🔴 Убай ибну Кааб, радыяллаху анху, айтты:
«Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ биз менен бирге таңкы намазды окуп (бүтүп): «Баланча (намазга) келдиби?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. «А баланчачы?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. Ошондо ал айтты: «Чындыгында, бул эки намаз (багымдат менен куптан) – мунафыктар үчүн эң оор намаздар. Эгерде бул эки (намазда) кандай (сооптор) бар экендигин билгениңерде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо дагы келмексиңер». (Абу Дауд)
Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты:
«(Арабыздан) бирөө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзүнчө бир адам тууралуу: «Ал түнү уктап, таң атса дагы (намазга) турган жок»,– деди. Пайгамбар ﷺ айтты: «Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон». (Сахих Бухари)
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХ ТААЛА ЧҮЧКҮРҮКТҮ ЖАКШЫ КӨРӨТ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Мусулмандын мусулманга карата алты милдети бар». Сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси, алар кайсылар?» – деп сурашты. Ал айтты: «Эгерде ага жолуксаң салам айт; чакырган болсо бар; кеңеш сураса кеңеш бер; чүчкүргөндө “альхамдулиллах” деп айтса, “ярхамукаллах” деп айт; ооруса зыярат кыл; кайтыш болсо жаназасына катыш». (Сахих Муслим)
Ал эми Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Аллах Таала чүчкүрүктү жакшы көрөт, (оозун ачып) эстөөнү жаман көрөт. Эгер бир адам чүчкүргөндө “алхамдулиллах” деп айтса, аны уккан адам ага: “ярхамукаллах” деп жооп кайтарууга милдеттүү. Ал эми (оозун ачып) эстегенде ага шайтан күлөт, ошондуктан мүмкүн болушунча акырын эстөө керек». (Сахих Муслим)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ
Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)
Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЛЛАХКА СҮЙҮКТҮҮ КАДАМДАР
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Мен силерге Аллах Таала күнөөңөрдү кечирген, даражаңарды көтөргөн амал жөнүндө кабар берейинби?» – деди. Сахабалар: «Ооба, оо Аллахтын элчиси» – дешти. Ал: «Кыйынчылыкка карабастан дааратты толук алуу, мечитке көп басып баруу, намаздан кийин намазды күтүү, ал Аллах жолунда чек ара кайтаруу». (Сахих Муслим)
Башка бир хадисте айтты: «Ким эртели-кеч мечитке барса, ар бир барганына Аллах Таала ага бейиштен бир орун (даража) даярдап коёт». (Сахих аль-Бухари)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БАЛКИМ БАЛАҢДЫН БАКТЫСЫЗДЫГЫНА ӨЗҮҢ КҮНӨӨЛҮҮСҮҢ
Кээде элес албастан балдарыбызга “өлүп кет, кара жерге кир, келесоо, көк мээ, башың иштебейт, эшек, ит” ж.б.у.с. жаман сөздөр менен урушуп тилдейбиз. Бирок ошол каргыш сөздөр балдарыбыздын жашоосуна кандай балээ алып келээрин эч баамдабайбыз. Эгерде адамдын айткан ошол сөзү дуба кабыл боло турган учурга туш келсе, анда ал айтылган каргыш сөз сөзсүз кабыл болот. Анан өмүр өткүчө айткан сөзүбүздүн запкысын өз балдарыбыздан көрүп өтөбүз. Бул жеке эле балдарга эмес, адамдын өзүнө жана мал-мүлкүнө да тийиштүү. Ошондуктан тилибизди каргыштан, тилдөөдөн тыюубуз керек. Болбосо бир каргыш сөз бүтүндөй өмүрдү жок кылып коюусу толук мүмкүн.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Өзүңөргө, балдарыңарга жана мал-дүйнөңөргө каргыш айтпагыла! Эгерде (ал айтылган каргыш) Аллах дубаларды кабыл кыла турган убакытка туш келип калса, анда айтканыңар кабыл болот». (Сахих Муслим)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ҮЛГҮЛҮҮ ЭНЕНИН КЫЗЫНА АЙТКАН НАСААТТАРЫ
Ауф ибн Махламдин зайыбы Умама бинт Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:
«Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз.
Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсени айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:
► 1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне алып келсе да, бардыгын сүйүнүү менен кабыл ал.
► 2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып «жасаба» деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ий.
► 3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
► 4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби алар күйөөңдү жийиркентип, сенден көңүлүнүн суушуна алып келет.
► 5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
► 6. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегиндей сакта, ысырап кылба.
► 7. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
► 8. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
► 9. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал.
Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдаары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба».
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АТА-ЭНЕНИ НААРАЗЫ КЫЛУУНУН 13 КӨРҮНҮШҮ
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллах Таала кыямат күнү үч түрдүү адамга карабайт: ата-энесин нааразы кылган адамды, өзүн эркектерге окшоткон аялды жана аялын кызганбаган эркекти. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы адам, аракка берилген адам жана бергенин милдет кылган адам». (Ан-Насаи)
📍 Ата-энени нааразы кылуунун кээ бир көрүнүштөрү:
1. Бала ата-энесинин алдында өзүн көтөрмөлөп, кандайдыр себептерден улам аларга менменсинип текебер мамиле кылуусу. Мисалы, мал-мүлкү көбөйүп же билим деңгээли жогорулап адамдар арасында абройлуу болгондуктан ушундай жоруктардарды өз ата-энесине көргөзө баштайт.
2. Аларга мээрим төкпөй, аларды адамдарга зар кылып, колдорунан эч нерсе келбей, эч кимге пайдалары тийбей калган курактарында аларды бакпай кароосуз таштап кетүү.
3. Башкаларды ата-энеден абзелирээк көрүү. Мисалы, өзүнүн досун же аялын алардан артык көрүп, ата-эне балага көз каранды болуп турганда, аларга кош көңүл мамиле жасоо.
4. Ата-эненин көңүлдөрүн оорутуп, кылган иши менен же сөзү менен аларды иренжитип ыйлатуу.
5. Аларга бакырып, каяша сөз кайтарып үн көтөрүү.
6. Алардын буйруктарын жактырбай, алардан тажагандай сезим жаратып, үшкүрүнө берүү.
7. Энесинин жасаган тамагына жаман сын айтуу.
8. Алардын айткан сөздөрүнө маани бербей, кош көңүл мамиле кылуу.
9. Аларды башкалардын алдында жамандап, айып-кемчиликтерин айтуу.
10. Ата-эненин балага муктаж болуп турган курактарында алардын уруксатысыз үйдөн чыгып, аларды таштап, көчө тинтип жүрө берүү.
11. Аларга акаарат кылып сөгүш жана каргыш айтуу.
12. Аларга кол көтөрүү.
13. Аларга өлүм тилөө.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 КЫЗЫҢДЫ ДИНДАР ЖАНА МҮНӨЗҮ ЖАКШЫ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА БЕР
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон бир адам силерге куда түшүп келсе, анда ага (кызыңарды) бергиле. А эгер силер мындай кылбасаңар, анда жер бетинде фитна (азгырык) күчөп, бузукулук жайылат». («Сунан» ат-Тирмизи)
Абдуллах ибн Мубарактын атасы кул болуп жүргөн кезинде андан кожоюну: «Эй, Мубарак! Кандай ойлойсуң, кызымды жуучулардын кимисине берсем?» – деп оюн сураганда, Мубарак мындай деп айткан: «Жахилият учурунда адамдар ата-тегине карап үйлөнтүшчү. Жөөттөр болсо, үйлөнгөндө байлыгына карашат. Христиандар болсо, сулуулугуна көбүрөөк көңүл бурушат. Ал эми биздин мусулман үммөтүндө динди карманганына жана кулк-мүнөзүнө гана карап турмушка берүү керек».
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎥 ДААВАТ КОРКО ТУРГАН НЕРСЕ ЭМЕС
Эрнис Кыязов
➤➤ /channel/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КЫЯМАТТА УШУНДАЙ АДАМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛӨТ
Имам Ибн Ражаб аль-Ханбали, рахимахуллах, айтты: «Алгачкы муундагы мусулмандардын биринин мындай дегени кабарланат: «Бизге мындай кабар жетти: кыямат күнү башка адамдарга сурак болуп жатканда сый дасторкон жайылып, анда көп орозо кармагандар тамактанып отурушат. Сурак берип жаткан адамдар айтат: «Оо, Раббибиз, биз сурак болуп жатканда, булар эмнеге тамактанып отурушат?». Ошондо аларга мындай жооп болот: «Алар ар дайым орозо кармашкан, а силер ошондо тамактанып жаткансыңар. Алар түнкү намаздарды окушкан, а силер уктап жаткансыңар».
📙 Латаиф аль-маъариф, 297
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎞 ӨЗҮҢӨ ЖАНА БАШКАГА ДЕМ САЛГАНДА ЭМНЕЛЕРДИ ОКУУ КЕРЕК
📍 Видеону сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.
✔️ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
Фатиха сүрөсү: /channel/dubazikir/26
Аят аль-Курси: /channel/dubazikir/43
Ихлас сүрөсү: /channel/dubazikir/28
Фалак сүрөсү: /channel/dubazikir/30
Нас сүрөсү: /channel/dubazikir/35
Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аяты: /channel/dubazikir/112
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ҮЙГӨ ЖИН-ШАЙТАНДАРДЫ ЖОЛОТПОГОН ЭКИ АЯТ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында Аллах асмандар менен жерди жаратардан эки миң жыл мурун Китеп жазды. Ал Китептен эки аятты түшүрүп, ал экөөсү менен бакара сүрөөсүн бүтүрдү. Кайсы гана үйдө болбосун, бул эки аят үч күн кечинде окулса, ал үйгө шайтан жолобойт». (Тирмизи, 2882)
▣ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ ▣
Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте үйдү кантип жин-шайтандардан коргоонун бир жолун үйрөттү. Ал бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аяты, тагыраак айтканда бакара сүрөөсүнүн 285-286-аяттары. Кайсы гана адам болбосун, бул эки аятты үч күн катар кечинде үйүндө окуй турган болсо, анда ал үйгө жин-шайтандар жолобойт. Ал эми кайсы үйгө жин-шайтандар жолобосо, ал үйдө береке, ынтымак, ырыскы жана бейпилдик болот. Ошондой эле жин-шайтандар үй-бүлөдөгү адамдарга зыян бербейт.
Андыктан ар бир мусулман бул эки аятты дайым окуп жүргөнү өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да пайдалуу. Үч күн эле окуп чектелбестен, күнүгө жатардан алдын окуп туруу зарыл. Бул эки аятты окуу ашып кетсе бир мүнөт убакытты алышы мүмкүн. Бирок анын таасири күнү-түнү сакталат.
🔵 АЯТТАР ЖАЗЫЛГАН СҮРӨТТҮ ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:
🌐 /channel/dubazikir/112
▬▬▬▬▬▬▬▬▬
Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм
آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ * لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
«Ааманар-расуулу бимаа уңзила илайхи мир-Роббихи уаль-му'минуун. Куллун аамана биллаахи уа малаа’икатихи уа кутубихи уа русулихи. Лаа нуфаррику байна ахадим мир-русулих. Уа коолуу самиънаа уа атаънаа гуфроонака Роббана уа илайкаль-масиир. Лаа юкаллифуллаху нафсан илла вусъаха. Лахаа маа касабат уа аълайхаа мактасабат. Роббана лаа ту'ахизна ин-насийна ау ахтоънаа. Роббана уа лаа тахмиль аълайна исрон камаа хамальтаху аълаллазиина миң коблина. Роббана уа лаа тухаммильна маа лаа тооката ланаа бихи. Уаъфу аънна уагфир лана уархамна, аңта маулаана фаңсурна аълаль коумиль каафириин». (Бакара сүрөөсү, 285-286-аяттар)
▬▬▬▬▬▬▬▬▬
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 КЕДЕЙЛЕРДИ БАЙЛАРДАН АШЫРГАН ЗИКИР СӨЗДӨРҮ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Кедей жашаган сахабалар Аллахтын элчисине ﷺ келип:
– Арабыздагы бай сахабалар бийик даражага жана бейиштеги жакшылыктарга жетүүдө бизден ашып кетишти,– деп айтышты. Ошондо пайгамбарыбыз ﷺ:
– Эмне үчүн? – деп сурады.
– Анткени алар биз намаз окугандай намаз окушат. Биз орозо кармагандай орозо кармашат. Бирок алар садака беришет. Биз болсо садака бергенге шартыбыз жок. Ошондой эле алар кулдарды азат кылышат. Биз болсо кул да азат кыла албайбыз.
Ошондо пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
– Сооп иштерде силерден ашып кеткен мусулман туугандарыңарга жеткире турган жана силерден кийинки адамдардан да сообуңарды ашырган нерсени үйрөтөйүнбү?
– Оо, Аллахтын элчиси! Албетте үйрөтүңүз,– дешти. Ошондо пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
– Ар бир парз намаздын артынан 33 жолу “субханаллах” деп айткыла, 33 жолу “алхамдулиллах” деп Аллахка мактоолорду айткыла жана “Аллаху акбар” деп Аллахты 33 жолу улуктагыла. Эгерде силер бул ибадатты аткарсаңар, анда эч кимдин даражасы силердикиндей жогору болбойт. Бир гана силер аткарган нерсени аткарган болсо, ошондо гана силердин даражаңарга жетүүсү мүмкүн».
📖 Сахих Муслим
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🎞 АДАМДЫН ЖОЛУН АЧКАН 3 НЕРСЕ (ЖОЛУ АЧЫЛБАЙ, ИШИ ЖҮРҮШПӨЙ, ЫРЫСКЫСЫ ТАРТЫШ БОЛУП ЖАТКАН АДАМДАРГА МААНИЛҮҮ САБАК)
https://youtu.be/8trE1MzDxpc?si=ylqdtYP6t8Fb9AKx
🎞 БИЗ БУЛ ДУБАГА КҮНҮ-ТҮНҮ МУКТАЖБЫЗ
https://youtu.be/bQmthPkPu2Q?si=YZCjzqjdK63gb1sB
🔴 ЭКИ АДАМДЫН ОРТОСУНА АЛАРДЫН УРУКСАТЫ МЕНЕН ГАНА ОТУРУУ
Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анхума, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Эки адамдын ортосун алардын уруксатысыз бөлүп (отуруу) арам”. (Тирмизи, 2752)
Абу Дауддун риваятында мындай деп келет:
“Эки адамдын ортосуна алардын уруксаты менен гана отурсун”. (Абу Дауд, 4844)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АЗАНДЫ КАЙТАЛООНУН СООБУ
Азан сөздөрүн азанчынын артынан кошо кайталаган адам төрт артыкчылыкка жетет:
1) Күнөөлөрү кечирилет.
2) Бейишке кирет.
3) Пайгамбарыбыздын шапаатына ээ болот.
4) Азандан кийин кылган дубасы кабыл болот.
Ибн Журайж айтты:
«Алгачкы улуу муундун адамдары Куранга кунт койгондой азанды да кунт коюп угушат эле». «Фатхуль-Баари», 2/92.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны башынан баштап укса, (эч нерсе) минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп көңүл буруп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык иш-аракеттин, андагы орозонун жана намаздардын сообу берилет». (Ахмад)
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Жумага шашып эрте барган адамга төөнү курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга уйду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Ал эми андан кийинки барганга койду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга тоокту курмандыкка чалгандай сообу берилет». (Ибн Хузайма)
▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким (жума күнү) башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны көңүл буруп укса, анда ага ар бир койгон кадамы үчүн бир жылдык намаздын жана орозонун сообу берилет». (Ахмад)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 БАЛАҢДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАЛТА ЧАППА
Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Бир адам Абдуллах ибну Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:
– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.
– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага:
– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)
Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ШЫПААНЫ ЖАКШЫЛЫК ИШТЕН ИЗДЕ
Абдуллах ибн Мубаракка бир адам келип, тизесине чыккан жара жети жылдан бери айыкпай жатканын, дарылануунун бардык түрлөрүн колдонуп көргөнүн, дарыгерлерден да сураштырып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтып арызданат. Ошондо Ибн Мубарак ага:
«Барып, адамдар сууга муктаж болгон жерден кудук казып бер. Ал жерден булактын көзү табылып, суу чыккан болсо, ошондо жараңдын ириң каны токтойт деп үмүт кылам» – деп айтат.
Ал адам анын айтканындай кылгандан кийин Аллахтын каалоосу менен ал оорусунан сакайып кетет. | "Шуабуль Ийман", 5/69
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ЭҢ СОНУН ТАТЫМДАР
Умар ибн Хаттаб, радыяллаху анхунун, риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Зайтундун майын (тамакка кошуп) жегиле жана денеңерге сүйкөгүлө. Анткени ал берекелүү дарактан». (Тирмизи)
Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ үйүнө келип: «Жегенге бирдеме барбы?» – деп сурады. Үй-бүлөсү: «Бизде сиркеден (уксус) башка эчтеме жок» – деп айтышты. Анда аны дасторконго алып келип аны менен тамактанып жатып: «Сирке нанга кошулуп желүүчү сонун катык» – деп үч жолу айтты. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». Талха ибн Нафи айтат: «Пайгамбардын ﷺ бул сөзүн Жабир, радыяллаху анхудан, укканда сиркени нанга кошуп жегенди мен да жакшы көрүп калдым». (Муслим)
Пайгамбарыбыздын ﷺ убагында уксус курмадан же жүзүмдөн жасалып нанга кошуп жегенге ылайыктуу болгон.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ИЙГИЛИКТИН ЭШИГИН ЖАПКАН АЛТЫ НЕРСЕ
Шакыйк ибну Ибрахим, рахимахуллах, айтты:
Адамдарга ийгилик эшиги алты нерсе себептүү жабылат:
– Берилген жакшылыктар менен алек болуп, бирок аларга шүгүр кылышпайт.
– Илим алууга жанталашышат, бирок жашоодо ага амал кылышпайт.
– Күнөө кылууга шашылышат, бирок тообо кылууну кечиктиришет.
– Салих адамдар менен бирге жүргөнүнө тамшанышат, бирок алардын кылганын кылышпайт, алардан үлгү алышпайт.
– Дүйнө аларга артын салып кетип жатса да, алар анын артынан жандалбастап ээрчишет.
– Акырет аларга бет алып келе жатса да, алар андан качышат.
📖 «Аль-Фаваид», 284
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 МЫНДАЙ АЯЛ ЫЙМАН ЫРАХАТЫН СЕЗБЕЙТ
▷ Бир аял аалымдан:
– Мен турмушка чыкканга чейин көп намаз окуп, көп орозо кармачу элем. Куранды ырахаттануу менен окучум. Турмушка чыккандан кийин ыйман ырахатын такыр сезбей калдым? – деп сураганда, ал:
– Күйөөңө болгон мамилең кандай? – деп сурады.
– Шейх, мен сизден орозо, намаз, ыйман жөнүндө сурасам, сиз менден күйөөм тууралуу сурайсыз го? Бул суроого күйөөмдүн кандай тиешеси бар? – дегенде аалым айтты:
– Ооба, кызым. Билесиңби, эмне үчүн кээ бир аялдар ыйман ырахатын сезишпейт. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан: «Аял күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин толук аткармайынча ыйман ырахатын сезбейт».
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЭМНЕ ҮЧҮН КӨП АДАМДАР ШАЙТАНДАН САКТАНА АЛЫШПАЙТ?
«Аьуузу биллахи минаш-шайтоонир-рожийм» – мына ушул бир ооз сөз менен шайтанды кубалоого болот. Бирок көп адамдар бул сөздү айткан менен шайтандын азгырыгынан кутула албайт. Мунун себеби эмнеде?
Шайтандан сактануу сөзү – жоокердин колундагы кылыч сыяктуу. Эгерде кылыч кармаган кол күчтүү болсо, кылыч тийген жерин кыйып түшөт. Кылыч канча курч болбосун, кол алсыз болсо, анын шилтегени эч нерсеге жарабайт. Ошол сыяктуу эгерде шайтандан сактануу сөзү такыба адамдын оозунан чыкса, шайтанды качырат, ал эми такыбалыгы жок адам айтса, андан майнап чыкпайт. Адамдын оозунан чыккан сөзү анын ыйманына жана такыбалыгына жараша болот. Аалымдардын бири шакиртине кайрылып:
– Эгерде бир адам итин ээрчитип бара жатса, кокустан анын ити сага асылса, эмне кыласың? – деп сурайт.
– Мен аны колума келген нерсе менен уруп сактанамын.
– Ал кайра эле асыла берсечи?
– Мен аны андан да катуу урууга аргасыз болом.
– Эгер сен өзүң айткандай кылсаң, эч кандай майнап чыкпай калуусу да мүмкүн. Андан көрө, дароо эле иттин ээсине кайрылгын. Ал сени убара кылбастан сактап калат.
Бул окуядан түшүнүктүү болуп тургандай, биз бардык ааламдын Ээси болгон Аллах менен мамилени оңдосок, Ал бардык көйгөйлөрдү чечип берет. Бизди шайтандан сактоого Аллах Тааланын күчү жетет. Мариям энебизди өмүрү шайтан азгыра алган эмес. Аны энеси төрөп жаткан мезгилде, Аллахка кайрылып:
«Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, сага жалбарамын» – деп айткан эле. (Аалу Имран сүрөсү, 36-аят)
Аллах анын дубасын кабыл кылды. Шайтандан жана анын желдеттеринен сактануунун негизги жолу – Аллахка кайрылуу. Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ кайрылып: «Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!» деп айткан. (Араф сүрөсү, 199-200-аяттар)
Дагы бир аятта:
«Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандын азгырыгынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын». (Муминун сүрөсү, 97-аят)
Демек, ким чын ыклас менен Аллахка кайрылып, шайтандын азгырыгынан сактоону суранса, Аллах аны шайтандын азгырыгынан сактайт.
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 Раби ибну Анас айтты:
«Аллахты көп зикир кылуу – Аны сүйгөндүктүн белгиси. Сен кайсы нерсени жакшы көрсөң, аны оозуңдан да, оюңдан да түшүрбөй дайым эстеп жүрөсүң». 📕 Мадариж ас-Саликин, 2/179
Демек, ким Аллахты сүйгөн болсо, Аны дайым зикир кылат. Ким басса-турса зикирлерди айтып жүрсө, Аллахка жакындайт. Ал эми ким Аллахка жакындаса, анда ал адамга бардык жакшылыктар жакындайт жана жамандыктар алыстайт.
Аллахка сүйүктүү болгуңуз келсе, анда Ал сүйгөн зикир сөздөрүн дайым айтып жүрүңүз. Аллахка эң сүйүктүү сөздөр кайсы экенин билесизби? Аллахка бул аалымда эң сүйүктүү төрт сөз бар. Алар:
▷ Субханаллах (Аллах айып-кемчиликтерден аруу)
▷ Алхамдулиллах (Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун)
▷ Лаа илааха иллаллах (Аллахтан башка кудай жок)
▷ Аллаху акбар (Аллах улук)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АКЫР ЗАМАНДА САБАТТУУЛАР КӨБӨЙҮП, ДИНДИ ТҮШҮНГӨНДӨР АЗАЯТ
Туура жолдон адашуунун бирден бир негизги себептери – үстүртөдөн илим алуу жана илимдин сырткы формасы менен гана алек болуу. Азыркы учурда бул диндеги бирден-бир көйгөйлүү маселелерден.
Аллахтын Элчиси ﷺ хадистеринин биринде айтат:
«Менин үммөтүмө ушундай заман келет, ошол учурда сабаттуулар көбөйөт, бирок (динди) түшүнгөндөр аз болот жана (адамдардан) илим кетет». («Аль-Мустадрак», 8412)
Пайгамбарыбыз ﷺ кыямат күн жакындаганда китептер жана жалпы сабаттуулук кеңири тарайт деп алдын ала айткан:
«Чындыгында акыр замандын белгилеринен – байлык көбөйүп, соода-сатык кеңири тарайт жана илим негизги болот (илим каражаттары кеңири тарайт)». (Сунан ан-Насаи 4468)
«Чындыгында акыр замандын белгилеринен – байлык көбөйүп, соода-сатык кеңири тарайт жана калем негизги болот». («Сунан ан-Насаи аль-Кубро», 6048)
Ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, бир топ кылым мурун бул көрүнүш тууралуу жазып кеткен:
«Мен көпчүлүк аалымдардын илимдин акыйкатын жана маанисин түшүнбөстөн анын сырткы формасы менен гана алектенгенин көрдүм...
Көпчүлүк адамдар да ушундай абалда. Илимдин сырткы формасын үйрөнүү – алар үчүн кесип болуп калган. Бул аларды бой көтөрүүчүлүккө жана кем акылдуулукка алып келет.
Булар илимдин акыйкатын түшүнүшкөн эмес. Илим бул курулай сөздөр эмес, бул анын акыйкатын түшүнүү. Мына ушул нерсе гана такыбалыкка жана Аллахтан коркууга алып келет жана адам илим аркылуу гана Аллахтын ырайымдуулугун көрүп биле алат...». («Сайд аль-Хатир», 544-бет)
═══════════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ЖУБАЙЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ ШАРИЯТ АДЕПТЕРИ
Ислам дини эркекке үй-бүлөсүнө байланыштуу кээ бир шарият адептерин аткарууну милдет кылган. Ал адептерден – күйөөсү менен аялы жыныстык мамиле кылуудан алдын шариятта келген дубаны айтуулары зарыл. Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбар ﷺ айтты:
«Эгерде силердин бириңер аялы менен жыныстык мамиле кыларда: «Аллахтын ысымы менен баштаймын. Оо, Аллах, бизден жана бизге ырыскы кылган (перзенттен) шайтанды алыстат» – деп айтса жана ошондон кийин ал экөөсүнө балалуу болуу тагдыр кылынса, анда шайтан ал балага зыян бербейт». (Сахих аль-Бухари)
⚠️ ДУБАНЫН АРАБЧА АЙТЫЛЫШЫ:
بِسْمِ اللَّهِ، اللَّهُمَّ جَنِّبْنَا الشَّيْطَانَ ، وَجَنِّبْ الشَّيْطَانَ مَا رَزَقْتَنَا
«Бисмиллах, аллахумма жаннибнаш-шайтоона уа жаннибиш-шайтоона маа розактанаа».
Мааниси: Аллахтын ысымы менен баштаймын. Оо, Аллах! Бизден жана бизге ырыскы кылган (перзенттен) шайтанды алыстат.
Ошондой эле ал адептерден – эркекке сапардан үйүнө түндөсү келүүдөн тыйган. Жабир, радыяллаху анху, айтат: «Пайгамбар ﷺ эркекке түндөсү үй-бүлөсүнө күтүүсүз келүүдөн тыйган». (Сахих аль-Бухари)
Хадистин мааниси – эгерде эркек сапарга кетип, узак убакытка чейин жок болсо, кийин сапардан кайтканда жашаган жерине түндөсү келген болсо, анда ал түз эле үйүнө кирип барбастан, алдын ала бирөө жарым аркылуу сапардан келгенин кабарлоосу зарыл. Бул аралыкта аялы үйүн жыйнап, өзүн оңдоп түзүп, таранып сулууланып, аны күтүп алууга даярданат. Жабир, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Эгерде түндө келсең, анда аялыңдын үстүнө кирбей тур! Күйөөсү узакка жок болгон аял денесиндеги түктөрүн кырып, чачы-башын таранып алсын». (Сахих Бухари)
Эгерде эркек өзүнүн аялына караша шарият адептерин кармана турган болсо, анда аялы дагы ошол адептерди аткарууга шашылат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ДИНДИ ШЫЛДЫҢ КЫЛГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ!
Аллах таала ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Аллахтын аят-белгилерин азил-тамаша тутпагыла!». (Бакара сүрөөсү, 231-аят)
«Тозоктогулар бейиштегилерге жалбарып: «Бизге суудан (куйгулачы) же Аллах силерге ырыскы кылган нерселерден бергилечи» – деп кайрылганда алар айтышат: «Чындыгында Аллах муну каапырлар үчүн тыйган. Алар өз динин оюн-тамаша тутуп, дүйнө жашоосуна азгырылып кеткендер». (Аараф сүрөөсү, 50-51-аяттар)
«Ант болсун! Эгер алардан сурасаң: «Биз жөн эле айтып, тамашалап койгонбуз» – деп гана айтышат. Айткын: «Силер Аллахты, Анын аят-белгилерин жана пайгамбарын шылдың кылдыңарбы?! Кечирим сурабай эле койгула! Силер ыйман келтиргенден кийин (ушул сөзүңөр үчүн) каапыр болдуңар». (Тауба сүрөөсү, 65-66-аяттар)
Абдуллах ибну Умар жана башкалар риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:
«Табук газаватында мунафыктардан бир адам: “Мен биздин Куран карыларындай курсагын гана ойлогон, жалганды гана сүйлөгөн, душман менен беттешкенде алардан өткөн коркок эч кимди көргөн эмесмин» – деди. Ошол жерде турган Ауф ибну Малик, радыяллаху анху: “Сен жалган айттың, сен анык эки жүздүүсүң! Бул сөзүңдү Аллахтын элчисине ﷺ айтамын” – деп жөнөдү. Бирок ал келгенге чейин эле Аллах таала пайгамбарга ﷺ ал тууралуу аятты түшүргөн экен. Качан пайгамбар ﷺ төөсүн минип кеткени жатканда, жанагы адам (кечирим сураганга) келип: “Оо, Аллахтын элчиси! Биз өзүбүздү жол кыйынчылыгынан алаксытыш үчүн сүйлөшүп баратып тамашалап эле койгонбуз” – деди.
Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтты:
“Ал адам азыр да көз алдымда турат, пайгамбардын ﷺ төөсүнүн басмайылына асылып, буттары ташка урунуп: “Биз жөн эле айтып, тамашалап койгонбуз” – деп жатты. Аллахтын элчиси ﷺ: «Силер Аллахты, Анын аят-белгилерин жана пайгамбарын шылдың кылдыңарбы?!» – деп ага жүз да бурбады, ашыкча сөз да айтпады». (Ибну Абу Хатим; Имам Табари)
Аллах тааланы, Анын элчисин ﷺ жана Куранды шылдыңдоо ыйман негиздерине каршы келет жана аны кылган адам динден чыгат. Анткени Аллах таалага, Анын Китептерине жана пайгамбарларына ыйман келтирүү – ыйман негиздеринен болуп, аларды ыйык тутуп урматтоо ар бир мусулман үчүн парз болуп саналат.
Мухаммад ибну Салих айтты:
«Бул хадисте илим ээлерин урматтоо туурасында айтылды жана аларды шылдыңдап же маскаралоону жокко чыгарды. Анткени бул мунафык адам: “Мен биздин Куран карыларындай адамдарды көргөн эмесмин...” – деп аалымдарды жамандоону максат кылып айткан. Ал эми аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору жана үммөттүн үлгүсү. Эгерде биз аалымдарды жаманатты кылсак, анда мунун аягы мусулман коомчулугунун ыдыроосуна алып келет жана аалымдардын кадырын кетирип, аларга карата шектенүүлөрдү пайда кылат». (“Аль-Мустафид”)
Ибну Каййим айтты:
«Аллах таалага карата айтылган шылдың же маскаралоо же башка ушул сыяктуу иштерге кескин тыюу салынган. Бул туурасында тамашалап айтуу чын айтканга барабар». (“Иъламуль муваккиъин”)
⚠️ Ошондой эле хижабга же сакалга же ушул сыяктуу шарият өкүмдөрүн шылдыңдоого жана кемсинтүүгө кескин тыюу салынган.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 ФАТИХА СҮРӨӨСҮНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ
Куран китеби баштан аяк шыпаа болуп эсептелет. Бирок фатиха сүрөөсү Курандагы эң улуу сүрөө болгону үчүн шыпаа берүүдө өзгөчө касиетке ээ. Ал дене ооруларына, жан дүйнө ооруларына, сыйкырга, жин-шайтандар зыян бергенде, көз тийгенге, көрө албастыктын зыяндарына каршы шыпаа болот.
Ибну Каййим (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Эгерде пенде фатиха сүрөөсү менен дарыланганды жакшы билгенде, анда анын айыктыруу касиетине ээ болгон укмуштуудай таасирин көрмөк.
Бир кездерде катуу ооруп Меккеде бир топ убакыт туруп калдым, бирок ал жактан дарыгер да, дары да таба албадым. Ошондо өзүмдү фатиха сүрөөсү менен дем салып дарылап, анын укмуштуудай таасирин көрдүм.
Кийин ким мага оорусун айтып арызданып келсе, мен ага фатиха менен дарылан деп кеңеш берчим. Ошолордун көпчүлүгү ал себептүү тез арада сакайып кетишти». («Аль-Жаваб аль-Каафи», 5-бет)
● ЭМИ БУЛ СҮРӨӨ МЕНЕН КАНТИП ДЕМ САЛУУ КЕРЕК?
Адам бул сүрөө менен өзүнө же башкага дем салган кезде, бир жолу окуса болот же көп жолу окуса болот, кыскасы өзү каалаган санда окуйт, мисалы, 1 же 3 же 5 же 7 же андан көп жолу окуйт да, андан соң алаканына үйлөп, ошол ооруган жерге сүртөт же болбосо ооруган жерге колун коюп окуйт. Же сууга окуп туруп, аны ичсе болот же ооруган жерине сүртсө да болот. Же болбосо аны балга окуп жесе да болот ж.б. Ошондой эле фатиха сүрөөсү менен дем салган адам окуганда чын дилден окуп, шыпааны бир гана Аллах берет, ал эми бул сүрөө жөн гана шыпаага себепчи дегендей терең ишенимде болуусу зарыл.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз