tilmech | Unsorted

Telegram-канал tilmech - ТИЛМЕЧ

13142

Subscribe to a channel

ТИЛМЕЧ

🔴 МУРДУ МЕНЕН ЖЕР СҮРСҮН!

Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен отурган кезде: «Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн!» – деп айтты. Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Пайгамбар ﷺ айтты:

– Кимдин ата-энеси карылык жашка жеткенде ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең жанында болуп, аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам. (Сахих Муслим)

Абу Дарда, радыяллаху анху айтты: Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-эне бейиш эшиктеринин эң жакшысы. Эгер сен бейишке кирүүнү кааласаң, ал эшикке сак бол. Болбосо ал эшиктен куру каласың». (Ибн Маажах)

 ═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КАРГЫШКА КАЛГАН ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР
 
● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын элчиси ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айткан». (Абу Дауд, 4098)

● Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анху, жаа тагынган жана эркектей болуп баскан бир аялды көрүп калат. Ошондо жанындагы бир адамдан: «Бул ким?» – деп сурайт. Ал адам: «Бул Абу Жахлдын кызы Умму Саид» – деп жооп берет. Ошондо Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: «Мен Аллахтын элчисинин ﷺ: «Өзүн эркектерге окшоткон аялдар жана өзүн аялдарга окшоткон эркектер бизден эмес» – деп айтканын уккам». (Муснад Ахмад, 6875)

● Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты: 
«Пайгамбар ﷺ кыз чалыш эркектерге жана эркек чалыш аялдарга каргыш айтып: «Аларды үйүңөрдөн кууп чыккыла» – деп айтты. Кийин пайгамбар ﷺ баланчаны кууп чыкты, Умар баланча кууп чыкты». (Сахих Бухари, 5886)

● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде пайгамбардын ﷺ алдына кыз чалыш бир эркекти алып келди. Ал колу менен бутун хна менен боёп алыптыр. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Буга эмне болгон?» – деп сурады. Ага: «Оо, Аллахтын элчиси! Аялдарга окшошуп алыптыр» – дешти. Ошондо пайгамбар ﷺ ал тууралуу буйрук чыгарып, аны (Медина шаарынын сыртындагы) аль-Накии деген жерге куугунтуктады». (Абу Дауд, 4928) 

Эркектин аялдарга жана аялдын эркектерге окшошуусу динде чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, жүрүм-турумунда, кийиминде, сөзүндө, басыгында, сулууланууда, кооздуктарды тагынууда, кылык жоругунда ж.б.у.с. нерселерде эркектин аялга же аялдын эркекке окшошуусу арам иштерден. Анткени Аллах аялды да, эркекти өзүнө жараша табиятта жараткан. Ким Аллахтын жараткан табиятын өзгөртсө, анда ал каргышка калат, Аллахтын ырайымынан алыстап, акыретте азапка туш болот.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдишүкүр ажы Нарматов

➤➤ /channel/tilmech

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 1-январга (2025-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎥 ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КҮНӨӨСҮЗ ТОССО БОЛОТ ДЕГЕНДЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ

Чубак ажы Жалилов

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КЫЗЫМДЫ КАНДАЙ АДАМГА ТУРМУШКА БЕРЕЙИН?

Күндөрдүн биринде бир адам Хасан ибну Алиге келип:

– Менин кызым бар. Анын колун сурап көп адамдар куда түшүп жатышат. Кандай адамга турмушка берейин? – деп кеңеш сураганда, ал мындай деп насаат кылды:

– Аллахтан корккон такыба адамга турмушка бер. Эгер ал аны сүйсө урматтайт, эгер аны жактырбаса, анда ага зулумдук кылбайт.

📖 “Аль-Иъял” Абу ад-Дунья, 1/273

Андыктан ар бир ата-эне кызын турмушка берерден алдын биринчи кезекте баланын динге болгон бекемдигин, ыйманын жана адеп-ахлагын кароосу керек. Анткени кызы өмүр бою ал адамдын кол астында болот, өмүр өткүчө ал адамдын жанында болот. Ыймандуу, такыба адам эч качан анын укугун тебелебейт, аны басмырлабайт, анын алдындагы милдеттерин толук аткарат.
 
А эгер ата-эне баланын ыйманына карабастан, анын байлыгына же кызматына гана карап кызын турмушка берсе, анда кызы өмүр бою анын запкысын тартып кор турмушта жашап өтүшү мүмкүн. Себеби ыймансыз адам аялынын алдындагы милдеттерине кайдыгер карайт, аны басмырлайт, анын төмөн адам катары санайт.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АТА-ЭНЕСИН КОРДОГОН АДАМ БУЛ ДҮЙНӨДӨН КОРДОЛМОЮН ӨТПӨЙТ

Сабит аль-Банани айтат:

«Бир жерде бир бала атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмне кылганың?»,— деп чуулдап калышты. Ошондо  баланын атасы адамдарга мындай деп айтты:

— Муну жөн койгула! Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем. Мына эми өз башыма түштү, өзүмдөн чыккан балам мени дал ошол жерде сабап жатат.

📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”

═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ШАЙТАН АДАМДЫ ЭКИ ЖОЛДО АЗГЫРАТ

Каргышка калган Иблис ыйман келтиргендерди туура жолдон азгыруу үчүн эки жолду колдонот. Бул туурасында Ибну Каййим абдан жакшы айткан:

«Чындыгында шайтан, адегенде билинбестен адамдын жүрөгүн аңдып, аны байкап көрөт.

Эгерде адамдан БОШОҢДУКТУ, көңүл коштукту жана жеңилдикке ыктоочулукту байкаса, анда ушуну пайдаланып ага тоскоолдук кыла баштайт жана Аллахтын буйруктарын аткаруудан тосот, аны жалкоолук, көңүл коштук жана бошоңдук менен бузуп, жалган түшүнүктөргө, кыялданууларга жол ачып, акыры адамды Аллахтын буйруктарын таштоого да алып келиши мүмкүн.

А эгер адамдан АРАКЕТЧИЛДИКТИ, чечкиндүүлүктү, баамчылдыкты, кажыбас кайраттуулукту байкаса жана ага каршы башка эч бир жол таппаса, анда ал аны ашыкча ибадаттарды кылууга түртөт жана «сага бул жетишсиз, сенин жөндөмүң мындан да жогору, сен Аллахка ибадат кылууда башкалардан ашып түшүшүң керек, башкалар эс алса да сен эс алба, башкалар ооз ачса да сен орозоңду уланта бер, башкалар бошоңдосо да сен ибадатыңды уланта бер. Эгерде алар дааратта бетин үч жолу жуушса, анда сен жети жолу жуугун, а эгер алар намазга даарат алышса, анда сен гусул алгын» деген сыяктуу чектен ашуучулук жана аша чабуучулук менен адаштырат. Ошентип Иблис аны аша чабуучулукка жана туура жолдун чегинен чыгууга түртөт дагы, биринчи адамды туура жолго жакындатпастан ибадатка кайдыгер мамиле кылууга азгырат.

Эки учурда тең анын максаты – адамды туура жолдон чыгаруу.

Биринчисинде
туура жолго жакындоого мүмкүнчүлүк бербөө, ал эми экинчисинде болсо туура жолдун чегинен чыгарып жиберүү. Көпчүлүк адамдар ушул эки ыкманын бири менен адашууга туш болот. Мындан сактануунун бир гана жолу бар, ал – терең илим, ыйман, шайтандын азгырыгына каршы туруктуулук жана орто жолду кармануу». 

📖  “Аль-Вабиль ас-Сайиб”, 34

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

⚠️ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ
⚠️ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ
⚠️ АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ


https://youtube.com/shorts/JPuEbJNqYEk?si=fRA4y4TVhkjydcCW

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ТАКЫБАЛЫККА ЖЕТКИРГЕН ТӨРТ СЕБЕП

Адамды такыбалыкка жеткирген себептер:

– Аллахты басса-турса зикир кылуу.

– Куран китебин дайым окуп жүрүү.

– Насаат айтып эскертип турган ыймандуу адамдар менен бирге болуу жана жаман адамдардан алыс болуу.

– Пайгамбарыбыздын, сахабалардын жана улуу аалымдардын өмүр баяндарын окуу.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ТУУГАНЧЫЛЫК МАМИЛЕНИ БЕКЕМДӨӨ УШУНДАЙ

Аллах таала айтты: «(Тууганчылык мамилени) жакшырткандар Аллахтын буйругу менен (тууганчылык мамилелерин) бекемдеп жатышат. Алар Раббисинен жана жаман суракка туш болуп калуудан коркушат». (Раад сүрөөсү, 21-аят)

Абдуллах ибну Амр, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Тууганчылык мамилени жакшыртуу деген – бул тууганы ага кандай жакшылык кылса ага дагы жакшылык кылууда эмес, тууганчылык мамилени бузган туугандары менен жакшы мамиле түзүүдө». (Бухари, 5991)

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Чындыгында, менин туугандарым бар. Мен алар менен тууганчылык мамилени күчөтөйүн деп аракет кылам, бирок алар ал мамилени бузушат. Мен аларга жакшылык кылам, алар мага жамандык кылышат. Мен аларга сылык мамиле кылам, алар мага сабатсызга мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Чындыгында иш сен айткандай болгон болсо, анда сен алардын ооздорун ысык чок менен толтургандай болосуң. Эгерде сен бул ишиңен жазбасаң, Аллах сага аларга каршы жардамчы жөнөтөт». (Муслим, 2558)

═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔵 КУНУТ ДУБАСЫ

Жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

🗳 Кунуттун сүрөтүн төмөндөгү шилтемеден көчүрүңүз:

▷ /channel/dubazikir/128?single

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АЛЛАХКА ЭҢ ЖАКЫН БОЛГОН АБАЛ

Пендени Аллахка жакындатуучу ибадаттардын бири – Аллахка сажда кылуу. Сажда кылган кезде пенде Аллахка жакындайт. Ал эми Аллахка жакындоо – анын дубасынын кабыл болушуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Пенде сажда кылганда Раббисине эң жакын абалда болот. Андыктан саждада көп-көп дуба кылгыла». (Сахих Муслим)

Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берет:
«Мунун мааниси пенде сажда кылганда Раббисинин ырайымына жана жакшылыгына эң жакын абалда болот дегенди билдирет». (Шарх Сахих Муслим)

Курандагы эң биринчи түшүрүлгөн “Аълак” сүрөөсүнүн акыркы аятында Аллах Таала пайгамбарыбызга ﷺ мындай деп буйрук кылган:
«Сажда кыл жана Аллахка жакында». Аълак сүрөөсү (96:19)

Аяттагы «сажда кыл» дегендин мааниси – Аллах үчүн намаз оку, ал эми «Аллахка жакында дегендин» мааниси – Аллахка моюн сунуу жана сыйынуу менен Ага жакында дегенди билдирет. Ошондой эле эгерде сажда кылсаң, анда Аллахка дуба кылуу менен Ага жакында деген мааниде келген деп да айтылган. (Тафсир аль-Куртуби)

Пайгамбарыбыз ﷺ өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахабаларына мындай деп насаатын айтып кеткен:
«Саждада дуба кылганга басым жасагыла, мына ушул силердин (дубаңарга) жооп берилишине татыктуусу». (Сахих Муслим)

Сажда кылган кезде адамдын дубалары эле кабыл болбостон, анын эки дүйнөдө кадыры көтөрүлөт жана күнөөлөрү кечирилет. Маадан ибну Абу Талха айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ азат кылган кулу Саубанга жолугуп калдым. Ошондо андан: «Аллах мени бейишке киргизүүсүнө себеп болгон (же Аллахка эң сүйүктүү болгон) ушундай бир иш-аракет тууралуу мага айт, мен аны аткарайын» – деп сурасам, ал мага эч нерсе деп жооп бербеди. Бир аз туруп кайра сурадым, анда да унчукпады. Андан соң үчүнчү жолу сурадым, ошондо гана мындай деп жооп берди: «Бул тууралуу Аллахтын элчисинен ﷺ сураганымда, ал мындай деп айткан:
«Сен Аллахка көп-көп сажда кылгын. Чындыгында, сен Аллах үчүн бир сажда кылган болсоң, Аллах ал себептүү сени бир даражага көтөрөт жана сенин бир күнөөңдү кечирет».
Маадан айтат: «Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ушул суроону сурасам, ал дагы Саубан айткандай эле сөздү айтты». (Сахих Муслим)

Сажда кылуу – бул адамдын эң урматтуу дене мүчөсү болгон башын өз буту менен тепселеп жүргөн жерге коюп, өзүнүн кул экенин көргөзүүсү жана аны жараткан кудурети чексиз Аллахтын буйругуна баш ийип, өзүнүн кул экенин моюнга алуусу. Адам өзү кул экенин билип, Кудай алдындагы милдеттерин талаптагыдай аткарганда гана кулчулук милдетин толук аткарган болот. Кул кулдай болгондо гана көздөгүнүнө жетет. Кул кулдай болгондо гана Кудай анын сураганын берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КҮНӨӨКӨР АДАМ БУГА ТАТЫКТУУ ЭМЕС

Бир адам Ибрахим ибну Адхамга келип: «Мен түнкү намазга тура албай жатам. Түнкү намазга туруш үчүн эмне кылуум керек?» – деп сураганда ал айтты:
«Күндүзү күнөө кылба, ошол сени Аллахтын алдына түндөсү тургузат. Түндөсү Аллахтын алдында турганың – эң улуу сый-урматтардан. Ал эми күнөөкөр адам мындай сый-урматка татыктуу эмес».
 
Ал эми Хасан аль-Басри айтты: «Пенде күнөө иш кылганы үчүн түндөсү намазга тура албайт, күндүзү орозо тута албайт».
 
Фудейл ибну Ийяд айтат: «Эгерде сен түнкү намазга тура албай жатсаң, күндүзү орозо кармай албай жатсаң, анда сен куру жалак калыпсың, байланып калыпсың. Сени күнөөлөрүң байлап коюптур».

Эгерде сен Аллах үчүн тахажудга туруп жан-дилиңди тазарткың келсе, күнөөлөрдөн арылып, Аллахка жакындагың келсе, анда күндүзү күнөө кылуудан сак бол. Анткени жүрөгү күнөөгө булганган адам эч качан түнкү намазга тура албайт, пенде күнөө кылуу менен эч качан Аллахка жакындай албайт.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КУРАНДЫ ОКУГАНДА ОН НЕРСЕНИ ЭСКЕ АЛ
 
❐ Куран китепти ачардан алдын оболу жүрөгүңдү ач. Билесиңби, Куранды ачкан адамга бактылуулуктун, берекенин, ырыскынын жана көптөгөн жакшылыктардын эшиктери ачылат.

❐ Ар бир аятты окуганда мага карата айтылып жатат дегендей сезимде оку. 

❐ Ар бир аяттын маанисине терең ой жүгүрт.

❐ Куран окуганда Аллахтын ыраазылыгын гана максат кыл. Ал мени кабыр азабынан коргойт, кыяматта тозок азабынан сактайт, мага шапаат кылат жана бейиштеги даражамды көтөрөт деген ойлорду эсиңе сал.

❐ Куран окугуң келбей жалкоолонуп жатсаң, анда ушуну эсте, Курандын бир бетин окусаң болжолу 5000 сооп, бир пара окусаң 100 000 сооп, толук окуп бүтсөң болжолу 3 миллион сооп аласың.

❐ Окуп жатканда терең ойлорду жараткан, жүрөгүңө катуу таасир эткен аяттарды улам-улам кайталап оку.

❐ Куран окуганда шашылба, ар бир тамганы, ар бир сөздү эрежеси менен кыраатка салып оку.

❐ Эки дүйнө жакшылыктары тууралуу аяттар келгенде Аллахтан жакшылык сурап дуба кыл, ал эми азап тууралуу аяттар келгенде Аллахтан коргоо сурап дуба кыл.

❐ Куранды терең түшүнүү үчүн тафсир китептерин же котормосун кошумча оку.

❐ Куранды окуп бүткөндөн кийин ошол айтылгандарды турмушта иш жүзүндө аткарууга аракет кыл. 


ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КАНДАЙ АДАМ ЭКЕНИҢДИ ӨЛҮМ КЕЛГЕНДЕ БИЛЕСИҢ

Кумейл ибну Зияд айтты:

Күндөрдүн биринде Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анху, менен бирге жолго чыктым. Качан биз көрүстөнгө жетейин деп калганда ал кабырларга карап мындай деди:

– Эй, кабыр ээлери! Эй, сыноо ээлери! Эй, жалгыздык ээлери! Силерде эмне жаңылыктар? Биздеги жаңылыктарды айта турган болсом, силер салган үйлөрдө башкалар жашап жатышат, силер топтогон байлыгыңардын баарысын бөлүп кетишти, балдарыңар болсо жетим калды, аялдарыңар болсо башкаларга турмушка чыгып кетишти. Бизде мына ушундай жаңылыктар болду. А силерде эмне жаңылыктар?

Андан соң мага кайрылып:

– Оо, Кумейл! Эгерде буларга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде мындай деп айтышмак: «Жол азыгыңарды камдагыла! Чындыгында эң жакшы азык – такыбалык экен».

Ошондо ал өзүн кармана албай ыйлады. Бир аздан кийин мага карап мындай деди:

– Оо, Кумейл! Кабыр – адамдын кылган иш-аракеттеринин сандыгы. Сен анын ичинде эмне бар экенин өлүм келгенде билесиң. («Канзуль Уъммал», 3/396)

Өлүм келгенде сен үчүн эң кымбат болгон бүткүл нерсе артыңда калат. Сен күн-түн дебей далбастап чогулткан байлыгың да калат. Сенин көзүңдү май бастырган бийлигиң да калат. Сен суктанган сулуулугуң топуракка айланат. Бүгүн атагың асманга жетип турса да, адамдардын баарысы сенин көзүңдү карап турушса да, эртең эле эч нерсе болбогондой унутуласың. Анткени бул жашоо канчалык узак сезилсе да ал өтө кыска, канчалык кооз көрүнсө да ал убактылуу, канчалык чындыктай сезилсе да ал азгырык. Бул дүйнө жашоосу дүрт этип күйүп, жалп этип өчкөн от сыяктуу. Ал чыныгы акырет жашоосунун жанында бир көз ирмемге барабар болгон убакыт сыяктуу. Мына ошондуктан бул дүйнө жана анын ичиндеги болгон бүткүл нерселер Аллахтын алдында чиркейдин канатына да тең келбейт. Акыретке барганда сенин таянган байлыгың, бийлигиң, бала-чакаң сага эч жардам бербейт. Акыретте сага жардам берген бир гана нерсе бар – ал сенин такыбалыгың, Аллахтан коркконуң жана Анын дини менен жашаганың. Бул убактылуу жашоодо динсиз жашап өтүү – түбөлүктүү акыретти жоготуу деген сөз. Андыктан азыртадан акыретке азыгыңды камда, такыбалыкты бекем карма!

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔻🔻🔻🔻🔻🔻🔻🔻🔻🔻

/channel/dubazikir/132

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ТАЛАК БЕРГЕНГЕ ШАШЫЛБА

Бир адам Имам Ахмадга келип:
— Атам мага аялың менен ажыраш деп буйруп жатат,– дейт. Ошондо Имам Ахмад ага:
— Аялың менен ажырашпа,– деп насаатын айтат. Тигил адам ага:
— Умар, радыяллаху анху, өзүнүн баласы Абдуллахка аялыңды кетир деп айткан го,– дегенде, Имам Ахмад:
— Атаң Умардай болуп кетсе да аялыңды кетирбе,– деп жооп берет.

📕 Табакат аль-Ханабила

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 УШУНДАЙ БОЛОРУН ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ОН ТӨРТ КЫЛЫМ МУРУН АЙТЫП КЕТКЕН

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Силер өзүңөрдөн мурункулардын жолун карышын карыштай, чыканагын чыканактай сөзсүз ээрчийсиңер. Жадагалса алар кескелдириктин уясына кирсе, силер да алардын артынан киресиңер». Биз сурадык: «Оо, Аллахтын Элчиси! Жөөттөр менен христиандарды айтып жатасызбы?». Ал: «Алардан башка ким болмок эле»,– деп жооп берди. (Сахих аль-Бухари, 3456)

Имам ан-Навави хадиске түшүндүрмө берип мындай деп айтты:
«Бул хадистеги мисал катары айтылган карыш, чыканак жана кескелдириктин уясынан максат – аларга окшошуу жана ашыкча ээрчүү. Мындагы окшошуу – каапырлыкта эмес, күнөө иштерде жана карама-каршылыктагы окшошуу. Бул хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, ачык муужизасы камтылган. Анткени бардыгы анын айтканындай болду». (Шарх Сахих Муслим)

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 КУЛАГЫНА ШАЙТАН ЗААРА КЫЛГАН АДАМ

Убай ибну Кааб, радыяллаху анху, айтты:
«Күндөрдүн биринде Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, биз менен бирге таңкы намазды окуп (бүтүп): «Баланча (намазга) келдиби?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. «А баланчачы?» – деп сурады. «Жок»,– дешти. Ошондо ал айтты: «Чындыгында, бул эки намаз (багымдат менен куптан) – мунафыктар үчүн эң оор намаздар. Эгерде бул эки (намазда) кандай (сооптор) бар экендигин билгениңерде, анда ал экөөсүнө жөрмөлөп болсо дагы келмексиңер». (Абу Дауд)

Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, айтты:
«(Арабыздан) бирөө Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, көзүнчө бир адам тууралуу: «Ал түнү уктап, таң атса дагы (намазга) турган жок»,– деди. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ал адамдын кулагына шайтан заара кылып койгон». (Сахих Бухари)

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЭНЕМДИН АКЫСЫНАН КУТУЛДУМБУ?

Бир адам Умар, радыяллаху анхуга, келип:

– Менин карып калган энем бар. Анын кандай иши чыкпасын, мен аны дайым жонума көтөрүп жүрөм, дааратын алдырам, ага тике да карабайм. Ошондо мен энемдин акысынан кутулган боломбу? – деп сурайт. Умар ага:

– Жок, кутулган жоксуң,– дейт.

– Мен аны жонума көтөрүп жүрөм го, ишимди таштап, убактымдын баарысын ага гана арнап жатам го? – дегенде, Умар ага:

– Апаң дагы убагында сага ошондой кылган, бирок ал балам аман болсо экен деп тилеген. Сен дагы ошондой кылып жатасың, бирок сен андан качан кутулам деп ойлоп жатасың,– деп жооп берди.

📕 "Бирруль валидайн", Ибн аль-Жаузи

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЖАШООГО БЕЙПИЛДИК АЛЫП КЕЛГЕН ҮЧ НЕРСЕ

Адамдын жашоосундагы эң маанилүү сыпаттардын бири – жан дүйнө тынчтыгы жана бейпилдиги. Кайсы бир жүрөккө бейпилдик орносо, анда ал жүрөк эс алат жана ага бейкуттук орнойт. Бейпил жүрөк турмуштун татаал жолунда, жашоонун оош-кыйыштарында бүткүл кыйынчылыктарды токтоолук менен тосуп алат. Жүрөккө бейпилдик орносо, анда ал аны кубаттуу, эрктүү жана кайраттуу кылат.

Бирок азыркы күндө көпчүлүк адамдардын жан дүйнөсү бейпилдикти жоготкон. Алардын жашоосун да, жан дүйнөсүн да чаржайыттык ээлеп алган. Анткени алар Аллах таала жан дүйнө бейпилдигин орноткон үч нерсеге көңүл бурушпайт.

БИРИНЧИСИ, АДАМДЫН ҮЙҮ

Аллах таала Куранда айтат: «Аллах силерге үйүңөрдү эс алууңар үчүн турак-жай кылды».
Демек, Аллах адамдын үйүн ал үчүн денеси жана жан дүйнөсү эс алып, тынчтык таба турган жай кылды. Үйүнөн себепсиз алыстаган адамдын жан дүйнөсүнөн бейпилдик да алыстайт.

ЭКИНЧИСИ, ТҮНДӨСҮ УКТАБАГАНДЫК

Аллах таала Куранда айтат: «Ал силерге эс алууңар үчүн түндү жаратты».
Демек, ким түндөсү уктабаса, анда ал адам күндүзү сергек жүрбөйт, жан дүйнөсү тынчтык таппайт. Анткени анын денеси талаптагыдай эс алган жок.

ҮЧҮНЧҮСҮ, АДАМДЫН ЖУБАЙЫ

Аллах таала Куранда айтат: «Силерге эс алууңар үчүн өзүңөрдөн жубайларды жаратуусу – Анын аят-белгилеринен».
Демек, эркек аялынын жанында болсо, анын жүрөгү тынчтык табат жана көңүлү тынчтанып, жан дүйнөсү жана денеси эс алат. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Ар бир адамдын башына сыноо келет. Себеби бул дүйнө жашоосу сыноо үчүн жаратылган. Бүгүн соо жүргөн адам эртең оорукчан болуп калышы мүмкүн, бүгүн каткырып күлүп жүргөн адам эртең көз жашын токтото албай ыйлашы мүмкүн, бүгүн бай болуп жашаган адам эртең карызга батып, кедей болуп калышы мүмкүн. Эч бир адам эртең эмне болорун айта албайт.

Ошондуктан адам дайым дуба кылып, Аллахтан сыноо-кыйынчылыктардан сактоосун суроосу керек. Бирок кээде биз адамдардын башына түшкөн сыноолорду алдын алсак болот. Жогорудагы хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бизге ошол дубаны үйрөттү. Эгерде биз жашоодо кыйналган бир адамды көрсөк, мисалы, оорукчан, майып, карызга баткан, жашоодо кыйналып жашаган, дегеле кыйын тагдырга туш болгон адамды көргөндө ушул дубаны ага угузбай ичибизден айткан болсок, ошол кыйынчылык биздин башыбызга түшпөйт. Аллах ушул дуба себептүү бизди ошол сыноодон сактайт. Андыктан бул дубаны сөзсүз жаттап, дайым айтып жүрүңүз.

📍 Дубаны сактаңыз, жаттаңыз, башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ЧЫНЫГЫ БАРКТУУЛУЛУК ЖӨНӨКӨЙЛҮКТӨ

Жөнөкөйлүк – адамдагы асыл сыпаттардан жана диндеги эң улуу ибадаттардан болуп саналат. Айша энебиз айтты:
«Чындыгында, силер эң жакшы ибадатка кайдыгерлик кыласыңар, ал – жөнөкөйлүк». ("Аз-Зухд", 393)

Жөнөкөйлүк адамдын баркын бул дүйнөдө жана акыретте, Аллахтын жана адамдардын алдында көтөрөт. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ким Аллах үчүн кичипейил болсо, Аллах анын (даражасын) көтөрөт». (Сахих Муслим)

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ИБАДАТТЫН ЫРАХАТЫН СЕЗДИРГЕН ҮЧ НЕРСЕ

Ахмад ибн Харб айтат: 

«Элүү жыл бою Аллахка ибадат кылдым. Бирок үч нерсени таштагандан кийин гана ибадаттын чыныгы ырахатын сездим:

▷ Адамдардын ыраазылыгын таштап, чындыкты гана айта турган болдум.

▷ Күнөө кылган адамдардан алыстап, чыныгы такыба адамдарды дос туттум.

▷ Бул дүйнө ырахаттарын таштадым, акырет ырахатын таптым».

📕 “Сияр аль-Аълаам ан-Нубала”


ЧЫНДЫКТЫ ГАНА СҮЙЛӨ, АДАМДАРГА ЖАГЫНАМ ЖЕ ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ ДЕП ОЙЛОНБО


Сен бул дүйнөдө ойлонуп кабатыр болгон элиң, акыретте сени жалгыз таштап кетет. Сен жалган айтып жагалданам деген адамдар, кыяматта сенден качат. Андыктан адамдарды эмес, Аллахты гана көздө, чындыкты гана сүйлө. Чындыкты сүйлөгөн адам Аллахтын алдында кадыры өсөт, эки дүйнөдө даражасы көтөрүлөт. Мына ошондо Аллах ага ибадаттын ырахатын сездирет, аны сый-урматка жеткирет жана Аны өз коргоосуна алат.

ЧӨЙРӨҢДҮ ТАЗАЛА, ЖАН ДҮЙНӨСҮ ТАЗА АДАМДАРГА ГАНА ЖАНАШ


Мына ошолорду үлгү тут, ошолорго ээрчи. Бул дүйнөдө кандай чөйрө менен жүрсөң, кыяматта ошолор менен бирге болосуң. Ыймандуу менен жүрсөң ыйманы жугат, бузуку менен жүрсөң бузукулугу жугат. Таза чөйрө сени Аллахка карай жетелейт, акыйкат жолдо чалынсаң тургузат, сөзүңдө жаңылсаң оңдоп түзөйт. Аллахтан алыстап баратсаң, сага эскертет, ыйманың алсыраса, сага насыйкат айтып күч-кубат, дем берет.

ДҮЙНӨГӨ БЕРИЛБЕ, АНЫН ТҮПСҮЗ ДЕҢИЗИНЕ ЧӨГҮП КЕТПЕ


Бул дүйнө убактылуу, ал эми акырет түбөлүк. Дүйнөгө берилген адам караңгылыкка чөгөт, акыретти ойлогон адам нурга бөлөнөт. Жүрөгү дүйнөгө малынган адамды дайым кайгы-капалык, ойлонуу, кабатыр коштойт, жан дүйнөсү тарыйт. Акыретке умтулган адамдын жан дүйнөсү кеңейет, кайгыдан алыстайт, ал дүйнө үчүн кыпындай да кабатыр болбойт, ибадатты берилүү менен кылат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 САДАКА БЕРҮҮ ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТӨТ

Аллах таала айтты:
“Айткын: “Чындыгында, Раббим Өзү каалаган кулдарына ырыскыларын кеңейтет жана кимге кааласа тарытат. Эмнени садака кылсаңар, анын ордун толтуруп берет, жана Ал эң жакшы ырыскы Берүүчү”. (Саба сүрөөсү, 39-аят)

Башка бир аятта айтты:
“Эй, ыйман келтиргендер! Соода, достук, шапаат болбой турган (кыямат) күн келгенге чейин Биз берген ырыскыдан садака кылгыла”. (Бакара сүрөөсү, 254-аят)

Пайгамбар ﷺ айтты:
“Аллах таала айтты: “Эй, адам баласы! Садака кылсаң, Мен сага (ырыскыңды көбөйтүп) берем”. (Бухари)

Асма бинт Абу Бакр, радыяллаху анха, айтты:
“Аллахтын элчиси ﷺ мага айтты: “Чаначыңдын оозун байлаба, эгер байласаң, анда Аллах сеникин байлайт”. (Бухари)

Бул хадистин башка риваятында пайгамбар ﷺ мындай деп айткан:
“Садака кылгын жана эсептебегин, антсең сеники да эсептелип (чектелип) калат. Катпагын, антсең Аллах сага (буйрулган ырыскыны) катып коёт”. (Муслим)

═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АДАМДЫ ИБАДАТТАН ТОСКОН ЭҢ ЧОҢ СЕБЕП
 
Адамдын ыймандуу экендигинин эң чоң белгилеринин бири – өткөрүп жиберген ибадаты жана кылган күнөөсү үчүн өкүнүүсү.
 
Абу Дауд, рахимахуллах, айтат:
Күндөрдүн биринде Курз аль-Харисинин үстүнө кирсем, ал ыйлап жаткан экен.
Мен андан:
– Эмнеге ыйлап жатасың? – деп сурасам, ал мындай деди:
– Күнүгө калтырбай окуп жүргөн Куранымды кечээ окуй албай калдым. Аны окубай калганымдын себеби кандайдыр бир күнөөм үчүн болду окшойт деп ойлоп жатам. «Аль-Хилья», 5/79

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Күнөө – адамды ибадаттан тоскон эң чоң себептердин бири. Адам канчалык көп күнөө кылган сайын, ошончолук ибадаттан алыстайт. Эгерде адам кайсы бир ибадатты аткарууда жалкоолукту сезсе же мурункудай ибадатка болгон кызыгуусу жоголгонун байкаса, анда бул нерселер анын күнөө кылып жатканынан болушу мүмкүн. Анткени адам күнөө кылуу менен Аллахтан алыстайт, ибадат кылуу менен Ага жакындайт.

Эгерде сен адамдар менен сүйлөшкөнгө убакыт таап, бирок Аллахты зикир кылганга убакыт таппай жатсаң, жумушка убакыт таап, бирок намазга убакыт таппай жатсаң, тамак жегенге убакыт таап, бирок орозо кармаганга убакыт таппай жатсаң, интернетке убакыт таап, бирок Куран окуганга убакыт таппай жатсаң, алыс жактарга барып эс алууга убакыт таап, бирок жумага убакыт таппай жатсаң, демек, бул нерсе сенин күнөөлөрүң себептүү болуп жатат. Анткени Аллах сени күнөөлөрүң себептүү Өзүнө жакындатууну каалаган жок.

Ошондуктан ибадатка бекем болгусу келген адам – эң алгач күнөөлөрдү таштоосу керек. Күнөө кылуу менен Аллахка жакындоо мүмкүн эмес.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 АРАМ ТАМАКТЫН АДАМГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Жабир ибн Абдуллах, радыяллаху анхума, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эй, Кааб ибн Ужро! Чындыгында арам менен азыктанган дене бейишке кирбейт». (Ибн Хиббан)

Эгерде адам кичинесинен арам тамак жеп чоңойгон болсо, анда ал анын денесинин бир бөлүгүнө айланат. Бул анын келечек жашоосуна, мүнөзүнө, ыйманына жана акыретине терс таасирин тийгизет. А эгер адам кичинесинен адал тамак жеп чоңойгон болсо, анда ал бардык жамандыктардан, ыпылас нерселерден таза болот жана акыретте азаптан кутулуусуна себеп болот.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 ДИНДЕГИ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

https://youtu.be/pILchtRuqX8?si=zo4q23d54pPedIdR

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ТЕКЕБЕРЛЕНИП АДАМДАРДАН ЖҮЗ БУРБА

Яхья ибн Ма'ин айткан: «Мен Имам Ахмаддай адамды жолуктурбадым. Биз 50 жыл бою анын жанында чогуу жүрдүк, ошол убакыт ичинде анын бир да жолу өзүнүн жакшылыктарын айтып мактанганын көргөн жокмун. Жана ал (Аллах аны рахматына алсын) “Биз шордуу (жакыр) адамдарданбыз” деп айтар эле».

Ошондуктан жөнөкөй бол:

• Сени текебер кылган байлык – бул жакырчылык!

• Мени менменсинткен илим – бул караңгылык!

• Сени заалым кылган мансап – бул пастык!

• Сени таш боор кылган күч – бул алсыздык!

Чыныгы байлыкты, улуктукту жана илимди сен жөнөкөй адамдардан табасың.

“Росаил миналь Кураан”, 36-бет.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🎞 ДИНДЕГИ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

t.me/risalatkg

Читать полностью…
Subscribe to a channel