِبُ
اللَّهُمَّ ارْزُقْنِي رِزْقاً لاَ أَتَوَقَّعُهُ
اللَّهُمَّ ارْزُقْنِي خَيْرًا لَمْ أُفَكِّرُ بِهِ
اللَّهُمَّ حَقِّقْ لِي أُمْنِيَّاتِ ظَنَنْتُ أَنَّهَا مُسْتَحِيلَةٌ
لاَ إِلَهَ إِلاَّ أَنْتَ
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.
Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот. Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге ошол дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айткан болсок, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт. Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech
🎞 ЫРЫСКЫМ КӨБӨЙСҮН, ИШИМ ЖЕҢИЛ БОЛСУН ДЕСЕҢ, УШУЛ ДУБАНЫ ОКУУ
https://youtu.be/V6oHB0NHSlM?si=9VABIkSYwdCVi-4B
🔴 АТА-ЭНЕҢДИ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА, ДҮЙНӨДӨН ӨТСӨ, АЛАРГА ДУБА КЫЛ
Аллах таала ата-энеге дуба кылууга буюруп мындай деп айтты:
«Айткын: Оо, Раббим! Мени жаш кезимде тарбиялап өстүргөндөй ата-энемди да Өз ырайымыңа ал». (Исра сүрөөсү, 24-аят)
Абу Хурайра, радыяллаху анхунун, риваятында Пайгамбар ﷺ айтат:
«Эгерде адам өлө турган болсо, анда анын амалдары токтойт. Бирок үч амалынын гана сообу барып турат. Алар: сообу токтобой уланып турган садакасы, пайдаланып турган илими жана салих баласынын ага кылган дубасы». (Муслим, 1631)
Башка бир риваятта Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Аллах таала бейиште салих пендесинин даражасын көтөрөт. Анда ал: “Оо, Раббим! Бул даража мага кайдан?” – деп сурайт. Аллах: “Балаң сага истигфар айткандыгы себептүү” – деп жооп берет». (Ибну Маажах, 3660)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АЛТЫ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
1. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамдын таманынын астынан асманды көздөй жаркыраган нур чыгып, кыямат күнү ага нур болот. (Сахих ат-Таргыиб)
2. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам менен Каабанын ортосунда нур пайда болот. (Дарими)
3. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам үчүн эки жуманын ортосунда нур болот. (Хаким)
4. Кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттаган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот. (Сахих Муслим)
5. Кахф сүрөөсүнүн акыркы он аятын окуган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот жана ал ага зыян келтире албайт. (Ибну Хиббан)
6. Кахф сүрөөсүн окуган адамга бейпилдик, тынчтык түшөт. (Сахих Бухари)
📲 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АРАБЧАСЫН, ТРАНСКРИПЦИЯСЫН ЖАНА АУДИОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
Аудиосу:
➤ /channel/tilmech/221
Арабчасы жана транскрипциясы:
➤ /channel/tilmech/222
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖАТАРДАН АЛДЫН УШУЛ СҮРӨӨНҮ СӨЗСҮЗ ОКУП ЖАТ
Күндөрдүн биринде Фарват ибну Науфал, радыяллаху анху, пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага бир нерсе үйрөтүңүз, мен аны жатарда окуп жатайын» – деп сураганда, ал айтты: «Кул йаа айюхаль каафируун…» деген (сүрөөнү) оку. Чындыгында ал (сага) ширктен коргоо болот». (Тирмизи, 3403)
ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары бул дүйнөдө да, акыретте да аларга пайда бере турган маселерди дайыма андан сурашкан. Бул хадисте да сахабалардын бири Фарват ибну Науфал да пайгамбарыбызга ﷺ келип, анын акыретине пайда бере тургандай нерсени үйрөт деп сураганда, пайгамбарыбыз ﷺ ага жатардан алдын «Каафируун» сүрөөсүн окуп жат деп насаат кылды. Анткени ким жатардан алдын бул сүрөөнү окуп жатса, анда ал аны ширктен коргойт. Себеби бул сүрөөдө мушриктер сыйынган жалган кудайларын ачык түрдө жокко чыгарган жана Аллахка гана сыйынуу парз экендиги тууралуу айтылган. Андыктан ким бул сүрөөнү жатканда окуй турган болсо, анда Аллах аны диндеги эң чоң күнөө болгон ширктен коргойт.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ МАКТАГАН ЭҢ ЖАКШЫ ЭРКЕКТЕР
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Момундардын арасынан толук ыймандуулары – кулк-мүнөзү жакшылары. Ал эми силердин араңардан эң жакшылары – аялдарына жакшы мамиле кылгандары». (Муснад Ахмад, 2/472)
 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Абу аль-Вафа ибну Акыйл айтты:
«Акылдуу эркек эгерде аялдарынын бири менен жалгыз калса, бири-бирин эркелетип же тамаша айтып көңүлүн көтөрөт. Ал муну менен өзүнүн жана аялынын алдындагы милдетин аткарган болот. А эгер балдары менен жалгыз калса, анда көңүлдөрүн көтөрүү үчүн алар менен жаш балача ойноп, бир азга оор басырыктуулугун таштай турат». (“аль-Адаб аш-Шаръийя”)
Имам аль-Газзи айтты:
«Бир адамдын өз үй-бүлөсүндө жагымдуу маанайды түзүүсү жана аларга жумшак мамиле кылуусу – пайгамбарлардын жана элчилердин сыпатынан». (“Аль-Марах филь-Мизах”)
Эркектеги эң жаман сапаттардын бири – сырттагы адамдарга сылыктанып, өз үйүндөгү ата-энесинине, аялына, бала-чакасына орой мамиле кылуу.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ t.me/tilmech
➤➤ t.me/tilmech
🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ БЕШ АРТЫКЧЫЛЫК
Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын артыкчылыктары туурасында мындай деп айткан:
❏ Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.
❏ Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында кыямат күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында пайгамбарыбыз ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да кыяматта толуктоого муктаж болот.
❏ Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».
❏ Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо айт күнү толугу менен алышат, бул күн – сыйлык күн. Мына ошол себептен Орозо айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар ﷺ түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылууну каалаган пенделеринен болсом болбойбу?”. (Сахих Бухари)
Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят)
Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан. Эгерде Аллах таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан.
Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мисалы, тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”.
❏ Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот. (“Латоифуль Маъариф”, 321)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР
❏ ШАВВАЛ КАЙСЫ АЙ? БУЛ АЙДА КАНДАЙ ОРОЗО ТУТУЛАТ?
ЖООП:
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУН АЙТ КҮНДӨН БАШТАП ТУТСА БОЛОБУ?
ЖООП:
Айт күн – майрам күн. Ал күнү орозо тутуу шариятта тыйылган. Айт күндүн эртеси эле тутуп баштоо керек. Орозо айт бир эле күн болот. Ал эми Курман айт үч күн болот.
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБУУ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?
ЖООП:
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат.
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ?
ЖООП:
Шаввалдын орозосу деп жүрөктөн ниет кылып тута берет. Эч кандай дуба айтыш шарт кылынбайт.
❏ РАМАЗАНДАГЫ КАРЫЗ КҮНДӨР БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ ЖЕ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУ БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ?
ЖООП:
Бул туурасында аалымдар арасында талаш пикирлер айтылган. Бирок аалымдардын басымдуу туура ой-пикири – биринчи Рамазандын каза күндөрүн тутуу керек деген ой. Демек, ушуга ылайык Рамазандагы карыз күндөрүн туткандан кийин Шаввалдын орозосун тутат. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса...» деп айткан. Эгер адам Шаввалдын алты күнүн биринчи туткан болсо, анда ал Рамазанды улаганга жатпай калат. Шаввалдын орозосун улап тутуш үчүн биринчи Рамазандагы карыз күндөрдү толук тутуп бүтүрүүсү керек.
Ошондой эле шариятта каза орозону тутуу – парз, ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун тутуу – нафил болуп саналат. Ушуга ылайык мусулман адам нафилден мурун парзды биринчи аткаруусу керек.
❏ БУЛ ОРОЗОНУ АЙТТЫН ЭРТЕСИ ТУТУП БАШТАШ КЕРЕКПИ ЖЕ АЙТТАН КИЙИН БИР ТОП КҮН ӨТҮП КЕТСЕ ДА ТУТА БЕРСЕ БОЛОБУ? АНАН АЛТЫ КҮНДҮ КАТАРЫНАН ТУТУУ КЕРЕКПИ ЖЕ БӨЛҮП-БӨЛҮП ТУТСА БОЛОБУ?
ЖООП:
Шаввалдын алты күнүн сөзсүз эле Орозо айттын эртеси тутуп башташ шарт эмес. Айттан бир-эки күн же бир топ күн өтүп кетсе да тутса болот. Эң негизгиси Шаввалдын алты күндүк орозосун Шаввал айы бүткүчө тутуп жетишүү керек. Ошондой эле Шаввалдын алты күнүн катарынан тутса да болот, бөлүп-бөлүп тутса да болот. Эң негизгиси ушул ай бүткүчө тутулса болду.
❏ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУН ЖАКШЫ ЭЛЕ ТУТУП БАШТАСА, БИРОК АР КАНДАЙ СЕБЕПТЕРДЕН УЛАМ ТӨРТ ЭЛЕ КҮНҮН ТУТУП, ШАВВАЛ АЙЫ ӨТҮП КЕТСЕ, АНДА ТУТАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КҮНДҮН КАРЫЗЫН ТУТУУ КЕРЕКПИ?
ЖООП:
Шаввал айынын алты күндүк орозосун тутуу сүннөт болуп саналат. Ошондуктан Шаввалдын калып кеткен күндөрүнүн казасы тутулбайт. Ал эми туткан төрт күнү үчүн ниетине жараша сообу жазылат. Эгер чындап эле кечиримдүү себептерден улам кармай албай калса, анда сообу толук жазылышы да толук мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Эгерде пенде ооруп калса же сапарда болуп (мурда кылып жүргөн ибадаттарын кыла албай калса), анда Аллах ага ден-соолугу чың жана үйүндө болгон кезинде ошол ибадаттарды кылып жүргөндөй сообун жазат». (Сахих Бухари)
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
Быйыл 2024-жылдын Шаввал айы 9-майга чейин болот. Ошого чейин Шаввалдын алты күндүк орозосун кармап жетишүү керек.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🎬 БИР ЖЫЛДЫК ОРОЗОНУН СООБУН АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?
Максат ажы Токтомушев
https://youtu.be/elX3THhTj7Q?si=ROviSL5qYVCzz4Z5