tilmech | Unsorted

Telegram-канал tilmech - ТИЛМЕЧ

13142

Subscribe to a channel

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 БИР ЖАКШЫЛЫГЫ ҮЧҮН БҮТКҮЛ КҮНӨӨСҮН КЕЧИРДИ

Имам Шиблийдин бир досу айтат:

«Имам Шиблий бул дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо андан:
– Аллах сага кандай мамиле кылды? – деп сурасам, ал айтты: «Ал мени Өз алдына тургузуп:
 
– Оо, Абу Бакр! Билесиңби, мен сени кайсы нерсең үчүн кечирдим? – деп сурады. Мен:
– Жакшы иш-аракеттерим үчүн чыгар,– десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ыкластуулугум жана ибадаттарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, ал үчүн эмес,– деди.
 
– Анда ажылыгым, орозом жана намаздарым үчүн чыгар? – десем:
– Жок, Мен сени ал үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Анда такыба адамдардын жанына көчүп барганым үчүнбү? – десем:
– Жок,– деди.
 
– Анда илим алуу үчүн узак сапарга чыкканым үчүнбү? – дедим.
– Жок,– деди.
 
– Оо, Раббим! Бул иштердин баарысы адамды азаптан сактай турган иштер го! Мен булардын баарысын Сени кичирет деген үмүттө алымдын келишинче жанталашып аткаргам,– дедим.
– Мен сени булар үчүн кечирген жокмун,– деди.
 
– Оо, Аллах! Анда кайсы ишим үчүн кечирдиң? – деп сурасам, Ал айтты:
– Бир жолу сен Багдаддын көчөлөрүнүн биринде баратып кичинекей бир мышыкты көргөнүң эсиңдеби. Ал катуу сууктан улам өлөйүн деп бутун жерге коё албай дубалдан дубалга секирип жаткан болчу. Ошондо ага бооруң ооруп, аны сууктан коргош үчүн үстүңдө жамынган чепкениңе орогонсуң.
– Ооба, эстедим,– дедим.
– Сен ошол мышыкка бооруң ооруп мээрим төккөнүң үчүн Мен сага ырайым кылдым,– деди. ("Тарих", Ибн Асакир, 342)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 АЛЛАХ САГА КАНДАЙ НЕРСЕНИ ЖАЗСА, ДЕМЕК АЛ НЕРСЕ СЕН ҮЧҮН ЖАКШЫ

Кээде адамдар өздөрүнө зыян болгон нерсени Аллахтан сурашат, бирок алар билишпейт, Аллах аларга сурагандарын бербей койгону, чындап караганда аларга бергени болуп эсептелет.
 
Кээ бир адамдарды Аллах кедейлик менен гана оңдойт. Ал эми кээ бир адамдарды байлык менен гана оңдойт.
 
Кээ бир адамдарга Аллах оору берет, эгер алардын дени сак болсо, анда текеберлик кылып чектен чыгып кетишмек.
 
Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык кедей жашашат, эгер алар бай болушканда адамдарды көзүнө илбей, менменсинип кетишмек.
 
Кээ бир адамдар бар, алар ушунчалык бай турушат, дайым Аллахка шүгүр кылышат, эгер алар кедей болушканда, анда алар каапырлык кылып динден чыгып кетишмек.
 
Кээ бир адамдар бар, алардын дени сак, ибадатка да бекем, эгер Аллах аларга оору бергенде, анда алар шүгүрсүздүк кылып, ыйман жолунан чыгып кетишмек.
 
Андыктан ар дайым Умар, радыяллаху анхунун, сөзүн эстеп жүр: «Эгерде Аллах бизге кайыптын пардасын ачканда, анда ар бирибиз Аллахтын бизге кылган тандоосун гана тандамакпыз».
 
Мурунку заманда бир кедей адам бир акылманга келип арыз-муңүн айта берчү экен. Ар келгенде ага «Абалыңа ыраазы бол, каниет кыл, сенден да кыйналып жашагандар көп» деп узатып койчу экен. Улам келе бергенинен бир күнү ага сабак болсун деп, айылдагы адамдарды жыйнап, алардын ар бирине көйгөйүңөрдү, арыз-мүңуңарды бир баракка жазгыла да ушул кутучага салгыла, бирок атыңарды жазбай эле койгула деп айтат. Баарысы өз көйгөйлөрүн жазып, кутучага кагаздарын салышат.

Ошондо акылман жанагыл адамды чакырып:
– Мынакей, алдыңда айылдагы адамдардын жашоолору жазылган баракчалар турат. Кутучадан өзүңө жаккан жашоону тандап ал,– дейт.
Ошондо ал кутучудагы барактарды бир-бирден алып окуп баштайт, улам окуп, бул жакпады деп кийинкисин алат. Ошентип ал баарын окуп чыгат. Бирок алардын бири да ага жакпайт. Ошондо ал адам акылманга кайрылып: «Аллахка ант болсун, өзүмдүн эле жашоом жакшы экен»,– деп айтат.

Андыктан эсиңде болсун, чыныгы байлык – каниеттүүлүктө жана Аллахтын сага жазган тагдырына ыраазы болууда. Каниеттүүлүк болбосо, дүйнөдөгү байлыктын баары колуңда болсо да, сен эң кедей адамсың. Каниеттүү болсоң, анда колуңда эч кандай байлык болбосо да, сен эң бай адамсың.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 3 НЕРСЕНИ СҮННӨТКӨ ТУУРАЛА

Хасан аль-Басри айтты:
«Ыйман деген – бул сөз. Эгерде айтылган сөз иш жүзүндө аткарылбаса, анда ал сөздөн пайда жок.

Эгерде айтылган сөз менен аткарылган иш туура ниетте кылынбаса, анда ал сөздөн да, иштен да пайда жок.

Эгерде айтылган сөз, аткарылган иш, кылынган ниет сүннөткө туура келбесе, анда ал сөздөн, иштен жана ниеттен эч пайда жок». (Ибну Батта, 2/803)

Андыктан ыйманым толук болсун десең, анда ар бир СӨЗҮҢДҮ, ИШИҢДИ жана НИЕТИҢДИ пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ылайык деңгээлде гана аткар.

Имам Малик айтты:
«Пайгамбардын сүннөтү Нух пайгамбардын кемеси сымал. Ал кемеге түшкөн адам аман калат, түшпөгөнү сууга чөгөт».

Ал эми башка бир сөзүндө айтат:
«Кайсы бир адам Аллахтын алдына жер бети толо күнөөлөр менен келсе, бирок сүннөттөрдү аткарган абалда жолуккан болсо, анда ал адам бейиште пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана салихтер менен бирге болот». (“Заммуль калаам уа ахлаху”, 5/76)
 
Алгачкы муундун улуу аалымдары мындай деп айтышчу:
«Сүннөттү бекем кармануу – бул аман калуу дегендик. Аман кала турган жолдон качып, кыйроо жолуна түшкөн адам кантип аман калсын?!».

Имам Зухри айтты:
«Сүннөттү кармануу – бул кутулуу». (“Сунан” Дарими, 1/45)
 
Башкача айтканда, фитналардан кутулуу, бидааттардан кутулуу жана эң негизгиси тозок азабынан кутулуу. Эгерде адам фитналардан, бидааттардан кутулуп, пайгамбарыбыз көргөзгөн сүннөт жолун карманган болсо, анда ал Аллахтын азабынан кутулган адамдардын катарында болот жана бейиште бактылуу адамдар менен бирге болот. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

​​🔴 СҮННӨТКӨ ТУУРА КЕЛБЕГЕН ИБАДАТТЫ АЛЛАХ КАБЫЛ КЫЛБАЙТ

Күндөрдүн биринде табийиндерден болгон улуу аалым Саид ибну аль-Мусайиб багымдаттын парзына чейин эки рекет сүннөттөн ашыкча намаз окуп жаткан бир адамды көрүп, андай кылбагын деп тыйды. Ошондо ал адам:

– Оо, Абу Мухаммад! Аллах таала мени кошумча намаз окуганым үчүн да азаптайбы? – дейт.

– Жок, ал үчүн азаптабайт, Ал сени пайгамбардын сүннөтүнө каршы кылганың үчүн азаптайт,– деп жооп берди. ("Ирваа аль-Голийл", 2/236)

Бул улуу аалым ал адамды эмне үчүн тыйды? Анткени анын аткарган ибадаты пайгамбарыбыздын сүннөтүнө каршы келди. Пайгамбарыбыз багымдаттын эки рекет парзынан алдын эки рекет сүннөт гана окуган. Бул пайгамбарыбыздын бизге көргөзүп кеткен сүннөтү.

Эгерде мусулман адам кылган ибадаты кабыл болушун кааласа, анда ар бир ибадатты пайгамбарыбыздын
сүннөтүнө ылайык келген жолдо кылуусу зарыл. Анткени аткарылган ибадат сүннөткө туура келбесе, анда Аллахтын алдында ал кабыл кылынбайт жана ал адам сүннөткө каршы иш кылганы үчүн азапка туш болушу да мүмкүн.

Андыктан кайсы бир ибадатты кылардан алдын, ушул ибадат сүннөткө туура келеби же жокпу, муну пайгамбарыбыз кылган беле же жокпу деп сөзсүз түрдө илимдүүлөрдөн тактаңыз. Болбосо, азыркы кезде көпчүлүк адамдар кээ бир иштерди сүннөт деп аткарып жүрүшөт, бирок анын шариятта эч кандай негизи жок болушу мүмкүн, балким ал сүннөткө каршы бидаат иш болушу да ыктымал.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

🔴 ИЧКИ ДУШМАНДЫН КОРКУНУЧУ

Ислам дини имарат сыяктуу. Мунафыктар анын пайдубалын бузганга аракет кылышат. Анткени алар анын ичинде.

Ал эми каапырлар анын дубалын бузганга аракет кылышат. Анткени алар анын сыртында.

Мына ошол себептен Аллах таала каапырлардан мурун мунафыктардан көбүрөөк эскерткен.

═════════
➤➤ /channel/tilmech
➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…

ТИЛМЕЧ

Катталыңыз ➤➤ /channel/tilmech

Читать полностью…
Subscribe to a channel