tilmech | Unsorted

Telegram-канал tilmech - ТИЛМЕЧ

13142

Subscribe to a channel

ТИЛМЕЧ

🎞 ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨРДҮН КӨП БОЛУШУ КЫЯМАТ КАЙЫМДЫН БЕЛГИЛЕРИНЕН

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 АШУРА КҮНҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНДАЙ КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ

Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде Ашура күнү тууралуу мындай деп айткан:

«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деп үмүт кыламын». (Сахих Муслим, 1976)

Бул хадистеги «өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот» дегендин мааниси – бул күндүн орозосу өткөн жылдагы кылынган кичине күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот деген маанини билдирет. Ал эми адам чоң күнөөлөрдү кылган болсо, алар үчүн тообо кылуусу шарт.

Бул туурасында Имам Навави мындай деп айткан: 

«Ашура күнүнүн орозосу себептүү бир жылдык күнөөлөр кечирилет. Эгерде адамдын кичине күнөөлөрү болсо, анда ал себептүү ошол күнөөлөрү кечирилет. Эгерде анын эч кандай кичине жана чоң күнөөлөрү болбосо, анда ал себептүү ага жакшылыктар жазылат жана даражасы көтөрүлөт. Эгерде анын чоң күнөөлөрү гана болсо, анда ал себептүү алар жеңилдетилет деп үмүт кылабыз». («аль-Мажмуъ шарх аль-Мухаззаб», 6)

Ал эми башка аалымдардан: «Арафат жана Ашура күнүнүн орозосу кичине күнөөлөрдүн гана кечирилишине себеп болот» – деген да сөздөр айтылган.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ


📌 Ашура күнүнө карата орозо календарын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:

➤➤ /channel/tilmech/3918

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

➤ Пайгамбарыбыз ﷺ Ашура күнүнө өзгөчө көңүл бурган, ал күнү орозо тутууга шашылган. Абдуллах ибну Аббас айтат:⠀

«Пайгамбар ﷺ артыкчылыкка ээ болгон күндөрдүн арасынан мына ушул Ашура күнүнүн орозосуна айрыкча көңүл бурганын көрдүм». (Сахих Бухари, 1867)

📌 ЭСКЕРТҮҮ!!!

Быйыл 2024-жылы Ашура күнү 16-июль күнү болот.


Ашура күнүнө карата орозо календарын төмөнкү шилтемеден көчүрүңүз:

➤➤ /channel/tilmech/3918

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА САЛАВАТ АЙТУУНУН ЭКИ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

📍Салават дубасы видеонун эң акырында берилген. Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

t.me/dubazikir
t.me/dubazikir
t.me/dubazikir

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ДАРАЖАҢДЫ БИЛГИҢ КЕЛСЕ, АНДА ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕНИҢЕ КАРА
 
▷ Эгер Аллах сени Аны зикир кылуу менен алек кылса, анда билгин, Ал дагы сени периштелердин алдында эскерүүнү каалады.

▷ Эгер Аллах сени Куран окуу менен алек кылса , анда Ал сени менен сүйлөшүүнү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө ибадат кылуу менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнө жакындатууну каалады. 

▷ Эгер Аллах сени дүйнөгө берилүү менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнөн алыстатууну каалады.

▷ Эгер Аллах сени адамдардын гана ыраазылыгын издеш менен алек кылса, анда Ал сени кор абалга түшүүңдү каалады. 

▷ Эгер Аллах сени Өзүнө дуба кылуу менен алек кылса, анда Ал сенин сураганынды берүүнү каалады.

Андыктан өзүңдүн абалыңа көз чаптыр, эмне менен алек болуп жатканыңа кара. Мына ошондо Аллахтын алдындагы даражаңды билесиң.

═══════════════
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

⚠️ Бул зикир өтө кыска зикир болсо дагы, ал эң бир күчтүү зикирлерден болуп эсептелет. Бул зикирди кайталоо ашып кетсе 2-3 мүнөт убакытты алат. Бирок ушунча аз убакытты алса дагы жана бизден анчалык чоң аракетти талап кылбаса дагы, биз ага күнөөсү жок адамдай мамиле кылганыбыз өтө өкүнүчтүү.

Жок дегенде ушул зикирди күнүгө 100 жолу айтканды өзүңүзгө адат кылыңыз. Сиз акыретке барганда бул зикирди айтып жүргөнүңүз үчүн сөзсүз сүйүнөсүз. Себеби Аллах талаа сиздин деңиздин көбүгүндөй болгон күнөөлөрүңүздү ушул зикирди айтып жүргөнүңүз үчүн кечирет.

═════════
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЭНЕМДИН АКЫСЫНАН КУТУЛДУМБУ?

Бир адам Умар, радыяллаху анхуга, келип:

– Менин карып калган энем бар. Анын кандай иши чыкпасын, мен аны дайым жонума көтөрүп жүрөм, дааратын алдырам, ага тике да карабайм. Ошондо мен энемдин акысынан кутулган боломбу? – деп сурайт. Умар ага:

– Жок, кутулган жоксуң,– дейт.

– Мен аны жонума көтөрүп жүрөм го, ишимди таштап, убактымдын баарысын ага гана арнап жатам го? – дегенде, Умар ага:

– Апаң дагы убагында сага ошондой кылган, бирок ал балам аман болсо экен деп тилеген. Сен дагы ошондой кылып жатасың, бирок сен андан качан кутулам деп ойлоп жатасың,– деп жооп берди.

📕 "Бирруль валидайн", Ибну аль-Жаузи


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Курман айт майрамы менен ар бириңиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун. Аллах таала баарыбыздын кылган ибадаттарыбызды, кылган жакшылыктарыбызды жана сойгон курмандыгыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өзүнүн ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЗИКИР СӨЗДӨРДҮН МААНИЛЕРИ:

🔹 СУБХАНАЛЛАХ – Аллах айып-кемчиликтерден аруу.
🔹 АЛХАМДУЛИЛЛАХ – Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун.
🔹 АЛЛАХУ АКБАР – Аллах улук.
🔹 ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ – Аллахтан башка кудай жок.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

❏ ЗУЛХИЖЖА АЙЫНДАГЫ ОРОЗОДО ООЗ БЕКИТҮҮ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат. 

❏ ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ ЖАНА КАЙСЫ ДУБА АЙТЫЛАТ?

Зулхижжа айынын орозосу деп жүрөктөн ниет кылынат жана дуба айтыш шарт эмес. Ниет кылса жетиштүү.

❏ СӨЗСҮЗ ОН КҮН ОРОЗО КАРМАШ КЕРЕКПИ?

Эгерде Курман айтка чейинки тогуз күндү толук кармаса, анда сообу да ошончолук көп болот. Себеби хадисте пайгамбарыбыз ﷺ тогуз күндү толук кармаган деп келет. Эгерде толук кармай албай тургандай абалда болсо, анда колунан келишинче кармай берет, канчалык көп кармаса, ошончолук сооптуу. Айрыкча Курман айттан алдынкы Арафат күнүндөгү орозону сөзсүз кармоо зарыл.

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
 
Быйыл 2024-жылы Зулхижжа айы 7-июнда башталат.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

⚠️ Быйыл 2024-жылы Зулхижжа айы 7-июнда башталат.

Багымдат намазынын убактысына чейин ооз бекитип, шам убактысында ооз ачылат.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

⚠️ Хадистин түшүндүрмөсүн төмөнкү шилтемеден окуңуз ➤➤

/channel/tilmech/3859

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 БАЛАГА АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Акыйка – бул Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында жаңы төрөлгөн баланын атынан жандык союу. Акыйка кылуунун төрөлгөн балага да, анын ата-энесине да чоң пайдасы бар. Акыйка кылуу менен бала шайтандын азгырыгынан амандыкта болот. Ал эми баланын ата-энеси акыйка кылып элге садака бергендиги үчүн акыретте көптөгөн сооп-сыйлыктарга ээ болот. А бул дүйнөдө болсо элдерден жакшы бата-тилектерди алат. Садака бергендигинин себебинен ар түрдүү кырсык балээлерден алыс болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Бала төрөлгөндө жандык союп акыйка кылуунун­ өкүмү шариятта сүннөт иштерден болуп са­налат. Ошондуктан сүннөттү аткарып, төрөлгөн ар бир балага калтырбай акыйка кылуу жакшы иштерден. Уул балага эки кой, ал эми кыз балага бир кой союлат. Эки кой союуга мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда уул бала үчүн бир кой союп койсо жетиштүү болот. Эң башкысы, максат кылынган акыйка кылуу амалы аткарылды. Самурат ибну Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Бала өз акыйкасына байланган. Аны бошот­уу үчүн жетинчи күнү ага атап жандык ­союлуп акыйка кылынат жана ага ат коюлуп, чачы алынат». (Насаи)

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, уул бала үчүн эки кой, кыз бала үчүн бир кой союп акыйка кылууга бизди буйруган». (Ибну Маажах)

Эгерде мурда балага ата-энеси акыйка кылбаган болсо, анда ал бала чоңойгондо өзүнүн атынан өзү акыйка кылса да болот. Анас ибну Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбар болгондон кийин өзүнүн атынан өзү акыйка кылган». ("Ас-Сильсилат ас-Сахиха", Абдурраззак)

Хасан аль­-Басри, рахимахуллах, айтат: «Эгерде сага акыйка кылынбаган болсо, анда сен өзүңдүн атыңдан өзүң акыйка кыл». ("ас-Сильсилат ас-Сахиха")

Акыйка кылуу үчүн жандыкты союп жатканда Аллахым бул жандыкты сен үчүн баланчанын уулу баланчанын атынан деп жүрөгүнөн ниет кылып: “Бисмиллахи, Аллаху Акбар” – деп мууздайт.
Акыйка кылуу – кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо, жарым жашка толсо да жарай берет. Эчки бир жаштан өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө сойгонго жарактуу болуп эсептелет. Ал жандыктар ургаачыбы же эркекпи айырмасы жок, баары тең акыйкага сойгонго жарай берет. Эң негизгиси, акыйкага аталган жандыктын дене-мүчөлөрү бүтүн жана оорукчан болбошу шарт. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, араңжан жандыктар акыйкага жарабайт.

Кыскасын айтканда, курмандык кылууга кандай жандыктар жараса, акыйка кылууга да ошондой жандыкты сойсо жарайт.

Акыйкага союлган жандыктын этин садака кылса болот, же ал этти бышырып тууган-урук, кошуна-колоңдор жана жоро-жолдошторду чакырып меймандаса да болот. Бир бөлүгүн кийин өз үй-бүлөсү менен жегенге сактап койсо да болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ

Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү жандык союлуп, акыйка кылынат. Эгерде жетинчи күнү соё албай калса, анда он төртүнчү күнү союп койсо болот. А эгерде он төртүнчү күнү да сойгонго үлгүрбөй калса, анда жыйырма биринчи күнү, анда да соё албай калса, анда мүмкүнчүлүк болгон күнү союп койсо жарай берет. Бурайда, радыялла­ху анху, риваят кылган хадисте пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Акыйка кылууга даярдалган жандык жетинчи күнү, же он төртүнчү күнү, же болбосо жыйырма биринчи күнү союлат». (Байхаки, "Сахих Ал-Жаамиь")

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 ОРДО АЧКАНДАР МУСУЛМАН ЭМЕС

Чубак ажы Жалилов

‼️ Акыркы убакта ордочулар, ак куу дегендер билинбей коомдо жайылып бара жатат. Бул адашкан адамдардын тобу карапайым элдин башын айлантып, билинбей ширк кылууга түртүп, адаштырып жатышат. Төмөндөгү видеодо алар тууралуу өкүм айтылды. Өзүңүз билип, башкаларга да жеткириңиз.

https://youtu.be/qI5v51byuss?si=9whN6Xt9dByJ1Cfv

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

❏ СУРОО:

Таңга маал ооз жаппай уктап калыптырмын? Орозону улантып кармай берсем болобу? Анан ооз ачып жатканда эмне деп айтам?

❏ ЖООП:

Эгерде кечинде ооз жабам деп жатып, таңга маал ооз ачарга уктап калган болсоңуз, анда турганда эч нерсе жеп-ичпестен ичиңизден орозону ниет кылып уланта бересиз.

Ал эми ооз ачарда «Бисмиллах» деп суу же курма же башка тамак-аш менен ооз ачыңыз, андан кийин ушул дубаны айтыңыз:

«Захабаз-зома’у уабталлатиль уъруук, уа сабаталь аджру ин шаа Аллах».
Мааниси: Чаңкоо кетти, өзөккө суу да жетти жана Кудай буйруса сооп да анык болду.

ذَهَبَ الظَّمَأُ وَابْتَلَّتِ العُرُوقُ وَثَبَتَ الأَجْرُ إِنْ شَاءَ اللهُ

Аллах туткан орозоңуздарды кабыл кылсын!

═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 БИР ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛГОН АШУРА КҮН

🔹 АШУРА КҮНҮ ДЕГЕН КАНДАЙ КҮН?

Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы 2024-жылы 16-июлга туура келет.

🔹 БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?

Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фараон жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.

🔹 АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИЯТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?

Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болорун билебиз. 

🔹 БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?

Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:
1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (15-16-17-июль күндөрү) катар орозо тутулат.
2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (15-16-июль күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (16-17-июль күндөрү) орозо тутуу.
3) Ашура күнү эле (16-июль күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.

🔹 БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?

– Пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет.
– Бул күнү пайгамбарыбыз ﷺ да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан.
– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн.
– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз ﷺ аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнүн же кийинки күнүн кошуп туткула деп айткан. 
– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фараонду аскери менен кошо жок кылган деп келген.

Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөөсү (11:14)

Аллах таала Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

📌 Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыздан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал:

«Ашура күнүндөгү орозо өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүттөнөм»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ЫРЫСКЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
 
Аллах Таала адам баласы энесинин курсагында түйүлдүк кезинде эле анын ырыскысын алдын ала жазып жана белгилеп койгон. Ошондуктан ким болбосун, өз ырыскысына толук жетмейинче бул жашоодон өтпөйт. Ырыскы тууралуу пайгамбарыбыздан ﷺ көп хадистер келген.
 
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ырыскым кечикти дебегиле! Анткени пенде акыркы ырыскысына жетмейинче өлбөйт. Аллахтан корккула! Ырыскыны туура жолдо издегиле, адалын алгыла, арамын таштагыла». | Сахих аль-Жаами,7323
 
«Чындыгында Аллах Таала жатынга бир периштени даярдап коёт. Ал айтат: «Оо, Раббим, бир тамчы бел суу болду. Оо, Раббим, уюган кан болду. Оо, Раббим, бир тиштем эт болду». Кийин Аллах аны толук жаратууну кааласа, ал айтат: «Оо, Раббим! Балабы же кызбы? Бактысызбы же бактылуубу? Анын ырыскысы жана ажалы кандай?». Ушулардын баарысы ал энесинин курсагында жатканда жазылат». | Сахих Бухари, 6595
 
«Чындыгында ырыскы пендени анын ажалынан да көбүрөөк издейт». | Сахих ат-Таргыиб, 1703
 
Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде пайгамбар ﷺ жолдо жаткан курманы көрүп калат. Аны жерден алып: «Эгерде сен буга өзүң келбесең, ал өзү сага келет» – деп айтты». | Сахих ат-Таргыиб, 1705
 
Демек, ар бир адам өз ырыскысына сөзсүз түрдө жетет. Ырыскысын толук түгөтмөйүн бул дүйнөдөн өтпөйт. Анын ырыскысы Аллах жазгандан көбөйүп да, кемип да кетпейт жана аны андан башкалар тартып да албайт. Себеби ырыскы бул адамдын жеке өзүнө гана таандык энчиси. 
 
Ырыскы десе кээ бирлер жеген тамак-ашты гана ойлойт. Ырыскы деген абдан кеңири түшүнүк. Адамдын ырыскысы жалпысынан алганда эки түрдө болот: убактылуу жана түбөлүктүү. 

Убактылуу ырыскы деген – адамга бул дүйнө жашоосунда берилген ырыскынын түрлөрү. Мисалы, анын жеген тамак-ашы, кийген кийими, ден-соолугу, үй-бүлөсү, бала-чакасы, байлыгы, ийгиликтери, жоро-жолдоштору, жумушу жана башка дүйнө жашоосуна гана байланыштуу нерселер.
 
Ал эми түбөлүк ырыскы деген – адамдын акыретине байланыштуу ырыскынын түрлөрү. Адам бул ырыскынын пайдасын эки дүйнөдө көрөт. Мисалы, ыйман келтирүү, шарият илимин үйрөнүү, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөттөрүн аткаруу, беш убак намазды калтырбай окуу, намазды берилүү жана коркуу менен окуу, ата-эненин ыраазылыгын алуу, балдарды туура тарбиялоо, Куран жаттоо жана окуу, зикир кылуу, садака берүү, кулк-мүнөздүүлүк, туугандык мамилени бекемдөө, адамдарды кечирүү, күнөө иштерден алыс болуу ж.б. 
 
Андыктан ырыскыдан кыйналдым деп арам жолдо ырыскы издебе, убактылуу ырыскыга алаксып, түбөлүк ырыскыңды унутуп калба! Убактылуу ырыскы – бул дүйнөгө гана чектелүү, анын ырахаты убактылуу. Түбөлүк ырыскынын убактысы болсо дүйнөгө гана чектелбестен, анын жакшылыктары түбөлүк. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 КЫЯМАТТА ЭҢ ЖАМАН АБАЛДА БОЛГОН АДАМ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында кыямат күнү Аллахтын алдында эң жаман абалда боло турган адам – өз аялы менен жыныстык катнаш кылып, кийин аялынын сырын башкаларга айткан адам». (Сахих Муслим)

Имам Навави хадистин шархында мындай деп айткан:

«Бул хадисте күйөөсү менен аялынын ортосундагы болгон жыныстык мамиле жана аны кеңири айтуунун арам экендиги айтылды. Ошондой эле ошол учурда аялынын айтканы, кылганы же ушуга окшогон иштерди айтуусу да арам». (Шарх ан-Навави, 8/10)

Башка бир хадисте Асма бинт Язид, радыяллаху анха, айтты:
«Мен Аллахтын элчисинин ﷺ алдында элем жана ал жерде бир топ аял-эркектер да отурушкан. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Балким (араңардан) бир эркек өзүнүн аялы менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгар? А балким (араңардан) бир аял да өзүнүн күйөөсү менен эмне иш кылгандыгын (башкаларга) айтат чыгар?». Адамдардан эч кимиси унчукпады. Ошондо мен айттым: «Оо, Аллахтын элчиси! Аллахка ант болсун, дал ошондой! Аялдар да (бири-бирине) айтышат, эркектер да (ушундай) кылышат». Пайгамбар ﷺ айтты:
«Андай кылбагыла! Чындыгында бул (кылганыңар) бир шайтан башка бир шайтанды жолдон кезиктирип, анан адамдар карап турса да жыныстык катнаш кылган сыяктуу». (“Муснад” Ахмад; Сахих аль-Жаамиъ)

Демек, күйөөсү менен аялынын ортосундагы жыныстык мамиле тууралуу башкаларга айтуу күнөө иштерден. Угуп жаткан адам кыйбас курдаш, кан дос болсо дагы бул тууралуу ага айтууга кескин тыюу салынган. Анткени үй-бүлөдөгү төшөк сырын жаюу же ал тууралуу башкаларга айтуу – бузукулуктун жайылышына, үй-бүлөнүн бузулушуна жана ортодогу жылуу мамиленин суздашына алып келет. Ошондуктан эркек да, аял да үй-бүлөдөгү ынтымакты, биримдикти сакташ үчүн ич ара сырларды бекем сактоого тийиш.

Мындай иш жубайлардын ортосунда гана калыш керек жана эч кимдин аны билүүгө, ага кийлигишүүгө кыпындай да акысы жок. Себеби Ислам дининде эркектин да, аялдын да абийири жогору турат жана алардын абийирин ачуу чоң күнөөлөрдөн.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 ҮЙДҮ ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН ТАЗАЛООНУН ЖОЛДОРУ

https://youtu.be/ofHsTsVX9Gs?si=xED1yLwadsXbqBtS

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Өз үйүндө өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу адам.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЖУМА КҮН – ИБАДАТ КҮН
 
Ибну Каййим ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
 
«Жума күн – өзүн ибадатка толук арноо сүннөт болуп саналган күн. Бул күн башка күндөрдөн ар түрдүү парз жана сүннөт ибадаттар менен артыкчылыкка ээ. Аллах таала ар бир дин ээлери үчүн атайын бир күндү алар дүйнө тиричиликтеринен бошоп, ибадат гана кылуулары үчүн белгилеп койгон. 
 
Жума күн – ибадат күн. Рамазан айы башка айлардын арасында кандай артыкчылыкка ээ болсо, ал дагы башка күндөрдүн арасында ошондой артыкчылыкка ээ. Жума күндөгү дуба кабыл болгон убакыт Рамазан айындагы Кадыр түн сыяктуу. Мына ошондуктан кимдин жума күнү туура өтсө, анда ал бир апта бою саламатта болот. Ал эми кимдин Рамазан айы туура өтсө, анда ал бир жыл бою саламатта болот. Кимдин ажылыгы туура өтсө, анда ал өмүр бою саламатта болот. Жума күн – аптанын таразасы. Рамазан – жылдын таразасы. Ажылык – өмүрдүн таразасы». 📖 «Заад аль-Маъад», 1/386

 
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ

Жамаат намазда алдыңкы саптарды толтуруу милдет. Алдыңкы сап толмоюн кийинки сапка туруу жакшы эмес. Алгач биринчи сап толтурулат, ал толгондон кийин экинчи сап, андан кийин үчүнчү сап, ошентип бир сап толгондо кийинки сапка тура берет. Адамдардын сапта бириндеп турганы же саптардын арасында боштуктун калганы туура эмес. Сапта адамдар бири-бирине кыналып, ийинге ийин тийип тыгыз туруулары керек. Саптарды толтуруу, түздөө жана ийиндери бири-бирине тийген абалда жакын туруу — мусулмандардын ыйманына, биримдигине эң күчтүү таасир берген себептерден. Сапты түздөгөндөрдүн жүрөгүн Аллах түздөйт, сапта тыгыз тургандардын биримдиги, ынтымагы күчөйт, сапта боштуктар калса, намаз окуган адамдардын арасын шайтан аралайт.

⚠️ Демек, сиз мечитке намаз окуганы келген кезде, адамдар алдыңкы сапты толтурбай, кийинки сапка туруп жаткан болсо, сиз ушул хадисти эстеп, алдыңкы сапка туруңуз, алдыңкы сапты толтуруңуз. Ошондо Аллах сизге бейиштен үй курат жана сизди бир даражага көтөрөт.

➤➤ @tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Жыл ичиндеги Аллахка эң сүйүктүү күндөр – Зулхижжа айынын баштапкы он күнү. Бул күндөрү кылынган ибадаттардын жана жакшылык иштердин сообу эселеп берилет. Андыктан ушул күндөрү колуңуздан келишинче көп ибадаттарды, жакшылык иштерди кылууга аракет кылыңыз.

✿ 7-июнь – Зулхижжа айынын биринчи күнү.
✿ 15-июнь – Арафат күнү.
✿ 16-июнь – Курман айт күнү.

═════════
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ ЭҢ ЫЙЫК ОН КҮН КЕЛДИ

Зулхижжанын баштапкы он күнү жыл ичиндеги эң берекелүү жана ыйык күндөр. Аллах таала бул күндөрдүн урматына Куранда ант берип мындай деп айткан:
 
«Таңга ант. Он түнгө ант». (Фажр сүрөөсү, 1-2-аяттар)

Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анхума, бул аятта айтылган он түн деген сөздү Зулхижжанын он күнү деп тафсирлеген. 

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен олтурганда мындай деп айтты:

«Башка күндөргө караганда мына бул Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндө кылынган жакшылык иштер Аллах үчүн эң сүйүктүү». Сахабалар: «Аллах жолунда согушуудан да сүйүктүүбү?» – деп сураганда, ал айтты: «Ооба, Аллах жолунда согушуудан да сүйүктүү. Бирок өз жаны жана мал-мүлкү менен Аллах жолуна чыгып, кийин кайра кайтып келбеген адамдыкы гана сооптуураак». (Сахих Бухари)

Андыктан ар бир мусулман ушул күндөрү көптөгөн ибадаттарды кылууга аракеттенүүсү керек. Мисалы, намаз окуу, Куран окуу, зикир чалуу, истигфар айтуу, туугандык мамилени бекемдөө, садака берүү ж.б.

Бул күндөрү кылынган ибадаттардын эң жакшысы – орозо тутуу. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ да ушул күндөрү орозо кармаган. Бул туурасында пайгамбарыбыздын ﷺ кээ бир аялдары мындай деп айтышкан: 
«Аллахтын элчиси ﷺ Зулхижжанын баштапкы тогуз күнүндө орозо кармачы». (Абу Дауд)

Ошондой эле Арафат күнү тутулган орозо тууралуу да мындай деп айткан:

«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Сахих Муслим)

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
 
Быйыл 2024-жылы Зулхижжа айы 7-июнда башталат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

❏ СУРОО:

Айт күнү курмандык чалам деген адамга чачын жана тырмагын алганга болбойбу? Бул анын аялы, бала-чакасына да тийиштүүбү?

❏ ЖООП:

Курман Айтта мал соём деген адамга чачын, тырмагын жана денесиндеги (б.а. колтуктагы, жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы) түктөрдү алууга болбойт. Андыктан мал соём деген адам Зулхижжа айы кире электен алдын чачын, тырмагын жана денесиндеги түктөрүн алып тазалануусу зарыл. Умму Салама риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ айткан:

«Кимде-ким курмандыкка мал соё турган болсо, анда Зулхижжа айы жаңыргандан баштап курмандык чалганга чейин чачын кыркпасын жана тырмактарын албасын». (Сахих Муслим, 1977)
 
Бул өкүм курмандык чалган адамдын жеке өзүнө гана тийиштүү, анын аялы, бала-чакасына тийиштүү эмес. Ал эми ким чачын же тырмагын билбестен алып алган болсо, анда сойгон курмандыгынын сообу азайбайт жана күнөө болбойт. Ханафи мазхабы боюнча Айтка чейин чач менен тырмак албастан кечиктиргени мустахаб деп айтылган. 

Курмандык чалган адамга чачы менен тырмагын албасын деген буйруктун негизги сыры – курмандык чалган адам ажылык кылган адамга окшош ибадаттарды кылуусу, мисалы, ажылыкка барган адам курмандык соёт, ошондой эле ал ажылыкта ихрам кийгенден баштап ага чачын, тырмагын, денесиндеги түктөрүн алууга тыюу салынган. Ошол сыяктуу курмандык чалган адам да ушул ибадаттарды кылуу менен ажылык кылган адамга окшошот, аларды аткаруу менен Аллахка жакындайт.

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:
 
Быйыл 2024-жылы Зулхижжа айы 7-июнда башталат.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 КӨП ИСТИГФАР АЙТУУ — КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮНҮН, КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН КУТУЛУУНУН ЭҢ КҮЧТҮҮ ЖОЛУ

Көп ойлоно бербе, андан көрө көп-көп истигфар айт. Аллах истигфар аркылуу ушундай эшиктерди ачат, аларды ойлонуу менен ачуу мүмкүн эмес.

t.me/dubazikir
t.me/dubazikir
t.me/dubazikir

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

⚠️ Ханафи мазхабы боюнча эркек үчүн киндиктен тизенин астына чейинки жерлер аврат болуп эсептелет. Тизе дагы авратка кирет. Мусулман адам үчүн аврат жерлерин башка бирөөгө көрсөтүү жана башка бирөөнүкүн кароо күнөө болуп саналат.

➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 ҮЙ ИШТЕРИНДЕ АЯЛГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ДА СҮННӨТ

Асвад, радыяллаху анху, Аиша энебизден: «Пайгамбар ﷺ үйүндө эмне кылчу эле?» – деп сурайт. Аиша, радыяллаху анха: «Ал үйдө үй жумуштарын жасачы. Намаз убактысы болгондо намазга чыгат эле» – деп жооп берет. | Сахих Бухари

Башка бир риваятта: «Ал кийимдерин жамачы, бут кийимин тикчи, ошондой эле эркектер үйлөрүндө эмне кылышса, мына ошону кылат эле». | Имам Ахмад, “Муснад” китеби

Дагы бир риваятта: «Ал башка адамдардай эле кийимдерин тазалачы, кой саачы жана өзүнө керектүү кызматтарды кылат эле». | Ибну Хиббан

Бул хадистерден бизге маалым болгондой Аллахтын элчисин ﷺ ээрчийм деген ар бир мусулман адам үйүндө аялына сөзсүз жардам берүүсү керек. Ал эми кээ бир эркектер аялына жардам берүүнү уят көрүшөт. Бул туура эмес түшүнүк. Ислам дини аял кишиге үй иштеринде жардам берүүгө үндөгөн. Ага жардам берүү да сооптуу иштерден болуу менен бирге үй-бүлөдө ынтымак, мээрим жана сүйүүнүн пайда болушуна себеп болот.

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
⚠️ Шарият көргөзгөндөй эркектер үй иштеринде жардам берүүдө көптөгөн пайдалар бар: 

1. Үйдөгү кээ бир иштерге жардам берүү менен аялды бир аз да болсо эс алдыруу.

2. Аял күйөөсүнүн үлгүлүү экенин, ага көңүл бурарын жана ага камкор экенин сезет.

3. Эркек киши жөнөкөйлүккө үйрөнөт, бой көтөрүүдөн, текеберликтен алыс болот.

═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…
Subscribe to a channel