🔴 АЛЛАХ САГА КАНДАЙ НЕРСЕНИ ЖАЗСА, ДЕМЕК АЛ НЕРСЕ СЕН ҮЧҮН ЖАКШЫ
✦ Кээде адамдар өздөрүнө зыян болгон нерсени Аллахтан сурашат, бирок алар билишпейт, Аллах аларга сурагандарын бербей койгону, чындап караганда аларга бергени болуп эсептелет.
✦ Кээ бир адамдарды Аллах кедейлик менен гана оңдойт. Ал эми кээ бир адамдарды байлык менен гана оңдойт.
✦ Кээ бир адамдарга Аллах оору берет, эгер алардын дени сак болсо, анда текеберлик кылып чектен чыгып кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык кедей жашашат, эгер алар бай болушканда адамдарды көзүнө илбей, менменсинип кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык бай турушат, дайым Аллахка шүгүр кылышат, эгер алар кедей болушканда, анда алар каапырлык кылып динден чыгып кетишмек.
✦ Кээ бир адамдар бар, алардын дени сак, ибадатка да бекем, эгер Аллах аларга оору бергенде, анда алар шүгүрсүздүк кылып, ыйман жолунан чыгып кетишмек.
Андыктан ар дайым Умар, радыяллаху анхунун, сөзүн эстеп жүр: «Эгерде Аллах бизге кайыптын пардасын ачканда, анда ар бирибиз Аллахтын бизге кылган тандоосун гана тандамакпыз».
Мурунку заманда бир кедей адам бир акылманга келип арыз-муңүн айта берчү экен. Ар келгенде ага «Абалыңа ыраазы бол, каниет кыл, сенден да кыйналып жашагандар көп» деп узатып койчу экен. Улам келе бергенинен бир күнү ага сабак болсун деп, айылдагы адамдарды жыйнап, алардын ар бирине көйгөйүңөрдү, арыз-мүңуңарды бир баракка жазгыла да ушул кутучага салгыла, бирок атыңарды жазбай эле койгула деп айтат. Баарысы өз көйгөйлөрүн жазып, кутучага кагаздарын салышат.
Ошондо акылман жанагыл адамды чакырып:
– Мынакей, алдыңда айылдагы адамдардын жашоолору жазылган баракчалар турат. Кутучадан өзүңө жаккан жашоону тандап ал,– дейт.
Ошондо ал кутучудагы барактарды бир-бирден алып окуп баштайт, улам окуп, бул жакпады деп кийинкисин алат. Ошентип ал баарын окуп чыгат. Бирок алардын бири да ага жакпайт. Ошондо ал адам акылманга кайрылып: «Аллахка ант болсун, өзүмдүн эле жашоом жакшы экен»,– деп айтат.
Андыктан эсиңде болсун, чыныгы байлык – каниеттүүлүктө жана Аллахтын сага жазган тагдырына ыраазы болууда. Каниеттүүлүк болбосо, дүйнөдөгү байлыктын баары колуңда болсо да, сен эң кедей адамсың. Каниеттүү болсоң, анда колуңда эч кандай байлык болбосо да, сен эң бай адамсың.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АДАМ БАЛАСЫНА АЧЫЛГАН ЫРЫСКЫ ЖОЛДОРУ
Ибну Каййим, рахимахуллах, айтты:
«Бүткүл ой-пикириңди Аллахтын өкүм-буйруктарын аткарууга бур жана сага кепилдик кылынган ырыскыны ойлонуу менен алек кылба!
Чындыгында ырыскы менен ажал сага кепилдик кылынган бири-биринен ажырагыс нерселер. Адамга ажалы келмейин анын ырыскысы келе берет. Эгерде Аллахтын даанышмандыгы менен сага ырыскынын эшиктеринин бири жабылса, анда Анын ырайымдуулугу менен андан да пайдалуу башка бир эшиги ачылат.
Эненин жатынындагы түйүлдүктүн абалын элестетип көрчү, ал уюган кан болуп турса да ага бир жол аркылуу азыгы жетип турат. Ал жол — анын киндиги.
Качан ал эненин курсагынан чыкканда ал жол жабылат да, ага башка эки жол ачылат. Алар аркылуу биринчиден да ширин болгон сиңимдүү таза сүт түрүндө ырыскысы келет.
Качан анын сүт эмүү мөөнөтү бүткөндө ал эмчектен чыгып, ал эки жол жабылат жана ага андан да кенен болгон төрт жол ачылат. Алар тамак-аштың эки түрү жана суусундуктун эки түрү. Эки түрдүү тамак-аш — алар эт-аш жана жашылча-жемиштер. Ал эми эки түрдүү суусундук — алар суу жана сүт. Ошондой эле буларга даамдуу жана пайдалуу нерселер да кошулат.
Качан ал өлгөндө ага бул төрт эшик жабылат. Бирок ал адам тагдырына бактылуулук жазылган адам болсо, анда Аллах ага сегиз эшикти ачат. Алар бейиштин сегиз эшиги. Ал алардын каалаганынан кирет». (“Аль-Фаваид”, 57-бет)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🟤 АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ОРДУҢДУ БИЛГИҢ КЕЛСЕ
➤ Эгерде Аллахтын алдындагы кадырыңды билгиң келсе, анда Ал сени эмне менен алек кылганына көңүл бур.
➤ Эгерде сени зикир менен алек кылса, анда Ал сени эстегиси келди.
➤ Эгерде сени Куран окуу менен алек кылса, анда Ал сени менен сүйлөшкүсү келди.
➤ Эгерде сени ибадат менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнө жакындаткысы келди.
➤ Эгерде сени дүйнө менен алек кылса, анда Ал сени Өзүнөн алыстаткысы келди.
➤ Эгерде сени адамдар менен алек кылса, анда Ал сенин кадыр-баркыңды түшүргүсү келди.
➤ Эгерде сени дуба кылуу менен алек кылса, анда Ал сага сураганыңды бергиси келди.
Андыктан кайсы нерсе менен алек болгонуңа көңүл бур!
═══════════════
➤ /channel/tilmech
➤ /channel/tilmech
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
🔴 ИЧКИ ДУШМАНДЫН КОРКУНУЧУ
Ислам дини имарат сыяктуу. Мунафыктар анын пайдубалын бузганга аракет кылышат. Анткени алар анын ичинде.
Ал эми каапырлар анын дубалын бузганга аракет кылышат. Анткени алар анын сыртында.
Мына ошол себептен Аллах таала каапырлардан мурун мунафыктардан көбүрөөк эскерткен.
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 СЫРТКЫ ДҮЙНӨҢ ОҢОЛСУН ДЕСЕҢ, АНДА ИЧКИ ДҮЙНӨҢДҮ ОҢДО
Маакил ибну Убайдуллах аль-Жазари айтат:
“Мурунку заманда аалымдар бири-бирине жолугуп калса, ушул сөздөрдү айтып насаат кылышар эле. Эгерде көпкө көрүшпөй калса, ушул сөздөрдү бири-бирине кат аркылуу насаат кылып жөнөтөр эле:
«Ким Аллах үчүн ички дүйнөсүн оңдосо, анда Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдойт. Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилесин оңдойт. Ким акырет иштерине кам көрсө, анда Аллах анын бул дүйнөдөгү иштерине кам көрөт».
📖 “Аль-Ихлас уа ан-Нийя”, 1/54
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech
🔴 АДАМДЫН ИЧКИ ДҮЙНӨСҮ БУЗУК БОЛСО, АНДА АНЫН СЫРТКЫ ДҮЙНӨСҮНҮН СУЛУУЛУГУ ЭЧ ПАЙДА БЕРБЕЙТ
Ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, айтат:
«Аллахка касам ичем, мен кээ бир адамдарды көрдүм, алар намазды көп окушат, орозо көп кармашат, ашыкча сүйлөшпөйт, жүргөнү да, кийгени да жупуну, бирок ага карабастан адамдар алардан алыстап качышат жана адамдардын алдында да кадыр-баркка ээ эмес.
Ошондой эле кээ бир адамдарды көрдүм, алар дайым кычырап кийинип жүрүшөт, анчалык деле кошумча ибадат кылышпайт, жупуну да жүрүшпөйт, бирок ага карабастан адамдардын жүрөктөрү аларга тартылып ашыгып турат.
Ошондо мен мунун себеби эмне экендиги тууралуу аябай ойлондум. Анан анын себеби адамдын ички дүйнөсүнө гана байланыштуу экенин билдим. Кимде-ким ички дүйнөсүн оңдосо, анда анын асыл сыпаттарынын жыпар жыты аңкып, ал башка адамдарга да таркайт экен.
Андыктан ички дүйнөңдө Аллахка гана, Аллахка гана бет ал! Чындыгында адамдын ички дүйнөсү бузук болсо, анда анын сырткы дүйнөсүнүн сулуулугу ага эч пайда бербейт». ("Сайд аль-Хатир", 355-бет)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech